["Мен өзүмдү актабаймын. Чынында, напси деген жаман ишке тынбастан буюрат турбайбы, Раббим ырайым кылбаса! Албетте, Раббим Кечирүүчү, Ырайымдуу”","Падыша айтты: “Аны мага (урмат-сый менен) алып келгиле, өзүмө ынак (кеңешчи) кылып алайын”. (Юсуф) аны менен сүйлөшкөндө, (падыша) айтты: «Бүгүн(дөн баштап) сен биздин алдыбызда туруктуу жана ишенимдүү адамыбызсың».","(Юсуф) айтты: «Анда мени жер казыналарынын үстүнө (башчы) кылып коюңуз. Мен сактай билген жана билимдүү кишимин».[1]###[1] Падыша анын өтүнүчүн кабыл алып, мамлекет казынасына жана кампаларына башчы кылып дайындады.","Мына ушинтип, Биз Юсуфту (Мисирдеги) жерден өзү каалаган жайда жашай турган кылып орноштурдук. (Бул) Өзүбүз каалаган адамдарга бере турган ырайым-рахматыбыздын насиби. Биз жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейбиз.","Чынында, ыйман келтирип, такыба болгон кишилерге (бул дүйнө жыргалынан) Акыреттик сооп жакшы.[1]###[1] Юсуф дүйнөлүк жыргалга да жетти, Акырети үчүн да чоң камылга даярдады. (Жакшы (сооп) иштерди көп жасады.) Ошентсе да Акыреттин жыргалына не жетсин! Юсуф жер казыналарынын башкаруу тизимин өз колуна алган соң, өзү айткандай билгичтик менен жети жыл жакшы иштеп, көп түшүм алды. Кампалар данга толду. Кийинки жети жылдык каатчылык мамлекеттин бардык жерине таасирин тийгизип, Яькуб жана үй бүлөсү жашаган Палестинага да жетип барды. “Мисир казыначысы элге дан таратып жатыптыр” деген кабарды угуп, Юсуфтун агалары да, даярданып кербендерге кошулуп жолго чыгышты.","Агалары Юсуфка келип, (дан тарттырып алуу үчүн) алдыга киргенде, аларды (дароо) тааныды. Бирок, алар аны тааныган жок.","Аларга жүктөрүн даярдап берген убакта (мындай) деди: «Аталаш бир тууганыңарды да мага алып келгиле. Өлчөгөндө толтуруп бергенимди жана жакшылап конок-зыяпат кылганымды көрбөй жатасыңарбы?»","«Эгер аны алып келбесеңер, мага жакындашпайсыңар жана менден силерге (буудай) өлчөп берилбейт».","Алар: «Айтканыңызды сөзсүз аткарабыз, инибизди атасына жалынып болсо да алып келебиз» дешти.","Ал (Юсуф) өзүнүн жигиттерине айтты: «(Буудайдын акысына төлөгөн) буюмдарын төөлөрүнүн үстүндөгү жүктөрүнө (билдирбей) салып койгула. Ажеп эмес, үйлөрүнө жеткен кезде аны таанып (данды бекер бергенибизди билип) кайтып келишсе».","Аталарына кайтып барышканда, айтышты: «О, атаке, (эгер биз менен Биняминди жибербесең, эмкисинде) бизге (дан) тартуу токтотулду! Инибизди биз менен жибер. (Дан) тарттырып келели. Аны (Биняминди) өзүбүз сактайбыз».","(Яькуб) айтты: «Мурда силердин колуңарга агасын ишенип тапшыргандай «ишенип тапшырайынбы». Сактоо жаатынан Аллах гана жакшы. Өзү гана ырайымдуулардын эң Ырайымдуусу».","(Агалары) жүктөрүн ачканда ичинен кайтарылган буюмдарын таап алышып атасына: «Бизге дагы эмне керек? Мына буюмдарыбыз кайтарылып берилди. Үй-бүлөбүздү багабыз, инибизди коргойбуз жана бир төө буудайды ашыгыраак алабыз. Бул (барып-келүү убактысы) аз эле мөөнөт го?!» дешти.","«(Мейли), бирок, бир кокустук силерди ороп калбаса эле аны мага кайтарып келүүгө Аллахтын алдында ант-убада берсеңер гана жиберейин» деди. Ага балдары ант-убада бергенде, айтты: «Бул сөзүбүзгө Аллах күбө!»","Айтты: «О, уулдарым! (Шаарга) бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктерден киргиле. Бирок, муну менен Аллах тарабынан белгиленген нерседен эч бирин силерден тосо албаймын. Өкүм Аллахка гана таандык. Өзүнө гана тобокел кылдым. Тобокел кылуучулар Анын Өзүнө гана таянсын!»[1]###[1] Яькуб ушул сөздөрдөн соң аларга Биняминди кошуп берди жана узатып жатып “Бардыгыңар Мисир шаарынын бир дарбазасынан кирбегиле’’ деп осуят кылды. Себеби он бир эр-азамат уул чогуу бараткан эле. Яькуб аларга көз тийбесин деп, боору ооруганынан ушул сөздү айтты. Эмесе, Аллахтын тагдырын эч нерсе өзгөртө албасын, эгер миң сактанса да тагдырдагы нерсе болоорун Ал жакшы билген, бирок ушуну менен жүрөгүн жеңилдетип алган.","Алар (шаарга) аталары буюрган абалда кирсе да, (бул иш) алардан Аллах тарабынан тагдыр кылынган эч нерсени өзгөртө албайт. Бирок, бул Яькубдун жүрөгүндөгү бир муктаждыкты аткарып (жүрөгүн жеңилдетип) алуусунан башка эч нерсе эмес. Ал биз үйрөткөн илимдии ээси болгон. (Тагдырды өзгөртүп болбостугун билет) Бирок, адамдардан көпчүлүгү билишпейт.","Алар Юсуфтун алдына киргенде, инисине үйүнөн(өз алдынча) орун берип: «Мен сенин агаң (Юсуф) боломун. Алардын ишинен капа болбо (бардыгы жайында болот)» деди. (Кийин аны шек туудурбай бирге алып калуу үчун ойлогон эрежесин ишке ашырууга киришти.)","(Юсуф) алардын жүктөрүн даярдап (жөнөтөөр алдында) инисинин жүктөрүнүн ичине (кымбат баалуу) чөйчөктү салып койду. Кийин бир жарчы(сы): «О, кербендер! Силер ууру экенсиңер!» деп кыйкырды.","Агалары алар тарапка басып: «Эмне жоготтуңар?» - деди.","«Падышанын чөйчөгүн - дешти алар - кимде-ким аны тапса, жүгү менен бир төө берилет. Буга мен кепилмин».","«Биз (бул) жерге бузукулук кылганы келбедик! Аллахка ант, силер муну билесиңер! Биз ууру эмеспиз!» - дешти (Юсуфтун агалары).","(Анда жарчылар): «Эгер алдасаңар, жалганчынын (уурунун) жазасы эмне?» - дешти.","Алар айтты: «Кимдин жүгүнүн арасынан (чөйчөк) табылчу болсо, ошол табылгандын өзү - анын жазасы! Биз (өз динибизде) залымдарды ушундай жазалайбыз!»[1]###[1] Алардын дини боюнча ууру колго түшүп калса, уурдалган мүлктүн ээсине кул кылып берилчү. “Табылгандын өзү жаза” дегендин мааниси ушул. Ал эми, Юсуф алардын дининдеги бул өкүмдү билген себептүү, өкүм чыгарууну өздөрүнө коюп берген. Себеби, Мисир падышасынын дининде мындай өкүм жок эле.","(Издөөчү) инисинин жүктөрүнөн мурда агаларынын жүгүнөн баштады. Кийин аны (чөйчөктү) инисинин буюмдарынын арасынан сууруп чыкты. Биз Юсуфка ушундай амал үйрөттүк. Себеби ал (мисирлик) падышанын дини боюнча («ууру») инисин алып кала алмак эмес. Бирок, Аллах кааласа (башка жол менен да) алып калмак. Биз каалаган адамыбыздын даражасын көтөрөбүз. Бардык илим ээсинин үстүндө Билүүчү (Аллах) бар. (Юсуфтун агалары Биняминдин «уурулугу ачылып» калганын көрүп, жамандап башташты:)","«Бул уурдаган болсо, мурдараак мунун бир тууган агасы (Юсуф) дагы уурулук кылган» Юсуф бул сөздөрдү(н таасирин) аларга билдирбей «жутуп» койду жана: (ичинен:) «Өзүңөр эң жаман адамсыңар. Айткан сөзүңөрдү(н чын-төгүнүн) Аллахтын Өзү жакшы билет» - деди.","Алар айтты: «Оо, улукзаада! Бул (ууру) баланын картайып калган атасы бар. Анын ордуна биздин бирөөбүздү алчы?! Биз сени жакшылык кылган кишилерден деп билебиз».","«Аллах сактасын! - деди (Юсуф) - буюмубуз кимден табылган болсо, ошону гана алып калабыз. Антпегенде, биз зулум кылуучу болуп калабыз».","Андан (Юсуфтан) үмүттөрү үзүлгөндө, өз алдынча чогулуп кеңешишти. Алардын чоңу айтты: «Билбейсиңерби, атаңар силерден Аллахты ортого коюп (Биняминди алып келесиңер деп) ант-убада алган. Мурдараак, Юсуф жөнүндө да ушундай (акылы) кыскалык кылгансыңар. Эми, мен качан мага атам уруксат бермейинче же Аллах (инибизди азат кылуу менен) менин пайдама өкүм кылмайынча ушул ордуман козголбоймун. Аллах - өкүм кылуучулардын мыктысы!».","А, силер болсо атаңарга баргыла дагы (мындай) дегиле: «Ата! Уулуң уурулук кылды. Биз билгенибизди гана айтып жатабыз биз кайыпты (келечекти) билүүчү эмеспиз. (Эгер келечекти билсек, сага жалдырап атып Биняминди алып кетпейт элек).","(Эгер ишенбесең) Биз болгон шаардан жана биз келген кербендерден сура. Биз чын сүйлөп жатабыз».","(Яькуб): «Напсиңер силерди (дагы бир) жаман ишке баштаган го! Жакшынакай сабыр кылуу(дан башка аргам жок!) Аллах баардыгын чогуу берип калса ажеп эмес! Чынында, Аллах - Билүүчү, Даанышман!» деди.","(Кийин) аларга далысын салып, айтты: «О, Юсуф байкушум!» Кайгы-кападан (көз жашы куюла берип) көздөрүнө ак түшүп кетти. Ал (бардыгьн) ичине жутат болчу.","(Балдары) айтты: «Аллахка ант! (ушул) Юсуфту эстей берип, өлгөнү калдыңыз же (жакында) өлүп каласыз!»","(Яькуб): «Кайгы-капам менен арыз-муңумду Аллахка гана айтамын! Мен силер билбеген нерселерди Аллахтан (келген вахий аркылуу) билемин!» - деди.","О, балдарым! Баргыла, Юсуф менен инисин издегиле! Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө! Аллахтын ырайымынан каапыр адамдар гана үмүтсүз болушат!","Алар (кайра Мисирге келип) Юсуфтун алдына киргенде (мындай) дешти: «О, урматтуу таксыр! Биз жана үй-бүлөбүз (баарыбыз) кыйналып калдык. Жана сага (бул ирет, болгон) биртике буюмдарды гана алып келдик. Бизге садака кылып, өлчөмдү толтуруп бер эми. Албетте, Аллах садака кылуучуларга сооп жазат!? (Юсуф агаларынын жүдөгөн абалдарына боору ооруп, өзүн таанытып, бир аз жемелеп,)","(Мындай) деди: «Тээ наадандык жасаган кезиңерде, Юсуф менен анын инисине эмне кылганыңар эсиңердеби?»","«Сен (ошол) Юсуфсуңбу?!» - деди бардыгы (таң калып). «(Ооба) мен Юсуф боломун. А, бул болсо - иним. Аллах бизге ырайым көргөздү. Чынында, кимде-ким Аллахтан коркуп, сабырдуу болсо, Аллах жакшылык кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейт» - деди.","(Анда) агалары: «Аллахка ант, Аллах сени бизден абзел-жогору кылды. Биз ката кылуучулардан болдук!» дешти.","(Юсуф) айтты: «Бүгүн силерди айыптамай жок. Силерди Аллахтын Өзү кечирсин! Ал - ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусу![1]###[1] Юсуф агаларын кечирип, аларга Аллахтан кечирим сурап, үстүндөгү көйнөгүн чечип, атасына алып барууларын өтүндү. Себеби, ал атасынын өксүшүнө, эңсөө-көксөөсүнө ушул гана шыпаа болушун билген. Ар ким өзү эңсеген нерсесине жетсе шыпаа табат эмеспи.","Менин бул көйнөгүмдү атама алпарып, бетине жапкыла - көзү ачылат. Анан (атам-апамды алып) баарыңар үй-бүлөңөр менен мага (кайтып) келгиле» - деди.","Ал эми, качан кербен (Мисирден) козголоору менен, (Палестинада, туугандаынын арасында отурган) атасы: «Эгер (акылынан адашкан деп) үстүмөн күлбөсөңөр, мен Юсуфтун жытын сездим!» - деди.","«Аллахка ант, сен кадимки эле адашуучулугуңдасың!» дешти (анын жанындагылар).","Ал эми, качан сүйүнчүлөгөн адам (жетип) келип, аны (Юсуфтун көйнөгүн) анын бетине таштаганда, көзү мурунку абалына кайтып, көрүп калды (жана): «Силерге: «Мен Аллахтан (келген вахий себептүү) силер билбеген нерселерди билемин» дебедим беле?» - деди.","(Балдары) айтты: «О, атаке! Биздин күнөөбүздү(н кечирилишин) Аллахтан сураңыз. Чынында, биз ката кылуучулардан болдук!».","(Яькуб) айтты: «Албетте силердин күнөөңөрдү кечирүүсүн Аллахтан сураймын! Аныгында, Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу.[1]###[1] Ошентип, Яькуб өз урпактары, бала-чакасы менен Палестинадан Мисирге көчүп келишти.","Юсуфка киришкенде, ата-энесин үйүнө түшүрүп: «Мисирге кош келдиңиздер! Аллах кааласа тынч келдиңиздер!» - деди","жана ата-энесин (жетелеп падышалык) тактыга алып барды. (Ошондо) бардыгы ага сажда (таазим) кылып жыгылышты. (Анда Юсуф): «О, атаке! Бул менин мурунку (балалыгымдагы) түшүмдүн мааниси. Раббим ал түшүмдү акыйкатка айлантты. Ал мени зындандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн (аман-эсен) алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан[1] кийинки кездерде мага (чоң) ихсан-жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишти кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Чынында, Ал - Билүүчү, Даанышман!###[1] Ушул жерде Юсуфтун эң жогорку даражадагы улук адамгерчилигин, аалым- данышмандыгын билгизген бир учур бар. Эгер окуучу байкаса, Юсуф “Шайтан агаларымды азгырганда” дебей, өзүн кошуп “шайтан мени менен агаларымдын арасын бузганда” деп жатат. Бул сөздө чоң сабак бар.","«О, Раббим! Сен мага мүлк-бийлик берип, түштөрдүн маанисин үйрөттүң! Оо, асмандар жана жердин жаратуучусу! Менин дүйнө-Акыреттеги сактоочум Өзүңсүң! Мени мусулман абалда өлтүрүп (наркы дүйнөдө) жакшы адамдарга кошкунуң!»","(О, Мухаммад!) Биз сага вахий кылган бул икая кайып кабарларынан. (Болбосо, Юсуфтун агалары) айлакерлик кылып, өз иштерин чогуу эрежелештирип жатканда, сен алардын алдында жок болчусуң.","Эгер сен умтулсаң да адамдардын көпчүлүгү ыймандуу болушпайт.","Сен ал (дааватың) үчүн алардан акы деле сурабайсың. Ал (Куран) ааламдар(дагы бардык адамдар) үчүн эскертүү гана.","Асмандар жана Жерде (Аллахтын жалгыз Кудай экенин билдирген) канчалаган аян-белгилер бар. (Бирок,) адамдар алардан жүз бурган бойдон (ыймансыз) өтүп кетишүүдө!","Алардан көпчүлүгү Аллахка, мушрик болгон абалда ишенишет.[1]###[1] Адамдар Аллахка ишенишпейт эмес, ишенишет. “Жер -асманды ким жараткан?” десең, “Аллах” дешет. “Ырыскыны ким берет?” деп сурасаң да “Аллах” деп жооп беришет. Бирок.., Бирок алар ошол жалгыз Жаратуучу, жалгыз ырыскы Берүүчүнүн өзүнө ибадат кылбай, Ага кошуп башка “кудайларга” да сыйынып, мушрик (каапыр) болуп калышат. Кудайга ишенет бирок.., каапыр!","Алар өздөрүнө Аллахтын ороп алуучу азабы келишинен же болбосо, сезбей турган мезгилдеринде капыстан Кыямат келип калышынан көңүлдөрү бейпил бекен?!","Айт: «Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллахка (эч нерсени шерик кылбай сыйынууга) чакырамын! Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин үстүндөбүз. Аллах (мушриктер сыпаттаган кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Жана мен мушриктерден эмесмин!”","Сенден мурда Биз (периштеден же аялдардан эмес) шаар элинин эркектеринен пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Жер бетинде саякат кылышпайбы жана өздөрүнөн мурункулардын (каапырлардын) акыбеттери кандай болгонун көрүшпөйбү? Ал эми, такыба адамдар үчүн Акырет Үйү жакшы. Акыл калчап көрбөйсүңөрбү? (Акырет үйү жана андагы бейиштерге жетүү үчүн бул дүйнөдөгү оор сыноолордон өтүш керек. Чынында сыноо өтө оор. Кээ бир учурда каапырлардын запкысы ушул даражада күчөп...)","Аллахтын пайгамбарлары деле, «Биз алдандыкпы» деп ойлоп калышкан(да гана) аларга Биздин жардамыбыз (каапырлардын башына түшкөн азап түрүндө) келген жана Биз каалаган адамдар куткарылган. Кылмышкер коомдордон болсо, Биздин азап (эч качан) кайтарылбайт!","Алардын баяндарында акылдуу адамдар үчүн сабак бар. (Ошол икаяларды баяндаган Куран болсо, Мухаммад тарабынан) ойлоп чыгарылган сөздөр эмес. А, бирок, өзүнөн мурунку (китептерди) тастыктоочу, бардык нерсенин толук баяны жана ыймандуу адамдар үчүн туура жол жана Ырайымдыр!","Алиф, Лам, Раа.[1] Булар - Китеп аяттары. Жана (оо, Мухаммад), сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Куран) Акыйкат. Бирок, (буга) көпчүлүк адамдар ишенишпейт.###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Аллах силер көрүп турган асмандарды тирөөчсүз көтөрдү. Андан кийин Арштан бийик болду.[1] Жана Күн менен Айды (пенделердин пайдаларына) моюн сундурду. Алардын ар бири (Кудуреттүү Кудайдын башкаруусу менен) белгиленген убакытка (Кыяматка) чейин (мейкиидикте сүзүп) жүрө берет. (Аллах) иштерди башкарат. Раббиңерге жолугууну анык-айкын билип алууңар үчүн аят-далилдерди анык, толук көргөзүп берет.###[1] Биз «Бийик болду» деп которгон сөздүн арабчасы «Истиваа». «Аль-Муьжам аль- васийт» сөздүгүндө: «Бир нерсеге истиваа кылуу - бул анын үстүнө көтөрүлүү жана бийик болуу» деп түшүндүрүлгөн. Табеиндердин арасынан чыккан белгилүү аалым Мужахид ибн Жабр дагы «Аллахтын истиваасы - бул Анын көтөрүлгөнү» деп тафсир кылган. ( «Сахихул Бухарий маьа Фатхил Баарий» 13/403). Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аллах калк-калайыкты жаратканда Өзүнүн алдындагы, Арштын үстүндөгү Китепке: «Менин ырайымым ачуумдан үстөмдүк кылды» деп жазган». (Бухарий: 7404, Муслим: 2751, Термизий: 3543, Ибн Мажа: 4295). Ошондой эле, ханафий мазхабынын имамдарынын бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).","Жана Ал жерди(н бетин) жайык кылып ага тоолорду, дарыяларды жаратты. Жер бетине ар түрдүү мөмөлөрдөн эки түгөй жаратты.[1] (Жана) Ал күндүздү түн менен ороп койот. Албетте, ушуларда пикирин иштеткен адамдар үчүн (Аллахтын даанышмандыгына жана кудуретинде) далилдер бар.###[1] Азыркы замандын илими айтат: \"Мөмө - бул дарак гүлүнүн жетилген курагы. Гүлдөр эркек, ургаачы болуп экиге бөлүнөт\".","Жана жер бетинде бири-бирине жакын айдоо жерлер, жүзүм бактар, эгиндер жана бутактуу-бутаксыз курмалар бар. (Алар) бир (топуракта өсүп, бир түрдүү) суу менен сугарылат. Жегенде Биз алардын кээ бирин башкаларынан артыгыраак кылып койобуз. Чынында, бул нерселерде акылын иштеткен адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.","Эгер (ушунча далилдерден кийин деле ыйман келтирбегендердин жоругун) «таң калычтуу» десең, ыймансыздардын «биз топурак болуп калгандан кийин кайрадан жаратылабызбы» деген сөздөрү (андан бетер) таң калычтуу. Алар Раббилерине каапыр болгон адамдар! Алардын мойнунда (ыйманына тоскоол болгон, дүйнө) кишендер(и) бар. (Ошондуктан,) алар тозок ээлери жана анда түбөлүк калышат!","Алар сени жакшылыктан мурун жамандыкка (азапка) шаштырышат.[1] Аларга чейин деле (ушундай) окуялар өткөн. Албетте, сенин Раббиң адамдар өз зулумдук-каапырчылыктарынын үстүндө болсо да, алар үчүн кечирим Ээси. Чынында, Раббиңдин азабы катуу!###[1] «О, Мухаммад, эгер чын пайгамбар болсоң Раббиңден сурап бизге азап түшүрчү» - дешет.","(Каапырлар) «Ага (Мухаммадга) бир (сезилген-көрүнгөн) моожиза келсе...» дешет. Чынында сен (тозоктон) эскертүүчүсүң. Жана ар бир коомдун туура жолго баштоочусу бар.","Аллах ар бир ургаачынын боюна көтөргөнүн жана жатындар (мөөнөтүнө жеткирбей, өлүк же тирүү абалда) «таштап койгон» жана мөөнөтүнөн өткөрүп төрөгөн нерселерди (да) билет. Ар бир нерсе Анын алдында эсептелүү.","Ал көрүнгөндү да, көмүскөнү (кайыпты) да Билүүчү, Улук, Жогорку!","Силердин араңардан сөздү сыр туткан менен ашкере сүйлөгөн, түндөсү жашынып жаткан менен күндүзү ашкере жүргөн адам (Аллахтын алдында) бирдей (белгилүү).","Ал (адам) үчүн алдынан, аркасынан күзөтүүчүлөр (периштелер) бар. Алар Аллахтын буйругу менен аны коргоп-сактап жүрүшөт. Чынында, Аллах эч бир коомду(н жашоосун) качан алар өздөрүндөгү нерсени (ишенимди) өзгөртмөйүнчө өзгөрпөйт. Эгер Аллах бир коомго жамандыкты кааласа, аны эч ким кайтара албайт. Адамдар үчүн Аллахтан башка Өкүмдар жок.","Ал (Аллах) Силерге чагылганды (анын зыян келтирүүсүнөн) корккон жана (пайдасынан) үмүт кылган абалыңарда көргөзөт жана (жамгыры менен) оор болгон булуттарды жаратат.","Ага күркүрөк дагы тасбих (мактоо) айтат жана периштелер да Ага корккондору себептүү тасбих айтышат. Ал (сыгылган булуттардын арасынан) чагылган жиберип, Аллах жөнүндө талашып турган кезинде аны менен Өзү каалаган адамдарды урат. Ал - Кудурети күчтүү Зат!","Чыныгы дуба (ибадаттар) Өзүнө гана ылайык! Дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлары» аларды(н дубаларын) укпайт. Алар оозуна жетиши үчүн сууга алакан созуп, бирок суу ага жетпей турган кишиге окшойт.[1] Каапырлардын дубасы (ар дайым) адашуучулукта!###[1] Өлө чаңкаган, суу көрүнүп турат бирок алыс, ошентсе да үмүт өлбөйт, алакан жайып колун созо берет, суу болсо, (жансыз кудайлары ага карабаганы сыяктуу) ага берет...","Асмандарда жана, жерде болгондун бардыгы кааласа да, каалабаса да Аллахка сажда кылышат.[1] Эрте менен жана кечинде Аллахка алардын (бардык нерсенин) көлөкөлөрү да (ийилип) сажда кылышат.###[1] Ыймандуулар Аллахты таанып, Анын толук Кожоюн экендигин моюнга алып, өз ыктыяры менен моюн сунса, “мен сажда кылбаймын!” деп керсейген каапырлар деле Аллах түзгөн табият мыйзамдарына моюн сунганга аргасыз...","Айт: «Асмандар жана жердин Раббиси (жаратуучусу) ким?» Айткын: «Аллах!» Айт: «Өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган Аллахтан башкаларды дос-башчы тутуп алдыңарбы?» Айт: «Сокур менен көрүүчү, караңгылык менен нур тең боло алабы?» Же болбосо алар Аллахка (башка «кудайларды») шерик кылышып, (булар деле) Аллах жараткандай жарата алат» (деп ойлоштубу?) Анан (өз сөздөрүнө өздөрү ишене албай) жаратылыш аларга күмөндүү болуп калдыбы?» Айт: «Бардык нерселердин жаратуучусу Аллах! Ал Жалгыз, бардыгын Жеңүчүү!»","(Аллах) асмандан суу түшүрдү. Жылгаларда көлөмүнө карап суулар акты. Сел үстүнө калдайган (бирок, ичи көндөй) көбүктөрдү көтөрдү. (Адамдар) зыйнат-буюм жасоо үчүн от жагып эрите турган нерселерден да ошондой көбүк чыгат.[1] Аллах Акыйкат менен адашууга мына ушинтип мисал келтирет. Көбүк кургап-кургап жок болот. Адамдарга пайдалуу (асыл) нерселер болсо жер бетинде калат. Аллах мына ушинтип мисал келтирет.###[1] Бул аятта Аллах таала жүрөктөрдүн жаны-дили болуш үчүн пайгамбарына түшүргөн дин-ыйманды суусаган жер жашоочуларынын жан-дили болгон жамгырга жана дин-ыймандын адамдарга жеткирген пайдасын жамгырдын пайдасына, ал эми дин-ыйманды кабыл алган жүрөктү жамгыр суусу толуп аккан жылгага окшотот. Эгер жылга чоң, кенен болсо анда мол-мол суу агат, чакан болсо, азыраак суу агат. Ошондой эле, дини жок болгон жүрөктөрдөгү шектенүүнү селдин үстүн каптаган көбүктөргө жана зергерлик буюмдарды эриткенде ажырап чыга турган көбүктөргө окшотот.","(Дин-ыйманды кабыл алып) Раббисине жооп берген адамдар үчүн (эки дүйнөдө) жакшылык бар. Ал эми, Ага жооп бербегендер эгер жер бетиндеги байлыктын эки эсесин өзү(нүн күнөөлөрү) үчүн тапшырса да (кабыл алынбайт)! Алар үчүн эң жаман эсептешүү бар! Алардын орду - тозок! Кандай жаман орун!","(Оо, Мухаммад!) Сага Раббиңден келген нерсенин акыйкат экенин билген адам (аны түшүнбөгөн) сокур кишилерге окшойбу?! Чынында (Аллахты) акылдуу кишилер гана эскеришет.","Алар Аллахка берген убадаларын аткарышат жана убадаларына кыянат кылышпайт.","Жана алар (акылын иштеткендер) Аллах улаганга буюрган мамилелерди улашат жана (эгер улабай койсо) Раббисинен жана жаман эсепке туш болуп калуудан коркушат.[1]###[1] Аллах Өзү менен пендесинин арасын Өзүнө гана ибадат кылуу менен, пенде менен пайгамбардын арасын ага моюн сунуу менен, пенде менен ата-эне, тууган-уруктун арасын аларга ырайым көргөзүп, катташып, мамиле кылуу менен, пенде менен башка пенделердин арасын аларга адилет мамиле кылуу менен улаганга буюрган.","Жана алар Раббисинин Жүзү(н Кыяматта көрүү) үчүн (диндеги машакаттарга) сабыр кылышат жана, намаз(дарын толук) окушат, Биз ырыскы кылып берген нерселерден билдирип же билдирбей - садака кылышат жана жамандыкка жакшылык менен жооп кайтарышат. Ошолор үчүн Акыретте даңазалуу акыбет-натыйжа.","«Адн» бейиштери бар. Бейиштерге алар аталары, жуп-түгөйлөгү жана урпактарынан турган салих-жакшы адамдар менен бирге киришет. (Анан) аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип:","«Сабыр кылганыңар себептүү силерге Аллахтын саламы болсун! Акырет Үйү (Бейиш) кандай жакшы!» - дешет.","Ал эми, (Аллах менен) убадалашкандан кийин Аллахтын убадаларына кыянат кылгандар, Аллах буюруган тууганчылык байланышты үзгөндөр жана жер бетинде бузукулук кылгандарга каргыш болсун! Жана аларга жаман орун - (тозок) болсун!","Аллах Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен, (каалаганына) тар кылып койот. Ал эми, (каапырлар, Аллах кенен ырыскы берип койсо) дүйнө жашоосу менеи сүйүнүп (Акыретти ойлобой) жүрө беришет. Дүйнө жашоосу Акыреттин алдында (арзыбаган) пайдадан башка эмес!","Каапырлар: «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көрүнгөн, билинген) керемет келсе (ыйман келтирмекпиз)!» дешет. Сен айткын: «Аллах каалаган пендесин адаштырып, Өзүнө умтулган адамдарды Өзүнө багыттап койот.[1]###[1] Андай каапырлар жөнүндө Аллах таала башка бир аятта мындай деген: «Эгер биз аларга (моожиза иретинде асмандан) периштелерди түшүррсөк да, аларга өлүктөр (тирилип) сүйлөсө да, ар бир нерсени көз алдында тирилтсек да Аллах каалагандарынан башкасы ыйман келтиришмек эмес. Алардын көпчүлүгү наадандар».","Алар – ыймандуулар жана Аллахты эстөө менен жүрөгү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула: Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат!","(Жүрөктөрү менен) ыйман келтирип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы амал кылган адамдарга «Тууба»[1] жана сулуу-сонун орундар бар.###[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган бир сахих хадисте кабар берилиши боюнча “Тууба” - бул бейиштеги үлкөн дарак болуп, анын көлөкөсүн аттуу адам жүз жылда дагы басып өтө албайт экен.","Мына ошентип, (оо, Мухаммад) Биз сени мурунку үммөттөрдүн артынан келген (акыркы) үммөткө, Рахманга (Аллахка) каапыр болуп турган кездеринде, аларга Биз аян кылган нерсени (Куранды) окуп берүүң үчүн пайгамбар кылын жибердик. Айткын: «Ал менин Раббим! Эч бир ибадатка татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү бар! Мен (бардык иштеримде) Анын Өзүнө жөлөнүп, (бардык муктаждыктарымда) Өзүнө гана кайрыламын!","Эгер ушул (Куран) себептүү тоолор ордунан жылдырылып, жер талкаланып, өлүктөр сүйлөтүп жиберилсе да (болмок. Бирок, Аллах таала пайгамбарын колдоо үчүн мындай, үрөй учурган кереметтерди жибербей, акыл калчап, пикир менен кабыл алына турган маңыздуу аяттарды жиберди. Себеби:) бардык иш Аллахтын колунда. Эгер Аллах кааласа, адамдардын бардыгын туура жолго салып койо алаарын ыймандуу адамдар билишпейби?! Каапырлар (каапырчылыгын) токтотподу. (Ошондуктан,) аларга жасаган күнөөлөрү себептүү азаптар түшүүдө. Же болбосо, журттарына жакын жерлерге түшүүдө. Аллахтын убадасы (азабы) келди го! Чынында, Аллах убадасына кыянат кылбайт.","Сенден мурдакы пайгамбарлар деле (каапырлар тарабынан) келекеленген. Мен каапыр адамдарга мөөнөт берген болчумун. (Эсине келбегенден) кийин аларды (кыйноочу азап менен) азаптап койдум. Ал кандай гана (катуу) азап!","Ар бир жандын, жасаган ишинин үстүндө (көзөмөлдөп) Туруучу ким?! Аллахка (башка «кудайларды») шерик кылышты. Айткын: «(Анда ошол «кудайлардын») атын атап бергиле же болбосо (өзүңөрчө) жер бетиндеги (Анын) билбегенин Ага билгизип коймокчусуңарбы?! Же бул (айтканыңар) үстүртөн эле (айтылган, далилсиз) сөзбү!» Жок! Каапырларга айлакерликтери кооздолуп көргөзүлдү жана алар (акыйкат) жолдон тосулуп коюлду! Аллах кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго сала албайт!","Аларга дүйнө жашоосунда азап бар. Бирок, Акырет азабы катуураак! Аларды Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт.","Такыба кишилерге убада кылынган бейиштин мисалы: астынан дарыялар агат. Мөмөсү менен көлөкөсү түгөнгүс. Булар такыбалар барчу жер. Каапырлардын барчу жери - тозок.","Биз Китеп берген адамдар(дын ынсаптуулары) сага түшүрүлгөн нерсе (Куран) себептүү сүйүнүшөт.[1] Ал эми, кээ бир (каапыр) тайпалар анын (Курандын) бир бөлүгүнө ишенишпейт. Айткын: «Мен Аллахка эч бир нерсени шерик кылбай сыйынууга буюрулдум. Анын Өзүнө чакырамын жана Өзүнө кайтамын!###[1] Алар өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала кабар берилген пайгамбар - Мухамммад саллалоху алейхи ва салламды таанып, ага ыйман келтирип, ага түшкөн Куран себептүү сүйүнүшөт.","Ушинтип (о, Мухаммад), Биз сага араб тилиндеги өкүмдү түшүрдүк. Эгер өзүңө келген илимден соң алардын (каапырлардын) каалоолоруна эрчип кетсең, (анда) сага Аллах тарабынан эч бир дос-жардамчы, эч бир сактоочу болбойт!","Биз сенден мурда пайгамбарларды жиберип, аларга аял, бала-чака бергенбиз.[1] Эч бир пайгамбар Аллахтын уруксаты болмоюнча (өз каалоосу менен) моожиза келтире албайт. (Бардыгы Аллахтын колунда. Качан кааласа ошондо берет) Ар бир мөөнөт үчүп жазылган (убактысы) бар.###[1] Кээ бир каапырлар “Пайгамбар дагы үйлөнүп, бала-чака күтөт бекен?” деп, айыптап, таң калчу болсо, жообу - ушул.","Аллах (өкүмдөрдөн) каалаганын жок кылат, каалаган нерсесин бекемдеп койот. (Анткени,) Китептин Энеси Анын алдында.[1]###[1] “Китептердин Энеси” - бул бүт ааламдырдын тагдыры, окуялардын убактысы алдын ала жазылган китеп Лавхул Махфуз.","(О, Мухаммад) Эгер аларга (каапырларга) убада кылган нерсебизди (азапты) сага көрсөтсөк да же (көрсөткөнгө чейин) жаныңды алсак да (сага баары бир). Анткени, сенин милдетиң - жеткирүү. Биздин милдетибиз - эсептешүү.[1]###[1] Динге душмандык кылган адамдардын кээ бирине пайгамбарлардын көзү тирүүсүндө азап-жаза келген. Кээ бир ашынган душмандар эгер, пайгамбардын көзү тирүү мезгилде жазаланбай калса да, пайгамбар капа болбогон. Анын вазыйпасы динге көнбөгөндөрдү жазалоо эмес. Бул Аллахтын - вазыйпасы. Пайгамбардын вазыйпасы, болгону, жеткирүү гана.","(Динге каршы болгондор) көрбөй жатышабы, Биз (алардын) жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз. Аллах (ушинтип) өкүм кылат. Анын өкүмүн кечиктирүүчү жок! Ал тез эсептешүүчү![1]###[1] Каапырлардын жерлерин ар тарабынан кыскартуунун эки мааниси бар. Биринчи мааниси ал жерлерде жашаган каапырларды өлтүрүү, экинчи мааниси каапырлар ээлик кылган жерлерди мусулмандар фатх (жеңиш) менен алуусу. Бул иштер албетте, Аллахтын иши.","Алардан мурунку каапырлар дагы (динге каршы) айлакерлик кылышкан. Бирок, бардык айлакерлик Аллахтын колунда.[1] Ал ар бир жан эмне кылганын билип турат. Каапырлар Акырет Үйү кимдин пайдасына болушун жакында билип алышат!###[1] Каапырлар ар канча айла-амал кылса ал ишин өздөрүнүн башына балээ кылып кайтарат.","Каапыр болгон адамдар: «Сен пайгамбар эмессиң» дешет. Айткын: «Мени менен силердин араңарда күбөлүк кылууга Аллах менен Китеп илими бар адамдар жетиштүү».[1]###[1] “Китеп илими бар” адамдар яхуди жана христиандардын арасындагы ынсаптуу уламалар. Алар Тоорат менен Инжилден Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын чын пайгамбар экени жөнүндөгү далилдерди окушкан жана “Мухаммад - Аллахтын элчиси” - деп күбөлүк беришкен.","«Алиф, Лам, Ра.[1] (О, Мухаммад), Биз бул Китепти сага, адамдарды, Раббисинин уруксаты менен караңгылыктардан Нурга - Жеңүүчү жана Макталган Аллахтын жолуна чыгарышың үчүн түшүрдүк».###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Аллах ушундай: асмандардагы жана жердеги нерселер Анын мүлкү. Каапырларга катуу, азаптуу өлүм болсун!","Алар дүйнө жашоосун Акыреттен жогору сүйүшөт, (адамдарды) Аллахтын жолунан тосушат жана аны ийри жолго айлантууну каалашат. Андайлар терең адашууда!","Биз ар бир пайгамбарды, өз элинин тили менен гана жибердик, аларга (дин эрежелерин түшүнүктүү) баян кылып бериши үчүн. Кийин Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго баштайт жана каалаганын адаштырат. Ал - Кудуреттүү, Даанышман.","Биз Мусаны Өзүбүз берген моожизалар менен (пайгамбар кылып) жиберип: «Коомуңду караңгылыктардан Нурга чыгаргын жана аларга Аллахтын күндөрүн эстеткин. Албетте мында сабырдуу, шүгүр кылуучу адамдар үчүн үлгү-сабактар бар» - дедик.","Эстегин (о, Мухаммад, ошондо) Муса коомуна мындай деди: «Аллахтын силерге берген нээматтарын эстегиле: Ал силерди Фараон жана анын адамдарынан куткарды. Алар уул перзентиңерди союп, кыз перзентиңерди тирүү калтыруу менен башыңарга катуу азап салган. Ушунда Раббиңер тарабынан чоң сыноо бар эле.","«Дагы бир кезде Раббиңер силерге: «Эгер (Менин нээматыма) шүгүр кылсаңар силерди(н нээматты) көбөйтөмүн. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу» - деп жарыялаган.","Жана Муса айтты: «Эгер силер жана (силерге кошулуп) жер жүзүнүн бардык жамааты капыр болсо да, Аллах Беймуктаж жана мактоого ылайык.[1]###[1] Инсаният ыйманга кирсе - өз пайдасы. Каапыр болсо - өзүнө зыян. Аллахка моюн сунган кезинде Анын мүлкүнө бир кошумча кошо албагандай эле, каапырлыгы менен Анын мүлкүнөн, ысым-сыпаттарынан, касиеттеринен эч нерсени кемите да албайт.","Силерге өзүңөрдөн мурункулардын: Нух коомунун, Аад, Самуд коомдорунун жана алардан кийинки коомдордун кабары келбедиби? Аларды Аллахтан башка эч ким билбейт болчу. (Кийин Аллах алар жөнүндө кабар берди:) Аларга пайгамбарлары анык далилдер алып келгенде, колдорун оозуна (керней кылып) коюушуп: «Биз силерге жиберилген динге каапыр болдук: Биз силер даават кылып жаткан нерселерден шектенүүдөбүз!» - дешти.","(Анда) пайгамбарлары: «Асмандар жана жерди жараткан Аллахта шек бар бекен?! Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү убакытка чейин (ушул дүйнөдө) калтырууга чакырып жатат! - дегенде, алар айтышты: «Силер пайгамбар эмес, биз сыяктуу эле (жөнөкөй) адамсыңар. (Дагы) бизди ата-бабаларыбыз сыйынып келген нерселерден тосууну каалап жатасыңар! (Эгер сөзүңөр чьн болсо) бизге анык далилдерди (моожизаларды) келтиргиле!»","«Аларга пайгамбарлары айтты: «(Туура). Биз деле силер сыяктуу адамбыз. Бирок, Аллах пенделеринен Өзү каалагандарына (мындай) жакшылык берет. (Анан), силерге далил-моожизаларды келтириш биздин ыктыярда эмес. Аллах кааласа гана келтире алабыз. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат.[1]###[1] Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат. Башкача айтканда өздөрүн Аллахка тапшырышат. Эмесе, алардын каршысында түгөлү менен каапыр коом турган. Алар жалгыз! Ошентсе да, Аллахтын кудуретине, жардамына ишенип Нух пайгамбар айткандай: \"Ишиңерди жана шерик-кудайыңарды чогулта бергиле!\" - дешти. Худ пайгамбар дагы каапырларга карап: \"Бардыгың мага каршы айла-амалыңды баштай бергиле!\" - деген болчу. Аллахка тобокел кылуунун мааниси - ушул.","Эмне үчүн биз Аллахка тобокел кылбайт экенбиз?! Ал бизди (Өзү берген) туура жолубузга баштап койду. (Биз бул жолдон кайтпайбыз, эгер азап көрсөтсөңөр) азабыңарга бекем сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллахка гана тобокел кылсын!","Каапыр болгондор пайгамбарларына: «Силерди жерибизден чыгарып жиберебиз, же болбосо, (ата-бабадан калган, эски) динибизге кайтасыңар! (Экөөнүн бирин тандагыла)» – дешти. Андан соң, Раббиси пайгамбарларга: «Биз сөзсүз залымдарды (каапырларды) жок кылабыз","жана алардан кийин (мурас калган) жерге силерди жашатып койобуз! Бул (убада Кыяматта) Биздин алдыбызда (эсеп берип) туруудан жана (күнөөлүүлөргө арнаган) убадаларымдан корккон адамдар үчүн» деп вахий (кабар) кылды.","(Момундар) жеңиш сурашты. Ал эми (акыйкатка) зулумдук кылуучу жана (өз каапырчылыгында) өжөрлүк менен туруучу ар бир адам зыянга жолукту.","(Мунун себеби,) анын артында тозок. (Тозокто) ага кайнак ириң ичирилгенде,","(суусагандан улам) ичкенге аракет кылат, бирок иче албайт. Ар тараптан өлүм(гө тете азаптар) келет бирок, өлө албайт. Анын артынан (андан да) катуу азап бар!","Раббисине каапыр болгон адамдар жасаган иштердин[1] мисалы - бороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Алар өздөрү жасаган иштерден эч бир (пайдалуу) нерсеге жетише албайт. Бул - абдан алыс адашуу!###[1] \"Каапырлардын иштери\" - бул алардын динге каршы аракеттери, же болбосо бул дүйнөдө жасаган \"соопчулук\" иштери. Биринчиси бул дүйнөдө текке кетсе, экинчисине кыпындай да сооп болбойт.","(Оо, инсан!) Сен, чынында Аллах асмандар жана жерди акыйкат менен жаратканын билбедиңби?! Эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы калкты алып келет.","Бул Аллахка оор эмес.","(Кыяматта Сур кернейи тартылганда) бардык адамдар (мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгып) Аллахтын алдында тизилип калышат. Ошондо, (бул дүйнөдө) алсыз (моюн сунуучу) болгондору, текебер (каапыр) башчыларына: «Чынында, биз силерге ээрчиген элек, бүгүн Аллахтын азабынан бизди бир аз болсо да куткара аласыңарбы?» - дешкенде, алар айтышат: «Эгер бизди Аллах туура жолго баштаганда, биз да силерди туура жолго баштайт элек. Эми, (болор иш болду) биз чыдамсыздык кылабызбы же сабырдуу болобузбу, (баары бир) бизге эч бир кутулуу жок!»","Иш чечилип, (тозокулар - тозокко, бейишилер - бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллах силерге чын убада берген болчу.[1] Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум.[2] Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллахка) шерик кылганыңарды мен да мойнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин). Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) залымдарга кыйноочу азап бар».###[1] Аллах “Менин жолума жүрбөгөндөрдү тозокко түшүрөм” деп убада берген.\t[2] Шайтан күнөө иштерди кооз көргөзүп: “Жасай бергиле, эч нерсе болбойт”- деп убада берет.","Ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизилет. (Алар) анда Раббисинин уруксаты менен түбөлүк калышат. Алардын бейиштеги учурашуулары «салам» (деген сөз) болот.","(О, инсан), Аллах таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда.[1]###[1] Ыйман дарагынын тамыры “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мухаммад Анын элчиси” деген ыйман келмеси. Дарактын тамыры жерге бекем сайылып тургандай, адамдын жүрөгүнө бекем орношкон ыйманы жакшы ибадат, адеп-ахлак, ж.б.у.с мөмөлөрдү берет.","Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллах адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет.","Ыпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош.","Аллах ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт.[1] Залымдарды болсо, Аллах адаштырат. Аллах каалаган нерсесин жасайт.###[1] Бул аяттагы бекем сөз ыйман келмеси. Дүйнөдө бекем ишеними акыйдасы болгондуктан момундун сөзү да бекем болот. Өлүм сааты келип, тил айланбай турганда Аллах момун адамдарга ыйман келмесин айтып жан таслим кылуусуна жардам берет. Мүрзөгө коюлуп, Акыреттин абалкы бөлүгү мүрзө (барзах) жашоосу башталып, Мункар, Накир периштелери суракка тарткан мезгилде дагы, Аллах ыймандуу адамдардын сөзүн бекем жана туура кылат.","(О, инсан!) Аллах берген нээматты (Исламды) каапырчылыкка алмаштырып, эл-журтун өлүм үйүнө","өздөрү ташталчу тозокко ээрчитип баргандарды көрбөйсүңбү? Ал кандай жаман орун!","Алар адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн Аллахка (башка «кудайларды») теңдеш кылышкан. (О, Мухаммад, аларга) Айткын: «(Адашуучулук жашооңордо бир аз) пайдаланып калгыла. Силердин бараар жериңер - тозок!»","Менин ыймандуу пенделериме айт, намаздарын окуп, тааныш билиштиги жана соода-келишими жок болгон (Акырет) Күн келгенге чейин, Биз ырыскы кылып берген нерселерден жарыя же жашыруун түрдө садака кылып калышсын!","Аллах асмандар менен жерди (алты күндө) жаратып, асмандан сууну түшүрдү. Кийин аны менен силерге ырыскы болсун деп, мөмөлөрдү чыгарды. Жана Өз амири менен деңизде жүрүшүңөр үчүн силерге кемени моюн сундурду. Дарыяларды да силер үчүн кызмат кылдырып койду.","Ал жана силер үчүн токтоосуз аракеттеги Күн менен Айды, түн менен күндүздү моюн сундурду.","Жана силерге, (силер) муктаж болгон бардык нерселерди берди. Эгер Аллахтын жакшылыктарын санасаңар бүтүрө атбайсыңар. Чынында, инсан өтө залым, өтө шүгүрсүз!","(О, Мухаммад) Эстегин, (бир кезде) Ибрахим айтты: «О, Раббим! Бул шаарды (Меккени) тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл![1]###[1] Аллах таала пайгамбарынын бул дубасын кабыл алып, Мекке шаарына “Аль- Харам” (анда кан төгүү, жаңжал-сүрөөн кылуу, арам) деген даражаны берди","О, Раббим! Чынында, алар (буттар) көп адамдардын адашуусуна себеп болушту. Ким мени ээрчисе (жалгыз Аллахка ибадат кылса) - ал менден. Ким мага каршы чыкса, Өзүң Кечирүүчү, Ырайымдуусуң![1]###[1] Бул Ибрахим алайхис саламдын боорукерлигинин белгиси. Ал күнөөкөр үмөттөрүнө да Аллахтан кечирим сурап жатат. Аллах болсо, андан да ырайымдуурак. Эгер пендеси билип туруп, адашуучулугунда көшөрө бербесе, аны азапка салбайт.","О, биздин Рабби! Мен балдарымдан (бир бөлүгүн) Сенин Аль Харам Үйүңдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим (ошол жерде) алар намаз окушса экен! Эми, Өзүң адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл! Жана аларды (ар кандай) мөмөлөрдөн ырыскыландыр! Ажеп эмес (ошондо) шүгүр кылышса![1]###[1] Ибрахим алейхи салам үй бүлөсү менен Шам (азыркы Сирия, Иордания, Палестина) өлкөсүндө жашаган. Күндөрдүн биринде Аллахтын буйругу менен, аялы Хажар жана туңгуч уулу Ысмайылды алып, азыркы Мекке шаары жайгашкан өрөөнгө келген. Анда бул өрөөндө урап, тегерегинен сел аккан бир дөңсөөгө айланып калган Каабадан башка не бир үй, не бир дарак, не бир чөп жок «эгин өспөгөн өрөөн» эле. (Сахиху Бухарий) Ал Хажар энени эмчектеги баласы Ысмайыл менен ээн талаага - Аллахтын Үйүнүн алдына таштап, Өзү Аллахтын буйругун аткарууга бара жатып ушул дубаны окуган. Аллах Өзүнүн дос-пайгамбары Ибрахимдин дубасын кабыл алып, Ысмайылдын урпагы жашап калган Мекке шаарын Хаж ибадаты маалында адамдар умтула турган жай кылды жана анын (Ысмайылдын) уриактары арасынан Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды чыгарып, муну менен бул берекелүү, тынч шаарды дагы да берекелүүрөөк кылды. Эми азыр дүйнөнүн бардык булуң- бурчундагы мусулмандардын жүрөгү ага умтулуп турат. Аллах досу Ибрахимдин “Аларды ар түрдүү мөмөлөр менен ырыскыландыр” деген дубасын да оңунан берип, азыр бул таберик шаардан жыл - он эки ай бою мөмөнүн түрлөрү үзүлбөйт.","О, Раббим! Албетте, Сен биз жашырган нерсени да, ашкере кылган нерсени да билесиң! Аллахтан не жер, не асмандардагы эч бир нерсе жашыруун эмес!","Мага картайган курагымда Ысмайыл менен Исхакты берген Аллахка (чексиз) мактоолор болсун! Чынында, менин Раббим дуба-тилекти Угуучу!","О, Раббим! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу(лардан) кыл! О, биздин Раббибиз! Дубаны кабыл кыла көр?!","О, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жалпы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир![1]###[1] Ибрахим алайхис-саламдын бардык дубалары - атасын кошпогондо - кабыл болуп, оңунан берилди. Атасы Аазарга бул дубанын тиешеси жоктугунунун себеби, Ибрахим алейхис-салам «эгер атам ширк (көп кудайлык) ишениминен кайтса» деп шарт койгон эле. Анан, атасы ширк жолунан кайтпаганы белгилүү болгондо, Аллахтын ыраазылыгы үчүн мушрик атасынан кечип жиберген.","(О, Мухаммад), сен Аллахты залымдардын кылмышынан бейкапар деп ойлобогун. Болгону, аларды(н жазасын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) Күнгө чейин кечиктирүүдө.","(Ошол күндө) алар баштары ойдо көтөрүлгөн абалда (эсеп бергени) чуркап барышат. Көздөрү (катып калгандан улам) өздөрүнө кайтпайт жана ичтери көңдөй.[1]###[1] “Баштары өйдө көтөрүлгөнүнүн” себеби, алардын колдорун ээктерине таңып коюлгандан улам. Катуу чуркагандан жана коркунучтан жүрөктөрү “кабынан чыгып”, “оозуна капталып калган”. Жүрөк өз ордунда эмес. Бул абал аяттагы «ичтери көңдөй» деген сөздөн маалым болот. Бирок, жүрөктүн өзү бош эмес. Бушайман, кайгы-капа менен толгон.","Сен адамдарды азап келе турган Күн менен коркут. Ошондо, зулум кылган адамдар: «О, Рабби, бизди бир аз мөөнөткө кечиктире турчу, чакырыгыңа жооп берип, пайгамбарларга моюн суналы» дешет. (Кийин аларга мындай жооп берилет: «Эй, каапырлар!» Өлүм келээрден) мурда «биз өлбөйбүз» деп ант ичпедиңер беле?","(Худдун, Салихтин коому сыяктуу) өздөрүнө зулум кылган (жана Биз аларга азап жиберген) адамдардын мекендеринде жашабадыңар беле?! Биз аларды кандай жазалаганыбыз силерге маалым эле го? Силерге (Куранда алардын) мисалдарын келтирген элек?!","Алар (динге каршы көп) айлакерликтерин жасашты. Эгер айлакерликтери тоону омкоруп жиберүүчү болсо да Аллахтын алдында (белгилүү)","Сен Аллах Өзүнүн пайгамбарларына («залымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллах Кудуреттүү жана өч алуучу!","(Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллахка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)!","Сен ал күндө кылмышкерлерди (оттон жасалган) кишендер менен (чогултуп) байланганын көрөсүң.","(Ал күндө) Алардын кийимдери кара майдан болот жана жүздөрүн от ороп турат. (Бул азаптар Аллах тарабынан зулум эмес, тескерисинче:)","Аллах ар бир жанды кылмышына жараша жазалоосу үчүн. Чынында, Аллах тез эсептешүүчү.","Бул (Куран) адамдарга арналган кемчиликсиз Баян! Эми, ал себептүү (жаман ишинин акыбетинен) сестенишсин, Анын Жалгыз Кудай экенин билишсин жана акылдуу адамдар андан үлгү-сабак алышсын!"]