["Пендесин түн ичинде Аль-Харам мечитинен Биз айланасын берекелүү кылган Аль-Акса мечитине сейил кылдырган Аллах (каапырлар таңуулаган алсыздык сыпаттарынан) Аруу-Таза! Биз ага (пендебизге) Өзүбүздүн белгилерибизди көргөзүү үчүн (сейил кылдырдык). Ал - Угуучу, Көрүүчү.[1]###[1] Бухарий жана Муслим риваят кылган хадистерде баян кылынганы боюнча пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды Аллах таала бир түндүн абалкы бөлүгүндө «Бурак» деп аталган ат түспөлүндөгү периште менен Меккедеги Аль-Харам мечитинен Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине, сейил кылдырып, андан эң жогорку асмандын үстүнө алып чыккан. Пайгамбарыбыз ал жакта бейиш менен тозокту жана мурунку өткөн пайгамбарларды өз көзү менен көргөн. Ошол чыгышында ага жана үммөтүнө сообу элүү убакытка барабар болгон беш убакыт намаз парыз кылынган. Бул сейил Рухий-физиологиялык (дене менен бирге, ойгоо кезинде) болгон. Курани Каримде Меккеден Иерусалимге баруу «Исра», ал эми, Иерусалимден жогорку асмандарга көтөрүлүү «Мээраж» деп аталат. Аяттагы “айланасы берекелүү” мечит Иерусалимдеги Аль-Акса мечити. Мунун себеби анын айланасында көп пайгамбарлар жашаган жана жери да бак-дарактуу, дарыялар аккан берекелүү жер. Аль-Акса мечити улуулук даражасы жаатынан Меккедеги “Аль-Харам” жана Мединадагы “Набавий” мечитинен кийинки үчүнчү орунда турат. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын кабар бергени боюнча, (көп сооп болушу үчүн) намаз окууну ниет кылып, ушул үч мечиттен башка жерге сапар кылуу мүмкүн эмес.","Биз Мусага Китепти (Тооратты) берип, аны Исраил урпактары үчүн туура жол кылдык. (Жана аларга): «Өзүңөргө Менден башканы өкүл-башкаруучу кылып албагыла» (дедик).","Биз Нух менен бирге (кемеде) көтөргөн (жана чөктүрбөй, сактап калган) адамдардын урпактары, (уккула:) чынында, ал (Нух) абдан шүгүр кылуучу пенде болгон.","Биз Китепте (Тооратта) Исраил урпактарына: «Жер бетинде эки ирет бузукулук кылып, аябай, чектен чыгып, текеберленесиңер» деп вахий (кабар) кылдык.","Эми, ошол эки убаданын биринчисинин убактысы келгенде, силердин үстүңөргө абдан күчтүү пенделерибизди жибердик эле, үй-жайыңарды аралап (талкалап) киришти. Жана ал (убада) аткарылган убада болду.[1]###[1] Тафсирчи уламалар яхудилерди кырып-жойгон бул элдин кай өлкөдөн келгени жөнүндө бир пикирде эмес болсо да, бул баскынчы элдердин каапыр коомдор экенинен шек санашпайт. Себеби, алар ошол келишинде “Аль-Акса” мечитин да талкалаганы тарыхтан маалым.","Кийин, кезекти алардын зыянына силердин пайдаңарга кайтардык жана силерди мал-мүлк, бала-чака менен кубаттандырып, саныңарды көбөйттүк.","Жакшылык кылсаңар өзүңөргө пайда, жамандык кылсаңар да (зыяны) өзүңөргө кайтат. Акыркы (экинчи) убаданын убактысы келгенде, (силерди жеңип, кул кылып) жүзүңөрдүн кунарын кетириш үчүн, биринчи жолкусунда кирген сыяктуу мечитке (Аль-Аксага) кирүү (жана аны ойрон кылуу) үчүн жана басып алган жерлерин талап-талкалоо үчүн (кубаттуу душманыңар кайтып келди).","(Эгер тообо кылсаңар) Раббиңер силерге дагы эле ырайым кылса ажеп эмес. Эгер (күнөөгө) кайтсаңар, Биз да (силерди жазалоого) кайтабыз. Биз каапырларга тозокту (түбөлүк) түрмө кылганбыз.","«Чынында, бул Куран (инсаниятты) эң туура жолго баштайт[1] жана салих (жакшы) амал кылган ыймандуу адамдар үчүн чоң сыйлыктар бар экени жөнүндө сүйүнүч кабар берет».###[1] Куран жолу эң адилеттүү, эң жогорку даражалуу жол. Ким Куран жолун тутуп, анын ишенимдерин кабыл алып, буйруктарын аткарып, адеп-ахлагын өзүнө сиңире алса, адамдардын эң кемелдүүсү, эң жакшысы жана абзели болот.","Акыретке ишенбеген адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз.","Инсан жакшылык тилеп дуба кылганы сыяктуу, жамандык тилеп да дуба кыла берет.[1] Инсан (ушундай) шашма.###[1] Көбүнчө инсан жакшы тилектер кылат. Бирок, ачуусу келгенде каргап, шилеп, жаман дубалар кантип оозунан чыкканын билбей калат. Бирок, Боорукер, Даанышман Аллах жакшы дубаларга жооп берип, жамандарын кабыл албайт.","Биз түн менен күндүздү (Өз кудуретибизге далил катары) эки аян-белги кылдык. Анан (элдер тынч эс алсын деп) түн-белгини өчүрдүк (караңгы кылдык). Ал эми, Раббиңердин пазилетин издеп,(тиричилик кылып) жүрүшүңөр үчүн жана эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн күн-белгини жарык кылдык. Биз ар бир нерсени анык-айкын баяндадык.","Ар бир адамдын (жакшы же жаман) ишин өз мойнуна илип койдук жана кыямат күндө ага, таратылган, өзү жолукчу китебин (амал дептерин) чыгарып беребиз. (Жана):","«Китебиңди оку, бүгүн өзүңдүн зыяныңа өзүң жетишерлик эсепчисиң!» (дейбиз).","Ким туура жолго түшсө - өз пайдасы үчүн түшөт. Кимде-ким адашса, өзүнүн зыянына адашат. Эч ким бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз пайгамбар жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз.[1]###[1] Бул Аллахтын адилеттүүлүгү. Ошондуктан Аллах Ислам дааваты жетип барбаган, же башка бир себеп менен Акыйкатты укпай калган кишилерди жана каапырлардын бөбөктөрүн азапка салбайт.","Эгер Биз бир шаарды кыйратууну кааласак, анын дене кумарына берилген (бай) адамдарына буюрабыз.[1] Кийин алар шаарда бузукулук кылганда, үстүлөрүнө сөз (азап) түшүүсү ылайык болуп калат. Анан аны жер менен жексен кылабыз.###[1] Аллах тааланын кумарга берилген адамдарга берген буйругу шарияттык буйрук эмес, алардын тагдырына (мандайына) жазылган буйрук.","Биз Нухтан кийин дагы нечендеген муундарды кыйраттык. Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар (жана) Көрүүчү.","Кимде-ким тез өтүүчү (дүйнө)нү кааласа, Биз анда (дүйнөдө) каалаган адамыбызга, каалаган нерсебизди ал үчүн тездетип беребиз. Кийин (Акыретте) ага жек көрүлгөн, шерменде абалында таштала турган тозокту (насип) кылабыз.","Ал эми, кимде-ким акыретти(к соопту) каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, алардын аракеттери кабыл алынган.","(Бирок, бул дүйнөдө) тигилерге деле, буларга деле жакшылыктарыбызды жеткире беребиз. Раббиңдин жакшылыгы (бул дүйнөдө эч кимден) тосулган эмес.","Карачы, Биз (дүйнөдө адамдардын) бирөөлөрүн башкаларынан кантип абзел-пазилеттүү кылып койдук. Бирок, акыреттик пазилет менен (акыреттик) даражалар чоңураак.","Сен (эч качан) Аллахка дагы бир «кудайды» кошпогун! Анткенде, жек көрүндү болуп, (сооптордон) куржалак олтуруп каласың.","«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың, ата-энеңе жакшылык кыласың, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебейсиң, аларды(н сөздөрүн) кайрыбайсың жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөйсүң».[1]###[1] “Уф-ф” деп айтуу бул ата-эненин көңүлү үчүн эң жеңил зыян. Сөгүнүү же денесине залакат жеткирүү эмес. Болгону, “тажадым” маанисиндеги үшкүрүк. Ислам ушул сөздөн кайтарган соң башкасын айтпаса да түшүнүктүү болуш керек.","Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «О, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!»","Силердин ичиңердеги нерсени[1] Раббиңер жакшы Билүүчү. Эгер салих-таза адамдардан болсоңор, чынында, Ал (Өз Жолуна) кайтуучуларга Кечиримдүү.###[1] Аллах адам баласынын ички сулуулугуна карайт. Тазалануу, салих адамдардан болуу, ички тазалыктан башталат. Ислам инсандын Аллахка болгон түз ниетин жана иш-амалдарын Аллах ыраазылыгы үчүн гана аткарууну ички (руханий) тазалык деп эсептейт.","Тууган-уруктарга, мискин-кедейлерге жана мусапырларга (адамдык акы-укугун жана урмат, жардам) бергиниң. Бирок, ысырапкор-чачуучу болбогун!","Аныгында, ысырапкорлор – шайтандын достору. А, шайтан болсо, Раббисине өчөшкөн каапыр!","Же болбосо, Раббиңдин ырайымынан (байлыгынан) үмүт кылып, аларга (аргасыздан) жүз үйрүсөң, ширин сөздөрдөн айткын.[1]###[1] Бир нерсе сурап келген тууган-урук, мусапыр же кембагалдарды, эгер колуңда жок болсо, орой тийбей, ширин сөз менен кайтарып “Эгер Аллах байлык берсе, сөзсүз ихсан кыламын” деп үмүт кылуу керек.","(Эки) колуңду мойнуңа таңылгандай кылып алба! (Ошондой эле,) Биротоло ачып (чачып) жибербе! Жек көрүндү жана куржалак болуп каласың.","Чынында, сенин Раббиң каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал пенделеринин (абалынан) Кабардар, Көрүүчү.","(О, адамдар!) Жокчулуктан коркуп перзентиңерди өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү эң чоң күнөө![1]###[1] Албетте, Аллах бере турган ырыскыны “жеткире албаймын” деп туулган перзентти же туула элек ымыркайды өлтүрүү эң чоң адашуучулук. Бул аятта перзенттердин ырыскысына Аллахтын Өзү кепил болууда.","Зынага жакындабагыла! Ал - бузукулук жана эң жаман жол!","Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал - жардам берилген адам.[1]###[1] Негизинен адам өлтүрүү - арам. Бирок, Ислам Дини Ислам бийлиги орногон мамлекеттерде кээ бир адамдардын исламдык коомго зыян берип тирүү жүрүшүн акыйкатсыздык деп баалап, аларды өлүмгө буюрат. Шариятта өлтүрүлүшү акыйкат болгон адамдар төрт тайпа: 1) Бирөөнү өлтүргөн адамдын туугандарына өч алып берүү үчүн анын өзүн өлтүрүү. 2) Никеде (эри же аялы) болуп туруп ойноштук кылгандар. 3) Динин алмаштырып, жааматтан ажырап кеткендер. 4) Зулумдугун токтотпогон зулумчулдар. Аллахтын Шарияты өлтүрүүчү кылмышкерди, маркумдун (сөөктүн) ээсинин колуна салып, ал Шарият (Акыйкат) тарабынан жардам берилген адам болуп турса да, өлтүрүүдө ысырап кылса (кылмышкердин оозу-мурдун тилип, кулактарын кесип, же анын ордуна башка бирөөнү өлтүрсө) албетте, бул чектен чыккандык (ысырап) болот.","Эрезеге жеткенге чейин жетимдердин мал-мүлкүнө жакындабагыла, бир гана жакшы ниет менен болсо, мейли. Жана убаданы аткаргыла. Албетте убада (Акыретте) суралчу нерсе.","Өлчөгөндө (тартканда) өлчөөнү толук кылгыла! Жана туура тараза менен тарткыла! Ушул жакшы жана эң мыкты чечим.","Өзүң (анык) билбеген нерсени ээрчибе! Чынында, кулак, көз жана жүрөк, ушулардын баары (кыяматта) суралуучу нерселер.","Жер бетинде текеберлене-көөп жүрбөгүн! Сен бутуң менен жерди тешип жибере албайсың жана бийиктикте тоолорго тең келе албайсың!","Ушулардып баары Раббиңдин алдында макүрөө саналган жаман кулк-мүнөздөр.","«Булар Раббиң аян-кабар кылган үлгүлүү наасаттардын кээ бирөөлөрү. Эми, сен Аллахка башка «кудайды» кошпогун, анда, (эгер ширк кылсаң) айыпталган, жек көрүлгөн абалда тозокто (түбөлүк) каласың!»","(О, мушриктер) Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү периштелерди кыз кылып алыптырбы?![1] Чынында, силер чоң күнөөлүү сөздү сүйлөп жатасыңар!###[1] Жок! Андай эмес, Аллахтын уулу да кызы да жок! Силердин \"Периштелер Аллахтын кыздары\" дегениңер Аллахка доомат!","Биз бул Куранда аларга (түрдүү өкүмдөрдү) баян кылдык, эстерине келиши үчүн. Бирок, бул(баянд)ар алардын (чындыктан) качууларын гана көбөйттү.","Айт (о, Мухаммад,) “Эгер алар айткандай Аллах менен бирге башка кудайлар бар болсо, анда алар Арштын Кожоюнуна (каршы, аны жеңүү үчүн) жол издешмек.","Аллах алар сыпаттаган нерселерден Бийик, Улук жана Аруу!","Аллахка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр. Чынында, Аллах Кеңпейил, Кечирүүчү.","(О, Мухаммад!) Эгер Куран окусаң, сени менен Акыретке ишенбегендердин арасына тосулган парда тартып койобуз.[1]###[1] Бул дааватты эми эле баштаганда эмес, бир нече жолу угуп, ишенбей койгондо боло турган абал.","Жана алардын жүрөктөрүнө Куранды түшүнө албай калсын деп, чүмбөт ороп, кулактарын “дүлөй” кылып койобуз. Качан сен Куранда жалгыз Раббиңди эстесең, артка бурулуп, качып кетишет.","Алар сени(н Куран окуганыңды) эмне себептен угуп жатканын биз жакшыраак билебиз. Андыктан, алар сени укканда, (өз ара) шыбырашканда залымдар “Силер сыйкырланган адамга ээрчип жатасыңар” дешет.","Карачы, алар сага кандай гана мисалдарды келтирип, экинчи жол таба албай турган болуп адашышат.","Жана “биз (өлүп, шагыраган) сөөктөр жана чириген тарп болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилебизби?!”- дешет.","Айткын: «(Ооба! Шагыраган сөөк же чириген тарп гана эмес, эгерде) таш, темир болсоңор да,","Же жүрөгүңөрдө (ойлогон) мындан да олуттуураак нерсе болсоңор да, (Аллах сөзсүз тирилтип алат!) «Ким кайра тирилтет?» деп сурашат. Айткын: «Силерди биринчи ирет жараткан Кудай». Кийин алар сага (ишенбей) баш чайкашып: «Ал качан?» дешет. Айткын: «Жакын калган болсо ажеп эмес».","(Исрафил периште «сур» кернейин тартып, Аллах) силерди чакырганда, Аны даңктап, жооп бересиңер. (Мүрзөңөрдөн тирилип чыгасыңар.) Жана (бул дүйнөдө) бир аз эле убакыт турдук деп ойлоп каласыңар».","(О, Мухаммад), Менин пенделериме айт, эң жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн.[1] Шайтан алардын арасын бузуп жүрөт. Чынында, шайтан - инсандын анык душманы.###[1] «Жакшы сөз» деген бул Куран окуу, зикир кылуу (Аллахты эскерүү), илим үйрөнүү, насаат айтуу, ж.б.у.с пайдалуу сөздөр.","Аллах силерди (өзүңөрдөн) жакшыраак билет.[1] (Аллах) кааласа силерге ырайым кылат, кааласа, азап берет. (Оо, Мухаммад!) Биз сени аларга (иштерин текшерүүчү) өкүл кылган эмеспиз.###[1] Ошондуктан, Аллахтын сөзүнө, эгер ал силердин каалооңорго дал келбей турса да, дароо макул болгула. Себеби силер кээде бир нерсени өзүңөр үчүн жакшы көрөсүңөр, чындыгында ошонун тескерисинде жакшылык болот.","Сенин Раббиң асмандардагы жана жердеги нерселерди (силерден) жакшыраак Билүүчү. Биз кээ бир пайгамбарларды кээ бирөөлөрүнөн абзел-жогору кылдык жана Даудга Забур (китебин) бердик.","Айткын: «(О, мушриктер) Аллахтан башка (өзүңөр кудай деп) ойлогонуңарга дуба кыла бергиле, баары бир алар силерден эч бир зыянды арылта албайт жана (ишиңерди жакшы же жаман жагына) өзөгөртө албайт.","Алардын[1] өздөрү (Аллахка) дуба кылышып, (Ага) кимиси жакыныраак (сүйүктүүрөөк) болууга жол издешет, ырайымынан үмүт кылышып, азабынан коркушат. Чынында, Раббиңдин азабынан сак болуу зарыл.[2]###[1] Силер кудай деп ойлогон периштелер, пайгамбарлар жана олуялардын.\t[2] Ушул үч нерсе: сүйүү, үмүт жана коркуу Аллах таалага пендени жакын кыла турган негизги нерселер. Периштелер, пайгамбарлар жана олуялар дагы ушул үч касиет менен Аллахка жакын болушкан. Эгер кимде ушул үчөө толук болсо, демек, анын иштери толук болуптур. Кимдин жүрөгү ушулардан бош болсо, аны ар тарабынан жамандык ороп алат. Пенденин Аллахка болгон сүйүүсү Анын айткандарын кынтыксыз аткаруу менен билинет.","Биз (жер бетиндеги) бардык (каапыр) шаарларды, Кыяматтан мурдараак кыйратабыз же болбосо, катуу азап менен жазалайбыз. Бул Китепте (тагдырда) жазылган.","Бизди (мушриктерге) моожиза берүүдөн тоскон нерсе - абалкы (каапыр) коомдордун (моожизаны) «жалган» дегендери. Биз Самуд коомуна анык көрүнгөн төө бердик эле, ага зулум кылып (ишенбей) коюшту. Биз моожизаларды (элдерди жалгыз Аллахтан) коркутуу үчүн гана жиберебиз.","Жана бир кезде Биз сага: «Раббиң (Өзүнүн илими менен) адамдарды ороп алат» дегенбиз. Биз сага (Исра түнүндө) көргөзгөн нерсе жана Курандагы каргыш тийген (Заккум дарагы) адамдар үчүн сыноо. Биз аларды коркутабыз. Бирок, бул (коркутуу) алардын ашынган каапырлыгын гана көбөйтөт.[1]###[1] Акылдуу адамдарга, Аллахтын пайгамбарлары айткан сөздөрдүн бардыгын тастыктоо үчүн ушул аят жетиштүү. Бирок, мушриктер пайгамбарыбыздын Исра түнүндө көргөндөрүнө жана «тозоктун ортосунда «Заккум» деген оттон жаралган дарак бар экен. Тозокко түшкөндөр ошол дарактан жешет экен» деп айткан коркутуучу сөздөрүнө да ишенишпеди.","Бир кезде Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла!» дедик. Иблистен башка баары сажда кылышты. (Иблис болсо:) «Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылат бекенмин» - деди.","Ал (дагы мындай) деди: « Айтчы, мага (оо, Раббим), менден улук кылганың (Адам) ушулбу?! Эгер мени Кыямат күнгө чейин (жанымды албай) кечиктирсең, анын бардык урпактарын азгырып жиберемин. Азыраактары (Сага ыклас менен сыйынгандары) гана калат».","«Жогол! - деди Аллах, - бирок, алардан кимиси сага ээрчисе, силердин толук (ылайыктуу) жазаңар тозок!","Алардын кимисине алың жетсе, добушуң менен (эле) азгырып ал! (Кааласаң) алардын үстүнө атчан жана жөө аскериңди жибер! Жана (кааласаң) алардын мал-мүлкүндө, бала-чакасында шерик бол жана аларга убадаларыңды бер! (О, пенделер!) Шайтан аларга жалган убадаларды гана берет![1]###[1] Кээ бир тафсирчилер ушул маанидеги хадиске таянып айтышат: «Эгер адам баласы ичкенде, жегенде жана аялы менен жыныстык мамиледе «Бисмилла» деп айтпаса, ага шайтан шерик болот» Бирок, бул аятта айтылган шайтандын шериктиги ошолорго гана чектелген эмес. Мал-дүйнөнү арамдан табуу, адал мүлктөн садака (зекет), бербей коюу.., ушулардын баары шайтанды шерик кылуу болуп саналат.","Албетте, Менин (ыкластуу) пенделериме бийлигиң өтпөйт! Сактоо жаатынан (аларга) Раббиңдин Өзү жетиштүү!»","(О, инсандар) Раббиңер, Өз пазилетинен (ырыскы) издешиңер үчүн силердин пайдаңарга (албууттанган) деңиздин үстүндө кеме жүргүзүп койду. Чынында, Ал силерге Ырайымдуу!","Жана эгер силерди деңиз үстүндө бир апаат кармаса, жалбарып, дуба кылган «кудайыңар» жоголуп, Анын (Аллахтын) Өзү гана калат. (Жана Өзүнө жалбарып: «О, Аллах! Өзүң жалгыз кудайыбызсың! Куткара көр!» дейсиңер). Эми, Ал силерди кургакка чейин (жеткирип) куткарып койсо, (дагы эле бут- кудайыңарга) бурулуп кетесиңер. Инсан жакшылыкка шүгүрсүз болду!","Эмне, силерди кургакта жер жутуп жиберишинен же болбосо, (Аллах) силерге таш бороонун жиберишинен, кийин өзүңөргө (эч бир) өкүл-коргоочу таппай (мукурап) калышыңардан коопсузсуңарбы?!","Дагы силер (Аллах) силерди кайрадан деңизге кайтарып, үстүңөрдөн добул жиберип, каапырлыгыңарга жараша чөктүрүп жиберишинен коопсузсуңарбы?! Кийин Бизге каршы бир да өч алып берчү адамды таба албай каласыңар![1]###[1] Аллах ар нерсеге кудуреттүү! Эгер кааласа, силерди деңизге кайтарып, чөктүрүп жиберүүгө да кудурети жетет. «Кийин Бизге каршы бир да өч алып берчү адамды таба албай каласыңар!» - деген аяттын мазмуну «Биз силерди өзүңөргө жараша жазаладык. Өзүнүн жазасын алган адам үчүн өч алуу, бирөөдөн таарынуу жок» деген мааниде.","Чынында, Биз адам перзенттерин (башка макулуктардан) улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) миндирип, таза-адал нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук.","Биз бардык инсандарды ээрчиген жолбашчылары[1] менен (суракка) чакырган (Кыямат) Күндө, кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе, алар өз китептерин (сүйүнүп) окушат жана аларга чел кабыкчалык дагы зулумдук кылынбайт.###[1] Тафсийрул Муяссар","Ал эми, ким ушул дүйнөдө сокур (сыяктуу акыйкатты көрбөгөн) болсо, ал Акыретте да сокур жана (бейиш) жолунан адашкан болот.","(О, Мухаммад, Биз сага аян-кабар кылган нерселердин ордуна) Бизге каршы башкаларын ойлоп чыгарышыңды үмүт кылышып, мушриктер сени, Биз сага аян-кабар кылган нерселерден азгырууга жакын аракеттерди жасашты. Анда (аракеттери оңунан келгенде) сени эң жакын дос кылып алышмак.","Эгерде Биз сени (туура жолдо) бекем кылбаганда, аларга бир аз жакындашып калмаксың.","Анда (эгер алардын каалоолорун ээрчигениңде) Биз сага (ушул) жашоодо да, өлүмдө(н кийинки жашоодо) да удаама-удаа азаптарды таттыраар элек. Кийин Бизге (Биздин азапка) каршы эч бир жардамчы таппай калаар элең!","Алар сени (өзүң туулган) жерден чыгарып жиберүү үчүн айдаганга камданып калышкан. Андай болсо, Сенден кийин өздөрү да көпкө турушпайт.[1]###[1] Акыйкатта, улук пайгамбарыбызды өз ата-журту-Меккени таштап чыгып кетүүгө мажбурлаган мушриктер, андан кийин эч канча убакыт өтпөй эле, «Бадр» согушунда көп жоготууларга учурап, пайгамбарды айдагандардын көпчүлүгү, болгондо да башчылары шерменделүү өлүм табышты.","Бул сенден мурда жиберген пайгамбарлардын (Биз түзүп койгон) жолу.[1] Сен Биздин жолубуз өзгөргөнүн көрбөйсүң.###[1] Аллах түзгөн бул жол-эреженин мазмуну: ким Аллахтын пайгамбарын кордосо, тез арада азап-жазага кириптер кылынат демек.","(О, Мухаммад!) Күн чак түштөн (батышка) оогондо, түн караңгысына чейин намаз оку. Жана таңдын намазын да (оку). Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз).[1]###[1] Бул аятта Аллах таала Өз пайгамбарын беш убак намазды толук окууга буюрууда. Күн батышка оогондон кечке чейин Бешим жана Дигер (Аср) намазы, түн караңгысы бүт ааламды каптай баштаганда Шам намазы, ал эми толук каптаганда Куптан намазы окулат. Бул аяттагы Таңкы намаздын пазилет-артыкчылыгынын бири ал “Күбө болунган намаз”. Башкача айтканда бул намазга Аллах жана Күн-Түн периштелери күбө болушат. Бул намаздын арабча контекстте «Куран» деп аталганын себеби, анда башка намаздарга караганда узунураак сүрөлөр окулат.","Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Куран оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр![1]###[1] Бул намаз пайгамбарга милдет, башка пенделерге ыктыярдуу. Пайгамбарга милдет болушунун себеби, Аллах аны ушул вазыйпа менен даражасын көтөрүп, Кыямат-Күндө макталган орун - бардык инсанияттын күнөөсүн Аллахтан сурап ала турган ортомчулук (шапаат) ордуна даярдоо.","Айткын: «О, Раббим! Мени бир орунга киргизсең жакшылык-чындык менен киргиз жана бир (жамандык болуп жаткан) жерден чыгарсаң да чындык менен чыгар! Өзүң тараптан мага дем болуучу кубат-далилдерди бер!","Жана Айткын: «Акыйкат (Ислам) келип, жалган (диндер) жоголду. Аныгында жалган – жоголуучу нерсе.[1]###[1] Кай жерде анык, таза Ислам илими болсо, ал жерден жалган диндер, пикирлер жоголот. Тескерисинче, кай жерде ислам илими начар болсо, жалган күчөп, өнүгөт.","Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран аяттары) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт.[1]###[1] Куран - бул шыпаа. Руханиятка да шыпаа, дене ооруларына да шыпаа. Бирок, бардык эле адамдар үчүн эмес. Куран аяттарына ыйман келтирбеген, жана колунан келсе да аларга амал кылбаган (аткарбаган) залым адамдарга Куран шыпаа болбойт. Алар Куранды канча укса, жүрөгүндөгү шек-күмөндөрү себептүү, дагы ошончолук терең адашуучулукта калышат.","Эгер Биз инсанга нээмат- жакшылык берсек, (сүйүнүп, оолугуп) Аллахтан четтеп, жүз буруп (шүгүр кылбай) кетет. А, эгер бир жамандык кармаса, (Аллахтан биротоло) үмүтсүз болуп калат.","Айт: «Ар бир адам өз абалына жараша амал кылат. Бирок, Раббиң ким туура жол табуучу экенин жакшы билет.","(О, Мухаммад!) сенден Рух жөнүндө сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар) аз гана илим берилген.","Эгер Биз кааласак сага Өзүбүз вахий кылган нерсени (Куранды сенден) кетире алабыз, анан, өзүң үчүн Бизге каршы (Куранды кайтарып бере турган) жардамчы таба албай каласың.","Ал эми, бир гана Раббиң тарабынан келген ырайым (себептүү гана Кураан сенден кетпей турат). Чынында, Раббиңдин сага берген пазилети өтө чоң.","Айткын: «Эгер (бардык) инсандар жана жиндер ушул Куран сыяктуу (бир китепти майданга) келтирүүгө чогулушуп, бири-бирине жардамчы болушса да, анын окшошун (эч качан) келтире алышпайт».[1]###[1] Себеби, эч нерсе Аллахтын сыпатына окшобойт. Аллахтын Сөзү дагы Анын сыпаттарынын бири. Демек, Анын сөзүндөй сөздү эч ким сүйлөй албайт.","Биз (акыл-эсине келсин деп) бул Куранда инсандарга ар түрдүү (үлгүлүү) мисалдарды тизмектеп келтирдик. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырчылыктан башкасынан баш тарта берет.","(Мушриктер) Айтышты: «(О, Мухаммад) сен качан гана бизге жерден атырылган булак чыгарып бермейинче,","Же сенин курмадан, жүзүмдөн багың болуп, анын арасынан ташкындаган дарыяны агызып коймоюнча,","Же өзүң айткандай үстүбүзгө асмандын (азаптын) бир бөлүгүн түшүрмөйүнчө, же (өзүңдүн ак-туура экениңе күбө тартуу үчүн) биздин алдыбызга Аллах менен периштелерди алып келмейинче,","Же сен үчүн асыл таштардан (салынган) сарай болуп калмайынча, же өзүң биздин көз алдыбызда асманга учмайынча (сага эч качан ыйман келтирбейбиз) жана эгер асмандан бизге, окуй турган (кадимкидей) китеп алып түшпөсөң, учканыңа да ишенбейбиз» Айт: «Аллах (силер ойлогон сыпаттардан) Таза! Мен болгону, пайгамбар кылып, жиберилген кишимин».","Аларга Хидаят (туура жол) келгенде, адамдардын ыйман келтиришине «Аллах адамды пайгамбар кылып жиберет бекен?!» деген сөздөрү гана тоскоол болду.","Айткын: «Эгер периштелер жер элине көнүп, жер бетинде беймарал жашай алышса, Биз аларга асмандан периштелерди пайгамбар кылып жибермекпиз».","Айткын: «Мени менен силердин араңарда Аллахтын Өзү жетиштүү Күбө. Ал пенделеринен Кабардар (жана) Көрүүчү.","Аллах кимди туура жолго баштаса - ал туура жолдо. Ал эми, кимди адаштырса, ага (Анын) Өзүнөн башка жардамчыны таба албайсың. Жана Биз аларды Кыямат Күнү жүзүн жер караткан абалда сокур, дүлөй, дудук кылып тирилтебиз. Алардын орду - тозок! Ар качан анын оту азайган сайын алар (көбүрөөк күйсүн) үчүн отту көбөйтүп турабыз.","Бул алардын: «Эгер биз(шагыраган) сөөк жана чириген топурак болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилет белек?!» деген сөздөрү жана Биздин аяттарыбызга каапырлык кылгандары себептүү (туш болгон) жазалары!","Асмандар менен жерди жарата алган Аллах, аларды өзүндөй кылып (кайрадан) жаратууга кудуреттүү экенин алар билишпейби?! Аллах алар(дын кайра тирилүүсү) үчүн эч бир шек-күмөн жок болгон белгилүү мөөнөттү (дайын) кылган. Залымдар болсо, каапырлыктан башка бардык нерседен баш тартты.","Айткын: «(О, мушриктер!) Эгер силер Раббимдин Ырайым Казыналарына ээ болуп калчу болсоңор, аны садака кылуудан коркуп, жашырып койоор элеңер. Инсан (ушундай) сараң.","(О, Мухаммад!) Биз Мусага тогуз моожиза бергенбиз. (Эгер шектенсең) Исраил урпактарынан сура.[1] (Муса) аларга барганда, Фараон ага: «О, Муса, мен сени сыйкырланып калсаң керек деп ойлоймун» - деди.###[1] Аллахтын Мусага берген тогуз моожизасы: 1) жылан, 2) аса таяк, 3) суу ташкын, 4-5-6-7-) бар жокту чебиртке, бит, бака жана кан каптап кетүүсү, 8) жылтыраган колу 9) деңизден жол ачылышы. Ушулардын ар бири акылдуу адамдарга жетиштүү болчу. Бирок, Фараон менен анын жан-жөкөрлөрүнө пайда бербеди.","(Анда Муса) айтты: «Сен мына бу(моожиза)ларды асмандар жана жердин Раббиси (Аллах) (пенделерине Өз кудуретинен) көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип элс турасың. Демек, мен сени, эй, Фараон, кыйрагандардан болоорсуң деп айта аламын».","Кийин (Фараон) аларды (Мисир) жеринен айдап чыгууну каалады эле, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик.","Андан (Фараондон) соң Биз Исраил урпактарына: (Мисир) жер(ин)де жашап тургула, эми качан гана Акырет убадасы келгенде, баарыңарды (амалыңарга жараша сооп же жаза бериш үчүн Акыретке) алып келебиз» дедик.","Биз аны (Куранды) Акыйкат менен түшүргөнбүз жана Акыйкат менен түшкөн. Биз сени (бейиштин) куш кабарчысы жана (тозоктон) коркутуучу болушуң үчүн гана жибергенбиз.","Биз Куранды (Акыйкат менен жалганды) ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиң үчүн (жыйырма үч жыл аралыгында) бөлүп-бөлүп түшүрдүк.","(Оо, Мухаммад, мушриктерге) айткын: «Силер ага (Куранга) ыйман келтирсеңер да же ыйман келтирбесеңер да (Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес.) Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Куран окулганда бети менен саждага жыгылышып:","«Раббибиз Аруу-Таза! Раббибиздин (Акырет жөнүндөгү) убадасы сөзсүз аткарылат!» - дешкен.","Алар ыйлаган бойдон бети менен жыгылышканда (Куран) алардын (Аллах алдындагы) кичипейилдиктерин көбөйтөт.","Айт: «(О, момундар кааласаңар) «Аллах» деп дуба кылгыла, (кааласаңар) «Рахман» деп дуба кылгыла. Эмне деп дуба кылсаңар да, Анын эң мыкты ысымдары бар.[1] (Оо, Мухаммад) намазыңдын (кыраатын) бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба! Ушунун аралыгында(гы окуу) жол(ун) изде![2]###[1] Аллахтын «Асмаа-ул-Хуснаа» («Эң мыкты ысымдар») деп аталган ысымдары бар. «Аллах» менен «Рахман» ошолордун экөөсү.\t[2] Бийик добуш менен окуганда мушриктер угуп, Куранды жана пайгамбарды акаарат кылышкан, ал эми өтө акырын окуса, сахабалары укпай калган.","Жана айткын: «Баласы жок, мүлктө шериги жок, кордолгон макулуктардан эч бир жардамчысы да жок Аллахка мактоолор болсун!» Жана Аны (Улук Сыпаттары менен ар дайым) даңктап жүр!","Өзүнүн пендесине (Мухаммадга) Китеп (Куран) түшүргөнгө (Аллахка) мактоолор болсун! Ал анда (Куранда) акыйкаттан кылча да кыйшаюуга жол бербеди.","(Тескерисинче) аны эң туура (китеп) сүрөтүндө (түшүрдү.) (Каапырларды) Өзүнүн алдындагы катуу азаптан коркутуш үчүн жана жакшы амал кылган момундарга эң мыкты сооптор (бейиш) бар экени жөнүндө куш кабар бериш үчүн.","Алар (момундар) анда түбөлүк калышат.","Жана «Аллахтын баласы бар» деген адамдарды (тозоктон кабар берип) коркутуш үчүн.","Ал (Аллах) жөнүндө алар (мушриктер) да, ата-бабалары да анык эч нерсе билишпейт. Ооздорунан чыккан (бул) сөз өтө опурталдуу! Алар жалганды гана сүйлөп жатышат.","(Оо, Мухаммад!) Эгер бул (ыйык) Сөзгө ыйман келтиришпесе, алардын артынан бушайман болуп өзүңдү өлтүрүп да алаарсың?![1]###[1] Андай кылууң эч туура эмес. Эгер сен алардын ыйманга келүүсүн ушунчалык кааласаң да, Аллах адаштырууну каалагандарды туура жолго сала албайсың. Аллах таала айткан: «Сен өзүң сүйгөн адамдарды (өз каалооң менен) туура жолго багыттай албайсың» Дагы мындай деген: «Сен болгону эскертүүчүсүң, аларга өкүмдар эмессиң. Демек, жөн гана эскертип кой».","Биз алардын кимиси жакшыраак амал кылаар экен деп сынаш үчүн жер бетиндеги нерселерди жерге зыйнат-көрк кылдык.[1]###[1] Жер бетинде адамды кызыктырган кооз, сулуу, кымбат, зыйнаттуу нерселер өтө көп. Бирок, баары убактылуу. Ушул нерселерге азгырылып кетип, аларды Акыреттеги түбөлүк нээматтарга алмаштырып жибергендер, сыноодон өтпөй калышат. Дүйнө – бул жол. Жолоочунун максаты кийинки дүйнө. Кийинки дүйнөдө аны же бейиш, же тозок күтөт. Кайсы бирине түшүп калуусу дүйнө-жолдо кандай жүрүшүнө байланыштуу. Ошентип, жер бетиндеги кооз нерселер көп, бирок, эч бири түбөлүк эмес.","Биз албетте жер бетиндеги нерселерди өлүк топуракка айлантып койобуз.","Же болбосо сен (оо, Мухаммад,) үңкүр ээлери жана жазуу Биздин моожизаларыбыздан (эң) таң калыштуусу деп ойлоорсуң?[1]###[1] Үңкүрдө үч жүз жыл уктагандар «Үңкүр ээлери» деп аталып калган. Ал эми «жазуу» болсо, ошолордун ысымдары менен окуялары жазылган нерселер.","Бир кезде (каапыр коомдон качып) баш паанек издеп (тоодогу) үңкүргө барган жигиттер: «Оо, Рабби! Бизге Өзүңдөн ырайым (коргоо) жибер! Жана ишибизди оңунан келтирип, жеңил кыла көр!» - дешти.","Кийин Биз аларды үңкүрдө бир нече жылдар бою кулактарына (мөөр) уруп (уктатып) койдук.","(Арадан үч жүз жыл өткөндөн) кийин Биз аларды, талашкан эки жамааттын кимиси канча убакыт (уктап) турганын туура эсептегенин инсаниятка билдирүү үчүн ойготтук.[1]###[1] Алар ойгонгондо эки жамаатка бөлүнүп, канча жыл уктагандары жөнүндө талашып-тартышкан болчу. Башка бир аятта Аллах таала бул жөнүндө: «Ошентип, Биз аларды бири-биринен сурап-билүүлөрү үчүн ойготтук» деген.","Биз сага (оо, Мухаммад), алардын кабарларын акыйкат менен кабар кылуудабыз: Алар Раббилерине ыйман келтирген жигиттер эле. Биз алардын ыйман жолун (жана чындыкта бекем болууларын дагы) күчөттүк.","Жана жүрөктөрүн (ыйман менен) бекем кылдык. Бир кезде алар (мамлекеттин каапыр падышасы «диниерден кайткыла!» - дегенде) алар мындай деп жооп беришти: «Биздин Раббибиз – асмандар менен жердин Раббиси! Биз Андан башканы кудай деп ибадат кылбайбыз, эгер (мындан башка сөз) айтсак, анда акыйкаттан алыстап кеткен болобуз.","Мына бул элибиз Аллахтан башка нерселерди кудай кылып алышты. (Ошого жараша) Эгер өз жолдоруна анык далил алып келишсе кана! Аллахка жалган токуган адамдардан залымыраак ким бар!» (Ушундан соң алар өз ара кеңешип, дини бөлөк бул элден чыгып кетпесек, бизге жана ыйманыбызга зыяндарын тийгизбегей эле деп, төмөнкүчө масилет курушту:)","«Силер азыр алардан жана Аллахтан башка алар сыйынган «кудайлардан» үзүлдүңөр. Эми үңкүрдөн башпаанек тапкыла. Раббиңер силер үчүн Өз ырайымынан коргоо жиберээр жана ишиңерди оңунан келтирип койоор!»[1]###[1] Ошентип, алар Аллахка тобокел кылып, азыктарын алып, Аллах бизге албетте, жардам берет деген илгери үмүт менен, шаарга жакын бир тоонун үңкүрүнө чыгып кетишти. Аллах ошол жерде аларды алыс мөөнөткө уктатты.","Сен, күндү чыкканда алардын үңкүрүнүн оң капталынан, ал эми батып баратканда сол капталынан (айланып) өткөнүн көрөсүң. Алардын өздөрү болсо, үңкүрдүн кенен жеринде. Бул – Аллахтын моожизаларынан. Аллах кимди туура жолго баштаса ал туура жолдо. Жана кимди адаштырса, сен ага туура жол көргөзүүчү жолбашчы таба албайсың.","(О, аларга караган адам!) Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң. Чынында, алар уйкуда. Жана Биз аларды оң-сол жамбаштарына оодарып турабыз.[1] Алардын ити болсо, (тирүү сыяктуу) бутун астана тарапка сунган бойдон жатат. Эгер аларга карасаң, жүрөгүң кооптонуп, артыңа качасын.###[1] Бул дагы Аллахтын даанышман моожизасы. Аткени, эч кыймылсыз жерге жабышып турган нерсени жер акырындык менен «жеп коёт».","Ошентип, (арадан үч жүз жыл өткөндө) Биз аларды өз-ара бири-биринен сурамжылаш үчүн ойготтук. Алардын бирөөсү: «Канча убакыт (уйкуда) болдуңар?» - деди эле, (башка бирөөлөрү): «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчө» дешти. (Ошентип, талашып, эки тарап тең өздөрүнүн пикирин анык далилдей албай, акырында мындайча) сүйлөшүштү: «Канча (уйкуда) болгонуңарды (бир гана) Раббиңер билет. Эми, бирөөңөрдү мына бул акчаңар менен шаарга жибергиле. Ал эң асыл-чүйгүн тамактарды карап (тандап) ырыскы алып келсин. Жана ал өтө кылдат болсун. Дагы силерди бирөөгө сездирип койбосун.","Эгер алар (шаар эли) силерди билип калчу болсо, ташбараңга алат же өздөрүнүн (көп кудайлык) динине кайра киргизет. Анда эч качан кутулбай каласыңар».[1]###[1] Бул аяттардан төмөндөгүчө сабактарды алууга болот. А) Анык билбеген нерселердин илимин Аллахка калтыруу. Анткени, эки жамаат өз пикирлерине далил келтире албаган соң, талашты токтотуп «Аллах билет» дешти. Б) Соода-сатык үчүн өкүл кылуу жана шериктештиктин мүмкүндүгү. Анткени, алар акча жыйнап, бирөөнү бардыгынын атынан өкүл кылды. В) Ысырап кылбай, асыл-чүйгүн, кымбат тамак-аш жегенге уруксат. Тафсирчи аалымдар алардын ушул табитине байкоо салып, «Мүмкүн алар чүйгүн тамак-аш жеп көнгөн ханзаадалар, аксөөктөрдүн балдарыдыр» дешет. Г) Дин-ыйманга кооп туулганда аны сактоо үчүн бузук коомду таштап чыгып кетүү. Себеби, алар чыгып кетпесе, же ташбараң болмок, же кайра бузук динди кабыл алышмак.","Ошентип, Аллахтын убадасы Акыйкат экенин жана Кыямат(тагы кайра тирилүү) болушунда шек жок экенин адамдар билсин деп (алардын сырын элге) билгиздик.[1] (Кийин, алар дүйнөдөн кайтыш болуп кеткенде,) ошондо, адамдар алардын маселесин өз-ара талаш-тартышка айлантышып, (кээ бирөөлөрү): «Алардын үстүнө күмбөз кургула! Раббилери аларды(н улук адам экенин) билет” - (дешсе) алардын чоңдору: «Булардын (мүрзөсүнүн) үстүнө мечит курабыз» - дешти.[2]###[1] Масилет-кеңеш бүткөндө бирөөсү шаарга түшүп, үч жүз жыл илгерки акча менен соода кылууну каалаганда, алардын сыры ачылып, башынан өткөндөрүн элге айтып беришет. Ошол заманда адамдар эки түрдүү пикирге бөлүнүп, бир бөлүгү кыяматка, кайра тирилүүгө ишенсе, бир бөлүгү ишенбей, эки жамаат тең бири-бирин ишендире албай турган. Үңкүр ээлеринин сыры ачылып, алардын үч жүз жыл илгери жашаган кишилер экени далилденген соң көп адамдар «үч жүз жыл «өлтүрүп» кайра ойготуп алган Аллах, Кыяматта да өлүм уйкусу менен «уктагандарды» кайра тирилтип алары шексиз» дешип, Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтиришти. Эл арасында үңкүр ээлери атактуу, урматтуу кишилерге айланды.\t[2] Улук адамдарды элдер мына ушинтип отуруп, кантип «кудай» кылып алгандарын билбей калышат. Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам мүрзөнүн үстүнө күмбөз салууга жана мүрзөканаларды мечит кылып алууга тыюу салган.","(Алардан бир жамаат): «Үчөө болгон, төртүнчүсү - ити» десе, башкалары: «бешөө болгон, алтынчысы - ити» деп кайыпка таш атышат. (Дагы бир топтору): «Жетөө болгон, сегизинчиси - ити» дешет. Айткын, (Оо, Мухаммад): «Алардын санагын Раббим эң жакшы билет жана аларды(н санын) аз гана кишилер билет». Сен алар(дын саны) жөнүндө талашпа, эгер талашчу болсоң, анык далилдер (вахий) менен гана талаш. Жана алар жөнүндө алардын (яхудилердин) эч биринен сураба.[1]###[1] Үңкүр ээлеринин санын билүүнүн не диний, не дүйнөлүк зарылчылыгы жок. Ибарат-сабак алардын санында эмес, баштарынан өткөргөн окуяда. Ошентсе да, Ислам аалымдары «Жетөө болгон, сегизинчиси – ити болгон» деген пикирге кошулушат. Анткени, жогорку аятта «үчөө», «бешөө» дегендерди Аллах таала Өзү гана билген кайып илимине таш аткандар деп жемелеп, «жетөө» дегендер жөнүндө унчуккан жок.","Эч качан бир нерсени «муну эртең жасаймын» дебегин.","«Аллах кааласа» дегин жана унутуп калганыңда Раббиңди эстегин. Жана айткын: «Раббим мени мындан да туура жолго баштаса ажеп эмес!»","Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл турушту жана тогузду кошушту. (Демек, бардыгы болуп үч жүз тогуз жыл укташкан).","Айткын: «Канча турганын Аллах эң жакшы билет. (Себеби) асмандар менен жердеги кайып илимдери Анын Өзүнүкү. Ал – эң мыкты Көрүүчү жана эң мыкты Угуучу! Алар (үңкүр ээлери) үчүн Аллахтан башка дос-башчы болбоду жана Ал Өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт.","Жана сен өзүңө вахий кылынган Раббиңдин китебин оку(п, ошону гана ээрчигин!) Анын сөздөрүн эч ким өзгөртө албайт! Сен Андан башкага арызданып бара албайсың!","Сен эртели-кеч Раббисине Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап, дуба кылып жаткан адамдар менен бирге өзүңдү сабырдуу карма! Эки көзүң аларды көрбөй калып, дүйнө жашоосунун зыйнаттарына берилбе! Жана Биз жүрөгүн Өзүбүздү эскерүүдөн бейкапар кылып койгон жана өз каалоосуна гана ээрчиген адамга моюн сунба! Анын бардык иш(тер)и текке кетүүчү!","Айт: «(Мен алып келген Дин) Раббиңер тарабынан келген Акыйкат. Эми, ким кааласа – момун болсун, ким кааласа – каапыр болсун! Биз залымдарга жалын-дубалдары аларды курчап ала турган тозокту даярдап койдук! Эгер суусап, суу сурашса, эриген коргошун сыяктуу, (табы) жүздөрдү куйкалап жиберчү суу ичирилет! Кандай жаман «суусундук», кандай жаман орун!","Ал эми, ыйман келтирип салих амалдарды аткарган момундардын – жакшы амал кылгандардын сообун текке кетирбейбиз.","Аларга түбүнөн дарыялар аккан түбөлүк бейиштер бар. Ал жерде алтын билериктер менен жасанышат жана жибек кымкаптан жашыл кийимдерди кийишип, сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат. (Бул) не деген улук сооп жана эң мыкты орун!","(Оо, Мухаммад), аларга (бири Аллахтын нээматына шүгүр кылуучу, экинчиси каапыр болгон) эки кишинин мисалын айтып бер: «Биз экөөсүнүн бирине (каапырына) тегереги курмалар менен курчалган эки жүзүмзар бак бергенбиз. Эки багынын ортосуна эгин-тигиндерди өстүргөнбүз.","Эки бак тең кемчилдиксиз (толук) мөмө берип, ортосунан Биз дарыя агызып койдук.","Ал үчүн (жыл сайын) мол түшүм (байлык) болуп турган. Анан, берки шеригине – аны менен сүйлөшүп олтуруп – айтты: «Менин мал-дүйнөм жана сан-санагым (балдарым, кулдарым жана жардамчыларым) сеникинен көп жана кубаттуу».","Жана өзүнө залым (каапыр) болгон абалда (кооз-көркөм) багына кирип: «Бул (байлыгым) менден эч качан жоголбойт го…","Кыямат деле болбосо керек. Эгер (болуп калып) мен Раббиме кайтарылган күндө да, азыркыдан жакшыраак келечек тапсам керек деп ойлоймун» - дечү.","Берки шериги сүйлөшүп олтуруп ага мындай деди: «Сени (оболу) топурактан жаратып, кийин (ушундай көркөм) адам келбетине киргизген Раббиңе каапыр болдуңбу?","Бирок, мен «Раббим – Аллах» (деймин) жана Раббиме эч нерсени шерик кылбаймын.","Эгер сен багыңа киргенде: «Аллахтын каалаганы (болот). Аллахтан башка күч-кубат жок» десең (жакшы болмок). Эгер сен мени мал-дүйнө, бала-чака жаатынан өзүңдөн аз деп кемсинтсең,","Раббим мага сенин багыңдан жакшыраак бак насип кылып, сенин багыңа асмандан (добул, жамгыр сыяктуу) апаат-балээ жиберип койгусу бардыр. Анда (мактанган) багың ойрону чыккан ээн талаага айланып калат!","Же болбосо, суусу тартылып, (багың куурап) суу таппай да калаарсың».","(Чын эле) анын байлыгы (багы асмандан түшкөн от балээсинин) арасында калды. Өзү, багына сарптаган нерселерине (бушайман болуп) алакандарын оодарып кала берди. Бак болсо, дарактардын (дөңкөйгөн) денелери сороюп, сып-сыйда болуп калды! Жана ал: «Эх, кана эми Раббиме эч нерсени шерик кылбаган болсом!» - деди.","Жана ага жардам бергидей, Аллахтан башка топ-жамааты да болбой, өзүнө-өзү да жардам бере албай калды.","Анда(й шартта) чыныгы достук, жакындык (ишенип-жөлөнүү) Аллахка (гана болушу зарыл) Анын сооп-сыйлыгы да, акыбет-натыйжасы да эң мыкты!","(Оо, Мухаммад,) аларга дүйнө жашоосунун мисалын Биз асмандан түшүргөн сууга окшоштур: Ал суу менен жер өсүмдүктөрү ширелишип, (жер бети гүл болуп) калды. (Арадан эч канча убакыт өтпөй эле, баары кургап) шамал учурган, куурап сынган шыпырындыга айланды. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!","Мал-дүйнө, бала-чака (булар өткөөл) дүйнөнүн зыйнаттары. Ал эми, Раббиңдин назарында, түбөлүк калчу сооп иштер, сыйлык жаатынан да, арзуу жаатынан да жакшыраак.","Биз тоолорду (тытылган жүн сыяктуу) учурган Күндө (Кыяматта) жерди жайдак-жалаң абалда көрөсүң. Анан Биз аларды (адамдарды) чогултабыз! Эч бирин калтырбайбыз![1]###[1] Абалкы замандагыларын, кийинки замандагыларын… сууга чөккөн, отко күйгөн, жадагалса, жырткычтарга жем болуп кеткендеринен өйдө тирилтип, чогултуп алабыз. Сурак үчүн.","Алар сап-сап болуп Раббиңе жолуктурулат: «Мына Өзүмө келдиңер го биринчи ирет жаратканым сыяктуу![1] (Көпчүлүгүңөр) Бизди (бул) убада кылынган жолугушууну болтура албайт деп ойлогонсуңар!» (дейт, ошондо Аллах).###[1] Адамдар ал жерге биринчи ирет жаралганы сыяктуу эч нерсеси (кийимдери) жок жана сүннөткө отургузулбаган абалда чогултулат. (Тафсийру Жалалайн)","Анан китеп (амал дептерлери) таратылат. Сен анан, кылмышкерлерди, андагы (жазылган) иштеринен кооптонуп: «Эх, өлдүк! Бул эмне деген китеп?! Чоң-майда күнөөлөрүбүздүн бирин да калтырбай тизмектеп коюптур!» дешет жана жасаган жоруктарын (ошол китептин ичинде) даяр абалда табышат. Сенин Раббиң эч кимге зулумдук кылбайт.[1]###[1] Ал китепте, эмне иш жасаган болсо, ошол гана бар. Эч кимге кошуп жазылган эмес. Анткени, Улук Рабби залым эмес.","(О, Мухаммад!) эстегин, Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бир Иблистен башка бардыгы сажда кылышты. Ал жиндер тайпасынан эле. Раббисинин буйругуна каршы чыкты. Эми, силер Мени таштап, ошол Иблис менен анын укум-тукумдарын өзүңөргө дос-башчы кылып жатасыңарбы?! Алар силердин душманыңар го! Залымдардын (Дос-Раббини душман-шайтанга) алмаштырганы кандай жаман![1]###[1] Башка бир аятта Аллах таала айткан: «Аллах ыймандуу адамдардын досу. Аларды караңгылыктардан Нурга чыгарат. Каапырлардын досу – Таагут. Ал аларды Нурдан караңгылыктарга чыгарат». «Таагут» деп адамдарды Аллахтын ибадатынан азгырган нерселерге же болбосо, адамдар сыйынган Аллахтан башка жалган кудайларга айтылат. Таагуттун эң чоңу – шайтан.","Мен асмандар менен жерди жаратканда да, алардын өзүн жараткан кезде да эч кимисин күбө (шерик) кылган эмесмин! Мен азгыруучуларды жардамчы кылган эмесмин!»","Ошол (Кыямат) Күнү (Аллах) айтат: «(Өзүңөр кудай деп) ойлогон Менин «шериктериме» жалбаргылачы?!» Жалбарышат, бирок алар жооп беришпейт.[1] Биз алардын арасына өлүм чуңкурун салып койгонбуз!###[1] Кайра өзүнө сыйынган адамдардан жүз үйрүп: «Мен сага: «Кудай болуп беремин, мага сыйын» деген эмесмин, эй, акмак!» - дешет. Ошентип, бири-бирин айыптап, жек көрүп калышат. Анан алардын арасы алыстатылат.","Күнөөкөр адамдар тозокту көргөндө, өздөрүнүн ага ташталаарын билишет. Жана өздөрүн андан буруп (кутултуп) кетүүчүнү таппай калышат.","Биз бул Куранда адамдарга (эсине келип, жолун таап алсын деп) ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Инсан көп нерселер жөнүндө талаша берет.","Өздөрүнө Хидаят (Ислам чындыгы) келгенден кийин, адамдарды ыйманга келүүдөн, жана Раббисине тообо кылуудан тоскон нерсе – аларга абалкылардын жолунун (кайталанып) келиши(н) же утурлап азап келиши(н талап кылгандары) гана болду.[1]###[1] Мушрик адамдарды ыймандан тоскон нерсе жүрөктөрүндөгү жек көрүү сезимдери. Аларга пайгамбарыбыз жетиштүү далилдерди айтканда алар: “Сөзүң чын болсо Раббиңе айт, бизге азап жиберсин” деп талап кылышкан. Мына ушул өжөрлүктөрү аларды ыйманга келүүдөн тоскон эң негизги нерсе болду. (Тафсийрул Муяссар)","Биз бардык пайгамбарларды (бейиштен) куш кабар, (тозоктон) сестентүүчү кабар берүүлөрү үчүн жиберебиз. Каапыр адамдар (өз) жалган(дары) менен Акыйкатты жеңип алабыз деп талашышат. Менин аяттарымды жана коркутулган нерселерди (тозок кабарларын) азил-тамаша кылып алышат.","Раббисинин аяттары эскертилгенде андан жүз буруп, жасаган күнөөлөрүн унуткандардан көбүрөөк залым (каапыр) болгон бирөө барбы?! Биз алардын жүрөктөрүнө – Куранды түшүнбөй калсын деп – чүмбөт жаап койдук, кулактарында дүлөйлүк бар! Эми аларды туура жолго ар канча чакырсаң да, эч качан оңолушпайт!","Сенин Раббиң – Ырайымдуу, Кечирүүчү. Эгер күнөөлөрүнө жараша жазаласа, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн убада кылынган Күн (Кыямат) бар. Ал күнү алар Аллахтан башка Куткаруучуну таппай калышат.","Биз мына бул шаарларды(н элдерин) чектен чыгып каапыр болуп кеткенде (берилген мөөнөт – ырайымды билбей ашынып кеткенде) кыйратканбыз жана кыйроолоруна убакыт белгилегенбиз.[1]###[1] Кийинки аяттан баштап Аллах таала пайгамбары Муса менен илимдүү, салих пенде Кызырдын икаясына өтөт. Муса алейхис-саламга Аллах таала палан жерде сенден илимдүүрөөк адам бар деп кабар бергенде, ошол адамды көрүүгө (демек илимге) шашылып, кызматкер-жардамчысы Юуша бин Нун деген баланы шаштырып турган жеринен икая башталат.","Бир кезде Муса (кызматчы) баласына: «(Белгиленген) эки деңиздин кошулуш жерине жеткенге чейин же болбосо алыс жол басканга (чарчаганга) чейин жүрүүдөн токтобоймун» деди.[1]###[1] Себеби, Аллах таала ага, жанагы аалым менен эки деңиз кошулган жерде жолугаарын, ал жерге жеткендин белгиси, жолго камдап алган гүлазыгы – чоң балыктын жоголуп кетерин билдирген эле.","Экөө эки деңиздин кошулган жерине жеткенде, балыктарын унутуп (жоготуп) коюшту. Балык болсо, деңизге бет алып, (себеттен) чыгып кеткен.[1]###[1] Кызматчы бала балык салынган себетти деңиз жээгине койгондо, ага ным жетип, Аллахтын Кудурети менен тирилип, себеттен суурулуп чыгып, деңизге бой урган. Муну бала билбей калган.","(Белгиленген жерден) өтүп кеткенде Муса (кызматчы) жигитине: «Биздин тамакты алып келчи бери, бул сапарыбыздан абдан чарчадык го!» - деди.","(Анда жигит): «Билесизби, аска таштын жанында баш калкалап турганыбызда, мен балыкты унутуп калган экенмин. Муну (сизге айтууну) шайтан гана унуттурду! Ал (тирилип) деңизге жолун таап кеткен! (Бул) ажайып!» - деди.","«Биз каалаган нерсе – ушул» - деди Муса жана экөө изме-из артка кайтышты.","(Белгиленген жерде) Биздин пенделерибизден бир пендени табышты. Биз ага Өзүбүз тараптан (өзгөчө) ырайым берген жана алдыбыздагы (кайып) илимден ага (керегинче) үйрөткөн элек.[1]###[1] Кээ бир тафсирчи аалымдар, ысымы Кызыр болгон бул аалым кишини пайгамбар дешет. Бул – туура эмес. Ал болгону, Муса пайгамбарга замандаш жана Аллахтын өзгөчө ырайымына татыган, салих-жакшы адамдардын бири болгон. (Садий).","Ага Муса айтты: «Өзүңүзгө (Аллах тарабынан) үйрөтүлгөн илимден түз-туура нерселерди мага да таалим беришиңиз үчүн сизге ээрчип жүрсөм болобу?»","Ал айтты: «Сен мени менен жүрүүгө сабыр кыла албайсың.[1]###[1] Анткени, мен сен билбеген нерселерди билемин. Сага сыртынан жакшы көрүнгөн нерсеге мен жаман мамиле кылганда, же сыртынан жаман көрүнгөн нерсеге мен жакшы мамиле кылганда сен ал иштин ички сырын билбегениң себептүү кармана албай каласың.","Өзүң толук кабардар болбогон нерсеге кантип сабыр кылмак элең?","(Муса) айтты: «Аллах кааласа, менин сабыр кылганымды көрөсүз. Мен сиздин эч бир ишиңизге каршы чыкпаймын».","«Эгер мени ээрчисең, качан өзүм сага түшүнүк бермейинче, менден эч нерсе сурабайсың» - деди ал.","Ошентип, экөө жөнөп кетишти. Качан кемеге чыгышканда, ал (Кызыр) кемени тешип койду эле, (Муса убаданы унутуп): «Эмне сиз кемени, элдерин чөктүрүп жиберейин деп тештиңизби?! Сиз жаман иш жасадыңыз!» - деди.","«Мени менен (жүрүүгө) сабыр кыла албайсың дебедим беле?» - деди (Кызыр).","(Анда Муса): «Унутканым себептүү мени күнөөлөбөңүз. Ишимден мага оор болгонун жүктөбөңүз» - деди.","Дагы жол жүрүштү. Качан бир наристе баланы жолуктурушканда (Кызыр) аны өлтүрүп койду. «Сиз бейкүнөө жанды жан(га-жан мыйзамы)сыз эле, өлтүрүп койдуңуз! Сиз жаман иш кылдыңыз!» - деди (чыдай албаган Муса)."]