["(Кызыр кайрадан): «Мени менен бирге жүрүүгө сабырың жетпейт деп», — мен сага айтпадым беле деди.","(Муса) айтты: «Мындан кийин эмне жөнүндө сурасам да мени шерик кылбайсыз. Мени жетиштүү эле кечирдиңиз (деп ойлоймун)».","Дагы жолун улантышты. Бир шаар элине жеткиче басышты. Алардан тамак-аш сурашты эле, экөөсүн конок кылуудан баш тартышты. Анан ошол жерден урап калган бир дубалды тапканда (Кызыр) аны (кайра) тикелеп койду. (Муса болсо, өздөрүнө урмат-сый көргөзбөгөн элдин шаарындагы эски дубалды оңдоп, жакшылык кылган Кызырга түшүнбөй): «Эгер кааласаңыз бул ишиңизге (эмгек) акы алсаңыз болмок» деди.","(Кызыр) айтты: «Бул сен экөөбүздүн ортобуздагы ажырашуу! Эми, сага сен сабыр кыла албаган нерселерден кабарын берейин:","Кеме (тууралуу айтсам), ал деңизде тиричилик кылган мискин-кедейлердики болчу. Мен аны тешип коюуну чечтим. Себеби алардын кайткан жолунда бардык кемелерди басып алуучу (каракчы) падыша бар эле.","Жана(гы) наристе жөнүндө айтсак, анын ата-энеси ыймандуу пенделер эле. Биз (ал бала чоңойгондо каапыр болуп) ата-энесине (адам чыдагыс) каршылык жана каапырлык көргөзүүсүнөн корктук.","Анан Раббилери ал экөөсүнө тазараак, ырайымдуураак (перзентти) алмаштырып беришин кааладык.","Ал эми дубал шаардагы эки жетим баланыкы болуп, түбүндө экөөнө арналган (мурас) казына бар эле. Алардын атасы жакшы адам болгон. Анан Раббиң эки (жетим) бой жетип, өз казыналарын өздөрү чыгарып алуусун каалады. (Бул кайып илимдери) Раббиң тарабынан болгон Ырайым. Мен буларды өзүмчө аткарганым жок. Сен чыдап, сабыр кыла албаган окуялардын жандырмагы мына ушундай».[1]###[1] Бул икаяда көп пайдалуу таалимдер бар. Кээ бирөөлөрүн санап өтөбүз: 1) Илимдин пазилети. Муса илим үйрөнүү үчүн өз элинен сапарга чыкты. 2) Илимдин зарылдыгы. Бирөөгө бир нерсени үйрөтүүдөн мурда өзү ошол нерсени жакшы билиши керек. 3) Өз кызматчысы менен тамактануу– пайгамбардын сүннөтү. 4) Кызыр пайгамбар эмес. Эгер пайгамбар болсо анык айтылат болчу. 5) Мугалимге урмат. Эгер мугалим өзүнөн төмөн даражадагы адам болсо да, аны жогору баалоо керек. Муса пайгамбар болуп туруп, пайгамбар эмес Кызырды илими үчүн сыйлады. 6) Сабырсыздык - илимсиздиктен. «Өзүң толук кабардар болбогон нерсеге кантип сабыр кылмак элең» - дейт Кызыр. 7) Өкүм чыгарууга шашылбоо. 8) Ниет башка, иш башка. Муса Кызырга «Аллах кааласа, сабыр кылганымды көрөсүз» - деди эле, иш жүзүндө сабыр кыла албай калды. 9) Унутканга күнөө жок. Мусанын биринчи жолку каяшасын унуткандан улам жасаганын Кызыр кабыл алды. 10) Чоң күнөөнү жок кылуу үчүн кичинекей күнөөнү жасоого аргасыз болуу. Мисал үчүн Кызырдын иштери. 11) Бирөөнүн малын же жанын сактоо үчүн анын буюмун сурабай колдонсо күнөө жок: Кызыр кеме ээлеринин жанын сактоо үчүн өздөрүнөн сурабай эле кемени тешип койду. 12) Кеме сыяктуу мүлкү бар болсо да, эгер тартыш жашаса «мискин-кедей» деп атала берет. «Кеме (жөнүндө айтсам,) ал деңизде тиричилик кылган мискин-кедейлердики болчу» дейт Кызыр.","(Оо, Мухаммад! Яхудилер жана мушриктер) Сенден Зулкарнайн[1] жөнүндө сурашат. Айткын: «Азыр мен силерге ал жөнүндөгү (Аллах мага вахий кылган) кабарды окуп беремин:###[1] Кээ бирөөлөр бул кишини Александр Македонский менен алмаштырып алышат. Александр Македонский арабча тарыхий булактарда Искандар Макдуний деген ат менен белгилүү.","Чындыгында Биз ага жер бетинде улуу салтанат – бийлик жана ар бир нерсенин себептерин, мүмкүнчүлүктөрүн бердик.","Анан ал (аскери менен) бир себеп артынан түшүп, жол тартты.","Күн батыш тарапка жеткенде, күндүн кара баткактуу булак артына батып баратканын көрдү. Ал баткактын жанында бир элге жолукту. Биз: «Оо, Зулкарнайн, сен бул элди же азаптайсың же аларга жакшы мамиле жасайсың», – дедик.[1]###[1] Зулкарнайн ыймандуу падыша болгон. Анын жортуулдары деле баскын жасоо максатын көздөбөй, элдерди ар кандай зулумдардан куткаруу жана залымдарды жазалоо үчүн болгон. Бул аяттан Аллах Зулкарнайнды өз ишинде ыктыярдуу кылганы белгиленүүдө.","«Залимдерин дароо эле жазалайбыз, кийин Раббилерине кайтарылганда Өзү оор азап менен жазалайт» - деди.","Ал эми, ыйман келтирип, салих-жакшы иш жасаган адамга болсо, жакшы сыйлык (бейиш) бар. Биз дагы ага өз амирибизден жакшы сөздөрдү айтабыз».","Кийин (Чыгышка кайтып келип, Аллах көргөзгөн) себептерди ээрчиди.","Ушул бойдон Күн чыгышка жетти да, бир элдин үстүнөн күн нурун чачып турганын көрдү. Биз бул элге Күндөн бөлөк «чүмбөт» кылган эмес элек.[1]###[1] Бул эл, үстүнө үй салууну да, кийим кийүүнү да билбеген, күндөн башка жамынчысы болбогон, илим-маданияттан өтө артта калган, жапайы эл экен.","Ошондой эле Биз аны (Зулкарнайнды) алдындагы бардык өнөр-билими менен кошуп ороп алганбыз.[1]###[1] Зулкарнайн илимден эң алыс жерде болгону менен Аллах тааланын илими аны жана ал жасаган бардык иштерди ороп, камтып турат.","Кийин дагы бир себептин артынан түштү.","Качан тээ (алыстагы) эки тоонун ортосуна жеткенде, ал эки тоонун алдында таптакыр сөз түшүнбөгөн элге жолукту.","Алар айтышты: «Оо, Зулкарнайн! (Мына бул тоонун ары жагындагы) Яжуж-Мажуж (эли) жер бетинде бузукулук (зулумдук) кылууда. (Эмне дейсиң,) биз менен алардын ортосуна (бекем бир) тосмо-дубал жасап берүүң үчүн сага акы чогултуп берсек болобу?».","(Зулкарнайн) айтты: «Раббим мага берген нерсе (бийлик, илим, өнөр силер берген нерседен) жакшыраак. Андан көрө мага күч-кубат жагынан жардам кылгыла, силер менен алардын арасына тосмо куруп берейин.","(Оболу) эки тоо менен барабар болгонго чейин темир сыныктарын алып келгиле» (Зулкарнайн эки бийик тоонун арасына тосмо жасоо үчүн оболу алардын арасын темир сыныктары менен толтуртту. Бул иш бүткөндө, улуу от жактырып…) «(Үйлөгүч аспап менен) үйлөгүлө» - деди. Качан ал (темир тосмо кып-кызыл) от болуп калганда айтты: «Эритилген мис алып келгиле, үстүнө куямын».","Анан «Эми, алар бул тосмонун үстүнө чыга да албайт, аны теше да алышпайт» - деди.","(Бардык ишин бүтүргөндө): «Бул Раббимдин ырайымы. Эми, качан Раббимдин (Яжуж-Мажуж чыгат деген) убадасы келген күнү Өзү аны тегиздеп коёт (жана Яжуж-Мажужга жол ачат). Раббимдин убадасы – бул акыйкат» - деди.","Биз ошол (Яжуж-Мажуж чыккан) күнү аларды бири-бирине айкаш-уйкаш кылып таштайбыз жана «Сур» (кернейи) тартылганда баарын (Өзүбүзгө) чогултабыз.[1]###[1] Убактысы келип, Зулкарнайндын тосмосу ураганда Яжуж-Маьжуж бири-бирин тебелеп, ааламды каптайт. Бул аят дагы бир түшүндүрмөдө төмөндөгүчө чечмеленет: «Биз ошол (Кыямат) күнү ал(адамд)арды (коркунучтун күчтүүлүгүнөн) бири-бирине айкаш-уйкаш кылып таштайбыз жана «Сур» (кернейи) тартылганда баарын (Өзүбүзгө) чогултабыз».","Ошол күнү каапырларга тозокту анык жолуктурабыз.","(Бул дүйнөдө) алардын көздөрү Менин эскермелеримден пардаланган жана (аны) угууга да алы келбейт.","Каапыр болгон адамдар Менден башка Өзүмдүн пенделеримди дос («кудай») тутунуп алууну (каалашабы жана «ошолор мени сактайт» деп) ойлошобу?! Биз каапырлар үчүн тозокту «конок үйү» кылып даярдап койдук.","Айт (оо, Мухаммад): «Иштеринде зыян тарткандар жөнүндө силерге кабар берейинби?","Алар бул дүйнө жашоосунда аракет-жолдору адашкан бирок, «өздөрүн эң мыкты иш жасап жатабыз» деп ойлогон адамдар.","Алар Раббилеринин аяттарына жана Ага (кыяматта) жолугууга ишенишпейт. (Бардык жакшы) амалдары күйүп кетти! Эми, кыямат күнү алар үчүн (кыпындай да) салмак (кадыр-барк) койбойбуз!","Менин аяттарымды жана пайгамбарларымды шылдыңдап, каапыр болгондору себептүү ушул тозок алардын жазасы!","Ыйман келтирип, салих-жакшы амал кылгандардын түшчү жери – Фирдаус бейиштери!","Ал жерде түбөлүк калышат жана андан (башка жакка) көчүүнү каалашпайт.","Айт, (оо, Мухаммад): «Эгер Раббимдин Сөздөрү(н жазуу) үчүн деңиз сыя болсо жана эгер дагы ошол деңизче сыяны (кошумча) алып келсек да, Раббимдин сөздөрү түгөнөөрдөн мурун сыя түгөнүп калат”.[1]###[1] Дал ушул аятты кубаттаган дагы бир аятта Аллах таала айтат: «Эгер жер бетиндеги бардык дарактар калем болуп, деңиз жана анын артынан жети деңиз болсо да Аллахтын Сөздөрү түгөнмөк эмес! Чынында Аллах – Кудуреттү, Даанышман!»","Айткын: «Мен силер сыяктуу эле кишимин. (Болгон айырмачылыгыбыз) мага (Раббимден мындай деген) аян-кабар жиберилет: «Силердин кудайыңар – Жалгыз Кудай. Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч кандай шерик кошпосун!»[1]###[1] Мусулман пенде ибадат кылганда рия (эл көрсүн) жана сумьа (эл уксун) үчүн жасаса кичинекей ширк болот. Рия жана сумьа аралашпаган, Аллахтын гана ыразылыгын көздөп жасалган ибадаттарга «ыклас менен жасалган ибадат» деп аталат. Дал ушундай ибадаттар гана өз ээсин Акыретте бактылуу кылат.","Каф, Хаа, Яаа, Айн, Саад.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(Бул – ) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген ырайымынын кабары.","Эстегин, ал Раббисине жашыруун түрдө жалбарып,","(мындай) деди: «Оо, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм алсырап, карылыктан чачымды ак баса баштады! Оо, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин!","Мен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым төрөбөс болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи?![1]###[1] Себеби, анын коомунда анын ишин (жалгыз Аллахка чакыруу милдетин) аркалоого ылайыктуу адам калбай калган. Закария өз жакындарын жана элин түз жолдон адашып кетпесе экен деп, кооптонуп, бир перзентим болсо, ишимди улантып кетээр эле деп үмүт кылууда.","Ал мага жана Якубдун (ыймандуу) урпактарына мураскор болсун! Оо, Раббим, Аны Өзүңдүн ыраазычылыгыңдын кызматкерлеринен кылгай элең?!»","«Оо, Закария! Биз сени Яхьа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага (эч кимди) адаш кылган эмеспиз».[1]###[1] Мындан илгери бул ысым менен эч бир адам баласы аталган эмес. «Адаш» «атташ», «аты окшош» деген мааниде.","«Оо, Раббим!» деди (Закария) мага кайдагы перзент?! Аялым төрөбөс болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом?!»[1]###[1] Закария перзентсиздиктен кысылган жүрөгүн Раббисине бошотуп, перзентим болсо жакшы болмок деп арзуу кылган. Бирок, мындай болуп кетишин күтпөгөн. Эми, Аллах дубасын кабыл алганын билип, шашып, таңыркап калган учуру.","«Ошондой» – деди (Аллах) – Раббиң айтат: «Бул Мага жеңил. Өзүңдү деле мындан мурун Мен жаратканмын. (Анда) сен дагы эч нерсе эмес (жок) элең».","«Оо, Раббим! Анда мага (көңүлүмдүн бейпилдиги үчүн) бир белги көргөзчү?!» - деди (Закария). «Сага белги: соп-соо туруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласың» - деди (Аллах).[1]###[1] Бул Закарияга Аллахтан моожиза болду. Ал сүйлөй албаганы менен ибадат сөздөрүн эч кыйналбай сүйлөп жатты. Ибадаткананын михраб (төркү) бөлүгүнө кирип алып, зикир, ибадат менен алек болду. Яхьянын дүйнөгө келиши анын жалгыз өзүнө эмес, диний жетекчиге муктаж болгон элге да кубанычтуу кабар эле.","Ал (ибадатканадагы) михрабдан[1] элине чыкты жана «түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла» деп, (ымдап) ишаарат кылды. (Ошентип, арадан белгилүү убакыт өтүп Яхья туулду, ал атасынан жакшы тарбия көрдү. Эми акылы толо баштаганда ага Аллах таала айтты:)###[1] Михраб – ибадатканалардын кыбыла тарабындагы диний жетекчинин орду.","«Оо, Яхья! (Ыйык) Китепти(н өкүмүн) бекем карма!» Биз ага өкүм-шариятты наристелигинде эле берген элек.","Жана Биз ага Өзүбүздөн мээримдүүлүк, тазалык касиеттерин тартууладык. Ал - такыба болгон эле.","Ата-энесине кайрымдуу болду. Текеберленген (таш жүрөк) жана (Раббисине) каршы чыгуучу болбоду.","Ага туулган күнүндө, өлгөн күнүндө жана кайра тирилген күнүндө (Аллахтын) салам(ы) болсун!","(Оо, Мухаммад,) сен Китепте (Куранда) Мариямды(н окуясын) эсте: Бир кезде ал өз үй-бүлөсүнөн чыгыш тараптагы (бир) жерге бөлүнүп чыгып,","алардан чүмбөттөнүп алды.[1] Анан Биз ага Өз Рухубузду (Жебирейил периштени) жибердик. Ал Мариямга кадимки инсан кейпинде көрүндү.###[1] Эч кимге көрүнбөгөн жерге барып, Аллахка сыйынып, таат-ибадат менен алек болду.","(Анда, Мариям) айтты: «Мени сенден Чексиз ырайымдуу (Аллах) сактасын! Эгер Аллахтан коркуучу болсоң, (мага жолобогун)!».","«(Коркпо). Мен Раббиңдин элчиси(периште)мин. Сага аруу перзент бериш үчүн (жиберилдим)», – деди ал.","(Мариям) айтты: «Мага эч бир (эркек) адам кол тийгизбеген (кыз бала) жана сойку эмес болсом, менде кайдан бала болсун?!».","(Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бул иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Мариямдын көйнөгүнүн жакасына үйлөдү. Ушундан улам…)","Ал (Исага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды.","Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) курма дарагынын өзөгүнө алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкачылыктан, суусагандан жана да эң коркунучтуусу адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп:) «Кана эми, ушуга чейин эле өлүп, таптакыр унутулуп калган болсом!» – деди.","Ошондо, андан ылдыйраак жерден (үн катты): «Кайгырба, Раббиң астыңдан суу (дарыя) агызып койду.","Жана өзүңө курма өзөгүн силксең сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт.","Эми, (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң менен) кубан! Ал эми, адамдардан бирөөнү көрсөң (ишаарат менен): «Мен Чексиз Ырайымдуу (Аллах) үчүн сүкүт чалууну назир кылып койдум эле. Бүгүн эч бир адамга сүйлөбөймүн» – дегин.[1]###[1] Ошол кезде адамдар аткарчу ибадаттын бир түрү - «Мен Аллах үчүн баланча күн сүкүт чаламын (эч ким менен сүйлөшпөймүн» деп назир (Аллах үчүн ниет) кылышкан.","(Мариям) баласын көтөрүп элине келгенде, (ар жактан ажылдашып мындай) дешти: «Оо, Мариям! Сен болбогон уят иш жасаптырсың!","Оо, Харундун карындашы! Сенин атаң бузуку, апаң сойку эмес эле го?!».","Мариям («наристемден сурагыла» дегендей), ага ишарат кылды. «Бешиктеги ымыркай менен кантип сүйлөшөбүз?!» – дешти. (Ошондо, Аллах Өзүнүн Кудурети менен наристе – Исаны сүйлөтүп, ал апасынын аруу-таза экенине күбөлүк берип,)","Айтты: «Мен – Аллахтын пендесимин.[1] Ал (Өзүнүн келечектеги тагдыр-жазмышы боюнча) мага китеп берип, пайгамбар кылды.###[1] Демек, ал кудай эмес жана анда эч бир кудайлык касиети жок.","Ал мени кайда барсам да берекеттүү кылып, мага – денемде жаным болсо эле – намаз окуп, зекет берүүнү буйруду.","Апама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоор-текебер кылбады!","Жана мен туулган, өлгөн жана кайра тириле турган күндөрүмдө мага (Аллах тарабынан) тынчтык-амандык болсун!»","(Яхудилер менен христиандар) шек-күмөндө болуп жаткан Мариямдын уулу Иса (жөнүндөгү) Акыйкат Зат (Аллах)тын Сөзү – ушул.[1]###[1] Иса жөнүндө не яхудилер, не христиандар анык, далилдүү пикир айта алышпайт. Бардык айткандары шек-күмөндөргө негизделген. Ошондон улам бирөөлөрү аны «тирүү кудай» десе, башкасы аны «кудайдын уулу», дагы бирөөлөрү «үч кудайдын үчүнчүсү» дешет. Жогорку аяттагы сөздөр гана Иса жөнүндө акыйкатты баян кылган: Ал Аллахтын Кудуретинин белгиси, («бол» дегенден улам жаралган) Сөзү жана салих пайгамбары.","(Пенделери арасынан бирөөнү) Өзүнө бала кылып алуу Аллахка ылайык эмес! Ал (мындан) Таза! Эгер Ал бир ишти өкүм кылса, ага карап «бол!» деши менен болуп калат.","«Чынында, менин жана силердин Раббиңер – Аллах! Өзүнө гана ибадат кылгыла! Ушул гана эң туура жол!»","Кийин жамааттар (Иса жөнүндө) талашып-тартыша баштады. Каапыр адамдарга Улуу Күбөлүк күнүндө (Кыяматта) азап болсун!","Бизге келээр күнү, алардын кулагы аябай сак, көзү көрөгөч болуп калат.[1] Бирок, залимдер ал Күнү терең адашууда.###[1] Өздөрүнүн адашкандыгы жөнүндөгү сөздү жакшы түшүнүп, амал китептериндеги кылмыштарын көрүп, жадагалса, тозок коркунучун да анык угуп, көрүп: «Оо, Рабби, бардыгын көрдүк, эми бизди дүйнөгө кайтарсаң салих амал кылып, ыймандуулардан болоор элек» дешет.","(Оо, Мухаммад!) Сен аларды бушаймандык күнүнөн эскерт! Ал Күнү иш чечилип (тозокко түшүшү анык болуп) калат. Алар болсо, ыйман келтирбей (дүйнө жыргалдарына) мас болуп жүрүшөт.","Жерди жана анда болгондун баарын Өзүбүз мураска алабыз жана бардыгы Бизге кайтышат.","Жана сен (оо, Мухаммад), Китепте Ибрахимди эстегин. Ал чынчыл пайгамбар эле.[1]###[1] Ибрахим бардык пайгамбарлардын атасы. Анткени, Куранда эскерилген пайгамбарлар анын урпактары. Жадагалса Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дагы анын уулу Ысмайылдан тараган арабдардан. Ибрахим алейхи саламдын «Нухтан кийинки, инсанияттын үчүнчү атасы» деген даражасы да бар. Кээ бир тилчи аалымдар айтышат: «Ибрахим семит тилинде Абрахым. «Аб» - ата, «рахым» - жатын. Демек, бардык жатындан чыккандардын атасы».","Бир кезде ал атасына: «Оо, атаке, эмне үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүңүзгө эч пайдасы тийбей турган «кудайларга» ибадат кылуудасыз?","Оо, ата! Мага сизге келбеген илим (пайгамбарлык) келген. Эми, (таш кудайлардан кол үзүп) мени ээрчиңиз, сизди туура жолго (Жалгыз Аллахка сыйынууга) баштаймын.","Атакебай, шайтанга сыйынбаңыз! Чынында, шайтан Ыраймдууга (Аллах таалага) каршы чыгуучу!","Атаке, мен сизди Чексиз Ырайымдуунун азабы кармабаса экен деп корком. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз!»","(Атасы) айтты: «Оо, Ибрахим, эмне, сен менин кудайларымдан түңүлдүңбү?! Эгер (мунуңду) токтотпосоң таш менен уруп (өлтүрүп) койомун! Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө!»","(Ибрахим) айтты: «Саламат болуңуз! Бирок, мен Раббиме дуба кылып, сиздин күнөөңүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу.[1]###[1] Ибрахим ушинтип атасынан жаман мамилеге кабылса да аны көп даават кылып, «кайтсаңыз күнөөңүздү Аллахтан сурап алайын» деп, үмүт жана көп дубаларды кылды. Аллахка жалбарып, атасынын күнөөлөрүн кечиришин сурады. Бирок, атасынын Аллахтын душманы экени маалым болгондо, ал үчүн Аллахка дуба кылуусун токтотту жана өзүнүн ага тиешеси жоктугун жарыялады.","«Мен силерди жана силер дуба кылып (сыйынып) жаткан, Аллахтан башка «кудайыңарды» таштап кетемин жана (жалгыз) Раббиме гана дуба кыламын! Жалгыз Раббиме дуба кылганым себептүү (силерге окшоп) таалайсыз болуп калбаймын деген үмүтүм бар».","Аларды жана Аллахтан башка алар сыйынган (жалган) кудайларды таштап кеткен соң, Биз ага Исхак менен Якубду бердик жана экөөсүн тең пайгамбар кылдык.","Жана аларга (Ибрахим, Исхак, Якубдарга) Өз ырайымыбызды төгүп, аларга жогорку даражалуу мактоо сөздөрүн арнадык.[1]###[1] Бул пайгамбарларды кыяматка чейинки элдер мактап, акысына дуба кылышат. Эч ким аларды айыптабайт.","Сен (оо, Мухаммад), Китепте Мусаны да эстегин: Ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон.[1]###[1] Тарыхтагы пайгамбарлар эки даражада болушкан: 1) Элчи-пайгамбар 2) Набий-пайгамбар. Элчи-пайгамбарлар Аллахтан алган нерселерин элдерге жеткирүүгө милдеттендирилген. Элчи-пайгамбарга Аллах Дин-Шарият берет. Ал эми, Набий-пайгамбар өзүнөн мурда өткөн элчи-пайгамбардын дининде болот жана ошонун динин жайылтат.","Биз ага Тур тоосунун жанында, оң тарабынан бийик добуш менен чакырып, Өзүбүзгө жакындаттык.[1]###[1] Ушул аят Аллахтын сүйлөө сыпатына далил болот. Анткени, Аллах ошол жерде Муса менен эч бир ортомчусуз, бирок көрүнбөй сүйлөшкөн.","Жана Өз ырайымыбыздан бир тууганы Харунду (жардамчы) пайгамбар кылып бердик.","Китепте Ысмайылды да эсте. Ал убадасына бекем элчи-пайгамбар эле.","Ал үй-бүлөсүн (жана элин) намазга, зекетке буюрган жана Раббисинин алдында Анын ыраазычылыгына ээ болгон адам.","Китепте Идристи да эсиңе ал. Ал чынчыл пайгамбар болгон.","Биз аны жогорку мартабага көтөрдүк.","Ушулар Аллах көп жакшылыктарды берген пайгамбарлар. Алар(дан кээ бирөөлөрү) Адам (алейхис-саламдын) балдарынан. (Башкалары) Нух менен бирге деңизге көтөргөн адамдардан, (дагы бирөөлөрү) Ибрахим менен Исраилдин (Якубдун) урпактарынан жана Биз тандап алып,туура жолго баштаган (башка) кишилерден тарагандар. Эгер аларга Рахмандын аяттары окулса, ыйлап, сажда кылып жерге жыгылышат![1]###[1] Бул Ыйык Курандагы сажда аяттарынан бири. Ким сажда аяттарынан бирин окуса же укса ошол замат бир ирет сажда кылуусу – важып.","Андан соң алардын артынан (ушундай жаман) урпактар калды: Намаз окушпайт, дене кумарын ээрчип калышкан. Алар жакында катуу азапка кабылышат.","Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирген жана салих (жакшы) амал жасаган адамдар бейишке кирет жана аларга эч зулумдук (адилетсиздик) кылынбайт.","Түбөлүк (түгөнгүс) бейиштерди пенделерине Чексиз Ырайымдуу (Аллах) кайыптан убада берген. Чындыгында, Анын убадасы сөзсүз болуучу![1]###[1] Аллах тааланын Өзү дагы, Анын бейиши дагы кайып – көрүнбөйт. Момун пенделер ошол көрбөгөн Раббилеринин көрүнбөгөн бейишине ишенип ушунчалык ибадат кылууда. Эгер көрсө кантишээр экен!","Анда (бейиште) алар маанисиз сөздөрдү угушпайт. «Салам» деген сөздөрдү гана угушат. Ал жерде алардын (көз көрүп, кулак укпаган) ырыскылары эртели-кеч даяр турат.","Биз пенделерибиздин арасынан такыба болгондоруна мурас кылып берчү бейиш(тин баяны) ушул.","«Биз Раббиңдин буйругу менен гана түшөбүз.[1] Биздин келечегибиздеги, бизге чейинки жана ал экөөсүнүн ортосундагы (учурдагы) иштердин баары Аллахтын колунда. Раббиң унутчаак эмес.###[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга вахий алып келүүчү Жебирейил периште бир мөөнөт кечигип келгенде, Илахий сөздү сагынып, куса болгон пайгамбарыбыз: «Тезирээк келбейт белең?» дегенде, Жебирейил ушинтип жооп берген.","«(Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Демек, Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!»","(Каапыр) инсан: «Эгер, мен өлсөм, жакында (кайрадан) тирүү бойдон (мүрзөмдөн) чыгарылат бекенмин?!» – дейт.","(Ошол) инсан ойлобойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес (жок) болгон кезде жараткан элек![1]###[1] Инсанды биринчи ирет жоктуктан жарата алган Аллах, экинчи ирет анын чириген, майдаланган денесин кайрадан жарата алаарында шек жок. Башка бир аятта Аллах таала айтат: «Ал макулуктарды биринчи ирет (жок нерседен) жаратты. Кийин аларды кайрадан жаратат. Бул Ага эң эле жеңил».","(Оо, Мухаммад) Раббиңе ант, Биз албетте, аларды жана шайтандарды (Кыяматтагы майданга) чогултуп, тозоктун тегерегине чөгөлөтүп койобуз!","Кийин (каапырлардын) ар бир жамаатынын арасынан Чексиз Ырайымдууга аша чапкан күнөөлүүлөрдү сууруп чыгабыз (жана тозокко биринчи ошолорду таштайбыз).","Анан тозокко ким (биринчи) ылайыгыраак экенин Өзүбүз жакшы билебиз.","Силердин (Акыретке чогулган адамдардын) бардыгыңар тозокко келүүчүсүңөр.(Бул) Раббиңдин каалоосу боюнча анык өкүм кылынган иш.[1]###[1] Ар бир адам, момуну да, каапыры да тозок үстүндөгү «Сырат» көпүрөсүнө келип, андан өтүшөт. Кимдир тез, жеңил өтүп кетсе, кимдир акырыныраак, дагы бирөө чалышып өтөт. Күнөөсү көп бактысыздар, чалышып тозокко түшүп кетишет. Жеңил өткөндөр менен араң, кыйналып өткөндөр, Раббисине шүгүр кылышып, бейишке чыгышат.","Андан соң Аллахтан корккон (такыба) кишилерди куткарып, залимдерди чөгөлөгөн абалда тозокто калтырабыз.","Жана качан аларга Биздин анык аяттарыбыз окулган кезде, каапыр адамдар ыймандууларга: «Кайсы жамааттын даражасы жана чогулушу жакшыраак? (силердикиби же биздикиби?)» – деп айтышат.","Биз аларга чейин дүйнө-мүлкү жана келбет-сөөлөтү булардыкынан жакшыраак болгон нечендеген муундарды кыйратып таштаганбыз!","Айт (оо, Мухаммад): «Ким адашуучулукта болсо, (жана эскертилгенине карабай жолунан кайтпаса) Чексиз Ырайымдуу аларга (жашоо) мөөнөтүн узартсын!»[1] Качан алар өздөрүнө убада кылынган азапты же кыяматты көрүшкөндө, кимдин даражысы жаманыраак жана аскери алсызыраак экенин билип алышат.###[1] Себеби, канча көп жашаса, ошончо көп күнөө кылып, ошончо көп азапка дуушар болот.","Аллах хидаят (туура жол) тапкан адамдардын хидаятын көбөйтөт. Раббиңдин назарында сооп-сыйлык жаатынан да, акыбет-натыйжа жаатынан да түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар пайдалуураак.[1]###[1] «Түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар» - бул намаз, орозо, зекет, ажылык, умра зыяраты, кайыр-садака ж.б.у.с Куранда буюрулган нерселер.","(Оо, Мухаммад!) Биздин аяттарыбызга каапыр болуп (жүргөн байлардын): «Бизге (Кыяматта деле) мал-дөөлөт менен перзенттер берилет» дегенин көрбөйсүңбү?!","Эмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Чексиз Ырайымдуу менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен?!","Жок, андай эмес! Биз алардын (күнөө) сөздөрүн жазып койобуз жана аларга азапты(н мөөнөтүн) узартабыз.","Жана алар айткан нерселерге (дүйнө-мүлк, дөөлөткө) мына Биз мураскор болобуз. Алар болсо, Бизге жалгыз өздөрү гана келишет.[1]###[1] Алар өлгөндө бардык мурасы дүйнөдө калат. Бул дүйнөдө Аллахтан башка эч ким түбөлүк калбаганы себептүү, бардык нерселерге Аллах Өзү мураскор болуп калат. Адам пенде өлгөндө өзү менен эч нерсе алып кетпейт. Бир гана сооп же күнөөсүн алып кетет.","Алар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышкан.","Жок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат.","Көрбөйсүңбү, чындыгында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт.[1]###[1] Бул - алардын Акыйкатка багыт албагандыгынын жазасы. Аллахка бекем ыклас менен сыйынган адамдарга Шайтандын бийлиги өтпөйт. Ал эми, мушрик каапырларга болсо, шайтандар дос-үлпөт болуп алышып, азгырып, ар кандай күнөөлөргө түртөт.","Сен аларга (азапты) шаштырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз.","Ошол (Кыямат) күнү Биз такыба кишилерди мээримдүү Аллахтын алдына өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз.","(Каапыр) кылмышкерлерди болсо, суусаган (кордолгон) абалда тозокко айдайбыз.","(Ал жерде) Чексиз Ырайымдуу (Аллах) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.[1]###[1] «Шапаат» –  бул кыяматтагы пайгамбарлардын, салих, олуя кишилердин ортомчулугу. Алар Аллах уруксат берсе, адамдын кээ бир күнөөлөрүн кечирүүнү сурап, пенде менен Аллахтын ортосуна түшүшөт. Пенденин ыйман келтирип, ислам амалдарын аткарышы – бул Аллах менен түзүлгөн келишим сыяктуу: «Эгер мен (Оо, Аллах) сенин айткандарыңды аткарсам, мени бейишке чыгарасың» маанисинде.","(Мушриктер): «Аллахтын баласы бар» дешти.","(Эй, мушриктер) силер өтө коркунучтуу сөз айттыңар.","Бул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор майдаланып кетиши ыктымал!","«Рахмандын баласы бар» дегендери себептүү!","Чексиз Ырайымдууга бала тутууга муктаждыгы жок!","Асмандардагынын жана Жердегинин баары Чексиз Ырайымдууга кул-пенде болуп, келишти.","Аллах бардыгынын анык эсебин алып койгон.","Бардыгы Кыямат Күндө Ага жалгыз абалда (байлык, бала, шерик, аскерлерин бул дүйнөгө таштап) келет.","Албетте, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар үчүн Чексиз Ырайымдуу Аллах сүйүүнү жаратат.[1]###[1] Андай адамдарды Аллах Өзү да сүйөт, башка макулуктарына да сүйдүрөт. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам өзүнүн бир хадисинде мындай деген: «Аллах бир пендени сүйүп калса, Жебирейил периштеге: «Мен баланчаны сүйдүм, сен да сүйгүнүң» дейт. Жебирейил аны сүйүп калат. Кийин, ал асман элдерине (периштелерге) кайрылып айтат: «Эй, силер! Аллах баланчаны сүйдү, силер да сүйгүлө!» Анан аны асман элдери да сүйүп калат. Кийин анын сүйүүсү жер бетинде да (жашоочулары тарабынан) кабылданат».","(Оо, Мухаммад!) Биз Куранды сенин тилиңе жеңил кылдык. Аны менен такыбаларга (бейиштен) куш кабар беришиң үчүн жана талашкан каапырларды (тозоктон) эскертүүң үчүн.","Биз бул (Меккедеги) мушриктерден мурда (Аад, Самуд сыяктуу) нечендеген (каапыр-мушрик) муундарды кыйраттык! Сен алардын бирөө жарымын сезип, же болбосо добушун угуп жатасыңбы?!","Таа – хаа.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(Оо, Мухаммад!) Биз сага Куранды бактысыз болушуң үчүн түшүрбөдүк.[1]###[1] Бул дин буюрган нерселер өтө жеңил. Аларды аткаргандар эч кандай машакат чегишпейт.","Тескерисинче, (Аллахтан) корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк.","(Бул Куран) Жерди жана жогорку асмандарды жараткан Зат – Аллахтан түшкөн!","(Ал – ) Чексиз Ырайымдуу (Аллах), Арштын үстүнө көтөрүлдү.[1]###[1] Биз «көтөрүлдү» деп которгон сөздүн арабчасы «Истиваа». «Аль-Муьжам аль-васийт» сөздүгүндє: ( استوى ) على كذا أو فوقه علا و صعد «Бир нерсеге истиваа кылуу – бул анын үстүнө көтөрүлүү жана бийик болуу» деп түшүндүрүлгөн. Табеиндердин арасынан чыккан белгилүү аалым Мужахид ибн Жабр дагы «Аллахтын истиваасы – бул Анын көтөрүлгөнү» деп тафсир кылган. ( «Сахихул Бухарий маьа Фатхил Баарий» 13/403). Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аллах калк-калайыкты жаратканда Өзүнүн алдындагы, Арштын үстүндөгү Китепке: «Менин ырайымым ачуумдан үстөмдүк кылды» деп жазган». (Бухарий: 7404, Муслим: 2751, Термизий: 3543, Ибн Мажжа: 4295). Ошондой эле, ханафий мазхабынын имамдарынан бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و كذا لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).","Асмандардагы, Жердеги нерселердин бардыгы жана Жер астындагы нерселердин баары жалгыз Ага гана таандык мүлк болуп саналат!","Эгер сен ашкере сүйлөсөң да (шыбырап сүйлөсөң да) Ал купуя сырлардын баарын билет.","Аллах, эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир Анын Өзү бар. Анын керемет ысымдары бар![1]###[1] «Керемет ысымдар» (Аль-асмаа-ул-хуснаа) дегендин себеби, Аллахтын бардык ысымдары макталган, даңазаланган маанилерди билдирет. Аллах Таала: } { وَلِلَّهِ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَى فَادْعُوهُ بِهَا деген аятта пенделерди дубага (Өзүнөн бир нерсе суроого) буюрганда ошол ысымдар менен гана кайрылгыла деген.","(Оо, Мухаммад!) Сага Мусанын окуясы жетти беле?","Бир кезде ал (алыстан) от(тун жалынын) көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде(н эч кайда жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн, андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табаармын» – деди.[1]###[1] Ал үй-бүлөсү менен келе жатып, адашып калган. Күн суук болчу. Бул окуя Мусанын пайгамбарчылыгынын башталышы. Анткени, ага көрүнгөн нерсе, ал ойлогондой от эмес, Аллахтын жалындаган Нуру болчу. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: «Аллахтын пардасы оттон же нурдан болот» деген. Муса адаттагыдай от-нур издеп барып, ал жерден Руханий Нурду – пайгамбарчылыкты табат.","Отко» жакындаганда: «Оо, Муса» деген добуш угулду.","«Мен сенин Раббиң боломун! Чокойуңду чеч! Сен Ыйык Тува өрөөнүндөсүң![1]###[1] Бул өрөөндүн ыйыктыгынын себеби, Аллах таала дал ошол жерди сүйлөшүү үчүн тандаганында. Ыйык жерди бут кийим менен басууга мүмкүн эмес болгону себептүү Аллах таала «чокойуңду чеч» деп буюрууда. Ал эми, кээ бир тафсир аалымдары «Мунун себеби, Мусанын чокойу эшектин терисинен тигилген болчу» деп түшүндүрүшөт. Чындыкты Аллах гана билет.","Мен сени (пайгамбарлык үчүн) тандап алдым. Эми, (өзүңө) аян-кабар кылынчу нерселерди угуп ал:","Мен – Аллах боломун! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Мен гана бармын! Демек, Өзүмө ибадат кыл жана Мени эстөө үчүн намаз оку!","Ар бир жан өз кылмышына жараша жаза (же сооп) алышы үчүн Кыямат сөзсүз келет. (Бирок) Мен аны(н болоор убактысын) сыр кылып койдум.","(Оо, Муса) Сени Кыяматтан (диний-акыреттик иш кылуудан) ага ишенбеген жана өз каалоосуна ээрчиген адамдар тосуп койбосун, (анда) бактысыз болуп каласың!","Оң колундагы эмне, оо, Муса?».[1]###[1] Аллах таала бардык нерсени Билүүчү. Бул жердеги суроо билбегендиктен улам эмес, Мусанын көңүлүн Өзүнө бурдуруп, Сөзүнө кулак салдыруу үчүн.","«Бул – менин таягым» – деди Муса – мен ага таянамын жана койлорума аны менен (жалбырактарды) күүп беремин. Жана башка максаттарга да пайдаланамын».","(Аллах) айтты: «Оо, Муса аны жерге ташта».","Аны таштады эле, сойлогон (чоң) жыланга айланып калды.","«Аны колуңа ал жана коркпо. Биз аны абалкы абалына келтирип коёбуз».","Жана колуңду колтугуңа кат – жамандыгы жок, ак-нурдуу болуп чыгат. Бул дагы бир керемет.[1]###[1] «Жамандыгы жок, ак» дегени – бул агаруу, пес (ала) оорулуу адамдын колунун агы сыяктуу түрү суук болбостон, андан башкача: нурлуу, жылтыраган ак болот.","(Таяк менен ак кол) Биздин чоң кереметтерибизден. Сага көргөзүп (билгизип) коюшубуз үчүн.","Эми, Фараонго (аны Акыйкатка кайтаруу үчүн) бар. Ал чектен чыгып кетти».","(Муса) айтты: «Оо, Раббим! Менин көкүрөгүмдү кенен кыл!","Жана менин иштеримди жеңил кыл!","Тилимдеги түйүндү чечип кой.","Адамдар (сөзүмдү) түшүнгөндөй болсун![1]###[1] Себеби, кээ бир тафсирчилердин айтуусу боюнча Мусанын тили пайгамбар болгонго чейин кекеч болуп, сөздөрү анык түшүнүлбөйт экен. Башка бир аятта Мусанын мындай тилеги айтылат: «Мага бир тууганым Харунду кошуп бер. Анткени, ал менден түшүнүктүү сүйлөйт».","Мага өз үй-бүлөмдөн вазир-жардамчы дайындап бер:","Бир тууганым Харунду.","Ал себептүү менин кубатымды көбөйт.","Аны ишиме шерик (пайгамбар) кыл!","Сени көп аруулашыбыз үчүн.","Сени көп зикир кылышыбыз үчүн,","Өзүң бизди көрүп туруучусуң!»","(Аллах) айтты: Оо, Муса! Сураганыңдын баары сага берилди.","Биз сага бир жолкуда мындан башка да жакшылык кылган элек.","Ошондо, Биз апаңдын көңүлүнө (мындай деп) илхам салганбыз:","«Аны сандыкка салып, (Нил) дарыяга таштагын, дарыя аны жээкке чыгарат. (Кийин) аны өзүнүн жана Менин душманым (Фараон) таап алат». Жана Биздин көз алдыбызда, (коргообузда жана камкордугубузда) тарбияланышың үчүн, сага Өзүбүздөн бир махаббат (нур) бергенбиз.","Анда сенин эжең барып: «Аны кепилге ала турган (эмизе турган) аялга баштап барайынбы?» деди.[1] Ошентип, кайгырбай, сүйүнүп калышы үчүн Биз сени апаңа кайтардык. Жана бир жанды өлтүрүп койдуң. Биз сени (ошол) кайгыдан да куткардык. Кийин сенин башыңа көп сыноолорду салдык. Анан Мадиян элинде бир нече жылдар туруп калдың. Кийин (Биз белгилеген) тагдыр боюнча (бул жерге) келдиң, оо, Муса!###[1] Фараон бир кезде «Исраил урпактарынын бөбөк балдарын четинен кыргыла» деп буйрук берип, желдеттери үймө-үй шимшип жүргөндө, Аллах Мусанын апасынын көңүлүнө жогорудагы илхамды салат. Фараондун аялы аны жээктен таап алганда, «Өтө жылдыздуу бала экен, өзүбүз эле асырап алалычы?» - деп суранат жана ошентип Муса Аллахтын Өз көзөмөлүндө, бирок, душманынын үйүндө чоңойо баштайт. Аллах Мусага аябай сонун көрк, жүзүнө нур берген. Ошондуктан, Аллах таала «Жана сага Өзүбүздөн бир махаббат (нур) бергенбиз» деди. …Ошентип, Мусаны сарайга алып келишкенде эч бир аялдын көкүрөгүн оозуна албайт. «Дагы ким калды?» деп сурашканда, окуя ушул аяттагыдай уланат.","Мен сени Өзүмө (пайгамбар кылып) тандадым.","(Эми,) сен жана бир тууганың (Харун) экөөң Мен берген (тогуз) кереметтерди алып баргыла. Мени эстөөдө (жана эскертүүдө) алсыздык кылбагыла!","(Оболу) Фараонго баргыла. Анткени ал аябай чектен чыгып кетти.","Анан ага (адегенде) сылык-сыпаа сөз айткыла,[1] (Мени) эсине алса же (Менден) коркуп калса ажеп эмес.###[1] Бул аяттан дааватты жакшы сөздөр менен алып баруу парз экени билинет.","(Экөө) айтты: «Оо, биздин Рабби! Биз (үгүтүбүздү баштай электе) бизге каршы шашылып (чара колдонуп) коюусунан жана чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз».","«Коркпогула! Мен силер мененмин! (Бардыгын угуп, көрүп турамын)","Баргыла дагы: «Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Исраил урпактарын биз менен (өз ата журттарына) жибер. Аларды азапка салба. Биз сага Раббиңден керемет алып келдик. Хидаятка (Аллахтын туура жолуна) ээрчигендерге салам болсун!»","Чынында, бизге: «(Менин аяттарымды) «жалган» деп, жүз бурган адамдарга азап бар» деп вахий кылынган» – деп айткыла. (Ошондо Фараон…)","Айтты: «Оо, Муса, силердин Раббиңер ким?!»","(Муса) айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге (өзүнө жарашкан) келбет-шекилин берип (жараткан) жана (өз багытына) жолдоп койгон Аллах».","(Фараон) айтты: «Өткөн кылымдын элдерине эмне болгонун билесиңби?»","Алар жөнүндөгү илим Раббимдин алдындагы Китепте. Раббим (ал Китепте) адашкан эмес, эч нерсени унуткан да эмес».","(Аллах) силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда силер үчүн жол салып берди. Жана силерге асмандан суу түшүрдү. Кийин Биз аны менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык.","(Алардан) жегиле жана мал-жаныңарды баккыла. Бул нерселерде акылдуу кишилер үчүн сабактар бар.","Биз силерди ошол жерден жаратканбыз жана ошого кайтарабыз. Жана (Кыяматта) экинчи ирет дагы ошондон чыгарып алабыз.","Биз ага (Фараонго арналган) бардык кереметтерибизди көрсөтсөк, «жалган» деп, (акыйкатты кабыл алуудан) баш тартты.","(Жана мындай) деди: «Оо, Муса сен өзүңдүн сыйкырың менен бизди жерибизден чыгарып жиберүү үчүн келдиңби?","Биз деле сага ошонун өзүндөй сыйкыр келтирип бере алабыз. Эми, биз менен өзүңдүн ортоңдо бир тегиз жерди убада кылгын. Ал жер өзүңө да, бизге да ылайыктуу болсун.[1]###[1] Фараон Мусаны таймашка чакырып, бардык элдерге көрүнө турган тегиз майдан тандоону сунуш кылды.","(Муса) айтты: «Силерге майрам күндү – адамдар шашке маалда чогулган күндү убада беремин.","Фараон барып өзүнүн айлакер-амалкерлерин жыйнап (убадаланган күндө, убада кылынган жерге) келди.[1]###[1] Ал мамлекеттин бардык булуң-бурчуна чабарман жиберип, кайсыл жерде күчтүү сыйкырчы болсо, баарын жыйнап келди. Чоң, жайдак майданга мамлекеттин ар тарабынан келген эл батпай, кылкылдайт. Алар бири-бирине «чогулуп бүттүңөрбү? Эми, сыйкырчылар жеңип чыкса, бардыгыбыз аларды ээрчип калабыз ээ?» дешип, акмалап турушту. Муса учурдан пайдаланып, бардык адамдар уккандай бийик добуш менен каршылаштарына сүйлөдү. Максаты, элге да бир нерсе айтып калуу.","Муса аларга (сыйкырчыларга насаат) айтты: «Оңбой каласыңар! («Аллахтын шериги бар» деп) Аллахка жалаа жаппагыла! Ал силерди азап жиберип кыйратып салат! (Аллахка) жалаа жапкандар оңбой калат!»","Алар иштеринде талашып калышты жана өз ара шыбырашып сүйлөшө баштады.","(Кийин элдерге Муса менен Харунду көргөзүп мындай) дешти: «Бул экөө анык сыйкырчы! Силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү жана алгылыктуу жолуңарды (сыйкырчылыкты) жоюп жиберүүнү каалап жатат!» (Анан Фараон сыйкырчыларга айтты:)","«Болгон амалкерлигиңерди жыйнап, сапка тизилип келгиле. Бүгүн ким үстөмдүк кылса, ошол жеңишке жетет!»","«Оо, Муса (дешти сыйкычылар) же сен (башта колуңдагы таягыңды) ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы».","(Муса) айтты: «Жок, силер таштагыла!» (Ташташты эле,) капыстан жиптери жана таяктары, алардын сыйкырынан улам ага (Мусага) кыймылдагандай көрүндү!","Муса ичинен бир сестенип алды.[1]###[1] Анткени, андай мезгилде сестенип кетүү – бул инсандык табият. Болбосо, Муса Аллах тааланын жардамына, коргоосуна бекем ишенип турган.","Биз (ага): «Коркпогун сен (алардан) жогору(боло)суң» – деп айттык.","Колуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик.[1]###[1] Акыйкатта, Мусанын жерге ташталган таягы турган элдин көзүнчө чоң жыланга айланып, сыйкырчылардын ийреңдеген «жыландарын» жутуп кирди. Сыйкырчылар илимдүү кишилер болгондуктан Мусанын көргөзгөнү сыйкыр эмес эле, Аллахтын кудуретинин белгиси – моожиза экенин түшүнүштү жана ыйман келтирүүгө шашылышты.","Анан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: «Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!» дешти. (Муну көргөн Фараон аябай ачууланды:)","«Эмне силер мен уруксат бербей туруп эле, ага (Аллахка) ыйман келтире бересиңерби?! Демек, ал (Муса) силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар экен да. Эми мен силердин кол бутуңарды каршы-терши (оң кол-сол бут) кесип, өзүңөрдү курма дарагына асып байлап коёмун. Анан кимибиздин (Аллахтынбы же менинби) азабыбыз катуураак жана узунураак экенин билип аласыңар!»","(Сыйкырчылар) айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген аят-белгилерден жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору койо албайбыз. (Бизге) Эмне өкүм кылсаң кыла бер! Себеби, сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыла аласың!","Биз Раббибизге, каталарыбызды жана сен бизди мажбурлаган сыйкыр(ыбыз)ды кечиришин үмүт кылып, ыйман келтирдик. Аллах эң жакшы жана Түбөлүк!».","Чынында, ким (Кыяматта) Раббисине күнөөкөр (каапыр) абалда барса ага сөзсүз тозок бар. (Ал анда) же өлө албайт, же жашай албайт![1]###[1] Ичин өрттөп жибере турган «заккум» дарагын жегенде, чаңкап, суусап, суу ичкиси келген убакта ириң сыяктуу, кайнап турган, оозуна жакындашканда ысыгы жүз терисин шылып жибере турган ичимдиктер мажбурлап ичирилгенде ж.б. адам чыдагыс азаптар болгондо өлгүсү келет, бирок, өлсө кана! Бейиштегилердин ырахатта жашагандарын көрүп, ошондой жашоону эңсешет, бирок, ошондой жашоого жетсе кана!","Жана ким Раббисине жакшы амалдарды жасап, момун-ыймандуу абалда жолукса, аларга эң жогорку даражалар:","Түбүнөн дарыялар аккан, бейиштер бар. Алар анда түбөлүк калышат! Бул (күнөөлөрдөн жана каапырчылыктан) таза боло алгандардын сыйлыгы![1]###[1] Муса далилдер менен жеңип чыкканына карабай, Фараон менен анын ойондору Исраил коомун эзип, көп «кудайларына» сыйынтууну улантышты. Муса болсо, элин Исламга (жалгыз Аллахка моюн сунууга) даават кылып, Исраил урпактарын тымызын алып чыгып кетүүнүн аракетинде болду. Исраил урпагы намаздарын жарыя окуудан корккону үчүн үйлөрүн мечит кылып алышат. Алар ээн-эркин намаз окуй турган күн келээр бекен деп эңсеп жашап жүрүштү. Убагы жетип, ошондой күн келди: Муса түндүн абалкы бөлүгүндө аларды жашыруун түрдө Мисирден сыртка чыгарып кетти. Эрте менен окуядан кабардар болгон Фараон аскерлери менен кууп, деңизге жакын жерде алардын караанын көрдү. Качкындар эмне кыларын билбей, коркуп калышты. Арт жакта Фараон, алдыда деңиз. Бирок, эмнегедир Муса катыржам. Себеби, ал Аллах Өз пайгамбарын өлүмгө салып бербешине ишенген. Ошондой болду. Аллах ага: «Таягың менен деңизге урсаң Исраил урпагынын он эки уруусу үчүн он эки жол ачылат» деп вахий жиберди. Муса буйрукту аткарганда, деңиз суусу тоо-тоо болуп түрүлүп, куп-кургак он эки жол пайда болду. Кийинки аяттар ушул окуялар жөнүндө.","Биз Мусага: «Менин пенделеримди түндөсү алып чык жана (таягың менен) уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. (Фараондун) жетип алуусунан да коркпо, (сууга чөгүүдөн да) кооптонбо» - деп вахий кылдык.","Фараон аскерлери менен алардын артынан (деңиз «жолуна») түштү. Деңиз аларды ороп жутуп кетти!","Фараон элин адаштырган, өзү да адашкан болчу!","Оо, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Жана (силерге диний-дүйнөлүк жакшылыктарды камтыган Тоорат китебин берүү үчүн) Тур тоосунун оң тарабын убадалаштык. Силерге асмандан шириндиктерди, (кармоого жеңил болгон) куштарды түшүрдүк (жана мындай дедик:)","«Биз ырыскы кылып (түшүрүп) берген таза ырыскылардан жегиле, бирок анда чектен чыкпагыла (жеп алып күнөө кылбагыла) (эгер ошентчү болсоңор), үстүңөргө Менин азабым түшөт. Кимге Менин азабым түшсө, анын өлгөнү – ошол!","(Бирок) Мен, тообо кылып, ыймандуу болуп, жакшы амал кылып, туура жолго түшкөндөрдү албетте, кечиремин».[1]###[1] Бул аяттан белгилүү болгондой, бир күнөө иш жасаган адам Аллахка тообо кылгысы келсе, кабыл болушунун төрт шарты бар экен: 1) Тообо кылуу 2) Ыйманын бекемдөө 3) Жакшы иштерди жасоо 4) Туура жолго кайрадан түшүү.","«Оо, Муса, сен коомуңдан эмнеге мынча шашылып, озуп кеттиң?».[1]###[1] Муса алейхис-саламга Аллах таала Тоорат китебин берүү үчүн бир жерге убадалашат. Убадалашкан күн келгенде бир нече кишилер менен жолго чыгып, өзү бардыгынан бөлүнүп жөнөп калат. Ошондо, Аллах таала ага ушинтип кайрылат.","(Муса) айтты: «Алар мына, артымда келе жатышат. Оо, Раббим, ыраазы болушуң үчүн, мен Сага шашып баратамын!»","(Аллах) айтты: «Сен чыккандан кийин Биз коомуңа сыноо түшүрдүк. Жана аларды Самирий адаштырды».","Анан Муса коомуна ачууланып, бушайман болуп кайтып барды да: «Оо, коомум! Раббиңер силерге («Тоорат түшүрөмүн» деп) жакшынакай убада бербеди беле?! (Мен ошол убада үчүн кетпедим беле?!) Эмне, силерге (араңарда мен жок болгон) убакыт узун болуп кеттиби?! Же болбосо, үстүңөргө Раббиңердин каары түшүшүн кааладыңарбы?! Силер Мага берген убадаңарды буздуңар![1]###[1] Мусага алар: «Аллахтан башкага сыйынбайбыз. Сен келгенге чейин орун басарың Харундун сөзүнөн чыкпайбыз» деп убада беришкен.","Алар айтышты: «Биз Сага берген убаданы өз эркибиз менен бузбадык. Бирок, биз (Мисирден чыгып келе жатканда жергиликтүү) коомдун (алтын) зыйнаттарынан турган «күнөөнүн» астында калганбыз.[1] Биз аны (эритиш үчүн отко) таштадык. Самирий дагы таштады (жана)###[1] Яхудилер мисирликтерден убактылуу же карызга алган алтын-зыйнаттарды алып баса беришкен.","аларга (жаны бар сыяктуу,) мөөрөп добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн жасап берди. (Кийин Самирий жана ага азгырылгандар) айтышты: «Ушул – силердин да Мусанын да кудайы. (Муса муну) унутуп койду (жана кудайды издеп башка тарапка кетти)».","Алар көрбөй жатышабы (музоо – «кудайы») сөзүнө жооп кайтарбаганын жана аларга не пайда, не зыян жеткире албаганын?!","Ошого чейин аларга Харун: «Оо, коомум! Силер бул (музоо) менен сыналдыңар (азгырылдыңар) силердин Раббиңер – Чексиз Ырайымдуу! Мени(н сөзүмдү) ээрчигиле жана буйругума моюн сунгула!» дегенде...","Алар айтышты: «Бизге Муса кайтып келмейинче (жана бир нерсе демейинче) буга табынууну токтотпойбуз».","(Муса кайтып келип, коомун бул абалда көргөн соң орун басарына) айтты: «Оо, Харун, алардын адашканын көргөнүңдө сени эмне токтотту,","мага (кабар бериш үчүн) ээрчип (тез) баруудан?! Менин буйругума каршы чыктыңбы?![1]###[1] Муса ушул сөздөрдү айтып, Харундун чач-сакалынан кармап жулкулдата баштады. Анткени, Аллах менен убадалашкан жерге бара жатып, Харунга: «Коомумда менин орун басарым болуп кал, (аларды) оңдо жана бузукулардын жолуна ээрчибе!» деп катуу дайындап кеткен эле.","(Харун) айтты: «Оо, апамдын баласы, сакалымдан, чачымдан тартпачы. Мен (сага кабар берүүнү ойлогом, бирок артыңдан барганымда менден капа болуп): «Менин сөзүмдү (өзүмдү) күтпөй, Исраил уруусун бөлүп жибериптирсиң!» дешиңден корктум».","(Анан, Муса): «Эй, Самирий, бул эмне кылганың?!» – деди.","(Анда, Самирий): «Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам.[1] Анан элчинин (атынын) изинен бир чеңгел алып, музоого сээп жибердим эле (ал жан кирген сыяктанып, мөөрөгөн добуш чыгарды). Нафсим мени ушуга жетелеген» - деди.###[1] Алар деңизден өтүп жатканда Самирий Аллахтын элчиси Жебирейил периште минген аттын туягынан чачыраган керемет топуракты көрүп калган болчу.","(Муса) Айтты: «Эми (бул жерден) жогол! Сага эми жашоодо (жийиркеничтүү ооруга кабылганың себептүү, безилдеп:) «Мага тийбегилечи» деп айтышың гана бар. Жана (Акыретте) сага кутулгус убада (тозок) даяр! Өзүң азырга чейин табынып жаткан «кудайыңа» карачы? (Сага эмне пайда бере алды?) Биз (азыр) аны күйгүзүп, (күлүн) деңизге сапырып жиберебиз!","Силердин (чыныгы) кудайыңар – Өзүнөн башка кудай жок болгон Аллах! Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтыган!».","Ошентип, Биз сага (оо, Мухаммад), өткөндөрдүн кабарларын баяндадык жана алдыбыздагы Зикирди (Куранды) бердик.","Ким андан жүз бурса, кыяматта (күнөөсүнүн) жүгүн көтөрөт.","Ал жүктөн түбөлүккө ажырабайт. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман!","Сур (кернейи) тартылган күн... Ошол күнү күнөөлүүлөрдү (коркуудан жана кордуктан улам) ыраң-түсү көгөргөн абалда чогултабыз. (Алар азап периштелери тарабынан кордолуп адамдар чогултула турган тарапка сүрүп алып барыла жатканда…)","Бири-бирине: «(Дүйнөдө) он күн гана турдуңар-э?» деп, шыбырап сүйлөшүшөт.","Биз алардын эмне дегендерин эң жакшы билебиз. Ошондо алардын билермандары: «Жок, силер бир эле күн турдуңар» дешет.","(Оо, Мухаммад) Сенден тоолор (жана алардын Кыяматтагы абалы) жөнүндө сурашат. (Аларга): «Раббим аларды (чаң сыяктуу) чачып жиберет» – деп айт.","Жана (жер менен) тегиз кылып салат.","Сен ал (Кыяматта элдер чогулчу) жерден эч кандай ийри-буйру же эч кандай өйдө-ылдый чуңкур жерлерди көрбөйсүң.[1]###[1] Бардык элдер бири-бирин көрө ала турган, добушун уга ала турган шарт түзүлөт.","Ошол күнү (элдер) бир жарчынын артынан (адамдар чогултула турган майданга) ээрчип жөнөшөт. Анын жар салган сөздөрүндө эч бир ката жок. (Шуулдаган) дабыштар Чексиз Ырайымдуу (Аллахтын) урматына акырын болуп, шыбыраган үндөрдү гана угуп каласың.","Ал күнү Чексиз Ырайымдуу[1] уруксат бергендерге жана сөзүнөн Аллах ыраазы болгондорго гана шапаат пайда берет.###[1] Аллахтын «Рахман» (Чексиз Ырайымдуу) деген ысым-сыпаты көп колдонулууда. Мына бул аятта дагы «Чексиз Ырайымдуу уруксат бергендерге» деп айтылды. Акыйкатта, Кыямат - Чын дүйнө. Аллахтын Ырайым-рахматынын токсон тогуз бөлүгү ошол жакта: Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам айткан: «Аллах жүз ырайымынын бирөөсүн гана (бул дүйнөдөгү) пенделерине (ж.б. жан-жаныбарларга) түшүрдү. Жадагалса бир жаныбар өзүнүн баласын тебелеп алуудан абайлап, бутун көтөрүүсү дагы ошол бир ырайымдын үлүшүнөн. Кыямат болгондо ошол бир ырайым токсон тогузуна кошулуп, Аллах Өз пенделерине толук Ырайымын көргөзөт».","(Аллах) пенделердин келечегиндеги, өтмүшүндөгү бардык нерсени билет. Алардын илими Аллахты камтый албайт.","Бардык жүздөр(дүн ээлери) Түбөлүк Тирүү (бардык ааламдарды башкарып) Туруучуга баш ийишет. Зулум көтөрүп баргандар (каапырлар) максатка жетпей калат.","Жана ким ыймандуу болгон абалда жакшы амалдарды жасаган болсо, зулумдан жана соопторунун кемитилип калуусунан коркпойт.","(Оо, Мухаммад) мына ушинтип, Биз Куранды араб тилинде түшүрдүк жана анда эскертүүчү аяттардын түрлөрүн баяндадык. Балким, эми алар коркушаар же (бул эскертүүчү аяттар) аларда эскерүүнү (сергектикти) жаратаар.","Акыйкат Падыша болгон Аллах эң Жогору! (Оо, Мухаммад,) сага вахий кабары түшүп бүтө электе, Куранды окуганга шашылба жана: «Оо, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» – деп айткын.","Биз (Бейиштеги бир даракка жакындабоо жөнүндө) Адам менен убадалашкан элек. Ал аны унутуп койду. Биз анда сабырдуулукту көрбөдүк.","Ошондо Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бардыгы сажда кылды, бир гана Иблис (текеберленип; «Мен андан абзелмин» деп) баш тартты.","Биз айттык: «Оо, Адам! Чынында, бул (Иблис) сага жана аялыңа душман! Экөөңдү азгырып бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласың!","(Анткени,) Сен бейиште ач-жылаңач калбайсың.","Анда суусабайсың, күндүн ысыгына да күйбөйсүң».","Шайтан (Иблис) аны азгырып (мындай деди): «Оо, Адам мен сага түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс мүлк көргөзөйүнбү?»","Анан, экөө ал дарактан жеп, (натыйжада убаданы бузганы үчүн Аллахтын каар-жазасы себептүү) уяттары ачылып калды эле, бейиш жалбырактары менен өздөрүн (уяттуу жерлерин) тосо башташты. Адам Раббисине күнөөлүү болуп, (ушинтип) азгырылды (жана экөө тең Раббиcине жалбарып; «Бизди кечир, өзүбүзгө зулум кылып койдук» деп тообо кыла баштады)","Кийин Раббиси аны тандап, тообосун кабыл алып, Өз жолуна баштады.","(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден туура жол (дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.","Ал эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны кыямат күнү сокур абалда тирилтебиз.","Ал айтты: «Оо, Раббим! Эмнеге мени сокур абалда тирилттиң? Мен (дүйнөдө) көзү соо адам элем го?»","(Аллах) айтты: «Дал ушул сыяктуу, сага да (дүйнөдө) Биздин аяттар келгенде, (аларды) «унутуп» калгансың. (Көрсөң да, көрмөксөн болгонсуң). Дал ошол сыяктуу бүгүн сен да «унутуласың!»","Биз ысырап кылган (чектен чыккан) жана Раббисинин аяттарына ишенбеген адамдарды ушинтип жазалайбыз. Чынында, Акыреттин азабы катуу жана түгөнгүс!","Биз алардан мурун (өздөрү сыяктуу) нечен-нечен муундарды, үй-жайларында (эч нерседен бейкапар) жүргөндө (капыстан балээ жиберип) кыйратып койгонубуз аларга ачык-айкын болбодубу?! Мында акылдуу адамдар үчүн сабактар бар го!","Эгер Раббиң тарабынан (айтып) өтүлгөн («күнөөлүүлөрдү белгиленген убактысында гана жазалайбыз» деген) сөз жана белгиленген мөөнөт (Кыямат) болбогондо, аларга азап ошол замат келмек.","(Оо, Мухаммад!) Сен алардын (сени жана динди айыптап) сүйлөгөн сөздөрүнө сабыр кыл жана Күн чыгаардан мурун жана Күн батаардан мурун Раббиңди даңазалап тасбих айт. Жана Раббиң сенден ыраазы болушу үчүн күн-түн дебей тасбих айт.[1]###[1] Тасбих - «Субхааналлах» деген сөз. Мааниси «Мен Аллахты Өзүнүн Улуулугуна ылайык болбогон кемчилдиктүү сыпаттардан аруулаймын» дегенди түшүндүрөт.","Биз аларды сынаш үчүн жуп-кошмок түрдө берген дүйнө жашоосунун жыргал-кооздуктарына назарыңды салба! Раббиңдин (Акыретте берчү) ырыскылары жакшы жана түбөлүктүү!","Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага (намазга) сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. (Жакшы) акыбет такыбалар үчүн!","Алар: «Эгер Мухаммад бизге Раббисинен бир (көзгө көрүнгөн) керемет алып келсе кана» – дешти. Аларга байыркы барактардагы (Тоорат менен Инжилдеги) нерселердин баяны (Куран) келбеди беле?!","Эгер Биз аларды ага (Мухаммадга дин келгенге) чейин бир азап менен өлтүргөн болсок, албетте: «Оо, Рабби! Эгер бизге бир пайгамбар жиберсең, мындай шерменде жана кор болбой туруп, сенин аяттарыңа ээрчимекпиз» – дешет болчу.","Айткын: «Бардыгыбыз күтүүдөбүз.[1] Силер да күтө бергиле. Жакында ким туура жолдун ээси болуп (адашпай) баратканын билип аласыңар.###[1] Мусулмандар эки жакшылыктын бирин – же жеңишти, же бейишти күтүшөт. Каапырларды да эки нерсе күтөт: же ушул дүйнөдө башына балээ азап келип, кыйрап калышат. Же эгер Аллах кыяматка чейин мөөнөт берген адамдардан болсо, канча көп жашаса, ошончо көп күнөө жыйнап, Акыретте өзүн күткөн тозокко барышат."]