["Кызыр Мусага айтты: «Оо, Муса! Менин кылган иштериме сабырың жетпейт деп айттым элем го».","Муса (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) мындай деди: «Мындан кийин дагы бир нерсе сурачу болсом, мени калтырыңыз. Анткени, мен эки жолу сизге каршы чыгып, мени жолдоштуктан ажырата турган чекке жеткирдим».","Андан ары жол жүрүшүп, бир шаардын жашоочуларына жолугушту. Алардан тамак сураганда тамак бермек түгүл, коноктобой да коюшту. Анан ошол шаардан кулайын деп турган бир дубалды көрүп, аны Кызыр оңдоп-түздөп тургузду. Ошондо Муса Кыдырга: «Эгер кааласаңыз, эмгегиңиздин акысын алсаңыз» – деди. Алар бизди коноктобой койгондуктан, биз да каражатка зарыл болуп турабыз.","Кызыр Мусага айтты: «Дубалды тургузганыбыз үчүн акы албай койгонума каршы болгонуң – экөөбүздүн ажырашуубузга негизги себеп болду. Эми, сен менин кылгандарымды көрүп, ага сабыр кыла албаган нерселерди сага чечмелеп берейин:","Мен сага тешүүгө каршы болгон кеме тууралуу айтсам, ал деңизде тиричилик кылган алсыз(кедей-кембагал)дардын кемеси болчу. Падыша зордук менен жарактуу кемелердин бардыгын тартып алып жаткан. Кембагалдардын кемесин да тартып албаш үчүн кемени тешип, жараксыз абалда көрсөтүүнү кааладым.","Ал эми сен мага эмнеге өлтүрдүңүз деп нааразы болгон жаш бала тууралуу айтсам, анын ата-энеси ыймандуу адамдар эле. Бирок ал бала Аллахтын илиминде каапыр болот деп жазылган. Эгер ал балагатка жетсе, анда ата-энесинин ага болгон ашыкча сүйүүсү, же ага болгон муктаждыктарынан улам, аларды каапырлыкка же чектен ашууга түрткү бериши мүмкүн деп кооптондук.","Анан Аллах ал экөөсүнө андан жакшы диндар, такыба, күнөөсү жок жана ата-энесине мээримдүү перзентке алмаштырып берүүсүн кааладык.","Ал эми сен мени жактырбай тургузган дубал болсо, ал биз барган шаардагы атасыз эки жетим баланыкы болчу. Ошол дубалдын астында атайын экөөнө арналып көмүлгөн байлык бар эле. Бул жаш жетимдердин атасы такыба адам болгон. Эй, Муса! Раббиң алар бойго жетип чоңоюгондо анын алдында көмүлгөн байлыкты табууларын каалады. Эгерде дубал азыр куласа, алардын байлыгы көрүнүп, жоголуп кетмек. Мына ушундай кылынганы – бул Раббиңдин аларга болгон мээримдүүлүгү. Муну мен өзүм билип кылган жокмун. Сен чыдап, сабыр кыла албаган нерселердин чечмелениши мына ушундай!».","Оо, пайгамбар! Мушриктер менен жөөттөр сени сынаш үчүн Зулкарнайн (эки мүйүз ээси) тууралуу окуяны сурашат. Айткын: «Мен силерге ал тууралуу айрым бир окуяларды айтып берейин. Балким андан сабак алып эсиңерге келерсиңер».","Биз ага жер бетинде бийликти жана көздөгөн максатына жетүү үчүн зарыл талаптарга байланышкан бардык нерсени бердик.","Анан ал Биз ага берген каражаттарды жана максатына жеткирген жолдорду пайдаланып батышты көздөй бет алды.","Ал (Зулкарнайн) жер бетинде жүрүп отуруп, жердин күн батыш тарабынын акырына чейин жетти. Ошондо ага күн кара балчыктуу ысык булакка батып бараткандай көрүндү. Ал күн баткан жерден каапыр элге жолукту. Ошондо Биз ага ыктыяр берип: «О, Зулкарнайн! Эгер сен кааласаң буларды өлтүрүп же башкача азапка сал, эгер кааласаң аларга жакшылык кыл» – деп айттык.","Зулкарнайн айтты: «Биз аларды Аллахка сыйынууга чакыргандан кийин кимиси Аллахка ширк кылып, андан кайтпай турган болсо, анда биз аны бул дүйнөдө өлүм менен жазалайбыз. Кийин кыяматта Раббисине кайтканда, аны оор жаза менен жазалайт.","Ал эми алардын кимиси Аллахка ыйман келтирсе, жакшылык иштерди кылса, анда ага бейиш болот. Бул анын Раббисине келтирген ыйманынын жана кылган жакшы иштеринин сыйлыгы. Биз ага Өз буйругубуздан кичипейилдик, жумшактыкты камтыган сөздөрдү айтабыз».","Андан соң ал башка жолго түшүп Күн чыгышты көздөй бет алды.","Ал жол жүрүп отуруп, күн чыккан тарапка жетип, күн бир элдин үстүнө тийип турганын көрдү. Ал элге Биз күндөн башка, тура турган үй, көлөкөлөй турган дарак жараткан эмес элек.","Зулкарнайндын чоо-жайы ушундай! Биздин илимибиз андагы болгон күч-кубатты жана бийликти өзүнө камтып алган.","Кийин батыш менен чыгыштын ортосундагы башка жолго түштү.","Ал жол жүрүп отуруп эки тоонун ортосунда жайгашкан анча чоң эмес ачык жерге жетти. Ал жерден башкалардын сөзүнө таптакыр түшүнбөгөн элге жолукту.","Алар айтышты: «Оо, Зулкарнайн! Чындыгында Яжуж-Мажуж (адам урпактарынан болгон эки чоң эл) жер бетине кыргын салып, ар кандай бузукулук иштерди жасап жатышат. Биз сага акы катары дунүйө, мал-мүлк чогултуп берели, а сен бизге алар менен ортобузду тоскон тосмо дубал кылып бербейсиңби?».","Зулкарнайн айтты: «Раббим мага ырыскы кылып берген байлык жана бийлик силер бере турган дүнүйө, мал-мүлккө караганда жакшыраак. Андан көрө кишилериңер, аспап-куралдарыңар менен мага жардам бергиле, мен силер менен алардын ортоңорго тосмо куруп берейин».","Темир сыныктарын алып келгиле! Алар алып келишип, эки тоонун ортосуна толтуруп жыйышты. Качан аларды тоо менен теңме-тең кылышканда жумушчуларга: «Эми бул темирлерге отту үйлөткүлө!» – деди. Темир сыныктары кыпкызыл болуп кызыганда айтты: «Эми эриген жезди алып келгиле, үстүнө куям».","Анан Яжуж-Мажуж тосмонун бийиктигинен анын үстүнө да чыга албай, анын бекемдигинен этек жагын теше да албай калышты.","Зулкарнайн айтты: «Бул тосмо – Раббимдин ырайымдуулугу. Ал Яжуж-Мажуж менен жер бетинде бузукулук кылуунун ортосун тосуп турат, аларга бузулук кылууга жол бербейт. Кыямат кайымдын алдында Аллах аларды чыгара турган убактысы келгенде аны жер менен бирдей кылып тегиздеп коёт. Яжуж-Мажуждун чыгуусу жөнүндө тосмонун жер менен бирдей кылып тегиздөөсүнө берген Аллахтын убадасы сөзсүз аткарылары анык».","Акыр заманда Биз кээ бир адамдарды бири-бирине аралаштырып, башаламан таштап коёбуз жана сурнай-керней тартылганда сурак алыш үчүн, сыйлык-жазаларын бериш үчүн жаратылган нерселердин баарын чогултабыз.","Биз каапырларга өз көзү менен тозокту ачык көрсөтөбүз.","Биз тозокту бул дүйнөдө Аллахтын эскертмесине көздөрү көр болгон каапырларга көрсөтөбүз. Анткени алардын көздөрүндө ал эскертмелерден тоскон тосмо болгон. Ошондуктан алар Аллахтын аяттарын кабыл алуу менен уга алышпайт.","Аллахка каапырлык кылгандар Менден башка периштелерден, пайгамбарлардан жана шайтандардан болгон кулдарымды кудай кылайын деп ойлоп жатышабы?! Чындыгында Биз каапырларга тозокту турак-жай кылып даярдап койдук.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, адамдар! Иштеринде эң чоң зыян тарткан адамдар тууралуу айтайынбы?».","Алар бул дүйнөдө кылган аракеттери кыямат күнү жокко чыкканын көрүшөт. Бирок алар жакшы аракеттерди кылып жатабыз, келечекте бул иш-аракеттерибиздин пайдасын көрөбүз деп ойлошкон. Аныгында анын тескериси болду.","Алар Раббисинин жалгыздыгын билдирген аяттарга, Ага жолугууга каапыр болушкандар. Алар каапырлык кылышканы себептүү кылган иш-аракеттери күйүп кетти. Кыяматта Аллахтын алдында алардын эч кандай кадыры болбойт.","Алар Аллахка каапырлык кылышканы үчүн, пайгамбарларымды жана түшкөн аяттарымды шылдың кылышканы үчүн тозокко кирүү – алар үчүн даярдалган жаза.","Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандарга сый-урмат катары бейиштердин эң бийик жери турак жай болот.","Ал жерде түбөлүк калышат, ал жактан көчүүнү каалашпайт. Анткени ага эч бир сыйлык тең келбейт.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббимдин сөздөрү чексиз көп. Эгерде аны жазууда деңиз сыя катары колдонулса, анда Аллахтын сөздөрдү түгөнгүчө эле деңиздин суусу түгөнүп калмак. Эгер башка деңиздерди да алып келсек, алар дагы түгөнмөк».","Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен силер сыяктуу эле адаммын. Мага “чыныгы кудайыңар жалгыз Кудай. Анын шериги жок. Ал – Аллах” деп вахий түштү. Кимде-ким Раббисине жолугуудан корксо, анда Анын шариятына ылайык иш-аракет кылсын, аны Аллах үчүн чын ыкластан аткарсын жана сыйынууда Ага эч кимди шерик кылбасын».","Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.","Бул Раббиңдин пендеси Закарияга болгон ырайымдуулугун эскерүү. Андан сабак алуу үчүн аны сага баяндайбыз.","Дуба тез кабыл болуусу үчүн Раббисине жашыруун дуба кылганын эсте.","Ал мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Менин сөөктөрүм алсырап, чачымды ак басты. Мен Сага кылган дубамда бактысыз болбодум. Тескерисинче, менин ар бир кылган дубамды кабыл кылдың.","Туугандарым дүнүйө менен алек болушкандыктан алар мен өлгөндөн кийин диндин милдеттерин аткарбай коюуларынан коркомун, менин аялым төрөбөйт жана тукумсуз. Андыктан мага жардамчы боло турган Өзүң тараптан перзент бере көр.","Ал менден жана Якубдун үй-бүлөсүнөн пайгамбарлыкты мурас кылсын. Оо, Раббим! Аны дининде, кулк-мүнөзүндө жана илиминде башкалар андан ыраазы болгон адам кыла көр.","Аллах анын дубасын кабыл кылды жана аны мындай деп чакырды: “Эй, Закария! Биз сени кубанткан нерсени сага кабарлайбыз, дубаңды кабыл кылдык жана сага Яхья аттуу баланы бердик, бул ысымды буга чейин андан башка эч кимге ыйгарган эмеспиз.","Закария Аллахтын кудуретине таң калып мындай деди: «Аялым төрөбөйт жана тукумсуз, мен ал-күч кетип, картайып калдым, анан кантип балалуу болмок элем?!».","Периште мындай деп жооп берди: “Абал, сен айткандай аялың төрөбөйт, сен да картайып өмүрүңдүн аягына жетип, алдан-күчтөн тайдың. Бирок Раббиң мындай деп айтты: “Яхьяны төрөбөс энеден жана өмүрүнүн аягына жетип калган атадан Раббиңдин жаратуусу жеңил. Оо, Закария! Мен сени бул нерселерден алдын жараттым. Анда сен эскериле тургандай эч нерсе эмес элең. Анткени сен анда жок болчусуң”.","Закария (Аллахтын саламы болсун) мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Периштелер мага сүйүнчүлөгөн нерсенин ишке ашуусун далилдеп, көңүлүмдү тынчтанткан мага бир белги бер” – деди. Аллах: «Сен сүйүнчүлөнгөн нерсенин ишке ашуусунун белгиси — сен эч себепсиз эле, ден соолугуң чың туруп эле, үч күн тилден каласың» – деди.","Ошентип Закария ибадатканадан элине чыгып, аларга: “Эртели-кеч Аллахты аруулагыла” – деп сөзү жок ишарат кылды.","Ошентип, анын баласы Яхья төрөлдү. Ал балагатка жеткенде ага: “Оо, Яхья! Тооратты олуттуулук менен бекем кармангын” – деп айттык. Ал жаш кезинде эле Биз ага түшүнүк, илим, олуттуулук жана чечкиндүүлүк бергенбиз.","Аны Бизден болгон ырайымга бөлөдүк жана аны күнөөлөрдөн тазаладык. Ал Аллахтын буйруктарын аткарган жана тыюуларынан тыйылган такыба эле.","Ал ата-энесин ыраазы кылып, аларга аяр мамиле жасаган, ар дайым жакшылык кылган, Аллахка жана аларга баш ийбей текеберленип, Раббисине же ата-энесине эч убакта күнөөкөр болгон эмес.","Ал төрөлгөн жана өлгөн күнү, бул жашоодон чыккан күнү жана Кыямат күнү кайра тириле турган күнү ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун. Бул үч баскыч адам өтө турган эң кооптуу баскычтар. Эгерде ал бул жайларда коопсуз болсо, анда ага башка жайларда коркунуч болбойт.","Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Мариямдын кабарын эстегин. Ал үйүнөн алыстап чыгыш тараптагы бир жерде адамдардан бөлүнүп жалгыз болгон.","Ал Раббисине ибадат кылып жаткан абалында элге көрүнбөш үчүн, өзүнчө бөлүнүп өзү үчүн тосмо жасап алган. Ошондо Биз ага Жебирейилди жибердик. Ал кадимки эле жаратылган адамдын кейпинде келди. Анын ниети жаман окшойт деп коркуп кетти.","Көркөм келбетте жаратылган адамдын сүрөтүндө ага карай бет алып келе жатканын көрүп Мариям: “Эй, киши! Мен сенден жамандык жетүүсүнөн Чексиз Мээримдүү Аллахтын коргоосун сураймын, эгер сен Аллахтан корккон такыба болсоң, анда сен Аллахтан коркуп жаман ишке барбайсың” – деп айтты.","Жебирейил периште: “Мен адам эмесмин. Мен болгону сага жакшы жана табияты таза, берекелүү наристе белек кылуу үчүн Раббиңдин сага жиберген элчисимин”.","Мариям таң калып: “Мага эркек да башка да жакындабаса жана менин боюмда бүткүдөй зынакор аял болбосом, анан кантип мен балалуу болмок элем” – дейт.","Жебирейил ага мындай деп айтты: “Туура, сен айткандай күйөө да жана башкасы да сага жолобогону анык, сен зынакор да эмессиң. Бирок сенин Раббиң мындай деп айтты: “Баланы атасыз жаратуу Мага жеңил. Андыктан сага берилген перзент Аллахтын кудуретине адамдар үчүн белги болуп калат жана Бизден сага жана ага ыйман келтиргендерге ырайым болот. Сенин бул балаңды жаратуу Сакталган Тагдыр китебинде жазылган Аллахтын буйруган тагдыры болду.","Периште үйлөгөндөн кийин боюнда болуп, адамдардан алыс болгон жерге кетти.","Анан анын толгоосу кыйнап, аны курма дарагынын өзөгүнө алып келди. Мариям (ага Аллахтын саламы болсун) ага: «Аттиң, бул күнгө чейин өлүп калсам кана! Мен тууралуу жаман ой болбостугу үчүн, эч бир эскерилбегендерден болсом кана!» – деди.","Бутунун астынан Иса Мариямга мындай деп кайрылды: “Кайгырба, Раббиң сенин астыңда иче турган суу арык кылды.","Курманын өзөгүн кармап туруп кыймылдатсаң, сага жаңы бышкан курмалар түшөт. Ошол замат курмалар күбүлүп түштү.","Жаңы бышкан курмадан же, суудан ич, балаң менен кубанычка батып, эч капаланба! Эгер адамдарга жолугуп калып, алар сенден бала тууралуу сурашса, аларга: «Раббим үчүн эч бир сөз сүйлөбөйм деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Андыктан бүгүн эч кимге сүйлөбөймүн»,– деп жооп бер.","Мариям баласын көтөрүп алып элине келди. Эли аны жактырбай: «Оо, Мариям! Кайдагы бир атасы жок баланы алып келгениң өтө жийиркенерлик уят иш!» – дешти.","Оо, Харунга окшоп ибадат кылган карындашы! (Харун такыба адам болгон.) Сенин атаң да апаң да зынакор эмес болчу. Сен такыбалыгы менен белгилүү үй-бүлөдөнсүң. Анан кантип атасы жок баланы алып келдиң?!","Ал бешикте жаткан баласы Исаны жаңсап көрсөттү. Ошондо эл таң кала: «Бешикте жаткан бала менен кантип сүйлөшмөк элек?!» – деди.","Иса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун): «Чындыгында мен Аллахтын кулумун. Ал мага Инжилди берип, мени пайгамбар кылды.","Кайда барбайын мени адамдарга пайдалуу, берекелүү кылды. Ал мага өмүр өткүчө намаз окууну жана зекет берүүнү буйруду.","Ошондой эле энеме жакшы мамиле кылууну буйруду жана Ал мени ибадатта текеберленген, күнөөкөр болгондордон кылбады.","Мен туулган, өлгөн жана кыяматта кайра тирилген күндөрдө мага шайтан менен анын жан-жөкөрлөрүнөн коргоо болсун! Жалгыздыкта калган мына ушул үч жайда шайтан мага эч зыян келтирген жок».","Мына ушул сыпаттар таандык болгон адам – Иса пайгамбар. Бул айтылган сөз дагы Акыйкат Аллахтын сөзү. Иса тууралуу шектенип талашып тартышып адашкандардын айткан сөзү эмес.","Балалуу болуш Аллахка ылайык эмес! Ал мындан таза жана аруу! Эгер Ал бир нерсени кааласа, анда ага «бол!» деп айтып койгону эле жетиштүү, ал нерсе ошол замат сөзсүз ишке ашат. Ким ушундай болсо, анда ал балалуу болуштан аруу.","Чындыгында Аллах – менин Раббим жана баарыңардын Раббиңер! Ага гана чын ыкластан ибадат кылгыла! Мен силерге айткан нерсе – мына ушул Аллахтын ыраазылыгына жеткирген туура жол.","Кийин алар Иса тууралуу талашып тартышып отуруп, эл ичинде топторго бөлүнүп кетишти. Кээ бирлери ага ыйман келтирип, “ал пайгамбар” дешти, жөөттөргө окшогон башкалары ага каапырлык кылышты. Ошол сыяктуу кээ бир топтор “ал кудай” дешти. Башкалары болсо ал “кудайдын баласы” дешти. Аллах бул нерселерден аруу! Улуу кыямат күнүндө күбөлөр болгондо ал тууралуу талашып тартышкандарга азап болсун! Анткени ал күндө ар кандай көрүнүштөр, сурак жана жаза болот.","Ал күндө алар даана көрүшөт жана даана угушат. Ал кезде угушса дагы укканы пайда бербейт, көрүшсө дагы көргөнү пайда бербейт. Бирок залимдер бул дүйнөдө туура жолдон анык эле адашууда. Аларга акырет капыстан келгенге чейин зулумдук кылганын токтотмок турсун, эч даярдык көрүшпөйт.","Оо, пайгамбар! Адамдарга өкүнүч күндү эскерт! Пенделердин китептери ачылып, сурак берип бүткөндө жана ар бир адам кылган ишинин акыбетин көргөндө жамандык кылган адам кылган күнөөлөрүнө өкүнөт, жакшылык кылган адам көп ибадат кылбай калганына өкүнөт. Алар бул жашоодо дүйнөгө азгырылып, акыретке жеңил карап жана кыямат күнүнө ыйман келтиришкен эмес эле.","Чындыгында бүткүл жаратылыш жок болгондон кийин Биз Өзүбүз калабыз, жерди жана жер бетинде алар жок болуп Биз калгандан кийин андагы нерселерди Өзүбүз мураска алабыз. Биз аларга ээликке бергенбиз, аларга Өзүбүз каалагандай иш жүргүзгөнбүз. Эми алар сурак берип жаза-сыйлыгын алыш үчүн Бизге гана кайтат.","Оо, пайгамбар! Сага түшкөн Курандагы Ибрахим (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) тууралуу кабарды эстегин. Чындыгында ал өтө чынчыл жана Аллахтын аяттарына анык ишенген Аллах тараптан келген пайгамбар эле.","Ал атасы Азарга айтты: «Оо, атаке! Эмнеге Аллахтан башка кудайларга сыйынып жатасыз? Алар сиздин кылган дубаңызды да угушпайт, кылган ибадаттарыңызды да көрүшпөйт, сизди зыяндан коргоп, сизге пайда да келтире алышпайт го?.","Оо, атаке! Сизге келбеген нерсе мага вахий жолу аркылуу илим болуп келди. Мени ээрчисеңиз сизге туура жолду көргөзөм.","Оо, атаке! Шайтанга баш ийип сыйынбаңыз! Чындыгында шайтанды Адамга сажда кыл деп буйруганда, ал Чексиз Ырайымдуу болгон Аллахка каршы чыккан.","О, атаке! Эгер каапыр боюнча өлсөңүз, сизге Ырайымдуунун азабы болорунан корком. Анда шайтанды дос кылганыңыз үчүн азапта аны менен бирге болосуз.","Азар баласы Ибрахимге айтты: «Эй, Ибрахим! Сен мен сыйынган кудайларымдан баш тартып жатасыңбы? Эгерде кудайларымды сөккөнүңдү токтотпосоң, таш менен уруп өлтүрөм. Узак убакка чейин көзүмө көрүнбө, мага эч сүйлөбө, жаныма жакын жолобо!».","Ибрахим (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) атасына айтты: «Саламатта калыңыз! Мен сизге зыян келтирбейм. Раббимден сиз үчүн кечирим жана туура жол сурайм. Чындыгында Ал мага өтө Мээримдүү.","Мен силерди жана силер сыйынып жаткан Аллахтан башка кудайыңарды таштап кетем жана бир гана Раббиме дуба кылам жана Ага эч бир нерсени шерик кылбайм. Эгер Ага дуба кылсам, ал дубамды кабыл кылбай коюп, ал себептүү бактысыз болуп калбаймын деп үмүттөнөм».","Аларды жана алар сыйынган Аллахтан башка кудайларын таштап кеткенде ал жоготкон үй-бүлөсүнүн ордуна баласы Исхакты жана андан небереси Якубду бердик. Ал экөөнү тең пайгамбар кылдык.","Биз аларга пайгамбарлык менен бирге Өз ырайымыбыздан көптөгөн жакшылыктарды берип, аларга адамдар ар дайым мактоо сөздөрдү айта тургандай кылып койдук.","Оо, пайгамбар! Сага түшкөн Курандагы Муса тууралуу кабарды эсте. Чындыгында ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон.","Биз Муса турган жерден алганда тоонун оң тарабынан аны чакырдык. Аллах ага сөзүн угузуш үчүн акырын үн менен чакырып аны Өзүнө жакындатты.","Муса өз Раббисинен дуба кылып сурагандыгы үчүн Биз ага Өз ырайымыбыз жана жакшылыгыбыз менен жооп катары бир тууганы Харунду пайгамбар кылып бердик.","Эй, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Исмаилдин (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) кабарын эсте. Чындыгында ал убадасына бекем, кандай гана убада бербесин, аны сөзсүз аткарган элчи-пайгамбар эле.","Ал өз элине намаз окууну жана зекет берүүнү буйруган. Ал өз Раббисинин ыраазылыгына ээ болгон.","Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Идристин кабарын эстегин. Чындыгында ал аябай чынчыл жана Раббисинин аяттарын тастыктаган Аллахтын пайгамбарларынан эле.","Биз ага пайгамбарчылык берген себептүү анын кадырын көтөрдүк. Анын даражасы жогору болду.","Бул сүрөөдө эскерилген пайгамбарлар Закариядан баштап, Идрис пайгамбар менен аяктайт. Аллах Адам атанын урпактарынын кээ бирине жана Нух пайгамбар менен кемеге түшкөн адамдардын урпактарынын айрымдарына, ошондой эле Ибрахим менен Якубдун урпактарынын кээ бирине пайгамбарлыкты жакшылык кылып берди. Биз алардын кээ бирлерин туура жолго багыттап, Исламга киргиздик. Биз алардан адамдарды тандап, пайгамбар кылдык. Алар Аллахтын аяттары окулганын укканда, Аллахтан коркуп ыйлаган абалда сажда кылышат.","Бул тандалган пайгамбарлардан кийин жамандыкты ээрчиген жана туура жолдон адаштырган адамдар келген. Алар намазды Аллах талап кылгандай аткарбай калышты, зына жана башка напсилери каалаган күнөө иштерди кылгандыктан, алар жакында жамандыкка жана өкүнүчкө дуушар кылуучу тозокто болушат.","Ал эми ким кылган кемчилиги жана кош көңүлдүк кылгандыгы үчүн тообо кылып Аллахка ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, ушул сыпаттар менен сыпатталса, анда алар бейишке кирет. Алардын кичинеби, чоңбу жакшылык иштеринин соопторунан эч нерсеси кемибейт.","Ырайымдуу Аллах ыймандуу пенделерин түбөлүк кала турган бейиштерге киргизем деп кайыптан убада кылды. Алар аны көрбөсө дагы ага ыйман келтиришти. Аллахтын бейиш тууралуу убадасы кайып болсо дагы сөзсүз келет.","Алар ал жактан ашыкча жана бузуку сөздөрдү угушпайт. Тескерисинче, бири-бирине берген саламды жана периштелердин аларга айткан саламдарын гана угушат. Ал жайда алар каалаган тамак-аш эртели-кеч даяр турат.","Мына ушундай сыпаттарга ээ болгон бейишти буйруктарга баш ийген жана тыюуларды таштаган пенделерибизге мурас кылып беребиз.","Оо, Жебрейил! Мухаммадга айт: «Чындыгында периштелер өз билемдиги менен түшпөйт. Алар Аллахтын буйругу менен гана түшүшөт. Биз келечекте көрө турган акырет иштери, артта калтырган дүйнө иштери жана акырет менен дүйнөнүн ортосундагы иштер Аллахка гана таандык. Эй, пайгамбар! Раббиң эч бир нерсени унутпайт».","Ал асмандар менен жердин Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Жана экөөсүнүн ортосундагылардын Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Андыктан Ага гана сыйын! Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. Ага ибадат кылууда бекем тур! Сыйынууда шерик боло тургандай Ага теңдеш жок.","Кайра тирилүүнү жокко чыгарган каапыр адам шылдың кылып: «Эгер мен өлсөм, кийин экинчи жолу да кайра тирилип кабырдан чыгат бекенмин?!» — деп айтат.","Кайра тирилүүнү жокко чыгарган ошол адам ойлонбойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес болгон кезинде жаратканбыз го?! Ал абалкы жаратууну экинчи жаратууга далил кылып жатат. Бирок Аллах үчүн экинчи жаратуу жеңил жана оңой.","Оо, пайгамбар! Раббиңе ант, Биз аларды адаштырган шайтандары менен кошо кабырларынан сөзсүз чыгарып, сурак майданына чогултабыз. Андан соң аларды кордолгон, чөгөлөгөн абалда тозоктун эшиктерине айдап барабыз.","Андан соң адашкан ар бир топтун арасынан баш ийбей аша чапкан башчыларын катуулук менен күчкө салып сууруп чыгабыз.","Анан Биз алардын кимиси тозокко кирүүгө жана анын ысыгынын азабына канчалык татыктуу экендигин жакшы билебиз.","Эй, адамдар! Силердин ар бириңер сөзсүз түрдө тозоктун үстүнө курулган Сырат көпүрөсү аркылуу өтөсүңөр. Бул өтүүңөр Аллах өкүм кылган кескин өкүм. Анын өкүмүн эч ким жокко чыгара албайт.","Андан соң Биз Сыраттан өтөөрдө Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап, Андан корккондорду куткарып, ал эми залимдерди чөгөлөгөн абалда калтырабыз. Алар андан эч кайда кача алышпайт.","Биздин элчибизге түшкөн ачык-айкын аяттарыбыз адамдарга окулганда каапырлар мусулмандарга: «Кимибиздин жашаган, отурган, чогулган жайы жана жамааты жакшыраак? Силердикиби же биздикиби?» – деп айтышат.","Байлыктарынын көптүгүнө чиренип жаткан бул каапырлардан мурда булардан да байыраак, кийимдеринин кымбаттыгы жана дене-мүчөлөрүнүн сымбаттыгы жактан булардан да мыкты болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Кимде-ким адашып, темселеп жүрсө, анын адашуусу дагы күч алыш үчүн Ырайымдуу Аллах аны тим коёт. Качан алар убада кылынган азаптын бул дүйнөдө эрте келгенин же кыяматта кечигип келгенин көрүшкөндө гана алар тараптынбы же мусулмандар тараптынбы кимисинин даражасы төмөнүрөөк, колдоочусу азыраак экенин билишет».","Аллах залимдерди күч алган адашууга таштаган болсо, ал эми ыйман келтирип туура жолго түшкөндөрдүн ыйманын, ибадатын көбөйтөт. Оо, пайгамбар! Түбөлүк бакытка жеткирген жакшылык иштер – сыйлык жана натыйжа жактан Аллахтын алдында пайдалуураак.","Оо, пайгамбар! Биздин далилдерибизге каапырлык кылып жана аларга азап болуусуна берген убадабызды четке кагып: “Эгерде мен өлүп кайра тирилсем, анда мага сөзсүз көптөгөн байлык жана бала-чака берилет” деп жаткан адамды көрбөйсүңбү?!","Эмне, ал сөзүн далил менен айткандай кайыпты билип алыптырбы?! Же Аллахтын алдында аны сөзсүз бейишке киргизет жана ага сөзсүз байлык, бала-чака берет деген келишими бар бекен?!","Ал ойлогондой эмес! Биз анын айткандарын жана кылгандарын жазып коёбуз. Жана жалган айткандыгы үчүн катуу азап тарттырабыз.","Биз аны жок кылгандан кийин анын байлыгы жана бала-чакасы Бизге мурас болот. Кыямат күнү алар бизге жалгыз мурда жыргап пайдаланган байлыгы жана бийлиги тартылып алынган абалда келишет.","Мушриктер өздөрүнө жардамчы жана колдоочу болот деп Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышты.","Алар ойлогондой болбойт! Алар Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайлары кыямат күнү алардын сыйынгандарын четке кагышат, алардан баш тартышат жана аларга душман болушат.","Оо, пайгамбар! Көрбөйсүңбү, чындыгында Биз шайтандарды жиберип, аларды каапырлардын үстүнөн башкартып койдук. Аларды күнөө кылууга жана Аллахтын дининен тосууга козутушат.","Оо, пайгамбар! Аллахтан аларды тезирээк кыйратуусун сурап шаштырба! Чындыгында Биз алардын өмүрүн тактык менен эсептеп койдук. Качан аларга берилген убакыт бүткөндө татыктуу жазасын беребиз.","О, пайгамбар! Кыямат күндү эсте, ал күндө Раббисинин буйругун аткарган, тыюусунан тыйылган такыбаларды ызат-сыйдын үстүнө чогултабыз.","Каапырларды болсо чаңкаган абалда тозокко алып барабыз.","Ал каапырлар бири-бирине шапаат кыла алышпайт. Бул дүйнөдө Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтирип Анын алдында убада алгандар гана шапаат кыла алышат.","Жөөттөр, христиандар жана кээ бир мушриктер: «Ырайымдуу Аллахтын баласы бар» – дешти.","Эй, ушул сөздү айтып жаткандар! Силер өтө коркунучтуу нерсени айттыңар.","Бул коркунучтуу сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор кулап бытырап кетчүдөй болуп турат.","Мына ушунун баарысы алар «Ырайымдуунун баласы бар» дегендери үчүн! Аллах бул нерседен аруу жана жогору.","Ырайымдуу Аллах бул нерседен аруу болгону үчүн Анын бала асыроосу туура эмес!","Чынында, асмандардагы бардык периштелер, адамдар жана жиндер кыямат күнү Раббисине моюн сунуп келишет","Аллах аларды толук билет жана алардын так эсебин алган. Алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес.","Алардын ар бири кыямат күнү эч бир колдоочусу жок, байлыгы жок жалгыз келет.","Чындыгында Аллахка ыйман келтирип жана Ал ыраазы болгон жакшы иштерди жасагандар үчүн Өзүнүн жана пенделердин аларга болгон сүйүүсүн жаратат.","Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз бул Куранды тилиңе жеңил кылдык. Аны буйруктарды аткарган, тыюуларды таштаган такыбаларга куш кабар беришиң үчүн жана акыйкатка моюн сунбай текеберлик кылгандарды, аша чаап душмандык кылган адамдарды коркутуп-эскертүүң үчүн түшүрдүк.","Биз сенин коомуңдан мурун нечендеген коомдорду кыйратып жок кылганбыз. Сен бүгүн ал коомдордун бирөөсүн болсо да сездиңби?! Же алардын шыбыр эткен үндөрүн уктуңбу?! Аллах каалаган учурда алардын башына түшкөн нерсе башкалардын да башына түшүшү мүмкүн.","Таа-хаа. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.","Оо, пайгамбар! Биз сага бул Куранды коомуңдун сага ыйман келтирбей баш тартканына кейип өз жаныңды кыйнаш үчүн түшүргөн жокпуз.","Биз аны Аллахтан корккон адамдарга эскертме катары түшүрдүк.","Аны Жерди жараткан жана бийик асмандарды жараткан Аллах түшүрдү. Ал – ыйык Куран. Анткени ал Улуу Зат тараптан түшкөн.","Ал Ырайымдуу, Өзүнүн улуктугуна ылайык деңгээлде Аршка көтөрүлдү жана бийиктеди.","Жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда Асмандардагы, Жердеги жана топурак астындагы бардык жаратылгандар жалгыз Ага гана таандык.","Оо, пайгамбар! Сен үнүндү чыгарып же шыбырап сүйлөсөң да Аллах анын баарын билет. Ал сырларды жана андан да жашыруун болгон ичтеги ойлорду билет. Бул нерселердин эч бири Ага жашыруун эмес.","Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын Өзүнө гана кемчиликсиз эң көркөм ысымдар таандык.","Оо, пайгамбар! Сага Имрандын уулу Мусанын кабары келди.","Ал жолдо баратып бир маалда отту көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде туруп тургула! Мен от көрдүм. Мүмкүн барып чок алып келермин же жолду көргөзгөн бирөө-жарымды табармын» – деди.","Ал отко жакын келгенде Аллах таала: «Оо, Муса!» – деп чакырды.","«Мен сенин Раббиңмин! Мени менен сырдашып сүйлөшүү үчүн бут кийимиңди чеч! Чындыгында сен ыйык Тува өрөөнүндөсүң.","Оо, Муса! Менин буйруктарымды жеткириш үчүн Биз сени тандадык. Эми Мен сага вахий кылган нерселерге кулак сал.","«Албетте Мен Аллахмын! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мага гана сыйын жана Мени эстөө үчүн намазды толук аткар!","Ар бир жан кылган жакшы-жаман иштеринин сыйлык-жазасын алыш үчүн кыямат кайым сөзсүз келет жана болот. Мен анын убактысын жашырып койгом, аны эч бир макулук билбейт. Бирок пайгамбар айткан анын белгилерин билишет.","Сени ага ишенүүдөн жана жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүүдөн ага ишенбеген жана напсилери каалаган арам нерселерди ээрчиген каапырлар сени тосуп коюшпасын! Болбосо ал себептүү сен кыйроого учурайсың.","Оо, Муса! Оң колуңдагы эмне?».","Муса айтты: «Бул менин таягым. Басканда таянамын жана койлорума жалбырак күүп беремин. Мындан башка да пайдалары көп».","Аллах айтты: «Оо, Муса! Аны жерге ташта!».","Муса аны таштады эле, ал сойлогон чоң жыланга айланды.","Аллах Мусага айтты: «Таякты кайра ал! Анын жыланга айланганынан коркпо! Сен аны колуңа алганда Биз аны баштапкы абалына келтирип коёбуз».","Жана колуңду колтугуңа сал, ал ала оору эмес аппак нурдуу болуп чыгат. Бул сенин экинчи керемет белгиң болот.","Оо, Муса! Биз кудуретибизди жана сен Аллах тараптан жиберилген элчи экендигиңди билдирген улуу керемет-белгилерибизди көргөзүш үчүн Биз сага ушул эки белгини көргөздүк.","Оо, Муса! Фараонго бар! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти.","Муса айтты: «Раббим! Ызаларга чыдаш үчүн, менин көкүрөгүмдү кенен кыл!","Иштеримди жеңил кыл!","Чечендик менен таза сүйлөөгө жөндөм бер!","Сенин буйруктарыңды жеткиргенде сөздөрүмдү түшүнүүлөрү үчүн.","Мага өз үй-бүлөмдөн иштериме жардам кылган жардамчы бер!","Имрандын уулу Харун бир тууганымды.","Ал себептүү белимди кубаттуу кыл.","Аны пайгамбарчылыкта мени менен шерик кыл!","Сени көп-көп аруулашыбыз үчүн.","Жана Сени көп-көп зикир кылышыбыз үчүн.","Чындыгында Сен бизди көрүп турасың. Биздин ишибиздин эч бири Сага жашыруун эмес».","Аллах айтты: «Оо, Муса! Биз сага сураганыңдын баарын бердик».","Биз сага мындан башка дагы жакшылыктарды кылганбыз.","Ошондо Биз Фараондун айла-амалынан сени сактаган нерселерди апаңдын көңүлүнө илхам кылдык.","Биз ага илхам кылган кезде ага буйрудук: «Ал төрөлгөндөн кийин аны сандыкка салып, аны дарыяга ташта. Кийин дарыя Биздин буйругубуз менен аны жээкке алып чыгат. Ошондо аны Менин жана анын душманы болгон Фараон таап алат». Мен сага Өзүм тараптан сүйүү тартууладым. Ошол себептен сени адамдар жакшы көрөт жана сен Биздин көз алдыбызда, коргообузда жана камкордугубузда тарбияланасың.","Ошондо эжең чыгып сандыктын артынан калбай ээрчип, аны алган адамдарга: «Силерге муну бага турган, эмизип тарбиялай турган адамды көргөзөйүнбү?» — деп жатты. Апаң кайгыдан арылып, кубануусу үчүн сени ага кайтарып, Биз сага жакшылык кылдык. Кийин бир коптту бир уруп өлтүрүп койдуң. Ошондо Биз сени жазадан куткарып калдык. Сен туш болгон бардык сыноолордон сени куткардык. Анан ал жактан кетип, Мадиян элинде бир нече жыл туруп калдың. Эй, Муса! Андан соң сени менен сүйлөшүү белгиленген убакытта бул жакка келдиң.","Мен сага вахий кылган нерсени адамдарга жеткириш үчүн сени пайгамбар кылып тандадык.","Оо, Муса! Бир тууганың Харун экөөңөр Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерибиз менен баргыла! Мага (динге) чакырууда жана Мени эскерүүдө алсыздык кылбагыла!","Фараонго баргыла! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти.","Ага орой мамиле кылбай, сылык-сыпаа сөз айткыла! Балким ал эсине келип, Аллахтан коркуп тообо кылар.","Муса менен Харун (аларга Аллахтын саламаттыгы, тынтыгы болсун) айтты: «Чындыгында биз ага толук үгүт кыла электе эле жазалап баштоосунан же бизди өлтүрүп чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз».","Аллах аларга айтты: «Коркпогула! Мен силерди колдоп жана кубаттап силер менен бирге болом. Аны менен ортоңордо болгон нерсени угуп, көрүп турам».","Ага баргыла да: «Эй, Фараон! Чындыгында биз Раббиңдин элчилерибиз. Исраил урпактарын биз менен коё бер. Алардын балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырып, аларды азаптаба. Биз сага Раббиң тараптан чынчыл экенибизди билдирген далилдер менен келдик. Ыйман келтиргендерге жана Аллахтын туура жолуна ээрчигендерге Аллахтын азабынан кутулуу болот!» – деп айткыла.","Чындыгында Аллах бизге вахий кылды: «Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги азап — Аллахтын аяттарын жалганга чыгаргандарга жана пайгамбарлар алып келген нерселерден баш тарткандарга берилет».","Фараон алар алып келген нерсени четке кагып: «Эй, Муса! Силерди мага жиберди деп ойлоп жаткан Раббиңер ким?» – деп айтты.","Муса айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге өзүнө ылайык келбет-шекил берген жана бардык жаратылган нерселерди түпкү жаралган максаттарына багыттаган Зат».","Фараон айтты: «Каапырлыкта болгон мурунку элдерге эмне болгонун билесиңби?».","Муса Фараонго айтты: «Ал элдерге эмне болгондугунун илими Раббимдин алдындагы сакталган тагдыр китепте. Раббим ал тууралуу илимде адашкан эмес, эч нерсесин унуткан да эмес».","Ал Раббим силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда басууга ылайыктуу жолдорду кылып берди жана асмандан жамгыр суусун түшүрдү. Кийин ал суу менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгарды.","Оо, адамдар! Биз силерге чыгарган адал нерселерден жегиле жана мал-чарбаңарды баккыла! Чындыгында бул айтылган жакшылыктарда акыл ээлери үчүн Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар.","Биз түпкү атаңар Адамды (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) жер топурагынан жараттык. Эгер өлсөңөр, анда силерди көмүп кайра ага кайтарабыз. Кийин кыямат күнү тирилтүү үчүн силерди андан кайра чыгарабыз.","Биз Фараонго тогуз аят-белгилерибиздин баарын көрсөттүк. Ал аларды көрүп туруп жалганга чыгарды жана Аллахка ыйман келтирүүгө жооп берүүдөн баш тартты.","Фараон айтты: «Эй, Муса! Сен сыйкырың менен бизди Мисирден чыгарып, андагы мүлккө ээ болоюн деп келдиңби?».","Оо, Муса! Албетте биз дагы сенин сыйкырыңа окшогон сыйкырды алып келе алабыз. Сен ортобузда бир убакытты белгиле жана белгилүү бир жерди айт. Ал жер биз дагы сен дагы калбай бара тургандай эки тараптын ортосундагы жер болсун.","Муса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) Фараонго айтты: «Ортобуздагы убадалашкан убакыт майрам күн болсун. Анткени түш убака жакын адамдар майрамдаш үчүн чогулушат».","Фараон артка бурулган бойдон кетти. Барып айла-амалкерлерин топтоп, кийин белгиленген убакытта убадалашкан жерге жеңишке жетем деп келди.","Муса Фараондун сыйкырчыларына насаат кылып айтты: «Сак болгула! Адамдарды сыйкырлык менен алдап Аллахка жалган жалаа жаппагыла! Ал силерге Өз азабын жөнөтүп, түп-тамырыңар менен жок кылып коёт. Аллахка жалган жалаа жапкандар сөзсүз зыянга учурайт».","Сыйкырчылар Мусанын сөзүн укканда талашка түшүп калышты жана өз ара шыбырашып сүйлөшө башташты.","Кээ бир сыйкырчылар башкаларына шыбырап: «Чындыгында Муса менен Харун сыйкырчы. Алар сыйкырлары менен силерди Мисирден чыгарууну жана силердин жашооңордо тутунган бийик жолуңарды жок кылууну каалап жатышат.","Ишиңерге бекем болгула, талашып тартышпагыла, сапка тизилип алдыга баскыла, колуңардагы нерселерди баарыңар чогуу таштагыла! Бүгүн ким атаандашын жеңсе, анда ал көздөгөнүнө жетти».","Сыйкырчылар Мусага айтышты: «Эй, Муса! Экөөнүн бирөөсүн танда, сыйкыр көрсөтүүнү сен биринчи баштайсыңбы же биз биринчи баштайлыбы?».","Муса: «Жок, силер биринчи таштагыла!» – деди. Алар өздөрүндөгү нерселерди ташташканда, алардын таштаган аркандары жана таяктары сыйкырдан улам Мусага бат сойлогон жыландардай элес болуп көрүндү.","Муса алардын бул кылгандарынан сестенип кеткенин ичине жашырды.","Аллах Мусанын көңүлүн тынчтандырып мындай деди: «Сага элес болуп көрүнгөн нерселерден коркпо! Оо, Муса! Чындыгында сен жеңиш жана колдоо менен алардан бийиксиң».","Оң колуңдагы аса таякты ташта, ал жыланга айланып, алардын кылган сыйкырларын жутуп коёт. Алардын кылгандары сыйкырлуу айла-амалдан башка эч нерсе эмес. Сыйкырчы кайда болсо дагы максатына жетпейт.","Муса аса таягын таштаганда ал жыланга айланып, сыйкырчылардын кылгандарын жутуп койду. Ошондо сыйкырчылар Мусанын кылганы сыйкыр эмес экендигин жана бул Аллах тараптан гана болгондугун билишип Аллахка сажда кылышты. Алар: «Биз Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик. Ал бардык жаратылыштын Раббиси» – дешти.","Сыйкырчылардын ыйман келтиргендерин Фараон четке кагып, азап менен коркутуп: «Мен силерге уруксат бере электе эле Мусага ыйман келтирдиңерби?! Эй, сыйкырчылар! Көрсө, Муса силерге сыйкырды үйрөткөн башчыңар турбайбы?! Эми мен ар бириңердин колу-бутуңарды кайчылаштырып кесип, тирүүлөй курма дарагына асамын. Бул кылганыңар башкаларга сабак болот! Ошондо кимибиздин азабыбыз оор жана узак экенин анык билесиңер, менинби же Мусанын Раббисининби?!» – деди.","Сыйкырчылар Фараонго айтышты: «Эй, Фараон! Сага ээрчүүнү, бизге келген аят-белгилерге ээрчүүдөн жогору коё албайбыз жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору коё албайбыз. Бизге эмне кылам десең ошону кыла бер! Сен бизге бул убактылуу дүйнөдө гана бийлик кыла аласың, жакында сенин да бийгилиң бүтөт.","Чындыгында биз Раббибизге ыйман келтирдик. Эми Андан каапырлык сыяктуу мурунку күнөөлөрүбүздү кечиришин жана сен бизди үйрөнүүгө, кылууга жана аны менен Мусаны жеңүүгө мажбурлаган сыйкырдын күнөөсүн кечиришин үмүт кылабыз. Аллахтын сыйлыгы сен бизге убада кылган нерсеңден да жакшы жана Анын жазасы сен бизди коркутуп жаткан азабыңдан да узак».","Чындыгында кыямат күнү Раббисине каапыр болуп келген адамдын акыбети ал түбөлүк кала турган тозок оту болот. Ал жактын азабынан кутулбастыгы үчүн ал өлбөйт жана жакшы жашоодо да жашабайт.","Ал эми кыямат күнү Раббисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып келгендерге, мына ушундай улуу сыпаттарга ээ болгондорго бийик даражалар жана жогорку орундар бар.","Бул даражалар – түбөлүк бейиштер. Андагы хансарайлардын алдыларынан дарыялар агып турат, алар анда түбөлүк калышат. Бул айтылган сыйлык – каапырлыктан жана күнөөлөрдөн таза болгон адамдардын сыйлыгы.","Биз Мусага вахий кылдык: «Менин пенделерим менен эч кимге билинбей аманчылыкта Мисирден түндөп жолго чык жана деңизди таягың менен уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү силерге жетип алат деп кооптонбо жана деңизге чөгүп кетүүдөн да коркпо!».","Фараон аскерлери менен бирге алардын артынан түштү. Ошондо деңиз аны жана аскерлерин чөктүрдү. Алардын кандай чөккөндөрүн Аллах гана билет. Алардын баары чөгүп жок болушту. Муса жана аны менен болгондор гана аман калышты.","Фараон каапырлыкты элине кооз көргөзүп аларды адаштырды, жалгандык менен алдады жана аларды туура жолго баштаган жок.","Биз Исраил урпактарын Фараон менен анын аскерлеринен куткаргандан кийин аларга айттык: «Эй, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Тур тоосунун жанында жайгашкан өрөөндүн оң тарабында Муса менен сүйлөшүүнү силерге убада кылдык. Биз силерге чөлдө бал сыяктуу шириндиктерди жана бөдөнөгө окшогон эти даамдуу кичине куштарды түшүрдүк».","Биз силерге ырыскы кылып берген адал тамак-аштарды жегиле! Бирок Биз адал кылганды таштап арам кылган нерселерге өтүп кетпегиле! Болбосо силерге Менин каарым түшөт. Кимге Менин каарым түшсө, анда ал кыйрап жок болот жана эки дүйнөдө бактысыз болот.","Чындыгында Мага тообо кылып, ыйман келтиргендерге жана жакшылык иштерди кылып, туура жолго түшкөндөргө Мен Кечиримдүүмүн.","Оо, Муса! Эмнеге элиңден шашылып, аларды артка калтырган бойдон алдыга озуп кеттиң?","Муса айтты: «Мына алар артымда келе жатышат, жетейин деп калышты. Сени ыраазы кылыш үчүн Сага шашылып элимден алдыга озуп кеттим».","Аллах айтты: «Сен артта калтырып кеткен элиңди Биз торпокко сыйынабы деп сынадык. Аларды ага сыйынууга Самирий чакырды. Ал аны менен аларды адаштырды».","Муса кайтып келгенче эли музоого сыйынып кеткен эле. Аларды көрүп ачууланып, алардын кылганына кайгырып мындай деди: «Эй, элим! Аллах силерге Тооратты түшүрөм, бейишке киргизем деп жакшынакай убада берген эле го?! Же убакыт ошончолук созулуп, унутуп калдыңарбы? Же бул кылганыңар себептүү силерге Раббиңердин каары түшүшүн, азабы келишин кааладыңарбы? Ошон үчүн мен силерге кайтып келгенче моюн сунууда бекем болобуз деген убадаңарды буздуңарбы?!».","Мусага эли айтты: «Эй, Муса! Биз сага берген убаданы өз ыктыярыбыз менен бузган жокпуз. Аргасыздан буздук. Биз Фараондун коомуна тийиштүү көптөгөн зер буюмдарды көтөрө чыккан элек. Кийин андан кутулуш үчүн аны бир чуңкурга таштадык. Биз чуңкурга ыргыткан сыяктуу эле Самирий да өзүндөгү Жебрейилдин атынын туягы баскан топуракты кошо ыргытты.","Самирий ал зергер буюмдардан Исраил урпактарына жансыз музоонун сөлөкөтүн жасап берди. Андан уйдун мөөрөгөнүндөй үн чыгат эле. Самирийдин кылган ишине азгырылгандар айтышты: «Мына ушул силердин жана Мусанын кудайы. Ал аны ушул жерге унутуп таштап кетиптир».","Мына ошол музоого азгырылып сыйынып кеткендер, ал музоо аларга сүйлөй албаганын, жооп кайтара албаганын, алардан жана башкалардан зыянды кетире албаганын, өзүнө жана башкаларга пайда бере албаганын көрбөй жатышабы?!","Муса аларга кайтып келгенге чейин Харун аларга айткан: «Алтындан куюлган музоонун сөлөкөтү жана андан мөөрөгөн үндүн угулганы — силердин ыймандууңарды каапырларыңардан айырмалаш үчүн гана болгон сыноо. Эй, элим! Чындыгында Раббиңер — ырайымдуулук Ээси. Ал силерге ар кандай пайда келтире алуучу, зыяндан коргоочу Зат. Андыктан жалгыз Ага сыйынууда мени ээрчигиле, буйругума баш ийип, Андан башкага сыйынганды токтоткула!».","Музоого сыйынып азгырылып кеткендер айтышты: «Муса бизге кайтып келгенге чейин биз ага сыйына беребиз».","Муса бир тууганы Харунга айтты: «Алардын Аллахтан башка музоого сыйынып адашкандарын көргөн кезде аларды кайтаруудан сени эмне токтотту.","Эмнеге аларды таштап мага келген жоксуң? Мен сени аларга башчы кылып дайындап кеткенимде менин буйругума каршы чыктыңбы?».","Муса бир тууганы Харундун кылганына кыжырланып анын сакалынан жана чачынан тартканда ал мага ырайым кыл дегендей: «Сакалымдан, чачымдан тартпачы. Чындыгында менин алар менен калганымдын себеби бар. Эгерде мен аларды өздөрүн эле таштап койчу болсом, алар бөлүнүп, чачырап кетишеби деп корктум. Ошондо сен мага аларды бөлдүң жана алар тууралуу мага айткан осуятыңды аткарбай койдуң демексиң».","Муса Самирийге айтты: «Эй, Самирий! Бул эмне кылганың? Муну кылышыңа эмне түрткү берди?».","Самирий Мусага айтты: «Мен алар көрбөгөн нерсени көрдүм. Мен Жебреилди ат үстүндө баратканын көрүп, анын аты баскан жерден бир ууч топурак алгам. Кийин аны зергер буюмдардан эритилип куюлган музоонун сөлөкөтүнө чачтым эле, ал музоонун сөлөкөтүнөн мөөрөгөн үн чыкты. Напсим дагы кылган ишимди кооз кылып көргөздү».","Муса Самирийге айтты: «Кеткин! Эми сен өмүрүң өткүчө «мага тийбегилечи, мен да тийбейм» деп кордукта жашап өтөсүң. Кыямат күнү сурак берип жана жазаланарыңа убада бар. Аллах бул убаданы эч качан бузбайт. Сен Аллахтан башка кудай деп сыйынып жаткан музооңду карачы? Биз аны ээригенче отко күйгүзөбүз. Анан эч нерсесин калтырбай деңизге чачып салабыз».","Эй, адамдар! Аллах гана силердин чыныгы кудайыңар. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтып алган. Жана Ага эч бир нерсенин илими жашыруун эмес.","Оо, пайгамбар! Сенин көңүлүңдү көтөрүш үчүн Биз сага Муса менен Фараондун жана алардын коомдорунун окуясын айтып бергенибиз сыяктуу сага мурунку пайгамбарлар менен коомдордун кабарларын да айтып беребиз. Биз сага адамдарды эскертиш үчүн Өз алдыбыздан Куранды бердик.","Ким сага түшкөн бул Курандан жүз бурса, ага ыйман келтирбесе жана андагы айтылгандарды аткарбаса, анда ал кыямат күнү оор күнөөлөрдү көтөргөн жана кыйноочу азапка татыктуу болгон абалда келет.","Алар ал азапта түбөлүк болушат. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман!","Ал күнү кайра тирилтүү үчүн периште сур кернейин экинчи жолу тартат. Биз ошол күнү каапырлар акырет коркунучтарынын катаалдыгын көрүшкөндө өңдөрү жана көздөрү өзгөргөнүнөн көкмөк болуп калган кейипте чогултабыз.","Алар бири-бирине шыбырап айтышат: «Силер өлгөндөн кийинки абалда он күндөй эле турдуңар окшойт».","Биз алардын сыр кылып сүйлөшүп жаткандарын жакшы билебиз. Алардын эч бири бизге жашыруун эмес. Ошондо алардын акылдуурагы: «Силер өлгөндөн кийинки абалда бир эле күн турдуңар» – дейт.","Оо, пайгамбар! Алар сенден кыяматта тоолор кандай абалда болорун сурашат. Аларга айт: «Раббим тоолорду түбүнөн жулат жана аларды чаңдай сапырат.","Ал эми аларды көтөргөн Жерди эч кандай курулуштары жана өсүмдүктөрү жок тептегиз кылып таштайбыз.","Эй, назар салуучу! Сен жердин ушунчалык тегиздигинен андан эч кандай ийриликти, бийиктикти жана ойдуңду көрбөйсүң.","Ошол күнү адамдар сурак майданын көздөй жарчынын үнүн ээрчип жөнөшөт. Аны ээрчүүдөн аларды эч ким бурбайт. Ырайымдуунун урматы үчүн коркунучтан эч кандай үндөр чыкпай калат. Ал күнү шыбыраган үндөр гана угулат.","Ал улуу күндө Аллах шапаат кылууга уруксат бергендерге гана жана шапаат кылууда, сөзүнө ыраазы болгондорго гана шапаат берилип, ал шапаат ошолорго гана пайда берет.","Аллах кыяматтын качан болору сыяктуу адамдардын келечек иштерин да, алардын өтүп кеткен дүйнө иштерин да билет. Бардык пенделердин илими Аллахтын затын жана сыпаттарын камтый албайт.","Пенделердин жүздөрү эч качан өлбөгөн түбөлүк Тирүүгө жана пенделердин иштерин башкарып Туруучуга баш ийишет. Өзүн-өзү кыйроого туш кылып күнөөлөрдү көтөргөн адам кыйрады.","Ким Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган болсо, анда ал сыйлыгын толук алат. Ал өзү кылбаган күнөөсү үчүн азапталып же кылган жакшылык иштеринин сообу кемитилип зулумдук кылынат деп коркпойт.","Биз абалкылардын окуяларын түшүргөн сыяктуу бул Куранды таза араб тилинде түшүрдүк. Жана алар Аллахтан коркушсун же Курандан үлгү-насаат алышсын деген максатта анын ичинде коркутуп сестентүү сыяктуу эскертүүлөрдүн түрлөрүн баяндадык.","Аллах баарынан бийик, баарынан ыйык жана баарынан улук. Ал – бүткүл мүлк Ага гана таандык болгон Падыша. Ал Өзү Акыйкат, Анын сөзү да акыйкат. Аллах ар кандай нерслерге сыйынуучулар айтып жаткан сыпаттардан аруу. Оо, пайгамбар! Сага Жебрейил толук жеткирип бүтө электе эле Куранды аны менен кошо окуганга шашылба! Жана «Оо, Раббим! Мага үйрөткөн илимди көбөйткүн» – деп айт!","Биз мурун Адамга бул дарактан жебегин деп тыюу салып, анын акыры эмне болорун айтып осуят кылганбыз. Ал осуятты унутуп, ал дарактан жеп алды, ага сабыр кыла албады. Биз андан осуятыбызды бекем карманууга болгон туруктуулукту көрө албадык.","Оо, пайгамбар! Биз периштелерге: «Адамга саламдашып сажда кылгыла!» – деп айтканыбызды эстегин. Ошондо Иблистен башка баарысы сажда кылышты. Ал ошол кезде алар менен бирге эле, бирок алардан эмес болчу. Ал текеберленип сажда кылбай койду.","Биз айттык: «Оо, Адам! Чындыгында Иблис сага жана аялыңа душман. Ал силерди азгыруу менен өзүнө баш ийдирип аялың экөөңөрдү бейиштен чыгарып жибербесин. Ошондо сен машакат тартып кыйналып каласың».","Чындыгында сен бейиште ач калбайсың, Аллах сени тоюндурат. Жылаңач калбайсың, Ал Аллах сени кийиндирет.","Чаңкабайсың, Ал суусунуңду кандырат. Күндүн ысыгы өтпөйт, Ал сени күндүн ысыгынан калкалайт.","Шайтан Адамды азгырып мындай деди: «Мен сага бир даракты көргөзөйүнбү, ким андан жесе эч качан өлбөйт, түбөлүк тирүү жашайт жана түгөнгүс мүлккө ээ болот?!».","Ошондо Адам менен Хава жегенге тыйылган дарактан жеп алышты. Анан алардын жабылган авраттары ачылып калды. Ошондо алар бейиштеги дарактардын жалбырактарын үзүп авраттарын жаап башташты. Адам дарактан жебөөгө болгон Аллахтын буйругун аткарбай жана да ага уруксат болбогон ишти кылды.","Кийин Аллах аны тандап, тообосун кабыл кылды жана ага туура жолго түшүүгө ийгилик берди.","Аллах Адам менен Хавага айтты: «Экөөңөр Иблис менен кошо бейиштен түшкүлө! Эми ал силерге, силер ага душмансыңар. Эми силерге Менин жолума багыттаган жолдомо келсе жана силерден ким аны ээрчисе, аны аткарса жана андан бурулбаса, анда ал акыйкаттан адашпайт, акыретте азапталып бактысыз калбайт. Аллах аны сөзсүз бейишке киргизет».","Ал эми ким Менин эскертмемден баш тартып кабыл албаса, ага жооп бербесе, анда ага бул дүйнөдө жана кабырда тар жашоо болот жана кыямат күнү аны далилсиз жана сокур абалда сурак майданына алып барабыз.","Эскертмеден баш тарткан адам: «Оо, Раббим! Эмнеге мени сокур кылып тирилттиң? Дүйнөдө менин көзүм көрчү эле го?» – дейт.","Аллах ага жооп кылып айтты: «Сен дагы ушундай кылгансың, дүйнө жашоосунда сага Биздин аяттарыбыз келгенде, андан баш тартып, аларды таштагансың. Ошол сыяктуу эле сен дагы бүгүн азапта ташталасың».","Мына ушундай жаза менен Биз арам кылган напсинин кызыкчылыктарына берилип кеткендерди жана Раббиси тараптан келген ачык-айкын далилдерге ыйман келтирбегендерди жазалайбыз. Акыреттеги Аллахтын азабы – бул дүйнөдөгү жана кабырдагы тар жашоодон да коркунучтуу, оор жана түбөлүк.","Биз алардан мурун жок кылган көптөгөн коомдордун кабары белгилүү болгон жокпу?! Алар кыйраган коомдордун жашаган жайларында басып жүрүшөт го, алар дуушар болгон нерсенин белгилерин көрүп жатышат го?! Чындыгында ошол көптөгөн коомдордун кыйрап жок болушунда акыл ээлери үчүн үлгү-насааттар бар.","Оо, пайгамбар! Эгерде Раббиң тараптан “Аллах далил алып келбестен туруп эч кимди азаптабайт” деген сөз жана Анын алдында алар үчүн белгиленген мөөнөт болбогондо, анда алар татыктуу болгон азапты тездетмек.","Оо, пайгамбар! Сага карата жалган сыпаттарды айтып жаткан жалганчылардын сөздөрүнө сабыр кыл! Аллахтын алдындагы сен ыраазы болгон соопторго жетиш үчүн күн чыкканга чейинки багымдат намазында, күн батканга чейинки асыр намазында, түн убактыларындагы шам менен куптан намаздарында, күндүздүн биринчи тарабынан кийин күн төбөдөн оогондогу бешим намазында, күндүздүн экинчи тарабы бүткөндөн кийин шам намазында Раббиңе мактоолорду айтып аруула!","Биз сыноо максатта кээ бир жалганчылар үчүн кылган бул дүйнө жашоосунун кооздуктарынан болгон жыргалчылыктарга назар салба! Чындыгында Биз аларга кылган нерселер убактылуу. Ал эми сени ыраазы кылып убада кылган Раббиңдин сообу — бул дүйнөдө аларга берилген убактылуу жыргалчылыктардан жакшыраак жана түбөлүктүү.","Оо, пайгамбар! Үй-бүлөңдү намаз окууга буюр жана сен дагы аны аткарууга сабырдуу бол! Биз сенден өзүң жана башкалар үчүн ырыскы сурабайбыз. Сенин ырыскыңа Биз Өзүбүз кепилбиз. Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги мактоого татыктуу акыбет –Аллахтан корккон, Анын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштаган такыба адамдар үчүн.","Пайгамбарды жалганга чыгарган ал каапырлар: «Мухаммад бизге Раббиси тараптан анын чынчылдыгын жана пайгамбар экендигин далилдеген керемет алып келсе кана?!» — дешти. Ал жалганчыларга асмандан түшкөн мурунку китептерди тастыктаган Куран келди го?!","Эгер Биз пайгамбарды жалганга чыгарган ал жалганчыларды каапырлыктары жана баш ийбестиктери үчүн аларга пайгамбар жибергенге же китеп түшүргөнгө чейин эле азап жибергенибизде, анда алар кыяматта каапырлыктары үчүн кечирим сурап: «Оо, Раббибиз! Дүйнө жашоосунда бизге пайгамбар жибергениңде, Биз ага ыйман келтирип, Сенин азабың себептүү кордукка туш болгонго чейин ал алып келген аяттарга ээрчимекпиз го?!» – деп айтышмак.","Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Баардыгыбыз Аллахтын көргөзгөнүн күтөлү. Силер дагы күткүлө! Жакында силер менен биздин кимибиз туура жолдо экендигинин сөзсүз билесиңер»."]