["Адамдарга өздөрүнүн эсеби (Кыямат) жакындап калды.[1] Алар болсо (Аллах буюрган парыздардан) жүз үйрүгөн бойдон кайдыгер жүрүшөт.###[1] Кыяматтын жакындыгы жөнүндө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: «Мен пайгамбар болуп жиберилдим. Мени менен Кыяматтын арасы мына мындай» деп, сөөмөйү менен ортоңку манжаларын жанаштырып көргөзгөн.","Аларга Раббилери тарабынан жаңы зикир (аят) келсе, (мушриктер) оюнкарактык менен угушту,","жүрөктөрү кайдыгер болуп. Жана залим (каапыр) адамдар: «Бул (Мухаммад) эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу жөнөкөй эле адам (ал «аят» деген нерселер болсо, сыйкыр). Силер көрүп туруп сыйкырга келе жатасыңарбы?» (деп) шыбырап сүйлөшүштү.","(Пайгамбар) айтты: «Менин Раббим Асмандагы, Жердеги сөздү билет. Ал – Угуучу, Билүүчү!»","«Андай эмес», – дешти алар (Мухаммад айтып жаткан нерселер) түштөгү жобурануу, жок, аларды өзү ойлоп чыгарган, жок андай эмес, ал акын. (Эгер пайгамбарлыгы чын болсо, абалкы(пайгамбар)ларга жиберилген сыяктуу бир керемет келтирсинчи, кана?!»","Алардан мурунку Биз кыйраткан шаарлар(дын элдери) ыйман келтирбеген нерсеге ушулар ыйман келтирмек беле?!","(Оо, Мухаммад) Биз сенден мурун (периште же болбосо аял затынан эмес) жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Эгер билбесеңер Зикир (Ыйык Китеп) ээлеринен сурагыла.","Биз пайгамбарларды тамак-аш жебей турган дене (адаттан сырткары табияттуу адам) кылып жаратпадык. Алар түбөлүк жашоочулардан да эмес.","Кийин Биз пайгамбарларга берген убаданы аткарып (каапырларга азап жиберип), пайгамбарларды жана Өзүбүз каалаган (ыймандуу) адамдарды куткарып, чектен чыккандарды кыйратып салдык.","(Оо, пайгамбар менен мусулмандар!) Биз силерге Китеп (Куран) түшүрдүк. Анын ичинде силердин шоорат-даңкыңар бар. Акылыңарды иштетпейсиңерби?[1]###[1] Эгер силер акылыңарды иштетип, Куран көргөзмөсү менен жашасаңар, ишенимиңерде да, ишиңерде да ошого таянсаңар сөзсүз эки дүйнөдө даңктуу адамдардан болосуңар!","Жана Биз (өткөндө) нечен-нечен залым (каапыр) шаарларды кыйратып, алардан кийин (ордуна) башкаларды жараттык.","Алар Биздин азабыбызды(н белгисин) байкаар замат шаардан качып жөнөштү.","«Качпагыла, көңүл ачуучу жайыңарга жана үйүңөргө кайткыла, балким (өлтүрүлбөй бирөөңөрдөн-бирөөңөр) суралган бойдон калаарсыңар» (дешти азаптоочу периштелер какшык менен).","Алар болсо: «Ох, бизге өлүм болсун! Биз залымдардан болуп калган элек!» дешти.","Биз аларды орулган (чөп сыяктуу) кылып тындырып салганыбызга чейин ушул (армандуу) дубалары токтобой турду.","Биз Асман менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагы нерселерди оюн-эрмек үчүн жараткан жокпуз.[1]###[1] Аллах бир нерсени эрмек үчүн жаратуудан Аруу. Тескерисинче Ал бүт ааламды Өз даанышмандыгы менен анык максат менен жаратты. Ааламдын бир бөлүгү болгон инсаниятты болсо, жалгыз Өзүнө ибадат кылуу үчүн жаратты.","Эгер (асман-жерди) эрмек кылып алууну кааласак, Биз аны (эрмек-зоокту) Өзүбүздүн алдыбыздан (асмандардын үстүндөгү жогорку Арштан) деле тапмакпыз, эгер табууну кааласак.","Биз Акыйкатты (Куранды) жалгандын үстүнө таштайбыз жана ал аны эзип, жанчып салат! Анан жалган жок болот. (Оо, Аллахтын шериги, аялы, баласы бар дегендер!) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге (Уайл)[1] азап болсун!###[1] Уайл – тозоктогу өтө катуу азап берилчү бир орундун аты.","Асмандар менен Жердеги нерселердин баары Аллахтын мүлкү. Анын алдындагылар (периштелер) Ага ибадат-кулчулук кылуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт.","(Тескерисинче,) түнү-күнү чарчабай-зерикпей Ага тасбих айтышат.","Же болбосо, жердин өзүнөн эле тирилтүүчү «кудайларды» таап алышканбы?","Эгер Асман менен Жерде Аллахтан башка кудайлар болгондо, экөө тең ойрон болмок. (Улуу, Бийик) Арштын Раббиси болгон Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден Аруу-Таза![1]###[1] Мушриктер «Аллахтын шериги бар. Ар бир иштин, сезимдердин да өз кудайы бар» дешет. Аллах дагы бир аятта бул жалганды төмөнкүчө Акыйкат менен жокко чыгарат: «Аллах бала тутунган эмес, Аны менен бирге дагы бир кудай да жок. Эгер болсо, ар бир кудай өз жараткан нерсеси менен кетип, бири-бирине үстөмдүк көргөзүшмөк. (Мушриктер) Сыпаттаган сыпаттардан Аллах Аруу-Таза!»","Аллах Өзүнүн иши боюнча эч кимге жооп бербейт. Алар жооп беришет (суралышат).","Же, алар Аллахтан башкаларды кудай кылып алыштыбы?! Айткын: «(Андай болсо) далилиңерди алып келгиле! Мына мендеги нерсенин (Курандын) сөздөрү жана менден мурунку нерселердин (Тоорат менен Инжилдин) сөздөрү! Жок, Алардын көпчүлүгү Акыйкатты билишпейт. (Мунун себеби) Алар жүз буруп кетишкен!","(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылдык.","(Мушриктер): «Чексиз Ырайымдуунун[1] баласы бар» дешти. Аллах бала күтүүдөн Аруу-Таза. Андай эмес, алар (периштелер) урматтуу пенделер.[2]###[1] «Чексиз Ырайымдуу» арабчасы Ар-Рахман – Аллах тааланын 99 ысымы жана сыпаттарынан бири. \t[2] Араб мушриктери: «Периштелер – Аллахтын кыздары» дешкен. Бул аят алардын сөздөрүн жалганга чыгарып, периштелердин чыныгы сыпатын баяндап берүүдө.","Алар Андан (Аллахтан) озунуп сүйлөшпөйт. Алар анын буйругун гана аткарышат.","(Аллах) Алардын келечектерин да, өтмүштөрүн да билет. Алар (Аллахтын алдында) Ал каалагандар үчүн гана колдоочу боло алышат. Алар Аллахтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат.","Алардын кимиси «мен – кудаймын» десе Биз аны тозок менен жазалайбыз. Биз залимдерди ушундай жазалайбыз.","«Каапырлар билишпейби, асмандар менен жер (мурда) бири-бирине жабышып турган болчу. Кийин Биз алардын ортосун бөлүп койдук. Жана Биз ар бир тирүү нерсени суудан[1] жараттык. Ыйман келтиришпейби?!»###[1] Илгери асманда не булут, не жамгыр болгон эмес. Жерде да пайдалуу өсүмдүктөр, дарыя-деңиздер болгон эмес. Бардыгы тосулган, кулпуланган эле. Анан Аллах сууну жаратуу менен, аны буулантып асманга көтөрүп, булут, жамгыр жаратып, ошонун шарапаты менен жер «тирилди».","Жана адамдарды жер бетинде бекем кармап турсун деп тоолорду жараттык. Жана элдер туура жол таап (адашпай) жүрсүн деп өрөөн – жолдорду жасап койдук.","Жана асманды корголгон там кылдык.[1] Алар Биздин (бул) аян-белгилерибизден жүз бурушууда!###[1] Асман Аллахтын Кудурети менен корголуп турат. Анын жылдыздары төгүлүп кетпейт. Күн нурунун зыяндуу болгондорун белгилүү катмарлар (озон) кармап калат. Ошондой эле, эң жогорку асмандар жин-шайтандардын чабуулунан, сагаалап, кайып кабар уурдоосунан корголгон.","Ал күндүз менен караңгылыкты, Күн менен Айды жаратты. Бардыгы Асманда сүзүп жүрүшөт.","(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун да эч бир адамды түбөлүк жаратпадык. Эмне, сен өлүп, алар (мушриктер) түбөлүк жашайт бекен?!","Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. (Ошого чейин) Биз силерди (кээде) жакшылык, (кээде) жамандык менен сынайбыз. Жана (өмүрүңөр бүткөндө) Өзүбүзгө кайтарыласыңар.","Эгер сени каапырлар көрсө (бири-бирине) силердин (Аллахтан башка) кудайыңарды (буларга сыйынып болбойт деп) тилге алган ушулбу?» деп шылдыңдашат. Алар Чексиз Ырайымдууну эскерүүдөн каапыр болушууда.","Инсан сабырсыз жаратылган. (Оо, каапырлар,) жакында силерге белгилеримди (азапты) көргөзөмүн, Мени шаштырбагыла!","Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, жанагы убада (азап) качан?» – дешет.","Эгер каапырлар жүздөрүнөн жана жондорунан тозок отун тосо албай, жардамсыз калган мезгилди (кыяматты) билгенде (андай сөздөрдү айтпайт эле).","(Кыямат) Аларга капыстан келет. Ошондо алар аны кайтаруудан алсыз болуп, коркуудан селейип калышат. (Анда) аларга (тообо кылуу үчүн) мөөнөт берилбейт![1]###[1] Кыяматтын белгилери келип, бүт ааламдык катастрофалар (кыйроолор) башталганда, алар мунун кыямат экенин түшүнүп, «Оо, Аллах! Бизге мөөнөт бер, Өзүңө ибадат кылууга үлгүрүп калалы!» деп, жалдырап калышат.","(Оо, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.","Айткын: «(Эй, каапырлар) Силерди түндө же күндүзү (азап жиберчү болсо) Чексиз Ырайымдуудан ким коргой алат?! Тескерисинче, алар Раббилерин(ин азабын) эскерүүдөн жүз бурушту.","Же Бизден бөлөк коргоочу кудайлары барбы?! Ал кудайлар (силерге эмес) өздөрүнө да жардам бере албайт. Жана Бизден да эч бир жардамга ээ боло алышпайт.","Жок, аларды да, ата-бабаларын да өмүрү узун болгонго чейин Биз пайдалантуудабыз. Алар көрбөй жатабы, Биз жерди ар тараптан кыскартып жатабыз го?![1] Эмне, алар (Аллахтын тагдырына моюн сунбай), жеңүүчү болушат бекен?###[1] Ар бир адамдын өлүмү - жердин кыскарганы.","(Оо, Мухаммад), сен аларга: «Мен силерди вахий (Аллахтан келген кабар) менен эскертип жатамын. Бирок, дүлөй адамдар эскертилген чакырыкты укпайт» деп айткын.","Эгер аларды Раббиңдин бир аз эле азабы кармаса; «Ох, өлдүк! Биз залимдерден болуп калдык!» – дешет.","«Биз кыямат күн үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жан(га) зулумдук кылынбайт. (Сообунан кемитилбейт). Эгер (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз».","Жана Биз Муса менен Харунга Фурканды (ак менен караны ажыратуучу Тооратты) такыба кишилер үчүн нур жана эскерме кылып бердик.","Такыбаалар ушундай кишилер: Кайыптагы Раббисинен коркушат. Жана алар Кыямат Күндөн титиреп турушат.","Жана бул (Куран) Биз түшүргөн Зикир жана Берекет. Силер аны четке кагасыңарбы?!","Биз буга чейин Ибрахимге туура жол бергенбиз. Жана аны(н абалын) Билүүчү болдук.","Бир кезде ал атасына жана коомуна: «Силер табынып жаткан бул айкелдер(ден пайда) не?!» – деди.","«Ата-бабаларыбызды ошолорго сыйынган абалда тапканбыз» дешти алар.","(Ибрахим) Айтты: «Силер да, ата-бабаңар да анык адашууда болгонсуңар!»[1]###[1] Мушриктердин ар дайымкы жообу – ушул. Эч бир далили жок сыйына беришет, кайдагы нерселерге. Далил сурасаң «ата-бабам» дейт. Ата-бабалар адашкан болсо, артынан кете бериш керекпи, адашып?!","(Мушриктер) Айтышты: «Сен чын сүйлөп жатасыңбы же ойноп (тамаша) сүйлөп жатасыңбы?»","Айтты: «Чынын айтам; Силердин Раббиңер асмандардын жана жердин Раббиси. Аларды жараткан. Буга мен өзүм күбөгө өтүүчүмүн.","Жана Аллахка ант ичип айтамын: «Мен силер (шаардан) кеткенде айкел-кудайыңардын амалын таап коёмун!»","Анан алардын эң чоңунан башка баарын талкалап чыкты, ошого кайтышсын деп. (Шаар эли майрамдан кайтып, ибадатканага киришип:)","«Биздин кудайларыбызга муну ким жасады?! Ал анык залымдардан экен!» дешти.","(Кээ бирөөлөрү) айтышты: «Ибрахим деген жаш жигит кудайларыбызды (жамандык менен) тилге алып жүргөн».","(Чоңдору) Айтты: «Аны адамдардын көз алдына алып келгиле, (сазайын бергенибизди) көрүп коюшсун!»","«Оо, Ибрахим! Биздин кудайларыбызга ушуну сен жасадыңбы?!» – дешти.","«Жок», – деди Ибрахим. Мына бул (балта кармап турган) чоңу жасады. Эгер сүйлөчү болсо сурап алгыла».","Ошондо алар (бир саамга) эстерине келе калып, (бири-бирине) «Чын эле силер өзүңөр залим экенсиңер» – дешти.","Кийин дагы баштары айланып, «Сен булардын сүйлөбөй тургандыгын билет болчусуң! (Бизди шылдың кылба)» – дешти.","«Аллахтан башка, өзүңөргө не зыян, не пайда келтире албаган кудайларга сыйынып жатасыңарбы? - деди.","Силерден дагы, Аллахтан башка сыйынган кудайыңардан дагы тажадым! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!» (деди Ибрахим). (Мушриктер Ибрахимдин далилдерине жооп бере албай, күч колдонууну каалашты жана):","«Аны отко ыргыткыла! Кудайыңарга жардам бергиле! Эгер жасай алсаңар, ушундай жасагыла!» - дешти.","Биз айттык: «Оо, от, Ибрахимге муздак жана саламаттык бол!».[1]###[1] От деле Аллахтын пендеси. Ал өз Раббисинин буйругуна моюн сунуп, Ибрахимге зыян жеткирбеди. Ибрахим алоолонгон оттон эсен-аман чыкты.","Алар муну менен (динге каршы) айлакерлик кылууну каалашты. Бирок, Биз аларды зыян тартуучу кылдык.","Жана Биз аны (Ибрахим) менен Лут экөөсүн, ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге (Шам өлкөсүнө) куткарып (чыгарып) жибердик.[1]###[1] Лут анын агасынын баласы болчу. Ибрахим каапыр атасын, элин таштап, өз журту Вавилондон (Ирактан) Шам (азыркы Сирия, Иордания жана Палестина) жерине чыгып кетти. Аны менен Луттан башка, аялы Сара да болгон.","Биз ага Исхакты жана (анын уулу) Якубду кошумча кылып бердик. Жана (Ибрахим, Исхак, Якубдун) баарын тең салих (жакшы) адамдардан кылдык.","Биз аларды Өзүбүздүн гана ишибизге (динибизге) баштоочу имамдардан кылдык. Жана аларга жакшы иштерди жасоону, намаз окууну жана зекет берүүнү вахий кылдык. Алар Бизге (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылуучулардан болчу.","Биз Лутка да өкүм (пайгамбарчылык) жана илим (шарият) бердик. Биз аны ыпластык (бачабаздык) иштерди жасаган шаардан чыгарып кеттик. Алар (шаар эли) жаман, бузук адамдар болгон.","Биз аны Өз ырайымыбызга алдык. Чынында ал салих-жакшы адамдардан.","Жана Нухту (эскер). Мурун ал (Бизге бийик добуш менен) дуба кылды эле, Биз аны кабыл алдык. Анан Биз аны менен үй-бүлөсүн улук кайгыдан (топон суудан) куткарып калдык.[1]###[1] Нух пайгамбар каапыр элин тогуз жүз элүү жыл жалгыз Аллахка сыйынууга чакырса да, таш жүрөк коому кабылдоонун ордуна шылдыңдоо менен жооп беришти. Сабыр чөйчөгү толгон Нух алейхис-салам: «Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырдын үй-жайын койбогун!» деп дуба кылды эле, дубасы кабыл болуп, топон суу каптап кирди.","Биз ага аяттарыбызды «жалган» деген (каапыр) коомдон (алардын зыян келтирүүсүнөн) жардам бердик. Алар жаман адамдар болчу. Биз алардын бирин койбой (топон сууга) чөктүрдүк.","Дауд менен Сулайманды (эстегин). Бир кезде ал экөөсү бир коомдун койлору (түндөсү каптап кирип) майкандап койгону жөнүндө өкүм кылышкан, Биз алардын өкүмүнө күбө болгонбуз.[1]###[1] Эгинзардын ээси койдун ээсинен арызданып падыша Дауддун алдына келгенде, ал майкандалган бактын ээсине койлорду алып берип коет. Анда уулу Сулайман: «Атаке, койлорду ээсинен биротоло алып койбой, убактылуу гана алып берсек. Ал эгинзарына зыян келтирген үчүн койлордун сүтүнөн, жүнүнөн гана пайдаланып турсун. Койдун ээси болсо, эгинди сугарып, өстүрүп кайра калыбына келтиргенде, койлорун кайра алсын» деп өкүм кылат. Атасы ушул өкүмдү туура көрөт.","Сулайманга бул чечимди түшүндүрдүк. Биз экөөнө тең (Дауд менен Сулайманга) өкүм жана илим бергенбиз. Даудга өзү менен кошо (Аллахка) тасбих айткан тоолорду жана куштарды моюн сундурдук.[1] (Ушуну) Биз жасадык.###[1] Дауд пайгамбардын үнү аябай жагымдуу жана бийик болгон. Ал Аллахты эскерип, Ыйык Китептин аяттарын мукамдуу окуганда тоолор эригидей болуп, асмандагы куштар үстүндө чарк айланып, аны менен кошо тасбих айтып турушкан.","Биз Даудга силерди сокку-зыяндан сактай турган (зоот) кийимдерди жасоону үйрөттүк. Эми шүгүр кылаарсыңар?![1]###[1] Согуштарда денени найза, жаанын огу жана кылычтан сактай турган зоот кийим Дауд пайгамбардан мурда болгон эмес. Демек, Аллах таала Дауд пайгамбар аркылуу инсаниятка чоң жакшылык берди. Бул шүгүр кылууга татыктуу нерсе. Кээ бир тафсирчилер: «Аллах темирди Даудка моюн сундургандан улам, аны камыр ийлегендей ийлеп, эч бир кыздырбай эле каалаган нерсесин жасап алчу. Бул Аллахтын Даудка берген пайгамбарлык моожизасы болчу» дешет. Мына ушундан улам «темирдин пири Дөөт» деген туура эмес түшүнүк калыптанган. Дауд эч нерсенин пири эмес. Андагы бардык касиеттер Аллах тааладан.","Жана Сулайманга учкул шамалдарды моюн сундурдук. Алар анын буйругу менен, Биз берекеттүү кылган жерде[1] желип турат. Биз ар бир нерсени Билүүчүбүз.###[1] Бул аяттагы «жер» Сулайман пайгамбар жашаган Шам (азыркы Сирия) жери.","Жана ал (Сулайман) үчүн суунун астында сүзүүчү жана мындан башка (инсан жасай албай турган) иштерди жасап бере турган жин-шайтандарды (моюн сундурдук). Аларды Биз Өзүбүз көзөмөлдөөчүбүз.[1]###[1] Суучул жиндер деңиз түбүнөн асыл таштарды алып чыгышкан. Башка иш жасагандары Сулайманга чоң аскалардан сарайлар жасап беришкен.","Жана Аюбду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады! Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусусуң!» – деп, кайрылып дуба кылды.[1]###[1] Аллах Аюб пайгамбарды оор дарт менен сынаган. Анын тагдырдагы буйругу менен Аюбдун бүт денесин ириңдүү жара каптайт. Аллах Аюбдун үй-бүлөсүн, байлык-мүлкүн да жоготот. Бирок, Аюб мунун бардыгына сабыр кылат, тагдырына ыраазы болот. Бирок, адам пенде, темир эмес. Аллахка аятта айтылгандай жалбарып жардам тилейт.","Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат иретинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик.","Жана (оо, Мухаммад), Исмаил, Идрис, Зулкифлдерди да эстегин. Алардын баардыгы сабырдуулардан болгон.","Аларды Өз ырайымыбызга алдык. Бардыгы салих-жакшы пенделерден.","Зуннунду да эстегин.[1] Бир кезде ал ачууланып (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон.[2] Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка сыйынылуучу Зат жок. (Оо, Раббим!) Сен Аруу-Таза Кудайсың! Мен залимдерден болуп калдым!» – деп жалбарды.###[1] Зуннун – бул Юнус пайгамбар. Арабча «зу» - «ээси» дегенди, «нун» кит-балык дегенди билдирет. Юнус пайгамбарды балык жутуп жибергенден улам Зуннун – балык ээси деп аталат.\t[2] Юнус пайгамбар элин туура жолго чакырганда кабыл албай койду. Адаттагыдай баштарына азап келип калганда Аллахка: «Эми ыкластуу ибадат кылабыз» деп жалбарышты. Аллах Өзүнө гана белгилүү себеп менен эч бир элден көтөрбөгөн азапты Юнустун элинен көтөрдү. Юнус элин жакшы эле тарбиялады. Бирок, бир нерседен ачууланып, сабырсыздык кылып, ээн-эркиндик издеп, журтунан чыгып кетет. Жолдо кемеге минет. Бир мезгилде добул туруп, кемедегилер: «Адам көп, кеме баарыбызды көтөрүп жээкке жете албайт. Чек таштап, бирөөнү сууга ыргытабыз» дешет. Чек Юнуска түшөт. Аллахтын буйругу менен аны чоң балык жутуп жиберет. Кенендик издеп чыккан Юнус, ушинтип тар, караңгы жерде калат.","Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз ыймандуу адамдарды мына ушинтип куткарабыз.[1]###[1] Балыктын ичинде жатып жалбарган дубасын Аллах кабыл алып, Балыкка Юнусту жээкке чыгарып таштоосун буюрган. Ыймандуу адам ар кандай кырдаалда Аллахтын жардамынан үмүт үзбөш керек.","Жана Закарияны эсте: Ал Раббисине: «Оо, Раббим! Мени жалгыз (туяксыз) калтырба! Өзүң мурас алуучулардын (бардыгынын артында калуучулардын) эң жакшысысың!» деп дуба кылганда,","Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана төрөбөс аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон.","Жана абийирин сактаган кызды (Мариямды) да эстегин. Кийин Биз ага Өз Рухубуздан үйлөдүк. Аны жана анын уулун ааламдар үчүн (Өз Кудуретибизден) белги кылдык.[1]###[1] Мариям өзүн ибадатка багыштаган такыба кыз бала болчу. Аллах ошол кыз баланын жатынында перзент пайда кылууну каалап, Жебирейил периштени жиберди. Периште анын жакасынан үйлөп койду эле, ошол демден (Рухтан) анын боюна бүтүп, Иса алейхи салам төрөлдү.","(Оо, адамдар!) Силердин бул үммөтүңөр (диниңер) бир үммөт[1] жана Мен силердин Раббиңер боломун. Демек, Мага гана ибадат кылгыла!###[1] Бардык дүйнө элдерине келген пайгамбарлар бир Аллахтын Өзүнөн. Бир максат – элдерди жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакыруу үчүн келген. Дини бир дегени – ушул.","Бирок, (кийин) адамдар иштерин (дин-ишенимдерин) бөлүп салды. (Кантсе да) Бардыгы Өзүбүзгө кайтышат.","Ким ыймандуу абалында жакшы (сооп) амалдарды жасаса, анын аракети текке кетпейт. Биз анын пайдасына жазып коюуучубуз.","Биз (күнөөлөрү себептүү) кыргын салган шаарларга (кайра бул дүйнөгө келип жашоо) арам. Алар эч качан кайтышпайт.","Тээ качан гана Яжуж-Маьжуж (тосмосу) ачылганда, алар (Яжуж-Маьжуж эли) ар кайсы дөбөдөн агылган бойдон келишет.[1]###[1] Падыша Зулкарнайн камап койгон Яжуж-Мажуж элдери кыяматка жакын тосмону жээрип (жарып) чыгып дүйнөнү каптайт. «Агып келишет» деген сөз алардын көптүгүн, тездигин билдирет.","Акыйкат убада (Кыямат) жакындап калды. Ал келгенде каапырлар көздөрү чанагынан чыгып: «Өлдүк эми! Биз бул нерседен бейкапар болчубуз! Жок, (бейкапар гана эмес) залымдардан (ишенбегендерден) болчубуз!» дешет.","(Оо, Каапырлар!) Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка «кудайыңар» тозокко отун болосуңар! Силер (сөзсүз) ага киресиңер!","Эгер алар (чыныгы) кудайлар болсо, тозокко келбейт болчу. Эми алардын (жалган кудайлардын) баары тозокто түбөлүк калышат.","Анда (тозокто) алар (азаптан) онтоп, кыйкырышат. Анда алар (өз кыйкырыгынан бөлөк) эч нерсе угушпайт.","Алар үчүн мурдатан Биз тараптан (Тагдыр Китебине) жакшылык жазылган адамдар[1] тозоктон алыста болушат.###[1] Белгилүү болгондой көпчүлүк мушриктер Исага, Узайр олуяга жана периштелерге да сыйынышкан. Бирок, булар өздөрү буга нараазы болгондуктан жана бүт аалам жаралаардан илгери Аллах тарабынан жазып коюлган Лавхул-Махфуз (тагдыр) китебинде жакшылык (бейиш) жазып коюлганы себептүү, мушриктердин кудайларынын катарында тозокко кирбейт.","Алар (жана бейиштеги алардан башка адамдар) тозоктун шыбырын да угушпайт. Жана алар көңүлдөрү күсөгөн жыргалчылыктардын ичинде түбөлүк калышат.","Аларды улуу коркунуч кайгыга салбайт. Периштелер утурлап (тосуп) чыгып: «Бул силерге убада кылынган күнүңөр» (дешет).","«Ошол күнү Биз асманды кат жазылган китепти жапкан сыяктуу жаап койобуз. (Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз».","Биз Зикирден (Лавхул Махфуздан) кийин Забур китебинде да «Жерди[1] Менин салих (ыймандуу) пенделерим мурас кылып алышат» деп жазып койгонбуз:###[1] Аяттагы «жер» сөзүн кээ бир тафсирчи аалымдар «Бейиш жери» деп түшүндүрсө, кээ бирөөлөрү «дүйнөдөгү эле кадимкидей жер» дешет. Туурасын Аллах гана билет.","Албетте, мында (Куранда) ибадат кылган адамдар үчүн жеткиликтүү насаат бар.","(Оо, Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болушуң) үчүн жибердик.","Айткын: «Мага (Аллах тарабынан): «Силердин илах-кудайыңар жалгыз Илах. Силер (ошол илахка) моюн сунасыңарбы?!» (деп айтуу) вахий кылынды».","Эгер баш тартышса, айт: «Мен силерге тегиз угуздум. Бирок, мен силерге убада кылынган нерсе (кыямат азабы) алыс же жакын экенин билбеймин.","Албетте Ал (Аллах) сөздөрдөн жарыя айтылгандарын да, ичиңерге жашырганыңарды да билет.","(Эй, Мушриктер! Силерге азап-жаза келбей турушу) балким силер үчүн сыноодур же убактысы келгенге чейин (кенен берилген) пайдалануудур, мен муну билбеймин».","Оо, Раббим Өзүң акыйкат менен өкүм кыл! (Эй, мушриктер!) Биздин Раббибиз, силер сыпаттаган (ширк) нерселерден коргоо сурала турган Чексиз Ырайымдуу Зат!","Оо, адамдар! Раббиңерден корккула! Кыяматтын зилзаласы коркунучтуу нерсе.","Аны көргөн күнүңөрдө ар бир эмизүүчү өз баласын унутуп калат, ар бир кош бойлуу жаныбар боюндагысын түшүрүп салат. Сен (ал күндө) адамдарды нес-мас абалында көрөсүң. Чынында, алар мас эмес. Бирок, Аллахтын азабы катуу![1]###[1] Кыямат кайым, болуп көрбөгөндөй коркунучтуу окуялар менен башталат: Асман оролуп, жылдыздар өз огунан чыгып, төгүлүп-чачылып кетет. Тоолор ошончолук жерге бекем кагылганына, ошончолук салмагына, бекемдигине карабай абада тытылган жүн сыяктуу учуп жүрөт.., ж.б.у.с алааматтар сөзсүз кулак укпаган шоокум менен болору дайын. Ал күндө бардык энелер эмизип турган баласын унутуп коёт. Коркуунун күчтүүлүгүнөн! Адамдар акылы башынан учуп, мас сыяктуу болуп калышат!","Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөрү илими жок болсо да Аллах жөнүндө талаша берет жана ар кайсы бейбаш шайтанга ээрчип кете берет.","Ага (шайтандын тагдырына): «Ким ушуну дос тутса (ээрчисе) аны адаштырып, тозок азабына баштап барат» – деп жазылып коюлган.","«Оо, адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен толуктука жете турган жаратылууңарды) баян кылып берүү үчүн. Жана (андан соң) Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгиленген (төрөлүүчү) мөөнөткө чейин жатындарга жайгаштырабыз. Кийин силерди ымыркай-бөбөк абалда (жатындардан жарык дүйнөгө) чыгарабыз. Кийин эрезеге жеткениңерге чейин (тарбиялайбыз). Силерден кимдир бирөөлөр (балалык чагында же жаштыгында эле) өлүп калат. Дагы башка бирөөлөр билгенден соң билбей турган болуп калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карылык жашына) жеткирилет. Сен жерди какшыган (эч нерсе өстүрбөгөн өлүк) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрөөр замат бир сезгенип алып, көөп чыгат жана ар түрдүү сулуу-көркөм өсүмдүктөрдү өстүрө баштайт».","Бул (жараяндардын мааниси) Аллах – Ал Акыйкат жана Ал өлүктү тирилте алат. Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.","Жана, Кыямат дагы сөзсүз келүүчү. Анда эч күмөн жок! Жана Аллах албетте, мүрзөлөрдөгү өлүктөрдү кайра тирилтет.","Адамдардын арасындагы бирөөлөр, Аллах жөнүндө («Ал тирилте албайт» деп) талаша берет. Же илими жок, же туура жолго баштоочусу (акылы) жок, же болбосо (колунда) Нурдуу Китеби жок!","Моюн толгогон (текеберленген, кежирленген) абалда (талашышат, адамдарды) Аллахтын жолунан адаштырып жиберүү үчүн. Ал адамга дүйнөдө шерменделик бар. Кыяматта болсо, ага күйдүрүүчү азапты таттырабыз!","(Эй, каапыр!) Бул азаптар өзүңдүн эки колуңдун жасаганы себептүү. Аллах пенделерге зулумдук кылуучу эмес!","Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллахка бир беткейлик менен (же адат үчүн же мансап үчүн, же мусулмандардан коркуп) ибадат кылат. Эгер ага (ибадаты себептүү) бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир (оор) сыноо жетсе (динден) жүз буруп кетет. (Мындай адамдар) дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу!","(Аллахка ыклас менен ыйман келтирбеген адам) Аллахтан башка пайда да, зыян да бере албай турган «кудайларга» дуба кылышат. Бул абдан катуу адашуу!","Алар пайдадан (алыс) зыянга жакын «кудайларга» дуба кылышат.[1] (Ал «кудайлар») Кандай жаман башчы, кандай жаман дос!###[1] Аллахтан башка «кудайлар» зыян жеткире албайт, бирок анын «пенделери» ага сыйынганы себептүү көп зыянга жолугушат.","Аллах Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган ыймандууларды албетте, түбүнөн дарыялар аккан бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллах каалаган нерсесин жасайт.","Кимде-ким Аллах ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллахтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе).[1] Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен.###[1] Эгер ал мушрик пайгамбардын жеңиштеринен ичи өрттөнүп баратса, бул өрттү өчүрүп, жанын жай алдыруунун бир гана амалы бар. Ал да болсо, асманга аркан сыяктуу нерсе менен асылып чыгып пайгамбарга келе жаткан жардамдарды кесип салсын. Эгер колунан келбесе өз майына куурулуп жүрө берсин!","Биз аны (Куранды) мына ушинтип анык аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллах (аны менен) Өзү каалаган адамдарды туура жолго баштайт.","Чынында, Аллах Кыямат Күнү ыйман келтиргендер менен яхудилердин, сабиилердин,[1] христиандардын, отпарастардын жана мушриктердин арасында (кимиси акыйкатты кармаганын) ажырым кылат. Аллах ар бир нерсеге Күбө.###[1] «Сабиилер» - алар пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын доорунда эч бир жасалма динге ээрчибей, буттарга сыйынбай таза табияттары менен жашаган адамдар.","(Оо, Мухаммад!) Карачы, Аллахка жер-асмандагылардын бары: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап аларга татыктуу (адилет жаза) болду. Аллах кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллах каалаган нерсесин жасайт.","Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен ыймандуулар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты.[1] Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат![2] (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык:)###[1] Ыймандуу адамдар Аллахтын Өзүнө ортомчусу жок ибадат кылса гана кабыл алат десе, мушриктер: «Жок, ортомчуларды койсо, алар бизди Аллахка жакындаштырат» дешти. Ал эми, яхудилер менен христиандар «Аллахтын баласы бар» дешти. Сабиилер менен отпарастар дагы Аллах жөнүндө өз пикирлерин айтышты. Бирок, Аллахтын Өзүнө гана, Ага шерик, бала кошпой сыйынгандар ыйманды табышты. Башкалары «Аллах бар» дегени менен Ага шерик кошкону себептүү каапыр болушту.\t[2] Каапырларга «катран» деген тикенектүү катуу дарактан кийим кийгизилип, үстүнөн от менен күйдүрүлгөн бойдон, үстүнөн «хамим» деп аталган кайнак суу куюлат.","Андан алардын терилери жана ичиндеги (ичеги, өпкө-боор сыяктуу) нерселери күйүп кетет.","Алар үчүн (периштелердин колунда сабоого даяр) темир союлдар бар!","Ар качан тозоктогу бул азап-кайгыдан чыгууну каалашса, (ошол союлдар менен баштарына чаап) дагы азапка кайтарылышат жана «күйдүрүүчү азапты таткыла!» – (деп айтылат).","Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллах (таала) түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Алар ал жерде алтын билериктер жана берметтер менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот.","(Мунун себеби) алар (дүйнө жашоосунда) сөздүн эң таттуусуна («Лаа-илааха-иллал-лах» келмесине) жана мактоого арзыгандын (Аллахтын) жолуна багытталган эле.","Каапыр болгондорго, Аллахтын жолунан жана Аль-Харам мечитинен (ыймандууларды) тоскондорго – Биз ал мечитти бардык адамдарга: жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да тең кылып койгон элек – жана ким анын ичинде акыйкаттан бурулуп, зулумдук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз.[1]###[1] Мушриктер өздөрүнүн же ата-бабаларынын менчиги болбогон, бардык элдер үчүн барабар болгон Аль-Харам мечитине эгедер болуп, ыйман келтиргендерди ага киргизбей коюуну каалады. Чынында бул ыйык мечит Ибрахим алейхис-саламдан калган. Ал эми Ибрахим аны жалгыз Аллахтын Өзүнө сыйынуу үчүн курган. Эми алар (мушриктер) ошол Ибрахимдин динин чыныгы улантуучусу жана урпагы Мухаммад пайгамбарды өзүнүн бабасынан калган, бардык элдерге бирдей болгон Ыйык мечитке киргизбейм деп турат. Бул бузукулук эмей эмне? Чынында бул каапырларга жан ооруткан азап адилет жаза болмок.","Эстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Исмаил экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек): «Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза кылгының.","Адамдарды ажы кылууга чакыр! Сага алар жөө басып, тапталган[1] улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин!###[1] Арык, бирок азгын эмес. Арыктыгы тапталгандан улам.","(Жана) Өздөрүнө (ажыдан тийе турган диний-дүйнөлүк) пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө (Аллах) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (курмандыкка чалуунун) үстүндө Аллахтын ысымын эскеришсин. Анан андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла.","Андан кийин алар (ажылар) кирлерин кетиришсин.[1] Жана (ажы, умра, курмандыктан турган) назирлерин (өздөрүнө милдет кылып алган ажы ибадаттарын) толук аткарып, Эски Үйдү (Каабаны) таваф[2] кылышсын.###[1] Б.а. ихрамдан чыгып, чачын алдырып, жашыруун орундарды тазалап, жуунуп алышсын.\t[2] Таваф – тооп, айлануу.","Ушулар (силерге баяндап берген шарият өкүмдөрүнүн кээ бирөөлөрү) Ким Аллахтын шарият-өкүмүн урматтаса (аткарса) – бул иши Раббисинин алдында өзүнө жакшы. Жана силерге (Куранда) окуп (санап) бериле тургандардан башка бардык төрт буттуу айбандар адал кылынды. Эми айкел-буттардан турган ыпластыктан жана жалган сөздөн алыс болгула!","Аллахка шерик келтирбей, ханиф (жеке Аллахка сыйына турган) абалда (ибадат кылгыла). Ким Аллахка шерик келтирген болсо, ал асмандан кулап түшкөн[1] жана аны (жырткыч) куш тытып же болбосо шамал алыстарга учуруп кеткен сыяктуу.###[1] Ыйман бийик нерсе. Асмандай бийик. Аллахка шерик кылуу адамды ыймандан чыгарат. Демек, ал ыйман асманынан кулап түшөт. Анан жансыз өлүк (тарп) сыяктуу болуп калганда анын этин (акыл-эсин) шайтан-кузгундар тытып жеп, калган-кутканын дейди шамалдар алыстарга учуруп кеткендей болуп, ың-жыңы жок, дарексиз, конуму жок болуп калат.","Ушундай. Ал эми, ким Аллахтын белгилерин[1] (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе – бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан.###[1] Аллахтын белгилери – бул бардык парыз амалдар. Ажы ибадаттары дагы чоң белгилерден. Ажы ибадатынын чоң белгилеринин бири Аллахка атап союш үчүн Меккеге алып барылган курмандыктар. Ал курмандыктар «хадия» - белектер деп аталат.","Силер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.[1] Кийин аларды (союу) адал болгон жай – Эски Үйдүн (Каабанын)[2] айланасы.###[1] Белгилүү мөөнөт ажылык ибадаты башталган күндөр. Ошого чейин белек (курмандык) айбандарды минип, сүтүн ичип же болбосо жүнүн кыркып алып пайдаланса болот.\t[2] Ал Ибрахим пайгамбардан бери бар болгондуктан «Эски Үй» деп аталат. Ажы мезгилиндеги курмандыктарды (белектерди) Мина өрөөнүндө жана башка Каабага жакын жерлерде сойсо боло берет.","Биз (мурдагы) бардык үммөттөргө, (Аллах) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (мууздоонун) үстүндө Аллахтын ысымын айтуулары үчүн курмандык чалууга буюрганбыз. Демек, кудайыңар бир гана илах (Аллах). Эми, (Анын Өзүнө гана) моюн сунгула. (Оо, Мухаммад), сен (Аллахка) берилгендерге (бейишти) сүйүнчүлө!","Алар ( Аллахка берилген мусулмандар) качан Аллахтын ысымы эскерилгенде (урмат жана коркуунун күчтүүлүгүнөн) жүрөктөрү титирейт. (Алар) Өздөрүнө жеткен нерселерге сабыр кылуучулар, намазды толук окуучулар жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден жакшы жолдорго сарпташкан адамдар.","(Ажы мезгилинде союла турган төө, уй сыяктуу) чоң денелүү чарба айбандарын да силер үчүн Аллахтын белгилеринен кылдык. Анда силер үчүн жакшылык бар. Анан ал жандыкка тик турган абалында эле (бутуна тушоо салып коюп) Аллахтын ысымын айта бергиле.[1] Эми, качан жамбашы менен кулаганда (жиликтеп) андан өзүңөр да жегиле, сураган-сурабаган кедейлерге да жедиргиле. Биз силерге аны (чоң келбеттүү жаныбарды) мына ушинтип моюн сундуруп бердик. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!###[1] Аларды жаткыруу мүмкүнчүлүгү болбогондон улам, бутун тушап коюп, тик турган абалында эле «Бисмиллахи Аллаху акбар» деп мууздаса боло берет.","Аллахка анын (курмандыгыңардын) эти да, каны да жетпейт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет. Силерди хидаятка баштаганы үчүн Аллахты улуктап («Бисмилаахи Аллаху Акбар» деп) такбир айтууңар үчүн Ал силерге ошол чоң жандыктарды моюн сундуруп берди. Жакшылык кылуучуларга (бейиштен) куш кабар бер.","Аллах ыймандуу адамдарды коргойт. Албетте, Аллах ар бир кыянатчы, шүгүр кылбаган пенделерди сүйбөйт.","(Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (ыймандуу) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллах аларга жардам берүүгө кудуреттүү![1]###[1] Бул мусулмандарды эң алгачкы ирет согушка буюрган аят. Алар Мединага көчүп (хижрат кылып) өзүнчө ислам мамлекетин курап, күч кубатка ээ болгонго чейин Мекке мушриктеринен көп зулумдук көрүштү. Мединага көчүп келгенден кийин деле кордуктар токтободу. Сабыры түгөнгөн сахабалар пайгамбарыбызга келип; «Согушпайлыбы, биз деле?!» деп кайра-кайра суроо-талап коюшса да, ал: «Аллахтан буйрук келмейинче согуш жок» деп жооп берчү. Акыр акыбетте зарыктырган, өч алууну сагынткан уруксат ушинтип келген.","Алар (мусулмандар) өз мекендеринен акыйкатсыздык менен, бир гана «Раббим – Аллах» деген сөздөрү үчүн гана (куулуп) чыгарылган эле. Эгер Аллахтын кээ бир (залим) адамдарды башка бирөөлөрү(нүн күчү) менен тыйып туруусу болбогондо, ибадатканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана анда Аллахтын ысымы көп эскериле турган мечиттер талкаланып кетмек.[1] Өзүнө (динине) жардам бергендерге Аллах да жардам (жеңиш) берет. Албетте, Аллах Кубаттуу, Кудуреттүү!###[1] Мусулмандарга залымдарды тыйып коюу үчүн согушка уруксат берилгенде, ислам согушкерлери жыгылган адилеттик желегин көтөрүп, эзилген адамдардын, кордолгон дин ишенимдердин эркиндиги үчүн күрөшкө аттанышып, абийир, ыйман, дин менен иши жок, баскан элинин абийирин кетирип, зордоп, дининен чыгарып, ибадатканаларын бузуп таштаган өкүмзорлорду күч менен тыйып койду.","Алар жерде бекем орноштуруп койгонубузда намаздарын толук окуган, зекет берген, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарган адамдар. Иштердин акыбети Аллахтын Колунда.","(Оо, Мухаммад) эгер (каапырлар) сени «жалганчы» деген болсо, (ызааланба). Алардан мурда Нух коому, Аад менен Самуд (элдери да пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен.","Ибрахимдин, Луттун коомдору дагы (пайгамбарларын) жалганчыга чыгарышкан.","Мадиян (шаарынын) ээлери дагы (пайгамбарларына «жалганчы» деп доомат кылышкан) Мусаны деле жалганчыга чыгарышкан. Анан Мен каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. (Эми «бизге ажал келбейт экен» деп бейкапар болушканда) Аларды (азап менен) кармадым. Эми, Менин азаптоом кандай болгон(ун бир көрсөң эле!)","Биз нечендеген шаарларды кыйратып салдык! Алар залым болчу. Эми (азыр) алардын чатырлары кулаган. (Дагы нечендеген) таштанды кудуктар, бийик-бийик (бирок ээси жок) сарайлар бар!","(Каапырлар) жер жүзүн кыдырып көрүшпөйбү?! Ошондо аларга сергек жүрөктөр же болбосо, угар кулактар болмок эле! Чынында, көздөр сокур эмес, көкүрөктөгү жүрөктөр сокур болду.","(Оо, Мухаммад, мушриктер «Эгер чын пайгамбар болсоң, Раббиң бизге азап түшүрбөйбү, тезирээк» деп) сенден азапты шаштырып сурашат. Аллах убадасын бузбайт. (Сөзсүз азап келет.) Жана, Сенин Раббиңдин алдындагы бир күн силер эсептеген жылдардын миң жылы сыяктуу.","Дагы нечендеген шаарларды(н элдерин) алар залым болсо да, мөөнөтүн узартып койдум. Кийин (көп жашап, көп күнөө кылып, көбүрөөк азапка ылайык болгондо) гана кыйраттым. Кайтып келүү – Өзүмө!","Айткын: «Оо адамдар! Мен чынында силерге анык эскертүүчүмүн!","Ал эми, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылган адамдар үчүн (Аллах тарабынан) кечирим жана улук ырыскы (бейиш) бар!».","Биздин аяттарыбызды(н айланасында ар түрдүү сөз козутуп) алардын күч-таасирин азайтууга (бири-биринен озуп) алектенип жаткандар, дал ошолор тозок ээлери!","Сенден мурда бир элчи же пайгамбар жиберген болсок, ал качан гана (китептен бир аят) окучу болсо, анын кыраатына шайтан (китепте жок сөздөрдү) кошкон(го аракеттенген). Анан Аллах шайтан кошкон нерселерди өчүрүп, Өз аяттарын бекемдеген. Аллах Билүүчү, Даанышман.","Шайтан кошкон нерселер(ди Аллах) жүрөгүндө илдет-ооруусу бар (мунафык) адамдар менен жүрөгү катып калган (мушрик) адамдарды сыноо үчүн жасайт. Албетте, залым (каапыр) адамдар (акыйкаттан алыс болгон) түгөнгүс талаш-тартышта калышат.","Илимдүү адамдар, анын (Курандын) Раббиңден келген (өзгөргүс) Акыйкат экенин билиши жана жүрөктөрү ага муюп, ыйман келтириши үчүн (Аллах ушул сыноону жасады) Аллах ыйман келтирген адамдарды туура жолго баштоочу.","Каапырлар, өздөрүнө Саат (Кыямат) капыстан келип калганга чейин же Кыямат күндүн азабы келгенге чейин Курандан шектене беришет.","Ал Күнү (бардык) мүлк Аллахтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар жыргалчылык бейиштеринде болушат.","Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендерге кордоочу азап бар.","Аллахтын жолунда (үй-мүлкүн, аялдарын, бала-чакасын, мекенин таштап) хижрат кылган, кийин (Аллах жолундагы согуштарда) өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга Аллах эң сонун ырыскыларды берет.[1] Албетте, Аллах эң мыкты ырыскы берүүчү.###[1] Бул аяттагы ырыскыны негизинен, Барзах (мүрзө) жашоосундагы ырыскы деп түшүнүлгөнү оң. Бирок, Акыреттик ырыскы (бейиш) деп түшүнсө да болот.","Жана (Аллах) аларды өздөрүнө жаккан орундарга киргизет.[1] Аллах эң жакшы Билүүчү (жана пейили) Жумшак.###[1] Аяттагы «өздөрүнө жаккан орун» бейиш болушу да мүмкүн, бул дүйнөдөгү жеңиш менен кирип барган өлкөлөр, шаарлар болушу да мүмкүн.","(О, Мухаммад! Сага баян кылып берген бейишке кире турган мухажирлердин абалы) ушундай. Жана да, кимде-ким (бирөөгө) өзүнө зыян жеткирилгендей зыян жеткирсе, кийин ага (ошол бирөө тарабынан) зулумдук кылынчу болсо, Аллах ага жардам берет. Чынында Аллах өтө Кечиримдүү, Айкөл.","Ушул (Кудайыңар – Аллах ааламдардын өкүм-мыйзамын иреттүү башкарат:) Ал күндүзгө түндү киргизет, түнгө күндүздү киргизет. Аллах – Угуучу, Көрүүчү.","Анткени, Аллах – Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллах эң Бийик, эң Улук!","Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүргөндө, жер жап-жашыл болуп калганын? Чынында, Аллах өтө Мээримдүү, (бардык нерседен) Кабардар.","Асмандардагы жана Жердегилердин бардыгы Анын мүлкү. Аллах бир Өзү гана Беймуктаж, (жана ысым-сыпаттары менен) Макталган.","Көрбөйсүңбү, (оо, Мухаммад), Аллах силер үчүн жердеги нерселерди жана деңизде Өз буйругу менен жүрө турган кемени моюн сундуруп койду. Ал асманды (андагы жылдыздарды) жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Өзүнүн уруксаты болгондо гана (алар жерге кулап түшүшү мүмкүн). Аллах адамдарга өтө Ырайымдуу, Боорукер.","Ал силерге өмүр-жашоо берип, кийин өлтүргөн, анан (Акыретте) дагы тирилте турган Кудай. Аныгында инсан жеткен шүкүрсүз!","Биз (өткөндөгү) ар бир үммөткө дин ибадаттарын парыз кылганбыз. Алар аны аткарышкан. (Оо, Мухаммад, мушриктерге айткын) өкүмдө сен менен талашышпасын![1] Жана Раббиңе дуба кыл. Сен эч шексиз, туура жол үстүндөсүң.###[1] Аллах өлүмтүктүн (тарптын) этин арам кылганда, мушриктер мусулмандарга: «Өзүңөр өлтүргөнүңөр (олжо, уу) адал болуп, Аллах өлтүргөн арам болуп калат бекен?» деп талашышкан.","Эгер сени менен талашчу болушса, айткын: «Эмне жасаганыңарды Аллах (Өзүңөрдөн да) мыктыраак Билүүчү.","Аллах Кыямат Күндө, силердин араңарда талашып-тартышкан нерсеңер жөнүндө Өзү өкүм-ажырым кылат».","(Оо, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.[1] Бул Аллахка жеңил.###[1] Аллах эң оболу калемди жаратып, «жаз» деп буюрду. «Эмнени жазайын?» деди калем. «Тээ Кыяматка чейинки боло турган бардык нерселерди алдын ала жаз» - дегенде, калем бүт бардыгын Лавхул-Махфуз деген чоң китепке жазган.","(Мушриктер) Аллахтан башка, Аллах (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Залимдерге (Аллах тарабынан) жардамчы жок![1]###[1] Алар сыйынган нерселердин кудай экени жөнүндө Аллахтын Китебинде далил жок. Же өздөрү алардын кантип кудай болуп калганын билишпейт. Ата-бабаларын наадандык менен туурап эле сыйынып келе жатышат. Аллахтын китеби «Алар кудай эмес» десе да болбой сыйынышат. Же китепке баш ийбейт же акылга көнбөйт. Бул залымдык болбой эмне?!","Эгер аларга Биздин анык, далилдүү аяттарыбыз окулчу болсо, каапырлардын жүздөрүнөн четке кагууну байкайсың. Өздөрүнө Биздин аяттарыбызды окуп берген адамды мычкып (муунтуп) таштагыдай болушат. Сен аларга айт: «Мен силерге мындан да жаманыраак нерсени айтайынбы? Ал – тозок! Аллах аны каапыр болгондорго убада кылган. Ал не деген жаман орун!","Эй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чымын алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, кайтарып алууга камынган) кудайлар да алсыз, тартып алган чымын да алсыз. (Чымындан да алсыз кудайларга кантип сыйынасыңар?!)","Алар Аллахты чындап баалай алышпады. Чынында Аллах өтө Кубатуу, Кудуреттүү.","Аллах периштелерден жана адамдардан элчилерди тандап алат. Аллах – Угуучу, Көрүүчү.","Аллах алардын келечектерин жана өтмүштөрүн(дө болгон бардык окуяны) билет. Иштердин баары Аллахка кайтат.[1]###[1] Аллах элчи-пайгамбарларды жибергенде бирөө аны ээрчисе, дагы бирөө четке кагат. Бирөө жардам берсе, бирөө душман чыгат. Акыр акыбетте бардыгы Аллахтын Өзүнө кайтып барышат жана өздөрүнө ылайык тиешелерин алышат.","Оо, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөрдүн Раббиңерге рукуу, сажда жана ибадат кылгыла. Жана жакшылык, кайрымдуулук иштерди жасагыла! (Ошондо) ийгиликке (бейишке) жетээрсиңер!","Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерди оор, кыйынчылыктуу кылган жок.[1] (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллах) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Куранда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн.[2] Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы!###[1] Мусуламан адам эч качан, эч бир маселесине жооп таба албагандай тар, сыгылган абалда калбайт. Ислам өтө жеңил, өтө кенен жана толук, кемелдүү Дин.\t[2] Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам Аллахтын алдындагы сурак мезгилинде: «Мен акыйкатты ушул (мусулман) үммөтүмө жеткирген болчумун, адал-арамды үйрөткөн болчумун» деп күбөлүк берет. Пайгамбар үйрөткөн динди дүйнөнүн башка элдерине жеткирүү мусулмандардын милдети. Алар дагы «Биз деле жеткиргенбиз» деп күбө болгудай болушса экен!"]