["Чынында, ыймандуулар жеңишке (бейишке) жетишти.","Алар намаздарында (Аллахтан) коркуп турушат.[1]###[1] Арабчадагы «хушуу» сөзү, «коркуп жана үмүт кылып туруу» деген маанини билдирет.","Алар жакшылыгы жок сөз-иштерден ыраак болушат.[1]###[1] Анткени, ар-нерсени чалды-куйду сүйлөй берсең, кадыр баркың кетет жана көбүнчө башыңа балээ түшөт. Пайгамбарыбыз өзүнүн тилин кармап: «Ушуну сактасаңар өзүңөрдү сактаган болсуңар» деген.","Алар (напсилерин) тазалагандар (мал-мүлкүнөн) зекет бергендер.[1]###[1] «Зекет» - «тазартуу» деген мааниде. Эгер бай адамдар байлыгынан зекет бербесе, өз байлыгы өзүнө арам болуп калат.","Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.","Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен[1] жатса айыптуу болбойт.###[1] Күңдөр согуштарда туткунга же олжого алынган душмандардын аялдары. Туткун бул – эрксиз адам. Согуш туткундары ошол (Куран түшкөн) замандарда дуйнөлүк үрп-адат боюнча мүлк катары бөлүштүрүп алынган.","Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе – алар чектен чыгуучулар.","Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар.","Дагы алар намаздарын сактоочулар.[1]###[1] Намазды сактоо аларды өз убактысында, бардык шарттарын ордуна коюп окуу менен болот. Экинчи аятта келген «хушуу» (жоош-муңайымдык) менен ушул «сактоочулук» касиеттери чогулган намаз эң жогорку деңгээлдеги намаз болот. «Хушуу» менен бирок, өз убактысында окулбаган намазда жакшылык жок болгондой эле, өз убактысында окулуп, бирок хушуу болбогон намазда да сооп өтө аз болот.","Дал ошолор – мурас алуучулар!","Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус бейишин мурас кылып алышат.","Биз инсанды (топурагы жердин бардык тарабынан алынып, суу кошулган) ылайдан[1] жараттык.###[1] «Сулаала» - бул чогултуп, тандап, сууруп алынган нерсе. Анткени, Аллах таала жиберген периште Адам-Атанын ылайын жердин ар кайсы жеринен тандап, чогултуп, ичинен сууруп алган. Ошондуктан адамдар ак, кара, кызыл түстө, пейили да ар түрдүү болуп калган.","Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) тамчы суу абалында кылдык.","Кийин ал бир тамчы бел суудан «алака»[1] (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта өнүктүрдүк.[2] Эң мыкты жаратуучу болгон Аллах Улук-Берекеттүү!###[1] «Алака» - бул инсан уругунун нутфадан (бир тамчы суу) кийинки баскычы .Бул баскычтагы түйүлдүк кудум эле сүлүк куртка окшош болот.\t[2] Түйүлдүк жатында «нутфа», «алака», жана «мудга» баскычтарынын ар биринде кырк күндөн өнүгүп, бир жүз жыйырма күндөн соң, «башкача жаратылышта» болот. Мунун мааниси ага рух (жан киргизилет).","Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр.","Кийин силер кыямат күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер.","Чынында, Биз силердин үстүңөргө жети (кабат) жолду (асманды) жараттык. Жана Биз (Өзүбүз жараткан) калк-калайыктан кабарсыз эмеспиз.","Жана асмандан чен-өлчөм менен (кар, жамгыр, мөндүр түрүндө) суу түшүрүп, аны жерге жайгаштырабыз.[1] Биз ал (жайгашкан) сууну кетирип коюуга да кудуреттүүбүз.###[1] Кээ бирөөлөрү тоо бийиктиктеринде мөңгү, болуп жайгашса, кээ бирөөлөрү жер койнундагы көл-деңиздер же болбосо артезиан (жер асты) суулары болуп жайгашат.","Биз ал суу менен силерге курма бактарын, жүзүм бактарын өндүрүп беребиз. Ал бактарда силер үчүн (ар түрдүү) көп мөмөлөр бар. Силер андан жейсиңер.","Жана (ал суу менен) Тур-Сайнада[1] өсө турган даракты (Зайтунду пайда кылдык). Ал (дарак) май жана жегендер үчүн (нанга жуурулчу) бойок менен өсөт.###[1] Синай жарым аралындагы тоонун аты.","Албетте, силер үчүн үй-чарба айбандарында чоң ибарат-сабак бар. Биз силерди алардын ичиндеги нерсе (сүт) менен сугарабыз. Силерге ал айбандарда көп пайдалар бар. Жана алардан (эттеринен) жейсиңер.","Мингенге да пайдаланасыңар. (Ал эми деңизде) кемелерге минип жүрөсүңөр. (Кийинки аяттан баштап Аллах таала Нух пайгамбардын жашоосунан үлгүлүү ибараттарды келтирет:)","Аныгында, Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «Оо, коомум, Аллахка (түздөн-түз) ибадат кылгыла. (Ортого ортомчу кошпогула) Силерге андан башка сыйынылуучу-кудай жок. (Ошол кудайдан) коркпойсуңарбы эми?!","Анан анын коомунун арасынан каапыр болгон уруу башчылар (Нухту элге жек көргөзүү үчүн) айтышты: «Бул эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу эле адам. Силерден абзел болуп алууну каалап жатат. Эгер Аллах (пайгамбар жиберүүнү кааласа) периштелерди жибермек. Биз муну(н айткандарын) абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз!","Ал болгону жин тийген киши. Аны бир мезгилге чейин аңдып тургула!».","(Нух) Айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (ал залымдарга каршы) мага жардам бер!»","Биз ага вахий кылдык: «(Оо, Нух!) Биздин Көз алдыбызда, Биздин вахий (үйрөтүүбүз) менен (чоң) кеме жаса. Качан (каапырларга) буйругубуз (азап) келгенде жана тандыр(лардын ичинен да) суу атырылып чыкканда кемеге ар бир айбанаттан бир жуптан (эркек-ургаачысын) жана үй-бүлөңдү чыгар. Үй-бүлөңдөн бир гана анын зыянына (каргыш) Сөз өткөнүн (уулуңду) чыгарба жана залым (каапыр) адамдар жөнүндө (ал сенин уулуң болсо да) Мага («аны куткар» деп) кайрылба![1] Алар эч күмөнсүз чөктүрүлөт!###[1] Бул аят «мен баланчанын тукумунан боломун» деп мактанып, бирок өзү исламдык амалдарды жасабаган адамдарга сабак болууга тийиш.","Качан сен жана сени менен болгондор кемеге жайгашып алганыңарда: «Бизди залым коомдордон куткарган Аллахка мактоолор болсун!» - дегин.","Жана айткын: «Оо, Раббим! Мени берекеттүү орунга түшүр! Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!»","Чынында, бул иштерде (кудуретибизге) белгилер бар. Биз (адамдарды) сынадык.","Кийин алардын (топон суудан кыйрагандардын) артынан башка коомдорду пайда кылдык.","Аларга да өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. (Ал пайгамбар дагы Нух сыяктуу) «Аллахка гана ибадат-кулчулук кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок! Такыба болбойсуңарбы, эми!» (деп чакырык кылды).","Анын (пайгамбардын) коомунун ичиндеги каапыр болгон, Акыреттин келишин жалганга чыгарган жана Биз аларды дүйнө жашоосунда бай (ысырапчыл, оюн-зоокко берилген) абалда жашатып койгон уруу башчылары айтышты: «Бул эч ким эмес! Силер жеген нерселерден жеген, силер ичкен нерселерден ичкен, өзүңөр сыяктуу эле адам!","Эгер өзүңөргө окшогон (жөнөкөй) адамга моюн сунсаңар, анда силер анык зыян тартып каласыңар.","Эмне, ал силерге: «Эгер, өлүп топурак же сөөк болуп калсаңар, (мүрзөдөн тирилип) чыгарыласыңар» деп убада берип жатабы?","Алыс-алыс (мүмкүн эмес) силерге убада кылынган нерсе!","Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз!","А, бул болсо, жалгандан («мен пайгамбармын» – деп) Аллахка жалган жалаа жапкан адам! Биз ага ишенбейбиз!»","(Ошондо пайгамбар) айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!»","(Аллах) айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат.","Чынында кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган көбүк сыяктуу кылдык. Жоголсун залым коомдор![1]###[1] Бул аятта пайгамбар менен элинин аты айтылбаган. Ошентсе да, окуянын окшоштугунан улам, кээ бир аалымдар Худ пайгамбар менен Аад эли болсо керек дешет. Аныгын Аллах Билүүчү.","Андан соң алардын артынан башка муундарды пайда кылдык.","Эч бир эл (өзүнө белгиленген) мөөнөтүнөн ашыкча да, кем да жашабайт.","Кийин пайгамбарларыбызды удаама-удаа жибердик. Ар качан бир эл-үммөткө өз пайгамбары келгенде, аны «жалганчы» дешти. Биз да аларды биринин артынан бирин ээрчитип (кыйраттык) жана аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып койдук. Жоголсун ыймансыз коомдор!","Андан соң (бир нече жылдар өтүп) Муса менен бир тууганы Харунду, Өз аяттарыбыз жана анык далилдер менен пайгамбар кылып жибердик,","Фараон жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту.","Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (Исраил урпактары) биздин кулдарыбыз болсо?!» - дешти.","Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты.","Биз (Мусанын коому) туура жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик.","Жана Биз Мариямдын уулу (Иса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Мариям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык.[1]###[1] Мариям ошол жердеги курма дарагынын бутагына асылып боюнан жеңилдейт жана кыйналганын Аллахка арызданганда ал жерден суу агып, үстүндөгү курма мөмөлөп калат.","Оо, пайгамбарлар! Таза-адал ырыскылардан жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн.","Силердин бул үммөтүңөр (негизинен) бир эле үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллахка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен – силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула!","(Бирок, пайгамбарлардан кийин элдер) диндерин бөлүп кетишти. Ар бир топ (жамаат) өз алдындагы нерсе (бөлүнгөн ишеними) менен гана сүйүнүп калды.","Сен (оо, Мухаммад), аларды өз адашуучулугунда (азап) мезгили келгенге чейин жөн кой.[1]###[1] Алар далилдер менен айтылган дааватты укпай коюшту. Эми аларга азап келишинен башка «шыпаа» калбады.","Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп койгонубузду","Аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?! Жок, алар (Биздин айла-амалыбызды) сезбей жатышат![1]###[1] Кежирленип, Акыйкатты кабыл албай койгон элдерге Аллах ушундай амал колдонот. Аларга нээмат-берекени төгүп-чачып берет. Алар болсо эч нерседен бейкапар «Биз Аллахка сүймөнчүк экенбиз» деп күнөө үстүнө күнөө кылып жүрө берет. Натыйжада түбөлүк тозокко ылайыгыраак болуп калат.","Чынында, Раббисинен коркуп, (жүрөгү) титирегендер","Жана Раббисинин аяттарына ыйман келтиргендер,","жана Раббисине шерик кылбагандар","жана садакаларын, Раббилерине кайтуучу экенин (ойлоп) жүрөктөрү титиреген абалда берген адамдар...,","Дал ушулар бири-бири менен жарышып,[1] жакшылыктарды кылууда башкалардан алдын болгондор.###[1] Алар бейишке да эң абалкылардан болуп жарышып киришет.","Биз эч бир жанга көтөрө албаган ашыкча нерсени жүктөбөйбүз. Биздин алдыбызда акыйткатты сүйлөгөн Китеп (Лавхул-Махфуз) бар. Жана алар (Кыямат Күнү) эч зулум көрүшпөйт.","Жок, алардын жүрөктөрү мындан кабарсыз. Алардын мындан (Куранда буюрулгандан) башка (күнөө) иштери бар. Алар ошолорду аткарышат.","Качан Биз алардын (напсинин кулчулугунда калган) байларын азапка салганда гана жалдырап ыйлап калышат.","(Биз:) «Бүгүн (бейпайда) ыйлабагыла! Чынында, силерге Бизден эч жардам болбойт» - (дейбиз)","(Анткени,) Менин аяттарым силерге окулганда артыңарга качат элеңер.","(«Биз Каабанын кожоюндары болобуз» деп,) аны менен текеберленип, түнү менен (Каабанын айланасында отуруп Куран жөнүнүдө) жаман сөздөрдү сүйлөйсүңөр![1]###[1] Демек, бул аяттар Мекке мушриктерине арналууда.","Алар Сөзгө (Куранга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби?![1]###[1] Ыйык Китептин келиши жаңылык эмес. Куран сыяктуу Ыйык Китеп мурунку ата-бабаларынын мезгилинде деле келген. Бирок, ата-бабалары ал пайгамбарлардын жолун унутуп, өздөрүнчө мушрикийлик (Аллахка шерик кошкон) дин жасап алышкан.","Же пайгамбарларын жакшы таанышпайбы, аны(н пайгамбарчылыгын) четке каккыдай?!","Же аны жинди деп жатышабы?![1] Жок, андай эмес! Ал (Мухаммад) буларга акыйкатты гана алып келди. Ал эми, алардын көпчүлүгү Акыйкатты жаман көрүшөт.###[1] Мекке мушриктери пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын саламы болсун!) далилдүү сөздөрүнө далилдүү жооп бере албагандан улам, айласы түгөнгөндө, эмне кылаарын билбей «бул жинди» дешкен.","Эгер Акыйкат алардын каалоолоруна баш ийип калса, асмандар, Жер жана алардагы нерселер бузулуп кетмек. Жок! Биз (Куран менен) аларга өздөрүнүн даңк-шооратын алып келгенбиз. Алар өздөрүнүн даңк-шооратынан[1] жүз буруп жатышат!###[1] Эгер алар Куранга моюн сунганда бүт дүйнөгө атактуу адамдар болушмак. Чынында, ыйман келтирип, Куранга моюн сунган сахабалар кийинчерээк бүт дүйнө элдерине таанымал тарыхый адамдарга айланышты.","Оо, Мухаммад!) Же сен (ыйманга чакырыгың үчүн) алардан акы сурап жатасыңбы? Раббиңдин алдындагы сооп жакшы жана ал эң жакшы ырыскы берүүчү.","Албетте, сен аларды туура жолго чакырасың.","Акыретке ыйман келтирбегендер (жана Акырети үчүн иштебегендер) жолдон тайган адамдар.","Эгер Биз ырайым кылып, алардагы зыянды алып койсок деле (Бизге ибадат-шүгүр кылуунун ордуна) тентиген адашуучулугунда жүрө беришет.","Биз аларды (ар түркүн) азаптар менен сынадык. Бирок, дагы эле Раббисине моюн сунбай, жалынып дуба кылбай жатышат.","Качан Биз аларга (Акыреттеги) катуу азап эшигин ачканыбызда (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болуп калышат.","Ал (Аллах) силерге кулак, көз жана дил-жүрөк берди. Силер болсо өтө аз шүгүр кылуудасыңар.","Ал силерди(н бардыгыңарды) жер бетине жаратты. Жана (Кыяматта) Өзүнө чогултуласыңар.","Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Түн менен күндүн алмашуусу Ага таандык. Акылыңарды иштетпейсиңерби!","Бирок, (каапырлар) мурдакылар айткан сөздөрдү айтышып, (мындай)","дешти: «Эгер биз өлүп топуракка жана (чириген) сөөккө айланып калсак деле кайра тирилет бекенбиз?!","Бул (сөздөр) бизге жана ата-бабаларыбызга буга чейин (көп ирет) айтылды. Булар байыркылардын жомокторунан башка эмес»","Айткын (оо, Мухаммад:) «Жер жана андагылар кимдики, айткылачы, эгер билсеңер?»","Алар дароо: «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Эстебейсиңерби (ошол Аллахты?!»)","Айт: «Жети (кабат) асмандардын жана (алардын үстүндөгү) Улуу Арштын Раббиси (Ээси) ким?»","Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «коркпойсуңарбы (ошол Аллахтан?!»)","Айткын: «Бардык нерселердин падышалыгы кимдин колунда? Ал каалаганын коргойт, ал эми кимге жамандыкты кааласа, аны эч ким тосо албайт. Эгер (башка бир ушундай болсо айткылачы) билсеңер?».","Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Кантип алдануудасыңар?».[1]###[1] Мушриктер Аллах таалага ишенишкен, Аны жер-асмандардын толук кожоюну катары тааныган. Бирок, сыйынууга келгенде ошол жеке-жалгыз Кудайга башка нерселерди шерик кылышкан. Албетте, бул акыл-эсинен ажыраган адамдардын напсиге жана шайтанга алдануусу.","Жок, Биз аларга акыйкатты алып келгенбиз. Бирок, алар «жалган» деп, четке кагышты.","Аллах (эч кимди Өзүнө) бала (кылып) алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана (дүйнө падышалары сыяктуу) бири-бирине үстөмдүк кылмак. Аллах (мушриктер) сыпаттагандан[1] Аруу!###[1] Баласы, жардамчысы, теңи жана шериги бар болуудан.","Ал көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчү. Ал (мушриктер ойлоп тапкан) шериктерден Аруу-Бийик!","Айткын: «Оо, Раббим! Эгер убада кылынган азап алардын башына түшүп жатканын мага көргөзчү болсоң,","оо, Раббим, мени залым коомдун ичинде калтырба!».","Биз сага да (оо, Мухаммад) аларга убада кылган азапты көргөзүүгө кудуреттүүбүз.","(Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз.","Айткын: «Оо, Раббим! Мен шайтандардын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!","Оо, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!","Качан алардын (каапырлардын) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «Оо, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы!","Балким, (бул өмүрүмдө) мурда жасай албаган жакшы амалдарды жасап калаармын!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) артында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (мүрзө жашоосу) бар.","(Ал эми, Кыямат башталып) «Сур» (кернейи) тартылганда..., ошол Күндө алардын арасында тууганчылык да калбайт бири-бирин жоктой да алышпайт.","Анан кимдин (сооп) таразасы оор келсе, алар жеңишке жеткендер.","Жана кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе (жана ширк баштаган күнөөлөрү оор келсе) алар тозок отунда түбөлүк калып, өздөрүнө зыян кылгандар.","Алардын жүзүн от күйдүрөт жана бетинен бузулуп (куйкаланган баш сөөгүнө окшоп, эриндери тартылып, тиштери ырсайып) калышат.","(Оо, каапырлар!) Силерге Менин аяттарым окулбады беле жана аны «жалган» дебедиңер беле?!","(Ошондо каапырлар) айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге (дүйнөдө) бактысыздык үстөмдүк кылып, адашкан коомдордон болуп калдык!","Оо, Рабби! Бизди андан чыгарчы! Эгер бизди (дүйнөгө) кайтарсаң (жана кайрадан адашсак, анда) накта залымдарбыз».","(Ошондо Аллах) айтат: «Анда (тозокто) кор болуп калгыла! Мага сүйлөбөгүлө!».","Чынында, Менин пенделеримдин (ыйман келтирген) бир бөлүгү «О, Рабби! Сага ыйман келтирдик, эми биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайым көргөз! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың» дешет.","Силер болсо (оо, каапырлар) аларды мыскылдадыңар, (мыскылыңар) силерге Мени эстөөнү унуттурду жана алардын үстүнөн күлдүңөр.","Бүгүн Мен аларга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында, алар жеңишке жеткендер.","(Аллах тозокуларга) «Жерде канча жыл жашап турдуңар» - деди.","«Бир күн же бир күндүн бир бөлүгүнчө. Эсеп билгендерден сура» - дешти.","(Аллах) айтты: «Бир аз эле турдуңар, эгер (Акыреттин түбөлүктүүлүгүнө салыштыра) билсеңер.","«Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?».","Чыныгы Падыша – Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллах (бир нерсени максатсыз жаратуудан алыс) Бийик!","Ким (анын кудай экенине) далили жок туруп Аллахка кошуп дагы бир «кудайга» дуба (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Раббисинин алдында! Албетте, каапырлар (тозоктон) кутулбайт!","Айткын: «Оо, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир! Ырайым кыл! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың!».[1]###[1] Аллах таала абалкы-акыркы (бардык) каталары кечирилген Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды кечирим сурашка буюргандан кийин, башка пенделер мындан үлгүлүү сабак алуулары кажет.","Бул сүрөнү Биз түшүрдүк, аны(н өкүмдөрүн) Биз парыз кылдык жана (оо, ыймандуулар) эскерме-сабак алаарсыңар деп, анын ичинде анык далилдерди түшүрдүк.","(Үйлөнө элек туруп) зына кылган аял менен зына кылган эркектин ар бирин жүз балактан ургула![1] Эгер Аллахка жана Акырет Күнүнө ишенчү болсоңор, Аллахтын дининде(ги өкүмдү аткараарда) ал экөөсүнө жан тартпагыла! Экөөсүнүн жазалануусуна момундардын бир тайпасы күбө болуп турушсун.###[1] Эгер зынаакер аял менен эркек үй-бүлө курган (жыныстык лаззаттын «даамын» таткан) адамдар болсо, анда алар үчүн пайгамбарыбыз (с.а.в) белгилеген жаза – ташбараңга алып өлтүрүү. Пайгамбарыбыздын бул жазасы «Сихаху Ситта» деп аталган алты белгилүү хадис китептеринде баяндалган.","Зынакер эркек зынакер аялга же мушрик аялга гана үйлөнө алат, зынакер аялды дагы зынакер эркек же мушрик эркек гана никесине алат. Ал эми, ыймандууларга бул – арам![1]###[1] Бул аяттын өкүмү менен зынакер адамдарга качан тообо кылмайынча үйлөнүп болбойт.","Таза аялдарга (жана эркектерге «зынакер» деп) доомат коюп, андан кийин төрт (адилеттүү) күбө алып келе албаган адамдарды сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл албагыла! Алар – (Аллахка баш ийбеген) бузуку адамдар!","Ал эми, ушунусунан кийин тообо кылган жана (амалдарын) оңдогон адамдар(дын күнөөсүн Аллах кечирет. Анткени,) Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.","Өз аялдарына (зына кылды деген) доомат коюп, бирок, өзүнөн башка күбөсү жок болгон адамдардын ар биринин күбөлүгү ( - казынын алдында:) «Мен чынчылдарданмын» деп төрт ирет Аллахтын аты менен (ант ичип) күбөлүк берүү.","Бешинчиси – «Эгер жалганчылардан болсом мага Аллахтын наалаты болсун!» - деп айтуу.","Ал эми «Ал (күйөөсү) жалган айтууда!» - деп, төрт ирет Аллахка ант ичүүсү андан (аялынан) азапты арылтат.","Бешинчиси – (аялдын) «Эгер ал (күйөөсү) чын сүйлөп жаткан болсо, өзүнө Аллахтын каары болсун!»- деп (наалат) айтуусу.","Эгер силерге Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбогондо (жалгандан ант ичкен эр же аялга өзү тилеген каргышы тиймек. Бирок) Аллах тооболорду кабыл кылуучу, Даанышман Зат.","Чынында, доомат арткан адамдар өзүңөрдүн эле араңардагы бир тайпа.[1] Силер бул дооматты жамандык деп ойлобогула, ал силер үчүн жакшылык.[2] Алардын (дооматчылардын) ар бири үчүн жасаган ишине тете күнөөсү бар. Ал эми, алардын арасынан (күнөөнүн) чоңун көтөргөн адамга[3] (Акыретте) чоң азап бар.###[1] Казаттардын биринен кайтып келе жаткан мусулмандар бир жерде эс алганы токтошот. Ошондо пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын аялы Аиша эне муктаждык үчүн жамааттан алыстап барат дагы, ошол жерде мончогун жоготуп аны издөө менен алек болуп калат. Кайтып келсе жамаат ордунан жылып кеткен болот. Аиша эненин төөнүн өркөчүнө орнотулган жана парда менен тосулган «хавдаж» деп аталган ээрден түшүп кеткенин билбей калган кызматкерлер эч нерседен бейкапар төөнү жетелеп баса беришет. Аиша энени аскерлердин артынан, калып кеткен нерселерди жыйнаш үчүн дайындалган бир сахаба таап, төөсүнө отургузуп, өзү төөнү жетелеп жолго чыгышат. Алар эрте менен гана аскерлерди кууп жетишет. Мына ушул окуя себептүү ислам душмандары – мунафыктар тайпасы, айрыкча алардын башчысы Абдуллах бин Убай Аиша энебизге жалаа жаап, улук пайгамбардын жана анын пакиза аялынын урматына шек келтиришет. Мусулман коомунун арасына коркунучтуу доомат тарап кетет. Аллах таала Аиша эненин тазалыгын далилдеген аяттарды түшүргөндө гана пайгамбарыбыздын – ага Аллахтын саламы болсун – көңүлү жайына түшөт.\t[2] Анткени, ушул окуя себептүү кээ бир адамдардын бетпардасы сыйрылды жана Аиша эненин тазалыгына арналган аят түштү.\t[3] Бул адам - Абдуллах бин Убай бин Салул – мунафыктардын башчысы.","Силер (оо, мусулман жамааты!) бул жалааны укканыңарда ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-бири жөнүндө жакшы күмөндө болуп, «бул (Аишага) анык жалаа!» - десе болбойт беле?!","Алар (дооматчылар) өздөрүнүн дооматтарына төрт (адилеттүү) күбөнү алып келишсе болбойт беле?! Эгер (төрт адилеттүү) күбөнү алып келе албаса, анда алар Аллахтын алдында жалганчы адамдар!","Эгерде силерге Дүйнө жана Акыретте Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбосо, анын ичине чумкуган нерсе(ңер - ушак, доомат) үчүн силерге чоң азап келмек.","Силер ал убакта тилиңер менен (доомат-ушакты) сүйлөп, оозуңар менен өзүңөр билбеген нерсени жайылтып жаттыңар. Силер аны (дооматты) жеңил санайт элеңер. Чынында ал Аллахтын алдында чоң (күнөө!).","Аны укканыңарда «Биз муну сүйлөгөнгө акыбыз жок! (Оо, Аллахым!) Өзүң Аруу-Тазасың! Бул деген чоң доомат!» - десеңер болбойт беле?!","Аллах силерге эскертет: Ага окшогон нерсеге эч качан кайтпагыла, эгер ыймандуу болсоңор!","Аллах силерге Өзүнүн аяттарын (өкүм-шариятын ушинтип) баяндайт. Аллах – Билүүчү, Даанышман.","Ыймандуу адамдардын арасында бузукулуктун (зына кылды деп жалаа жабуу) таркалуусун жакшы көргөн адамдарга дүйнөдө жана акыретте улуу азап бар! Аллах (алардын жалгандарын) билет, силер билбейсиңер.","Эгер силерге Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбогондо (анда силерге жаза тез эле келмек) чындыгында Аллах Боорукер, Мээримдүү.","Оо, ыйман келтиргендер! Шайтандын (азгырык) жолдоруна ээрчибегиле! Ким шайтандын (азгырык) жолдоруна ээрчисе, (билип алсын) ал бузукулуктарга жана жаман иштерге буюрат. Эгерде силерге Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбосо, эч качан, (күнөөдөн, шайтандын жолдоруна ээрчүүдөн) силердин эч кимиңер тазалана албайт элеңер. Бирок, Аллах каалаган пендесин (күнөөдөн) тазалайт. Аллах – Угуучу, Билүүчү.","Силердин араңардагы артыкчылык (илим) ээлери жана кеңчиликке ээ болгонуңар туугандарына, бей-бечараларга жана Аллах жолунда хижрат кылган кишилерге (садака) бербейм деп ант ичпесин! Тескерисинче, (аларды) кечирсин жана (жамандыгына) жакшылык менен жооп берсин. Аллах силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.[1]###[1] Бул аят Аиша эненин атасы Абу Бакр Сыддык жөнүндө түшкөн. Ал жалаага кошулган тууганы Мистахга «экинчи кайрымдуулук кылбаймын!» деп ант ичкен эле.","Чынында, (жамандыкты) оюна да албаган, таза-абийрдүү, ыймандуу кыз-келиндерге («зына кылды» деп, доомат ташын) аткан адамдар дүйнө-акыретте (Аллахтан келген) каргышка калышат жана аларга чоң азап бар.[1]###[1] Бул аят азыркыга чейин Аиша энебизге «зынакер» деген доомат ташын атып келе жаткан жамааттардын каапыр экенине далил болот.","Ал (Кыямат) Күнү өздөрүнүн тилдери, колдору жана буттары жасаган (жаман) амалдары себептүү аларга каршы күбөлүк берет.","Ошол Күнү Аллах алардын акыйкат жазаларын же сыйлыктарын толук берет жана алар Аллахтын анык Акыйкат экенин (ошондуктан, Анын убадасы, эскерткендери жана Андан келген бардык нерселер акыйкат экенин) билишет.","Ыплас аялдар ыплас эркектер үчүн, ыплас эркектер ыплас аялдар үчүн. Таза аялдар таза эркектер үчүн, таза эркектер таза аялдар үчүн. Алар (дооматка калган таза адамдар) тигилер (дооматчы ыпластар) айткан нерседен таза. Аларга (Раббиси тарабынан) кечирим жана кереметтүү ырыскы (бейиш) бар.","Оо, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдүн үйүңөрдөн башка үйлөргө, үй ээлеринен уруксат сурамайынча жана салам бермейинче кирбегиле! Ушундай кылууңар силер үчүн жакшы! Балким (жогорудагы буйруктарды) эсиңерге алаарсыңар.","Эгер ал үйлөрдүн ичинде эч кимди таппасаңар, качан силерге уруксат берилмейинче аларга кирбегиле! Эгер силерге «кайтып кет» деп айтылса, кайтып кеткиле. Ушул силер үчүн тазараак (жорук). Аллах - жасаган ишиңерди Билүүчү.","Бирок, анда (үй-бүлө) жашабаган жана силерге пайда(ланууга мүмкүн болгон мейманкана, кербен сарай сыяктуу жалпы) үйлөргө уруксат сурабай киришиңерде силер үчүн күнөө жок. Аллах силердин жашырганыңарды да, ашкерелегениңерди да билет.","(Оо, Мухаммад!) Ыймандуу эркектерге айт: (Бөтөн аялдарды, уяттуу жерлерди кароодон) көздөрүн тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (зынадан жана бачабаздыктан) сакташсын! Алар үчүн ушул тазараак (жорук). Аллах алардын бардык иштеринен Кабардар!","Ыймандуу аялдарга айт: (Бөтөн эркектерди же уяттуу жерлерди кароодон) көздөрүн тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (зынадан) сакташсын! Көрүнүп турган зыйнатынан (кийиминен) башка зыйнат-тагынчактарын жаап жүрүшсүн! Жоолуктары менен көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн! Бир гана күйөөлөрүнө же аталарына же күйөөсүнүн аталарына же балдарына же күйөөсүнүн балдарына же ага-инилерине же ага-инилеринин балдарына же эже-сиңдилеринин балдарына же (ишеничтүү) аялдарга же кул-күңдөрүнө же (аялга) кызыгуусу калбаган (картайган) эркек кызматчыларына же аялдардын авраттарынын айырмасын билбеген жаш балдарга (көрүнсө күнөө жок). Жашыруун зыйнаттарын билгизиш үчүн буттарын жерге урбасын![1] Оо, ыймандуулар! Баарыңар Аллахка тообо кылгыла, ажеп эмес жеңишке (бейишке) жетсеңер!###[1] Арабстандык, пакистандык жана индиялык мусулман аялдардын «хал-хал» деген зыйнаты бар. Ал - буттун кызыл ашыгына тагыла турган коңгуроолуу мончок.","(Оо, ыймандуулар!) Силердин араңардагы бойдокторду, такыба кул-күңдөрүңөрдү үйлөндүргүлө. Эгер (үйлөнүүнү каалагандар) колу жука болсо, Аллах өз берешендиги менен аларды байытат. Аллах (Тааланын жакшылык-берекеттери) кенен, (жана Ал пенделеринин абалын) Билүүчү.","(Кембагалдык же башка себеп менен) үйлөнө албай жүргөндөр, качан Аллах аларды Өз кең пейилдиги менен байытканга чейин абийир-намыстарын сакташсын! Кулдарыңардын арасынан (азаттык) келишимин каалагандар болсо, эгер аларда жакшылык (өзүнүн жанын багып кетүүгө кудурет) бар экенин билсеңер, анда алар менен келишим түзө бергиле жана (Аллах) силерге берген Аллахтын мал-дүйнөсүнөн (аларга садака) бергиле. Жана дүйнө байлыгына кызыгып, тазалыкты каалаган күңүңөрдү сойкулукка мажбурлабагыла! Ким аларды (сойкулукка) мажбурласа, (өздөрү каалабай туруп) мажбурлангандан кийин Аллах аларды (зордукка кабылган күңдөрдү) Кечирүүчү, Ырайымдуу.","Биз силерге анык аяттарды, өткөн элдердин мисалдарын жана такыба кишилер үчүн эскерме-насааттарды түшүрдүк.","Аллах – асмандардын жана Жердин Нуру! Анын Нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак-шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы! Ал (чырак) тескейде да эмес, күнгөйдө да эмес (ар дайым нур тийип турган, бийик жерде өскөн) берекеттүү Зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (А, эгер от тамызылса) нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах – ар нерсени Билүүчү.","(Ал чырак «мечит» деп аталган) үйлөрдө (жагылат). Аллах ал үйлөрдүн (курулушу жана даражасы бийик) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн ысымы эскерилишин буюрган. Анын ичинде (ыймандуу адамдар) эртели-кеч Аны (ар кандай кемчилдиктерден) аруулашат.","(Ал) эр-азаматтарды Аллахтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксыта албайт! (Анткени,) алар көздөр жана жүрөктөр (коркуу менен үмүттүн ортосунда ары-бери) оодарылып кала турган Күндөн (Кыяматтан) коркушат.","(Мунун себеби) Аллах аларды жасаган амалдарынын эң жакшылары менен сыйлашы жана Өзүнүн берешендиги менен аларды(н соопторуна сооп) кошуп бериши үчүн. Аллах каалаган пендесине эсепсиз ырыскы берет.","Каапырлардын амалдары болсо, чөлдөгү закым сыяктуу. Суусаган адам аны суу деп ойлойт. Качан ага («жетип») барса эч нерсе таппай калат. Өзүнүн алдында (Кыяматта) Аллахты гана табат. Анан Аллах аны менен толук эсептешет. Аллах тез эсептешүүчү.[1]###[1] Каапыр адамдар бул дүйнөдө кайрымдуулук кылышы, өзүнүн оюнда сооп деп эсептеген иштерди жасашы мүмкүн. Кээ бирлери бул иштери менен маашырланып жүрүп өлүп кетишет. Бирок, аятта айтылгандай, каапырдын амалы – закым. Кыяматта аны өз оюндагы сооп-сыйлыктар эмес, Аллах күтүп турган болот, бардык иштерди ыймансыз жасаганына толук жаза берүү үчүн.","Же болбосо (каапырдын кылган иш-аракеттери) терең деңиз түбүндөгү караңгылыктарга окшойт. Аны толкундар орогон. Толкундардын үстүнөн дагы толкун орогон, анын үстүнөн (кара) булут (каптаган). Кабат-кабат караңгылыктар! Эгер (ошол абалда суудан) колун чыгарса да аны көрө албайт. Аллах кимге нур (ыйман) бербесе, ал (ар кандай) нурдан куржалак![1]###[1] Каапырлардын ой-пикирин, акыл-эсин ширк, адашуу, бузукулуктар сыяктуу караңгылыктар ороп алган. Качан алар Аллахтын Нуру – Куранга кайрылбаса, эч качан чындыкты көрө албайт.","(Оо, Мухаммад!) Аллахка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер (жадагалса,) асманда сап тартып ушкан куштар(га чейин) тасбих айтканын (аруулаганын) билбедиңби? (Алардын) ар бири (Аллахка жалбараар) дубасын жана тасбихин билет. Аллах алардын эмне кылып жаткандарын Билүүчү!","Асмандар жана Жер падышалыгы Аллахка таандык! (Кыяматта) кайтып баруу – Аллахка!","Көрбөйсүңбү, Аллах булуттарды (каалаган багытына) айдап, кийин аларды чогултат жана түрмөк-түрмөк кылып койот. Кийин сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. (Аллах) асмандан: андагы (булут) тоолорунан мөндүр жаадырып, аны менен каалаган пенделерине (апаат же пайда) жеткирет жана аны каалаган пенделеринен буруп жиберет. Анын (булуттун) чагылганынын нуру көздөрдү көр кылып жиберчүдөй болот.","Аллах түн менен күндүздү алмаштырып турат. Албетте, мында акылдуулар үчүн (Аллахтын кудуретин тааныткан) сабак бар.","Аллах баардык жан-жаныбарды суудан жаратты. Алардын кээ бири сойлоп жүрөт, кээ бири эки буттап жүрөт, кээ бирлери төрт бут менен басат. Аллах каалаган нерсесин (каалагандай) жаратат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.","Биз (Куранда чындыкка багыттоочу) анык аяттарды түшүрдүк. Аллах каалаган пендесин туура жолго баштайт.","Алар «Биз Аллахка, пайгамбарга ыйман келтирдик жана (экөөсүнүн буйруктарына) моюн сундук» дешет. Кийин, дал ушундан кийин (каалоолоруна ылайык келбеген буйруктарды аткарууга келгенде) алардын кээ бир тайпалары жүз буруп кетишет. Алар ыймандуу эмес!","Эгер араларында өкүм кылуу үчүн Аллахка жана пайгамбарына чакырылса, капыстан бир топтору тескери басып кетишет.","Эгерде (талаштагы) чындык алар тарапта болсо, пайгамбарга баш ийип келишет.","Алардын жүрөгүндө илдет (эки жүздүүлүк) барбы? Же (Мухаммаддын пайгамбар экенинен) шектеништиби же болбосо, Аллах менен пайгамбары зулум кылат деп коркушабы? Жок! Алардын өздөрү залымдар!","Ал эми, араларында өкүм кылуу үчүн Аллах жана пайгамбарына чакырылган кездеги ыймандуулардын сөзү: «Уктук жана моюн сундук» деп айтуу (гана болушу кажет). Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетүүчүлөр!","Ким Аллахка жана пайгамбарына моюн сунса, Аллахтан корксо жана такыба кылса, дал ошолор жеңишке жетүүчүлөр!","Эгер сен аларга (эки жүздүүлөргө «Мени менен урушка чыккыла!» деп) буюрсаң, «албетте, чыгабыз!» деп, Аллахтын аты менен, жан үрөп ант ичишет. (Аларга) айт: «(жалгандан) ант ичпегиле. (Силердин) моюн сунууңар белгилүү.[1] Аллах эмне амал кылганыңардан Кабардар».###[1] Башкача айтканда: тилиңер менен эле «моюн сундум» дейсиңер.","(Оо, пайгамбар, адамдарга) айткын: «Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз үйүрсөңөр, пайгамбарга өз милдети, силерге өз милдетиңер.[1] Эгер ага моюн сунсаңар анда, туура жолго түшөсүңөр. Пайгамбардын мойнунда анык жеткирүүдөн башка (милдет) жок.###[1] Адамдар кабыл алса-албаса, пайгамбардын милдети Аллахтан берилген акыйкат динди адамдарга жеткирүү. Ал эми, ал акыйкатты уккан адамдардын милдети укканына амал кылуу. Экөө тең Аллахтын алдында өз милдетинен жооп беришет.","Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды жер жүзүнө башкаруучу кылууну убада берди, мурдагы (ушундай) кишилерди башкаруучу кылганы сыяктуу. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду:) «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар.[1]###[1] Тафсийрул Муяссар","Жана (силер оо, момундар) намазды (так) аткаргыла, зекетти бергиле жана пайгамбарга моюн сунгула! Ажеп эмес (Аллахтын) ырайымына бөлөнсөңөр!","(Оо, Мухаммад!) Каапырлар жер бетинде Аллахтан качып кутулат деп ойлобо! (Акыретте болсо) алардын жайы тозокто! Кандай жаман акыбет!","Оо, ыйман келтиргендер! Кулдарыңар менен күңдөрүңөр жана эрезеге жетпеген бөбөктөрүңөр (силердин бөлмөгө кирүү үчүн) үч маал уруксат сурашсын:[1] Багымдат намазынан мурун (сырткы кийимиңерди кийе электе), Бешим убактысында(гы ысыктан) чечинип алганыңарда жана Куптан намазынан кийин (жатаарда). Ушул үч убак силер үчүн аврат (кийимсиз) болгон учурлар. Бул үч убактан башка убактарда (уруксатсыз кирсе) силерге да, аларга да күнөө жок. Алар силерге: бири-бириңерге аралашып жүрө бересиңер. Аллах силерге (өкүм) аяттарын мына ушинтип баяндайт. Аллах - Билүүчү, Даанышман.###[1] Ал эми, азат адамдар менен эрезеге жеткен балдар ар кайсы убакытта уруксат сурап кириши кажет. Бул аятта кул-күңдөр менен бөбөктөрдү атайын ажыратып айтылганынын себеби, кул-күңдөр ар дайым кызматта, ал эми, бөбөктөр ар убакта ата-эне менен бирге болушат.","Эгер силердин бөбөктөр эрезе жашына жетсе, алардан мурдагылар (чоңдор) сыяктуу (ар убакта) уруксат сурашсын. Аллах силерге аяттарын мына ушинтип (айкын) баяндайт. Аллах Билүүчү, Даанышман.","Аялдардын арасынан никеден үмүт үзүп, олтуруп (картайып) калгандары үчүн зыйнат-жасалгалары менен ачылып-чачылбаган абалда (чоң жоолук жана хижап-халат сыяктуу сырткы) кийимдеринин кээ бирин (махрам эместердин алдында) чечип коюусунда күнөө жок. (Бирок,) эгер (чечүүдөн) ыйба кылышса өздөрүнө жакшы. Аллах Угуучу, Билүүчү.","(Жихад жана ушул сыяктуу парыз амалдарды аткара албай калган) сокурларга, чолокторго жана оорулууларга күнөө жок. Жана силер үчүн (оо, ыймандуулар) өз үйүңөрдөн же атаңардын үйүнөн же апаңардын үйүнөн же ага-иниңердин үйүнөн же эже-карындаштарыңардын үйүнөн же абаңардын үйүнөн же апчеңердин үйүнөн же таякеңердин үйүнөн же таежеңердин үйүнөн же ачкычы колуңарга (ишенип) тапшырылган үйлөрдөн же дос-жарандарыңардын үйүнөн (уруксатсыз) тамактанууңарда күнөө жок. (Ошондой эле,) чогуу же бөлүнүп тамактанууңарда да күнөө жок. Эгер үйлөргө кирсеңер (мусулмандар бири-бириңерге эгерде үйдө эч ким жок болсо) өзүңөргө Аллахтын алдынан келген, таза, берекеттүү саламды бергиле.[1] Аллах силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Балким акыл жүргүзөрсүңөр!###[1] Аллахтын алдынан келген, б. а. Аллах таала үйрөткөн таза, берекеттүү салам, эгер үйдө киши болсо «Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатуху» деп айтылат. Ал эми,үйдө эч ким жок болсо «Ассаламу алайна ва ала ибадиллахис-солихийн» деп, киргендер өздөрүнө салам айтышат.","(Чыныгы) ыймандуулар – Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирген адамдар. Качан алар (мусулмандарга) пайдалуу бир иштин үстүндө пайгамбар менен бирге болушса, андан уруксат сурамайынча кетип калышпайт. (Оо, Мухаммад!) Чынында, сенден уруксат сураган адамдар Аллахка жана Анын пайгамбарына (чын ыклас менен) ишенгендер! Эгер алар кээ бир иштерине уруксат сурашса, алардан каалаганыңа уруксат бер жана алардын күнөөлөрүн кечирүүсүн Аллахтан сура. Чынында, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.","(Оо, ыйман келтиргендер!) Өз араңарда пайгамбарга кайрылууну бири-бириңерге кайрылган сыяктуу (жөнөкөй) кылып албагыла! Аллах силердин араңардагы байкатпай, уруксатсыз чыгып кете турган адамдарды жакшы билет. Пайгамбардын буйругуна каршы иш жасагандар баштарына балээ же жан ооруткан азап түшүп калуусунан абайлашсын!","Эсиңерде болсун! Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллахтын мүлкү. Ал силер эмне иш үстүндө экениңерди билет. Ал эми, (пенделер) Өзүнө кайтарыла турган (Кыямат) күнү болсо, аларга (бардык) иштеринин кабарын билдирет. Аллах - бардык нерселерди Билүүчү.","Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине (Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Куранды) түшүргөн Аллах Улук-Берекеттүү!","Ал асмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат!","(Мушриктер болсо) Андан (Аллах тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты!","Каапырлар (Куран жөнүндө): «Бул – жалган! Аны (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарган жана ага башкалар жардам беришкен» деп, (акыйкатка) зулумдук кылышты жана жалган күбөлүк беришти.","Жана «Бул байыркылардын жомогу, аны (Мухаммад) жаздырып алган жана алар ага эртели-кеч (бирөөлөр тарабынан) айтып турулган» дешти.","(Оо, Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Куранды мага) асмандардагы жана жердеги (бардык) сырды билген Зат (Аллах) түшүрдү. Ал Кечирүүчү, Мээримдүү».[1]###[1] Эгер каапырлар Куранга каршылыгын токтотуп, тообо кылып, ыйман келтиришсе, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.","(Мушриктер) айтышты: «Бул эмне деген пайгамбар?! Тамак-аш жейт, базарларда жүрөт?! Эгер ага, аны менен бирге (элдерди) эскертүүчү бир периште түшүрүлсө,","же ага (асмандан) казына ташталса, же болбосо, андан жей турган (мөмөлүү) бак болсо..., (бул башка кеп). Залым (каапыр) болгондор (дагы): «(Эй, адамдар) силер сыйкырланган кишиге ээрчип жатасыңар!» - дешти.","Карачы (оо, Мухаммад!) алар сага кандай мисалдарды келтирип (эмнелерге окшотуп) жатышат. Алар адашып кетишти! Эми (эч качан туура) жолду таба алышпайт.","Эгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) хансарайларды жасап бере ала турган Аллах Улук-Берекеттүү![1]###[1] Ал эгер кааласа Сулайман, Дауд пайгамбарларга берген сыяктуу бак-бостондорду, сарайларды Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга да бермек. Бирок, кимисинин кандай пайгамбар болуусун Ал Өзү билет. Ал Өз ишинен эч кимге эсеп бербейт.","Жок! (Каапырлар) Кыяматты (тап-такыр) жалганга чыгарышты! Бирок, Биз кыяматты «жалган» дегендерге тозокту даярдап койгонбуз.","Тозок аларды алыс жерден көргөндө эле, анын (тозоктун) ачууланып айкырганын угушат.[1]###[1] Каапырларды Аллах жек көргөнү үчүн тозок да жек көрүп, алыстан буларды көргөндө эле өкүрүп, кутуруп, алоолору асмандап, кайнап күтүп алат.","Анан алар тозоктун (ортосундагы) тар жерге, кишенделген абалда ташталганда, ошол жерде өздөрүнө өлүм тилеп калышат.","Ал Күнү өлүмдү бир жолу эмес, көп жолу чакырасыңар!","(Ошондо, оо, Мухаммад,) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары!","Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу.[1]###[1] Аллах таала Өз пенделерине «Эгер такыба болсоңор бейишке чыгарамын» деп убада берип, жоопкерчилигин алган, эми ошону аткарып жатат.","(Аллах) аларды жана алар ибадат кылган Аллахтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер адаштырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт.[1]###[1] Кыяматта мушриктер Аллахка шерик, бала, ортомчу деп ойлогон бардык «кудайларды» ал тоо-ташпы, бут-идолбу, даракпы, мазарбы, арбакпы, жинби, периштеби же Исабы.., баардыгын Аллах чогултуп, аларды «кудай» деп сыйынган адамдарга беттештирип, Өзү билип турса да, моюндарына коюш үчүн ушул суроону берет.","Алар айтышат: «Сен (Оо, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы башкаруучу-коргоочу кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!».","(Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз!","(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө сыноо кылып койдук. (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы?[1] Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү!###[1] Пайгамбарлар элдерге сыноо. Себеби, кээ бирөөлөр «Пайгамбар деген базарда жүрөт бекен?» деп, сыноодон кулап калышкан. Пайгамбарлардын өзүнө элдерди чакыруу (даават) иши сыноо. Кембагалга байлык сыноо, байларга кедейлик сыноо..., Кыскасы, бул дүйнө баштан-аяк сыноо."]