["Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)» - дешет.[1] Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен.###[1] Алар «бизге периштеден пайгамбар келсе, же адам пайгамбардын жанында периште жардамчысы болмоюнча жана Аллах бизге көрүнмөйүнчө Мухаммадка ыйман келтирбейбиз» дешти. Эми, алардын ыйман келтириши үчүн Аллахтын Өзү келип, «Мухаммадды мен жибергеним ырас» деп тастыктап кетиши керек экен. Бул алардын жүрөгүнөн чыккан сөз эмес. Алар периштелерди, өздөрүнө тастыктоочу же пайгамбар болуп келгенин эч качан көрүшпөйт. Көргөн мезгилде башкачараак абалда көрүшөт: 1) Жан алгыч периште келип, кыйнап, жанын сууруп жатканда, 2) Мүрзөгө коюлганда Мункар жана Накир деген эки периште суракка тартканда, тили сөзгө келбей, чулдурап калгандан кийин баштарына союл менен чаап азап беришкенде, 3) Кайра тирилгенде беттери менен сүйрөп, түртүп, кордоп, сурак майданына периштелер айдап барганда, 4) Тозок периштелери жан ооруткан азаптын түрүн көргөзгөндө.","Периштелерди көргөн ошол (кыямат) күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн бейиш) тап-такыр арам!» – дешет.","Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны күндүн нуруна чагылышып көрүнгөн жеңил сапырылган чаңдай кылып таштадык!","Ошол Күнү (Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган) бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат.","Жана ак булуттуу асман жарылган жана периштелер түшүп келген Күнү,","Дал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик чексиз Ырайымдууга (Аллахка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот.","Ал күнү залымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: «Атаганат, (дүйнөдө) пайгамбар менен (бир) жолду кармаган болсом кана!","Шорум курусун-ай! Баланчаны[1] дос кылбай эле койсом болмок экен!###[1] «Баланча» деп өзүн азгырган «досторунун» атын айтат. Ал досу «жин-шайтандардан» да болушу мүмкүн.","Ал мени, мага келген зикирден (Курандан) адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет.","Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «Оо, Раббим! Менин коомум (Курайш) мына бул Куранды (арттарына) таштап коюшту.","Ошондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү!","Каапырлар «Эгер Куран (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен» - дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Курандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.[1]###[1] Ар бир түшкөн аят, мушриктердин кежирленген көктүгүнөн же башка бир себеп менен капаланган, чарчаган пайгамбарыбыздын жүрөгүнө дем, кубат болор эле. Куранды пайгамбардын жана анын коомунун абалына жана реалдуу турмуштун окуяларына байланыштырып, биринин артынан бирин түшүрүү Аллах тааланын чоң Даанышмандыгы.","Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Куранды) жана (анын аяттары үчүн) эң жакшы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз.","(Периштелер тарабынан) жүздөрү менен (сүйрөлүп) тозокко чогултула турган адамдар..., ошолор гана эң жаман орундагы, эң адашкан жолдогу адамдар!","Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана бир тууганы Харунду аны менен бирге: ага жардамчы кылдык.","Анан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге чакыргыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фараон жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык.","Нухтун коомун дагы пайгамбарларды[1] «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып койдук.Биз залимдерге жан ооруткан азапты даярдап койдук.###[1] Кайсы коом бир гана пайгамбарды жалганчы десе, бардык пайгамбарларды жалганчы дегенге жатат. Буга далил – Нухтун коому анын бир өзүн жалганчы десе да Аллах таала бизге «Пайгамбарларды» деп баян кылууда.","Аад, Самуд (элдерин), «кудук ээлерин» жана ушулардын аралыгындагы (башка) көп муундарды (каапырчылыгы себептүү кыйраттык).","Биз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган).","Алар (Мекке мушриктери) балээ (таш) жамгыры жаадырылган шаарга келген эле го! Эмне, аны(н кесепеттерин) көрбөй жатышабы?! Жок, (көрүшкөн, бирок) алар кайра тирилүүгө ишенишпейт.","Эгер алар сени көрүшсө, келеке кылышып: «Аллах пайгамбар кылып жиберген (баякы неме) ушулбу?","Ал бизди кудайларыбыздан азгырып жибере жаздабадыбы! Эгер бир аз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып турбаганда (азгырып жибермек экен)» – дешти. Жакында (тозоктогу) азапты өз көздөрү менен көргөн кезде ким туура жолдон адашуучурак экенин билип алышат.","(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу?![1]###[1] Ал ыпылас сөздөрү менен өзүнө тозокту анык кылып алды. Эми сен аны жөн кой. Сен көзөмөлчү эмессиң. Болгону, эскертүүчүсүң. Аны менен Аллах Өзү эсептешип алат.","Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандан да адашуучураак![1]###[1] Айбанды чабан кайда айдаса, ошол тарапка басат. Өзүнө зыян болчу жерлерди, себептерди билет жана андан абайлайт. Булар болсо, түз эле өзүн отко урууда!","(Оо, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (жер бетине) кантип көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага күндү далил кылдык.[1]###[1] Эгер Күн болбосо, таңкы күңүрттүк билинмек эмес.","Кийин Биз акырындык менен аны (көлөкөнү) жыйнап алабыз.[1]###[1] Күн көтөрүлгөн сайын көлөкө жыйналып, чегинип барат.","Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды.","Жана Ал Өз ырайымынын (жамгырдын) астынан, кубаныч кабарчысы катары шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан таза суу түшүрдүк,","аны менен өлүк шаарларды тирилтүү үчүн жана Өзүбүз жараткан көп адамдар менен айбандарды сугаруу үчүн.","Биз аны (Куран аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады.","Эгер кааласак Биз ар бир шаарга (бирден) эскертүүчү пайгамбар жибермекпиз.[1]###[1] Бирок, Аллах таала Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды бүт ааламдар үчүн жиберүүнү каалады.","(Оо, Мухаммад!) Каапырларга моюн сунба жана аларга (Куран) менен чоң жихад кыл!","Ал (Аллах) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (бирин-бири бузбай, бирин экинчисине аралаштырбай турган, көрүнбөгөн) бекем тосмо кылды.[1]###[1] «Көрүнбөгөн тосмо» - бул эки суунун составынын бири бирине аралашып кетишине тоскоолдук кыла турган элементтер. «Бекем-бышык парда» бул кадимки эле жээк-тосуктар.","Ал адамды суудан жараткан жана аны тууган-урук, куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң (ар нерсеге) Кудуреттүү.","Алар (мушриктер) Аллахтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (шайтанга) жардамчы болду.","Биз сени (ыймандууларга бейиштин) сүйүнүч, (Аллахка баш ийбегендерге тозоктон) эскертүү кабарын берүүчү кылып жибергенбиз.","Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун).[1]###[1] Ким муктаж адамдарга же болбосо, пайгамбардан башка дин жеткирүүчү кишилерге садака кылып, Аллахтын ыразычылыгына жол издесе-жасай берсин. Бирок, пайгамбарлар садака жебейт.","Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллах таалага) таян, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар.","Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду. Ал – Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет.)","Эгер аларга (мушриктерге) «Чексиз Ырайымдууга (Аллахка) сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Чексиз Ырайымдууң ким? (Аны билбейбиз) Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт.[1]###[1] Алар «эгер биз жалгыз Чексиз Ырайымдууга ибадат кылсак, ата-бабаларыбыз сыйынып келген кудайларыбыз, арбактарыбыз эмне болот» деп чындыктан качышат.","Асмандагы (түркүн) жылдыздарды жараткан Аллах Улук-Берекеттүү Зат болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты.","Жана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.[1]###[1] Ким Аллахты зикир кылууну кааласа, тынч, бейпил түн бар. Моожиза-керемет жаратылыштагы Аллахтын Кудуретинин белгилерин көрүп зикир кылууну кааласа күндүз бар.","Чексиз Ырайымдуунун пенделери… алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат.","Алар түн ичинде[1] Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат.###[1] Түңкү ибадат «тахажжуд» деп аталат жана көп сооптору бар. Айрыкча түндүн үчтөн экиси өткөндө туруп намаз окуп, дуба кылса, кабыл болуусунда үмүт чоң.","Алар «Оо, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс!","Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!) - дешет.","Алар эгер (дин жолунда мал-дүйнөсүн) сарпташса, ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда (адилеттүүлүктө) турушат.","Алар Аллахтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллахтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат.","Ага кыямат күнү (тозокто жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат.","Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат.[1] Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу.###[1] Ар канча ашынган каапыр болсун, эгер жолунан кайтып, чын дилинен Аллахка тообо кылып, ыйман келтирип, жашылык иштерди кыла баштаса, Аллах анын өткөндөгү күнөөлөрүн кечирип, жаман абалын жакшыга, тозокулугун бейишке алмаштырып койот.","Жана кимде-ким тообо кылып, жакшылык иштерди кылса, ал Аллахка (Аллахтын жолуна) чындап кайтыптыр.","Жана алар (Ырайымдуунун пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт.","Аларга Раббилеринин аяттары угузулса, дүлөйлүк, сокурлук менен жыгылышпайт. (Түшүнүп, аң-сезимдүүлүк менен кабыл алышат.)","Алар: «Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет.[1]###[1] Алар дуба кылуу менен гана чектелип отура бербейт. Тескерисинче ошол даражага жеткенче, балдарын, үй-бүлөсүн Аллах ыразылыгын аткаруунун натыйжасында өзүнө, көзунө кубаныч боло турган кылып тарбиялаганга аракеттенишет.","Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана (аларга периштелер) салам айтышып, сый сөздөр менен күтүп алынат.[1]###[1] Аларды бейиш периштелери ызаат-урмат менен салам айтып, бейишке келиши менен куттуктап күтүп алышат.","Алар анда түбөлүк калышат. Жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун!","(Оо, Мухаммад!) айткын: «Эгер (араңарда ыймандуу) дуба кылгандар болбосо, Аллах силерди (каапырларды) баалабайт. Себеби силер (динди, Куранды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада (калпка чыгаргандын жазасы) силер менен бирге болот.[1]###[1] «Жакын арада» деген сөздөн максат - Кыямат. Анда динди, Куранды, пайгамбарды, исламды, бейиш-тозокту жалган дегендерге эч арылбай турган, бекем жабышкан азап берилет.","Та. Сиим. Миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Булар анык китептин (Курандын) аяттары.","(Оо, Мухаммад! Мекке мушриктери) ыйманга келбегени үчүн сен (катуу кайгырып, кыжаалат болуп) жаныңды жок кыла жаздадың![1]###[1] Көп кыйналба. Хидаят (Туура жол) Аллахтын колунда. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат.","Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз.[1]###[1] Бирок, мындай мажбурлап ыйманга келтирүүдөн пайда жок. Чыныгы ыйман көрбөй туруп, кайыптагы нерселерге ишенүү. Анан калса, ошол моожиза келсе жана мурдагы каапырлар сыяктуу ыйман келтирбей коюшса, анда аларга азап хак (ылайык) болуп калмак.","Аларга (мушриктерге) Ырайымдуу (Аллах) тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту.","Алар (Курандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат.","Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун (пайдалуу) өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык.","Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпеди.","Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]###[1] Ал кааласа зордоп ыйманга келтирип, моюндарын ийип коюууга Кудуреттүү. Бирок, Анын мээрими, каардуулугунан жогору. Пендесине мөөнөт берет, мүмкүнчүлүк берет, Өзүнө өз ыктыяры менен кайтуусун күтөт.","Жана (эстегин оо, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Залым коомдорго:","Фараондун коомуна баргын жана аларга: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?» дегин».","«Оо, Раббим, – деди (Муса), – алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун.","(Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн.[1] (Ошондуктан бир тууганым) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер.###[1] «Тилим эркин айланбай калуусунан коркомун» дегенинин себеби, ал бир аз кекечтенип сүйлөчү.","Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.[1] Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун».###[1] Мусанын мындай дешинин себеби, ал Мисирде Фараондун сарайында жүргөндө бир египеттик кишини байкоосуздан уруп өлтүрүп алат жана ушул себептүү качып кетет.","(Аллах) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин кереметтерди алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабардар болуп) туруучубуз.","Баргыла да минтип айткыла: «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз.","Исраил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллахтын элчилери Фараонго барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле...,)","(Фараон мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (эй, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го!","Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (Египеттик букарабызды өлтүрүп) шүгүрсүз адамдардан болгонсуң!».","(Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин).","Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллах мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды.","Ал эми сенин мага милдет кылган жакшылыгың болсо, Исраил урпактарын кул кылып алагыңдын алдында эч нерсе эмес.[1]###[1] Мусанын жообу «Эгер сен менин уруумду жана анын уул перзенттерин тукум курут кылууга буйрук бербегениңде апам мени себетке салып дарыяга агызбайт эле. Сен мени дарыядан кармап алып, бакма бала кылып албайт элең. Бир элдин баарын азапта, кулчулукта кармап, бир гана перзентин ата-энесинен ажыратып «камкордук» көргөзгөнүң жакшылык деп атоого арзыйбы?» деген маанилерди билдирет.","Фараон айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?».","«Ал - асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса).","(Фараон) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?» - деди (Мусаны шылдыңдап).","(Муса): «Аллах силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди.","(Анда Фараон адамдарга) айтты: «Силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!».","(Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал чыгыш менен батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер».[1]###[1] Инсаният тарыхындагы бардык залим падышалар акыйкатты сүйлөгөн кишилер менен оболу асмандан келип сүйлөшүшөт. Бирок, илим менен зулум «сүйлөшө» албайт. Зулум сөз таба албай калганда күчүн көргөзөт. Фараон да ошол ыкмага өттү.","«(Оо, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди.","«Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?» - деди (Муса).","«Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» - деди.","Анан (Муса) таягын (жерге) таштады эле…, ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!","Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле..., ошол замат көрүүчүлөргө аппак (нурдуу) болуп калды!","«(Оо,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!» - деди (Фараон) тегерегиндеги төбөлдөргө.[1]###[1] Жана эле «акылсыз», «жинди» деп турган адам эми «илимдүү сыйкырчы» дегенге өттү. Мушриктердин бардыгы ушундай туруксуз болушат.","«Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?».","(Сарай эли) айтышты: «Аны менен бир тууганын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер.","Алар (чабармандар) сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келишсин».[1]###[1] Муса менен сыйкырчылар мелдеш өткөрмөк болушуп, убактысын, жайын келишип алышты. Муса Аллахтын моожиза-кереметин бардык эл көрсүн деп майрам күндү белгиледи.","Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту.","Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы?","Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек деген үмүттөбүз!».","Сыйкырчылар келип бүткөндө Фараонго: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти.","«Ооба – деди (Фараон) – анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар».","Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла».","Алар жиптерин жана таяктарын таштап: «Фараондун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» - дешти.[1]###[1] Алар таштаган нерселер майда-чүйдө жыландардай көрүнүп турду элдин көзүнө. Бул кадимки эле көз бойогон сыйкырчылык эле.","Анан Муса дагы таягын таштады эле… капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады!","(Бул Кудуреттүү Аллахтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллахка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)","дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик!","Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”","(Фараон ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын![1]###[1] Залымга даба жок турбайбы. Болбосо, сыйкырчылар менен Муса анын көз алдында биринчи жолу жолугушуп турган болсо, алар мамлекеттин ар тарабынан чогултулуп келинген болсо, дагы кантип Муса алардын устаты болуп калсын?! Акыйкатты кабыл албай, жүрөгү карарып залым өкүмдарлар ушундай болбогур нерселерди шылтоо кылып Акыйкатка каршы чыга беришет.","«(Мунун) зыяны жок – дешти сыйкырчылар – биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз.","Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз».[1]###[1] Сыйкырчылардын окуясы ушинтип аяктады. Бирок Фараон менен адамдары, жалпы эл өз каапырчылыгында калды. Аларга Муса дагы көп Аллахтын моожизаларын көргөздү: аларга суу балээси, чебиртке, кан, бака, бит сыяктуу апаат-балээлер көргөзүлдү. Ар биринде Мусага «Раббиңе дуба кыл, балээни алсын, ыйман келтирели дешип, балээ көтөрүлгөн соң, дагы кайрадан каапырчылыгын улантып жатышты. Аллах таала аларга мөөнөт берүүсүн токтотуп, кырып жоюуга себеп болуучу окуяларды тездетти.","Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» - деп вахий кылдык.","(Муса Исраил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди.","(Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар.","Алар биздин ачуубузду чыгарды.","Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди.","(Түшүмдүү) бакчаларынан, (суусу мол) булактарынан Биз аларды (ушинтип) чыгардык.","(чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан.","Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исраил урпактарына мурас кылып бердик.","(Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти.","Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» – дешти.","«Жок! – деди (Муса), – албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!».","Анан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды.[1]###[1] Муса менен анын он эки уруу эли өз жолдоруна түшүп, наркы жээкке жол алышты.","Анан башкаларды (Фараон менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык.","Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык.","Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик!","Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат.","Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Мээримдүү.[1]###[1] Кудуреттүүлүгү менен Мисирдей чоң мамлекеттин чар тарабынан чогулган Фараондун күчтүү армиясын алеки заматта жок кылып, ырайымдуулугу менен азыр эле кул болуп турган миңдеген Исраил урпактарын алардан калган мүлккө мураскор кылып койду! Субханаллах!","(Оо, Мухаммад,) аларга (Курандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер.","Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» - деди.[1]###[1] Ибрахимдин бул сөзү суроо эмес, четке кагуу маанисинде болчу.","«Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» – дешти.","(Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы?","Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?».","«Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти.","(Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү,","силер жана байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен?).","Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллах!)","Ал мени жаратты, анан туура жолго баштайт.","Жана Ал мени жедирет жана ичирет.","Оорусам, Өзү мага шыпаа берет.","Жана Ал менин жанымды алып (кыяматта) мени кайра тирилтет.","Жана кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын.","«Оо, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) жакшы адамдарга (пайгамбарларга) кошкун!","Жана мени(н ысымымды) акыркылардын чынчыл тилдеринде (дубаларында) кылгын!","Жана мени жыргалчылыктуу бейиштин мураскорлорунан кылгын!","Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды![1]###[1] Ибрахим бул сөзүн атасынын ыйманга келүүсүнөн үмүтү бар мезгилде айткан. Ал эми, ыйманга келүүсүнөн үмүтү үзүлгөндө «мен силерден жана силер сыйынган кудайлардан кечтим!» деп атасынан кечкен.","(Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан тириле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!».","Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт.","Бир гана, Аллахка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын жакшылык иштери гана пайда берет).","Такыбалуу кишилерге бейиш жакын келтирилди.","Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү![1]###[1] Туура жолду тандоонун ордуна өз каалоолорун ээрчип, Аллахтын пайгамбарлары алып келген Акыйкатка каршы иштеген, Аллахтын арам кылган нерселерин адалга, адалдарын арамга чыгарган адамдарга тозок, ичиндеги бардык азаптары менен даярдап коюлду.","Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды?!","Аллахты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!».","Анан ага (тозокко биринин үстүнө бири) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар,","жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери.[1]###[1] Күнөө, ширк ибадаттарга чакырган бардык адамдар жана жиндер Иблистин аскерлери болуп эсептелет.","Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти:","«Аллахка ант, биз анык адашууда болуптурбуз!","Биз (эй, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине теңештириптирбиз!","Бизди күнөөкөрлөр гана адаштырды!","Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды![1]###[1] Бул жерде, Кыяматта болуучу окуялардын сөздөрү өткөн чакта айтылгандыгынын мааниси, албетте ошондой болушун билдирет.","Жана бизге (пайда берчү эч бир) кадырман дос да жок!","Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана ыймандуулардан болуп калсак!».","Албетте бул аяттарда үлгү-сабак бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.","Чындыгында сенин Раббиң (оо, Мухаммад!) бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.","Нухтун коому дагы пайгамбарларды[1] жалганчыга чыгарды.###[1] Алар бир Нухтун өзүн «жалганчы дегенине карабай, аятта «Пайгамбарларды» деп келгенинин себеби, кайсы бир эл бир гана пайгамбарга ишенбесе, бардык пайгамбарларга ишенбеген болуп эсептелет. Себеби, бардык пайгамбарлар бир гана таалимди-жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу (тавхид) таалимин алып келишкен.","Бир кезде аларга өздөрүнөн болгон Нух (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!","Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун.","Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!","Мен ыйманга чакырганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши.","Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула![1]###[1] Бул аяттын кайталанып келишинин себеби, Нух бул сөздү каапыр элине көп, кайра кайра айткан. Ал тогуз жүз элүү жыл, тынбай элди Аллахтан коркууга, Аллахтын пайгамбарына моюн сунууга чакырган.","«Сага ыйман келтиребизби?! Сага төмөнкү катмардагы адамдар гана ээрчиген го!» - дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар).[1]###[1] Алар Нухка «Эгер ошол кедейлерди айдап жиберсең, биз сен менен сүйлөшүп, балким, келишип алышыбыз мүмкүн» деп шарт коюшкан.","(Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин.","Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет.","Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин.","Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн».","«Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр).[1]###[1] (Өздөрүнө насаат айткан пайгамбарга ушундай мамиле жасаган элде эмне жакшылык болсун?! Нух аларды өмүр бою жакшылыкка – Акыреттеги тозок отунан кутулууга чакырса, «токтот, ташбараң кылабыз» дешет! Нух бул элге насаат пайда бербесин билди, өзүнө болгон алардын зулуму, мазактоолору, кежирликтери жанына батты. Анан аларга каргыш дуба кылды.","(Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды!","Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мени менен бирге болгон ыймандууларды куткар!».","Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык.","Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик.","Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келбей коюшту.","Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]###[1] Кудурети менен топон суу жиберип, каапырларды чөктүрүп салды. Ырайымы менен Өзүнө ибадат кылгандарды куткарып калды.","Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди.[1]###[1] Аад коому өздөрүнүн арасынан тандалып, өздөрүнө пайгамбар кылып жиберилген Худду жалганчыга чыгарышты.","Бир кезде аларга өз тууганы Худ айтты: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!","Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) аманаткөй элчимин.","Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!","Мен чакырыгым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.","Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө пайдасыз курулуштарды (бут, айкелдерди ж.б.) ойноп эле кура бересиңерби?!","(Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар!","Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, канкордук менен көргөзөсүңөр![1]###[1] Алар күч-кубаттарынан манчыркап, башка элдерге баскын жасап, зулум көргөзүп турушкан.","Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!","Силерге өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтан корккула!","Ал силерге чарба малдарын жана балдарды берди.","Бактарды жана булактарды берди.","Мен силердин башыңарга улук күндүн (кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун!","(Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок.","Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден жакшылык эмей эле) абалкылардын салты.","Жана биз (кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз».","(Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.","Чынында сенин Раббиң Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.","Самуд эли дагы пайгамбарларды[1] жалганчы кылды.###[1] «Пайгамбарлар» деген сөз боюнча 105-123- аяттарды караңыз.","Бир кезде аларга өз тууганы Салих айтты: «(Аллахтан) корксоңор болбойбу?!","Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.","Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!","Мен чакырыгым үчүн силерден акы-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.","Силер бул жердеги жакшылык-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер,","бактардын, булактардын ичинде?","Эгинзарларда жана жагымдуу курмалардын ичинде?[1]###[1] Жок силер бул дүйнөгө жөн эле жыргаганы келгениңер жок! Жалгыз Аллахка ибадат кылганы келгенсиңер!","Чеберчилик менен тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар.","Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!","Чектен ашкан күнөөкөрлөрдүн буйругуна моюн сунбагыла!","Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар».","(Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың!","Сен бизге окшогон эле адамсың! Эгер («мен пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (керемет) көргөзчү?».","(Салих аларга Аллах таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силерге керемет болсун. Эми, кудуктан кезек менен) силерге бир күн, ага да бир күн белгилүү суу ичүү күнү болсун.","Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди улук күндүн азабы кармайт!».","Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты.","Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуулардан болушпады.","Албетте, сенин Раббиң бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.","Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди.[1]###[1] Эмне үчүн Лут бир адам болсо дагы Аллах таала «пайгамбарлар» деп көптүк түрдө айтты? Бул маселенин жообу ушул сүрөнүн 105-аятында.","Бир кезде аларга тууганы Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллахтан) коркпойсуңарбы?!","Мен силерге аманаткөй пайгамбармын.","Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!","Мен ал үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.","(Оо, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектер менен (жыныстык байланыш) кыласыңарбы?!","Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!».","«Эй, Лут! – дешти (каапырлар) – эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!».","(Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем!","Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!».","Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык.","Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык.","Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык.","Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман![1]###[1] Аларга «Эгер эсиңерге келип, арам ишиңерди таштап, жалгыз Аллахтын Өзүнө сыйынууга, Анын гана буйруктарын аткарууга кайтпасаңар, башыңарга катуу азап түшөт» деп эскертилген болчу.","Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады.","Чынында сенин Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу!","Калың бак-дарак элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]###[1] Бул - Хижаз менен Палестинанын аралыгындагы Мадян элдери. Мадян калың бак-дарактуу жер болгон. «Пайгамбарлар» деген сөз боюнча 105-аятка караңыз.","Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллахтан) коркпойсуңарбы?!","Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.","Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!","Мен үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.","(Оо, коомум) өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула!","Туура тараза менен тарткыла!","Адамдардын нерселерин кемитпегиле![1] Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!###[1] Таразадан алдоо бирөөнүн чөнтөгүнө «түшүү» метрден үнөмдөп калуу, уурулук, карактоо..., ушулардын баары тоноочулук болуп саналат.","Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллахтан корккула!","(Каапырлар) айтышты: «Сен (эй, Шуайб) сыйкырланып калгансың го!","Сен биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз, сени анык эле жалганчылардын бири деп ойлойбуз.","Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи? (Мына ушинтип шылдыңдашты каапырлар Шуайб пайгамбарды. Үгүт пайда бербей, кайра өзүнө кордук көргөзүлгөн соң)","(Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет.[1]###[1] Мен болгону Акыйкат сөздү жеткирүүчүмүн. Силердин башыңарга азап түшүрүүнү мен билбеймин, Раббим билет. Ал Өзү каалаган учурда силерге азап түшүрүүгө Кудуреттүү.","Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады![1] Бул улук күндүн азабы болчу.###[1] Ошондо, Аллах Күндү аябай ысык кылган. Каапырлар көлөкө таппай, ысыктан кыйналып калганда, Аллах чоң бир кара булут жиберген. Муну көргөн каапырлар, Аллахтын амалкерлиги экенин ойлоп да коюшпай, анын астына чогулушканда..., булуттун арасынан от чыгып, бардыгын күлгө айланткан!","Албетте мында үлгү-сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.","Чынында сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.","«Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн».","Аны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди,","сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн.","(Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн).","Албетте, ал абалкылардын ыйык китептеринде да эскертилген.","Аны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу?[1]###[1] Араб мушриктери үчүн яхуди уламаларынын сөзү далил болгон. Бир нерседе талашып калчу болушса дароо аларга чуркап барышып, «Тооратты карагылачы, паландай маселеде эмне айтылган экен деп турушкан. Ал эми, Куран маселесинде да ынсаптуу еврей аалымдары Тооратта Куран жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жөнүндө айтылганын маалымдашкан. Бирок, кежирленген мушриктер бул далилге да муюбай коюшту.","Эгер Биз аны араб эмес адамдардын кээ бирине түшүрсөк","жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес.[1]###[1] Анда: «Эч нерсени түшүнбөй жатабыз. Бул эмне өзү?» дешмек.","Биз ошондой эле (Куранды) күнөөкөр адамдардын жүрөктөрүнө (Куранга болгон жалган менен каапырлыкты) жолдодук.","Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.","Азап болсо аларга капыстан келет. Алар аны туйбай-сезишпей калышат.","Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат.","Биздин азапты шаштырып жатышабы?","Айтчы (оо, Мухаммад!) эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак,","Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе,","ошол пайдалантырылган нерселердин аларга пайдасы тиймек эмес!","Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон.","(Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук.[1]###[1] Эгер эскертүү бербей кыйратса, анда зулум болмок.","Аны (Куранды) жин-шайтандар түшүргөн эмес.","Аларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт.[1] (Анткени:)###[1] Мушриктердин Куранга, пайгамбарга койгон дооматтарынын кезектегиси - алардын «Куранды Мухаммадга жин-шайтандар шыбыраса керек» деген сөздөрү. Бул аят ошол дооматка жооп. Шайтандар - ыпылас. Билген-кылган иштери азгырык. Ал эми Куран таза жана турган бүткөнү хидаят (туура жол). Демек, шайтан буга ылайык эмес. Анан шайтандар жогорку Арштан Куран аяттарын алып келебиз деп аракет кылган күндө деле, кудуреттери жетпейт.","Алар аны угуудан тосулуп коюлган.[1]###[1] Жин-шайтандар түшө турган Куран аяттарын же болбосо башка бир кайып кабарларын уурдап алуу үчүн эң жогорку асмандарга сагаласа, аларга жылдыздар атырылып, күйдүрүп жиберчү болгон. Анын үстүнө Куран аяттарын Кудуреттүү периште Жебирейил коргоп, сактап алып түшөт. Аллах таала башка бир аятта: «Зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактоочубуз» деген.","(Оо, Мухаммад!) Аллахка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың.","Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок азабынан) эскерт!","Өзүңө ээрчиген ыймандууларды канатыңа калкала!","Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден алысмын» - дегин.","Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл.","Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт.","Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт).","Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү.","(Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби?","Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт.","Алар (аны) угушат. Алардын көпчүлүгү жалганчылар.","Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт.[1]###[1] Албетте, көпчүлүк акындар сезимтал кишилер. Алар ырдын ар кайсы өрөөнүндө жүрө беришет. Конум (токтоолук) деген болбойт. Бүгүн бирөөнү мактап, көкөлөтсө, эртең эле жети кат жердин түбүнө киргизе жамандап жибериши мүмкүн. Акындарга өздөрү сыяктуу сезимтал (акылынан сезими бийик) адамдар ээрчийт. Ким акылдан сезимди жогору койсо - ал адашат.","Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең?","Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат).","Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Аллахты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, залым (каапыр) адамдар жакында кайсы жайга барышаарын билип алышат.","Та, син. Булар – Курандын жана ачык-айкын (катасы жок) китептин аяттары.","Туура жол жана ыймандууларга сүйүнчү кабар.","Алар (ыймандуулар) намазды толук окушат, зекетти беришет жана акыретке бекем ишенишет.","Ал эми акыретке ишенбеген адамдарга Биз (күнөө) иштерин кооз көргөзүп койдук. Эми алар адашып-тентип жүрө беришет.","Алар үчүн азаптын эң жаманы болот жана алар акыретте эң көп зыян тартуучулар!","«Жана чынында (сага түшүрүлгөн) Куран – Билүүчү, Даанышман (Аллах) тарабынан берилген».","(Оо, Мухаммад эстегин), бир кезде Муса (Мадяндан келе жатып) өз үй-бүлөсүнө: «Мен (алыстан) от көрдүм. Дароо андан кабар же силерге бир аз чок ала келейин, (аны менен) жылынып алаарсыңар» - деди.","Ал отко (жакындап) келгенде (кайыптан): «Оттун жанындагы кишиге жана тегерегиндегилерге береке болсун![1] Ааламдардын Раббиси – Аллах аруу!» - деген добуш угулду.###[1] Аллах Өзүнүн ыйык элчи-пайгамбарчылыгын берүү үчүн Мусанын көзүнө «от» көргөзүп, айланасы берекеттүү, Ыйык Тува өрөөнүнө алып келген.","«Оо, Муса бул Мен –  Кудуреттүү, Даанышман Аллахмын!","Таягыңды ташта!» (таягын жерге таштады эле) Анын чоң жылан болуп сойлогонун көрүп артына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! – (деди кайрадан жанагы добуш) – коркпогун, Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт.","Ал эми, зулумдук кылган адамдар (Менден коркушат)ظ (Бирок) кийин күнөөсүн сооп ишке алмаштырса, Мен Кечиримдүү, Ырайымдуумун.","(Оо, Муса), колуңду колтугуңа киргиз, ал жамандыгы жок[1] аппак болуп чыгат. (آТаяк менен ак кол) Фараон жана анын коомуна арналган тогуз кереметтин[2] (экөөсү). Чынында алар бузулган коомдор.###[1] «Жамандыгы жок» дегендин мааниси, пес (ала) оорусу менен ооруган дене сыяктуу жийиркеничтүү ак эмес, нурлуу, татынакай, жылтыраган ак дегенди түшүндүрөт.\t[2] Аллах Мусага ушул экөөнөн: таяк менен ак колдон башка дагы жети керемет берген. Бардык кереметтери биригип тогуз болот.","Ал эми, качан аларга Биздин кереметтер келгенде! «Бул анык сыйкыр» дешти.","Жана өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту. Эми сен бузулган адамдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой.[1]###[1] Бузулган Фараон адамдардын акыбет-натыйжасы деңизге чөктүрүп өлтүрүү болгон эле.","Биз Дауд менен (анын уулу) Сулайманга илим (пайгамбарлык) бердик. Анан алар: «Аллахка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди артыкчылыктуу кылды!» дешти.","Сулайман Дауддан (илими менен пайгамбарлыгын) мураска алды жана: «Оо, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана (ушул кезге чейин, эч кимге берилбеген) бардык нерселер берилди. Акыйкатта бул (Аллах тарабынан берилген) анык артыкчылык!» - деди.","Жана (күндөрдүн биринде) Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту.","Алар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска: «Э-э-й, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери байкабастан силерди тебелеп-жанчып кетишпесин!» - деди.","Анын сөзүнө Сулайман жылмайып күлдү да, (дуба кылып, мындай) деди: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана жакшы, ыймандуу пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!».","(Бир жерде) куштарды кароодон өткөрдү жана: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал (бир жагына) көрүнбөй кеттиби?","Мен аны катуу азап менен жазалаймын: же союп жиберемин же болбосо мага (жоголгонунун) анык-ишенимдүү далилин алып келсин!» деди.","Көп турбай (үпүп келип калды) жана ошол замат (маалымат берип мындай) деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Саба[1] элинен анык кабар алып келдим.###[1] «Саба» - Йемен өлкөсүндөгү бир уруунун аты.","Мен аларга бийлик кылган (Билкийс деген) аялды таптым. Ага бүткүл (керектүү кубаттуулуктун, бийликтин) себептери берилиптир. Жана анын улук тактысы да бар экен.","Мен ал аял менен анын коомун, Аллахты коюп, күнгө сажда (табынып) жатканын көрдүм. Шайтан аларга (ширк) амалдарын кооздоп көргөзүп туура жолдон тосуп коюптур. Алар (ошондуктан, туура жолго) түшүшкөн жок.","Аллахтын Өзүнө сажда кылышса болбойт беле?! Ал асмандардагы жана жердеги жашыруун нерселерди чыгарган жана силер жашырган же жарыя кылган (бардык) нерселерди билет!","Аллах(тын) бир Өзүнөн башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок! (Ал) улук Арштын Раббиси! (Үпүп өз маалыматын ушинтип бүтүрдү. Сулайман аны уккан соң...,)","(мындай) деди: «Чын сүйлөдүңбү же жалганчылардан болдуңбу, (муну) азыр эле байкап көрөбүз.","Менин мына бул катымды алып жөнөгүн. Аларга алпарып таштагын дагы, өзүң ыраак болуп, карап тур: эмне жооп айтышаар экен. (Үпүп куш катты алпарып таштады да, буюрулганы сыяктуу, окуянын кандай уланышын бир четте карап турду. Саба канышасы катты ачып, мындай)","деди: «Оо, кадырмандар, мага бир урматтуу кат келиптир.","Сулаймандан экен. Анда «Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын ысымы менен (баштаймын).","(Оо, Сабалыктар,) өзүңөрдү менден бийик сезбей, моюн сунган абалда мага келүүңөрдү (буюрамын» деп жазыптыр)».","(Дагы) айтты: «Кана, (акылман) улуктар, мага ишимде кеңеш бергиле. Качан силер (бир нерсеге) күбөлүк бермейинче, мен эч кандай чечим чыгарбаймын».","(Улуктар) айтышты: «Биз Кудуреттүү жана күчтүү кошуун ээсибиз.[1] Бирок, ыктыяр өзүңүздө. Эмне буйрук чыгарууну өзүңүз карап көрүңүз». (Каныша ойлонуп, эң жакшы чечимге келди жана:)###[1] «Сулаймандын бул каты бизди коркутпайт. Кааласак анын үстүнө кошуун тартып барышыбыз мүмкүн» демекчи болушууда.","Айтты: «Чынында падышалар бир айылга (айыл, шаарларга) басып кирсе, анын ойронун чыгарып, кадырлуу элин кор кылышат. Дал ушундай кылышат.","А, мен болсо аларга (кымбат баалуу) белектер жиберемин. Көрөйүнчү, элчилер(им) кандай кабар менен кайтаар экен».","(Элчилер кымбат белектер менен) Сулайманга келгенде, ал: «Силер мага мал-дүйнө менен жардам берейин дедиңерби-ыя! Аллах берген нерселер (чексиз мүлк, илим жана пайгамбарлык) силер алып келгендерден артык. (Бул) белек-бечкегиңер менен өзүңөр сүйүнө бергиле!","(Бул белегиң менен) аларга кайтып жөнөгүн! Эми Биз алардын үстүнө (адамдар, жиндер жана куштардан болгон) туруштук бере албай турган аскер менен барып, моюн сунган, кордолгон абалда журтунан сүрүп чыгарабыз!».[1]###[1] Ал каапыр элге, өзүңөр моюн сунган абалда келип, туура жолго түшкүлө деп кат жазса, алар белек жиберип сынаганы Сулаймандын ачуусун келтирген эле.","(Анан) айтты: «Оо, аскерлерим! Кимиңер мага анын тактысын, өзү моюн сунган абалда келгенге чейин жеткирип келе аласыңар?».","Жиндерден «Ифрит» деген бирөөсү: «Мен аны сен ушул ордуңдан турганга чейин алып келе аламын жана ушуга мен кудуреттүү, ишенимдүүмүн» - деди.","Ал эми, китептен илими болгон анын (Сулаймандын) алдындагы бир адам: «Мен аны көзүңдү жумуп ачканга чейин эле, келтире аламын» деди. (Сулайман көзүн ачып) тактыны өз алдында орношуп калганын көргөндө: «Бул Раббимдин мени, шүгүр кыламынбы же шүгүрсүз боломунбу, (ушуну) сынаш үчүн мага берген өзгөчөлүгү, артыкчылыгы. Ким шүгүр кылса, өзүнө пайда. Ал эми, ким каапыр (шүгүрсүз) болсо, Раббим (андан) Беймуктаж жана Улук!» - деди.","(Анан) айтты: «Анын тактысын өзгөртүп койгула. Көрөбүз, ал тааныйбы же тааныбагандардан болобу».[1]###[1] Сулайман Саба канышасынын элчисин кайтарып жибергенде, Аллах ага канышанын келишин билдирген жана Сулайман анын парасатын сынап, анан Аллахтын кереметтерин көргөзүп акыйкат динге үгүт кылып чакырууну ойлогон.","(Билкийс) жетип келгенде «Сенин тактың ушундай беле?» деп суралды. «Дал өзү го!» - деди ал. (Анда Сулайман айтты): «Бизге мындан мурун илим (пайгамбарлык жана башка илимдер) берилген жана биз мусулмандардан болдук».","Ал эми, канышаны болсо, өздөрү ибадат кылган, Аллахтан башка «кудайлары»(на болгон ишеними, Аллахка ыйман келтирүүдөн) тосуп турган. Ал каапыр коомдордон эле.","(Анан ага): «Сарайга кириңиз» деп айтылды. Сарайды көргөндө..., аны суу деп ойлоп, (бутун чечип, кийимин) балтырына чейин көтөргөндө,[1] (Сулайман): «Бул тегизделген жылмакай айнектен жасалган сарай» - деди. (Сулаймандын Аллахтын Кудуретинен жардам алган пайгамбар экенине эми Саба канышасында эч шек-күмөн калбады. Ошондуктан:) «Оо, Раббим! Мен өз жаныма зулум кылып жүргөн экенмин! Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Раббисине моюн сундум!» - деди.###[1] Сулайман жиндердин жардамы жана өзүнүн жетишкен илими менен суунун үстүнө жылмакай айнектен сарай салган. Ал айнектер ушунчалык тунук болгондуктан, бар экени билинген эмес. Астындагы суу эле көрүнүп, агып турат. Бирок добушу жок. Каныша айран таң! «Сарайга кириңиз» деп, сууга жетелешүүдө. Жана эле айткандай ал өтө зирек. Сулаймандын көңүлү оорубасын деп, «кана, сарай дегениңиз?» «эмне үчүн мени сарай деп сууга жетелеп жатасыз?» деген жок. Эмне болоор экен, кечсем, кечип коеюн деп, бут кийимин чечип, этегин көтөрүп, «кечип кирсе»..., суу жок! Тамандын астындагы айнектен жасалган сарайдын тепкичи экен! Сулайман анын таңыркоосуна экинчи ирет жооп берип «Бул тегизделген жылмакай айнектен жасалган сарай» - деди.","Биз Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти «Аллахка ибадат кылгыла!» (деп буюрушу үчүн) пайгамбар кылып жибердик. Анан алар эки бөлүк (мусулман-каапыр) болуп талашып-тартыша баштады. (Каапырлар Салих пайгамбарды жалганчы дешип, «эгер чын пайгамбар болсоң, биздин башыбызга бир азап түшүрчү, кана» деп кыстай баштады. Анда:)","(Салих) айтты: «Оо, коомум! Эмнеге силер жакшылыктан мурун (азапка алып баруучу) күнөөлүү иштерге шашыласыңар?! (Андан көрө) Аллахтан кечирим сурасаңар болбойбу?! Ырайымына арзып калышыңар ажеп эместир!».","(Каапырлар) айтты: «Сенден жана сени менен бирге болгондордон (кесепеттүү экенсиңер деп) жаман жышаан кылып жатабыз» (Салих) айтты: «Жаман жышааныңар Аллахтын алдында. Жок! (Силер айткандай эмес) Чынында, силер сыналып жаткан коомсуңар».[1]###[1] Адамдардын башына түшкөн ар түрдүү жаман-жакшы нерселер, («келиндин аягынан...» дегендей) бирөөнүн аягынан же башкасынан болбойт. Булар-болбогур ырымдар! Аллах таала Өзүнүн алдындагы Тагдыр китебине эмне жазган болсо ошол иш болот. Аны бирөөнүн «аягына» байлап койгон эмес. Бул дүйнө сыноо дүйнөсү. Аллах кээ бирде бакыт-таалай, байлык-мүлк берип сынаса, кээде кайгы-капачылык, кедейчилик менен сынайт.","Шаарда, жер бетинде жакшылык эмес, бузукулукту таратып жүргөн тогуз киши бар эле.","Алар:«Аллахтын аты менен бири-бириңерге ант бергиле. Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде өлтүрүп, кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок, биз чын сүйлөгөн кишилербиз – дейбиз» дешти.","Алар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты.[1]###[1] Инсанияттын ниет-максатын, эреже-долбоорун Аллах билип турат. Бирок, Аллахтын пландарын эч ким билбейт. Алар эртең Салих менен үй-бүлөсүн кыйратабыз деген максаттарына жетпей өздөрү Аллах жиберген азаптан кыйрап калышты.","Карачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук!","Мына алардын үйлөрү! Зулумдук (каапырлык) кылгандары себептүү бош калды! Билген адамдар үчүн бул окуяда (кудуретибизге) белги бар.","Ал эми, ыйман келтирген адамдарды, биз куткардык. Алар такыба кишилер болчу.","Жана (оо, Мухаммад!) Лутту да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: «Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиңерби?!","Аялдар калып, эркектерге кумар менен (артынан) келе бересиңерби?! Жок! Силер тап-такыр (чектен чыккан) наадан коом экенсиңер!» деди."]