["Коому ага (шылдыңдаган абалда): “Луттун үй-бүлөсүн (жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар экен!” – деген сөз менен гана жооп берди.[1]###[1] Анан аларга азап берүү үчүн Аллахтын эки периштеси сулуу жигит кейпинде Луттун үйүнө келишет. Луттун кемпири бузукулардын ишин туура көргөн каапыр болчу. Ал ыплас адамдарга чуркап барып: «Луттун үйүнө эки сулуу жигит келди» деп сүйүнчүлөдү. Алар бири-биринен озушуп, жетип келип, эки «жигиттен» үмүт кылып калышты. Бирок, «жигиттер» Лутка түнү менен үй-бүлөңдү алып шаардан чыгып кетүүнү дайындап, кайып болушту. Лут кемпиринен башка үй-бүлөсүн чыгарып кетери менен ыпыластардын үстүнө таш жамгыры жаап, жер оодарылып, кыйрап калышты!","Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Биз ага кыйрагандардын (бири) болууну тагдыр кылган элек.","Жана алардын үстүнө (таш) жамгырын жаадырдык. Эскертилгендердин[1] «жамгыры» аябай жаман болду.###[1] Аларга «Эгер ушунуңарды токтотуп, Аллахтын мыйзамына кайтпасаңар, башыңарга азап түшөт» деп эскертилген болчу.","Айт (оо, Мухаммад): «Аллахка мактоолор, тандап алган пенделерине (пайгамбарларга) салам болсун! Аллах жакшыбы, же силер (Аллахка) шерик кылып жаткан «кудайларбы»?!","Асмандар менен жерди жаратып, силерге асмандан суу түшүргөн ким?» Биз ал суу менен кооз-көркөм бактарды өндүрдүк. Силер ал бактардын дарактарын өндүрүп-өстүрө албайт элеңер. (Эми, айткылачы, ушуларды) Аллах менен бирге (шерик) болгон «кудайлар» жасадыбы?! Жок! Алар (Аллахка башка «кудайды») тең кылган адамдар!","Же болбосо, жерди ким (инсаниятка) башпаанек кылды? Анын араларына (ким) дарыяларды агызып, үстүнө тоолорду орнотуп, эки деңиздин (дарыя менен деңиздин) арасына (ким) тосмо койду? (Аллахбы) же Аллах менен (силер ага шерик кылган) «кудайбы»?! Жок! Алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.","Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, жамандыкты ким кетирет? Жана силерди жер бетине бириңердин артынан бириңерди калуучу орун басар кылган (ким)? (Аллахбы) же, Аллах менен (силер Ага шерик кылган башка) «кудайбы»?! Өтө аз ойлоносуңар!","Же болбосо, силерге кургактык менен деңиздердин караңгылыктарында жол көргөзгөн ким? Жана Өз ырайымы астынан, сүйүнүчтүн элчиси катары шамалдарды жиберген ким? (Аллахбы) же, (силердин оюңардагы) Аллах менен бирге (шерик) болгон «кудайбы»?! Аллах алардын ширк амалдарынан (Аруу Таза жана) Бийик!","Же болбосо, (инсанды) абалкы ирет жаратып, кийин аны (өлгөндөн соң) кайрадан жарата турган ким?! Жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким?! (Аллахбы) же Аллах менен бирге болгон (силер шерик кылган) «кудайбы?!» Айт (оо, Мухаммад): «Эгер (Аллахтын шериги бар деген сөзүңөрдө) чынчыл болсоңор, далилиңерди алып келгиле!»","Айт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты[1] билбейт. Бир гана Аллах билет! Качан кайрадан тирилишин сезишпейт.###[1] Кайыпты пайгамбарлар да, периштелер да, жин-шайтандар да, арбактар да билбейт. Аллахтан башка кимдир бирөөлөр кайыпты билет деген адам каапыр болот. Кудум эле Мекке мушриктери сыяктуу. Алар дагы ушинтип ойлошкон.","Жок, (сезбейт гана эмес) алардын акырет жөнүндө илимдери алсыз. Жок, (алсыз гана эмес) алар акыреттен шектенишет. Жок, (шектенүү менен гана чектелбейт) алар акыреттен таптакыр сокур! (Эч нерсе билишпейт жана ишенишпейт).","Каапырлар: «Биз жана ата-бабаларыбыз (өлүп, чирип) топурак болуп калсак да (кайра тирилип мүрзөбүздөн) чыгарылабызбы?!","Бизге жана ата-бабаларыбызга бул (кайра тирилүү,) буга чейин (пайгамбарлар тарабынан) убада кылынган. Бул (сөздөр) абалкылардын жөө-жомогунан башка нерсе эмес!» - дешти.","Айт: «Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла».[1]###[1] Жер жүзүнүн ар кайсыл жерлеринде пайгамбарларды жалганчы кылып, акыбетте баштарына азап-балээ түшүп кыйрап калган адамдардын издери: кулаган сарайлары, көмүлгөн кудуктары калган. Ошолордон сабак алышпайбы?","(Оо, Мухаммад!) Сен аларга кайгырба жана айлакерликтеринен сыгылба.","Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет.","Айткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири мүмкүн силерге жакындап калды.[1]###[1] Ал азап силерге учкашкан сыяктуу жаныңарда гана болушу да мүмкүн. Же болбосо, Аллах силерге мөөнөт берип, азапты кыяматка калтырышы да мүмкүн.","Жана сенин Раббиң, акыйкатта адамдарга ырайымдуу. Бирок, алардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт.","Чынында, сенин Раббиң алардын көөдөндөрү эмнени жашырып, эмнени ашкере кылганын эң жакшы билет.","Асмандагы жана Жердеги бардык кайып нерселер анык Китепте (Лавхул Махфузда) жазылуу.","«Чынында, бул Куран Исраил урпактарына алар талашып-тартышкан көп маселелерин(ин анык жообун) баяндап берет».","Ал ыймандуулар үчүн ырайым жана туура жол.","Албетте, сенин Раббиң Өзүнүн (Курандагы) өкүмү менен алардын арасында өкүм жүргүзөт. Жана Ал Кудуреттүү, Билүүчү.","Эми сен (ушундай Кудуреттүү, Билүүчү) Аллахка өзүңдү тапшыр (тобокел кыл). Чынында, сен анык акыйкаттын үстүндөсүң. (Бирок, сенин жолуң, колуңдагы Куран канчалык акыйкат болсо да, аны руху өлгөн адамдар укпайт. Ошондуктан...)","Сен «өлүктөргө» угуза албайсың. Үгүт-чакырыкты тескери басып бараткан «дүлөйлөргө» да угуза албайсың.","(Ошондой эле), сен сокурларды адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.","Качан адамдарга (убада кылынган) сөз (кыямат) келип (жакындап) калганда, аларга жерден бир жаныбар чыгарабыз.[1] Ал аларга адамдар Биздин аяттарыбызга ишенишкен жок деп сүйлөйт.###[1] Арабчада «Дааббатул Ард» деп аталган бул жаныбардын сыпаты Куран менен Сүннөттө айтылган эмес. Ошондуктан аны сүрөттөгөнгө эч кимдин укугу жок. Биз болгону ошол жаныбар чыгып, элдерге сүйлөшүнө жана бул окуя кыяматтын чоң белгилеринен бири экенине ишенебиз.","Биз ар бир үммөт арасындагы, аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан бир топторун чогултуп, анан алар (Биздин алдыбызда) тизилип калган күндү (кыяматты эстегин).","Качан алар келгенде (Аллах) айтты: «Менин аяттарымды толук билбей (түшүнбөй) туруп, аны жалганга чыгардыңарбы?! Же анда эмне кылгансыңар?!»","Ошентип, зулум (каапырчылык) кылгандары себептүү алардын үстүнө Сөз (азап) түштү! Алар (анда) бир да сөз сүйлөй албай калышат. (Ошондой азапка учурап калуудан мурун, бул дүйнөдө:)","Карашпайбы (ойлонушпайбы): Биз түндү жаратып койдук, анда эс алып, тыныгуулары үчүн..., Жана күндүздү жаратып койдук, көрүүлөрү (жана жашоо тиричилигин өткөрүүлөрү) үчүн?! Буларда ыйман келтирген адамдарга анык белгилер бар!","Сур (кернейи) тартылган күнү, асмандардагы жана жердеги, Аллах каалагандардан башка бардык жандуулар катуу коркунучка түшөт. Жана экинчи ирет тартылганда бардык адамдар Аллахка моюн сунган абалда келишет.[1]###[1] Кыяматта Исрафил периште Сур деген кернейди эки жолу тартат. Биринчи жолкусунда Аллах каалагандан башка бардык адамдар жүрөгү жарылып өлүп калат. Экинчи жолу тартылганда бардык адамдар: Сурдун добушунан өлгөндөрү да, андан мурун өлгөндөрү да мүрзөлөрүнөн туруп, «Аллахка моюн сунган абалда келишет».","Жана сен (кыямат күнү) тоолор (ордунда) катып турат деп ойлойсуң (жок, андай болбойт). Алар (ал күнү) булуттар учкан сыяктуу учуп жүрөт.[1] Бул ар бир нерсени мыкты жасаган Аллахтын жасаганы. Ал силердин бардык ишиңерден Кабардар.###[1] Ааламдык кагылышуу, катастрофалардын натыйжасында, жер өз огунан чыгып, андагы тоолор да атырылып, майдаланып, булуттар сыяктуу сүзүп жүрүшөт.","Ким (тигил дүйнөгө) жакшылык (сооп иш) алып келсе, ага анысынан жакшыраак (сыйлык) берилет жана алар ошол (кыямат) күндүн коркунучунан аман болушат.","Ал эми, ким жамандык (күнөө) алып келсе, алар жүздөрү менен тозокко ташталат жана: «Өзүңөрдүн ишиңерге жараша гана жаза аласыңар» (деп айтылат).","(Айткын): «Мен ушул шаардын (Меккенин) Раббисине ибадат кылууга буюрулдум. Аллах ал шаарды ыйык кылган. Бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Жана мен мусулмандардан болууга буюрулдум.","Жана Куранды окуп берүүгө (да буюрулганмын). Эми, ким туура жолго түшсө, өз пайдасы үчүн. Ал эми, кимде-ким адашса, айткын: «Чынында, мен эскертүүчүлөрдүн биримин».","Жана айткын: «Аллахка мактоолор болсун! Жакында Ал силерге Өзүнүн аят-белгилерин көргөзөт. Анан аларды таанып аласыңар». Сенин Раббиң (эч бир) ишиңерден бейкапар эмес!","Та. Син. Мим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Булар анык Китеп аяттары.","(Оо, Мухаммад!) Биз сага (сен аркылуу ыймандуу адамдарга) Муса менен Фараондун окуясын акыйкат менен окуп беребиз.","Чынында, Фараон жер бетинде (өзүнүн байлыгы, бийлиги, аскер күчү менен) текеберленип чектен чыкты. Жана (байыркы Египет) элдерин бөлүктөргө бөлүп салды. Алардан бир тайпа элге (Исраил урпактарына) зулум көргөзүп, эркек балдарын союп, кыз балдарын тирүү калтырып жатты.[1] Чынында ал бузуку адамдардан болгон.###[1] Ал «Бир күн келип ушул Исраил урпактары бизди Мисирден чыгарып жибербегей эле» деп кооптонду. Себеби, Исраил урпактарында туулуу жана адам санынын өсүшү Фараондун элине салыштырмалуу өтө жогору болгон. Ошондон улам, бул элдин эркек төрөлгөн балдарын өлтүрүп, кыз балдарын жөн коюуга буйрук берди. Аскерлер үймө-үй кыдырып жүрүп, кимдин үйүндө эркек бөбөк болсо, ата-энесин каратып туруп союп жатышты. Ошол мезгилде Муса жаңы эле төрөлгөн бөбөк болчу.","Анан биз жерде (Мисирде) зулумдук көргөн адамдарга (Исраил урпактарына) жакшылык кылып, аларды жол башчылар жана (жерде) мураскорлор кылууну кааладык.","Жана Биз аларды жерде бекем жайгаштырууну, Фараон, Хаман[1] жана экөөсүнүн аскерлерине ушулар тарабынан өздөрү кооптонгон нерсени көргөзүүнү (кааладык).###[1] Хаман – бул Фараондун залым вазири.","Биз Мусанын апасына (мындай деп) илхам бердик: «Аны эмизе бер. Эгер (аскерлер келип) ага (зыян жетишинен) корксоң (сандыкка салып, Нил) дарыясына агызып жибер. Коркпогун жана кайгырбагын. Биз балаңды сага кайтарып беребиз жана аны пайгамбарлардан кылабыз».","(Дарыяга агызылганда) аны Фараондун үй-бүлөсү, өздөрүнө душман жана кайгы болушу үчүн таап алды. Чынында, Фараон, Хаман жана экөөсүнүн аскерлери күнөө кылган (жазага ылайык) адамдар эле.","Жана Фараондун аялы[1] айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн да көз кубанычы! Аны өлтүрбөй эле койгулачы?! Бизге (чоңойгондо) пайдасы тийэр, же болбосо бала кылып аларбыз». Алар (келечекте эмне болоорун) сезишкен жок.###[1] Бул аял кийинчерээк, ыйман келтирип, Мусага көп камкордук кылган, Аллахтын жалгыз Өзүнө ибадат кылган Асия бинти Мазахим. Ал эринин зулумдугуна каршы болгон.","Ал эми, Мусанын апасынын көңүлү бошоп (капаланып) калды. Эгер Биз ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн (сабыр) менен байлабаганда, аны (Мусаны) билдирип коюуга аз эле калган.","Ал (баласын агызып жиберип) Мусанын эжесине: «Мусаны көзөмөлдөп бар» деди. (Ал жээк менен, акмалап барып, Фараондун үй-бүлөсүнүн кармап алганын көрдү) Ал Мусаны алыстан карап турду. Алар эч нерсени сезбей турушту. (Бөбөктү сарайга алып барышып, энекенин колуна тапшырышып, ага эмизүүчү жалдашты. Бирок…)","Биз мындан мурда эле (тагдырда) (апасынан башка) эмизүүчүлөрдү(н көкүрөгүн сорууну) арам кылып койгон элек. (Ошондо Мусанын эжеси келип:) айтты: «Силер үчүн анын кепилдигин ала турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү? Алар буга насаат кылуучу (тарбиячы) болушат».","Ошентип, Биз аны менен сүйүнсүн, кайгырбасын жана Аллахтын («кайгыга түшпө. Биз аны сага кайтарып беребиз» деген) убадасы акыйкат экенин билсин үчүн аны апасына кайтардык. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну (Аллахтын даанышмандыгын) билишпейт.","Ал эми Муса эр жетип, (акыл-эси) жеткилең болгондо, Биз ага өкүм жана илим (пайгамбарчылык) бердик. Биз жакшы иш жасоочуларды ушинтип сыйлайбыз.[1]###[1] Уламалар эр кишинин ар тараптан жетилген курагы кырк жаш деп эсептешет. Көпчүлүк пайгамбарларга Илахий илим (пайгамбарлык) отуз менен кырк жаштын аралыгында берилген. Мусага да кырк жашына жеткенде пайгамбарлык берилет.","(Муса пайгамбар боло электе) элдери бейпил-бейкапар убакытта шаарга кирди. Анда эки адамдын мушташып жатканын көрдү. Бирөөсү өз жамаатынан, экинчиси душмандарынан. Өз жамаатынан болгон адам душман жамааттан болгон адамга каршы Мусадан жардам сурады эле, аны бир муштап өлтүрүп койду. (Анан бушайман болуп): «Бул шайтандын ишинен. Ал (инсанга) түбөлүк душман жана азгыруучу!» деди.","(Дагы) айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр! Анан Аллах аны кечирди. Чынында, Бир Өзү гана (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Мээримдүү!","(Дагы) айтты: «Оо, Раббим! Эми, мага жакшылык кылып берген нерселериң (күч-кубат, илим, даанышмандык) менен, эч качан күнөөкөр адамдарга жардамчы болбоймун!».","Эртеси (эртең менен) шаарда, алаңдап, коркуп бара жатса, капыстан, кече жардам сураган киши (дагы) жардамга чакырып калды. Муса ага: «Сен анык азгырылган (шайтан жолдон урган) адам экенсиң» деди. (Бирок, өз уруусундагы кишини жардамсыз калтырууну каалабады. Жок дегенде ажыратып коеюн деп…)","Экөөсүнө тең душман болгон адамды (Египеттик кишини) күч менен кармоону каалады эле, ал (мени кармайт экен деп ойлоп): «Оо, Муса! Кечээ бир жанды өлтүргөнүң сыяктуу, мени да өлтүрөйүн дедиңби?! Сен жер бетинде зордукчул болууну каалап калгансың го! Сен (абалды) оңдоочулардан болууну каалабайсың!» - деди.","Анан шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, Муса! (Фараон коомунун) төбөлдөрү сени өлтүрүү жөнүндө кеңешип жатышат. (Шаардан тез) чыгып кет. Мен сага насаат айтуучуларданмын!» – деди.","Муса, тараптарын баамдап, коркуп: «Оо, Раббим! Мени залым коомдордон куткара көр» деген бойдон (шаардан) дароо чыгып кетти.","Ал Мадян тарапка жөнөгөндө (ээн чөлдө баратып): «Раббим мени туура жолго баштайт чыгаар» – деди.","Качан Мадяндын суусуна (кудуктарына) жетип келгенде, анын үстүндө (үймөлөнүшүп, талашып-тартышып, кой эчкилерин) сугарып жаткан эркек кишилерди көрдү. Жана алардын алдында эки кыздын (сууга умтулган койлорун) кайтарып турганын көрдү. «Силерге эмне болду?» деди (Муса). Алар айтышты: «Биз (мына бул эркек) чабандар кайтып кетмейинче сугара албайбыз (аларга аралашуудан ыйба кылабыз). Ал эми, атабыз болсо, картайган чал.","Анан Муса (чабандарды ары-бери сүрүп) экөөсүнө койлорун сугарып берди.[1] Кийин көлөкөгө кайтып барып: «Оо, Раббим! Өзүң мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын!» – деди.###[1] Эки кыз сүйүнгөн бойдон койлорун айдап кетишкен. Барып, аталарына болгон окуяны айтып беришкен экен, жакшы кишиге ыраазычылык билдирип, акысын берип коеюн деп, бир кызын жибериптир.","Эки кыздан бири анын жанына ыйбаа менен басып келип: «Атам сизди чакырууда, бизге (койлорубузду) сугарып бергениңиздин сыйлыгын бериш үчүн» – деди. Анын алдына барып, ага башынан өткөндөрүн айтып бергенде, ал: «Коркпогун. Сен (Аллах кааласа) залым адамдардан кутулдуң» - деди.[1]###[1] Анткени, Мадян Мисирден алыс жана бул жерге Фараондун өкүмү анча деле таасир этпейт болчу.","Эки кыздын бири: «Атаке, аны (кой кайтарганга) жалдап алып кал. Чындыгында жалдангандардын эң жакшысы күчтүүсү жана аманаткөйү» – деди.[1]###[1] Бул сөз атага ылайык көрүнүп, Муса менен кеңири сүйлөшүүнү каалады. Анан калса, кызынын да көңүлү бар окшойт бул жигитке…","«Мен сага мына бул эки кызымдан бирин никелеп берүүнү каалаймын - деди (абышка)[1] - анын ордуна сен мага сегиз жыл жалчы болосуң. Эгер он жыл кылып, толуктап койсоң, анда сен тараптан (кошумча жакшылык) болот. Бирок, мен сага машакат жүктөгөндү каалабаймын. Аллах кааласа, жакында менин жакшы адам экенимди билип аласың».###[1] Бул абышканы кээ бир тафсирчи аалымдар Шуайб пайгамбар дешет. Бирок бул туура эмес. Анын Шуайб эместигине далил көп. Бир экөөсү мына бул: Муса пайгамбарлык даражасы боюнча Шуайбдан жогору. Шуайб эч качан Мусаны өзүнө жалчы кылып иштетмек эмес. …Шуайб коомундагы жаман, каапыр адамдар башына балээ түшүп кырылып калган соң жакшы, ынсаптуу, ыймандуу адамдар менен жашап калган. Ал адамдар эч качан картайган пайгамбарын, кыздарына кой кайтартып калган денгээлде кароосуз калтырмак эмес. (Садий)","«Бул мени менен сиздин арабыздагы (келишим болсун). Эки мөөнөттүн кай бирин аткарсам да, мага андан да кошумча тоскоолдук болбосун. Мен айткан сөздөргө Аллах Өзү күбө!» - деди (Муса).","Муса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрдүм. Балким андан бир кабар же болбосо (тутантууга) бир тутам чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди.","Отко жакындап барганда, берекеттүү (ыйык) жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан : «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Раббиси Аллахмын!» – деген үн чыкты.","Таягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) тез кыймылдаган жыландай көргөндө, аркасына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! Бери кел, коркпо! Албетте сен, амандыкта болуучулардансың!","Колуңду жакаңа (мойнуңдан ылдый) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) аппак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуу (кетүү үчүн) өзүңө (көкүрөгүңө) кысып ал. Ушул экөө (таяк менен ак-нурлуу кол) Фараон жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында алар бузулган адамдар.","(Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун.","Менин бир тууганым Харун, ал мага караганда тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Анткени,) алар мени жалганга чыгарууларынан коркомун».","(Аллах) айтты: «Биз сени бир тууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө (жамандык менен) жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар».","Эми, качан гана Муса Биздин анык баян-далилдерибиз менен аларга келгенде (жана жылан-далил менен кол-далилди көргөзгөндө): «Бул ойдон чыгарылган сыйкырдан башка нерсе эмес. Биз мындайды абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» – дешти.","(Муса) айтты: «Өзүнүн алдынан ким туура жол алып келгенин жана акыбет (бейиш) коргону кимдер үчүн болушун Раббим жакшыраак билет. (Силерге окшогон) залимдер эч качан (тозок азабынан) кутулушпайт!».","Фараон айтты: «Эй, төбөлдөр! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбеймин. Эй, Хаман! Ылайга оттон жагып (бышык кыш жасап) мага (бийик) мунара куруп бергиниң. Балким, ошого чыгып Мусанын (асмандагы) Кудайын көрөрмүн! Мен Мусаны анык эле жалганчылардан деп эсептеймин».","Фараон менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту.","Анан Биз аны жана анын желдеттерин (азап менен) кармап, деңизге чөктүрүп жибердик! Залымдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.","Биз аларды (каапырларды) тозокко чакыра турган жол башчылар кылдык.[1] Жана алар кыямат күнү эч кимден жардам ала алышпайт!###[1] Алардын деңиз толкундарынын койнунда аянычтуу өлүп кетүүлөрү ушул дүйнөлүк жаза. Ал эми, акыреттеги жаза мындан да оор болот.","Биз аларга ушул дүйнөдө наалат-каргыш ээрчитип койдук. Кыямат күндө да алар жийиркеничтүү адамдардан болот.","Жана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн ырайым, туура жол жана (акыйкатты көрсөтүүчү) нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин.[1] Кана эми, (адамдар) сабак алышса!###[1] Бул аяттагы «Китепти ... абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин бердик» деген сөзгө таянып, уламалар «Тоорат түшкөндөн баштап, пайгамбарларды жалганчы кылган элдерге жалпы кыйратуучу азаптын түшүүсү токтогон. Анын ордуна Аллах ыймандуу пенделерге жихад амалын парыз кылган» дешет.","(Оо, Мухаммад!) Биз Мусага ишти (динди) өкүм кылган мезгилде сен (Тур тоосунун) батыш тарабында жок болчусуң. Жана сен (Биздин Мусага сүйлөгөнүбүздө) күбө да болгон эмессиң.[1]###[1] Анда, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам Мусага вахий түшкөн окуяларды: Мадяндан кайтканын, отту көргөнүн, Аллах менен сүйлөшкөнүн жана башка аңгемелерин кайдан билди? Ооба. Аллах ага да вахий түшүрүп, Өзү билдирди.","Бирок (андан кийин) Биз эл-улуттарды жараттык. Алар (бири өткөндөн соң экинчиси келип) көп-көп өмүр сүрүштү. Сен (оо, Мухаммад!) Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок, Биз сени пайгамбар кылган элек. (Ошондуктан, Биз үйрөткөн вахийден улам Мадян окуясын адамдарга айтып жатасың)","Жана Биз (Мусага) сүйлөгөнүбүздө сен Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок, сенден мурун (алыс жылдар бою) аларга эскертүүчү - пайгамбар келбей калган коомго (Курайш арабдарына) эскертүү беришиң үчүн, Раббиң тарабынан ырайым-боорукерлик иретинде (сага ошол окуялар билдирилди). Кана эми, алар эскеришсе!","Өз колдору менен жасаган кылмыштары себептүү аларга бир кайгы жеткенде «Оо, Рабби! Эгерде бизге бир элчи-пайгамбар жибергениңде, аяттарыңа ээрчимекпиз жана момундардан болмокпуз» деп айтышмак.","Эми качан аларга (сен аркылуу) Биздин акыйкатыбыз келгенде: «Кана эле, эгер бизге да Мусага берилген сыяктуу берилсе»[1] дешет. Алар мындан мурун Мусага берилген Тооратка да каапыр болушпады беле?! «Экөө (Куран менен Тоорат) бири-бирине жардам берүүчү эки сыйкыр» – дешкен. Дагы айтышты: «Биз бардыгына ишенбейбиз!».###[1] Алардын кезектеги шылтоосу ушул: «Эгер Куран дагы бөлүк-бөлүк болбой, Мусага берилген Тоорат сыяктуу бүтүн абалда түшсө ыйман келтирмекпиз» - дешет.","(Аларга) айт: «Анда өзүңөр Аллахтын алдынан экөөсүнөн туурараак бир китеп алып келгиле, мен ошого ээрчийин, эгер чынчыл болсоңор».","Эгер сага жооп беришпесе, билгин, алар өз напси-каалоолоруна ээрчип жатышат. Аллах тарабынан келген туура жолго ээрчибей, өз напсинин каалосуна ээрчиген адамдардан көбүрөөк адашкан киши бар бекен?! Аллах, албетте залим коомдорду туура жолго баштабайт!","Биз Сөздү (Куранды) аларга бирин-бирине улап (бөлүп-бөлүп, чечмелеп) жеткирдик. Кана эми акыл насаат алышса!","Курандан мурун Биз Китеп (Тоорат жана Инжил) берген элдер ага (Куранга) ыйман келтиришет.","Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо; «Биз буга ыйман келтирдик. Бул чынында Жаратканыбыздан келген акыйкат. Биз мындан мурун да Аллахка моюн сунуучу (мусулман) болгонбуз» дешти.[1]###[1] Курайш мушриктери эгер Куранга ишенбеген болсо, Тоорат окуган еврейлер менен Инжил окуган христиандардан кээ бирөөлөрү Куранга ыйман келтиришкен. Анткени, алар өздөрүнүн ыйык китептеринде Куран жөнүндө алдын ала айтылган кабарларды окушкан. Ал эми, бардык пайгамбарларга түз-туура ээрчиген адамдар Ислам динине чейин деле мусулмандар болушкан.","Алар эки эсе сооп ала турган адамдар.[1] Себеби, алар сабыр кылышты, күнөө иштерди сооп иштер менен өчүрүп турушту жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташты.###[1] Өздөрүнүн пайгамбарларына жана китептерине ишенгендери үчүн бир сооп, ал эми, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам менен Куранга ишенгендери үчүн экинчи сооп.","Жана пайдасыз сөздөрдү укканда, ага көңүл бурушпай: «Бизге өз ишибиз, силерге өз ишиңер. Силерге салам болсун! Жана Биз наадандардан болууну каалабайбыз» дешти.[1]###[1] Аларга кээ бир мушриктер жолугуп, азгырууга аракет жасаганда ошентишкен.","(Оо, Мухаммад!) Сен өзүң сүйгөн адамдарды туура жолго баштай албайсың. Бирок, Аллах гана Өзү каалаган адамын туура жолго баштайт. Туура жолго ким түшөөрүн Анын Өзү жакшы билет.","Алар (мушриктер): «Эгер биз сени менен бирге туура жолго ээрчисек, жерибизден ажырап калабыз» – дешти.[1] Биз аларды (Ибрахим негиздеген) ыйык жерге жашатып койбодукбу? Ал шаарга түрдүү-түмөн мөмөлөр Бизден ырыскы болуп келет го! Бирок, алардан көпчүлүгү (муну) билишпейт.###[1] Анткени, Ислам жаңы келгенде Мекке коомчулугу түп көтөрүлө ага каршы чыгышкан. «Кимде-ким мусулман болсо, аны куугун-сүргүн кылабыз!» деп коркутушкан.","Биз жашоосунда кесирлик кылып,чектен чыккан нечендеген шаарларды кырып-жоюп салдык! Мына, алардын мекендери! Алардан кийин бир аз эле адамдарды айтпаганда, эч ким жашабай (ойрону чыгып) жатат! Аларга Биз мураскор болдук![1]###[1] Курган сарайлары, жыйнаган мүлк-дүйнөсү ардактаган перзенттерине калбады. Перзенттери менен кошо опат болушту. Бардыгы Аллах таалага калды!","Сенин Раббиң эч бир негизги шаарларды(н элинин) арасына Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир пайгамбар жибермейинче кыйратпайт. Биз элдери (ошол пайгамбарга баш ийбей) залим болгон шаарларды гана кыйратуучубуз.","Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми Аллахтын алдындагы нерсе (бейиш) жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!","Биз ага сонун жашоону (бейишти) убада кылган жана ага (сөзсүз) жетүүчү киши бул дүйнөдө Биз ага пайдаларды (аябай) берип, кийин кыямат күндө (тозок алдына) алып келинген кишиге окшойбу?!","Ал күндө (Аллах) аларга айтат: «Силер (Мага шерик деп) ойлогон «кудайларыңар кана?!».","(Анан) Алардын үстүнө Сөз (азап) түшүүсү анык болуп калгандар:[1] «Оо, Рабби! Мына бул биз азгырган кишилер, биз аларды Өзүбүз азгырылган сыяктуу азгырганбыз. Биз Сага Өзүбүздү (алардан) актайбыз. Алар Бизге ибадат кылышкан эмес» – дешет.###[1] Бул аяттагы азапка дуушар болушу анык болуп калгандар мушрик элдерди Аллахка сыйынуудан азгырып, өздөрүнө сыйынта баштаган элбашылар, чоңдор, падышалар. Алар Аллахка актанышып «аларды биз эмес, шайтан азгырган. Ал (шайтан) бизди да азгырган болчу» дешет. Бирок, бул актануу өтпөйт.","(Анан мушрик элдерге) айтылат: «Мага шерик кылган «кудайыңарды» (жардамга) чакыргыла!» Чакырышат. Бирок, аларга («кудайлары») жооп бербейт. Кийин алар азапты көрүшөт. Кана эми, алар (бул дүйнөдө) туура жолдо болушканда. (Азапты көрбөй, бейишке түшмөк эмес беле!)","Ошол күнү (Аллах) аларга: «Пайгамбарларга эмне деп жооп берген элеңер?!» – дейт.[1]###[1] Бул суроо билбегенден эмес, тескерисинче, күнөөлүүнүн күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн берилген суроо.","Ал күнү (коркуунун күчтүүлүгүнөн дүйнөдөгү айтып жүрүшкөн далилдердин) кабары аларга берилбей калат жана бири-биринен да сурай алышпайт.","Ал эми тообо кылып, жакшы иштерди жасаган ыймандуулар (тозоктон) кутулуучулардан болушу күтүлөт!","Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсени жаратат жана ыктыяр кылат. Аларга (Аллахка каршы чыгууга) ыктыяр жок.[1] Аллах алардын ширктеринен аруу-таза!###[1] Инсан бул дүйнөдө жол тандоодо ыктыярдуу. Кааласа Ислам жолун тандайт. Кааласа башка азгырык жолдорду тандайт. Ал эми, Өз эрки, ыктыяры менен Исламды тандап, аны Диним деп, мыйзамдары ак, Куран өкүмү адилет деп ишенген соң андан ыктыяр кетет. Эми ал оюна келген ар нерсени жасай бербейт. Курандын буюрганын гана жасайт. Кээде анын напсиси каалаган нерсе Аллах каалаган нерсеге карама-каршы келип калса, өзүнүн каалосун Курандын каалосуна моюн сундурат.","Жана сенин Раббиң алардын (пенделердин) көкүрөктөрү жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билип турат.","Ал – Аллах! Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Дүйнө-акыретте мактоолор жалгыз Өзүнө! Өкүм дагы Өзүнүн колунда! Жана Өзүнө кайтасыңар!","Айт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллах силердин үстүңөрдө түндү кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» силерге жарыкты алып келе алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!»","Айткын: «Эмне деп ойлойсуңар, эгер Аллах үстүңөрдөгү күндүздү тээ кыяматка чейин түбөлүк кеткис кылып койсо, силер эс ала турган түндү Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» келтирмек?! (Бул кереметтерди) көрбөй жатасыңарбы?","Силер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн жакшылыгынан издешиңер үчүн түн менен күндүздү жаратып койгону Аллахтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар!","Жана ошол күнү (Аллах) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?» – дейт.","Анан Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (өздөрүнүн пайгамбарын) чыгарып (анын көзүнчө мушрик болгондорго): «Далилиңерди алып келгиле» дейбиз.[1] Анан алар акыйкат (кудайлык) Аллахка гана таандык экенин анык билишет. Өздөрү ойлоп тапкан (кудайлары) жок болуп кетет.###[1] Аларга «Аллахтан башка, өзүңөр кудай деп ишенген, сыйынган, алардан жардам, перзент, жардам, жакшылык сураган жана өзүңөр менен Аллахтын арасына ортомчу кылган «кудайыңардын» чыныгы кудай экенине далил алып келгиле» деп айтылат.","Чынында, Карун[1] Мусанын коомунан болгон. Ал аларга (өз элине) зулумдук көргөздү. Биз ага ачкычтары эле күчтүү жамаатка оор жүк болчудай казыналарды берген элек. Бир кезде коому ага (мындай) деди: «Оолукпагын, Аллах (текеберленип), оолуккандарды сүйбөйт!»###[1] Карун Муса алейхис саламдын коомунан болгон бай киши. Ал дүйнө байлыгына манчыркап, оолугуп, Аллахты унутканда Аллах таала ага аянычтуу азап жиберген.","«Аллах сага берген байлык менен акырет конушун талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллах сага жакшылык кылган сыяктуу, сен да (элдерге, динге) жакшылык кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллах бузукуларды сүйбөйт!»[1]###[1] Бул аят исламдын байлык-мүлккө болгон көз карашын чагылдырат. Байлык - бул Аллахтын мүлкү. Демек, эң оболу адам байлыгын Дин жолуна, анын өнүгүп-өсүүсүнө жумшаш керек. Бирок, дүйнөдөн өз насибин унутпай, жакшы жеп-ичип, кооз кийинип жүрсө күнөө жок. Байлыкты эч качан бузукулук жолуна иштетпеш керек. «Аллах бузукуларды сүйбөйт!» Бай адамдар Карун сыяктуу «бул байлыкты Өзүмдүн кыйындыгыман тапкам» деп мактанбасын.","(Карун) айтты: «Бул байлыктар өзүмдүн билермандыгым себептүү берилген». Ал билбейт беле, Аллах андан мурунку муундардан андан да күчтүү, андан да бай адамдарды кыйратып салганын?! (Булар сыяктуу) күнөөкөр адамдар күнөө-кылмыштарынан суралып отурбайт![1]###[1] Суралса да, билинген күнөөсү үчүн казапка алынып суралат жана тозокко ыргытылат!","Ал (Карун) зыйнат-кооздуктары менен элине чыкканда, дүйнө жашоосун(ун ырахат-жыргалын) каалагандар: Кана эми, бизге да Карунга берилгендей нерселер берилсе! Ал улук кут-насиптин ээси!» – дешти.","Ал эми, илимдүү адамдар болсо: «Азап болсун силерге, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн Аллахтын (акыреттик) сообу жакшы го! Аллахтын сообуна сабыр кылгандар гана жетет!» (дешти).","Анан Биз аны (Карунду) үй-жайы менен кошуп жерге жуткуруп жибердик! Ага Аллахтан (коргоп) жардам берүүчү жамаат болбоду! Жана анын өзү да (азапты) жеңүүчүлөрдөн болгон жок.","Кечээ гана анын (коомдогу) ордуна тамшанган адамдар: «Таң каласың! (Аллахтын кудуретине) пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына гана ырыскыны кенен жана тар кылып коёт турбайбы?! Эгер Аллах бизге жакшылык кылбаганда (кечээки сөзүбүз үчүн) бизди деле жерге жуткуруп жибермек! Билбепбиз көрсө, каапырлар (Аллахтын азабынан) кутулбайт турбайбы?!» — деп калышты.","Биз тиги жактагы акырет конушун жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (ыймандуу) адамдар үчүн (насип) кылабыз. Акыбет такыба кишилер үчүн!","Ким (акыретке) сооп-жакшылык алып келсе, ага (өзү алып келген) жакшылыгынан жакшыраак сыйлыктар берилет. Ал эми, кимде-ким жамандык (күнөө) алып келсе, жамандык жасагандар өз кылмыштарына гана жараша жаза алышат.","(Оо, Мухаммад!) Чынында, сага Куранды түшүрүп, (аны жеткирүүнү, буйруктарын аткарууну парз кылган Зат сени эч шексиз кайтчу жерге (дүйнөдө Меккеге жеңиш менен, акыретте бейишке) кайтарат. Айткын: «Менин Раббим ким туура жол алып келгенин жана ким анык адашуучулукта болгонун эң жакшы билет».","Сен (оо, Мухаммад), өзүңө Китеп түшүрүлүүсүн оюңа да келтирген эмес болчусуң. Бирок, (бул) Раббиңден Ырайым болду. Эми сен каапырларга жардамчы болбо!","Сага (бекем, өзгөргүс болуп) түшүрүлгөндөн кийин Аллахтын аяттарынан (каапырлар) сени тосуп койбосун![1] Жана Раббиңе (Ага ыйман келтирүүгө) чакыр. Эч качан мушриктерден болбогун!###[1] Жер бетинде текеберлик кылууну каалагандар сага келип «Аллахтын өкүм-аяттарын кое тур. Мына бул биздин ойлорубузду ишке ашыралы» деп, сени Аллахтын аяттарынан тосуп койбосун! Сен алардын каалоолоруна ээрчип, аяттарды өзгөртүп же сатып койбогун!","Аллахка шерик кылып башка «кудайга» сыйынба! Андан башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок. (Себеби) бардык нерсе жок болот, Бир Жүзү (Өзү) гана (түбөлүк) калат! Өкүм жалгыз Өзүнө таандык! Жана бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!","Алиф. Лам. Мим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, (ар түрдүү машакаттар менен) сыналбай калабыз деп ойлошобу?","Чынында Биз алардан мурункуларды да (чоң машакаттар менен) сынаганбыз. Натыйжада Аллах («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду билет, жалганчыларды да билет.","Жаман (күнөө) иштерди жасаган адамдар Бизден кутулуп кетебиз деп ойлошобу?! Алардын чечимдери кандай жаман!","Ал эми, ким (кыяматта) Аллахка жолугуудан үмүт кылса, Аллахтын (кыяматка) белгилеген убактысы (сөзсүз) келүүчү. Ал Угуучу, Билүүчү.","Жана ким (өз напсисине, шайтанга жана Аллахтын душмандарына каршы) жихад кылса, өзүнүн пайдасына жихад кылганы. Чынында, Аллах ааламдардан беймуктаж.[1]###[1] Аллах пендесинин жихад кылуусуна да муктаж эмес. Ал жихад кылып кыйналса, жадагалса, жанын жоготсо да, өз жанынын пайдасы: убактылуу жана азаптуу дүйнөдөн кетип, түбөлүк бейишке жетишет.","Биз ыйман келтирип, жакшы иштерди аткарган ыймандуулардын күнөөлөрүн өчүрүп, жасаган иштеринен жакшыраак кылып сыйлык беребиз.","Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылуусун буюрдук. Анан эгер сенин ата-энең өзүң билбеген бир нерсени Мага шерик (кудай) кылышына сени кыйнап-кыстачу болсо, аларга моюн сунбагын. Менин Өзүмө гана кайтасыңар. Анан Мен силерге жасаган иштериңердин кабарын беремин.","Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган адамдарды жакшы иш жасоочу (бейиши болгон) адамдардын катарына кошобуз.","Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөр «Аллахка ыйман келтирдик» - дешет. Бирок, Аллахтын жолунда бир зыянга жолугуп калчу болсо, адамдардын сыноосун Аллахтын азабындай кабыл алат. Ал эми, эгер Раббиң тарабынан (мусулмандарга) жеңиш келип калса дароо «Биз силер менен бирге болчубуз» дешет. Аллах ааламдардын (адамдардын) көкүрөгүндөгү (жашырган) нерселерин билбейт бекен?!","Аллах (чындап) ыйман келтиргендерди да, эки жүздүүлөрдү да анык билип турат!","Каапырлар ыймандууларга: «Биздин жолубузду ээрчигиле. Күнөө ишиңерди (мына) биз моюнга алабыз» дешет. Алардын каталарынан эч нерсени өз моюндарына алышпайт.[1] Чынында, алар - жалганчылар!###[1] Кыяматта ар бир адам өзү үчүн жооп берет. Ошондуктан «мен жооп беремин» дегендерге ишенбеш керек. Бирок, кайсы бир азгыруучу бирөөнү же бир элди азгырса, өз күнөөсүнө кошуп азгырылгандардын күнөөсүн да көтөрөт. Бул жерде түшүнүш керек болгон нерсе, азгырылгандар күнөөдөн кутулушпайт.","Алар (азгыргандар) өздөрүнүн күнөөсүн да көтөрөт, өз күнөөлөрү менен бирге башка күнөөлөрдү да көтөрөт жана кыямат күнү ойлоп тапкан күнөөлөрү жөнүндө сурак беришет.","Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл турду.[1] Анан аларды залым болуп турган жеринде топон суу каптады.###[1] Ушунун аралыгында тынымсыз даават кылды. Залым эл, кайра өзүн мыскылдап, кордоп, зулум көргөздү. Нух аларды каргап дуба кылды.","Кийин Биз аны (Нухту) жана кемедегилерди куткардык жана кемени (бүт) ааламдарга (кудуретибизден) белги кылдык.","Жана Биз Ибрахимди да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал өз коомуна: «Аллахка гана сыйынгыла! Ага такыбалык кылгыла! Эгер билсеңер, ушунуңар өзүңөргө жакшы.","Чынында, силер Аллахтан башка буттарга ибадат кылып, (аларды «кудай» деп атап) жалганды жасап жатасыңар! Аллахтан башка силер сыйынып жаткан «кудайыңар» силерге ырыскы берүүгө да кудуреттүү эмес! Ырыскыны Аллахтан сурагыла жана Өзүнө гана ибадат кылып, жалгыз Өзүнө шүгүр кылгыла! (Анткени,) Өзүнө гана кайтып барасыңар!","Эгер (мени) «жалганчы» десеңер, силерден мурунку (каапыр) элдер дагы (өз пайгамбарын) «жалганчы» дешкен. Пайгамбардын милдети болгону анык жеткирип коюудан гана турат».","Алар (инсандар) Аллах жаратылышты алгач ирет кандай жаратканына карап көрүшпөйбү? Анан (алардын бардыгын) кайра жаратат. Чынында, бул Аллах үчүн жеңил.","Айт, (оо, Мухаммад): «Жер бетинде кезип жүрүп, (Аллах) жаратылышты (калк-калайыкты) абалкы ирет кантип жаратканына назар салгыла! Кийин Аллах (аларды Акыретте) экинчи ирет пайда кылат. Чындыгында Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү!»","Ал (Аллах) каалаган пендесине азап берет. Каалаганына ырайым көргөзөт. Силер Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар.","Силер жерде да, асманда да Аллахтан (качып) кутула албайсыңар! Силерге Аллахтан башка дос-жардамчы жок!","Аллахтын аяттарына жана Ага жолугууга ишенбеген каапырлар Менин ырайымымдан үмүт үзгөндөр. Мына ошолорго жан ооруткан азап бар!","Ага (Ибрахимге) коомунун берген жообу: «Аны өлтүргүлө же болбосо, өрттөп салгыла» деп айтуудан башкача болбоду. (Ибрахимди улуу оттун ичине ыргытышты. Бирок) Кийин аны Аллах оттон (аман-эсен) куткарып алды. Албетте, бул окуяда ыймандуу коом үчүн (кудуретибизге) белгилер бар.","(Ибрахим элине) айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллахтан башка буттарды (кудай кылып) кармадыңар. Кийин кыямат күнү болсо, бири-бирине каапыр (каршы) болушуп, наалат айтышат. Силердин жайыңар тозок жана силерге эч бир жардамчы болбойт!","Ага (Ибрахимге) Лут ыйман келтирди. Жана (Ибрахим) айтты: «Мен Раббим (буюрган) тарапка кетемин. Чынында, Ал (Аллах) - Кудуреттүү, Даанышман!»","Жана Биз ага Исхак менен Яькубду белек (бала жана небере) кылып бердик. Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп (пайда) кылдык. Жана ага дүйнөдө өз сыйлыгын бердик. Ал акыретте да жакшы-такыбалуу кишилерден.","Жана Лутту да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал коомуна: «Силер өзүңөрдөн мурун өткөн ааламдардан эч ким жасабаган бузук ишти жасап жатасыңар.","Чындыгында силер эркектерге (бачабаздык кылып) кошулуп, жол тосуучулук кылып жатасыңар жана чогулган жериңерде күнөө иштерди жасап жатасыңар! (Каапыр, бузук, бачабаз) коомунун жообу: «Эгер чынчылдардан (пайгамбарлардан) болсоң, бизге Аллахтын азабын алып келчи!» – деген сөздөр гана болду.","(Анда Лут): «Оо, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер!» - деди.","Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (бала көрүшү жөнүндө) кушкабар алып келген учурда (ага): «Биз мына бул шаардын элин кыйратуучуларбыз. Чынында, анын элдери залим болушту» – дешти.[1]###[1] Эки периште Лут коомуна азап алып келишкен. Ошол эле мезгилде алар жол үстүндө Ибрахимге жолугуп, Аллах дайындаган кушкабарды билдирүү үчүн адам кейпинде анын үйүнө киришкен.","«Ал шаардын ичинде Лут бар го!» - деди (Ибрахим). «Ал жерде ким бар экенин жакшы билебиз. Биз Лут менен үй-бүлөсүн куткарабыз. Бирок, анын аялын гана куткарбайбыз. Ал кыйроочулардан болду.","Жана качан Биздин периште-элчилерибиз (сулуу жигиттердин түспөлүндө) Лутка келген учурда, ал алар үчүн кайгырып (коому билип калса, бузукулукка зордоосунан коркуп), көкүрөгү кысылды. Алар (Лутка өздөрүн таанытып): «Коркпогун жана капа болбогун. Биз сени жана үй-бүлөңдү – бир аялыңдан башкасын – куткарабыз. (Ал эми, аялың) кыйроого учурай тургандардан болду.","Албетте биз бул шаардын (бузулган) элине, бузукулуктарды кылып жаткандыктары үчүн асмандан катуу азап түшүрөбүз» – дешти.[1]###[1] Периштелер Аллахтын буйругу менен асмандан таш жаадырып, бардык бузукуларды кыйратты. Жебирейил периште бузукулардын жерин оодарып салды. Бардыгы жер түбүндө калышты.","Биз ал шаардын (кээ бир жерлерин) акылдуу адамдарга (кудуретибизден) белги болсун деп жөн койдук.","Мадянга алардын тектеш тууганы Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: «Оо, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Акырет күндөн үмүт кылгыла! Жана жер бетинде бузукулук кылбагыла!»[1]###[1] Шуайбдын коому таразадан алдоо жана соодадагы башка арам иштер менен бузулган жана Акыретке ыйман келтирбеген адамдар эле.","Бирок, аны «жалганчы» дешти. Ошондон соң аларды (катуу айкырык аралашкан) жер титирөө кармап, чөгөлөгөн бойдон кыйрап калышты.","(Ошондой эле) Аад, Самуд элдерин да (кыйраттык). Силерге алардын жашаган орундары(нын ойрондолгон издери) анык билинип турат. (Кыйраган себептери) шайтан аларга (бузук) иштерин кооздоп көргөзгөн жана (ак) жолдон тоскон. Бирок алардын акыл-эси жайында эле.[1]###[1] Алардын акыл-эси жайында болгон. Күнөө ишке, көрүп, билип туруп барышкан. Эч ким эч кандай таасир менен алардын акылын уурдап албаган. Болгону, Шайтан аларга күнөө иштерин кооз көргөзгөн. Демек, алар Кыяматта «билбей калыптырбыз» деп шылтоо-себеп айта албайт.","(Жана Биз) Карун, Фараон, Хамандарды да (кыйраттык). Аларга Муса анык аят-далилдер алып келген. Бирок, жер бетинде текеберленишти. Жана (баштарына Аллахтын азабы келгенде) качып кутулуучулардан болбоду.","Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллах зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.","Аллахтан башка («кудайларды») дос-башчы туткан адамдардын мисалы (өзүнө ичке желелерден) үй куруп алган жөргөмүшкө окшойт.[1] Алар (мушриктер) эгер билсе, үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн үйү.###[1] Жөргөмүштүн желе-уясы аны зыяндан сактай албаганы сыяктуу мушриктердин кудайлары да аларды эч кандай зыяндан сактай албайт.","Албетте, Аллах алар дуба (ибадат) кылып жаткан башка «кудайларын(ын» алсыздыгын) билет. Ал – Кудуреттүү, Даанышман!","Биз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Аларды илимдүүлөр гана акыл жүргүзүп түшүнөт.","Аллах асмандарды жана Жерди акыйкат менен жаратты. Чынында, бул нерседе ыймандуу адамдар үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар.","(Оо, Мухаммад!) Өзүңө вахий кылынган Китепти (Куранды адамдарга) окуп бер жана намазды (толук түрдө) тургуз. Чынында, намаз бузук жана жамандык иштерден кайтарат. Аллахты зикир кылуу эң улук нерсе. Аллах силердин эмне жасаганыңарды билип турат."]