["Силер (оо, ыймандуулар) китеп элдери (жөөттөр, христиандар) менен талашып-тартышып калсаңар, эң жакшы (сөздөр) менен талашкыла. Ал эми, алардын арасынан (акыйкатка каршы чыгып) зулум кылгандар (менен катуу-бекем талашкыла) Жана айткыла: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) жана силерге түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка, Инжилге) ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз жана силердин кудайыңар бир (- Аллах). Биз Ага моюн сунуучуларбыз».","Ошондой эле, (оо, Мухаммад!) сага Китеп түшүрдүк. Биз китеп түшүргөндөр (яхудилер менен христиандар) дагы ал китепке (Куранга) ыйман келтиришүүдө.[1] Тигилердин (араб мушриктеринин) арасында деле Куранга ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызды каапыр адамдар гана четке кагат.###[1] Ынсаптуу яхуди жана христиан аалымдары өздөрүнүн ыйык китептериндеги Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын ысымын, сыпатын окуп билген соң, ыйман келтирип мусулман болушкан жана бул жараян азыркы күндөрдө да жүрүп жатат.","Сен Курандан мурда эч бир китепти окуган эмессиң. Сен аны (китеп-катты) өзүңдүн оң колуң менен жазууну билген эмессиң. (Эгер сен окуу-жазууну билген болсоң) анда, кара ниеттер (Куранды өзү жазып алган деп) шектенип калышмак.","Жок! Ал (Куран) - илимдүү кишилердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын аяттар! Биздин аяттарыбызды залым адамдар гана четке кагат.","Жана алар (мушриктер): «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көз көрүнөө бир) аят-белгилер келсе (гана ыйман келтирет элек)» дешет. Айткын: «Аят-белгилер Аллахтын ыктыярында. Мен болгону, анык эскертүүчүмүн.","(Оо, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн (далил-баяндуу Куран) китеп аларга жетиштүү эмес бекен?! Аларга окуп берилүүдө го?! Чынында бул китепте ыйман келтирген элдер үчүн ырайым жана акыл-насааттар бар.","(Сен аларга): «Мени менен силердин араңарда күбө болуу үчүн Аллахтын Өзү жетиштүү! Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди билет. Ал эми, жалганга ыйман келтирип, Аллахга каапыр болгондор дал ошолор гана зыян тартуучулар» дегин.","«Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат.[1] Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек.[2] Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган учурда келип калат!###[1] Жалган кудайларга ыйман келтирип, аларды Беймуктаж Аллахка шерик, теңдеш, ортомчу кылып, ошолорго дуба, ибадат кылып жаткандарга Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам: «Мунуңарды койгула! Эгер ушинте берсеңер Аллахтын азабы ушул эле дүйнөдө башыңарга түшүп калышы мүмкүн!» деп эскерткенде ушинтип шаштырышкан.\t[2] Акыры, ошол Аллах белгилеген мөөнөт да келди: «Бадр» согушу, мушриктер үчүн күтүлбөгөн зор азап болду. Андан жабыр тартпаган каапыр үй-бүлөлөр аз эле калды.","Сени шаштырып, азап сурап жатышат! Тозок каапырларды сөзсүз ороп алуучу!","Ал күнү аларды үстүнөн да буттарынын түбүнөн да азап ороп алат жана (Аллах): «Өзүңөр жасаган иштерди(н жазасын) тарткыла!» дейт.","Оо, ыймандуу пенделерим! Менин жерим кенен. Менин Өзүмө гана ибадат кылгыла![1]###[1] Эгер кайсыл бир өлкөдө мусулмандарга кысым көргөзүлүп, Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу жана даават (дин таратуу) мүмкүнчүлүгү болбосо, ал жерди таштап, Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу мүмкүн болгон журттарга чыгып кетүү ушул аяттын өкүмү менен парыз.","Ар бир жан өлүмдү татуучу. (Өлүмдөн) кийин Бизге гана кайтарыласыңар.","Ыйман келтирип, жакшылык (сооп) иштерди жасаган адамдарды Биз бейиштин эң бийик орундарына жайгаштырабыз. Анын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүккө (жашап) калышат. (Жакшылык) иш кылуучу адамдардын сыйлыгы кандай сонун!","Алар сабыр кылган жана Раббилерине тобокел кылган адамдар.","Өз азыгын (эртеңкисине) камдап, сактабаган нечен-нечен жаныбарлар бар. Аларга да, силерге да Аллах ырыскы берет. Ал – Угуучу, Билүүчү.","Эгер сен алардан (араб мушриктеринен): «Асмандар менен Жерди ким жараткан жана Күн менен Айды ким (Өзүнө) моюн сундурган?» - деп сурасаң, «Аллах» – дешет. (Ошол Аллахка сыйынбай ) дагы кайда кетип жатышат?!","Аллах пенделеринин арасынан каалаганына кенен, каалаганына ченеп ырыскы берет. Аллах – ар нерсени Билүүчү.","(Оо, Мухаммад!) Эгер сен алардан: «Асмандардан суу түшүрүп, аны менен, өлүк жерди тирилткен ким?» - деп сурасаң, албетте «Аллах» – дешет. Айткын: «Аллахка мактоо болсун!» Жок! Алардын көпчүлүгү акылдарын иштетпей жатышат!","Бул дүйнө жашоосу оюн-зоок, (утурумдук) жыргалчылыктардан башка (нерсе) эмес. Чыныгы жашоо – бул акырет жашоосу, эгер билишсе.","Эгер алар кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллахтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллах аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат.","Биз (жакшылык кылып) берген нерселерге (ушинтип) шүгүрсүз боло беришсин жана (өткөөл, убактылуу жашоо жыргалдарынан) пайдаланып калышсын. Жакында (адашкандарын) билип алышат.","Алар (Мекке мушриктери) ойлонушпайбы: Биз (алар жашаган Меккени) ыйык (Анда таланчылык, адам өлтүрүү арам жана) тынч (шаар) кылдык. Алардын тегерегиндеги адамдар (ыйык шаарда жашабаганы себептүү) таланып-тонолууда. (Дагы эле) жалган(кудайлар)га ыйман келтирип, Аллахтын жакшылыктарына каапыр боло беришеби?!","(Жаратканга бизди ортомчу-кудайлар жакындаштырат деп) Аллахка калпты жалаа жапкан же болбосо, өзүнө келген акыйкатты (Куранды) жалганга чыгарган кишиден да көбүрөөк залым (каапыр) адам бар бекен?! Баса, каапырлардын жайы – тозок эмеспи?","Биздин жолубузда (жаман напси, шайтан, Аллахтын душмандары) күрөшкөн кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз. Аллах (ар дайым) жакшылык кылуучулар менен!","Алиф, Лаам, Миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Рум (Персиядан) жеңилди.[1]###[1] Рум – бул 395-жылда Рим империясынын чыгыш бөлүгүндө пайда болгон өз алдынча империя. Бул мамлекет тарыхта Византия империясы деген ат менен белгилүү. Борбору Константинаполь (азыркы Стамбул) шаары болгон.","Эң жакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет.[1]###[1] Бул аят Курандын чоң муъжиза экенинин далили. Анткени Аллах бул аятта Румдуктардын жеңишин окуядан тогуз жыл мурун билдирди. Эгер Куранды Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өзү жазса, муну кайдан билмек эле?","Бир нече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллахтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө ыймандуулар сүйүнүшөт.[1]###[1] Анткени, алар да өздөрү сыяктуу Китеп элдери, Аллахка сыйынышат. Ал эми, Персия (Фурс) жеңсе, мушриктер сүйүнүшкөн. Себеби фурстар да алар сыяктуу мушрик.","Аллах Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу.","(Бул – ) Аллахтын убадасы. Аллах (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.","Алар (көпчүлүк адамдар) дүйнө жашоосун үстүртөн эле билишет. Бирок, акырет жөнүндө эч нерсе билишпейт.[1]###[1] Акырет жашоосуна ишенбеген жана ал жашоонун кабарларын билбеген адамдар башка илимдерде ар канча билерман болсо да дүйнөнү терең түшүнө албайт.","Алар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы?! Аллах асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт.","Алар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?[1] Алар булардан (азыркы каапырлардан) күч-кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллахтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллах зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.###[1] Жер жүзүнүн ар кайсы жерлеринде байыркы каапыр (Акыретке ишенбеген) коомдордун кыйрагандан калган из-белгилери көрүнүп турат.","Кийин жамандык (күнөө иш) жасагандардын акыбети аябай жаман болду! Себеби, алар Аллахтын аяттарын «жалган» дешкен жана аларды (аяттарды) шылдың кылышкан.","Аллах жан-жартылышты биринчи ирет жоктон бар кылган. Кийин аларды (дүйнөдө жашатып, өлтүргөн соң) кайрадан экинчи ирет жаратат. Кийин Анын Өзүнө кайтарыласыңар.","Кыямат кайым болгон күнү күнөөкөр адамдар (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болушат.","Алардын (Аллахка) шерик кылган «кудайлары» аларга шапаатчы (күнөөлөрүн жеңилдетүүчү) болбой калат. Жана (кийин) алар өз «кудайларына» каапыр (каршы) болушат.[1]###[1] «Биз силерге сыйынып, адашкан экенбиз. Көрсө, силердин колуңардан эч нерсе келбейт турбайбы?» дешип, алардын кудайлыгына ишенбей коюшат.","Жана кыямат күнү, ошол күнү алар (каапырлар тозокко, ыймандуулар бейишке) бөлүнүп кетишет.","Ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган адамдар (бейиш) бактарда кубанычка бөлөнүп, сыйланышат.","Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана акыреттеги (Аллах менен) жолгушууга ишенбеген адамдар, ошолор азапта калуучулар.","Түнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллахга тасбих[1] айткыла (аруулагыла)!###[1] «Тасбих» - бул «СубханАллаh» деген сөз. Мааниси «Аллаh бардык кемчиликтүү сыпаттардан Аруу-Таза».","Асмандар менен жерде, дигер жана бешим мезгилдеринде[1] бардык мактоо - Аллахка гана! (айтылсын).###[1] Ушул эки (17-18-) аятта беш убак намаздын убактысы көргөзүлгөн: «Түнгө кирип баратканда» Бул Шам жана куптан намаздарынын «Дигер мезгили» асир намазынын, «Бешим мезгили» бешим намазынын убакыттары. Ушул убакыттарда намаздан соң тасбих жана хамд (мактоо) айтуу пазилеттүү ибадаттардан.","(Аллах) өлүктөн тирүүнү чыгарып, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар.","Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен.","Жана Анын белгилеринен – алар менен тынч-бейпил болууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени[1] жана араңарга сүйүү, мээрим салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар.###[1] Адам баласы өзүнүн жубайынан зор тынчтануу, сооронуу табат. Никесиз жашаган адамдарда стресс (кайгы-капа, жаалдануу, толкундануу) көп болот.","Жана Анын белгилеринен: Асмандар менен жерди жаратканы, силердин тилиңерди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билимдүүлөр үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.","Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз(дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллахтын жакшылыктарын издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе да уга турган адамдарга белгилер бар.","Жана Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн[1] силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн[2] соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.###[1] Чагылгандан көпчүлүк корксо, көпчүлүк үмүт кылат. Тоолуу аймактагылар чагылган чартылдаганда «Кудай-ай! Дагы бир жерди сел каптап кетпегей эле!» - деп кооптонсо, чөлдө жашап, тамчы сууга зар болгондор чагылгандан сүйүнүп, жамгыр үмүт кылышат.\t[2] Жерге жамгыр жаабаса, ал өлөт. Б.а. кургап түшүмсүз болуп калат. Кийин Аллах жамгыр жаадырып, өлүк жерди тирилтет.","Жана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын буйругу менен (тынч, зыянсыз) туруусу. (Андан) Кийин (Аллах) силерди чакыраар замат бардыгыңар жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (акыреттик сурак үчүн).","Асмандарда жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа каалабаса) баш ийет.","Ал дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман.","Ал силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силердин кулдарыңар силер менен бирдей шерик болуусуна ыраазы болосуңарбы? (Жок) Силер алардын (мал-мүлкүңөргө шериктеш болуусунан) башка бир эркин адам (жок жерден эле шериктеш болуп калуусунан) корккондой коркосуңар. Биз акыл жүгүрткөн адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.","Жок! Залымдар илимсиздиктен улам напси каалоолорун ээрчишти. Аллах адаштырганды ким туура жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок!","(Оо, Мухаммад!) Ислам динине[1] баш ийип, жүзүңдү адамдардын таза табиятына ылайык кылган динге бур! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң туура дин – ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт.###[1] Арабчадагы «ханийфан» деген сөз көп кудайлыктан Таухидге (жеке кудайлыкка) өтүү дегенди түшүндүрөт.","Ага (тообо менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула!","Диндерин бөлүп-жарып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир топ (биз гана туура жолдобуз деп) өздөрүндө болгон нерселер менен гана кубанышат.[1]###[1] Ошондуктан эч качан башканын пикирин укпайт. Таассуб-фанатизм деген – ушул.","Качан адамдарды зыян торуганда гана Раббисине кайтып, Ага (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллах) Өз ырайымын таттырганда, алардын кай бирлери кайрадан Раббисине ширк келтире башташат.","Алар (ширк келтиргендер) Биз берген жакшылыктарга каапыр боло беришсин. Мейли (оо, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Анан билесиңер!","Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле?!","Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, анда алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт.","Эмне, алар Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына тар кылганын көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар.","Эми, (оо, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, бей-бечараларга жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллахтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетишет.","Адамдардын мал-дүйнөсүнөн пайдалануу максатта үстөк кошуп бергениңер Аллахтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллахтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) көп көбөйтүүлөргө ээ болуучулар.","Силерди жараткан, анан ырыскы берген, андан кийин өлтүргөн, андан соң (кыяматта кайра) тирилткен – Аллах! Ушулардан кайсы бирин силердин (Аллахка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алат? Алардын ширктеринен Аллах Аруу жана Бийик!","Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) бузуучу апаат(тар) пайда болду. Алардын кай бирлеринин жасаган (кылмыштарынын азабын бул дүйнөдө) таттырыш үчүн. Балким алар (күнөөлөрүнөн) кайтышаар!","Айткын: «(Эй, каапырлар!) жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллахка) шерик кошуучу болушкан».","Эми, сен (оо, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (кыямат) Аллах тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат.","Ким каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшылык иштерди кылса, өздөрүнө (бейишти) даярдаптыр.","Ыйман келтирип жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн жакшылыктарынан сыйлык берет. Чындыгында Ал каапырларды сүйбөйт.","Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири): Ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын жакшылыктарынан үмүт кылышыңар үчүн (жамгырдын жаашын) сүйүнчүлөөгө шамалдарды жибериши.[1] Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар.###[1] Шамалдын куш кабарчы деп аталышынын себеби, ал булутту айдап келгенден кийин Аллахтын ырайымы – берекелүү жамгырлар жайт, шамал менен кемелер жүрөт.","Биз (оо, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү – Биздин милдет болгон.","Аллах шамалдарды жиберип булуттарды козгойт. Анан (Аллах) аларды асманда Өзү каалагандай жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллах) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, күтүлбөгөн жерден сүйүнүп калышат.","Эгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты).","Эми сен (оо, адам) Аллахтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Акыйкатта, Ал (Аллах) өлүктөрдү да албетте тирилтет! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!","Ал эми Биз (эгиндерине зыян келтирген) шамал жиберип, алардын саргайып (куурап) калганын көргөндө, (Аллахка) каапыр болуп калышат.","(Оо, пайгамбар!) Чынында сен өлүктөргө (сөзүңдү) угуза албайсың. ошондой эле артын салып кетип бараткан (акыйкатты угуудан) керең болгондорго чакырыгыңды угуза албайсың.","(Ошондой эле), сен «сокур адамдарды» да адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.","Аллах силерди алсыз (тамчы суудан) жаратты. Алсыздыктан (бөбөктүктөн) кийин күч-кубат(туу адам) кылды. Кубат(туулук)тан кийин (кайрадан) алсыздык жана карылыкка алып келди. Ал каалагандай жаратат. Ал - Билимдүү, Кудуреттүү.","Саат (кыямат) болгондо күнөөкөр пенделер «(дүйнөдө) аз гана убакыт (жашап) турдук» – деп ант ичишет. Алар (дүйнө жашоосунда да) ушундай жалганчылар болушкан.","Анан ыймандуу, илимдүү адамдар (аларга) айтышат: «Чындыгында Аллах (тагдырда) жазганы боюнча кайра тирилүү күнүнө чейин (жашап) турдуңар. Мына ушул – кайра тирилүү күнү. Бирок, силер билбейт (ишенбейт) элеңер».","Ал күндө залымдарга шылтоолору[1] пайда бербейт жана алардан (тообо менен Аллахты ыраазы кылуу да) талап кылынбайт.###[1] Алар «Биз дүйнөдө бир сааттай эле жашадык. Эгер көбүрөөк жашасак ибадат кылмакпыз. Эми биз тообо кылып Раббини ыраазы кылабыз» - деп шылтоо айтышат.","Биз бул Куранда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга бир далил алып келсең, «Силер (мусулмандар) жалганчысыңар» дешет.","Ошентип, Аллах (чындыкты) билбегендердин жүрөктөрүнө мөөр басат.","(Оо, Мухаммад!) Сен эми (бул дооматчыларга) сабыр кыл. Аллахтын («жеңиш берем» деген) убадасы чындык. (Убадага) ишенбегендер сени (жеңил ойлуулукка) түрпөсүн![1]###[1] Тафсийрул Муяссар","Алиф, Лаам, Миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Бул даанышман китептин аяттары.","Жакшылык кылуучулар үчүн ырайым жана туура жол!","Алар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана акыретке анык ишенишет.","Мына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) туура жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр!","Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллахтын жолунан адаштыруу үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү[1] сатып алат жана аны (Куранды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар!###[1] Маанисиз сөздөр – бул пендени Аллахтын ибадатынан тосо турган кыйбат, ушак сыяктуу сөздөр жана ар кандай көңүл ачуучу нерселер.","Качандыр ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой!","Ал эми, ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар.","Алар анда түбөлүккө калышат. Аллахтын убадасы чындык. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.","(Аллах) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк.","Булар Аллахтын жараткандары. Эми силер мага Аллахтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Ооба, залымдар анык адашууда!","Биз акыйкатта Лукманга даанышмандык бердик (жана ага айттык): «Аллахка шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса, өзүнүн пайдасына шүгүр кылат. Ал эми, ким (жакшылыктарга) шүгүр кылбаса, Аллах муктаж эмес, мактоого татыктуу.","Бир кезде Лукман[1] баласына насаат кылып, (мындай) деди: «Оо, балам Аллахка шерик кошпогун! Чындыгында ширк деген – бул чоң зулум!###[1] Лукман көпчүлүк тафсирчи улумалардын пикири боюнча пайгамбар эмес, даанышмандыгы менен гана атактуу болгон киши. Даанышмандык бул аалымдыктан жогорку даража. Даанышман адам иштердин өтө назик, кылдат сырларын (келечектен башка) билип турат. Иштердин, пейилдердин, сөздөрдүн ордун билет, билгенине дайым амал кылат. Сөзү менен иши бир болот. Аллах Лукманга ушул касиетти (нээматты) берип: «Шүгүр кыл» деп буюрууда. Шүгүр - бул нээмат Ээсине (нээмат бергенге) ыраазычылык билдирүү. Ал эми, Аллахга ыраазычылык билдирүү Анын жалгыз Өзүнө ибадат кылуу менен гана болот.","«Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (буйрук) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!»","«(Оо, инсан!) Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа, аларга моюн сунбагын! Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тообо кылып, кайткан адамдарды ээрчигин! (Өлгөндөн) кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин».","Оо, уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде (калып калган) же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да Аллах аны таап келе алат. Аллах (абдан) Кылдат, (бардыгынан) Кабардар.","Оо, уулум! Намазды (ар дайым) окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен кыйынчылыктарга сабырдуу бол! Чынында бул (сабырдуулук) тырышып, умтулуп аткарылчу иштерден.","Адамдардан жүзүңдү бурбагын! Ошондой эле, жер бетинде текеберленип, обочолонуп баспагын! Аллах текебер, мактанчаактардын эч кимисин сүйбөйт!","Басканда кичипейилдик менен бас, (сүйлөгөндө) добушуңду көтөрбө! Добуштардын эң жаманы эшектин добушу.","(О, инсандар!) Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге асмандардагы жана жердеги нерселерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн жакшылыктарга бөлөдү?! Адамдардын арасында же илими, же (Аллахтан келген) нурдуу китеби, же (пайгамбар көргөзгөн) туура жолу болбосо да Аллах жөнүндө талашып-тартыша берген кишилер бар.","Качан (мушриктерге): “Аллах түшүргөн нерсеге (Куран өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбызды кайсы жолдун үстүндө тапсак, ошого гана ээрчийбиз” дешет. Шайтан аларды тозок азабына чакырып жатса дагыбы ( ошого да ээрчий беришеби)?!","А кимде-ким (Аллахка Аны көрүп тургандай) ибадат кылып, жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундура алса анда ал бекем тутканы кармаптыр![1] Иштердин акыбети Аллахка таандык!###[1] Аллахтан келген Жол - Куранды кармагандар гана эки дүйнөлүк азап-тозоктон кутулат. Анткени, бул жол ажырап, тытылып, үзүлүп кетпей турган бекем аркан сыяктуу. Кармаган адам кутулат.","(Оо, Мухаммад!) Ким каапыр болсо, анын каапырлыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга эмне кылгандыгы тууралуу кабар беребиз. Аллах көкүрөктөрдөгү нерселерди Билүүчү.","Биз аларды (бул дүйнөдө) бир аз пайдалантабыз. Кийин (акыретте) катуу азап тартууга мажбур кылабыз.","Эгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» дешет. Сен «Аллахка мактоо болсун» дегин.[1] Жок! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт.###[1] Мушриктер «Асмандар менен жерди Аллах жараткан» дегени менен мактоо-ибадатты Аллахтын Өзүнө арнабай, башка кудайларга арнашат.","Асмандар жана жерде болгон нерсенин бардыгы Аллахтын мүлкү. Чынында, Аллахтын бир Өзү гана Беймуктаж, мактоого (ибадатка) татыктуу.","Эгер жер бетиндеги бардык дарактар калемсап болсо жана деңиз (сыя болсо) бул деңиздин артында дагы жети деңиз жардамдашып (сыя болуп) турса да Аллахтын сөздөрү түгөнбөйт! Чынында, Аллах Кудуреттүү, Даанышман![1]###[1] Аллахтын Өзүн, сөзүн, сыпатын, илимин жазса ааламдагы бардык сыя-деңиздер түгөнөт, бирок, Аллахтын сөздөрү түгөнбөйт!","Силердин жаралышыңар жана кайрадан тирилишиңер бир жанды тирилткен сыяктуу эле. Аллах Угуучу, Көрүүчү.","Көрбөй жатасыңбы, Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө (кантип) киргизгенин? Күн менен Айды (адамзатка кантип) кызмат кылдырып койгонун? Алардын бардыгы белгиленген мөөнөткө (кыяматка) чейин айланат. Аллах силердин эмне жасаганыңардан Кабардар.","Анткени, Аллах акыйкат. Ал эми, Андан башка, (мушриктер) дуба кылып сыйынып жаткандары жалган (кудайлар). Жана Аллахтын бир Өзү гана эң Жогору, Улук!","Деңиздеги кемелер Аллахтын жакшылыктары себептүү сүзүп жүргөнүн көрбөй жатасыңарбы?! Бул силерге Аллахтын белгилерин көргөзүш үчүн. Чынында бул нерседе сабыр кылуучу, шүгүр кылуучу адамдарга чоң белгилер бар!","Качан аларды(н кемелерин) тоодой толкундар ороп калган кезде Аллахтын жалгыз Өзүнө дуба кылышат. Ал эми, (балээден) куткарып кургактыкка чыгарып койсо, алардын (көпчүлүк) бөлүгү Аллахга карабай калышат. Биздин керемет-белгилерибизди кыянатчы, шүгүр кылбаган адамдар гана четке кагышат.","Оо, адамдар! Раббиңерден корккула! Жана атасы баласына, баласы өз атасына эч бир жардам бере албай турган күндөн корккула! (Ал күндүн келишин Аллах убада берген). Аллахтын убадасы – акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу(нун убактылуу арам жыргалдары) азгырып койбосун! Силерди азгыруучулар Аллах(тын кечиримдүүлүгү) менен азгырып койбосун![1]###[1] Көпчүлүк адамдарды адамдан, шайтандан жана жиндерден болгон азгыруучулар: «Аллах кечирет. Күнөө ишиңди жасай бер. Азыр жашсың. Ойноп-күлүп ал. Арам-адал деп өзүңдү түйшөлтпө. Карыганда деле тообо кылганга үлгүрөсүң. Бир гана тообо менен бардыгын Аллах кечирип жиберет» - деп азгырат.","Кыямат качан болушун бир Аллах гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, бир Аллах гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар.","Алиф, Лаам, Миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(Бул) китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда (эч бир) шек-күмөн жок.","Же болбосо алар (Мекке мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес.[1] Кана эми, туура жолго түшүп калышса.###[1] Исмаил пайгамбардан Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга чейин Мекке арабтарына эскертүүчү-пайгамбар келбеген эле.","Аллах асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык жандуу-жансыз) нерселерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду.[1] Силер үчүн Аллахтан башка колдоочу да шапаат кылуучу да жок. Эсиңерге келбейсиңерби?###[1] Ханафий мазхабынын имамдарынын бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).","Асмандан жерге чейин (бардык) ишти (Аллах Өз өкүмү менен) башкарат. Кийин силердин эсебиңерде миң жылга барабар болгон бир эле күндө (ал өкүмдөрдүн жыйынтыгы, пенделердин иштери) Өзүнө көтөрүлөт.","Ушул (Аллах) кайыпты да ашкерени да билүүчү Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.","Ал ар бир нерсени эң мыкты жараткан жана инсандын алгачкы жаралышын ылайдан жасаган.","Кийин анын урпактарын (бүткүл денеден суурулуп чыккан) бел суудан жаратты.","Кийин аны (кадыресе адам кейипинде) келишкен келбетте кылды жана ага Өзүнүн Рухунан үйлөп[1] жан салды. Жана (Аллах) силерге кулактарды, көздөрдү жана жүрөктөрдү жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар.###[1] Түйүлдүк сөөк этабынан өтүп, үстүнө эт капталып адамдык кейип-шекил алганда, Аллахтын периштеси келип, ичине үйлөп жан киргизет. Ушул жараян аятта «Өзүнүн Рухунан үйлөдү» таризинде айтылууда.","(Мушриктер) айтышат: «Эгер биз жерде (чирип) жок болуп кетсек да жаңыдан жаратылат бекенбиз?!» Жок! Алар Раббилерине жолугууга ишенишпейт!","Сен айткын: «Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси[1] жаныңарды алат. Кийин (кыяматта кайра тирилип) Раббиңерге кайтарыласыңар».###[1] Жандарды алуучу өлүм периштесин кээ бир адабияттарда «Азраил» деп айтылат. Бирок, Куран менен Сахих Сүннөттө бул ысым жолукпайт. Ошондуктан, өлүм периштесин Куран-Хадисте аталгандай «Өлүм периштеси» же болбосо «Жан алгыч периште» деп атаганыбыз дурус.","(Оо, Мухаммад!) Эгер сен күнөөкөр (каапыр) адамдарды, Раббилеринин алдында баштарын шылкыйтып: «Оо, Рабби! (Кыяматтын жана кайра тирилүүнүн бар экенин) көрдүк, уктук. Эми бизди артка кайтар, анык ишенүүчү болгон абалда жакшы амал кылабыз» дегенин бир көрсөң эле.","Эгер Биз кааласак, ар бир жанга өз хидаятын (туура жолун) бере алмакпыз. Бирок, Менин: «Бардык (каапыр) инсандар жана (каапыр) жиндер менен тозокту толтурамын!» - деген сөзүм акыйкат (өкүм) болуп калган.","(Тозокко ташталып жаткан мушриктерге:) «Эми, ушул күнүңөрдөгү жолугушууну унутканыңар себептүү (азап) тарткыла! Биз да силерди «унуттук». Жана кылмышыңарга жараша түбөлүк азапты тарткыла!» – (деп айтылат).","Чынында, Биздин аяттарыбызга, аларды эскертилгенде сажда кылган абалда жыгылган жана текеберленбей Раббисин аруулап мактоолорду айткан адамдар ыйман келтиришет.[1]###[1] Ушул аят сажда аяттарынын бири.","Алардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташат.","Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт.","Ыймандуу (таза) адамдар бузук (күнөөкөр) адамга окшойбу? Жок, тең болбойт!","Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал кылган адамдар үчүн бейиш орундары бар. Жасаган амалдарына жараша сыйлык иретинде!","Бузук (каапыр) адамдардын жайы-тозок! Ар качан андан чыгууга аракеттенишсе, ага кайтарылып турушат жана аларга: «Өзүңөр «жалган» деген тозоктун азабын таткыла!» – деп айтылат.","Жана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (бул дүйнөдө) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса.[1]###[1] Бул аяттагы чоң азап Кыяматтагы тозок азабы. Ал эми жакыныраак (же төмөнүрөөк) азап жөнүндө кээ бир уламалар барзах (мүрзөдөгү) азап деп түшүндүрсө, башка бирөөлөрү дүйнөдөгү азап-тозоктору деп тафсир кылышат. Дүйнө азабы деп түшүнгөндө, же алардын күнөөсүнө берилген жаза (хадд) же болбосо, Аллахтан келген апаат-балээ түшүнүлөт. Ушул эки мааниден кайсынысын колдонсо да аяттын агымына туура келе берет.","Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн залым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз!","Биз чынында Мусага китепти (Тооратты) бердик. (Оо, Мухаммад!) сен аны менен жолукканың жөнүндө шек-күмөндө болбогун! Биз Тооратты Исраил урпактарына туура жол кылганбыз.","Жана Биз Исраил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, туура жолго баштаган жолбашчыларды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү.","Албетте, Сенин Раббиң, кыямат күндө алар талашкан маселелерде, алардын арасында бир Өзү өкүмдарлык кылат.","Аларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды туура жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллахтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллахтын аяттарына) кулак салышпайбы?!","Алар ойлонушпайбы, Биз какыраган жерге (булуттарда) суу айдап (жамгыр жаадырып), аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Ушул кудуретибизди) көрүшпөйбү?!","Жана (ыймандууларга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш (кыямат) качан болот?» – дешет.","Айткын: «Ачылыш (Кыямат) күнү каапырларга ыймандары пайда бербейт жана аларга (тообо кылуу үчүн) да мөөнөт берилбейт.","(Оо, Мухаммад!) Сен алардан жүзүңдү бур жана күтө бер алар да күтүшөт.[1]###[1] Оболу кайра-кайра даават кыл. Кежирлене берсе, сүйлөбөй, тетири карап, өз ишиң менен бол. Жакында же кыяматта аларга Аллахтын бере турган азабын күт. Алар да жөн жаткан жери жок. Мүмкүн болушунча сага бир зыян жеткирүүнүн ыңгайы келип калаар бекен деп күтүшүүдө.","Оо, пайгамбар! Аллахтан корк! Жана каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Чынында, Аллах Билүүчү, Даанышман.","Өзүңө Раббиң тарабынан вахий кылынган аяттарды гана ээрчигин! Эмне иш жасаганыңардан Аллах (ар дайым) Кабардар!","Жана Аллахтын Өзүнө тобокел кыл! Сактоо жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү!","Аллах эч бир адамдын көкүрөгүндө эки жүрөк жараткан эмес (ошол сыяктуу эле) силер «зихар»[1] кылган жубайыңарды силерге эне кылып койгон жок. Жана силердин бакма балаңарды өз перзентиңер(дей) кылган жок. Бул силердин оозуңардагы гана сөзүңөр. Аллах акыйкатты гана сүйлөйт. Жана Ал (эң туура) жолго баштайт.[2]###[1] «Зихар» - бул бир кишинин өз аялына «Сенин көкүрөгүң (же белиң, же балтырың, же билегиң) апамдыкына окшойт экен» - деп, анын бир уяттуу жерин апасыныкына окшотуу. Исламдан илгери арабтар, эгер бир киши аялын «зихар» кылса «Эми аялың сага апа болуп калды» - деп өкүм чыгарып жүрүшкөн. Аллах бул аят менен Исламга чейинки доордон калган «зихарды да», «зихар» себептүү араб мушриктери чыгарган өкүмдү да жокко чыгарды. Бир адамда бир эле жүрөк болгондой, бир эле эне болот. Эгер шайтан азгырып аялын «зихар» кылса, тообо кылып, каффаарат төлөп жашай берет, талак түшпөйт.\t[2] Исламга чейинки доорунун мыйзамы боюнча бакма бала өзүнүн канынан жаралган перзент катары кабыл алынып, багып алган атанын ысымын алып, анын өз перзенти сыяктуу мурас алуу укугуна да ээ болгон. Аллах бул аятта ушул эрежени да бекер кылды. Эми Ислам өкүмү боюнча бакма бала анын ысымын көтөрбөйт. Бул дүйнөгө келүүсүнө себеп болгон атасынын аты менен «Баланчанын баласы» деп аталат. Аллахтын ушул жолу - Акыйкат жана эң туура жол.","Аларды өз аталары(нын ысымы) менен чакыргыла. Аллахтын алдында ушул адилеттүүрөөк. Эгер аталарын билбесеңер, анда алар диндеш бир туугандарыңар жана кызматчыңар. Жана ката кетирген нерсеңерде силер үчүн күнөө жок. Бирок, жүрөгүңөрдө атайлап кылган нерседе (күнөө бар).[1] Аллах Кечирүүчү, Боорукер.###[1] Эгер адашып багып алган кишинин атына байланыштырып чакырса - бул кечирилет. Ал эми, жүрөгүндө билип, сезип туруп, багып алган атанын ысымы менен чакырып, «мен билбей калыптырмын» десе күнөө болот.","Пайгамбар ыймандуулар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары – ыймандуулардын энелери.[1] Тууган туушкан адамдар Аллахтын (тагдыр) китебинде бири-бирине ыймандуулардан жана мухажирлерден (Меккеден Мединага көчкөндөрдөн) жакыныраак. Ал эми, өзүңөрдүн (ыймандуу, мухажир) досуңарга жакшылык кылсаңар дурус, бул (тагдыр) китебинде жазылган.###[1] Пайгамбар - ыймандуулардын Руханий атасы. Ал эми, анын аялдары - ыймандуулардын руханий энеси. Ошондуктан пайгамбарыбыз ааламдан өткөндө анын жесирлерине эч ким үйлөнө алган эмес.","Бир кезде Биз бардык пайгамбарлардан убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Исадан. Биз алардан бекем убада алганбыз.","Чынчылдардан убаданы чындап аткарганы жөнүндө сураш үчүн ушинтти. Аллах каапырларга жан ооруткан азапты даярдап койду.","Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын силерге берген (төмөндөгү) жакшылыктарын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллах силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү.","Ошондо силерге жогор жагыңардан, ылдый жагыңардан да (душман басып) келген болчу жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллахка жаман ойлоп да калгансыңар.[1]###[1] Бул окуя белгилүү «Хандак» казатында болгон. Мушриктер менен яхудилердин бириккен күчтөрү Исламды тамырынан курутуп жиберүү үчүн Мединага (Ислам борборуна) ар тараптан кол салышкан. Жогор жактан Мекке, Хижаз мушриктери, ылдый жактан Нажд каапырлары. Мединанын айланасындагы яхудилер аларга колдоо көргөзүп турган. Пайгамбарыбыз Салман Фарисий деген сахабанын сунушу менен Мединанын айланасына хандак (окоп) каздырган. Ошондон улам «Хандак» казаты деп аталат. Ушундой оор кырдаалда мусулмандардын арасындагы мунафыктар «Эми, Исламдын өмүрү бүттү» - деп ызы-чуу чыгарып жиберишкен. Кээ бир ыйманы начар адамдар буга ишенип, «Эми Аллах мусулмандарга жардам бербейт экен» деп Аллахка жаман ойлоп калышкан.","Ошол жерде ыймандуулар сыналып, өздөрү (коркуудан) катуу бир чайпалышкан.","Ошондо, мунафыктар (эки жүздүүлөр) менен жүрөгүндө шек-күмөнү бар адамдар: «Бизге Аллах менен Анын пайгамбары (силер жеңесиңер деп) жалган убада берген турбайбы» – дешти.","Ошондо, алардан бир тайпа кишилер: «Эй, Ясриб (Медина) эли! Эми силерге бул жерде туруу(дан пайда) жок! Кайта бергиле!» – деген жана алардан дагы бир тайпалары пайгамбардан уруксат сурап: «Үйүбүз ачык, коргоосуз калган болчу» – деп (жалган) айтышкан. Үйлөрү ачык калбаган эле. Алар болгону, качууну каалашкан.","Эгер (ошондо) аларга Мединанын ар жагынан (душмандар) киргизилип, алардан динден кайтууларын талап кылынганда, аз сандагылар калып, калганы көп (ойлонуп) отурбастан сурагандарына жооп беришмек.","Алар буга чейин артка качпайбыз деп Аллахка ант берген эле го! Аллахка берилген ант жөнүндө (кыяматта) суралат!","(Мунафыктарга) айт: «Силерге качуу пайда бербейт. Эгер силер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качкан болсоңор, анда (дүйнө жашоосунан) бир аз эле пайдаланып каласыңар.[1]###[1] Анткени, өмүр аз гана нерсе.","Айткын: «Эгер силерге (Аллах) бир жамандык каалаган болсо, Аллахтан силерди ким сактай алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа (аны ким тосо алат? Качкандын башына да өлүм келет. Ошондо) өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат.","Аллах силердин араңардагы (жихаддан) тосуучуларды жана өз ага-инилерине (аларды качууга үгүттөп): «Биз менен жүргүлө» – дегендерди билет. Алар согушка өтө сейрек келишет,","Алар силерге сараңдык кылышат. Ал эми, (согуш учурунда) коркунуч келип калса, тим эле өлүм курчап калгандай сага алаңдап карагандарын көрөсүң. Эми, качан коркунуч кеткенде, алар жакшылыкка (олжого) ач көздүк кылышып, тезинен сага заар тилдери менен зыян беришет.[1] Алар ыйман келтирбеген адамдар. Аллах алардын амалдарын текке кетирди. Бул Аллахка жеңил.###[1] «Биз андай эрдик көргөздүк, мындай баатырдык жасадык, бизге көбүрөөк бөлүштүр» деп, эч кимге сөз бербей мактанышат.","Алар (Мединаны курчап турган душман) жамааттарды кетпеген деп ойлошту. Эгер ал жамааттар (бастырып) келсе, булар силердин кабарыңарды сурап коюп, тээ четтеги бедуин араптардын арасында болууну каалашат.[1] Эгер силердин ичиңерде (Мединада) болсо да көп (жан үрөп) согушмак эмес.###[1] Мединадан алыстагы көчмөндөр арасына барып алып, качан мусулмандардын жеңилгени жөнүндө кабар келип калаар экен деп күтүп жатууну каалашат.","(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар.[1] (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн.###[1] Аллахтын элчиси ошол оор мезгилдерде баатырдыктын, туруктуулуктун, сабырдуулуктун, акылмандыктын чоң үлгүсүн көргөздү. Ислам душмандарынын он эки миңдик бириккен күчтөрүнүн каршысына үч миң аскер менен тайманбай чыгып, аларды шыктандырып жүрдү.","Ал эми, (өз пайгамбарынан үлгү алган, ыйманы бекем) ыймандуулар (душман) жамааттарды көргөндө: «Бул бизге Аллах жана пайгамбары убада кылган нерсе. Аллах менен пайгамбары туура сүйлөгөн экен» деп (согушка, өлүмгө даяр болуп) турушту. (Душмандын көптүгү) алардын ыймандарын жана (Исламга) моюн сунууларын гана көбөйттү.","Ыймандуулардын арасында (ушундай) эр-азаматтар бар: алар Аллахка берген убадаларында чынчыл экенин көргөзүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит болуп) кетишти. Кээ бирөөлөрү (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады.","Аллах чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлаш үчүн жана мунафыктарды (эки жүздүүлөрдү) кааласа азапташ же болбосо тооболорун кабыл алыш үчүн (ушул сыноого дуушар кылды). Чынында, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.","Ал эми, аларды (душмандарды) болсо, Аллах өз ачуулары менен кайтарды.[1] Алар эч бир жакшылыкка жетишпеди. Аллах ыймандууларга согуш жаатынан жетиштүү (жардамчы) болду. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү!###[1] Кандай ызырынып келген болсо, максаттарына жете албай, ошондой ызырынып, ачуулары менен кайтып кетишти. Анткени, бир айлык курчоодон мусулмандардын эрки майтарылбады. Кайра өздөрүнүн тамак-ашы, даярдыктары түгөнүп, үмүтсүздүккө түшүштү. Ошол мезгилде Аллах аларга бороон шамал жиберди. Шамал дагы Аллахтын бир аскери. Ал каапырларды үшүтүп, чатырларын учурду. Аллах алардын жүрөгүнө периштелерден турган аскерлер менен коркуу салды (9-аятты караңыз).","Жана Аллах душмандарга жардам берген китеп ээлерин (Бану Курайза жөөттөрүн) чептеринен чыгарды. Жүрөктөрүнө катуу коркуу салды. Силер (оо, ыймандуулар) алардан бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн туткундап алдыңар.","Жана силерге алардын жерлерин, короо-жайларын, мал-мүлктөрүн жана бутуңар баспаган (жаңы) жерлерди да мурас кылып берди. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү.","Оо, пайгамбар! Аялдарыңа айт: «Эгер дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласаңар, келгиле силерди (жакшынакай мүлк менен) пайдалантып, сылык-сыпаа ажырашайын.","Ал эми, Аллахты(н ыраазылыгын), Анын пайгамбарын жана акырет жайын кааласаңар, Аллах силердин араңардагы жакшы ибадат кылгандарга улуу сыйлыкты (бейишти) даярдап койгон».[1]###[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын аялдары өз ара сүйлөшүп алышып андан кудурети жетпеген дүйнө зыйнаттарын талап кылышканда пайгамбарыбыз капаланып калган. Ошондо ушул аят түшкөн.","Оо, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ашкере күнөө иш жасаса, ага эки эсе көп азап берилет. Бул Аллах үчүн жеңил."]