["Силердин араңардан кимде-ким Аллахка жана пайгамбарына моюн сунуп жакшылык иштерди кылса, ага сооп-сыйлыгын эки эсе беребиз жана ага улуу ырыскы (бейиш) даярдап койобуз.","Оо, пайгамбардын аялдары! Силер эгер такыба болсоңор (катардагы) аялдардын бирөөсү сыяктуу эмессиңер. Демек (бөтөн эркектерге) назик сүйлөбөгүлө. Жүрөгүндө оорусу бар адам (бузукулукту) эңсеп калат. Жакшынакай (түз, сыпаа) сөздөрдү сүйлөгүлө.","Жана (зарылдык болбосо) үйүңөрдө олтургула! (Исламдан) алдыңкы доордогудай ачык жүрбөгүлө![1] Намазды толук аткарып, зекетти берип, Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула! Албетте, оо, пайгамбардын үй-бүлөлөрү, Аллах силерден зыян, жамандыктарды кетирүүнү жана тап-таза сактоону каалайт.###[1] Исламга чейинки доордогу аялдар көкүрөк-баштарын ачып, бойонуп жасанышат болчу.","Өз үйүңөрдө окулган Аллахтын аяттарын жана пайгамбардын сөздөрүн эскергиле (кадырын билип, иш жүзүндө аткаргыла). Аллах бардыгын Билүүчү, Кабардар.","Чынында, мусулман эркектер менен мусулман аялдар, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар, моюн сунуучу эркектер менен моюн сунуучу аялдар, чынчыл эркектер менен чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер менен сабырдуу аялдар, Аллахтан корккон, кичипейил эркектер менен аялдар, садака берүүчү эркектер менен садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармоочу аялдар, жыныстык мүчөлөрүн сактаган эркектер менен аялдар, Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар Аллах ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду.","Эгер Аллах менен Анын пайгамбары кайсы бир ишти өкүм кылса, эч бир ыймандуу эркек же ыймандуу аялга ал ишти (аткарсамбы же жокпу деген) ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өз башымчалык кылып) Аллах жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр!","(Оо, Мухаммад!) сен бир кезде, ага Аллах (Ислам) жакшылыгын берген, анан сен дагы (кулчулуктан куткаруу) жакшылык кылган бир жигитке: «Аялыңды коюп жибербе! Аллахтан корк!» деген болчусуң. Жана сен Аллах ашкере кылуучу нерсени жүрөгүңдө жашыруун тутуп, адамдардан корктуң! Чындыгында, коркууга Аллах акылуу.[1] Качандыр Зейд андан иши бүткөн соң, ал аялды сага никелештирдик. Анткени момундарга асыранды балдары менен ажырашкан аялдарга үйлөнүү күнөө болбой турганын көрсөтүү үчүн (ушундай кылдык). Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат.[2]###[1] Бул аяттар пайгамбарыбыздын бакма баласы Зейд бин Хариса жана анын аялы Зейнеп бинти Жахш жөнүндө түшкөн. Пайгамбарыбыз өзү сатып алып, азат кылган кул-Зейд бин Харисага апежесинин кызы Зейнепти алып берейин деп жуучу түшүп барганда, Зейнеп «Кулга тиеминби» деп баш тарткан. Ошондо жогорудагы (36-) аят түшүп, ыктыярын пайгамбарга тапшырат. Бирок, бул нике Зейнептин күйөөсүнө көңүлсүздүгү себептүү бузулуу коркунучунда калат. Зейд дагы абалды түшүнүп, пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламга келип: «Мен Зейнептин талагын берейин дегенде: «Аялыңды койбо! Аллахдан корк!» - дейт. Бирок, бул сөздү Зейддин көңүлү үчүн гана айткан. Алардын турмушу оңбой калганын көрүп, көңүлүндө «Эгер Зейд Зейнепти койсо, өзүм никелеп алсамбы» деп жүргөн. Бул - Аллахтын илхамы болчу. Аллах ошол иштин болушун каалап, жүрөгүнө ошол ойду салган. Бирок, пайгамбар адамдар эмне деп ойлошот деп, экөөсүн ажыраштырбай турган.\t[2] Даанышман Аллах ушул окуялар менен Исламга чейинки доордогу туура эмес ата-балалык эрежесин өзгөрттү: Бакма баланын өз перзенти катары боло албашы, анын аялына талак бергенден соң атасы үйлөнүшү мүмкүн экени жөнүндөгү парыз-мыйзамды Өз пайгамбарынын жашоосу аркылуу жолго койду. Буга чейин адамдар Зейдди «Зейд бин Мухаммад» деп чакырышчу эле. Эми «Зейд бин Хариса» деп өз атасына байланыштырып чакыра башташты. (Ушул сүрөнүн 5-аятына караңыз). Ошентип, Аллах Өз пайгамбарын, бакма баласынын талак кылынган аялына үйлөнтүп койду.","Аллах парыз кылган нерселерде пайгамбар үчүн эч кандай күнөө-кыжаалат жок. (Бул) мурда өткөндөргө (пайгамбарларга да) Аллахтын жолу ушундай болгон. Аллахтын буйругу (сөзсүз болоору) тагдырда белгиленген.","Алар (мурунку пайгамбарлар) Аллахтын элчилигин (элдерге) жеткире турган, Аллахтан башка эч кимден коркпой турган адамдар болгон. Аллах – жетиштүү эсептешүүчү.","(Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес.[1] Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү.###[1] Анын эркек балдары бала чагында эле чарчап калышкан. Ал Зейддин да атасы эмес. Каапырлардын «Өзүнүн келинине үйлөнүп алды» деген дооматтары жалган!","Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллахты көп зикир кылгыла!","Эртели-кеч Ага тасбих (аруулагыла) айткыла!","Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге ырайым көргөзө турган Зат! Ал ыймандууларга Ырайымдуу!","Ага жолуккан (акырет) күндөгү (ыймандуулардын) амандашуулары «Салам» (деген сөз). Аллах аларга улук сооп (бейиш) даярдап койгон.","Оо, пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик.","Өзүнүн уруксаты менен (элдерди) Аллахка чакыруучу жана нурлуу чырак (кылып жибердик).","Жана ыймандууларга, алар үчүн Аллах тарабынан улук сыйлык (артыкчылык) болушу жөнүндө куш кабар бер!","Каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Алар көргөзгөн ызааларды жөн койо тур. Жана Аллахка тобокел кыл! Сактоочулук жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү.","Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгерде, ыймандуу аялдарды никеңерге алганыңардан кийин аларга жакындык кылбай туруп талагын берсеңер, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт. Эми, аларды (көңүлүңөрдөн чыккан белектер менен) пайдалантып, сылык-сыпаа жообун берип койгула.","Оо, пайгамбар! Биз сага махрын берген жубайларыңды, Аллах (согуштардан) олжо кылып берген күңдөрүңдү, (дагы) абаңдын, атаңдын эже-карындаштарынын, таякеңдин жана таежеңдин (кыздарынын арасынан) сени менен бирге көчүп (Мединага) келгендерин адал кылдык. Жана өзүн пайгамбарга белек кылган ар бир ыймандуу аялды – эгер пайгамбар аны өз никесине алууну кааласа – адал кылдык. (Бул укук, оо, пайгамбар) башка момундарсыз жалгыз өзүңө тиешелүү. Албетте, момундарга аялдары, күңдөрү жөнүндө парз кылган нерселерибизди Өзүбүз жакшы билебиз.[1] (Сага бул укуктар) жүрөгүң сыгылбасын деп (берилди). Аллах - Кечирүүчү, Ырайымдуу.###[1] Ал парыздар боюнча момундар төрттөн ашык аял алууга укуктуу эмес. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын аялы тогуз болчу. Бул анын өзгөчө ыйгарымдуу укугу. Момундардын никеси үчүн аялдын ишенимдүү адамдары, күбөлөрү болушу зарыл. Пайгамбардын никесинде зарыл эмес. Момундарга эгер бир аял өзүн белек кылса, махр мүлкүн бергенден кийин гана үйлөнө алат. Ал эми пайгамбарга өзүн белек кылган аялга ал махр бербей үйлөнө берет.","(Дагы) Сен аялдар(ың)дан каалаганыңды (түнөө күнүн) кечиктирип, каалаганың менен (ошол түнү) боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдан кимисине (кайра) барсаң да, сага күнөө жок.[1] Бул (сенин ыктыярдуу адилетиң) аялдарыңдын көздөрү кубануусуна, капаланбоосуна жана бардыгына сен берген кезек-насиптерине ыраазы болууларына жакыныраак нерсе. Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени билип турат. Аллах Билүүчү, Жумшак (жазалоого шашпайт).###[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салам башка момундардан айырмаланып, аялдарынын кимисине барууда ыктыярдуу кылынды. Эгер ал төшөк маселесинде аялдарынын арасында адилет кылган болсо, бул анын өз каалосу менен болгон.","Сага (ушул тогуз аялдан) кийин аялдар(га үйлөнүү) жана аларды башка аялдарга алмаштыруу адал эмес, эгер алардын чырайы сени кызыктырган болсо да. Бир гана кол астыңдагы күң аялдарга барышыңа уруксат. Аллах бардык нерселерди күзөтүп турат.","Оо, ыйман келтирген адамдар! Силерге уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамак жегенге (уруксат берилсе, бирок даяр болбогон болсо) күтүп олтура бербегиле! Эгер чакырылсаңар, киргиле дагы тамактанып, (дароо) тарап кеткиле. Сөзгө алаксып олтура бербегиле. Мунуңар пайгамбарды иренжитет. Бирок ал силерден ыйбаа кылат. («Кеткиле» дегенден тартынат). Аллах болсо, акыйкатты айтуудан тартынбайт. Жана эгер алардан (пайгамбардын аялдарынан) бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Ушунуңар силердин да, алардын да жүрөктөрүн тазартуучураак (жорук). Аллахтын пайгамбарын иренжитүү жана андан соң анын (жесир) аялдарына үйлөнүү силерге эч качан мүмкүн эмес! Мунуңар Аллахтын назарында чоң күнөө болмок.","Эгер силер бир нерсени жашырсаңар же ашкере кылсаңар да, Аллах бардык нерсени билип турат.","(Эгер пайгамбардын аялдары) аталарынын алдында, уул перзенттеринин алдында, ага-инилеринин алдында, ага-инилеринин уулдарынын алдында, эже сиңдилеринин уулдарынын алдында, өздөрүнүн (мусулман) аялдарынын алдында жана кол астындагы кул-күңдөрүнүн алдында (бетин ачып жүрсө) эч күнөө жок! (Оо, пайгамбардын аялдары!) Аллахтан корккула! Аллах чынында ар бир нерсени көрүп турат!","Албетте Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер силер да ага көптөн-көп салават-саламдарды айткыла!","Аллахка жана Анын элчисине зыян бергендерди, дүйнө-акыретте Аллах наалат айткан жана аларга кордоочу азап даярдаган!","Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жасабаган иштери себептүү зыян берген адамдар (моюндарына) чоң дооматты жана анык күнөөнү көтөрүшүптүр!","Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.","Эгерде мунафыктар (эки жүздүүлөр), жүрөктөрү оорулуу адамдар жана Мединада калп кабарларды таркатуучулар (ушул иштеринен) токтобосо, сени аларга каршы койобуз. Кийин алар сага кошуна болуп (Мединада) көп тура албай калышат.","(Анан) каргышка учураган абалда (куугунтукталып) кай жерден жолуктурулса, кармалып, айоосуз өлтүрүп жиберилет.","Аллахтын мурунку өткөндөргө да жолу ушул. Аллахтын жолунан эч бир өзгөртүүнү таба албайсың!","Сенден адамдар кыямат жөнүндө сурашат. Айткын: Анын илими Аллахтын гана алдында. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билер элең, мүмкүн кыяматтын болору жакын.","Аллах каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду!","Алар анда түбөлүккө калышат! Өздөрүнө эч бир (тозоктон куткаруучу) дос, эч бир жардамчы таба алышпайт!","Алардын беттери тозокто (ары-бери) оодарылган күндө: «О! Кана эми, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуучу болгонубузда!» – деп (өкүнүчтө) калышат.","Жана: «О, Рабби! Биз өзүбүздүн башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийген элек. Бизди ошолор туура жолдон адаштырган!","Оо, Рабби! Аларга эки эсе азап бер! Жана аларга чоң наалат жаадыр!» – дешет.","Оо, ыйман келтиргендер! Силер (Мухаммадка мамиле кылганда) Мусаны иренжиткен адамдар сыяктуу болбогула! Анан Аллах аны (Мусаны) алар айткан сөздөн аруулаган.[1] (Себеби) Ал Аллахтын алдында урматтуу (пайгамбар).###[1] Муса алейхи салам ыйбалуу адам болгондуктан эч кимге денесин көргөзбөйт болчу. Муну жүрөгү бузук адамдар башкача жоромолдошуп «Муса жумурткасы чоңойуп кеткен ооруга жолуккан же болбосо, денеси ак (ала) болуп калган. Ошондуктан денесин элден жашырат» деп ушак таратып жиберишкен. Күндөрдүн биринде Муса ээн жерде жуунуп бүтүп, эми чапанын алайын десе..., үстүнө чапанын койгон чоң таш качып баратыптыр! «Эй, таш, токто!» деп кууп кете берип, ошол бойдон коому чогулуп турган жерге барып калганын билбей калыптыр. Таш ошондо гана токтоп, Муса болсо өзүн элейип тиктеп турган элден уялып, денесин жапканга шашыптыр. Аллах, Өз пайгамбарын ушакчылардын уу сөзүнөн ушинтип аруулаган экен.","Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана чындык-акыйкат гана сөздөрдү сүйлөгүлө!","(Ошондо) Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, улук жеңишке (бейишке) жетиптир!","Биз аманатты (Ислам шариятын оболу) асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз мойнуна алды. Ал – зулумкер, наадан.[1]###[1] Инсандын табиятында зулумкерлик, наадандык бар. Аллах Шарият аманатын анын мойнуна жүктөп жатып, зулумдук, наадандык кылбаса, акылы менен бул эки жаман касиетин жеңе алса, аны бейишке киргизээрин шарт кылган.","Аллах мунафык эркектер менен мунафык аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азаптоо үчүн, ал эми ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тообосун кабыл алуу үчүн (ушул аманатты инсаниятка жүктөдү). Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.","Аллахка мактоо(лор) болсун! (Анткени), асмандардагы жана жердегинин бардыгы Анын мүлкү. Ага Акыретте да мактоолор болсун! Ал Даанышман, Кабардар!","Ал жерге кирген, жерден чыккан, асмандан түшкөн жана асманга көтөрүлө турган[1] (бардык) нерселерди билет. Ал – Ырайымдуу, Кечиримдүү!###[1] «Жерге кирген» нерселер жамгыр, дан-уруктар, жерге (мүрзөгө) коюлган денелер, «жерден чыккан» нерселер өсүмдүктөр, булактар жана кыяматта жерден кайра тирилип чыгуучу пенделер. «Асмандан түшкөн» нерселер ырыскылар, Аллахтын өкүмү, тагдыры ал эми, «Асманга көтөрүлгөн нерсе» периштелер, рухтар жана адамдардын жакшы амалдары.","Каапырлар: «Бизге кыямат келбейт» дешет. Сен айткын: «Жок, андай эмес! Раббиме ант, силерге (кыямат) келет! (Менин Раббим) кайыпты Билүүчү! Андан асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да кайып боло албайт! Андан (кыпындан) кичинерээк нерселер да, чоңураак нерселер да анык Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.","Ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарга (Аллах) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана улук ырыскы (бейиш) бар.","Ал эми, Биздин аяттарыбызды(н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (акыретте) жан ооруткан катуу азап бар!","Илим-туура жол берилген адамдар болсо, сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсени (Куранды), акыйкат жана Кудуреттүү, мактоого татыктуу Аллахтын жолуна баштайт деп ишенишет.","Каапыр болгондор (бири-бирине) айтышат: «Силерге бир (айнып калган) кишини көргөзөлүбү? Ал силерге (өлүп, денеңер) күкүм болуп, талкаланып кетсеңер деле, кайрадан жараласыңар (деп сүйлөйт).","Ал Аллахка жалаа жаап жатабы же болбосо жинди болуп калганбы!?» Жок! (Андай эмес!) Акыретке (кайра тирилүүгө) ишенбеген (ал дооматчы) адамдар азапта жана алыс адашууда!","Алар алды-артындагы: Асмандагы жана Жердеги нерселерге карап, ойлонушпайбы?! Эгер Биз кааласак, аларды жерге жуткуруп жиберебиз же болбосо, үстүнө асманды бөлүп, барчалап түшүрүп жиберебиз! Мында ар бир тообо кылган пенде үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар.","Биз Даудга Өз артыкчылыгыбыздан (илим, пайгамбарлык, бийлик) бердик: «Оо, тоолор жана куштар! Дауд менен бирге (мага) тасбих айткыла!»[1] (дедик). Жана ага темирди жумшартып берип:###[1] Бул жердеги Дауддун тасбих айтуусу азыркы күндөгү көпчүлүк мусулмандар түшүнгөн тасбихтен башкачараак болгон: Ал Аллахты даңктап, Забур аяттарын созолонтуп, мукамдуу окуган. Үнү ушунчалык жагымдуу болгондуктан асмандагы куштар токтоп, тоо-таштар аны менен кошо үн созушкан. Демек, бул жердеги Дауттун «тасбих айтканын» Аллахтын ысым-сыпаты даңкталган Забур аяттарын мукамдуу кыраат кылганы деп түшүнүш керек.","«Зоот-кийимдерди кенен-тыкан кылып токугун жана тизмектерин (жакшылап) ченегин![1] (Оо, Дауддун үй-бүлөсү!) Жакшы амалдарды кылгыла! Мен силердин бүткүл ишиңерди көрүп туруучумун» дедик.###[1] Дауд пайгамбарга чейин эч бир адам зоот кийим токуганды билбеген экен. Калкан менен зоот-калкан болгон, бирок токулган зоот-кийимди эң биринчи Аллахтын илхамы менен Дауд пайгамбар токуган.","Жана Биз Сулайманга эртең менен – бир айлык, кечинде – бир айлык (жолду басып өтчү) шамалды моюн сундуруп бердик. Раббисинин буйругу менен анын кол астында иштей турган жиндерди да (ага кызматчы кылып койдук). Алардан кимиси Биздин буйругубуздан четке чыкса, ага тозок азабын таттырабыз.","Алар (жиндер) ага каалаган ибадатканаларды, айкелдерди, оюк жер сыяктуу (чоң) идиштерди, чоң-бекем казандарды жасап беришет. Оо, Дауддун үй-бүлөсү! Шүгүр кылгыла жана (жакшы) амал кылгыла! Пенделеримдин арасынан шүгүр кылуучулары өтө аз!","Качан Биз Сулайманды өлүмгө өкүм кылганыбызда таягын жеген жер жаныбары (курт) анын өлгөнүн жиндерге көргөзүп койду: (Таягы сынып) ал жыгылып калганда гана жиндер билип калышты.[1] Эгер алар (жиндер) кайыпты билгенде, (бул) кордук азабында калышпайт болчу.###[1] Жиндердин кайыпты билбестигине ушул аят далил болот. Өлүм периштеси Сулаймандын жанын таягына жөлөнүп отурган абалда алып, Аллах таала Өзүнүн кыбыраган пендеси-куртка таякты кемирүүгө буйрук бергенден баштап, курт анын ичин жеп бүтүргөнгө чейин жиндер анын өлгөнүн билбей, оор курулуш иштеринде иштей беришкен.","Сабалыктардын мекенинде (алар үчүн Аллахтын жакшылыктарынын) белгилери болгон. (Бири) оң тарабында, (бири) сол тарабында эки бак бар эле. (Биз аларга): «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла! (Шаарыңар кооз-көркөм) жакшы шаар, Рабби(ңер) кечиримдүү» (дедик).","Алар жүз бурушту эле, Биз аларга (катуу) сел жиберип, (көгөргөн, ширин мөмөлүү) эки багын тең мөмөсү ачуу, бадалдуу жана аз сандагы сидр дарактары бар «бактарга» айлантып койдук.","Бул каапырчылыктарына жараша аларды жазалаганыбыз. Биз каапыр элдерди гана жазалайбыз.","Жана Биз алар менен Өзүбүз берекеттүү кылган шаардын аралыгына (алар үчүн) көрктүү (бири-бирине жакын) айылдарды тургузуп, араларына жолдорду куруп: «Ушул жолдордо түнү-күн тынчтыкта жүрө бергиле» (дегенбиз. Бирок, Саба урпактары ушул жакшылыкты да билбей, Аллахка шүгүр келтирүүнүн ордуна...,)","«Оо, Рабби! Биздин сапар-жолдорубузду(н арасын) алыстатып кой» – дешти жана өздөрүнө зулум кылышты. Кийин Биз аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып, тыркыратып таштадык.[1] Албетте, мында ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу адам үчүн (Биздин кудуретибизге) белгилер бар.###[1] Катуу сел жолдорун бузуп, кээ бир айылдарын басып, кечээ гана ынтымакта, чогуу жашаган адамдар эми, таруунун данындай ар жактарда тыркырап калышты. Арабтардын арасында азыркыга чейин «Сабанын урууларындай тыркыраптыр» деген тамсил эл оозунда ылакап болуп калган.","Чынында, Иблис өзүнүн («мен инсаниятты азгырамын») деген оюн ушулардын (ага ээрчигендердин) үстүндө иш жүзүнө ашырды. Бир топ ыймандуулардан башка бардыгы аны ээрчип кетишти.","Анда (Иблис шайтанда) алардын үстүнөн мажбурлоого эч кандай бийлик жок. Бирок Биз акыретке ыйман келтиргендер менен ага күмөн санаган адамдарды (ажыратып) билүү үчүн (Иблиске азгыруу мүмкүнчүлүгүн) бердик. Сенин Раббиң бардык нерселердин үстүнөн Көзөмөлдөөчү.","(Оо, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллахтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселериңерди чакыргылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана Жердеги кыпындай нерсеге да Ээ эмес! Алар үчүн асмандар менен Жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллахтын Өзү жараткан).","Анын (Аллахтын) алдында шапаат пайда бербейт. Бир гана Аллах уруксат берген адамдарга гана (пайда берет). Качан гана алардын (периштелердин) жүрөктөрүнөн коркунуч алынган соң, «Раббиңер эмне деди?» – дешет. «Акыйкатты (айтты)» – дешет алар.[1] Жана Ал – эң Жогору, Улук!###[1] Кыяматта мушриктер өздөрүнүн жаман акыбеттерин көрүп коркуп кетишет. Ошондо Аллах аларга дүйнөдө адашып жашагандыктарын, алардын сыйынган «кудайлары» жалган кудайлар экенин айтат. Мушриктер бир аз өздөрүнө келип, бири-биринен «Раббиңер эмне деди?» деп сураганда, жакшы угуп тургандары «Акыйкатты айтты» дешет. Бул аяттын мындан башкача тафсири да бар. Аяттын агымына эки түрдүү тафсир тең туура келет. (Садий).","Айт, (оо, Мухаммад): «Ким силерге асмандардан жана жерден ырыскы берет?» Айт: «Аллах!» (Оо, Мушриктер!) же биз, же силер (гана) туура жолдун үстүндө (жана экөөбүздүн бирибиз гана) анык адашуучулукта!»","Айт: «Биздин күнөөлөрүбүз үчүн силер сурак бербейсиңер, силер жасаган (жаман) иштерге биз суралбайбыз!»","Айт: «Раббибиз силер менен бизди (бир жерге) чогултуп, анан ортобузда акыйкат менен өкүм кылат. Ал – Өкүмдар, Билүүчү!»","Айт: «Ага кошкон шериктериңерди мага көргөзгүлөчү?! Жок! Аллах Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман!»","Биз сени (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт. (Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мушриктерге тозок жөнүндө эскертүү бергенде, алар мусулмандарга карап:)","«Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада качан (келет)?» – дешет.","Айткын: «Силерге убада күн бар. Силер андан бираз убакыт эрте, же бираз убакыт кеч калтырылбайсыңар».","Каапыр адамдар айтты: «Биз эч качан бул Куранга ишенбейбиз, андан мурунку китептерге да ишенбейбиз!» Жана сен (оо, Мухаммад) ошол залымдарды, Раббисинин алдында (тикесинен) тургузулуп, бири-бирине сөз кайтарып жаткандарын (бир) көрсөң эле![1] Ээрчиген алсыздары текебер жолбашчыларына: «Эгер силер болбогондо биз ыйман келтирмекпиз!» – дешет.###[1] Ал күндө мушриктердин башчылары менен алсыздары күнөөнү бири-бирине оодарып, өз жандарын куткарууга бекер аракет кылышат.","Текебер жолбашчылары болсо, алсыздарга: «Өзүңөргө (анык далилдер) келгенден кийин силерди туура жолдон биз тостук беле? Жок! Өзүңөр күнөөлүү болгонсуңар!» – дешет.","(Анда) ээрчиген алсыздар текебер жол башчыларына (мындай) дешет: «Жок!» Күнү-түнү (силер кылган) айлакерлик бизди азгырды. Ал кезде силер бизди Аллахка каапыр болууга жана Ага теңдеш-шериктерди кошууга буюргансыңар!» (Ошентип бардыгы), азапты (өз көздөрү менен) көргөндө ичинен бушайман тартып турушту. Биз каапыр болгон адамдардын моюндарына кишендерди салып койдук. Алар(га зулум кылбадык), өздөрү жасаган (жаман) иштеринин гана жазасын алышты.","Биз кайсы бир шаарга эскертүүчү (пайгамбар) жиберсек, анын дөөлөтүнө чиренгендер: «Биз силер алып келген динге каапырбыз» дешкен.[1]###[1] Чындыкка каршы чыгуу бир гана Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын жердеш, замандаш мушриктеринин иши эмес, тээ илгерки пайгамбарлардын доорунан бери, өз напсинин кулуна айланган, оюн-зоокторго берилген, алкымы бузук, ысырапчыл байлардын, бийлердин адаты.","Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, бала-бакырабыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.[1]###[1] Алар ушул дүйнөдө жөлөк-таяк болгон дүйнө-мүлкүбүз, тууган-уруктарыбыз ошол дүйнөдө да ишке жарайт. Бул дүйнөдөгү жазадан пара берип, тааныштарды ортого салып кутулуп кеткен сыяктуу наркы дүйнө тозогунан да бир нерсе «узатып» кутулуп кетебиз деп ойлошот. Дагы алар Аллах бизди сүйгөн үчүн ушунча мал-мүлк, бала-чака берди деп ойлошот. Бирок, Аллах бул дүйнөдө мүлктү Өзү каалаган каапырларга да беришин, бирөөнү кедейлик менен сынаса, бирөөнө байлык берип сынашын билишпейт.","Айт (оо, Мухаммад): «Менин Раббим каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына тар кылат. Бирок, көпчүлүк адамдар муну билишпейт».","Силердин мал-дүйнөңөр да, бала-бакыраңар да силерди Бизге жакындаштыра албайт! Ал эми, кимде-ким ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, алардын амалдарына эселенген сыйлыктар берилет. Жана алар бейиштеги бийик даражалуу орундарда тынчтык-бейпилдикте болушат.","(Бул дүйнөдө) Биздин аяттарыбызды алсыз (өкүмсүз) калтырганга аракет жасагандар (тозок периштелери тарабынан) азапка алып келинишет.","Айткын: «Менин Раббим Өзү каалаган адамдарга ырыскыны кенен берет. Жана (Өзү каалаган башка) бирөөсүнө аны тар кылат. (Силер ырыскыңар мол-кенен болсо да, тар болсо да садака кылууга аракеттенгиле. Анткени:) Эмнени (Аллах үчүн) сарптасаңар, Аллах (бир нече барабар көбөйтүп) өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү.","(Аллах) алардын (мушриктердин) бардыгын чогултуп, андан соң периштелерге: «Силерге ибадат кылгандар ушуларбы?!» – дейт.","«Өзүң (шериктерден) Аруу-Тазасың! (Оо, Раббим!) Алар эмес, Сен биздин Колдоочубузсуң! Жок, алар (Бизге эмес) жиндерге ибадат кылышкан. Алардын көпчүлүгү жиндерге ыйман келтиргендер» (деп жооп берет периштелер).[1]###[1] «Мага кайыптан кабар келди» деген адамдарга «кайып кабарларын», чынында, жиндер шыбырайт. Каапыр жиндер каапыр адамдарды ушинтип шылдың кылат. Болбосо, жиндердин өздөрү деле кайып кабарын билишпейт. (Ушул сүрөнүн 14-аятына караңыз).","Ал (кыямат) күнү (эй, мушриктер) бири-бириңерге пайда да, зыян да жеткире албайсыңар. Жана Биз залым адамдарга «Өзүңөр «жалган» деген тозок азабын тарткыла!» дейбиз.","Аларга (бул дүйнөдө) Биздин ачык-айкын аяттарыбыз окулганда: «Бул киши (Мухаммад) силерди ата-бабаңар сыйынган динден тосууну гана каалайт» дешкен. Дагы алар (Куран жөнүндө) «Бул ойдон чыгарылган нерсе» – деп айтышкан. Жана (ошол) каапыр болгондор өздөрүнө келген акыйкатты (Куранды) «бул анык сыйкыр» дешкен.","Биз аларга (буга чейин) окуй турган китептерди бербеген элек жана сенден мурун да аларга эскертүүчү (пайгамбар) да жиберген эмеспиз.","Алардан мурунку (мушрик) адамдар дагы динди жалганга чыгарышкан. Биз аларга берген нерселердин ондон бирине да (Мекке мушриктери) жетише элек. Алар дагы Биздин пайгамбарларыбызды «жалганчы» дешкен. Анан (аларга) кандай гана азап болду![1]###[1] Бирөөсүн жер жутту, бирөөлөрү деңизге чөктү, дагы бирөөлөрүнүн баштарына таш-жамгыры жаады, дагы бирөөлөрү бороон-шамал же ачуу айкырык менен кум-жам болушту.","Айт: «Мен силерге бир гана нерсени – бирден, экиден болуп Аллахка түз (эч нерсени шерик кылбай) турууңарды, андан кийин (жакшылап) пикир кылууңарды насаат кыламын. Силердин жолдошуңарда эч кандай жиндилик(тин белгилери) жок. Ал болгону, катуу азапты силерге эскерткени келген пайгамбар!»","Айткын: «Мен силерден (эскерткеним үчүн) акы сурабаймын. Ал өзүңөрдүн пайдаңарга буюрсун. Мага сооп-сыйлыкты Аллах гана берет. Ал – ар бир нерсеге Күбө».","Айт: «Албетте, менин Раббим акыйкатты (жалганга каршы) таштайт (натыйжада жалганды жокко чыгарат). Ал кайып нерселерди Билүүчү!»","Айт: «Акыйкат (Ислам дини) келди. (Жалган-ширк алсыз болуп калды) эми жалган (өз ишин) баштай да албайт, кайталай да албайт!»","(Мушриктерге) айт: «Эгер мен (силер айткандай) адашкан болсом, өзүмдүн зыяныма адашкан боломун. Ал эми, туура жол тапкан болсом, бул мага Раббим вахий кылган нерсе себептүү. Ал – Угуучу, Жакын».","Сен алардын (тозокту көргөндө катуу) коркуп, бирок, качып кете албай, (тозокко) жакын жерден кармалганын бир көрсөң эле!","(Ошондо) алар: «Жалган деген нерсебизге ыйман келтирдик!» дешет. Эми аларга алыс жерден (наркы дүйнөдөн ыйманга) жетиш кайда!","Бирок, алар мындан мурун (дүйнө жашоосунда) бул нерсеге тап-такыр каапыр болушуп, (ошол) алыс жерден кайыпты (акыретти) жалганга чыгарып коюшкан.","Эми алар менен эңсеген нерселеринин (дүйнөгө кайтууларынын) арасы тосулуп коюлду. Мындан мурун дагы аларга окшогондорго дал ушундай кылынган. Алар (акырет жөнүндө) аябай чоң шектенүүдө болушкан!","Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллахка таандык. (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты.[1] Аллах (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!###[1] Периштелердин элчилик кызматы Аллахтын тапшырмаларын, белек-сыйлыктарын, азап-жазаларын, ылайык болгон жерлерге, адамдарга жеткирүүдөн турат.","Аллах адамдарга ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллах кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал Кудуреттүү, Даанышман.","Оо, адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар?!","(Оо, Мухаммад!) Эгер (элиң) сени «жалганчы» деген болсо, сенден мурунку пайгамбарлар деле жалганчыга чыгарылган. Бардык иштер Аллахка кайтат.[1]###[1] Бардык адамдар өз иштери менен Аллахтын алдына барышат. Ошондо ишенбегендер менен Өзү эсептешип алат.","Оо, адамдар Аллахтын убадасы акыйкат. Силерди дүйнө(нүн кооз-жылтырак) жашоосу азгырып койбосун! Дагы силерди жалганчы (шайтан) Аллахтан азгырбасын!","Шайтан силерге (түбөлүк) душман! Аны (дайым) душман туткула! Чынында ал өзү(нө ээрчиген) жамаатты тозок элдеринен болууга чакырат.","Аллахка каапыр болгондор үчүн катуу азап, ал эми, ыйман келтирип жакшы амалдарды кылгандар үчүн кечирим жана улуу сооп бар.","(Айткылачы, күнөө) ишинин жамандыгы өзүнө кооз көргөзүлгөн соң, аны жакшы иш деп эсептеген киши (Аллах туура жолго баштаган киши сыяктуу) боло алабы? Аллах каалаган адамын (ушинтип) адаштырат, каалаганын туура жолго баштайт. (Оо, Мухаммад!) Жаның алар (мушриктер) үчүн кайгы чекпей эле койсун! Аллах алар эмне кылып жатканын жакшы Билүүчү.","Аллах шамалды жиберди. Шамалдар булуттарды козгогондо, Биз аларды өлүк (кургак) шаарга айдап барып (жамгыр-жаадырып) аны менен өлүк жерди тирилтебиз. Кайра тирилүү да ушундай.","Ким урматтуу болууну кааласа (билип алсын:) Бардык урмат-сый Аллахка таандык.[1] Таза-пакиза сөздөр Анын Өзүнө көтөрүлөт. Салих амалды дагы Өзү көтөрүп алат. Күнөө иштерди айлакерлик менен жасагандарга катуу азап бар! Алардын айлакерликтери текке кетет!###[1] Демек, урматтуу болууну каалаган адам эң оболу Аллахты ыраазы кылсын! Аллахты ыраазы кылуу Анын буйруктарын аткаруу, Аны даңазалоо жана эң таза сөздөр Ыйык Куран аяттарын окуу менен болот. Мына ошондо ал адамды Аллах эки дүйнөдө урматтуу кылат.","(Оо, инсандар) Аллах силерди (алгач ирет) топурактан, андан кийин бел суудан жаратты. Кийин (жетилген курагыңарда) силерди жуп-жубайлар кылды. Ургаачылардын боюна эмне бүтүп, эмне төрөгөнүн Ал билип турат. Жана жашоочунун канчалык өмүр сүрөөрү жана өмүрүнөн канчасы кыскарары (Аллахтан алдындагы) китепте бар,[1] албетте бул Аллах үчүн жеңил.[2]###[1] Аллах таала зына кылуу, ата-энеге ак (күнөөкөр) болуу, тууганчылыкты үзүп коюу сыяктуу арам иштерди өмүрдүн кыскарышына себеп кылып койгон. Ушулар себептүү эе буларсыз эле өмүрдүн кыскарып, качан өлүм келишин Аллах таала гана билет.\t[2] Ушул нерселердин бардыгын билүү, алдын ала «Лавхул Махфуз» деп аталган тагдыр китебине жазып коюу, бардыгынан кабардар болуп туруу Аллахка кыйын эмес.","Дарыя менен деңиз тең эмес. Мунусу ширин-таттуу, аны ичүү жагымдуу. Тигиниси ачуу-туздуу. Экөөсүнөн тең силер таза-жаңы эт жейсиңер. Жана (деңизден) өзүңөр тагына турган зыйнат(таш)тарды чыгарып аласыңар. Жана силер анда (толкундарды) жарып (сүзүп) бара жаткан кемени көрөсүңөр. (Бул) Аллахтын пазилетин (ырыскысын) издешиңер үчүн (бир себеп). Кана эми шүгүр кылсаңар!","(Аллах) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Жана Күн менен Айды силерге моюн сундуруп (кызматчы кылып) койду. Ар бири белгиленген убакытка чейин (асманда) жүрө берет. Ушул Аллах – Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (Оо, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес!","Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллахка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллах) сыяктуу кабар бере албайт!","Оо, адамдар! Силер Аллахка (ар дайым) муктажсыңар! Жана Аллах Өзү гана Беймуктаж, мактоого татыктуу!","Ал эгер кааласа силерди (жер бетинен) кетирип, башка жаңы (Өзүнө моюн суна турган) элдерди келтире алат!","Бул Аллахка оор эмес.","Эч бир көтөрүүчү (кыяматта) бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт. Эгер бир оор күнөөсү бар адам аны көтөрүшүүгө (жардамга) чакырса да, андан эч нерсе жеңилдетилбейт, эгер (чакырылгандар) анын (жакын) тууганы болсо да! Сен өздөрүнүн кайыптагы Раббисинен корккон жана намаздарын толук окуган кишилерди гана эскерте аласың. Ким тазарса өзүнүн гана пайдасына тазарганы. Кайтуу - Аллахка!","Сокур менен көздүү тең эмес.","Караңгы менен нур дагы (тең эмес).","Аптап менен көлөкө дагы (тең эмес).","Тирүүлөр менен өлүктөр дагы тең эмес![1] Аллах (сенин эскертүүлөрүңдү) каалаган пендесине угузат. Сен мүрзөдө жаткандарга угуза албайсың!###[1] Ыймандуулар менен каапырлар.","Сен болгону бир эскертүүчүсүң.","Чынында Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү, (тозоктон) эскертүүчү (пайгамбар) кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (пайгамбар) өткөн.","Эгер сени (мушриктер) «жалганчы» дешкен болсо, алардан мурунку пайгамбарларды да (өз доорунун мушриктери) «жалганчы» дешкен. (Чынында,) пайгамбарлары аларга (Аллах тааладан) анык далилдерди, (ыйык) баракчаларды жана Нурдуу Китеп алып келишкен эле.","Андан кийин Мен каапыр адамдарды (өлтүрүүчү азап) менен кармадым! (Менин) четке кагуу(м) кандай экен?![1]###[1] Мушриктер оболу Аллахтын аяттарын четке кагышты. Анан Аллах азап жибергенде «Оо, Аллах бизге бир аз мөөнөт бер! Өзүңө ибадат кылабыз!» деп жалдырашты. Аллах да алардын талаптарын четке кагып койду.","Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык).[1]###[1] Асмандан жааган жамгыр-кардын натыйжасында пайда болгон бир түрдүү сууну ичип, бир турдүү топурактан азыктанган дарактардын мөмөлөрү ар түрдүү болушу, тоо-таштардын түркүн-түстүү болушу, албетте, акыл жүргүзгөн адамга Аллахтын кудуретинен дарек.","Дагы, ошондой эле адамдардан, жаныбарлардан жана үй-чарба айбандарынан ар түрдүүлөрү бар. (Ушуларды таанып-билүү үчүн аракеттенип, илим издеш керек. Анткени:) Аллахтан аалым (илимдүү) адамдар (көбүрөөк) коркушат. Чынында Аллах - Кудереттүү, Кечиримдүү.","Аллахтын Китебин тилават кылып, намазды толук окуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден көрүнөө жана көмүскө садака кылган адамдар эч зыян тартпай турган сооданы үмүт кылышат.","(Аллах аларга) сооп-сыйлыктарын толуктап, Өз пазилетинен кошумча соопторду бериши үчүн. Ал Кечирүүчү, Шүгүр кылуучу!","Биз сага вахий кылган Китеп (Куран) өзүнөн мурунку (асмандан түшкөн) китептерди тастыктаган[1] Акыйкат. Албетте Аллах өз пенделеринин абалынан Кабардар, Көрүүчү.###[1] Курандан мурунку Тоорат, Инжил сыяктуу Аллахтан түшкөн ыйык китептердин кабарларына дин адамдарынын сөздөрү аралашып кеткен. Эми, алардын кайсы бири Аллахтын аяты, кайсынысы адамдан кошулган «аяттар» экенин Куран гана аныктап, тастыктап берет. Биз байыркы китептердин кабарларын Куран аяттарына салыштырабыз. Кайсынысы дал келсе - аны Кураан тастыктаган болот.","Кийин Биз Китепти (Куранды) тандап алган пенделерибизге (Мухаммаддын үммөтүнө) мурас кылып бердик. Алардын арасында өзүнө зулум (күнөө) кылгандары, (жалаң важыпты аткарып, арамдан сактануу менен гана чектелген) орточолору да бар. Жана алардын арасында Аллахтын уруксаты менен сооп иштерди (бири-бирине) атаандашып жасагандары да бар. Бул - (аларга Аллах берген) эң чоң пазилет.","Алар, өздөрү кире турган түбөлүк бейиштерде алтын билериктерди, асыл таштарды тагынып жүрүшөт. Ал жерде алардын кийимдери жибектен.","Жана алар (бейиште эс алып жүрүп): «Бизден кайгы-капаны арылткан Аллахка мактоолор болсун! Чынында, Биздин Раббибиз Кечиримдүү (жана) Шүгүр кылуучу!","Ал бизди Өзүнүн пазилети менен түбөлүк (жыргал) орундарга түшүрдү. Анда бизге машакат-кыйынчылык да жетпейт, чарчоо да кыйнабайт» – дешет.","Ал эми, каапыр адамдар үчүн тозок оту(нда күйүү) бар. Аларга өлүм да берилбейт, өлүп (кутулуп) калгыдай. Алардан тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз ар бир каапырга мына ушундай жаза беребиз.","Алар анда өкүрүп-кыйкырып: «Оо, Раббибиз! Бизди (бул азабыңан) чыгара көр! Эми, мурда жасабаган (сооп) амалдарды жасайбыз!» дешет. (Анан аларга мындай добуш угулат:) «Биз силерге эскерген адам эсине келгидей өмүр бербедик беле?! Жана силерге эскертүүчү-пайгамбар келди эле го! Эми, (азапты) тарта бергиле! Залым (каапыр) адамдарга жардамчы жок!»","Чынында Аллах асмандар жана жердеги кайыптарды Билүүчү. Ал көкүрөктөрдөгү (жашыруун) сырларды да Билүүчү.","(Оо, момундар!) Ал силерди жер бетинде Өзүнүн халифа-орун басарлары кылды! Кимде-ким каапыр болсо, каапырчылыгы өзүнө зыян! Раббилеринин алдында алардын каапырчылыгы (Аллах тарабынан болгон) жек көрүүнү гана көбөйтөт. Каапырларга өздөрүнүн каапырлыгы зыянды гана көбөйтөт.","Айт: «(Оо, мушриктер) өзүңөр дуба (ибадат) кылган, Аллахтан башка «кудайыңарга» карагылачы! Алар жерден эмнени жаратканын мага көргөзгүлөчү! Же алар үчүн асмандарда(гы кээ бир нерселерди жаратууда Аллахка) шерикчилик барбы?! Же Биз аларга, анын далилдерине таяна турган Китеп бериптирбизби?! Жок! Залымдар бири-бирине (далил-чындыктарды эмес) жалганды гана убада беришкен».","Чынында, асмандар менен жерди жок болуп кетүүдөн Аллах гана кармап турат. Эгер ал экөөсү жок болуп кетчү болсо, Аллахтан башка эч ким аларды (жок болуудан) тосо албайт! Ал пейили Жумшак, Кечиримдүү!","(Мушриктер) эгер өздөрүнө бир эскертүүчү-пайгамбар келсе, туура жолго ар кандай элдерден көбүрөөк эргешүүчү болуу жөнүндө катуу ант ичишкен. Ал эми, качан аларга эскертүүчү - пайгамбар (Мухаммад) келгенде (бул) алардын ( туура жолдон ) качууларын гана көбөйттү.","(Алар) жер бетинде текеберленген жана (пайгамбарга каршы) ыплас айла-амалдарды жасаган абалда (туура жолго ээрчибей коюшту). Ыплас айлакерликтер өз ээсине гана зыян жеткирет! Эми алар абалкылардын жолун[1] гана күтүп калышты. Сен Аллахтын жолун (башкага) алмаштыра албайсың! Сен Аллахтын жолун өзгөртө албайсың!###[1] Аллахтын жолу-эрежеси боюнча, ким дааватка текеберленсе, башына азап түшөт.","Алар жер бетин кезип, мурункулардын акыбети эмне болгонун көрүшпөйбү![1] Алар булардан да күчтүүрөөк болушкан. Бирок, Аллахты асмандардагы жана жердеги эч нерсе алсыз кыла албайт! Ал Билүүчү, Кудуреттүү.[2]###[1] Ар кайсы жерлерде байыркы, Аллах кыргын салган мушрик элдердин кооз сарайларынын урандылары, өнүккөн маданияттарынын издери калган.\t[2] Бирок мээримдүүлүгү каардуулугун жеңген Аллах мушрик-каапыр коомдорго дагы эле мөөнөт берүүдө. Көпчүлүгүнүн жазасын Кыяматка калтырууда.","Эгер Аллах адамдарды кылмыштарына жараша (ушул эле дүйнөдө) жазалай берчү болсо, жер бетинде кыбыраган (адам) калтырмак эмес. Бирок, Аллах аларды белгилүү күнгө (Кыяматка) кечиктирүүдө. Ал эми, качан белгиленген күндөрү келгенде (Аллах Өзү эсептешип алат. Анткени,) Аллах пенделерин Көрүүчү.","Йаа, Сиин.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Даанышман Куранга ант:","Сен чынында, пайгамбарлардансың.","Туура жол үстүндөгү.","(Куран) Ырайымдуу, Кудуреттүүнүн түшүргөнү,","Коом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар эле.[1]###[1] Аларга (Курайш мушриктерине) көп жылдардан бери пайгамбар келбегендиктен, ата-бабалары да, өздөрү да наадандыктын эң төмөн даражасында болчу. Дин-ибадаттары эч бир Ыйык Китепке негизделбей, ойдон чыккан жоромолдорго негизделген. Пикирлери да ошондой. Ошондуктан алардын көпчүлүгү өздөрүнө пайгамбар жана Ыйык Китеп келгенде «Ата-бабалардын жол-жоругуна, үрп-адатына каршы экен» деп, дароо душмандык позициясына өтүштү.","Алардын көпчүлүгүнө сөз (азап келиши) акыйкат болуп калды. Эми алар ыйман келтиришпейт.","Биз алардын моюндарына ээктерине чейин кишен ороп койгонбуз. Анан алар какайып (ийиле албай) калышкан.","Биз алардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдык!","Эми аларды эскертесиңби же эскертпейсиңби – айырмасы жок: ыйман келтиришпейт.","(Оо, Мухаммад!) Сен Зикирге (Куран акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Чексиз Ырайымдуудан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллах тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын бер!","Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте[1] (алдын ала) эсептеп койгонбуз.###[1] «Анык Китеп» - Лавхул Махфуз. Анда кыяматка чейинки боло турган нерселер, окуялар эң майда-чүйдөсүнө чейин жазып коюлган.","Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.[1]###[1] Бул шаар жөнүндө Куранда жана Сүннөттө анык маалымат жок. Кээ бир тафсирчилер ал шаар Антокия болгон. Эли каапыр болгон. Ал эми аларга жиберилген элчилер Иса пайгамбардын шакирттеринен экөө болгон дешет. Анык далил болбогон соң бул шаардын дайынын айтуудан пайда жок. (Садий). «Тафсиру Хилалдын» автору Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф дагы ушул пикирди колдойт.","Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Биз силерге жиберилген элчилер болобуз» - дешти.","(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллах) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»","Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз.","Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат».","(Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (кара-жолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди таш-бараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»","«Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бересиңерби) ?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!» – дешти (пайгамбарлар).","(Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, коом! Пайгамбарларды ээрчигиле!","Өздөрү туура жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!» – деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?» - деп кыйнаганда, мындай жооп берди:)","«Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар!","Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт!","(Эгер Аллахтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын!","Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)","айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе,","Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!»"]