["Силердин араңардан ким Аллахка жана Анын элчисине дайым моюн сунуп, Аллахты ыраазы кылган жакшылык иштерди кылса, ага башка аялдарга берилген сооптон эки эсе жогору кылып беребиз жана ага акыретте бейиш болгон улуу сыйлыкты даярдап коёбуз.","Оо, Мухаммад пайгамбардын аялдары! Силер артыкчылык жана кадыр-барк жактан башка аялдардай эмессиңер. Тескерисинче силер Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштасаңар, анда артыкчылык жана кадыр-барк жактан эч бир аял жете албай турган даражада болосуңар. Андыктан бөтөн эркектерге сөздү жумшартып, үндү назик кылып сүйлөбөгүлө. Мунун себебинен жүрөгүндө эки жүздүүлүк оорусу бар жана арамды эңсеген адам кызыгып калуусу мүмкүн. Зарылдык чекте шектенүүгө түртпөгөндөй тамашалабастан олуттуу сүйлөгүлө.","Үйүңөрдө болгула! Зарылдык болбосо сыртка чыкпагыла! Исламга чейинки аялдардардын кылганындай сулуулуктарыңарды көргөзбөгүлө! Алар муну эркектерди өзүнө тартыш үчүн ачык көргөзүп жүрүшкөн. Намазды талаптагыдай абалда аткаргыла! Мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле! Аллах жана Анын элчисине моюн сунгула! Эй, пайгамбардын аялдары жана анын үй-бүлө мүчөлөрү! Чындыгында Аллах силерден зыянды жана жамандыкты кетирүүнү гана каалайт жана ошондой эле силерди асыл сыпаттарга ээ кылуу менен жана терс сыпаттардан толук арылтып, артынан бир дагы ыпласты калтырбастан силердин жан дүйнөңөрдү тазалоону каалайт.","Үйүңөрдө окулган Аллахтын элчисине түшкөн Анын аяттарын жана Анын элчисинин таза сүннөтүн эскерип (кадырын билип) иш жүзүндө аткаргыла. Чындыгында Аллах силерге Мээримдүү, Ал силерди пайгамбардын үйлөрүндө жашатуу менен чоң жакшылык кылды. Аллах силерден Кабардар, Ал силерди пайгамбардын аялдары жана үммөттөгү жалпы мусулмандардын энелери кылып тандады.","Чынында, Аллахка баш ийүү менен өздөрүн төмөн туткан эркектер жана аялдар, Аллахка чындап ишенген эркектер жана аялдар, Аллахка моюн сунган эркектер жана аялдар, ыйманында, сөзүндө чынчыл эркектер жана аялдар, ибадатка, күнөөгө барбоого, сыноолорго сабыр кылган эркектер жана аялдар, милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө өз мал-мүлктөрүнөн садага берген эркектер жана аялдар, Аллах үчүн парз жана напил орозо туткан эркектер жана аялдар, өздөрүнө адал эмес адамдардын алдында авретин көрсөтпөй жапкан, зынадан жана ага чакыра турган себептерден жыныс мүчөсүн сактаган эркектер жана аялдар, Аллахты ачык, жашыруун абалда жүрөгү жана тили менен эстеген эркектер жана аялдар – Аллах алардын күнөөлөрүн кечирүүгө даяр жана аларга Кыямат күнү берилчү чоң сыйды - бейишти даярдап койгон.","Эгерде Аллах жана Анын элчиси кайсы нерсеге өкүм кылса, анда ыймандуу эркекке да, ыймандуу аялга да аны кабыл албоого,четке кагууга эч кандай тандоо берилбейт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик кылса, анда ал туура жолдон ачык адашты.","Оо, пайгамбар! Аллах аны Исламга киргизип жакшылык кылган жана сен аны азат кылып жакшылык кылган адамга (тагыраак айтканда Зейд ибн Хариса сага аялы Зайнаб бинт Жахшка талак берүү тууралуу кеңешейин деп келгенде) сен ага: «Аялыңды кетирбе, ага талак бербе! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корк» – деп айттың. Оо, пайгамбар! Бирок сен адамдардан коркуп, Аллахтын ага үйлөнүүң жөнүндө сага кылган вахийин жашырып койдуң. Жакында Аллах Зейддин ага талак бергенин жана сенин ага үйлөнөрүңдү ачыкка чыгарат. Бул иште коркууңа Аллах гана татыктуу го. Качан Зейддин ага көңүлү чаппай, жактырбай ага талак бергенде Биз силерди үйлөндүрдүк. Мусулмандардын бакма балдары аялдарына талак берсе жана алардын идда (күтүү) мөөнөтү бүтсө, анда аларга үйлөнүү күнөө эмес. Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат, аны эч нерсе токтото албайт жана тоскоол боло албайт.","Пайгамбардын өз бакма баласынын аялына үйлөнүүсү сыяктуу Аллах уруксат берген нерселерде ал үчүн эч кандай күнөө же кыжалаттык болбойт. Ал бул нерседе өзүнөн мурунку пайгамбарлардын жолун жолдойт. Ал муну пайгамбарлардан биринчи болуп кылып жаткан жок. Аллахтын бул үйлөнүүнү ишке ашыруусунда жана асыранды баланы өз ата-тегине таандык кылууну жокко чыгаруусунда пайгамбарга ой айтуу же тандоо берилбейт. Аллахтын тагдыр кылган бул өкүмү сөзсүз ишке ашат, ал кайтарылбайт.","Аллахтын түшүргөн жолдомолорун өз элине жеткирген пайгамбарлар Аллахтан башка эч кимден коркушпайт жана Аллах аларга уруксат берген иштерди ишке ашырууда башкалардын (айыптоо, каршы чыгуу менен) айткан сөздөрүнө көңүл бурушпайт. Аллах пенделеринин иш-аракеттерин эсептөөгө Өзү жетиштүү. Алар үчүн пенделеринен сурак алат жана жакшылык иштерине сыйлыгын ал эми, жамандык иштерине жазасын берет.","Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Зейд аялына талак бергенден кийин ага үйлөнүү арам болгудай ал анын атасы да эмес. Бирок ал Аллахтын адамзатка жиберген элчиси, пайгамбарлардын акыркысы, андан кийин эч бир пайгамбар болбойт. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Пенделеринин иштеринин эч бири Ага жашыруун эмес.","Эй, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахты жүрөгүңөр, тилиңер жана дене-мүчөлөрүңөр менен көп-көптөн зикир кылгыла!","Артыкчылыкка ээ болгон тасбих менен келмени айтып күндүн башталышында жана акырында Аны аруулагыла!","Ал силерге ырайым кылат, мактоо айтат жана Анын периштелери силерди каапырлыктын караңгылыгынан ыйман нуруна чыгарсын деп дуба кылышат. Ал ыймандууларга Ырайымдуу. Эгер алар Ага моюн сунушса, аларды азаптабайт. Андыктан Анын буйругуна баш ийгиле, тыйгандарын таштагыла.","Ыймандуулар Раббисине жолуккан күндөгү алардын учурашуулары «Салам!» сөзү болот жана бардык жамандыктардан саламатта болушат. Алар Аллахка моюн сунуп, Ага баш ийбестик кылышпаганы үчүн Ал аларга улуу сыйлык бейишти даярдады.","Оо, пайгамбар! Биз сени адамдарга сага түшкөн нерсени жеткирүүгө күбө болуучу, алардын арасындагы ыймандуулар үчүн Аллах даярдаган бейишти сүйүнчүлөөчү жана каапырларга даярдалган азаптан коркутуучу кылып жибердик.","Жана сени Аллахка гана сыйынууга, Анын буйругуна баш ийүүгө чакыруу үчүн жибердик. Ошондой эле сени туура жолго түшүүнү каалаган ар бир адам үчүн жаркыраган чырак кылып жибердик.","Жана Аллахтын шариятын аткарып Ага ыйман келтиргендерге, алар үчүн Аллах тараптан бул дүйнөдөгү жеңишти жана акыретте бейишке киргизген ийгиликти өзүнө камтыган улуу артыкчылык болору тууралуу сүйүнчү кабарды жеткир.","Аллахтын дининен жүз бурууга чакырган каапырлар менен эки жүздүүлөргө моюн сунба жана алардан баш тарт! Балким бул аларды сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүгө түрткү берет. Бүткүл иштериңде, душмандарыңдын үстүнөн жеңишке жетүүдө да Аллахка гана таян! Аллах жетиштүү Коргоочу, пенделери дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык иштеринде Ага таянышат.","О, Аллахка ыйман келтирип, Аны шариятын аткаргандар! Эгерде ыймандуу аялдарды никеге алгандан кийин жыныстык мамиле кылбай туруп талагын берсеңер, анда алар мейли айыз мөөнөтү болсун, мейли ай мөөнөтү болсун иддага отурбайт. Анткени, жыныстык мамиле болбогон үчүн алардын боюнда жок. Талактын айынан чөккөн көңүлүн көтөрүп, жоомарттыгыңарга жараша мал-мүлкүңөрдөн бергиле жана аларга зыян тийгизбестен төркүнүнө коё бергиле.","Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сен махр (калың) төлөп алган аялдарыңды сага адал кылдык, Аллах сага олжо кылып берген кол астыңдагы туткун күңдөрдү да адал кылдык, ошондой эле сени менен Мединадан Меккеге көчкөн атаң менен бир тууган кишилердин кыздарына үйлөнүүнү, атаңдын эже-карындаштарынын кыздарына үйлөнүүнү, тайкеңдин кыздарына үйлөнүүнү, таежелериңдин кыздарына үйлөнүүнү сага адал кылдык. Ошондой эле махр (калың) сурабастан өзүн сага сунуштаган ыймандуу аялдарды сага адал кылдык, эгер сен аларга үйлөнүүнү каалаган болсоң. Өзүн белек кылуу никеси пайгамбарга гана тиешелүү, үммөттөн андан башка эч кимге уруксат эмес. Биз ыймандууларга алардын аялдарына тийиштүү парз кылган нерселерди билебиз, аларга төрттөн ашык аял алууга уруксат жок. Жана Биз алардын күндөрүнө тийиштүү шарият өкүмдөрүн да билебиз, алар өздөрүнүн күңдөрүнөн каалагандай ырахаттанууга укуктуу, алардын саны да чектелүү эмес. Жогоруда айтылгандарды сага да адал кылдык жана жалпы мусулмандарга уруксат берилбеген өзгөчөлүктөрдү сага гана уруксат бергенибиздин себеби сени сыгылбасын, кыйналбасын дедик. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.","Оо, пайгамбар! Сен аялдарыңдан кимисин кааласаң, аныкында түнөбөстөн анын күнүн кечиктире аласың жана алардан кимисин кааласаң, аныкында түнөп аны менен бирге боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдын кимисинен бирге болууну талап кылсаң, бул нерседе сага күнөө болбойт. Сага берилген бул тандоо жана кенендик аялдарыңдын көздөрү кубануусуна жана алардын баарына берген нерсеңе ыраазы болуусуна жакыныраак. Анткени алар сени жоопкерчиликти таштабайт, акыларга сараңдык кылбайт деп билишет. Эй, эркектер! Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү аялдарыңардын кээ бирлерине көңүлүңөр тартып турганын билет. Чындыгында Аллах пенделеринин иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Токтоо, балким алар тообо кылат деген үмүттө аларды жазалоого шашылбайт.","Оо, пайгамбар! Сага сенин коргооңдогу аялдарыңдан башка аялдарга үйлөнүүгө уруксат жок жана аларга талак берүүгө же башка аялдарды сулуулугуна кызыгып аларды алыш үчүн кээ бирлерине талак берүүгө да уруксат жок. Бирок санын чектебестен кол астыңа күң аялдарды алсаң болот. Чындыгында Аллах бардык нерсени байкап турат. Бул өкүм ыймандуулардын энелеринин артыкчылыктарын билдирет. Анткени аларга талак берүү жана үйлөнүү тыйылган.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди тамакка чакырып, кирүүгө уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамактын бышканын күтүп көпкө олтура бербегиле! Бирок тамакка чакырылсаңар, анда киргиле. Жеп бүткөндөн кийин шыр тарап кеткиле. Андан кийин бири-бириңер менен сүйлөшүп сөзгө алаксып олтура бербегиле. Чындыгында бул олтурганыңар пайгамбарды кыжалат кылат. Ал силерди кеткиле деп айткандан уялат. Аллах болсо акыйкатка буйругандан уялбайт. Ал силерге пайгамбарга зыян бербеш үчүн олтурбастан кетүүңөрдү буйруйт. Эгерде силер пайгамбардын аялдарынан идиш-аяк сыяктуу ж.б. керек болгон нерселерди сурасаңар, аны парданын артынан сурагыла. Аллахтын элчисинин урматы үчүн жана аларды коргоо үчүн алар силерди көрө тургандай абалда бетме-бет сурабагыла! Шайтан силердин жана алардын жүрөктөрүнө кирип азгырбоосу үчүн жана күнөөнү кооз кылбашы үчүн ушундай кылып парда артынан сураганыңар силердин жүрөгүңөр үчүн да, алардын жүрөктөрү үчүн да тазараак. Эй, ыймандуулар! Силер үчүн Аллахтын элчисин кыжалат кылып сүйлөшүп олтурганга болбойт, ошондой эле ал дүйнөдөн өткөндөн кийин анын аялдарына үйлөнгөнгө да болбойт. Алар ыймандуулардын энелери. Эч кимге өз энесине үйлөнүүгө уруксат эмес. Чындыгында антип кыжалат кылганыңар, ошондой эле ал өткөндөн кийин аялдарына үйлөнгөнүңөр арам жана Аллахтын алдында чоң күнөө.","Эгер силер кээ бир иш-аракеттериңерди билдирсеңер да, же аны ичиңерде жашырсаңар да, алардын эч бири Аллахка жашыруун эмес. Чындыгында Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Силердин кылган иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал силердин иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет, жакшылык болсо сыйлыгы, жамандык болсо жазасы болот.","Пайгамбардын аялдарын өз аталары, балдары, ага-инилери, ага-инилеринин балдары, бир тууган жана эмчектеш эже-сиңдилеринин балдары көрүшсө же алар менен тосмосуз сүйлөшсө аларга күнөө болбойт. Ошондой эле алар ыймандуу аялдар менен жана кол астындагы күңдөр менен тосмосуз сүйлөшсө күнөө болбойт. Эй, ыймандуу аялдар! Аллах силерге буйруган жана тыйган нерселерде Андан корккула. Ал силердин эмне кылганыңарды көрүп турат.","Чындыгында Аллах периштелердин алдында Мухаммад пайгамбарды мактайт, периштелер болсо ага дуба кылышып, салам-салават айтышат. Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Пайгамбарга салам-салават айткыла!","Чындыгында Аллахка жана Анын элчисине сөзү, иш-аракети менен зыян бергендерди Аллах дүйнөдө жана акыретте Өз ырайым чөлкөмүнөн кууп алыстатты. Жана алар пайгамбарга зыян бергендигинин жазасы катары аларга кордоочу азапты даярдады.","Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарга зыян бергенге татыктуу күнөөсү болбосо да аларга сөзү же иш-аракети менен зыян бергендер жалган жалаага жана ачык күнөөгө дуушар болушту.","Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: «Чоочун эркектердин алдында авраттары көрүнбөш үчүн үстүндө кийип жүргөн оромолдорун ылдый түшүрүшсүн. Бул алар эркин аялдар экен деп билинүүсүнө жакыныраак. Андыктан күндөргө зыян бергендей аларга эч ким зыян берип тийишпейт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу».","Эгерде ичине каапырлыкты жашырып, сыртынан Исламды көргөзүп эки жүздүүлүк кылган эки жүздүүлөр, напси каалооруна берилген жүрөгүндө бузукулук бар адамдар жана мусулмандарды бөлүп-жарыш үчүн Мединага жалган кабарларды ташып келгендер токтобосо, эй, пайгамбар, Биз сага аларды жазалоону, аларга бийлик кылууну буйруйбуз. Кийин алар Мединада сени менен аз гана мөөнөт жашап калышат, анткени алар кыйрап жок болушат же Жер бетинде бузукулук кылышкан себептүү куулушат.","Алар Аллахтын ырайымынан куулган абалда кай жерде туш келсе, ошол жерден колго түшөт жана аёсуз өлтүрүлөт. Анткени алар эки жүздүүлүк кылышты, Жер бетинде бузукулукту жайышты.","Эки жүздүүлөр өздөрүнүн эки жүздүүлүктөрүн ачыкка чыгарган кезде бул аларга карата аткарылган Аллахтын өкүм жолу. Аллахтын өкүм жолу туруктуу, сен ага эч кандай өзгөрмө таба албайсың.","Оо, пайгамбар! Мушриктер жана ошондой эле жөөттөр четке кагуу менен жана жалганга чыгаруу үчүн сенден: «Анын убактысы качан?» – деп кыямат тууралуу сурашат. Аларга: «Кыямат тууралуу Аллах гана билет. Мен ал тууралуу эч нерсе билбеймин» – деп айткын. Оо, пайгамбар! Сен кандай билмек элең, балким кыяматка аз калгандыр?","Чындыгында Аллах каапырларды Өз ырайымынан алыстатты жана кыямат күнү аларды күткөн жалындаган тозокту даярдады.","Алар үчүн даярдалган ошол тозок азабында алар түбөлүк калышат. Алар ал жайда пайда келтирген дос да, аларды азаптан куткарган колдоочу да таба алышпайт.","Алардын жүздөрү тозок отунда ары-бери оодарылып (азапталган) кыямат күнү алар катуу өкүнүчтөн, катуу күйүттөн мындай деп айтышат: «Аттиң, биз дүйнө жашоосунда Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Ага моюн сунганыбызда жана пайгамбар Раббиси тараптан алып келген нерседе ага моюн сунганыбызда!».","Алар арзыбаган жалган далилди айтып мындай дешет: «Раббибиз! Чындыгында биз өзүбүздүн башчыларыбызга, элибиздеги улуу адамдарга баш ийгенбиз, мына ошолор бизди туура жолдон адаштырышты.","Раббибиз! Бизди туура жолдон адаштырган ал башчыларга жана улууларга бизге берген азаптан эки эсе көп азап бер. Анткени алар бизди адаштырды. Ошондой эле аларды Өз ырайымыңдан өтө алыстат».","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Пайгамбарыңарга зыян бербегиле! Болбосо силер Мусага зыян бергендердей болуп каласыңар, алар анын денесин айтып айыпташкан, Аллах аны алардын айткан сөздөрүнөн аруулаган. Ошондон кийин ал алардын айткан сөзүнөн таза экендиги анык болгон. Муса Аллахтын алдында барктуу, анын суранычы кайтарылбайт, анын аракети ийгиликсиз калбайт.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштап Андан корккула жана туура чындык сөздөрдү сүйлөгүлө!","Эгерде силер Аллахтан корксоңор жана туура сөз сүйлөсөңөр, Ал силердин иш-аракеттериңерди оңдойт, аларды кабыл кылат, күнөөлөрүңөрдү өчүрөт, алар үчүн жазалабайт. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, анда ал теңдешсиз улуу жеңишке жетиптир. Ал жеңиш Аллахтын ыраазылыгы жана бейишке кирүү.","Чындыгында Биз шарият милдеттерин асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштаганыбызда алар аны моюнга алуудан баш тартышты жана анын акыбетинен коркушту. Бирок аны инсан мойнуна алды. Чындыгында ал мойнуна алган нерсенин акыбетин билбеген өзүнө зыян берүүчү пенде.","Аллах эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды эки жүздүүлүктөрү жана ширк кылышкандыктары себептүү аларды азапташ үчүн, ошондой эле мойнуна алган аманат милдеттерин эң жакшы деңгээлде аткарышкан ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тооболорун кабыл кылыш үчүн Аллахтын тагдыры менен аны инсан мойнуна алды. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.","Аллахка мактоолор болсун! Жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда асмандардагы жана Жердеги бүткүл нерселер Ага гана таандык. Жана акыреттеги мактоолор, да Ага гана таандык. Ал Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман, пенделеринин абалдарынан Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Ал суу, өсүмдүктөр сыяктуу жерге кирген жана өсүмдүктөр жана башка сыяктуу жерден чыккан нерселердин баарын билет. Ошондой эле жамгыр, периштелер, ырыскы сыяктуу асмандан түшкөн жана периштелер, пенделердин иш-аракеттери, жандары сыяктуу асманга көтөрүлгөн нерселерди билет. Ал ыймандуу пенделерине Ырайымдуу, тообо кылгандарга Кечиримдүү.","Аллахка каапырлык кылгандар: «Бизге эч качан кыямат келбейт» – дешет. Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Жок! Аллахка ант болсун, силер жалганга чыгарган кыямат сөзсүз келет. Бирок анын убактысын Аллах гана билет. Ал кыяматты жана башка кайып нерселердин баарын билет. Асмандар менен Жердеги кумурскадан да аз салмактагы нерселер Аллахтын илиминде белгисиз калбайт. Ал айтылгандан да кичине жана андан чоң болгон нерселер да белгисиз калбайт, алардын баарысы айкын китепте жазылган. Ал сакталган Китеп (Лаухуль Махфуз), анда кыяматка чейин бүткүл боло турган нерселер жазылган.","Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга сыйлыгын берүү (Куранда айтылгандай эле сакталган Китепте (Лаухул Махфузда) да белгиленген). Мына ушул сыпаттарга ээ болгондор үчүн Аллах алардын күнөөлөрүнө кечиримди даярдап койду, ал үчүн аларды жазалабайт. Аларга улуу ырыскы бар, ал кыямат күнүндөгү бейиш».","Ал эми Аллах түшүргөн аяттарды жокко чыгарууга аракет кылгандар ал тууралуу «сыйкыр» деп айтышат, пайгамбарыбызды «көзү ачык, сыйкырчы жана акын» дешет. Мына ушул сыпаттардагы адамдарга кыямат күнү эң жаман жана эң катаал азап бар.","Сахабалардын аалымдары жана китеп ээлеринен ыйман келтирген аалымдар Аллахтан сага түшкөн вахий эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат, ал эч ким үстөмдүк кыла албаган Кудуреттүүнүн туура жолуна багыттайт жана бул дүйнөдө мактоого татыктуу деп күбөгө өтүшөт.","Аллахка каапырлык кылгандар пайгамбар алып келген нерсеге таң калып жана шылдыңдап бири-бирине айтышат: «Силерге бир кишини көргөзөлүбү, ал силерге өлүп, күкүмдөй майдаланып калсаңар да өлгөнүңөрдөн кийин кайра жараласыңар деп айтат?».","Алар айтышты: «Бу киши Аллахка жалган жалаа жаап, бизди өлгөндөн кийин кайра тирилет деп ойлоп жатабы же ал чындыгы жок нерсени дөөрүгөн жиндиби?». Бул нерсе алар ойлогондой эмес. Бирок нажыйжада акыретке ыйман келтирбегендер кыяматта катуу азапта болушат, дүйнөдө акыйкаттан алыстап адашууда болушат.","Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар Жердеги бет алдындагы нерселерди, асмандагы арт жагындагы нерселерди көрүшпөй жатабы? Эгерде Биз аларды буттарынын астынан жерге жуткуруп жиберүүнү кааласак, аларды астыларынан жуткуруп жибермекпиз. А эгер алардын үстүнө асмандын бөлүктөрүн кулатууну кааласак, алардын үстүнө кулатып жибермекпиз. Чындыгында бул нерседе ар дайым Раббисине моюн сунууга кайткан пендеси үчүн кескин белгилер бар. Ал муну Аллахтын кудуреттүүлүгүнө далил кылат. Бул нерсеге кудуреттүү Аллах силер өлгөндөн кийин, денеңер ыдырагандан кийин силерди кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү.","Биз Даудга Өзүбүз тараптан пайгамбарлык жана бийлик бердик жана тоолорго айттык: «Эй, тоолор! Дауд менен бирге тасбихти кайталагыла». Ошондой эле канаттуу куштарга да ушинтип айттык. Анан ал өзү каалагандай шаймандарды жасаш үчүн Биз ага темирди жумшартып бердик.","Оо, Дауд! Жоокерлериңди душмандын соккусунан коргогон кенен соот кийимдерди жасагын жана мыктарды шакекчелерге ылайыктуу кыл, аларды шалактай тургандай ичке кылба жана ага кирбей тургандай жоон да кылба. Жана жакшылык иштерди кылгыла! Чындыгында Мен силердин кылганыңарды көрүп турам. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Мага жашыруун эмес. Жакында алар үчүн сыйлыгын же жазасын берем.","Биз Дауддун баласы Сулайманга эртең менен бир айлык жолду, кечинде бир айлык жолду басып өткөн шамалды моюн сундурдук. Жана ал өзү каалаган нерсесин жасаш үчүн ага жез булагын агызып койдук. Ошондой эле Раббисинин буйругу менен анын астында иштеген жиндерди ага моюн сундурдук. Ал эми жиндерден кимиси Биз буйруган иштен качса, Биз ага жалындаган тозоктун азабын таттырабыз.","Ал жиндер Сулайманга ал каалагандай намаз үчүн мечиттерди, кан сарайларды, ал каалагандай айкелдерди, ал каалагандай суу сактаган чоң идиштер сыяктуу табактарды, чоңдугунан кыймылдатуу мүмкүн болбогондой бекем орнотулган тамак жасаган казандарды жасашат. Биз аларга айттык: «Оо, Дауддун үй-бүлөсү! Аллахтын силерге кылган жакшылыктарына шүгүр кылуу максатта иш-аракет кылгыла!». Бирок пенделериме берген жакшылыкка алардын азы гана шүгүр кылышат.","Качан Биз Сулайманга өлүмдү өкүм кылганда, анын таянып олтурган таягын жер курту жеди, ошондо гана жиндер анын өлгөнүн билишти. Качан ал жерге кулап түшкөндө, жиндер кайыпты билбестиги анык болду. Эгер алар аны билишкенде Сулайман үчүн оор жумуштарды аткарып кордолгон азапта болушпайт эле. Алар аны тирүү, көрүп турат деп ойлошкон.","Сабаа уруусу жашаган жерде Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана аларга берген жакшылыгына ачык-айкын белги болгон эки бакча бар болчу. Алардын бири оң тарапта, экинчиси сол тарапта эле. Биз аларга айттык: «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Анын жакшылыктарына шүгүр кылгыла! Бул сонун жер, а Аллах болсо тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү Рабби».","Алар Аллахка шүгүр кылуудан жана Анын элчилерине ыйман келтирүүдөн баш тартышты. Ошондо Биз алардын жакшылыктарын балээге айлантып жазаладык, алардын суу тосмосун катуу сел менен талкаладык, эгин талааларын суу астында калтырдык жана алардын мөмөлүү эки бакчаларынын мөмөлөрүн ачуу кылып, дагы ал экөөсүн мөмөсүз жылгын дарагы жана аз сандагы сидр дарактарына алмаштырдык.","Алар жакшылыктарда болгондон кийинки бул абалдын өзгөрүүсү алардын каапырлыктары жана жакшылыктарга шүгүр кылуудан баш тарткандыктары себептүү болду.","Жана Биз Йемендеги Сабаа эли менен Өзүбүз берекелүү кылган Шамдагы шаарлардын ортосунда бири-бирине жакын шаар-айылдарды кылдык. Ошентип алар бир шаардан экинчи шаарга кыйынчылыксыз жол жүрүп Шамга жетишет эле. Жана Биз аларга айттык: «Силер ал жерлерден душмандан, ачкалыктан жана чаңкоодон коопсуз абалда түндөсү болобу же күндүзү болобу, каалаган убакта өтө бергиле».","Аллахтын аларга аралыктарды жакындатып кылган жакшылыгына шүгүр кылышкан жок. Алар айтышты: «Оо, Раббибиз! Сен ал шаарларды жок кылып биздин сапар жолдорубузду алыстат, биз жол түйшүгүн тарталы жана биз минген төөлөрдүн артыкчылыгы да билинсин». Алар Аллахтын жакшылыгын танып, Ага шүгүр кылуудан баш тартышты жана алардан болгон кедейлерге көрө албастык кылып өздөрүнө зулум кылышты. Ошентип Биз аларды кийинкилер кеп кылган сөзгө айландырып койдук, алар бири-бири менен байланыша албай тургандай аларды бытыранды кылып чар тарапка чачтык. Чындыгында Сабаа элине берилген жакшылык, андан соң алардын каапырлыктары жана текеберликтери себептүү аларга келген балээ-азаптарда, Аллахка баш ийген, күнөөлөрдөн алыс болгон, кыйынчылыктарга сабырдуу болгон пенделер үчүн жана Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылгандар үчүн үлгү-сабактар бар.","Чындыгында Иблис аларды азгырам жана акыйкаттан адаштырам деген оюн алардын үстүндө ишке ашырды, алар каапырлыкта жана адашууда аны ээрчип кетишти. Бирок ыймандуулар гана ага ээрчибестен, анын үмүтүн ишке ашырышпады.","Иблистин аларды мажбурлап адаштырууга бийлиги жок, ал болгону (күнөөнү) жакшы көргөзүп, аларды азгырат. Бирок, Биз алардын кимиси акыретке, андагы жаза же сыйга ыйман келтирерин жана кимиси акыреттен шек санарын билүү үчүн шайтанга азгырууга уруксат бердик. О, пайгамбар! Раббиң бардык нерсени Сактоочу. Ал пенделеринин иш-аракеттерин сактап коёт жана ошого жараша аларга сыйын же жазасын көрсөтөт.","Оо, пайгамбар! Мушриктерге айткын: «Силер пайда берет же зыянды кетирет деп Аллахтан башка кудайларыңар деп ойлогондорду чакыргылачы?!». Алар асмандар менен Жердеги кыпындай салмактагы нерсеге да ээлик кыла алышпайт. Алар бул нерседе Аллах менен шериктештиги жок. Аллахка жардам берген жардамчы жок. Ал шериктерге жана жардамчыларга муктаж эмес.","Аллахтын алдында Ал уруксат бергендин гана шапааты пайда берет. Аллах Өз улуктугу менен Өзү ыраазы болгондорго гана шапаат кылууга уруксат берет. Анын улуктуктарынан, эгер Ал асманда сүйлөсө, периштелер Анын сөзүнө бой сунуп канаттарын кагып турушат. Качан алардын жүрөктөрүнөн коркунуч кеткенде периштелер Жебреилден: «Раббиңер эмне айтты?» – деп сурашат. Жебреил: «Ал акыйкатты айтты» – деп жооп берет. Ал Өз Заты жана үстөмдүгү менен Жогору, бүткүл нерсе Анын алдында болгон Улук.","О, пайгамбар! Мушриктерге: «Силерге асмандан жамгыр жаадырып, жерден мөмө-жемишт, эгиндерди өстүрүп ырыскы берген ким?» - деп айткын. Анан: «Силерге асмандан ырыскы берип жаткан - Аллах! Ал эми биз же силер, эй, мушриктер, акыйкат жолдобуз же ал жолдон анык адашуудабыз. Бирөөбүз сөзсүз ушундайбыз. Бирок, шек-күмөн жок, акыйкат жолдогулар - алар, ыймандуулар, ал эми адашкандар - алар, мушриктер».","Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер кыямат күнү биздин кылган күнөөлөрүбүз үчүн суралбайсыңар, биз дагы силердин кылган иштериңер үчүн суралбайбыз».","Аларга айт: «Аллах кыямат күнү силер менен бизди чогултуп, анан силер менен биздин ортобузда адилеттик менен өкүм кылып, чынчылды жалганчыдан айырмалап көргөзөт. Ал адилеттик менен өкүм кылган Өкүмдар, Өзү кылган өкүмүн Билүүчү».","Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Аллахка шерик кылып сыйынган шериктериңерди мага көргөзгүлөчү? Жок! Бул нерсе силер Анын шериги бар деп элестеткендей эмес. Ал – Аллах, Аны эч ким жеңе албаган Кудуреттүү, Ал Өз жаратуусунда, тагдырында жана башкаруусунда Даанышман».","Оо, пайгамбар! Биз сени такыба адамдарга сүйүнчү кабарды жеткирүүчү жана каапырларды, бузукуларды тозоктон коркутуучу кылып жалпы адамзатка жибердик. Бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт. Эгер алар муну билишкенде, сени жалганга чыгарышмак эмес.","Мушриктер өздөрү корккон азапты шаштырышып мындай деп айтышат: «Эгерде акыйкат деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор айткылачы, убада кылынган азап качан болот?».","Оо, пайгамбар! Азапты шаштырып жаткандарга айт: «Силерге белгилүү бир күн убада кылынган, ал убакыт силерге кечигип да келбейт, убактысынан эрте да келбейт. Ал күн – кыямат күн».","Аллахка каапырлык кылгандар айтышты: «Биз Мухаммад ага түштү деп ойлоп жаткан бул Куранга эч качан ишенбейбиз жана асмандан түшкөн мурунку китептерге да эч качан ишенбейбиз». Оо, пайгамбар! Сен заалымдардын кыяматта Раббисинин алдында сурак үчүн кармалып тургандарын, алардын ар бири жоопкерчиликти, айыпты башканын мойнуна илип, бири-бирине сөз кайтарып тургандарын көрсөң кана эле! Бул дүйнөдө алсыздыкта өз башчыларына ээрчиген алсыздар аларга айтышат: «Эгер силер бизди адаштырбаганда, биз Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендерден болмокпуз».","Акыйкатка текеберлик кылып өздөрүнө ээрчиткендер аларды ээрчиген алсыздарга айтышты: «Мухаммад силерге алып келген туура жолду ээрчүүдөн силерди биз тоскон белек?! Жок! Силер өзүңөр зулум кылган, бузулган жана бузукулук кылган адамдар болдуңар».","Ал эми аларды ээрчиген алсыздары, чындыкка (муюбай) текеберлик кылган башчыларына минтип айтат: «Жок! Силер күнү-түнү айла-амал кылып бизди туура жолдон тостуңар, бизди Аллахка каапыр болууга, Андан башка нерселерге ибадат кылууга буйрудуңар». Качан алар азапты көргөндө жана азапталарын билгенде бул дүйнөдөгү каапырлыгына ичтеринен өкүнүштү. Биз каапырлардын моюнуна кишен салып койдук. Мындай жазага алардын бул дүйнөдө Аллахтан башкага сыйынып, күнөөгө берилигени гана себеп.","Биз кайсы бир шаарга аларды коркутуш үчүн пайгамбар жибербейли, ал жерде жыргалчылыкта жашаган мансаптуу, атактуу жана бай адамдар: «Эй, пайгамбарлар! Чындыгында биз силерге жиберилген нерсеге каапырлык кылдык» – деп айтышты.","Мактанып бой көтөргөн атактуу адамдар айтышты: «Биздин байлыгыбыз жана балдарыбыз көп. Ал эми силер бизди азапталат деген оюңар жалган. Биз дүйнөдө да, акыретте да азапталбайбыз».","Оо, пайгамбар! Ал берилген жакшылыктарга азгырылгандарга айт: «Менин Раббим Өзү каалаган адамга, ал шүгүр кылабы же танып кетеби деп сынаш үчүн ырыскысын кенен кылат. Ошондой эле Ал Өзү каалаган адамга, ал сабыр кылабы же нааразы болобу деп сынаш үчүн ырыскысын тар кылат». А бирок адамдардын көпчүлүгү Аллах Даанышман Зат экендигин биле беришпейт. Ал эмнени тагдыр кылса, анда терең даанышмандыык бар. Ким аны билсе, билиптир, билбегени билбептир.","Силер мактанып жаткан байлыгыңар жана балдарыңар силерди Аллахтын ыраазылыгына жеткирбейт. Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар эселеген сыйлыкка жетишет. Аллах жолунда сарпталган байлыгы жана ага дуба кылган бала-чакасы аны Ага жакындатат. Мына ошолор ыймандуулар, жакшылыктарды кылгандар, аларга кылган жакшылыктары үчүн эселеген сооптор бар. Алар азап, өлүм жана жакшылыктын токтоп калуусу сыяктуу бардык коркунучтардан саламатта болуу менен бейиштин бийик жайларында болушат.","Ал эми өздөрүнүн максаттарын ишке ашырыш үчүн адамдарды Биздин аяттарыбыздан бурууга болгон аракеттерин жумшаган каапырлар бул дүйнөдө кыйроого учурашат, акыретте азапталышат.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббим Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен кылат, алардан кимисине кааласа аны тар кылат. Силер Аллах жолуна эмнени сарптасаңар, Аллах анын ордуна бул дүйнөдө силерге андан да жакшысын берет жана акыретте көптөгөн соопторду берет. Аллах таала эң жакшы ырыскы берүүчү. Ким ырыскы издесе, анда Ага кайтсын».","Оо, пайгамбар! Аллах алардын баарысын чогулткан күндү эстечи. Анан Ал мушриктерди айыптап периштелерден: «Дүйнө жашоосунда Аллахтан башка силерге сыйынгандар ушуларбы?» – деп айтат.","Периштелер айтышат: «Сен аруусуң жана ыйыксың! Алар эмес, Сен биздин колдоочубузсуң. Биз менен алардын ортобузда эч кандай достук мамиле жок. Тескерисинче ал мушриктер жин-шайтардарга сыйынышкан, аларга периште болуп кубулуп көрүнүшкөн, ошондо алар Аллахтан сырткары аларга сыйынышкан, көпчүлүгү аларга ыйман келтиришкен».","Алар дүйнөдө Аллахтан башка сыйынган кудайчалары аларга жыйын жана сурак күнү пайда бере алышпайт жана зыян да келтире алышпайт. Биз каапырлык жана күнөөлөр себептүү өздөрүнө зулум кылгандарга: «Дүйнөдө силер жалганга чыгарган тозок азабын тарткыла» – айтабыз.","Элчибизге түшкөн эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аяттарыбыз мушриктерге окулганда алар айтышты: «Муну алып келген бул киши силерди ата-бабаңардын жолунан бурууну каалаган киши». Дагы алар: «Бул Куран Аллахтын атынан ойлоп табылган жалган гана нерсе» – деп айтышты. Жана Аллахка каапырлык кылгандар Аллахтын алдынан келген Куран күйөө менен аялды, ата менен баланы ажыратканы үчүн «Бул сыйкыр гана!» деп айтышты.","Оо, пайгамбар! Биз аларга бул Куран Мухаммад ойлоп тапкан жалган нерсе деп билдиргендей окуй турган китептерди берген эмеспиз жана Биз сени жибергенге чейин аларды Аллахтын азабынан коркуткан элчини да жиберген эмеспиз.","Аад, Самуд жана Луттун эли сыяктуу мурда жашаган көп коомдор (динди) жалганга чыгарышкан. Сенин коомуңдагы мушриктер күч, эрк, байлык жана сан жагынан коомдордун ондон бирине да жетпейт. Алардын баары пайгамбарын жалганга чыгарган. Аларга берилген байлыгы, кубаты, саны аларга эч кандай пайдасын тийгизген эмес. Ошентип, алар Менин азабыма кабылды. О, пайгамбар! Мен аларды кандай четке какканымды жана аларды кандай жазалаганымды карачы!","Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мен силерге бир сыпатты кеңеш кылам: Аллах үчүн напси каалооңорду таштап эки-экиден же жалгыздан тургула, анан Мухаммаддын жинди эместиги силерге ачык болуш үчүн анын өмүр таржымалы тууралуу, ошондой эле силер билген акылдуулугу, чынчылдыгы жана аманаткөйлүгү тууралуу ойлонуп көргүлө. Силер Аллахка кылган ширкке тообо кылбасаңар ал силерге болгону катуу азаптан алдын ала эскертүүчү».","Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Мен силерге алып келген туура жол жана жакшылык өзүңөрдүн пайдаңарга, ага акы сурабаймын, андан болгон сооп-сыйлыктар өзүңөргө гана насип болот. Ал эми менин сооп-сыйлыгымды Аллах гана берет. Ал бүткүл нерсеге Күбө. Мен силерге жеткиргениме Ал өзү күбө жана силердин иш-аракеттериңерге да күбө, эми алардын сыйлыгын же жазасын Өзү силерге толугу менен берет».","Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббим акыйкатты жалгандан үстүн кылып, жалганды жокко чыгарат. Ал кайыптарды Билүүчү. Асмандардагы жана Жердеги эч бир нерсе Ага жашыруун эмес, ошондой эле пенделеринин иш-аракеттери да Ага жашыруун эмес».","Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Акыйкат болгон Ислам келди жана жалган жок болду. Эми жалгандын эч кандай таасири же күчү калбайт жана ал таасирдүүлүгүнө кайтпайт».","Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Эгерде мен силерге жеткирген нерседе акыйкаттан адашкан болсом, анда ал адашуумдун зыянын өзүм гана тартам, силерге анын эч бир нерсеси жетпейт. А эгер ага карай туура жолго түшсөм, анда Раббимдин мага вахий кылган себебинен болду. Чындыгында Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, Жакын, менин айткан сөздөрүмдү угуу Ал үчүн кыйын эмес».","Оо, пайгамбар! Ал жалганчылар кыямат күнү азапты көргөндө коркушкандарын көрсөң кана! Алар үчүн андан качып кутулуу жок, андан коргонор жай да жок. Алар биринчи жолкусунда эле жакын жерден жеңил эле колго түшүшөт. Эгер аны көргөн болсоң, таң калыштуу ишти көрмөксүң.","Алар барар жайын көрүшкөндө: «Биз кыямат күнүнө ишендик» –дешет. Алар сурак кылынбастан иш-аракет кылына турган дүйнө жайынан иш-аракет кылынбастан сурак бере турган акырет жайына өтүп, ошондой эле ыйман кабыл кылына турган дүйнө жайынан алыстап кетишкен болсо, эми алар кантип ыйман келтирүүгө, аны кабыл кылууга жетишмек эле?!","Алар дүйнө жашоосунда ага каапыр болуп, акыйкатты билбей туруп, алыстан эле Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) тууралуу «сыйкырчы, көзү ачык, акын» деп, ар кандай жалаа жаап жатса, ыйман аларга кантип жетип, кантип кабыл кылынсын?!","Ал жалганчылар өздөрү каалагандай дүйнө жыргалчылыктарына, каапырлыктан тообо кылууга, тозоктон кутулууга жана дүйнө жашоосуна кайтууга жетүүдөн тосулуп калышты. Аларга окшогон мурунку жалганчы коомдорго да ушундай кылынган. Чындыгында алар пайгамбарлар алып келишкен жалгыз Аллахка сыйынуу, кайра тирилүүгө ишенүү сыяктуу нерселерге каапырлыкка алып барган катуу шектенүүдө болушкан.","Асмандар менен Жерди мурун болбогондой көрүнүштө Жаратуучу Аллахка мактоолор болсун! Ал периштелердин арасында тагдыр буйруктарын аткарган элчилерди кылды. Алардын арасында пайгамбарларга вахийди жеткирип, аларды өз аманаттарын аткарууга күч-кубат бергендери бар. Ошондой эле алардын арасында эки, үч, төрт канаттуулары бар. Алардын жардамы менен буйруктарды аткаруу үчүн учушат. Аллах жараткандарына Өзү каалагандай мүчө же сулуулук же үн кошуп берет. Чындыгында Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аны эч ким алсыз кыла албайт.","Чынында, бардык нерсенин ачкычы Аллахтын колунда. Ал адамдарга ырыскы, туура жол, бактылуулук эшигин ачса, аны эч ким токтото албайт. Ал эми бул эшиктердин кайсы бирин жаап койсо, аны эч ким ача албайт. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, жаратууда, тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман.","О, адамдар! Аллахтын силерге берген жакшылыктарын жүрөк, тил жана дене-мүчөңөр менен амал кылып эстегиле. Силерге асмандан жамгыр жаадырып, жерден мөмө-жемиш, эгин өстүрүп ырыскы берген, Андан бөлөк ибадатка татыктуу болбогон Аллахтан башка жаратуучуңар барбы? Ушундан кийин кантип акыйкаттан жүз буруп, Аллахка жалаа жаап жатасыңар?! Ал силерди жаратып, ырыскы берип жатса, силер Анын шериги бар деп ойлоп жатасыңар?!","Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарышса, сабыр кыл! Сен өз эли жалганга чыгарган биринчи пайгамбар эмессиң. Сенден мурунку Аад, Самуд жана Луттун эли сыяктуу коомдор да пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Бардык иштер жалгыз Аллахка гана кайтат. Жалганчылар акыры кыйрап жок болот, ал эми пайгамбарлар менен ыймандууларга жеңишти Аллах өзү берет.","Эй, адамдар! Кыямат күнү кайра тирилүү, сыйлык же жаза алуу сыяктуу Аллахтын силерге берген убадасы эч кандай шек-күмөнү жок чындык. Андыктан бул күнгө жакшылык иштерди кылуу менен даярдануудан силерди бул дүйнө жыргалчылыктары жана ырахаттары азгырып койбосун. Ошондой эле шайтан силерге жалганды кооз көргөзүп, дүйнөгө берилтип азгырып койбосун.","Эй, адамдар! Чындыгында шайтан силерге түбөлүк душман. Андыктан ага каршы күрөшүү менен аны душман туткула. Чындыгында шайтан өзүнө ээрчигендерди Аллахка каапырлык кылууга чакырып, алардын акыбети кыяматтагы жалындаган тозок болуусун каалайт.","Шайтанды ээрчип Аллахка каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар үчүн алардын күнөөлөрүнө кечирим жана аларга бейиш болгон улуу сыйлык бар.","Шайтан анын кылган жаман ишин кооз көргөзүп, ал аны жакшы деп ойлогон адам, Аллах ага акыйкатты кооз көргөзүп, ал аны акыйкат деп ойлогон адам сыяктуу эмес. Чындыгында Аллах Өзү каалаганды адаштырат, Өзү каалаганды туура жолго салат. Аны эч ким мажбурлай албайт. Оо, пайгамбар! Адашкандардын адашканына кайгырып таптакыр эле чөгүп кетпе! Чындыгында Аллах таала алардын кылгандарын билет. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес.","Аллах шамалды жиберди. Ал шамалдар болсо булуттарды кыймылга келтирди. Анан Биз ал булуттарды эч кандай өсүмдүк өспөгөн жерге айдап барып, анын суусу менен кургап калган жерди тирилтип өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Биз бул өлүк жерден өсүмдүктөрдү өстүрүп тирилткенибиз сыяктуу кыяматта өлүктөр да ушинтип кайра тирилишет.","Кимде-ким бул дүйнө менен акыреттеги кадыр-баркты кааласа, анда аны Аллахтан гана сурасын. Эки дүйнөдөгү кадыр-барк жалгыз Ага гана таандык. Жакшы эскерүүлөр Анын Өзүнө гана көтөрүлөт. Пенделердин жакшылык иштери, да Ага гана көтөрүлөт. Ал эми пайгамбарды өлтүрүүгө болгон аракеттер сыяктуу жаман айла-амал кылгандар үчүн катуу азап бар. Ал каапырлардын айлакерлиги жокко чыгат жана бузулат, алардын эч бир максаты ишке ашпайт.","Аллах силердин түпкү атаңар Адамды топурактан жаратты, кийин силерди бел суудан жаратты, анан силерди бири-бириңерге жуп болгон эркектер жана аялдар кылды. Кайсы аялдын боюнда болбосун же баласын төрөбөсүн, ал Анын илими менен гана болот. Алардын эч бири Андан жашырылып калбайт. Ал жараткандардын кимисинин өмүрү узарбасын же кемибесин, ал нерсе Сакталган Тактада (Лаухуль Махфуз) жазылган. Чындыгында силердин топурактан жаралышыңар, баскыч-баскыч болуп жаралууңар жана Сакталган Тактада өмүрлөрүңөрдүн жазылуусу сыяктуу бул айтылган нерселер Аллах үчүн жеңил.","Эки деңиз бирдей эмес, алардын бирөөсү тузсуз таза суу, ал тузсуз болгону үчүн аны ичүү жеңил, ал эми экинчиси өтө туздуу болгону үчүн аны ичүү мүмкүн эмес. Силер бул айтылган эки деңиздин ар биринен жумшак эттүү балыктарды жейсиңер жана алардан берметтерди, маржандарды кооздукка тагыныш үчүн чыгарып аласыңар. Эй, назар салуучу! Силер соода-сатык аркылуу Аллахтын жакшылыктарын издеп, деңизди жарып алдыга да, артка да сүзгөн кемелерди көрөсүңөр. Балким силер Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кыларсыңар.","Аллах түндү күздүзгө киргизип аны узартат жана күндүздү түнгө киргизип аны узартат. Ошондой эле Ал Күн менен Айды моюн сундурду. Алардын ар бири Аллах билген белгилүү бир мөөнөткө чейин жүрүшөт. Ал кыямат күн. Мына ошолордун баарысын силердин Раббиңер Аллах өлчөп белгилейт жана жүргүзөт. Бийлик Ага гана таандык. Андан башка силер сыйынып жаткан кудайлар данектин кабыгындай нерсеге да ээлик кылышпайт, анан Менден башка аларга кантип сыйынып жатасыңар?!","Эгерде силер кудайларыңарга дуба кылсаңар, алар дубаңарды угушпайт. Алар эч нерсени укпаган жансыз заттар. Эгер алар силердин дубаңарды угушат дей турган болсок, алар силерге жооп бере алышпайт. Алар кыямат күнү силердин ширктериңерден жана сыйынганыңардан баш тартышат. Оо, пайгамбар! Сага Аллахтан башка эч ким чындык кабарды айтпайт.","Эй, адамдар! Силер бардык иштериңерде, бүткүл абалдарыңарда Аллахка муктажсыңар. Ал эми Аллах эч бир нерседе силерге муктаж эмес. Ал бул дүйнөдө жана акыретте пенделерине тагдыр кылган нерседе мактоого татыктуу.","Эгерде Ал силерди кыйратып жок кылууну кааласа жок кылып коймок жана силердин ордуңарга Ага сыйынган, Ага эч нерсени шерик кылбаган башка жаңы адамдарды алып келип коймок.","Силерди кыйратып жок кылуу жана ордуңарга жаңы адамдарды алып келүү Аллах үчүн оор эмес.","Эч бир күнөөкөр башка күнөөкөрдүн күнөөлөрүн көтөрбөйт. Ар бир күнөөкөр өз күнөөсүн гана көтөрөт. Эгер оор күнөөлөрү бар адам алардын кээ бирлерин көтөрүшүүгө башкаларды чакырса, анын күнөөлөрүнөн эч бири ага жүктөлбөйт, эгер ал чакырылган адам анын жакыны болсо дагы. Оо, пайгамбар! Чындыгында сен кайыптагы Раббисинен корккон, намазды толук түрдө аткарышкан адамдарды гана Аллахтын азабынан коркута аласың. Мына ошолор гана сенин коркутууңдан пайда алышат. Кимде-ким күнөөлөрдөн (алардын эң чоң ширк кылуу) тазаланган болсо, анда ал өзү үчүн гана тазаланган болот. Анткени мунун пайдасы анын өзүнө кайтат. Аллах анын моюн сунуусуна муктаж эмес жана кыяматта сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн кайтуу Аллахка гана болот.","Сокур менен көзү көргөн адам бирдей болбогону сыяктуу каапыр менен ыймандуунун даражалары да бирдей эмес.","Караңгылыктар менен нур бирдей болбогону сыяктуу каапырлык менен ыйман да бирдей эмес.","Көлөкө менен ысык шамал бирдей болбогону сыяктуу бейиш менен тозоктун да таасирлери бирдей эмес.","Тирүүлөр менен өлүктөр бирдей эмес болгону сыяктуу ыймандуулар менен каапырлар да бирдей эмес. Чындыгында Аллах Өзү каалаганга туура жолду угузат. Эй, пайгамбар! Сен кабырлардагы өлүктөр сымал каапырларга угуза албайсың.","Сен болгону аларга Аллахтын азабын эскертүүчүсүң.","Оо, пайгамбар! Биз сени Аллах ыймандууларга даярдап койгон улуу соопторду сүйүнчүлөөчү жана каапырларга даярдап койгон кыйноочу азапты эскертүүчү кылып шек-күмөнсүз акыйкат менен жибердик. Мурунку коомдордун кимиси болбосун, аларга Аллах тараптан Анын азабынан эскертүүчү элчи келген.","Оо, пайгамбар! Эгерде элиң сени жалганга чыгарган болсо, анда сен коому жалганга чыгарган биринчи пайгамбар эмессиң. Аад, Самуд, Луттун эли сыяктуу мурунку коомдор да пайгамбарларын жалганга чыгарышкан. Аларга пайгамбарлары Аллах тараптан алардын чынчылдыгын билдирген ачык-айкын далилдерди алып келишкен, пайгамбарлары баракчаларды жана ой жүгүрткөндөргө нурдуу Китепти алып келишкен эле.","Бирок алар ага карабастан Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылышты, Ал тараптан алып келишкен нерселерге ишенишпеди. Ошондо Мен каапырлык кылгандарды жок кылдым. Оо, пайгамбар! Мен аларды жок кылып четке какканым кандай болгонун карачы!","Оо, пайгамбар! Көрбөдүңбү, Аллах асмандан жамгырдын суусун түшүрдү. Анан Биз ал суунун жардамы менен дарактарды сугаргандан кийин кызыл, жашыл, сары жана башка түркүн түстөгү мөмө-жемиштерди чыгардык. Тоолордун арасында ак жолдор, кызыл жолдор жана капкара жолдор бар.","Ошондой эле адамдар, айбанаттар жана үй жаныбарлары (төө, уй, кой) да жогоруда айтылгандай ар түрдүү өң-түстөрдө болушат. Чындыгында илимдүүлөр гана Аллахтын ордун улукташат жана Андан коркушат. Анткени алар Анын сыпаттарын, шариятын жана кудуретинин белгилерин билишет. Чындыгында Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарынын күнөөлөрүн Кечирүүчү.","Чындыгында Биз пайгамбарыбызга түшүргөн Аллахтын Китебин окугандар, андагыны иш жүзүндө аткаргандар, намазды толук түрдө окугандар, Биз ырыскы кылып берген нерселерден ачык жана жашыруун түрдө зекет ж.б. бергендер бул кылган иш-аракеттери үчүн Аллахтын алдында зыянга учурабаган сооданы үмүт кылышат.","Аллах алардын иш-аракеттеринин соопторун толук бериш үчүн жана аларга Өз жакшылыгын көбөйтүш үчүн. Анткени Ал буга татыктуу. Чындыгында Аллах мына ушул сыпаттарга ээ адамдардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын жакшылык иштерине Ыраазы болуучу.","Оо, пайгамбар! Биз сага вахий кылган китеп эч кандай шек-күмөнү жок чындык. Аллах аны мурунку китептерди тастыстап түшүргөн. Чындыгында Аллах пенделеринен Кабардар, аларды Көрүүчү. Ал бардык коомдордун пайгамбарларына өз заманына жараша зарылдуу нерселерди вахий кылып турган.","Кийин Биз башка үммөттөрдөн артык кылып тандап алган Мухаммаддын үммөтүнө Куранды бердик. Алардын арасында арам иштерди кылып, парздарды таштап өзүнө зулум кылгандары бар, ошондой эле алардын арасында парздарды аткарып, арам иштерди таштоо менен бирге кээ бир мустахабдарды таштаган жана кээ бир макрухтарды кылган орточолору бар. Ошондой эле алардын арасында Аллахтын уруксаты менен жакшылыктарда жарышкандар бар. Бул нерсе парз жана мустахаб иштерди аткаруу, арам жана макрух иштерди таштоо менен болот. Бул үммөттү тандоо жана ага Куранды берүү тууралуу айтылган бул нерселер артыкчылыкта ага эч бир нерсе келбеген улуу жакшылык.","Ал тандалгандар кире турган түбөлүктүү бейиш. Алар ал жайда берметтерди, алтын билериктерди тагынып жүрүшөт жана алардын кийимдери жибектен болот.","Алар бейишке киргенден кийин айтышат: «Биз тозокко кирүүдөн коркконубуз себептүү бизден кайгы-капаны жок кылып койгон Аллахка мактоолор болсун! Чындыгында Раббибиз пенделеринен тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, алардын моюн сунгандарына Ыраазы болуучу.","Ал бизди Өз жакшылыгы менен жайгашкандан кийин көчүп кетүү болбогон түбөлүктүү бейишке киргизди. Бул биздин күч-кудуретибиз менен болгон жок. Биз бул жайда чарчоого жана кыйынчылыкка кабылбайбыз.","Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар тозок отунда түбөлүк калышат. Алар өлүп кала турганчалык жана азаптан эс ала турганчалык өлүм менен алардын жаны кыйылбайт. Аларга эч бир тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз Раббисинин жакшылыктарын четке каккан ар бир адамды мына ушундай жаза менен жазалайбыз.","Алар ал жакта болгон үндөрү менен жардам сурап кыйкырышып: «Раббибиз! Бизди тозоктон чыгара көр, биз Сенин ыраазылыгыңды алып, азабыңдан кутулуш үчүн дүйнөдө кылган иштерибизден башкача жакшылык иштерди кылабыз» – деп айтышат. Аллах аларга жооп кылып айтат: «Биз силерди эсине келүүнү каалаган адам эсине келип, Аллахка тообо кылып жана жакшылык иштерди кылганчалык өмүр берип жашатпадыкпы?! Силерге Аллахтын азабынан эскертүүчү пайгамбар да келген! Силердин эч кандай далилиңер жок, ушунун баарынан кийин кечирим да жок. Андыктан тозоктун азабын тарткыла. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зулум кылгандар үчүн аларды Аллахтын азабынан куткарган же аны алардан жеңилдеткен эч кандай жардамчы жок».","Чындыгында Аллах асмандар менен Жердеги кайыпты Билүүчү. Ал анын эч бирин өткөрүп жибербейт. Чындыгында Ал пенделери көкүрөктөрүндө жашырган жакшылыкты жана жамандыкты Билүүчү.","Эй, адамдар! Ал силерди иш жүзүндө сынаш үчүн жер бетинде бири-бириңерге орун басар кылды. Кимде-ким Аллахка жана пайгамбарлар алып келген нерсеге каапырлык кылса, анда анын каапырлыгынын күнөөсү өзүнө кайтат, анын каапырлыгы Раббисине зыян бербейт. Каапырлардын каапырлыгы Раббисинин алдында ашыкча жек көрүүнү көбөйткөндөн көбөйтө берет жана каапырлардын каапырлыгы зыянга учуроону да көбөйтөт. Эгер алар ыйман келтиришкенде Аллах алар үчүн бейиште даярдап койгон нерселерде зыян тартышмак эмес.","Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мага айткылачы, силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар Жер бетинде эмнени жаратты? Тоолорду жараттыбы? Дарыяларды жараттыбы? Жан-жаныбарларды жараттыбы? Же алар асмандарды жаратууда Аллах менен шериктешпи?». Же Биз аларга кудайларына сыйынуу туура деген далилдерди камтыган китеп бериптирбизби? Алардын эч бири болгон эмес! Тескерисинче каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулум кылгандардын бири-бирине кылган убадасы алдоо гана.","Чындыгында Аллах асмандар менен Жерди жок болуп кетүүдөн сактап кармап турат. Эгерде ал экөөсү жок болуп кетсин дей турган болсок, анда Аллахтан кийин аны жок болуп кетүүдөн эч ким кармап кала албайт. Чындыгында Ал жазалоого шашылбаган Токтоо, пенделеринен тообо кылгандардын күнөөлөрүн Кечирүүчү.","Ал жалганчы каапырлар эгер аларга Аллах тараптан Анын азабын эскерткен пайгамбар келсе, анда акыйкатка түздөнүүдө жана аны карманууда жөөттөрдөн да, христиандардан да ашып түшөбүз деп катуу ант беришкен. Ал эми качан Мухаммад аларга Раббиси тараптан пайгамбар болуп келип, аларды Аллахтын азабынан коркутканда, анын келиши аларды акыйкаттан алыстатып, жалганды карманууларын күчөттү. Алар мурункулардан да түз жолдо болобуз деп берген бекем анттарын аткарышкан жок.","Алардын Аллахтын аты менен ант беришкени жакшы ниетте жана туура максатта болгон эмес. Тескерисинче Жер бетинде текеберлик кылуу жана адамдарды алдоо үчүн болгон. Бузуку айла-амал айлакерлердин өздөрүн курчап алат. Ал текебер айлакерлер аларга окшогон мурункуларды жок кылгандай аларды да жок кылган Аллахтын өзгөрбөс өкүм жолун күтүп жатышабы?! Сен тебекерлерди жок кылууда Аллахтын өкүм жолу аларга келбей тургандай кылып аны өзгөрткөн же алардан башкаларга буруп жибере тургандай нерсени эч качан таба албайсың. Анткени Аллахтын өкүм жолу өзгөрбөйт.","Курайштагы сени жалганга чыгаргандар жер бетин кезип, алардан мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү? Алардын акыбети жамандык менен бүттү, анткени Аллах аларды жок кылды. Алар курайштан да күч-кубаттуу эле. Аллах асмандар менен Жердеги эч бир нерсени өткөрүп жибербейт. Чындыгында Ал жалганчылардын иш-аракеттерин Билүүчү, алардын иш-аракеттеринин эч бирин өткөрүп жибербейт. Ал качан кааласа аларды кыйратууга Кудуреттүү.","Эгерде Аллах адамдарды кылган күнөөлөрү жана кылмыштары үчүн жазасын тездете турган болсо, анда жер бетиндеги адамдардын баарысы байлыктары жана мал-жандыктары менен кошо ошол замат кыйроого учурашмак. Бирок Аллах аларды Өз илиминде мөөнөтү белгиленген кыямат күнүнө чейин кечиктирет. Ал эми кыямат күнү келгенде, албетте Аллах пенделерин Көрүүчү, алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Ошондо аларга иш-аракеттери үчүн сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман болот.","Йаа-сиин. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.","Аяттары бекемделген жана алдынан да, артынан да жалган келе албаган Куран менен Аллах ант берди.","Оо, пайгамбар! Чындыгында сен Аллах пенделерин жалгыз Өзүнө сыйынууга жана ибадат кылууга буйруу үчүн жиберген пайгамбарлардансың.","Түз жолдо жана туура шариятта. Бул түз жол жана туура шарият эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу Раббиң тараптан түшкөн.","Түз жолдо жана туура шариятта. Бул түз жол жана туура шарият эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу Раббиң тараптан түшкөн.","Биз аны сага араб коомун коркутуп, эскертиш үчүн түшүрдүк. Аларга эскертүүчү пайгамбар келген эмес, алар ыйманга жана Аллахка сыйынууга көңүл бурушпайт. Ошондой эле эскертүү жетпеген бардык коомдордун абалы ушундай, алар эскертүүчү пайгамбарларга муктаж.","Алардын көпчүлүгүнө Аллахтын азабы милдет болду. Анткени ага чейин аларга пайгамбардын өз оозу менен Аллахтын акыйкаты жеткен, бирок алар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришкен жок жана аларга келген акыйкатты иш жүзүндө аткарышкан жок.","Алардын бул нерседеги мисалы моюндарына кишен салынып, жаактарынан ылдый моюндары менен кошо колдору байланган адамдар сыяктуу. Алар баштарын асманга көтөрүп турууга аргасыз. Андыктан алар аны ылдый кыла алышпайт. Мына ошолор Аллахка ыйман келтирүүдөн кишенделгендер, алар Ага моюн сунушпайт жана Ал үчүн баштарын да ийишпейт.","Биз аларды алдынан да, артынан да акыйкаттан тосуп койдук жана алардын көздөрүн акыйкатты көрүүдөн бууп койдук. Андыктан алар аны пайда ала тургандай көрө алышпайт. Бул нерсе алар баш ийбестик кылып, каапырлыктан баш тартпагандан кийин болду.","Оо, Мухаммад! Сен акыйкатка каршы чыккан каапырларды коркутасыңбы же коркутпайсыңбы, аларга баары бир. Алар сен Аллах тараптан алып келген нерсеге ыйман келтиришпейт.","Чындыгында сенин эскертмеңден бул Куранды чындык дегендер, андагы келгенге ээрчигендер жана эч ким көрбөй тургандай жалгыз калган учурда Раббисинен корккон адамдар чындап пайда алышат. Мына ушундай сыпаттарга ээ болгондорго аларды кубандырган нерсени кабар бер, Аллах алардын күнөөлөрүн өчүрөт жана кечирет, ошондой эле акыретте аларды улуу сыйлык болгон бейишке кирүү күтүп турат.","Чындыгында Биз кыямат күнү сурак алуу үчүн өлүктөрдү кайра тирилтебиз жана алар дүйнө жашоосунда кылган жакшылык жана жамандык иштерин жазып коёбуз, ошондой эле алар өлгөндөн кийин артында калтырып кеткен сообу улануучу садака же каапырлык сыяктуу жамандыктарын да жазып коёбуз. Биз бүткүл нерселерди анык Китепте (Лаухуль Махфузда) эсептеп жазып койгонбуз.","Оо, пайгамбар! Ал баш ийбеген каапырларга сабак алчу бир мисалды айтып бер, ал бир шаар элине элчилердин келгендиги тууралуу окуя.","Биз башында аларды Аллахты жалгыздоого жана Ага ибадат кылууга чакырыш үчүн эки элчини жибергенбиз. Алар ал экөөсүн жалганга чыгарышты, анан Биз аларга үчүнчү элчини кошуп кубаттадык. Ошондо үч элчи шаардын элине айтты: «Чындыгында биз үчөөбүз тең силерди Аллахка гана сыйуунуга жана Анын шариятын ээрчүүгө чакыруу үчүн пайгамбар болуп жиберилдик».","Шаардын эли элчилерге айтышты: «Силер бизге окшогон эле адамсыңар, бизден артык эмессиңер. Ырайымдуу силерге эч кандай вахий түшүргөн жок жана силер бул сөзүңөр менен Аллахка жалган жалаа жаап жатасыңар».","Ал үч элчи шаар элинин жалганга чыгарганына жооп кылып айтышты: «Оо, шаар эли! Раббибиз билет, биз силерге Ал тараптан элчи болуп жиберилдик. Ушул нерсе биз үчүн далилге жетиштүү.","Биздин милдет буйрулган нерсени гана силерге ачык-айкын жеткирүү. Ал эми силерди туура жолго салуу биздин колубузда эмес».","Шаар эли элчилерге айтышты: «Биз силерди жамандыкка жоруп жатабыз. Эгер бизди жалгыз Аллахка сыйынгыла деп даават кылганыңарды токтотпосоңор, силерди таш бараң кылып өлтүрөбүз жана бизден аёсуз азапты көрөсүңөр».","Элчилер аларга жооп кылып: «Силер Аллахка каапырлык кылып, Анын элчилерин ээрчүдөн баш тартканыңар себептүү жоруган жамандыгыңар өзүңөргө кайтат. Биз силерге Аллахты эскертсек да жамандыкка жоруйсуңарбы?! Силер каапырлыкта жана күнөө кылууда анык эле чектен чыккан коомсуңар».","Ошондо шаардан алыс жерден бир адам эли элчилерди жалганга чыгарып коюшпасын, аларды өлтүрүп же зыян берип коркутушпасын деп алар үчүн коркуп шашып-бушуп келип мындай деди: «Оо, элим! Бул элчилер алып келген нерсеге ээрчигиле.","Оо, элим! Келген нерсени жеткиргени үчүн силерден акы сурабаган адамдарга ээрчигиле! Алар Аллах тараптан силерге жеткирген нерседе туура жолду тутунгандар. Ким ушундай болсо, анда ал ээрчитүүгө татыктуу.","Ал насаатчы адам айтты: «Мени жараткан Аллахка сыйынуудан мени эмне тосуп жатат?! Силерди жараткан Аллахка сыйынуудан силерди эмне тосуп жатат?! Силер сыйлык же жаза алыш үчүн кайрадан тирилип Ага гана кайтасыңар.","Мен акым жок туруп мени жараткан Аллахтан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Ырайымдуу жамандыкты кааласа, мага ал кудайлардын ортомчулугу эч пайда бербейт жана алар мага пайда да, зыян да келтире алышпайт. Ошондой эле мен каапырлыкта өлгөн болсом, Аллах мага каалаган жамандыктан мени куткара алышпайт.","Эгерде мен Аллахтан башкаларды кудай кылып алсам, анда мен анык жаңылган болом. Анткени мен сыйынууга татыктууну таштап, сыйынууга татыктуу эмеске сыйындым.","Оо, элим! Чындыгында мен өзүмдүн жана силердин жалпы Раббибизге ыйман келтирдим, эми мени уккула, мен силердин өлтүрөм деп коркутканыңарга көңүл да бурбайм». Ошондо аны эли өлтүрүп коюшат. Анан Аллах аны бейишке киргизди.","Ал шейит болгондон кийин ага сый көргөзүлүп: «Бейишке кир!» – деп айтылды. Ал бейишке кирип, андагы жыргалчылыкты көргөндө өзүнчө кыялдана: «Аттиң, мени жалганга чыгарган, мени өлтүргөн элим күнөөлөрүмдү кечирилгенин жана Раббим мага кандай сый-урмат көргөзгөнүн билишсе кана, алар мага окшоп ыйман келтирип, мага берилгендей сыйлыкка жетишсе кана!».","Ал шейит болгондон кийин ага сый көргөзүлүп: «Бейишке кир!» – деп айтылды. Ал бейишке кирип, андагы жыргалчылыкты көргөндө өзүнчө кыялдана: «Аттиң, мени жалганга чыгарган, мени өлтүргөн элим күнөөлөрүмдү кечирилгенин жана Раббим мага кандай сый-урмат көргөзгөнүн билишсе кана, алар мага окшоп ыйман келтирип, мага берилгендей сыйлыкка жетишсе кана!»."]