["Анын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз.","(Себеби): Бир гана ач айкырык болду! Анан ..., бардыгы (өлүп, кыйрап) тынып калышты.[1]###[1] Аллах каапыр коомдон өч алуу үчүн сандаган асман периштелерин жибербей, бир гана үнү катуу периште жиберди. Ал периште каапыр коомдун үстүнө келип катуу чыңырды эле..., бардыгынын жүрөгү жарылып, күйүп бүткөн отундун күлү сыяктуу кыйрап тынышты.","Кайран гана пенделер! (Айып өздөрүндө!) Аларга бир пайгамбар келсе эле (дароо) шылдыңдай башташат.","Көрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейт!","Албетте, алардын (кыйрагандардын) бардыгы (кыяматта) Биздин алдыбызда (суроо-жооп үчүн) даяр турушат.","Аларга (кудуретибизден дагы бир) белги – өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышат.","Жана Биз жерде курмалардан, жүзүмдөрдөн бак-бостондорду жараттык. Жана анын боорун жарып, булактарды чыгардык,","ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эми?!","Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллах – Аруу,Таза!","Аларга (дагы бир) белги – түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышат.","(Дагы бир белги –) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул – Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы.","Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз.","Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.[1] Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт.###[1] Күн менен Ай, түн менен күндүз тээ Кыяматка чейин бири-бирин кубалаганы-кубалаган. Мезгилдердин алмашканы ошондон, түн менен күндүн алмашканы ошондон.","Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз.","Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердик.[1]###[1] Бул аят дагы Аллах тааланын моожизасы, келечектен кабар бергени. Анткени, араб мушриктери Нухтун кемесинен башкача кеме болушун билген эмес. Жаңы типтеги буу кемелерин, атом энергиясы менен жүрө тургандарын, аба мейкиндигинде сүзө тургандарын Аллах кийинки замандарда жаратып берди.","Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт.","(Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүн.","Эгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт.)","Аларга Раббилеринин аят-белгилеринен бири келсе, андан да жүз бурушат.","Эгер аларга: «Аллах ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла» – деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!» – дешет.[1]###[1] Бул сөздөрү менен алар момундарды «Ырыскы Аллахтан» деген ишенимин шылдыңдашууда.","Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (кыямат) качан келет?»","Алар (эч нерседен бейкапар) өз-ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.[1]###[1] Аларга насаат пайда бербеди. Эми, азап берүүчү периште келип катуу ач айкырык менен өлтүрүп кетиши же болбосо, Исрафил периштенин ач айкырык сыяктуу үн чыгара турган кернейин биринчи ирет тартканда баардык адамдардын катарында өлүүлөрү гана калды.","(Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт.","Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббилерине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат.","(Жана) айтышат: «Оо, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! Пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»","Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышат.","Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза (же) сыйлык аласыңар.","Ал Күнү бейиш элдери кубаныч менен гана алек.","Жубайлары менен көлөкөнүн астына коюлган сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат.","Ал жерде алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар.","Ырайымдуу Раббилери тарабынан «Cалам» деген сөз (айтылат).","Эй, күнөөкөрлөр! Бул күндө силер (жакшылардан) бөлүнгүлө!","Оо, Адам урпактары! Мен силерге: «Шайтанга ибадат кылбагыла! Ал силерге анык душман!","Өзүмө гана ибадат кылгыла! Туура жол – ушул!» деп буюрбадым беле?!","Ал силерден көп муундарды азгырып жиберди го! Акылыңарды иштетпейт белеңер?!","Силерге убада кылынган тозок – ушул!","Каапыр болгонуңар себептүү бүгүн ага киргиле!»","Ал күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет.","Жана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми!","Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат.","Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейби?![1]###[1] Картайганда Адам баласынын бардык түзүлүшү: дене-түзүлүшү, акыл-эси, ой тутуму, бардыгы начарлайт. Эгер жаштык, курчтук мезгилде акылдарын иштетип, туура жолду таап албаса, картайганда Акыйкатка кайтуу оор болот.","Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Куран![1]###[1] Акындар көбүнчө туруксуз, апыртма, сөздүн кооздугу үчүн жалгандарды сүйлөгөн кишилер болот. Ырлардын көбү жалгандан куралат. Акыйкатка дал келбейт. Ал эми, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өмүрүндө жалган сүйлөп көргөн эмес. Аны акын, Куранды ыр дегендер жаңылышат.","Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү).","Алар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердик.","Жана аларга ал(айбанд)арды моюн сундуруп бердик. Алардан арасынан мингендери бар, этин жегендери бар…","Жана аларда пайдалар (айран, сүт сыяктуу) ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?! (Шүгүр кылмак кайда! Кайра, ошол нерселерди Аллах эмес, арбактар, бут-статуялар жаратып бергенсип)","Аллахтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо кана!","(«Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес.[1] (Бирок ошого карабай…) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет).###[1] Алар турмак өздөрүнө да жардам бере албайт! Башына куштар, чымындар «отуруп» койсо, ошолорду айдаганга жарабаган «кудай» кантип буларга жардам берсин.","(Оо, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз.","Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди.","Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Чирип кеткен сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?» – деп, Бизге (каршы) мисал келтирет!","Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет.","Ал силерге көк (жана ным) дарактан от(ун) жасап берген. Силер аны жагып жатасыңар.","Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү.","Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат.","Бардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллах (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!","Сап тартып турган периштелерге ант!","(Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант!","(Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант!","Силердин кудайыңар чынында Жалгыз!","(Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси!","Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук.","Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык.","Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.[1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.###[1] Асмандарда эң жогорку жамаат-периштелер жамааты бар. Алардын арасында Аллах билдирген жана буюрган келечек кабарлары жөнүндө өз-ара сөз болушу табигый. Ал эми, жер бетиндеги жин-шайтандар кээ бир таза эмес адамдар менен байланыш түзүп, аларга келечек кабарларын билдирип турууну убада берет. Ал адамдар - палчылар, көзү ачыктар, бакшылар. Ошентип, бир бакшы-көзү ачык менен байланыш түзгөн жин-шайтандар жогорку асмандардагы жогорку жамааттын сөздөрүн уурдоо үчүн жогорку асманды аңдып, сагалашат. Бирок, «Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт».","(Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар.","Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет).","Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз.","Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат.","Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт.","Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат.","Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет.","(Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби?","Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» – дешет.","Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер).","Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»","Жана: «Оо, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат:)","«Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»","«Залим (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула!","Аллахтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла!","Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.[1] Алардан суралат:###[1] Жакшылардан ажыратылган жамандар жөнүндө ушундай өкүм кылынат.","«Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!».[1]###[1] Мушриктердин сыйынган «кудайлары», аларга сыйынууга үгүттөгөн жол башчылары көптүн бири катары кор болуп, дүйнөдөгү «пенделерине» жардам бере албай турат. Ошондо аларга ушундай добуш угулат.","Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар!","(Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат.","(Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурлагансыңар)»","(Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар.","Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер.","Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз.","Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек».","Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат.","Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз!","(Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен.","Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу).","Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган![1]###[1] Мурунку пайгамбарлар эмнени алып келген болсо Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дагы дал ошол акыйкатты-тавхид акыйкатын алып келди. Ал жөнүндө Иса, Муса пайгамбарлар алдын ала кабар беришкен. Анын пайгамбар болушу ошол кабарларды тастыктоо болду. Анан дагы, ал мурунку пайгамбарлар жөнүндө эң туура Куран кабарларын алып келип, алардын чыныгы пайгамбар болгонун анык далилдер менен тастыктады.","(Оо, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар!","Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар!","Ал эми Аллахтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери...,","Аларга белгиленген ырыскылар бар.","Мөмө-жемиштер..., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда,","Эң жакшы (нээматтуу) бейиштерде,","(Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат).","Аларга (бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат.","Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу,","Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт.","Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң-көз сулуулар бар.","Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу!","(Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт.","Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле.","Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы?","Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?» – деген. (Бейиши Адам шериктерине:)","«Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди.","Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди:)","«Аллахка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң!","Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын!","Биз өлбөптүрбүзбү?[1]###[1] Экинчи өмүр менен жашаганыбызды көрбөй жатасыңбы?","Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык?","Албетте, бул чоң жеңиш.","Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»","(Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы?[1]###[1] Бул дарак тикенектүү жана уудан да ачуу! Тозоктогулар курсагы ачканда, ошол дарактан башка тамак таба албайт жана ачуусуна карабай тоюп-тоюп жеп алышат. Анан ичи, оозу күйүп, аябай суусап кыйналышат. Суу жок эмес, бар. Бирок, ал кайнак суу!","Биз аны залымдарга сыноо[1] болушу үчүн жараттык.###[1] Мухаммад пайгамбар Мекке мушриктерине «Тозокто Заккум деген дарак бар» дегенде, алар: «Эй, келесоо! Тозокто да дарак өсөт бекен!» деп, шылдыңдашкан. Эгер ишенишкенде, сыноодон өтүшмөк.","Ал–тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак.","Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт.","Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет.","Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет![1]###[1] Заккумдан жеп суусаганда кайнак суу ичирилди! Уу үстүнө уу! Бирок, алар өлбөйт. Өлгөндөн бетер азапка кабылышат. Өлсө азаптан кутулуп кетпейби…","Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат!","Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллахтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле.","Ошолордун изинен чуркап кетишти.","Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен.","Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек.[1]###[1] Бирок, алар «Ата-бабамдын жолу – ушул» деп, өздөрүнүн ойлорунан чыгарган азгырык жолдорду пайгамбардын жолунан абзел көрүштү. Анан Аллах таала бул эскертилген, бирок моюн сунбаган элдердин башына ар түрдүү балээлерди жиберип, жер бетинен шыпырып таштады!","Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун!","Ал эми, Аллахка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок.","(Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз.","Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын)[1] чоң балээден куткардык.###[1] Себеби, баласы ыйманга келбеген болчу.","Жана анын урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык.","Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык.","Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун!","Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз.","Ал Биздин момун пенделерибизден болчу.","Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.","Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (ыймандуу пенделерден) эле.","Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди.","(Жана) атасы жана коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар?!","Аллахтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы?!","Ааламдардын Раббиси (Аллах) жөнүндө кандай ойлойсуңар? (Күндөрдүн биринде чоң элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал:)","Жылдыздарга бир карап алып:","«Мен ооруп турам» – деди.","Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти.","Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»,","Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» - деди.","Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду).","(Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып:)","Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы?!","Силерди да, силердин ишиңерди[1] да Аллах жараткан!###[1] Силер тер төгүп, иштеп, жонуп жасаган мына бул «кудайыңарды».","(Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла!","Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук.[1]###[1] Ибрахимди чоң жалынга ыргытышып, аны жеңдик, кутулдук деп калышкан. Бирок, Аллахтын амалкерлиги жогору келди. Ал отко «Ибрахимге муздак жана зыянсыз бол!» деп буйрук берди. От дагы Аллахтын бир пендеси. Буйрукка моюн сунду. Ибрахим оттун ичинен аман-эсен чыгып келип, бул кежирленген, таш боор элден, каапыр атадан түңүлүп, баш алып кетүүнү каалады.","(Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени туура жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды:)","«Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!».","Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик.","Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «Оо, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атакем, – деди ал, – буюрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз».","Экөөсү (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда…","«Оо, Ибрахим! – деп добуш кылдык.","Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз».","Чынында, бул анык сыноо болгон.","Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик.[1]###[1] Ал курмандыктын «улук» деп аталганынын себеби, аны улук пайгамбар, улук баласынын ордуна курман чалды. Ал «улук курмандык» Аллах бейиштен жиберген кочкор эле.","Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.","Ибрахимге (Аллахтын) салам(ы) болсун!","Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.","Чынында, ал Биздин ыймандуу пенделерибизден болгон.","Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири.","Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылган(дар) да чыкты.","Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык.","Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык.","Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту.","Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип,","Туура жолго баштадык.","Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.","Муса менен Харунга салам болсун!","Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.","Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден.","Иляс дагы пайгамбарлардан эле.[1]###[1] Иляс пайгамбар Шам жериндеги бир элге жиберилген. Анын коому «Баьл» деген чоң бутка сыйынган.","Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!","Эң мыкты Жаратуучуну (Аллахты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы?!","Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллах эле го?!»","Бирок, коому аны жалганга чыгарды. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту.","Ал эми, Аллахтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес).","Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.","Иляска (Аллахтан) салам болсун!","Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.","Ал Биздин ыймандуу пенделерибиздин бири.","Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле.","Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш балээсинен) куткарганбыз.","Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон).","Анан Биз башкаларды кыйраттык.","(Эй, Мекке мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөр го, эрте менен","жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!","Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири.","Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду.[1]###[1] Бирок, жолдо добул туруп, кеме чайпалып баштаганда кемедегилер чучукулак тартышып, кимге түшсө, аны ыргытууга макулдашышат.","Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды.","Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди.","Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо,","Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек.","Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле.[1]###[1] Аллах китке буюрганда, жээкке бүркүп жиберди. Юнус бир нече күн наар албай, караңгы курсакта болгондуктан, чала жан болуп, козголгонго да алы келбей сулап калды.","Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук.[1]###[1] Себеби, анын жалбырагы чоң жана ашкабак бар жерге чымын-чиркей келбейт экен.","Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек.","Анан алар (тообо кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык.","(Оо, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү?[1]###[1] Курайш мушриктери периштелерди Аллахтын кыздары, алар Аллах менен жиндердин никесинен туулган деген каапырчылык пикирде болушкан.","Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү?!","Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет:","«Аллахтын баласы бар». Алар – жеткен жалганчылар!","(Аллах) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы?!","Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар!","(Аллахтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби?!","Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Курандан башка ыйык китеп түштүбү?)","(Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор!","Алар Аллах менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет!","Аллах алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза!","Ал эми, Аллахтын жакшы амал кылган пенделери (Аллахты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт).","(Оо, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы","эч кимди адаштыра албайсыңар!","(Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар).","(Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар.","Жана биз (Аллахтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз.","Жана биз, чынында (Аллахка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалганчылыгы ашкереленет).","Алар айтышат:","«Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо...,","Биз деле мухлис (Аллахтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз».","Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат.","Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган:","«Чынында алар гана жардам берилген адамдар!","Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»","Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур!","Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат!","Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы?![1]###[1] Пайгамбарыбыздын «Шашпай тургула!» деген сөзүнө алар: «Качан келет ошол азаптуу күнүң?» деп мыскылдап жооп беришкен.","Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңы жаман (өтө караңгы) болуп калат!","Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур!","Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат!","Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза!","Пайгамбарларга салам болсун!","Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!","Сод.[1] Даңазалуу Куранга[2] ант:###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.\t[2] Курани Карим даңазалуу, туура жолго, Акыйкатка, Адилетке баштаган Китеп. Ким аны ээрчисе эки дүйнөдө бактылуу, даңазалуу болот.","Бирок, каапырлар (Куранга каршы) текеберликте жана душманчылыкта.","Биз алардан мурун (Ыйык Китепке каршы болгон) муундардын арасынан көпчүлүгүн кыйратканбыз. Анан (баштарына азап келип калганда өкүрүп-бакырып) жалбарышкан. Бирок, эми кутулуунун убактысы эмес болчу.","Өздөрүнүн ичинен аларга эскертүүчү-пайгамбар келгенине (ишенбөөчүлүк менен) таңыркап, каапыр болгон адамдар: «Бул (Мухаммад) сыйкырчы-жалганчы!","Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!» – дешти.[1]###[1] Анан каапырлардын чоңдору чогулуп, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын алдына барышып «Эмне кааласаң берели, «жалгыз кудайга сыйынуу керек» дебечи деп келишим түзмөкчү болушканда пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам андай келишимден баш тартат.","Алардын чоңдору чыгып: «Жүргүлө (кеттик) өзүңөрдүн кудайыңарга сабыр менен (бекем) тургула! Бул (жоругу менен анын бийликке жетүүсү) максат кылынган.","Биз мындайды акыркы элдерден (ата-бабаларыбыздан) уккан эмеспиз. Бул ойлоп табылган жорук.","Биздин арабыздан (адам калбагансып) Зикир-Куран ушуга түшүрүлүптүрбү?!» – (дешти). Жок! Алар Менин Зикир-Куранымдан шектенишүүдө. Балким, алар азапты татып көрбөгөн(дөн улам ушинтип жатышкандыр).","Же кудуреттүү, Берешен Раббиңдин Ырайым казыналары алардын ыктыярындабы?!","Же асмандар менен жердин жана экөөсүнүн арасындагы нерселердин падышалыгы алардын колундабы?! Анда, себептерин таап (асманга) көтөрүлүшсүн (жана, эгер колдорунан келсе Мухаммадга түшүрүлүп жаткан Аллахтын Ырайымын кыркып салышсын!)","Алар ал жер, бул жердеги (уюгушкан) топтордон турган жеңилген аскерлер.","Алардан мурун да Нухтун (каапыр) коому (Нухту), Аад элдери (Худ пайгамбарды), казыктардын кожоюну Фараон (Мусаны),","Самуд коому (Салихти), Лут коому (Лутту), бак-бостон элдери (Шуайбды) жалганчы кылышкан. Ошолор дагы уюшкан топтор эле.","Бардыгы пайгамбарларды «жалганчы» дешкен убакта Менин азабым (аларга) хакк (ылайык) болду.","Булар (Мекке каапырлары) эч кайтарып болбой турган бир гана ач айкырыкты[1] гана күтүп жатышат.###[1] Кыяматтагы Исрафил периште тарткан кернейдин үнүн.","Жана алар «Оо, Рабби бизге өзүбүздүн (азаптан турган) тиешебизди Эсеп Күндөн мурун эле тездетип бере бер» - дешти.[1]###[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам аларга эсеп күнүндөгү жазаны эскертсе «Кудайың азыр эле бере бербейби» дешип мыскылдашты.","Алардын сөздөрүнө сабыр кыл жана күч-кубаттуу пендебиз Даудду эсте. Ал (Аллахка) өтө берилген пенде болчу.","Биз ага, аны менен бирге эртели-кеч тасбих айта турган тоолорду моюн сундурдук.","Жана топ-топ куштарды да (моюн сундурдук. Бардыгы (тоо-таш жана куштар) ага моюн сунган эле.[1]###[1] Дауддун добушу өтө жагымдуу, мейин, угумдуу болгондуктан ал Забур аяттарын мукамдуу созолонтуп киргенде, тоо-таштар, куштар берилип, аны менен кошулуп Аллахка тасбих айтышкан.","Жана Биз анын мүлк-бийлигин бекем кылдык, Хикмат (даанышмандык) жана өтүмдүү (өкүмдүү) Сөз бердик.","Сага (оо, Мухаммад), талашкан адамдардын кабары келди беле? Ошондо, алар (эки маселе талашкан адам ибадатканадагы) мээрапка дубал ашып,","капыстан Даудга кирип келгенде, алардан коркуп кетти. «Коркпогун – дешти алар-биз бири экинчисине зулумдук кылган талашуучулар болобуз. Биздин ортобузда акыйкат менен өкүм кыл. Зулумдук кылба! Жана бизди туура жолго башта!»","«Бул менин өз бурадарым (деди бирөөсү), анын токсон тогуз соолук коюу бар. Менин коюм бирөө гана. Анан бул: «Муну да мага бер» – деп (алып койду) жана сөздө мени жеңип алды».","(Дауд муну угар замат шашылып): «Сенин (бир) коюңду сурап (өзүнүн койлоруна кошуп) алуу менен сага зулум кылыптыр! Нечендеген достор бири-бирине зулум кылышат. Бир гана ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар (андай эмес). Алар өтө сейрек» деди. (Ошондо) Дауд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы Раббисинен кечирим сурап,[1] рукуу, тообо кылган абалда (сажда кылып) боюн жерге таштады.###[1] Аллах таала Куранда Дауддун кайсы күнөөсүн билдирип коюуу үчүн бул сыноону уюштурганын айткан эмес. Бул жерде үлгү алчу анын нерсе дароо кечирим сурап, тообо кылганы.Пайгамбарлар дин ишин жеткирүүдө күнөөлөрдөн корголгон (маъсуум). Ал эми, унутчаактык, кээ бирде бир нерсеге берилип калуу сыяктуу адамдык табигый касиеттер аларга жат эмес болчу.","Биз ал үчүн бул (күнөө) ишти кечирдик. Чынында, Бизди алдыбызга ага ынактык-жакындык жана жакшы акыбет бар.","О, Дауд! Биз сени жер бетинде (Өзүбүздөн) халифа-орунбасар кылдык. Эми, адамдар арасында акыйкаттык менен өкүм жүргүз. Жана напсиңдин каалоолоруна ээрчибе – Аллахтын жолунан адаштырып жиберет. Ал эми, Аллахтын жолунан адашкандарга унуткандары себептүү Эсеп Күнүндө катуу азап бар.","Биз асман менен жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратпадык. Бул – каапырлардын ойлогону. Каапырларга тозоктогу «увайл» азабы болсун!","Же биз ыйман келтирип, салих амал кылгандарды жер бетинде бузукулук кылуучулар менен тең кылат бекенбиз?! Же болбосо такыба кишилерди ыпыластар менен тең кылат бекенбиз?!","Биз сага бул берекеттүү (Куран) Китепти анын аяттарын акылдуу адамдар түшүнүп окушу жана (андан) акыл-насаат алышы үчүн түшүрдүк.[1]###[1] Демек, кимде-ким Куранды түшүнүп, акыл жүгүртүп, андан бир пайдалуу насаат үйрөнөйүн, жашоомо колдоноюн деп окуса, андан көп жакшылыктар, терең илим, туура жол, шыпаа, нур, адилет өкүм жана башка ушул сыяктуу көп берекелерди табат.","Жана Биз Даудга Сулайманды белек кылдык. Ал (Сулайман) абдан жакшы пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!","Бир кезде, кечке маал ага ойноктогон тулпарлар көргөзүлдү.","(Ошондо ал): \"Мен кооздукту сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн абзел көрүп каган турбаймынбы! (Күн) бетине парда тартып алыптыр\" – деди.[1]###[1] Сулайман пайгамбар тулпарларга суктанып, асыр намазынын убактысы өтүп кеткенин билбей калыптыр.","Ошол (мени алагды кылган) тулпарларды алып келгиле!» Анан (тулпарлардын) моюндары менен буттарын (кылычы менен) «сылай» баштады.[1]###[1] Бардыгын Аллахтын ыразычылыгы үчүн курман чалып таштады.","Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк жана тактысына бир денени таштап койдук. Кийин ал тообо кылды.[1]###[1] Ал – ара төрөлгөн баланын денеси. Бир күнү Сулайман «Мен бүгүн бардык аялдарыма жакындык кыламын. Алар мага эр-азамат перзенттерди төрөп берет жана мен алар менен жортуул-жихад кыламын!» дептир. Айтканындай бардык аялдарына киргени менен бирөөнүнн гана боюна бүтүп, ал дагы ара төрөлгөн экен. Сулайман ошондо гана «Аллах кааласа» деп айтпаганын эстеп тообо кылыптыр.","(Жана) айтты: «Оо, Раббим! Мени кечир! Мага менден кийин (Кыяматка чейин) эч кимге берилбей турган бийлик бер! Албетте, сен Берешен Затсың!","(Дубасын кабыл кылгандан) кийин Биз ага, анын буйругу менен каалаган тарабына шуулдап жүрө турган шамалды,","Бардык куруучу, деңизге чумкуучу жин-шайтандарды,","Жана алардан башка (азоо) жиндерди да кишенделген абалда моюн сундуруп (кызматчы кылып) бердик.","(Жана айттык:) «Биздин берешендигибиз - ушул (кааласаң) сен дагы (башкаларга) бер, (каалабасаң) бербе. (Бул боюнча) сага эсеп-кысап жок!","Чынында Биздин алдыбызда ал үчүн ынактык жана жакшы акыбет бар!","(Оо, Мухаммад, сен ушул Китепте) Биздин пендебиз Аюбду да эстегин. Бир кезде ал Раббисине: «Мага шайтан азап-машакат жеткирди!» деп жалбарды.[1]###[1] Эмнеден улам экенин жалгыз Аллах билет, бирок, шайтан анын денесине үйлөп, натыйжада жараат каптап кеткен. Дагы үй-бүлөсүнөн, мал-мүлкүнөн ажырап калуусуна да шайтан себепчи болгон.","«Бутуң менен жерди тепкиниң. Бул (сен үчүн) жууна турган жана иче турган муздак суу» (деди Аллах).[1]###[1] Аюб тепкен жеринен чыккан булак суусуна жуунганда жараатынан айыгып калды.","Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана (тээ Кыяматка чейинки) акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик.","(Оо, Аюб!) Колуңа бир боо (чыбык) ал дагы (аялыңды) ошону менен саба! Антыңды бузба![1] Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал (Аюб) эң мыкты пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!###[1] Аюб ооруп жатканда, бир жолу аялынан ачууланып: «Эгер шыпаа тапсам сага жүз таяк урамын» - деп, Аллахтын атына ант ичкен. Ал эми, шыпаа тапканда, Ырайымдуу Аллах анын ыймандуу аялына ырайым көргөзүп «Антыңды бузба. Бирок, аялыңа да зулум кылба. Жүз чыбыкты бир байлам кылып, ошону менен бир ирет чаап кой дагы антыңды аткар» - деп чечим чыгарып берди.","Сен (оо, Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин.","Биз аларды (өзгөчө бир) касиет – Акыретти эстөө менен ыкластуу кылдык.","Ырасында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан.","Жана (бул китепте) Исмаилди, Аль-Ясаъны, жана Зулкифлдерди да эстегин. Бардыгы жакшы пенделер.","Ушул – (пайгамбарлардын) баяны. Ал эми, такыбалуу кишилерге жакшы акыбет бар.","(жана) «адн» бейиштери дагы бар. Аларга (ысымы аталган пайгамбарларга) эшиктери (дайым) ачылуу.[1]###[1] Касиеттүү пенденин бир касиети – бардык адамдар аларга үйлөрүнүн жана көңүлдөрүнүн эшигин ачып коюшат.","Алар бейиште(ги сөрүлөрдө) жамбаштап жатышып, көп мөмө-жемиштерди ичимдик-суусундуктарды чакырышат.","Алардын алдында жалаң бир курактагы, (өз жубайынан башкага) көз артпаган селкилер (кызматта) болушат.","Силерге Эсеп Күнү үчүн убада кылынган нерселер – ушул.","Бул – биздин түгөнгүс ырыскыларыбыз.","Ушул (сыйлыктар такыба кишилерге арналган) Ал эми, күнөөкөрлөр үчүн жаман акыбет бар.","Алар тозокко ташталат. Ал кандай жаман орун!","(Эй, тозоктогулар!) Мына бул кайнак суу жана ириң! Анын «даамын» таткыла!","Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет:)","«Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Буларга амандык жок! Алар тозокко ташталат!»","«Өзүңөргө амандык жок! – дешет (беркилер) – бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун!","Оо, Раббибиз! Бизди бул жерге алып келгендерге тозок азабын эки эсе көбөйтүп бер!» (Алар бул дүйнөдө өздөрү жаман көргөн момундарды да тозокто көргүсү келгендиктен мындай дешет:)","«Эмне биз жаман көргөн кишилерди көрбөй жатабыз.","Же аларды шылдыңдадыкпы? Же (алар тозоко түшкөн, бирок) көзүбүз аларды көрбөй жатабы?»","Чынында, тозок элдеринин ушул жаңжалдашуусу (боло турган) акыйкат.","(Оо, Мухаммад!) Айткын: «Аныгында, мен болгону бир эскертүүчүмүн. Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар. Ал жалгыз жана (күнөөлүүлөргө) Каардуу!","Ал асмандардын, жердин жана экөөнүн ортосундагы нерселердин Раббиси! Ал Кудуреттүү (жана) Кечиримдүү!","(Мушриктерге) айт: «Бул (Куран) – Улук кабар.","Силер болсо, андан жүз буруп жатасыңар.","Жогорку асмандагы периштелердин (Адам атанын жаратылуу окуясы учурунда болгон) талашып-тартышуусу жөнүндө менде илим жок болчу.[1]###[1] Мен эч кимден, эч кандай китептен, периштелердин талашы жөнүндө окуган эмесмин. Ал окуяларды мага Аллах таала вахий (кабар) кылат.","Мен силерге эскертүүчү-пайгамбар (жана Аллахтын шариятын анык) баяндоочу болгонум үчүн гана ал илимдер мага вахий кылынууда.","Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге: «Мен ылайдан адам жасаймын.","Ага келбет берип, ичине Өз Рухумдан үйлөп (жан) киргизгенде, ага сажда кылган абалда жыгылгыла» деди.","Бардык периштелер сажда кылышты.","Бир гана Иблис текеберленип, (сажда кылбай) каапырлардан болду.","(Аллах): «Оо, Иблис, Мен Өзүмдүн эки Колум менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту?! Текеберлендиңби, же жогорку даражалуу болуп калдыңбы?!» – деди.","«Мен андан жакшымын, мени оттон, аны болсо (кайдагы чалчык) ылайдан жараткансың» – деди (Иблис).","(Аллах) айтты: «Эми сен андан (бейиштен) чык! Сен (Менин ырайымымдан) куулгансың!","Сага Кыяматка чейин Менин наалатым болсун!»","(Иблис) айтты: «Оо, Раббим! (Адамзат) кайра тирилген (Кыямат) күнүнө чейин мага (өлбөй, жашоого) мөөнөт бер?!»","(Аллах): «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң.","Белгилүү убакыттын күнүнө чейин» – деди.","(Иблис) айтты: «Сенин Кудуретиңе ант, мен алардын бардыгын азгырамын.","Алардын арасынан Сага ыклас менен ибадат кылгандарды гана азгырууга кудуретим жетпейт».","(Аллах) айтты: «Чын-чынын айтамын:","Сен жана алардын (инсандардын) арасынан сага ээрчигендер менен тозокту толтурамын!»","Айт: «Мен анын (Куранды үйрөткөнүмдүн) ордуна силерден акы сурабаймын. Мен жасалма (пайгамбар) кишилерден да эмесмин.","Бул (Куран) ааламдар үчүн зикир-эскертүүдөн башка эмес.","Анын кабарын(ын чындык экенин) бир аздан кийин (кыяматта) билип аласыңар!","Бул Китептин (Курандын) түшүшү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан.","(Оо, Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми жалгыз Аллахка гана чын ыкластан ибадат кыл!","Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!","Эгер Аллах баласы болууну каалаганда, Өзү жараткан нерселердин арасынан Өзү каалаганын тандап (бала кылып) алмак. Аллах (мындан) Аруу-Таза! Ал – Жалгыз, Жеңүүчү Аллах!","Ал асмандар менен жерди Акыйкат (даанышмандык жана максат) менен жаратты. Ал түндү күндүзгө, күндүздү түнгө оройт. Жана Ал Күн менен Айды (Өзүнө) моюн сундурду. (Күн, Ай жана башка жылдыздардын) бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин (сүзүп) жүрүшөт. Көңүл бургула! Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү.","Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратты. Кийин андан жуп-түгөйүн жасады. Жана (Аллах) силер үчүн чарба айбандарынан сегиз жупту түшүрдү.[1] Ал силерди энеңердин ичиндеги үч караңгылыктын ичинде, акырындык менен, баскычтар түрүндө жаратат. Ушул Аллах – силердин Раббиңер (Бардык) мүлк Анын колунда. Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бурулуп кетип жатасыңар?!###[1] Бул сегиз жуп кой, эчки, төө жана бодо малдын эркек-ургаачылары. Аллах булардан башка чарба айбандарын да инсаният пайдасы үчүн жараткан. Бирок, аталган сегиз жуп айбан инсан жашоосунда өзгөчө пайдалуу.","Эгер каапыр болсоңор, (билип койгула) Аллах силерден Беймуктаж. Ал пенделеринин каапыр болуп кетишине ыраазы болбойт. Ал эми (Өзүнө ыклас менен ибадат кылып) шүгүр келтирсеңер, ушуга силерден ыраазы болот. Эч бир көтөрүүчү башка бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Кийин силердин кайтууңар – Раббиңерге! Анан Ал силерге (бул дүйнөдө) жасаган ишиңердин кабарын билдирет. Чынында Ал – көкүрөктөгү сырларды Билүүчү!","Эгер инсанды бир зыян кармаса, Раббисине гана кайткан абалда дуба кылат. Кийин (Аллах) Өзү тарабынан ага нээмат (зыяндан арылуу) берсе, жаңы эле Ага дуба кылган нерсени унутуп, (өзүн жана башкаларды) азгыруу үчүн Аллахка теңдеш-шерик келтире баштайт. (Аларга) айткын: «Каапырчылыгың менен бир аз пайдаланып тур. (Бир аздан кийин Кыямат келгенде) сен тозок элдеринен болосуң!","Же болбосо, (ушул мушрик), Раббисинин ырайымынан үмүткер болуп, Акыреттен коркуп түн ичинде (намазда) турган, сажда кылган абалдагы (Аллахка) моюн сунуучу киши менен тең боло алабы? Айт: «Билимдүү адамдар менен билимсиз адамдар тең боло албайт. Чынында (Аллахты жана Акыретти) акылдуу адамдар гана эскеришет.","Менин ыймандуу пенделериме айткын: «Раббиңерден корккула! Ушул дүйнөдө жакшылык (амалдарын) жасагандар үчүн (Акыретте андан абзел) жакшылык бар. Жана Аллахтын жери кенен.[1] Ал сабыр кылуучуларга сооп-сыйлыктарын эсепсиз толуктап берет.###[1] Эгер Аллахтын Өзүнө динди (ибадатты) калыс кылууга кандайдыр күчтөр тарабынан мүмкүнчүлүк берилбей, ширк иштерге мажбурлоо болсо, анда чыныгы момун адам хижрат кылып башка журтка чыгып кетет. Аллахтын жери кенен.","Айт: «Мен Аллахтын Өзүнө динди калыс кылган абалда ибадат кылууга буюрулдум.","Жана мусулмандардын алдыңкысы болууга буюрулдум».","Айт: «Эгер мен Раббиме (ширк келтирүү менен) күнөө кылсам Улуу Күндүн азабынан коркомун!»","Айт: «Аллахтын Өзүнө гана динимди калыс кылган абалда ибадат кыламын.","(Эй, мушриктер!) Силер дагы Өзүнөн башка каалаган «кудайыңарга» ибадат кыла бергиле» Айт: «Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар! Көңүл бургула: Анык зыян тартуу – ушул!","Алар үчүн (Кыяматта) үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу «көлөкөлөр» бар. Аллах Өз пенделерин ушу менен коркутат. Оо, пенделерим! Менден гана корккула!","Ал эми, тагутка[1] ибадат кылбай, Аллахтын Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер!###[1] Аллахтан башка, мушриктер сыйынган бардык «кудайлар» «тагут» деп аталат.","Алар сөздү угуп эң мыктысын ээрчишет.[1] Алар – Аллах туура жолго баштаган кишилер. Ошолор гана акылдуу кишилер!###[1] «Эң мыкты сөз» - бул Куран.","(Оо, Мухаммад!) азап сөзү акыйкат болуп (тагдырына жазылып) калган адамды (сен туура жолго баштай алар белең?!) Сен тозоктогу адамды куткарып кала алар белең?!","А, бирок, Раббилеринен корккон адамдарга (бейиште) кабат-кабат курулган бөлмөлөр бар, алардын түбүнөн дарыялар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасына кыянат кылбайт!","Көрбөй жатасыңбы, Аллах асмандан суу түшүрүп, аны жер боорундагы булактарга жолдоп койду. Анан аны менен ар түрдүү түстөгү өсүмдүктөрдү чыгарат. Кийин (ал өсүмдүктөр) кургайт. Сен алардын саргарып калганын көрөсүң. Кийин (Аллах) аларды кургак чөпкө айлантат. Чынында бул нерседе акылдуу адамдар үчүн эскерме-сабактар бар.","Аллах көкүрөгүн Исламга ачып, (натыйжада) ал Раббисинен берилген Нур-хидаяттын үстүндө болгон адам (таш жүрөк адам менен теңби?) Аллахты эскерүүдөн жүрөктөрү таш болуп калгандарга өлүм болсун! Алар анык адашууда!","Аллах эң мыкты сөздөрдү бири-бирине окшош жана (аяттары) кайталанып келген Китеп сүрөтүндө түшүрдү. Ал Китептен (аны окугандан жана уккандан) Раббисинен корккон пенделердин терилери титирейт. Анан терилери жана жүрөктөрү Аллахты эстегенге жумшап калат. Бул Аллахтын хидаят (туура жол) бергени. Аллах Өз хидаяты менен каалаган пендесин туура жолго баштайт. Ал эми, Аллах кимди адаштырып койсо, ал үчүн туура жолго баштоочу табылбайт.","Кыямат Күнү жаман азаптан бетин калкалаган адам (Аллах Хидаят берген адамга окшойбу?) (Ошол Күнү) залымдарга «Өзүңөр жасаган (күнөө) иштерди(н азабын) таткыла!» деп айтылат.","Алардан мурунку (каапыр) адамдар дагы (динди) жалганга чыгарышкан. Анан аларга өздөрү сезбеген тараптан азап келген.","Ошентип, Аллах аларга бул дүйнө жашоосунда кордук (азабын) таттырды. Ал эми, Акырет азабы эгер билишсе, (мындан да) катуураак!","«Биз бул Куранда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Кана эми (көбүрөөк Аллахты) эстешсе».","Араб тилиндеги Куран шекилинде, эч бир катасы жок абалда (түшүрдүк). Кана эми, такыба кылышса!","Аллах бир (кул) кишини мисал келтирет: Аны талашкан көп кожоюндары бар. Дагы бир (кул) киши бир гана кожоюнга моюн сунат. Экөөсүнүн мисалы окшошпу?[1] Аллахка мактоолор болсун! Жок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт.###[1] Кожюну көп киши - бул көп кудайга ибадат кылган мушрик. Бир гана кожоюнга моюн сунган адам - бир бир Аллахка ибадат кылган ыймандуу пенде.","(Оо, Мухаммад!) Сен да өлөсүң, алар дагы өлүшөт.","Кийин силер Кыямат Күндө Раббиңердин алдында талашасыңар.[1]###[1] Бул дүйнөдө мушриктер менен момундардын талашы бүтпөйт. Жадагалса бул талаш Акыретте - Аллахтын алдында да уланат. Анан Аллах Тааланын Өзү ким адашкан, ким туура жол тапканын адилеттик менен ажырым кылып берет."]