["Аны жалганга чыгарган жана өлтүргөн элине асмандан периштелерден болгон аскер түшүрүп, аларды жок кылууга Биз муктаж эмеспиз. Кайсы бир коомду жок кылганда аларага перителерди түшүргөн эмеспиз, аларды жок кылуу Бизге өтө жеңил. Биз, алардын кыйроосу азап периштелерин түшүрүү менен эмес, асмандан келген катуу кыйкырык аркылуу болсун деп чечтик.","Анын элинин окуясы Биз аларга жиберген бир кыйкырык гана болду. Ошондо алар сулайып өлүштү, алардын эч бири калбады. Алардын мисалы жарк этип күйүп, жалп этип өчкөн оттой болду, алардын артында эч нерсе калбады.","Кыямат күнү азапты көргөндө өкүнүчкө баткан, өкүттө калган кайран гана жалганчы пенделер! Анткени дүйнөдө пайгамбар аларга Аллах тараптан кандай нерсени алып келбесин, аны сөзсүз шылдыңга алып маскаралашкан. Мына ошондуктан кыямат күнү алардын акыбети Аллах тарапка кош көңүл карагандарына өкүнүү болду.","Пайгамбарларды шылдыңдашкан жалганчылар сабак алыш үчүн алардан мурунку коомдорду көрүшпөйбү?! Алар өлүштү, эми дүйнөгө эч качан кайтып келишпейт. Алар кылган иш-аракеттерин көздөй кетишти. Жакында Аллах аларга сыйлыгын же жазасын берет.","Кыяматта бардык коомдор кайра тирилгенден кийин алардын бири да калбастан кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алыш үчүн Биздин алдыбызга келишет.","Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандарга анын чындык экендигинин аят-белгиси – бул кургап калган жер. Биз ага асмандан жамгыр жаадырып, түркүн-түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк жана адамдар жеш үчүн ар кандай дан азыктарын чыгардык. Жамгыр жаадырып, өсүмдүктөрдү чыгарып бул жерди тирилткен Зат өлүктөрдү да кайра тирилтүүгө кудуреттүү.","Биз жамгыр жаадырган бул жерди курма жана жүзүм бакчаларына айланттык жана аларды сугарууга булактарды чыгардык.","Аллах адамдарга берген ал бакчалардын мөмө-жемиштеринен алар жешсин деп. Бул нерселер алардын аракети менен болгон жок. Эми алар бул жакшылыктарга шүгүр кылуу үчүн жалгыз Аллахка ибадаттарды кылышпайбы, Анын пайгамбарларына ыйман келтиришпейби?!","Түрлүү-түрлүү өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды өстүргөн, адамдардын өздөрүнөн эркектер менен аялдарды жараткан жана ошондой эле кургактык менен деңизде адамдар билбеген Аллахтын башка макулуктарын жараткан Аллах аруу жана ыйык.","Адамдарга Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – Биз күндүз менен кошо жарыкты кетиребиз, күндүздү түндөн ажыратып түндү келтиребиз жана күндүз бүткөндөн кийин караңгылыкты алып келебиз. Ошондо адамдар карыңгылыкка киришет.","Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Күн. Ал Аллах Өзү билген чектен ашып кетпестен, өз ордунда сүзүп жүрөт. Бул Кудуреттүүнүн белгилеп койгон тагдыры. Аны эч ким жеңе албайт. Ал Билүүчү, Ага макулуктардын эч бир нерсеси жашыруун эмес.","Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Ай. Биз ар бир түнгө анын өз ордун белгилеп койгонбуз. Ал кичине болуп башталып, улам чоңоё берет, кийин кайра кичирейип баштайт. Ал ичкелигинде, ийилчектигинде, саргычтыгында жана эскилигинде кудум ийилип жок болуп бара жаткан курманын шагы сымал.","Күн, Ай жана түн менен күндүздүн белгилери Аллахтын тагдыры менен белгиленген. Алар белгиленген чектен ашып кетишпейт. Күн Айдын жолун өзгөртүп же анын нурун кетирип, Ага кошулуп кетпейт. Ошондой эле түн дагы күндүздөн ашып кетпейт, анын убактысы бүтө электе эле кирип келбейт. Планеталар, орбиталар ж.б. сыяктуу Аллахтын тагдыры жана коргоосу менен моюн сундурулган бул макулуктардын ар биринин жеке өзүнө тийиштүү жолдору бар.","Ошондой эле аларга Аллахтын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз Нухтун заманында топон суудан аман калган Адамдын кээ бир урпактарын Аллахтын макулуктары менен толгон кемеге түшүрдүк. Аллах ага ар бир түркүмдөн бирден жупту түшүрдү.","Дагы аларга Анын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз алар үчүн Нухтун кемеси сыяктуу унааларды жараттык.","Эгерде Биз аларды чөктүрүүнү кааласак, чөктүрүп жибермекпиз. Эгер Биз алардын чөгүшүн каалаганда, аларга эч ким жардам бере алмак эмес. Эгер алар Биздин буйругубуз жана чечимибиз менен чөгүшкөндө, аларды эч ким куткара алмак эмес.","Бирок Биз аларды чөгүүдөн куткарып жана алар өтүп кете албагандай белгилүү бир мөөнөткө чейин жашоодон пайдалануулары үчүн аларды кайра кайтарсак, балким ошондо алар сабак алышып ыйман келтирет чыгар.","Эгерде ыймандан жүз бурган мушриктерге: «Аллахтын силерге кылган ырайымын үмүт кылуу менен алдыңардагы акыреттен жана анын азаптарынан сактангыла жана артта калуучу дүйнөдөн сактагыла!» – деп айтылса, алар баш ийишпейт.","Качан ал баш ийбестик кылган мушриктерге Аллахтын жалгыздыгына жана Ал Өзү гана сыйынууна татыктуу экендигине далил болгон аят-белгилер келсе, алар андан сабак албастан туруп жүз бурушат.","Эгер ал баш ийбестерге: «Аллах силерге ырыскы кылган мал-мүлктөн кедей-кембагалдарга да жардам бергиле!» – деп айтылса, ыймандууларды беттен алып мындай дешет: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган адамдарды биз тамактандырмак белек?! Биз анын каалоосуна каршы чыкпайбыз. Эй, момундар! Силер акыйкаттан алыстап, анык эле адашып жатасыңар».","Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес деп четке каккан каапырлар айтышат: «Эй, момундар! Силер кайра тирилүү анык болот деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор айткылачы, ал качан болот экен?».","Кайра тирилүүнү мүмкүн эмес деп жалганга чыгаргандар сурнайдын биринчи тартылышын гана күтүп жатышат. Бул катуу кыйкырык алар соода-сатык, сугатчылык, чарбачылык ж.б. башка дүйнө иштери менен алек болуп жатышканда капыстан келет.","Бул кыйкырык аларга күтүүсүз келгенде алар бири-бирине осуят кылганга да жетишпей калат, өз үйлөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпай калат. Алар ошол иштеп жаткан жерлеринде жан беришет.","Кайра тирилүүгө экинчи жолу сурнай тартылганда, алардын баарысы сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Раббисине карай шашылып кабырларынан чыгышат.","Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган каапырлар өкүнгөн абалда: «Шорубуз кургур ай! Бизди ким кабырдан тирилтип чыгарды?» – дегенде, аларга жооп берилет: «Бул Аллахтын берген убадасы. Чындыгында ал сөзсүз ишке ашат. Пайгамбарлар да Раббиси тараптан жеткирген бул нерседе чындыкты айтышкан».","Кабырлардан кайра тирилип чыгуу кернейди бир жолу үйлөгөндө эле болот. Ошондо кыямат күнү сурак бериш үчүн бардык макулуктар Биздин алдыбызга келишет.","Ал күндө адилеттик менен өкүм кылынат. Эй, пенделер! Ошондо силерге күнөөлөрүңөр көбөйтүлүп же соопторуңардан кемитилип зулумдук кылынбайт. Чындыгында силер дүйнө жашоосунда кылган иштериңердин сыйлыгын же жазасын толук түрдө аласыңар.","Кыямат күнү бейиш ээлери түбөлүк жыргалчылыкты жана улуу жеңишти көрүшкөндө башкаларды ойлонбой калышат. Алар кубанычта ошону гана ойлонуп калышат.","Алар жана алардын жубайлары бейиш көлөкөлөрүндө сөрүлөрдүн үстүндө жыргалчылыкта болушат.","Ал бейиште алар үчүн жүзүм, анжир, анар сыяктуу мөмө-жемиштер болот. Ошондой эле алар ырахаттын жана жыргалчылыктын кандай түрүн сурашпасын, ал нерселер аларга берилет.","Алар үчүн бул жакшылыктардан да өткөн жакшылык – аларга Ырайымдуу Раббиси тараптан айтылган салам болот. Эгерде Ал аларга салам айтса, алар бүт тараптан саламатта болушат жана эң жогорку деңгээлдеги саламдашууга жеткен болушат.","Кыямат күнү мушриктерге айтылат: «Ыймандуулардан бөлүнгүлө! Алар силер менен болууга ылайыктуу эмес. Анткени силердин жазаңар менен аларды сыйлыгы, силердин сыпаттарыңар менен алардын сыпаттары ар башка».","Мен силерге пайгамбарларымдын тили менен осуят кылып жана буйруп мындай деп айткан элем го: «Эй, адам баласы! Каапырлыктын жана күнөөлөрдүн түр-түрүн кылып шайтанга баш ийбегиле! Чындыгында шайтан силерге анык душман. Акылы бар адам ага душмандыгын ачык эле көргөзгөн душманына кантип эле баш ийсин?!","Эй, адам баласы! Силерди Мага гана ибадат кылгыла жана Мага эч нерсени шерик кылбагыла деп буйрудум! Жалгыз Мага ибадат кылуу жана баш ийүү – Менин ыраазылыгыма жана бейишке алып барган туура жол. Бирок, силер Менин осуятымды жана буйругумду аткарбадыңар.","Шайтан силерден көптөгөн адамдарды адаштырды. Силерди Раббиңерге баш ийүүгө, жалгыз Ага сыйынууга буйругандай жана силерге ачык эле душмандык кылган шайтанга моюн сунуудан эскерткендей да акылыңар жокпу?!","Мына бул каапырлыгыңар үчүн дүйнөдө убада кылынган тозок. Ал силерге көрүнгөн эмес. Бүгүн болсо аны өз көзүңөр менен көрүп турасыңар.","Бүгүн ал жакка киргиле! Дүйнө жашоосунда Аллахка каапырлык кылганыңар себептүү анын жалындуу ысыгын таткыла!».","Бүгүн Биз алардын ооздоруна мөөр басабыз, алар каапырлыктарын жана күнөөлөрүн четке кагып сүйлөй албай дудук болуп калышат. Бизге алардын кылган иштерин колдору айтып беришет жана алар басып барып кылган күнөөлөрүнө буттары күбө болушат.","Эгер Биз алардын көздөрүн сокур кылып коюуну кааласак, аларды көр кылып коймокпуз, анан алар көрө албай калышмак. Кийин алар Сыраттан бейишке өтүш үчүн жарышышат. Алардын көзү көрбөсө, алар андан кантип өтүшмөк эле?!","Эгерде Биз алардын дене түзүлүшүн өзгөртүүнү жана аларды буттарына отургузуп коюуну кааласак, анда Биз алардын дене түзүлүшүн өзгөртмөкпүз жана аларды буттарына отургузуп коймокпуз. Анан алар ордунан жыла албай калышат жана алдыга да, артка да кете албай калышат.","Биз жашоодо адамдардын кимисинин өмүрүн узун кылсак, аны алсыз куракка кайтарабыз. Алар акыл жүгүртүшпөйбү жана түбөлүк кала турган жай бул дүйнө эмес, акырет экенин аңдап түшүнүшпөйбү?!","Биз Мухаммадга ыр үйрөткөн жокпуз. Бул ага ылайык келбейт. Анткени ал анын табиятында жок жана силердин аны акын деген сөзүңөр туура болгудай табияты аны талап да кылбайт. Биз ага үйрөткөн нерсе ойлонгон адам үчүн ачык-айкын эскертме жана Куран.","Мындан пайда алган жүрөгү тирүү, акылы тунук адамдарга эскертүү үчүн жана каапырларга азапты түшүрүш үчүн. Анткени аларга анын келиши жана дааваттын жетиши менен далил коюлду. Эми алар эч кандай шылтоо айта алышпайт.","Алар көрүшпөйбү, Биз алар үчүн үй жаныбарларын жаратып, алар ал үй жаныбарларына ээлик кылышат, аларды өз кызыкчылыктарына жараша пайдаланышат.","Жана Биз аларды моюн сундуруп, аларга баш ийе турган кылдык. Алардын кээ бирлерин минишет, аларга жүктөрүн артышат жана кээ бирлеринин эттерин жешет.","Жана аларды мингенден жана эттерин жегенден башка дагы пайдалары бар, мисалы, жүндөрү, тыбыттары, кылдары жана майлары. Алардан төшөктөрдү жана кийимдерди тигишет. Ошондой эле алардын сүттөрүн суусундук катары ичишет. Эми алар Аллахтын аларга берген ушундай жакшылыктары үчүн Ага шүгүр кылышпайбы?","Мушриктер Аллахтан башкаларга сыйынып, аларды Анын азабынан куткарууга жардам берет деген үмүттө кудай тутуп алышты.","Алардын кудайлары өздөрүнө да, Аллахты таштап аларга сыйынгандарга да жардам бере алышпайт. Алар жана алардын айкелдеринин баарысы азапка алынып келинет, алардын ар бири бири-биринен баш тартышат.","Оо, пайгамбар! Алардын «сен пайгамбар эмессиң» же «сен акынсың» деген сыяктуу сөздөрү жана башка жалган жалаалары сени капалантпасын. Чындыгында Биз алардын бул тууралуу жашыргандарын да, ачык айткандарын да билебиз. Бизге алардын эч бири жашыруун эмес. Жакында Биз аларга анын сыйлыгын же жазасын беребиз.","Өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү четке каккан инсан ойлонбойбу, Биз аны бел суудан жараттык, кийин ал төрөлгөнгө чейин бир нече баскычтардан өттү жана тарбияланды. Кийин ал көп талашып тартышканга өттү. Ал муну кайра тирилүү мүмкүн экендигине далил катары көрбөйбү?!","Бул каапыр унутту жана наадандык кылды, чириген сөөктү кайра тирилүүнүн мүмкүн эмес экендигине далил кылып: «Муну ким кайра тирилте алат?» – деди. Ал өзүнүн жоктон жаралганын көргөн эмес.","Оо, Мухаммад! Ага жооп бер: «Бул чириген сөөктөрдү аны баштапкы жолу жараткан Аллах тирилтет. Аны баштапкы жолу жараткан Зат аны кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү. Ал бардык жаратылгандарды Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес».","Оо, адамдар! Ал силерге көк жана суу дарактан отту пайда кылып, силер андан от тутандырып жатасыңар. Көк жана суу дарак менен жалындаган от сыяктуу эки карама-каршылыкты бириктирген Зат өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү.","Асмандар менен Жерди жана алардын ортосундагы эбегейсиз чоң нерселерди жараткан Зат өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?! Албетте, Ал ага кудуреттүү! Ал бүткүл макулуктарды жараткан Жаратуучу, аларды Билүүчү.","Чындыгында Аллахтын иши, эгер Ал бир нерсени жаратууну кааласа, анда «бол!» деп гана айтат, Анын каалаган нерсеси ошол замат ишке ашат. Бул нерсеге Анын жан салууга, өлтүрүүгө жана кайра тирилтүүгө ж.б. каалоолору да кирет.","Аллах мушриктердин Ага алсыздыкты таңуулап жаткандарынан аруу жана ыйык. Бүткүл нерселердин бийлиги Ага гана таандык. Ал аларды Өзү каалагандай башкарат. Бардык нерселердин ачкысы Анын гана колунда. Силер акыретте жалгыз Ага гана кайтып барасыңар. Ошондо Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.","Ал ибадаттарында сап-сап болуп тизилип турган периштелер менен ант берди.","Ал булуттарды айдаган жана Аллах анын түшүүсүн каалаган жерге чейин алып барган периштелер менен ант берди.","Аллахтын сөзүн окуган периштелер менен ант берди.","Оо, адамдар! Чындыгында силердин чыныгы кудайыңар Жалгыз, Анын шериги жок, Ал – Аллах.","Ал асмандардын Раббиси, Жердин Раббиси жана алардын ортосундагылардын Раббиси. Ошондой эле Ал жыл бою чыккан жана баткан Күндүн Раббиси.","Чындыгында Биз Жерге жакын асманды кооз зыйнат болгон жыздыздар менен кооздоп койдук. Аларды бир караганда жаркыраган асыл таштардай көрүнөт.","Жана Биз дүйнө асманын баш ийбес бардык шайтандарга атылган жылдыздар менен сактап койдук.","Ал шайтандар асмандагы периштелерге Раббиси тараптан вахий кылынган шарияты жана тагдыры тууралуу сөздөрүн уга алышпайт. Аларга бүт тараптан кызыган чок жылдыздар атылат.","Аларды угуудан кууп алыстатыш үчүн! Алар үчүн акыретте түбөлүк кыйноочу азап бар.","Бирок шайтандардан кимиси периштелердин ортосунда болгон жер бетиндеги адамдарга илими жете элек нерсе тууралуу бир эле сөздү кулак чалып калса, анда аны жалындаган чок жылдыз кууп жетип күйгүзүп салат. Балким ал уккан сөзүн аны чок жылдыз күйгүзүп жибергенге чейин жан-жөкөрлөрүнө айтканга үлгүрүп, ал сөз көзү ачыктарга жетиши мүмкүн. Анан алар ага кошуп жүз жалганды кошо айтышат.","Оо, Мухаммад! Кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерден сурачы: «Алар жаралыш жактан Биз жараткан асмандардан, Жерден жана периштелерден да оорбу, түзүлүшү жактан күчтүүбү, мүчөлүү жактан чоңбу?». Чындыгында Биз аларды жабышчаак ылайдан жараттык. Алар кайра тирилүүнү кантип жокко чыгарып жатышат, алар жабышчаак ылай болгон алсыз нерседен жаралышты го?","Оо, Мухаммад! Сен Аллахтын кудуретине, жараткандарынын иштерин башкаруусуна таң каласың жана кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктерге да таң каласың. Ал мушриктер кайра тирилүүнү ашыкча жалганга чыгаргандары себептүү ал тууралуу сенин айткан сөздөрүңдү мазактап күлүшөт.","Эгерде ал мушриктерге кандайдыр бир насаат айтылса, алар андан пайда алышпайт. Анткени алардын жүрөктөрү мерез болуп калган.","Эгерде аларга пайгамбардын чынчыл экендигине далил болгон анын аят-белгилеринен бир аят-белгини көрүшсө, аны аябай шылдыңдашат жана ага таң калышат.","Алар: «Мухаммад алып келген бул нерсе анык эле сыйкыр» – дешет.","Биз өлүп топуракка жана чирип үбөлөнгөн сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилебизби? Мындай болуусу мүмкүн эмес (деп ойлошот).","Бизден мурунку өткөн ата-бабаларыбыз да кайра тирилишеби?","Оо, Мухаммад! Аларга жооп бер: «Ооба. Силер топуракка жана чириген сөөктөргө айландан кийин кайра тирилесиңер жана силердин мурунку ата-бабаларыңар да тирилишет. Баарыңар кор болгон абалда тирилесиңер».","Сурнай (экинчи жолу) бир тартылганда баарысы Аллах аларга эмне кыларын күтүшүп кыяматтын коркунучтарын карап калышат.","Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер айтышты: «Шорубуз кургур ай! Бул күн Аллах пенделери дүйнө жашоосунда кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын бере турган сурак күн го!».","Ошондо аларга айтылат: «Бул күн пенделердин ортосунда өкүм кылына турган күн. Силер аны дүйнөдө четке каккансыңар жана аны жалганга чыгаргансыңар».","Ошол күнү периштелерге айтылат: «Ширк кылган залым мушриктерди, аларга окшоп ширк кылгандарды, аларды жалганда колдогондорду жана ошондой эле алар Аллахтан башка сыйынышкан айкелдерин чогулткула да, аларга тозокко карай жолду көргөзгүлө жана ал жакка айдап баргыла. Чындыгында ал алардын бара турган жайы.","Ошол күнү периштелерге айтылат: «Ширк кылган залым мушриктерди, аларга окшоп ширк кылгандарды, аларды жалганда колдогондорду жана ошондой эле алар Аллахтан башка сыйынышкан айкелдерин чогулткула да, аларга тозокко карай жолду көргөзгүлө жана ал жакка айдап баргыла. Чындыгында ал алардын бара турган жайы.","Аларды тозокко киргизерден алдын сурак берүү үчүн кармап тургула. Алар сурак беришет. Анан ошондон кийин гана аларды тозокко алып баргыла».","Аларга жеме иретинде айтылат: «Силерге эмне болду, дүйнөдө бири-бириңерди колдогондой колдобой жатасыңар, кудайларыңар силерди колдойт деп ойлочуңар эле го?».","Жок! Алар бүгүн кордолуп Аллахтын буйругуна баш ийишет. Алар алсыздыктары жана айла-амалдары түгөнгөндүгү себептүү бири-бирин колдой алышпайт.","Алар бири-бирин жемелешип, талашып-тартышат. Ал кезде жеме да, талашуу да пайда бербейт.","Ээрчигендер башчыларына айтышат: «Эй, биздин башчылар! Силер дин жана акыйкат тараптан келип, бизге каапырлыкты, ширкти жана күнөөлөрдү кооз кылып көргөзгөнсүңөр жана Аллах тараптан пайгамбарлар алып келген акыйкаттан бизди алыстаткансыңар».","Башчылар ээрчигендерге айтышат: «Бул иш силер ойлогондой эмес. Силер өзүңөр каапыр болгонсуңар, ыймандуу болгон эмессиңер. Өзүңөр четке каккансыңар».","Эй, ээрчигендер! Биз силерди мажбурлап же үстөмдүк кылып каапырлыкка, ширкке жана күнөөгө түртө тургандай бизге бийлик берилген эмес. Силер өзүңөр каапырлыкта жана ширкте чектен ашкан коом болдуңар.","Эми бизге да, силерге да Аллахтын «Мен тозокту сени жана сени ээрчигендердин баарысы менен толтурам (85-бет)» деген убадасы анык болду. Андыктан биз Раббибиз убада кылган нерсени сөзсүз тартабыз.","Биз силерди адашууга жана каапырлыкка үндөдүк. Чындыгында биз акыйкат жолдон адашкандар элек.","Чындыгында ээрчигендер да, ээрчиткендер да кыямат күнү биргеликте азапта болушат.","Чындыгында Биз аларга азапты тарттырганыбыз сыяктуу алардан башка күнөөлөрдү да ошондой кылабыз.","Эгерде ал мушриктерге дүйнөдө: «Аллахтан башка кудай жок» деп анын талабына ылайык иш-аракет кылгыла жана ага каршы келгенди таштагыла» – деп айтылса, алар акыйкатка текеберлик кылып, бой көтөрүп ага жооп берүүдөн жана моюн сунуудан баш тартышты.","Алар каапырлыктарына далил кылып: «Биз кайдагы бир жинди акындын сөзү үчүн эле кудайларыбызга сыйынганды таштамак белек?» – дешти. Алар бул бул айткан сөзү менен пайгамбарды максат кылышты.","Алардын жалаасы аша чаап кетти. Аллахтын элчиси жинди да, акын да эмес. Ал Аллахтын жалгыздыгынына жана Анын элчисин ээрчүүгө чакырган Куранды алып келди жана ошондой эле пайгамбарлардын Аллах тараптан алып келишкен Аллахты жалгыздоо жана акырет анык экендиги тууралуу нерселерде чынчыл экендиктерин тастыктады жана аларга каршы чыккан жок.","Эй, мушриктер! Силер каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү кыямат күнү кыйноочу азапты татасыңар.","Эй, мушриктер! Силер дүйнөдө Аллахка каапырлык жана күнөөлөрдү кылганыңарга жараша жазаңарды аласыңар.","Бирок Аллах аларды сыйынууда ыкластуу кылган жана алар дагы Ага ыкластуулук менен сыйынышкан Анын ыймандуу пенделери – мына ошолор азаптан кутулуучулар.","Ошол ыкластуу пенделерге өз жакшылыгы, кооздугу жана түбөлүктүүлү менен маалым болгон Аллахтын ырыскысы бар.","Алар каалаган жана жеген даамдуу мөмө-жемиштер аларга ырыскы. Буга кошумча алар даражасы көтөрүлүү жана Улуу Аллахтын Жүзүн көрүү менен да сыйланат.","Алар ушулардын баарысына эч качан бүтпөгөн туруктуу, түбөлүктүү жана жыргал бейиштерде жетишет.","Алар сөрүлөргө сүйөнүшүп бет маңдай бири-бирин карап олтурушат.","Аларга аккан суудай таза болгон шарап куюлган кеселер айлантылат.","Өңү аппак, аны ичкен адам болуп көрбөгөндөй ырахат алат.","Ал адамдын акылын кетирип мас кылган дүйнөдөгү шараптай эмес. Аны ичкен адамдын башы оорубайт, денесине жана акылына закаласы тийбейт.","Жана бейиште алардын бакыраң көздүү, абийирдүү аялдары болот, алар күйөөсүнөн башка эч кимге көз салбайт.","Алардын түсүнүн апапакайлыгы эч бир кол тийбей сакталган чымчык жумурткасынын сарысы менен болгон аралашма сымал.","Бейиштегилер бири-биринен дүйнөдөгү өткөн чагы жана кандай окуялар болгондугу тууралуу сурашат.","Ал ыймандуулардан бирөөсү айтат: «Менин бир таанышым бар эле, ал кайра тирилүүнү жокко чыгарчу.","Ал мени жактырбагандай шылдыңдап мындай деди: «Эй, чынчыл! Сен өлүктөрдүн кайра тирилерин чындык деп тастыктагандардын бирисиңби?","Биз өлүп, топуракка жана чириген сөөктөргө айлангандан кийин кайра тирилип, дүйнөдө кылган иштерибиздин жазасын же сыйлыгын алабызбы?","Анын ыймандуу жолдошу бейиштик болгон досторуна айтты: «Жүргүлө мени менен, кайра тирилүүнү жокко чыгарган жанагыл досубузду көрүп келелиби?».","Ал көз чаптырып карады. Ошондо досун тозоктун ортосунан көрдү.","Ал айтты: «Аллахка ант болсун! Эй, досум! Сен мени каапырлыкка жана кайра тирилүүнү жокко чыгарууга чакырып, аз жерден мени да кыйроого учуратып кое жаздаптырсың!","Эгер Аллах мени ыйман жолуна салып, ийгилик берип мага жакшылык кылбаганда, мени дагы сага окшоп азапка түшкөндөрдөн болмок экем».","Биз, бейиш адамдары, өлбөйт экенбиз.","Дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. Биз бейиште түбөлүк калабыз. Каапырларга окшоп азапталбайбыз».","Чындыгында Раббибиз бизди бейишке киргизип жана тозоктон сактап, ушундай сооп-сыйлыктарды бергени – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш.","Иш-аракет кылгандар ушундай улуу сыйлык үчүн аракет кылышсын. Чындыгында бул кирешелүү соода.","Аллах Өзүнүн чын ыкластан моюн сунган пенделерине даярдап койдум деген бул жакшылык артыкпы же Курандагы каргышка калган Заккум дарагы жакшыбы? Ал адамды семиртпеген жана курсагын да тойгузбаган каапырлардын тамагы.","Чындыгында Биз ал даракты каапырлык жана күнөөлөрдү кылган залымдарды азгырган сыноо кылдык. Ал айтышты: «Чынында от даракты жалмайт. Ал жакта дарак өсүшү мүмкүн эмес».","Чындыгында Заккум дарагы – эң жаман жерден өнүп чыккан дарак. Ал тозоктун түбүнөн өсүп чыгат.","Андан өнүп чыккан мөмөлөр – шайтандардын баштарына окшогон жийиркеничтүү көрүнүштө. Анын сыртынын жийиркеничтүүлүгү ичи да ошондой экенине далил болот. Бул анын мөмөсүнүн даамы жийиркеничтүү экенин билдирет.","Каапырлар ачка болгондо, анын ачуу жана жийиркеничтүү мөмөлөрүнөн курсактары тойгуча жешет.","Кийин алар аны жешкен соң аларга жийиничтүү, кайнак аралашма суусундук берилет.","Андан кийин алар тозок азабына кайтарылат. Ошентип алар азаптан-азапка өтүп жүрө беришет.","Чындыгында ал каапырлар ата-бабаларын акыйкат жолдон адашкан абалда табышып, аларды эч кандай далилсиз үлгү тутуп ээрчишкен.","Алар адашууда ата-бабаларынын изине түшүп, аларды өлүп-талып ээрчишкен.","Алардан мурунку абалкылардын көпчүлүгү да адашкан. Оо, пайгамбар! Сенин коомуң – адашкан коомдордун биринчиси эмес.","Биз ошол алгачкы коомдорго Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбарларды жибердик, бирок алар каапыр болушту.","Оо, пайгамбар! Пайгамбарлардын эскертмелерине жооп бербеген коомдордун арты кандай болгонун карабайсыңбы? Чындыгында алардын акыбети – каапырлыктары жана пайгамбарларын жалганга чагаргандыгы себептүү түбөлүк тозокко кирүү болду.","Аллахка чын ыкластан ыйман келтиргендер гана андай болгон жок. Чындыгында алар жалганчы каапырлардын акыбети болгон азаптан кутулушту.","Бир кезде Бизге пайгамбарыбыз Нух аны жалганга чыгарган коомуна каршы дуба кылып кайрылды. Биз кандай жакшы жооп берүүчүбүз! Биз анын коомуна каршы кылган дубасына жооп берүүгө шашылдык.","Биз аны, үй-бүлөсүн жана аны менен болгон ыймандууларды коомунун зыянынан жана андагы каапырларга жиберилген улуу топон сууга чөгүүдөн сактадык.","Биз анын үй-бүлөсүн менен аны ээрчигендерди гана куткардык. Ал эми алардан башка коомундагы каапырларды сууга чөктүрдүк.","Жана келечек муундарда ал тууралуу айтылган мактоо сөздөрдү калтырдык.","Келечек муундарда Нух тууралуу жаман сөздөр айтылуусунан ага саламаттык жана амандык болсун! Тескерисинче, аны эскерип айтылган жакшы сөздөр гана калат.","Биз Нухка бергендей сыйлыкты Аллахка гана сыйынып жакшылыктарды кылгандарга жана Ага моюн сунгандарга да беребиз.","Чындыгында Нух Аллахка моюн сунган ыймандуу пенделерибизден.","Кийин Биз калгандарын аларга жиберген топон сууга чөктүрдүк. Алардан эч ким калган жок.","Чындыгында Ибрахим дагы жалгыз Аллахка чакырууда анын динине туура келген абалда ээрчиген адамдардан болчу.","Эстечи, бир кезде ал Раббисине ширктен тазаланган жүрөк менен жана адамдарга Аллахты насаат кылган абалда келди.","Ошондо ал атасы менен мушрик коомун жемелеп мындай деп айтты: «Аллахтан башка эмнелерге сыйынып жатасыңар?","Аллахтан башка жалган кудайларга сыйынып жатасыңарбы?","Эй, элим! Силер ааламдардын Раббисинен башкага сыйынган абалда Ага жолуккан кезде Ал тууралуу кандай ойлойсуңар?».","Ибрахим эли менен чогу барбастын айласын издеп жылдыздарга бир карады.","Анан эли менен чогу майрамга баргысы келбей шылтоосун айтып: «Мен ооруп жатам» – деди.","Алар аны таштап кетишти.","Анан алардын Аллахтан башка сыйынган кудайларына келип, алардын шылдыңдай мындай деди: «Мушриктер силер үчүн жасаган тамак-аштардан жебейсиңерби?","Эмнеге сүйлөбөйсүңөр? Эмнеге сурагандарга жооп бербейсиңер? Аллахтан башка ушундай нерселерге сыйынган болмок беле?!».","Ибрахим жакын келип аларды оң колу менен сындыра бир чапты.","Ошондо аларга сыйынган адамдар аны көздөй далбастап келишти.","Ибрахим аларды туруктуулук менен кабыл алды. Аларды жемелеп мындай деди: «Өзүңөр чегип жасаган Аллахтан башка кудайларыңарга сыйынасыңарбы?","Аллах таала силерди жана иш-аракетиңерди жаратты. Бул айкелдериңер болсо силердин жасаган ишиңер. Аллах гана ширк кылынбастан сыйынууга татыктуу.","Качан алар ага каршы далил келтире албай калышканда күч колдонууга өтүштү. Алар Ибрахимди эмне кылуу тууралуу ич ара кеңешип мындай дешти: «Ал үчүн имарат кургула да, анын ичин отунга толтургула жана аны күйгүзүп туруп, аны ошого ыргыткыла!».","Ибрахимдин эли аны жок кылып жаныбыз жай алат деп ага жамандыкты каалашты. Бирок Биз отту салкын жана бейпил кылуубуз менен аларды жоготууга учураттык.","Ибрахим айтты: «Мен талаптагыдай сыйыныш үчүн өз эл-жеримди таштап Раббиме кетем. Раббим мени эки дүйнөдөгү жакшылыктарга жолдойт».","«Оо, Раббим! Мага такыба перзент бере көр. Ал мага жат жерде элимдин ордуна эрмек жана жөлөк болсун».","Биз анын дубасына жооп бердик жана ага бой жетип кичи пейил боло турган перзенттүү болору тууралуу сүйүнчү кабарды жеткирдик.","Исмаил бой тартып, атасы менен тең катар басып калганда атасы Ибрахим түш көрдү. Пайгамбарлардын түшү аян. Ибрахим баласына көргөн түшүн жоруп: «Балам! Мен түшүмдө сени курмандыкка чалып жатыпмын. Бул тууралуу кандай ойлойсуң?» – дегенде, Исмаил атасына мындай деди: «Атаке! Аллахтын мени курмандыкка чал деген буйругун аткарыңыз. Мени Аллахтын өкүмүнө ыраазы, сабыр кылган абалда табасыз».","Качан ал экөөсү Аллахка моюн сунган кезде Ибрахим баласын курмандыкка чалуу тууралуу буйрукту аткарыш үчүн аны бешенесинин капталына жаткырды.","Ибрахим баласын курмандыкка чал деген Аллахтын буйругун аткарууга киришкенде Биз: «Оо, Ибрахим!» – деп чакырык салдык.","Сен балаңды курмандыкка чалуу тууралуу көргөн түшүндү экиленбестен аткардың. Чындыгында Биз сени бул чоң сыноодон куткарып сыйлаганыбыз сыяктуу жакшылык кылган адамдарды да сыноолордон жана кыйынчылыктардан куткарабыз.","Акыйкатта бул анык сыноо болчу. Ибрахим андан ийгиликтүү өттү.","Биз Исмаилдин ордуна курмандыкка чалыш үчүн чоң кочкорду тартуу кылдык.","Жана келечек муундарга Ибрахим тууралуу алкыш-мактоо сөздөрдү калтырдык.","Аллахтан ага дубай салам жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун!","Биз Ибрахимге моюн сунганы үчүн ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу жакшылык кылгандарга да сыйлыктарды тартуулайбыз.","Чындыгында Ибрахим Аллахка кулчулук кылуунун талаптарын аткарган ыймандуу пенделерибизден эле.","Жана ал Аллахка моюн сунуп жалгыз баласы Исмаилди курмандыкка чалгандыгынын сыйлыгы катары Биз ага пайгамбар жана такыба пенде боло турган Исхак аттуу балалуу болорун сүйүнчүлөдүк.","Биз ага жана баласы Исхакка Өзүбүз тараптан береке түшүрдүк жана аларга көп жакшылыктарды бердик. Ал жакшылыктардан – алардын балдарынын көп болуусу. Алардын урпактарынын ичинде Раббисине моюн сунуп жакшылык кылгандары бар жана ошондой эле каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө ачык зулумдук кылгандары да бар.","Биз Муса менен анын бир тууганы Харунга пайгамбарлык бердик.","Биз аларды жана алардын коому Исраил урпактарын Фараондун кулчулугунан жана сууга чөгүүдөн сактадык.","Биз аларды Фараонго жана анын аскерине каршы колдодук. Душмандын үстүнөн жеңишке жетүү алар тарапта болду.","Жана Биз Муса менен анын бир тууганы Харунга Аллах тараптан ачык-айкын Тоорат китебин бердик.","Аларды эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салдык. Ал -– Жаратуучунун ыраазылыгына жеткирген Ислам дининин жолу.","Жана алар тууралуу келечек муунга алкыш-мактоо сөздөрдү калтырдык.","Аллахтан ал экөөсүнө дубай салам, алкыш-мактоолор жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун!","Чындыгында Биз Муса менен Харунга ушундай ардактуу сыйлыкты бергенибиз сыяктуу Раббисине моюн сунуп жакшылыктарды кылгандарга да сыйлыктарды беребиз.","Чындыгында Муса менен Харун Аллахтын шариятын аткарган ыймандуу пенделерибизден болчу.","Ошондой эле Илияс дагы Раббиси тараптан жиберилген элчилерибизден эле. Аллах ага пайгамбарчылыкты жана элчиликти тартуу кылды.","Бир кезде ал жиберилген Исраил урпактарына мындай деди: «Оо, элим! Аллахтын жалгыз Ага гана сыйынуу сыяктуу өкүм-буйруктарын аткарып, ширк сыяктуу тыюуларын таштап Андан коркпойсуңарбы?!","Аллахтан башка кудайыңар Баалга сыйынып, эң мыкты Жаратуучу Аллахка сыйынууну таштап коёсуңарбы?!","Аллах силерди жана силерден мурунку ата-бабаларыңарды жараткан Раббиңер. Андан башка пайда да, зыян да бербеген айкелдер эмес, Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу.","Аны коому жалганга чыгаргандан башка эч нерсе кылбады. Эми алар жалганга чыгарышканы себептүү азапка топтолуп келишет.","Ал эми анын коомундагы Аллахка чын ыкластан сыйынган ыймандуулар – алар азапка топтолуп келүүдөн аман калышат.","Ал эми келечек муундарга ал тууралуу алкыш-мактоо сөздөрүн калтырдык.","Аллахтан Илияска дубай саламдар жана мактоолор болсун!","Биз Илияска ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу ыймандуу пенделерибиздин жакшылык кылгандарына да сыйлыктарды беребиз.","Чындыгында Илияс Раббисине чындап ыйман келтирген чыныгы ыймандуу пенделерибизден эле.","Лут дагы өз коомдоруна куш кабарчы жана эскертүүчү болуп жиберилген Аллахтын элчилеринен эле.","Биз аны жана бүт үй-бүлөсүн коомуна жиберилген азаптан сактаган кезибизди эстечи.","Бир гана аялынан башкасын. Анткени ал аял коому сыяктуу каапыр болгону үчүн аны да азап алды.","Анан Биз аны жалганга чыгарган жана ал алып келгенге ишенбеген коомунун калгандарын кыйратып жок кылдык.","Эй, Мекке эли! Силер таң эрте Шамга карай сапарларыңарда алардын жерлеринен өтүп жатасыңар го!","Жана ал жерлерден түндөсү да өтүп жатасыңар. Акыл жүгүртпөйсүңөрбү? Алардын жалганынын, каапырлыгынын жана ага чейин болбогондой бузукулук кылгандарынын арты эмне болгонунан сабак албайсыңарбы?","Юнус дагы өз коомдоруна куш кабарчы жана эскертүүчү болуп жиберилген Аллахтын элчилеринен эле.","Бир кезде ал Раббисинин уруксатысыз коомунан качып, жүргүнчүлөргө жана буюмдарга толгон кемеге отурду.","Кеме жүккө толгону үчүн чөгөйүн деп калды. Ошондо жүргүнчүлөр адамдын көптүгүнөн кеме чөгүп кетүүсүнөн коркуп, арасынан кээ бирлерин ыргытыш үчүн чүчү кулак ташташты. Юнус ошол утулгандардын арасында болчу. Аны деңизге ыргытышты.","Качан аны деңизге ыргытканда аны кит жутуп алды. Ал Раббисинин уруксатысыз деңизге кетип калгандыгы үчүн ал өзү жемеге алынган нерсеге туш болду.","Эгер Юнус бул иш болгонго чейин Аллахты көп зикир кылгандардан болбогондо, эгер ал киттин курсагында Аллахты аруулаганы болбогондо","киттин курсагында кыямат күнгө чейин калып калмак. Ал ага кабыр сыяктуу болуп калмак.","Анан Биз аны киттин курсагынан чыгарып, эч кандай бак-дарак, курулуш болбогон жерде таштадык. Ал киттин курсагында канча бир убакыт болгону үчүн анын денеси алсырап калган эле.","Анан Биз ал бош жерге аны көлөкөлөнсүн жана азыктансын деп ашкабак дарагын өстүрдүк.","Биз аны жүз миң же андан көбүрөөк элине пайгамбар кылып жибергенбиз.","Алар ага ыйман келтиришти жана ал алып келгенди акыйкат деп ишеништи. Ошентип Аллах аларга дүйнө жашоосунда алардын ажалы келгенге чейин жакшылыктарды пайдаландырды.","Оо, Мухаммад! Мушриктерден ачуулана сурачы: «Силер өзүңөр жаман көргөн кыз балдарды Аллахка таандык кылып, ал эми уул балдарды өзүңөргө таандык кылып алдыңарбы? Бул эмне деген бөлүштүрүү?!","Алар кандайча периштелерди ургаачы деп ойлоп жатышат, аларды жаратканда катышышкан да эмес, көрүшкөн да эмес го?!","Чынында, мушриктер Аллахка жалган айтып жана Ага жалаа жаап Анын баласы бар дешет. Алар бул жалаасында анык жалганчы.","Чынында, мушриктер Аллахка жалган айтып жана Ага жалаа жаап Анын баласы бар дешет. Алар бул жалаасында анык жалганчы.","Аллах алар жакшы көргөн уул балдарды таштап, Өзү үчүн алар жаман көргөн кыз балдарды тандап алыптырбы? Жок!","Эй, мушриктер! Силерге эмне болду?! Аллахка кыз балдарды таандык кылып, ал эми өзүңөргө уул балдарды таандык кылып, эмнеге мындай адилетсиз өкүм кылып жатасыңар?!","Силер тутунган бул бузук ишенимдин жалгандыгын билип эсиңерге келбейсиңерби?! Силер эсиңерге келгенде мындай сөздү айтпайт болчуңар.","Же силерде бул жөнүндө китепте же пайгамбардан келген ачык далил барбы?","Эгер бул айтып жаткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда силер буга далил кылган китебиңерди алып келгилечи!","Мушриктер Аллах менен алар көрбөгөн периштелердин ортосунда тууганчылык бар деп периштелерди Аллахтын кыздары деп ойлошот. Периштелер болсо Аллах мушриктерди суракка алып келерин билишет.","Мушриктердин Аллахтын баласы бар, шериги бар деп Ага ылайык келбеген сыпаттоолорунан Аллах таала аруу жана таза.","Аллахтын чын ыкластуу пенделери гана Аны Өзүнө ылайык келгендей улуулук жана кемчиликсиз сыпаттар менен сыпатташат.","Эй, мушриктер! Силер жана Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар","акыйкат динден эч кимди адаштыра албайсыңар.","Бирок тозок ээлеринен болот деп өкүм кылынгандан башкасын. Анткени Аллах ага Өз өкүмүн жүргүзөт, анан ал каапырлык кылып, тозокко кирет. Ал эми силердин жана кудайларыңардын буга эч кандай күч-кубаты жетпейт.","Периштелер Аллахка болгон кулчулуктарын жана мушриктердин ойлогон ойлоруна катышы жок экендиктерин ачыктап мындай дешет: «Биздин арабызда ким болбосун, анын Аллахка сыйынууда жана моюн сунууда белгилүү орду бар.","Биз, периштелер Аллахка ибадат кылууда жана моюн сунууда саптарга тизилип турабыз. Биз Аллахты Ага ылайык келбеген сыпаттардан аруулайбыз».","Биз, периштелер Аллахка ибадат кылууда жана моюн сунууда саптарга тизилип турабыз. Биз Аллахты Ага ылайык келбеген сыпаттардан аруулайбыз».","Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу: «Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Куранды алып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгү катаал азап күтүп турганын билишет.","Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу: «Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Куранды алып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгү катаал азап күтүп турганын билишет.","Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу: «Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Куранды алып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгү катаал азап күтүп турганын билишет.","Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу: «Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Куранды алып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгү катаал азап күтүп турганын билишет.","Пайгамбарларыбызга Биздин сөзүбүз алдын ала айтылган: «Аллах аларга берген далилдер жана күч-кубаттуулук себептүү алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишет. Жеңиш – Аллахтын сөзү улук болсун деп Анын жолунда согушкан аскерлерибиз тарапта».","Пайгамбарларыбызга Биздин сөзүбүз алдын ала айтылган: «Аллах аларга берген далилдер жана күч-кубаттуулук себептүү алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишет. Жеңиш – Аллахтын сөзү улук болсун деп Анын жолунда согушкан аскерлерибиз тарапта».","Пайгамбарларыбызга Биздин сөзүбүз алдын ала айтылган: «Аллах аларга берген далилдер жана күч-кубаттуулук себептүү алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишет. Жеңиш – Аллахтын сөзү улук болсун деп Анын жолунда согушкан аскерлерибиз тарапта».","Оо, пайгамбар! Сен ал каршы чыккан мушриктерден Аллахка белгилүү болгон алардын азап убактысынын мөөнөтү келгенге чейин жүзүңдү бур!","Аларга азап келген учурда аларды карап тур. Жакында алар азапты өз көзү менен көрөт, бирок көрүү эми эч кандай пайда бербейт.","Мушриктер Аллахтын азабын шаштырып жатышабы?","Эгер аларга Аллахтын азабы түшсө, анда ошол таң алар үчүн эң жаман таң болот!","Оо, пайгамбар! Аллах аларга азапты өкүм кылганга чейин алардан жүзүңдү бур!","Аларга Аллахтын азабы жана жазасы келерин карап тур, алар дагы карашсын.","Оо, Мухаммад! Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң мушриктер сыпаттап жаткан кемчилик сыпаттардан аруу.","Ардактуу пайгамбарларга Аллахтын саламы жана алкышы болсун!","Бүткүл мактоолор Аллахка гана таандык. Ал Өзү ага татыктуу. Ал бүткүл ааламдын Раббиси. Алардын Андан башка Раббиси жок.","Сод. Ушул сыяктуу бириндеген тамгалар тууралуу бакара сүрөөсүнүн башында келген. Адамдарга дүйнөдө жана акыретте пайда берген эскертмелерди өзүнө камтыган Куран менен ант берилди. Бул нерсе мушриктердин Аллах менен катар шериктери бар деп ойлошконундай эмес.","Бирок каапырлар Аллахты жалгыздоодон бой көтөрүп текеберленишти жана Мухаммадга каршы чыгып душмандык кылышты.","Биз алардан мурун пайгамбарларын жалганга чыгарган канчалаган муундарды жок кылдык. Аларга азап түшкөн кезде алар жардам сурап жалбарышты. Бирок ал учур – жалбаргандары пайда берип, азаптан куткара турган учур эмес болчу.","Аларга өздөрүнөн болгон пайгамбар келип Аллахтын азабынан коркуткан кезде алар таң калышты. Алар каапырлыктан да кайтышкан жок. Качан каапырлар Мухаммад алып келген нерсенин чындык экендигине далилдерди көрүшкөндө мындай дешти: «Бул киши адамдарды сыйкырлаган сыйкырчы, Аллах тараптан вахий түшкөн пайгамбармын деп айтып сөзү жалган.","Бул киши Андан башка кудай жок деп көп кудайларды бир кудай кылганы турабы? Чындыгында мунун кылганы өтө таң калыштуу».","Алардын кадырмандары жана башчылары кетип баратканда аларды ээрчигендерге мындай деди: «Бараткан жолуңардан тайбагыла! Мухаммаддын динине кирбегиле! Кудайларыңарга сыйынуу жолунда бекем болгула! Чындыгында Мухаммаддын силерди бир кудайга сыйынууга чакырганынын артында көздөгөн бир нерсеси бар, ал муну менен бизге үстөмдүк кылып, бизди ээрчитүүнү каалап жатат.","Мухаммад бизди үгүттөп жаткан жалгыз кудайга сыйынуу тууралуу ата-бабаларыбыздан жана Исанын дининен да уккан эмеспиз. Биз андан уккан нерсе анык эле калп жана жалаа.","Куран бизге окшогон башчыларга түшпөстөн, арабыздан ушуга гана түшкөнү туурабы? Жок! Ал мушриктер сага түшкөн вахийге шектенүүдө. Алар Аллахтын азабын татпаганы үчүн аларга берилген мөөнөткө азгырылып жатышат. Эгер алар азапты татышканда каапырлыкка, Аллахка ширк кылууга жана сага түшкөн вахийге бет алышпайт болчу.","Же Өзү каалаган адамга каалаганын берген жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү Раббиңдин жакшылыктар казынасы мына ошол мушриктерде бекен? Пайгамбарлык да Анын жакшылыктар казынасынан. Ал аны каалаган адамга берет. Алар аны каалаганына берип, каалаганынан тыя тургандай ал алардын колунда эмес.","Же алар бергенге жана тыйганга акысы болгудай асмандар менен жердин мүлкү жана ал экөөсүнүн ортосундагы мүлк алардын колунда бекен? Эгерде алардын ойлору ушундай болсо, анда өздөрү каалаганга берип же тыйып коюу өкүмүн колдоруна алыш үчүн асманга жетүүнүн себептерин кылышсын. Бирок алар эч качан мындай кыла алышпайт.","Мухаммадды жалганга чыгаргандар – пайгамбарларын жалганга чыгарган мурунку аскерлер сыяктуу жеңилген аскерлер.","Алар биринчи болуп жалганга чыгаргандар эмес. Аларга чейин Нухтун коому жалганга чыгарган, Аад жалганга чыгарган жана адамдар азапталуучу устундардын ээси Фараон да жалганга чыгарган.","Самуд жалганга чыгарды, Луттун коому жалганга чыгарды, Шуайбдын коому жалганга чыгарды. Мына ошолор пайгамбарларын жалганга чыгарууга жана алар алып келген нерсеге каапырлык кылууга уюшкан топтор.","Бул топтордун бири да калбай пайгамбарларды жалганга чыгарышты, анан аларга белгилүү бир убакка чейин кечиксе да Аллахтын азабы түшөрү анык болду жана аларга Анын жазасы келди.","Мухаммадды жалганга чыгаргандар кайтаруу мүмкүн эмес болгон сур кернейинин эки жолу тартылышын күтүп жатышат. Эгер алар аны жалганга чыгарган абалда өлүшсө, аларга азап түшөт.","Алар шылдыңдап айтышты: «Оо, Раббибиз! Кыямат күнгө чейин эле бул дүйнө жашоосундагы азап энчибизди эртеле көр».","Оо, пайгамбар! Ал жалганчылардын сага жакпаган сөздөрүнө сабыр кыл. Душмандарына каршы турууда кубаттуу жана Аллахка ибадат кылууда сабырдуу пендебиз Даудду эсте. Чындыгында ал Аллахка көп тообо кылып кайткан жана Ал ыраазы болгон иштердин кылган пенде эле.","Биз ага кечке маал жана таңга маал аны менен кошо Аллахты аруулаган тоолорду моюн сундурдук.","Жана абада калкып турган канаттууларды ага моюн сундурдук. Алардын баарысы анын артынан кошо аруулашып моюн сунушат.","Жана Биз аны айбаттуулук, күч-кудурет жана душмандарынын үстүнөн жеңишке жеткирген бийлик менен кубаттадык. Биз ага пайгамбарлыкты жана иш-аракеттердеги тууралыкты бердик. Ошондой эле Биз ага ар бир көздөгөн нерсесинде жеткиликтүү баяндоону, сөзүндө жана өкүм кылууда калыстыкты бердик.","Оо, пайгамбар! Сага талашып-тартышкан эки адамдын кабары келдиби? Биз кезде алар Дауддун ибадатканасына ашып түшүштү.","Алар Дауддун үстүнө күтүүсүз кирип барышты. Ал алардын адаттан тыш мындай жолдо капыстан кирип келгенинен чоочуп кетти. Качан алар анын коркуп кеткенин билишкенде ага: «Коркпо! Биз экөөбүздүн ортобузда талаш жаралып, экөөбүздүн бирибиз зулумдук кылды. Биздин ортобузда адилеттик менен өкүм чыгарып бер. Өкүм кылганда бизге зулумдук кылба. Жана бизге туура жолго карай туура багыт көргөз».","Талашкандардын бирөөсү Даудга айтты: «Бул киши диндеш бир тууганым. Мунун токсон тогуз кою бар. А меники бирөө эле. Анан бул менден «муну да мага бер» деп талап кылып, мени сөздөн жеңип алды».","Дауд ал экөөнүн ортосунда өкүм кылып доогерге кайрылып мындай деди: «Сенин коюңду өзүнүн койлоруна кошуп алууну талап кылуу менен бул диндеш бир тууганың сага зулумдук кылыптыр. Чынында канча деген шериктер өз ара акысын бербей жана калыстык кылбай аша чабышат. Жакшылык иштерди кылган ыймандуулар гана шериктерине адил мамиле кылат, аларга зулум кылышпайт. Мындай сыпаттагылар өтө сейрек». Ошондо Дауд Биз аны бул талаш-тартыш аркылуу сынап жатканыбызды билип калып, Раббисинен кечирим сурады, Аллахка жакындаш үчүн сажда кылды жана Ага тообо кылды.","Ошондо Биз ага жооп берип, ал кылганын кечирдик. Чындыгында ал Биздин алдыбызда жакындардан эле жана ал үчүн акыретте жакшы акыбет бар.","Оо, Дауд! Биз сени жер бетинде диний жана дүйнөлүк өкүм-буйруктарды ишке ашырууң үчүн орун басар кылдык. Эми сен адамдардын ортосунда адилеттик менен өкүм кыл. Адамдардын ортосунда өкүм кылууда напси каалооңо ээрчибе! Туугандык же достук себептүү эки тараптын бир жагына тартпа же душмандык себептүү экинчи тарапка зыян бербе. Антсең сени напси каалооң Аллахтын туура жолунан адаштырып коёт. Чындыгында Аллахтын туура жолунан адашкандар сурак күнүн унутушканы себептүү аларга катуу азап болот. Эгерде алар аны эстешкенде жана андан коркушканда, анда напси каалоолоруна ээрчишпейт болчу.","Биз асмандар менен жерди жөндөн-жөн эле жараткан жокпуз. Бул каапырлык кылгандардын ойлогону. Эгерде алар каапырлыкта жана Аллах тууралуу жаман ойдо өлгөн болсо, анда ал каапырларга мындай ойлогондору үчүн кыямат күнү тозок азабы болсун.","Биз Аллахка ыйман келтиргендерди, Анын элчисин ээрчигендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылгандарга эч качан теңебейбиз. Ошондой эле Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Ага моюн сунгандарды каапырлардай, эки жүздүүлөрдөй жана күнөөгө баткан адамдардай кылбайбыз. Чындыгында аларды теңөө Аллахка ылайык келбегендей зулумдук. Тескерисинче, Аллах таза ыймандууларды бейишке киргизип сыйлайт, ал эми шоордуу каапырларды тозокко киргизип жазалайт. Анткени алар Аллахтын алдында бирдей эмес, алардын сыйлык-жазалары да бирдей болбойт.","Биз сага өзүнө көп жакшылыктарды жана пайдаларды камтыган Куран китепти адамдар анын аяттары менен маанилеринин үстүндө ой жүгүртүш үчүн жана туура акыл жүгүрткөн адамдар сабак алыш үчүн түшүрдүк.","Жана Биз Дауддун көзүн кубантыш үчүн Биздин ага кылган жакшылыгыбыз катары ага Сулайманды бердик. Сулайман кандай жакшы пенде! Ал Аллахка көп тообо кылуучу жана Ага кайтуучу.","Эстечи, асыр маалында ага үч туягы жерге тийгенде, төртүнчүсүн көтөргөн асыл тукум күлүк аттар көргөзүлдү. Ал асыл тукум тулпарларды көрүү менен алек болуп күн да батып кетти.","Ошондо Сулайман айтты: «Мен бул аттар сыяктуу мал-дүйнөнү сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн артык көрүптүрмүн. Күн батып, асыр намазынан кечигип калыптырмын.","Мага жанагыл тулпарларды алып келгиле!». Аларды алып келишти. Анан ал алардын буттарын жана моюндарын кылыч менен чаап баштады.","Биз Сулайманды сынап, анын тактысына адам кейпиндеги шайтанды отургузуп койдук. Ал кыска мөөнөткө анын ордуна бийлик жүргүздү. Кийин бийлик кайрадан Сулайманга кайтарылып, ага жин-шайтандар баш ийдирилди.","Сулайман айтты: «Оо, Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечир жана мага менден кийин адамдардын эч кимисинде болбогондой жеке өзүмө гана тийиштүү бийлик бер. Оо, Раббим! Чындыгында Сен Берешенсиң, Жоомартсың».","Биз ага жооп бердик жана анын буйругуна моюн сунган, аны каалаган тарабына алып барган, катуулугуна жана ылдамдуулугуна карабастан сыдырым соккон шамалды ага моюн сундурдук.","Ошондой эле ага буйруктарын аткарган жин-шайтандарды моюн сундурдук. Алардын кээ бирлери куруучулар, кээ бирлери деңиз тереңдиктерине чумкушуп, берметтерди алып чыгышат.","Жана жин-шайтандардын арасындагы баш ийбестерин да ага моюн сундурдук. Алар кишендер менен байланган, эч кыймылдай алышпайт.","Оо, Сулайман! Бул сенин сураганыңа жооп катары Биздин сага болгон белегибиз. Аны каалаганыңа бер, каалагаңан тыйып кой. Бергениң же тыйганың үчүн суралбайсың.","Чындыгында Сулайман Биздин алдыбызда жакындардан эле жана ал үчүн бейиш болгон эң сонун кайтуучу жай бар.","Оо, пайгамбар! Пендебиз Аюбду эстечи, бир кезде ал Раббиси Аллахка кайрылып: «Мен шайтандан азап тарттым, чарчадым чалыктым» – дуба кылды.","Ошондо Биз ага: «Бутуң менен жерди теп» – дедик. Ал буту менен жерди тепкенде ал жерден иче турган жана жуунганда ага зыян берген нерсени кетире турган суу чыкты.","Биз ага жооп берип, анын зыян тарткан нерсесин жок кылдык. Ошондой эле ага үй-бүлөсүн кайтардык жана туура акыл жүгүрткөн адамдар «сабырдуулуктун акыбети – кутулуу жана соопко жетүү» экендиги тууралуу ой жүгүртүүлөрү үчүн Биз ага Өзүбүз тараптан ырайым катары анын үстүнө дагы ошончо бала-чаканы жана неберелерди кошуп бердик.","Качан Аюб аялына ачуусу келип, ага жүз балак урам деп касам ичкенде Биз ага айттык: «Эй, Аюб! Касамыңды ишке ашырыш үчүн колуңа бир ууч курманын ичке сабактарын алып, аны менен аялыңды ур! Касам ичкенден кийин аны бузба». Ошондо ал бир ууч курманын сабагын алып, аны урду. Чындыгында Биз анын сыноолорубузга сабырдуулугун көрдүк. Ал кандай жакшы пенде! Чындыгында ал Аллахка дайым тообо кылып кайтуучу.","Оо, пайгамбар! Сен Биз тандаган пенделер жана Биз жиберген элчилер болгон Ибрахим, Исхак жана Якубду эстечи. Алар Аллахка ибадат кылууда күч-кубаттуу, Анын ыраазылыгын издеген жана акыйкатка чындап көрөгөчтүк кылган адамдар болчу.","Чындыгында Биз аларга өзгөчө касиет бердик. Ал касиет – акыретти эстөө менен жүрөктөрүн тирилтүү, жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүү жана адамдарды аларды аткарууга чакыруу.","Акыйкатта алар Биздин алдыбызда моюн сунуу үчүн, ибадат кылуу үчүн тандап алынган адамдардан. Биз аларга пайгамбарлык милдетти тапшырып, аны адамдарга жеткирүү үчүн тандап алдык.","Оо, пайгамбар! Ибрахимдин баласы Исмаилди, Аль-Ясааны жана Зулкифлди эстегин. Аларга эң сонун мактоолорду айт. Анткени алар ошого татыктуу. Алардын баарысы Аллахтын алдында тандалган пенделерден.","Бул аларга карата айтылган алкыш-мактоолор тууралуу Курандагы эскерүү. Ошондой эле Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштаган такыбалар үчүн акыретте эң сонун кайтып баруучу жай бар.","Ал кайтып баруучу эң сонун жай – алар кыямат күнү кире турган түбөлүктүү бейиштер. Анын эшиктери аларга салтанаттуу ачылат.","Алар кооздолгон сөрүлөрдө жамбаштап жатышып, кызматчылардан өздөрү каалаган түркүн-түрлүү мөмө-жемиштерди жана шарап сыяктуу алар каалаган суусундуктарды алдырышат.","Алардын алдында күйөөлөрүнөн көзүн албаган, башкаларга көз салбаган жана баары тегиз бир куракта болгон аялдар бар.","Оо, такыбалар! Силер дүйнөдө кылган жакшылык иштериңердин кыяматтагы эң жакшы сыйлыгы катары силерге убада кылынган нерсе – мына ушул.","Чындыгында бул айткан сыйлыгыбыз – Биз берген ырыскы. Биз аны кыямат күнү такыбаларга насип кылабыз. Ал ырыскы дайым уланат, ал эч качан бүтпөйт жана түгөнбөйт.","Биз айткан бул нерсе – такыбалардын сыйлыгы. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып Аллахтын чектеринен чыккандарга такыбалардын сыйлыгынан айырмаланган жаза бар. Алар үчүн кыяматта эң жаман кайтып баруучу жай бар.","Бул жаза – аларды ороп алуучу тозок. Алар анын ысыгынан жана жалынан азап тартышат. Аларга оттон төшөктөр бар. Алардын төшөгү кандай жаман!","Бул азап – кайнаган ысык суу жана тозокто азапталган адамдардын аккан ириңдери. Аны ичкиле! Бул алардын чаңкоосун кетирбеген суусундуктары.","Алар үчүн бул азапка окшогон башка дагы азаптар бар. Алар акыретте азапталыш үчүн аларга түркүн-түрлүү азаптар даярдалган.","Адамдар тозокко киргенде душмандар сыяктуу бири-бирин сөгүшөт, бири-биринен баш тартып, кээ бирлери: «Бул топ силер менен бирге тозокко кирет» – деп айтышканда, аларга мындай деп жооп беришет: «Алар кош келишпеди! Алар дагы биз сыяктуу тозок азабын тартышат».","Ээрчиген жоон топ өздөрүнүн башчыларына айтышат: «Эй, башчылар! Өзүңөр кош келбедиңер! Силер бизди адаштырып жана азгырып ушул кыйноочу азапка түшүүбүзгө себепчи болдуңар. Бул эмне деген жаман жай! Тозок оту – баарынын турак-жайы».","Ээрчигендер айтышты: «Оо, Раббибиз! Бизге акыйкат келгенден кийин бизди адаштыргандарды тозокто эселеп азапта».","Чектен чыккан текеберлер айтышты: «Эмнеге биз дүйнөдө азапка татыктуу бактысыздар деп эсептеген кишилерди биз менен чогу көрбөй жатабыз?","Биз аларды шылдыңдаганыбыз катачылык болуп, алар азапка татыктуу болбой калыштыбы же биз аларды шылдыңдаганыбыз туура болуп, алар тозокко кириштиби? Биз аларды көрбөй жатабыз го?».","Чындыгында Биз силерге айткан каапырлардын кыяматтагы талашып-тартышуусу эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат нерсе.","Оо, Мухаммад! Коомуңдагы каапырларга айт: «Акыйкатта мен болгону силерге каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү Аллахтын азабы келип калуусунан эскертүүчүмүн. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал Өз улуктугунда жана ысым-сыпаттарында Жалгыз. Ал баарын багынткан жана баш ийдирген Каардуу.","Ал асмандар менен жердин жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси. Ал Өз бийлигинде эч кимден жеңилбеген Кудуреттүү. Ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү.","Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Акыйкатта Куран – улуу мартабалуу кабар.","Силер бул улуу мартабалуу кабарга көңүл бурбастан, андан жүз буруп жатасыңар.","Эгерде Аллах мага вахий түшүрүп, мени үйрөтпөгөндө, анда менде периштелер менен Адамдын жаралуусунун ортосунда болгон сөз тууралуу илим болмок эмес.","Чындыгында Аллах Өзү вахий кылган нерселерди гана мага түшүрдү. Анткени мен силерге Анын азабын ачык эскертүүчүмүн».","Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге айтты: «Мен ылайдан адамды жаратам. Ал – Адам.","Мен анын тулку-боюн түздөп, келбет берип жана ага Өз Рухумдан жан салганда, ага сажда кылгыла».","Периштелер Раббисинин буйругуна баш ийип, баарысы сый-урмат катары сажда кылышты. Алардын арасынан Адамга сажда кылбаган бири да калган жок.","Бир гана Иблис сажда кылуудан текеберленди. Ал Раббисинин буйругуна текеберлик кылганы үчүн каапырлардан болду.","Аллах айтты: «Эй, Иблис! Өзүмдүн эки Колум менен жараткан Адамга сажда кылууга сага эмне тоскоол болду? Сени сажда кылуудан текеберлик тостубу же сен буга чейин эле Раббиңе текеберленип, менменсинип калдың беле?».","Ибилис: «Мен Адамдан артыкмын. Сени мени оттон, аны болсо ылайдан жараттың» – деди. Анын оюнда от топурактан шарапаттуу эле.","Аллах Иблиске айтты: «Бейиштен чык! Эми сен каргышка жана сөгүшкө калдың.","Сен сыйлык жана жаза күн болгон кыяматка чейин бейиштен куулдуң».","Иблис айтты: «Пенделериңди кайра тирилткен күнгө чейин мага мөөнөт бер жана мени өлтүрбө».","Аллах айтты: «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң.","Сени жок кылуу үчүн белгилүү бир убакыт келген күнгө чейин».","Иблис айтты: «Сенин кудуреттүүлүгүңө жана каардуулугуңа ант болсун! Мен бүткүл адам баласын адаштырамын.","Сен менин адаштыруумдан коргогондорду жана жалгыз Өзүңө чын ыкластан ибадат кылгандарды гана адаштыра албайм».","Аллах таала айтты: «Акыйкат Менден жана Мен акыйкатты гана айтамын:","Кыямат күнү сен жана сени каапырлыкта ээрчиген бардык адам баласы менен тозокту толтурамын».","Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мен силерге жеткирген насааттарым үчүн сыйлык сурабайм жана мен буйрулган нерседен ашыкча сүйлөп убара болгондордон эмесмин».","Куран адамзат менен жиндердин арасынан милдет алгандарына эскертме!","Бул Курандын кабарын жана ал чындык экенин бир аз убакыттан кийин өлгөн кезиңерде сөзсүз билесиңер.","Куран китеби эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман Аллах тараптан гана түшкөн.","Оо, пайгамбар! Биз сага акыйкатты камтыган Куранды түшүрдүк. Андагы кабарлардын баарысы чындык жана өкүмдөрдүн баарысы адилеттүү. Андыктан ширкти таштап, жалгыз Аллахка гана чын ыкластан сыйын!","Ширктен таза болгон дин Аллахка гана таандык! Ал эми Аллахтан башка кудайларды жана тагуттарды колдоочу тутуп аларга сыйынгандар бул кылгандарынын шылтоосу катары мындай деп айтышат: «Биз аларга бизди Аллахка бир аз болсо да жакындатсын, муктаждыктарыбызды Ага айтсын жана Анын алдында бизге ортомчулук кылышсын деп гана сыйынабыз». Чындыгында Аллах Ага гана сыйынган ыймандуулар менен мушрик каапырлардын ортосундагы Аллахты жалгыздоого байланышкан талаш-тартыштары тууралуу кыяматта өкүм кылат. Аллахтын шериги бар деп жана Анын жакшылыктарын танып кеткендерге Ал акыйкатка карай ийгилик бербейт.","Эгерде Аллах балалуу болушун каалаганда, анда жараткандардын арасынан Өзү каалаганын тандап, аны бала кылып алмак. Аллах мушриктердин айткандарынан аруу! Ал Өз затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Жалгыз. Бул нерселерде Анын шериги жок. Ал бүткүл макулуктарды Багынтуучу.","Ал асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жаратты. Залымдар айткандай жөндөн-жөн эле жараткан жок. Түндү күндүзгө киргизет, күндүздү түнгө киргизет. Алардын бири келсе, экинчиси кетет. Жана Күндү менен Айды моюн сундурду. Ал экөөсүнүн ар бири бул жашоо бүтө турган белгиленген убакытка чейин жүрөт. Чындыгында Ал Өз душмандарынан өч алган жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү.","Эй, адамдар! Раббиңер силерди бир жандан – Адамдан жаратты, кийин андан аялы Хаваны жаратты. Ошондой эле силер үчүн төөлөрдү, уйларды, койлорду жана эчкилерди сегиз түр кылып жаратты. Ар бир түрүнөн эркек-ургаачысын жаратты. Аллах силерди энеңердин курсагында үч караңгылыкта – курсакта, жатында жана тондун ичинде баскыч-баскыч кылып жаратты. Мына ошолордун баарысын жараткан Аллах – силердин Раббиңер. Бийлик Ага гана таандык. Андай башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Эмнеге силер Ага сыйынгандын ордуна эч нерсени жараталбаган, тескерисинче өздөрү жаратылган нерселерге сыйынып жатасыңар!","Эй, адамдар! Эгерде Раббиңерге каапырлык кылсаңар, Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес. Силердин каапырлыгыңар Ага зыян келтирбейт. Анын зыяны өзүңөргө гана кайтат. Ал пенделеринин Ага каапырлык кылууларына ыраазы эмес жана аларды каапырлыкка да буйрубайт. Анткени Аллах букузукулукка жана күнөөгө буйрубайт. Эгерде Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар жана Ага ыйман келтирсеңер, анда Ал шүгүрчүлүгүңөргө ыраазы болот жана ал үчүн соопторду берет. Эч бир жан башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Тескерисинче, ар бир жан кылган ишине жараша кармалып турат. Кийин силер кыяматта жалгыз Раббиңерге кайтасыңар. Ошондо Ал силердин дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет. Силерге иш-аракеттериңер үчүн сыйлыгын берет. Чындыгында Ал пенделеринин жүрөктөрүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Эгерде каапыр адам оору, мал-мүлк жоготуу, сууга чөгүү сыяктуу зыянга учураса, ал Раббисине гана кайтып, андагы зыянды кетирүүсүн сурап дуба кылат. Кийин Ал анын башына түшкөн зыянды кетирип жакшылык кылган болсо, анда ага чейин Аллахка жалынганын таштап коёт жана башкаларды Аллахка карай жеткирген жолдон адаштырыш үчүн Ага башкаларды шерик кылып сыйынышат. Оо, пайгамбар! Ушундай абалдагы адамдарга айт: «Калган өмүрүңдө каапырлыгың менен жыргап ал. Ал аз гана убакыт. Чындыгында сен кыяматта дос досту коштогондой тозокко киргендер менен бирге болосуң.","Же болбосо, Аллахка моюн сунуп, түнкү убакыттарды Раббисине сажда кылган, намазда турган абалда өткөргөн, акырет азабынан корккон, Раббисинин ырайымын үмүт кылган адам жакшыбы же кыйналганда гана Аллахка сыйынып, барчылыкта Ага каапырлык кылган жана Аллахка шериктерди кошкон адамбы жакшыбы? Оо, пайгамбар! Аллахты таанып билишкени себептүү аларга милдет болгон нерселерди билгендер менен булардын эч бирин билбегендер тең боло алабы? Чындыгында бул эки топтун айырмачылыгын туура акыл жүгүрткөндөр гана билишет.","Оо, пайгамбар! Мага жана пайгамбарларга ыйман келтирген пенделериме айт: «Раббиңердин буйруктарына баш ийип, тыюуларын таштап Андан корккула! Силерден бул дүйнөдө жакшылык иштерди кылгандар үчүн дүйнө жашоосунда жеңиш, ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктар болот. Ал эми акыретте бейиш болот. Аллахтын жери кенен. Андыктан Аллахка сыйынууга тоскоолдук жаратпагандай жер тапканга чейин көчө бергиле! Чындыгында кыямат күнү сабырдууларга берилген сооп-сыйлыктары көптүк жана түрдүүлүк жактан эсепсиз жана ченемсиз болот».","Оо, пайгамбар! Айт: «Аллах мени чын ыкластан Ага гана ибадат кылууга буйруду.","Жана бул үммөттөн мени эң биринчи болуп Ага баш ийип, Аны ээрчигендерден болууга буйруду».","Оо, пайгамбар! Айт: «Эгер мен Аллахка баш ийбестик кылып, Ага моюн сунбасам, анда мага улуу кыямат күндөгү азап жетишинен коркомун».","Оо, пайгамбар! Айт: «Мен чын ыкластан ибадат кылып Аллахка гана сыйынам. Андан башка эч кимге сыйынбайм.","Эй, мушриктер! Силер дагы Андан башка каалаган кудайларга сыйына бергиле (коркутуу максатта айтылган буйрук)». Оо, пайгамбар! Айт: «Чыныгы жоготууга учурагандар – алар өздөрүн жана үй-бүлөсүн зыянга учураткандар. Алар өздөрү гана бейишке киргени себептүү же алар менен бирге тозокко түшкөнү себептүү алардан бөлөк болгону үчүн аларды жолуктурбайт. Мына ушул эч кандай бүдөмүксүз ачык-айкын адашуу эмеспи!","Алар үчүн үстүлөрүндө түтүн, жалын жана ысыктык болот жана астыларында да түтүн, жалын жана ысыктык болот». Мына ушул айтылган азап менен Аллах пенделерин коркутат. Оо, пенделерим! Менин буйруктарыма баш ийип, тыюуларымды таштап Менден корккула!","Ал эми айкелдерге сыйынуудан жана Аллахтан башка бардык сыйынылган нерселерден алыстагандарга жана тообо кылып Аллахка кайткандарга өлгөндө, кабырда жана кыяматта бейиш тууралуу куш кабар айтылат. Оо, пайгамбар! Пенделериме сүйүнчүлө!","Ал эми сөзгө кулак салып, анын жакшы-жаманын айырмалап, пайдасы бар жакшы сөздөрдү ээрчигендерге – мына ушундай сыпаттагы адамдарга Аллах туура жолго карай ийгилик берет, мына ушулар туура акыл жүгүрткөндөр.","Оо, пайгамбар! Кимге каапырлыктан жана адашуудан баш тартпаганы үчүн азап сөзү милдет болсо, сен аны туура жолго салууга жана ийгилик берүүгө эч кандай айла таба албайсың. Оо, пайгамбар! Сен ушундай сыпаттагы адамды тозоктон куткара аласыңбы?","Бирок Раббисинин буйруктарына баш ийип, тыюуларын таштап Андан корккондор үчүн биринин үстүнө бири курулган бийик бөлмөлөр бар, алардын алдыларынан дарыялар агып турат. Бул Аллахтын аларга берген анык убадасы. Аллах убадасын бузбайт.","Силер көрүп билесиңер, Аллах асмандан жамгыр суусун түшүрүп, аны булактарга жана агындарга киргизди. Кийин ал суу аркылуу түркүн түстөгү эгиндерди чыгарды. Кийин ал кургады. Эй, назар салуучу! Сен аны жапжашыл болгондон кийин саргайганын көрөсүң. Анан аны как кургагандан кийин сынма жана майдаланма кылып койду. Чындыгында бул айтылгандарда жүрөгү тирүү адамдар үчүн эскертмелер бар.","Аллах көкүрөгүн Исламга ачып, Өзүнө карай багыттап, Раббиси тараптан көрөгөчтүк берилген адам Аллахты эстебей жүрөгү мерез болуп калган адам менен тең болобу? Алар эч качан тең болушпайт! Туура жолдогулар куткарылат, ал эми Аллахты эстебей жүрөктөрү мерез болуп калгандар кыйроого туш болушат. Мына ошолор акыйкаттан анык адашууда.","Аллах пайгамбары Мухаммадга эң мыкты сөз болгон Куранды түшүрдү. Ал аны чындыкта, көркөмдүктө жана шайкештикте жана карама-каршылыктардын жоктугунда бири-бирине окшош кылып түшүрдү. Анын ичинде көптөгөн окуялар, өкүмдөр, убадалар, коркутуулар, акыйкат жана жалган жолдогу адамдардын сыпаттары тууралуу айтылган. Раббисинен корккондор андагы келген коркутууларды жана эскертүүлөрдү укканда терилери титирейт. Андан соң эгер алар андагы үмүт жараткан нерселерди жана сүйүнчү кабарларды угушса, Аллахты эстеп алардын терилери жана жүрөктөрү тынч алат. Курандагы бул айтылгандар жана анын таасири – Аллах Өзү каалаганды багыттаган туура жолу. Аллах кимди жардамсыз таштаса жана туура жолго ийлигик бербесе, анда аны эч ким туура жолго сала албайт.","Аллах туура жолго салган, дүйнөдө ийгилик берген жана акыретте бейишке киргизген адам менен каапырлык кылып ошол жолдо өлгөн, колу-буту кишенделип тозокко кирген адам тең болобу? Ал жер сүргөн жүзү менен тозоктон коргоно албайт. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зыян бергендерге жемелөө катары айтылат: «Өзүңөр кылган каапырлык менен күнөөлөрдүн азабын таткыла! Бул силердин жазаңар».","Ал мушриктерден мурунку коомдор да жалганга чыгарышкан. Ошондо алар аны сезип тообо кылып даярдык көрүүгө жетишпей тургандай абалда аларга капыстан азап келген.","Ошондо Аллах аларга бул азап менен дүйнө жашоосунда кордукду, шерменделикти жана маскаралыкты таттырды. Ал эми акыретте аларды күткөн азап мындан да катаал, эгер алар муну билишкенде.","Биз Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куранда адамдарга жакшылык менен жамандык, акыйкат менен жалган, ыйман менен каапырлык тууралуу түрдүү мисалдарды келтирдик. Биз муну адамдар мисалдардан үлгү алып, акыйкатты иш жүзүндө аткарып, жалганды таштап сабак алат деген үмүттө кылдык.","Биз аны араб тилиндеги Куран кылдык, анда эч кандай бурмалоо, өзгөртүү жана бүдөмүк нерсе жок. Биз муну алар анын буйруктарына ээрчип жана тыюуларын таштап Аллахтан коркушат деген үмүттө кылдык.","Аллах ширк кылган адам менен Ага гана сыйынган адамды салыштырып мисал келтирди. Ыркы келишпеген эки шериктин бир эркек кулу бар, ал бирөөсүн ыраазы кылса, экинчисин ачуулантат. Ошол себептеп ал эмне кыларын билбей башы маң. Ошондой эле бир эркекке тийиштүү бир кул бар, ал ага өзү гана ээлик кылат, ал анын максатын билет. Анын көңүлү тынч, эч кандай кабатырлануу жок. Эми ушул эки эки эркек тең болобу? Аллахка мактоолор болсун! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. Ошол себептен Аллахка башкаларды шерик кылышат.","Оо, пайгамбар! Акыйкатта сен дагы, алар дагы сөзсүз өлөсүңөр.","Эй, адамдар! Кийин силер кыяматта Раббиңердин алдында талашып-тартышасыңар. Ошондо чынчыл менен жалганчы ачык билинет."]