["Аллах жөнүндө жалган сүйлөгөн жана өзүнө келген убакытта Чын Сөздү (Куранды) «жалган» деген пендеден көбүрөөк залым болгон ким бар?! Тозокто каапырларга орун жок бекен?!","Ал эми, Чын Сөздү алып келген адам менен аны тастыктаган адам(дар)..., Дал ошолор гана такыба пенделер.","Аларга Раббисинин алдында (бейиште) көңүлү көксөгөн нерселер бар. Бул – жакшы амал кылгандардын сыйлыгы!","Андыктан, Аллах алардын жаман (күнөө) иштерин өчүрүп, жасаган жакшы иштерине жараша сыйлык берет.","Пендесине Аллахтын Өзү жетиштүү эмеспи? (Оо, Мухаммад!) Алар сени Аллахтан башкасы менен коркутушат. Аллах кимди адаштырып койсо, аны эч ким туура жолго баштай албайт.","Ал эми, Аллах кимди туура жолго баштаган болсо, аны эч ким адаштыра албайт. Аллах Кудуреттүү, (мушриктерден) өч алуучу эмеспи?!","Сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» – деп даана айтышат. Айткын: «Эми мага кабар бергилечи, эгер Аллах мага бир зыян жеткирсе, Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан кудайыңар Анын зыянын (менден) арылта алабы? Же болбосо, Аллах мага бир ырайым(ын) ыраа көрсө, Анын (бул) ырайымын алар токтото алабы?» Айткын: «Мага Аллах жетиштүү (Жардамчы). Тобокел[1] кылуучулар Өзүнө тобокел кылышат.###[1] «Тобокел» – бул Аллахка гана таянып, Андан гана үмүт кылып, Өзүн Ага тапшыруу.","Айткын: «Эй, (мушрик) коомум! Билгениңердей амал (ибадат) кыла бергиле. Мен дагы (өзүм билгендей) амал кылуучумун. Тез арада билип аласыңар -","кимге кор кылуучу азап (ушул дүйнөдө) келишин жана кимге (Кыяматта) үзгүлтүксүз азап болушун.","Биз адамдар үчүн арналган китепти, Акыйкат менен сага түшүрдүк. Ким аны ээрчисе өзүнө пайда. Ал эми ким адашса - ал өзүнүн зыянына. Сен аларга кароолчу эмессиң.","Аллах жандарды өлүм убактысында алат. Өлбөгөндөрдүкүн уйкусунда алат. Анан ага (өлүмдү) өкүм кылган жандарды кармап калат жана башкаларын белгилүү убакытка (ажалы жеткенге) чейин (денелерине кайра) коюп жиберет. Албетте бул нерседе пикир кылган элдер үчүн (Аллахтын кудуретине) анык белгилер бар.","Же болбосо, (мушриктер) Аллахтан башка (кудайларды) шапаатчылар кылып алыштыбы?! Айткын: «Эгер акылы жок жана эч нерсеге кожоюн болбосо делеби?».[1]###[1] «Шапаат» - бул күнөөнү кечириши үчүн пенденин атынан Аллахка кайрылуу. Аллах мындай укукту акылы жок «кудайларга» берген эмес. Ал «кудайлар» не Аллахтын алдында, не ушул дүйнөдө кыпындай нерсеге да кожоюн эмес.","Айткын: «Бардык шапаат Аллахка таандык. Асмандар менен жердин падышалыгы да Аныкы. Кийин бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар.","Эгер Жалгыз Аллах эскертилсе, Акыретке ыйман келтирбегендердин жүрөгү сыгылып калат. Ал эми Андан башка «кудайлары» эскертилсе, ошол замат сүйүнүп калышат.","Аткын: «Оо, Аллахым! Асмандар менен жердин Жаратуучусу! Кайып менен аныкты Билүүчү! Пенделериңдин арасындагы талашып жаткан нерселерде Өзүң гана өкүм кыласың![1]###[1] Мушриктер менен момундардын арасындагы талаш маселени Кыяматта Аллахтын Өзү чечип, мушриктердин адашкандыгын мойнуна коюп, тозокко өкүм кылат.","Эгер залым (каапыр) адамдардын колунда жер бетинин бүт байлыгы жана аны менен дагы ошончосу болсо да, аны Кыямат Күндөгү катуу азап барабарына (андан кутулуу үчүн) төлөп жиберишет. Жана Аллах тарабынан аларга, ойлоруна да келбеген (азаптуу) нерселер көргөзүлөт.","Жана аларга жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы көрүнүп, аларды (дүйнө жашоосунда) мазактаган нерселери (тозок оту) ороп калат!","Эгер инсанды (бир) зыян кармаса, (ыклас менен) Бизге дуба кылат. Кийин Өзүбүз ага нээмат берсек (азаптан куткарсак): «Мен буга өз илимим себептүү жеттим» дейт. Жок, бул – сыноо. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт.","Муну алардан мурунку (мушрик) адамдар деле айткан. Бирок, жасаган иштери аларга (азап келгенде) пайда бербеди.","Кийин жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы өздөрүнө (кайгы болуп) жетти. Ал эми, мына булардан (Мекке мушриктеринен) турган залым кишилерге да, жасаган иштеринин жамандыгы тез эле (кайгы болуп) жетет. Жана алар (азап-кайгы келгенде) кутулуп кете алышпайт.","Алар билишпейби, Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Албетте бул нерседе ыймандуу адамдарга далилдер бар.","(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «Оо, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу![1]###[1] Эгер пенде чындап тообо кылса Аллах анын бардык күнөөлөрүн, ал канчалык чоң жана көп болсо да, кечирет.","Раббиңерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообоңор кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла![1]###[1] Себеби, Аллахтын азабы келип калганда, эч ким ал азапты кайтарып, күнөөкөр адамга жардам бере албайт. Азап келип калган мезгилдеги тообо дагы кабыл алынбайт.","Жана өзүңөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени – (Куранды) ээрчигиле!","(Ар бир) жан: «Аллах(тын парыздарын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!» - деп (бушайман чегип) калышынан мурун,","же болбосо, «Эгер Аллах мени туура жолго баштаса, такыбалардан болуп (тозоктон кутулуп) калмак экенмин» – деп калышынан мурун,","же болбосо, азапты көргөн чакта: «Эгер мага дагы бир ирет (жашоо мүмкүнчүлүгү) болгондо, Аллахка ыклас менен ибадат кылуучулардан болоор элем!» деп калышынан мурун (Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн Куранды ээрчип, соопко иштеп калгыла!) (Ошондо Аллах бушайман чеккен каапырга мындай дейт:)","«Жок! Сага Менин аяттарым келгенде, аларды «жалган» деп, текеберленип, каапырлардан болгонсуң!»","(Оо, Мухаммад!) Сен Кыямат Күнү Аллах жөнүндө жалган сүйлөгөндөрдү, беттери карарган абалда көрөсүң. Текеберленген (каапыр) адамдарга тозокто орун жок бекен?!","Аллах такыба кишилерди (Куран менен жашап) жеңишке жеткендеринен улам (тозоктон) куткарат. Аларды (эч бир) жамандык кармабайт жана алар кайгыга да батышпайт.","Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал – бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу!","Асмандар менен жердин ачкычтары Ага таандык![1] Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар гана анык зыян тартуучулар!###[1] Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерсени билип турат, каалаган нерсесин жасай алат. Асмандарда жана жерде Аллах таала сырын билбеген эч нерсе жок.","Айт: «Эй, наадандар! Силер мени Аллахтан башкага ибадат кылууга буюрасыңарбы?!»","Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!» – деп вахий кылынды.","Жок! Сен Аллахтын Өзүнө гана ибадат кыл жана шүгүр кылуучулардан бол!","«Алар Аллахты акыйкат баалай алышпады. (Акыйкат баа боюнча) жердин бардыгы Кыямат күндө Анын Өз Чеңгелинде, Жана асмандар Анын Колунда түрмөктөлгөн болот! Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик!»","(Ал Күнү) Сур (кернейи) тартылды. Натыйжада асмандарда жана жерде жашагандардын, Аллах каалагандан башка бардыгы мүрт кетти. Кийин экинчи ирет тартылды. Капыстан алар (тирилип, көздөрү алаңдаган, Акырет коркунучтарына) караган бойдон туруп калышат.[1]###[1] «Сур» кернейин Исрафил периште тартат. Кернейдин коркунучтуу үнү баардык жанзатка угулат жана ким укса мүрт кетип, өлө берет. Бирок, Аллах каалаган адамдар өлбөйт. Керней экинчи ирет тартылганда анын добушунан өлгөндөр менен кошо андан мурунку ажалы менен өлүп, мүрзөгө коюлгандар дагы тирилип, мүрзөлөрүнөн чыгышат. Ал Күндө жер башка жер, асман башка асманга алмаштырылат. Күн, Ай жана башка жылдыздар жок кылынат.","Жер Өз Раббисинин Нуру менен жаркын болду, (пенделердин бардык иштери жазылган) Китеп(тер ар биринин алдына) коюлду жана пайгамбарлар менен (башка) күбөлөр алып келинди.[1] Жана алардын (бардык элдердин) ортосунда акыйкат менен өкүм кылынды. Алар(дан эч бирине) зулум кылынбайт.###[1] Аллахтын улук сот-сурагы башталат: ар бир үммөт өз пайгамбарынын күбөлүгүндө суралат. Ар бир адамга периштелер, өзүнүн дене мүчөлөрү, басып жүргөн жер күбө болуп турушат.","Ар бир жанга өзүнүн жасаганы(на жарашасы) гана толук берилди. Ал алар жасаган иштерди эң жакшы Билүүчү.","(Анан) каапыр болгон адамдар тобу менен тозокко айдалды. Качан ага келишкенде, эшиктери ачылып, тозок корукчулары «Силерге өзүңөрдүн араңардан, ушул күнүңөргө жолугууну эскерткен жана Раббиңердин аяттарын окуп берген пайгамбарлар келбеди беле?» – дешет. «Ооба, келген дешет алар – бирок, азап сөзү (өкүмү) каапырларга акыйкат (жаза) болду».","(Аларга) айтылды: «Түбөлүк кала турган тозок эшиктерине киргиле! Текебер адамдардын орду кандай жаман!","Ал эми, Раббисинен корккон (такыба) адамдар тобу менен бейишке алып барылды. Качан бейишке жетип, эшиктери ачылганда, анын корукчулары айтты: «Силерге (Аллахтан) салам болсун! Кош келиңиздер! Эми бейишке түбөлүк жашоочу болуп киргиле!»","(Такыбалар) айтышты: «Убадасын чындап аткарган жана бизге ушул жерди (түбөлүк) мураска берген Аллахка мактоолор болсун! Биз бейиштен каалаган орундарга түшөбүз! (Жакшы) амал кылуучулардын сыйлыгы кандай сонун!»","Жана сен периштелерди Раббисине мактоо-тасбихтерди айтып, Арштын айланасында турганын көрөсүң. (Ал Күнү) алардын (бардык пенделердин) арасында акыйкаттык менен өкүм кылынды жана «Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун» деп айтылды!","Хаа-миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(Бул) Китептин түшүүсү, Кудуреттүү, Илимдүү , Аллах (таала) тарабынан болду!","(Ал) күнөөнү кечирүүчү, тообону кабыл кылуучу, азабы катуу жана ихсан-пазилеттүү. Эч бир Кудай жок, жалгыз Өзү бар! Кайтып баруу – Өзүнө!","Аллахтын аяттарында каапыр болгондор гана талашышат.[1] (Оо, Мухаммад!) алардын шаарларды кезип жүрүшү сени азгырып койбосун![2]###[1] Мусулмандар дароо моюн сунганга шашылат.\t[2] Шаарларды кезип жүрүү үчүн күч-кубат, бийлик жана байлык керек. Эгер каапырларда ушул нерселер болсо, мунун мааниси «Аллах аларды сүйөт экен» дегенди билдирбейт. Аллах аларды сүйбөйт. Болгону аларга мөөнөт берип жатат. Качан тообо кылып келээр экен деп. Же болбосо, алар дагы да көбүрөөк күнөөгө батып, көбүрөөк азапка ылайык болуулары үчүн өмүр, байлык берүүдө. Алар өткөндөгү каапырлардын кайгылуу тагдырынан сабак алуулары керек.","Алардан илгери Нухтун (каапыр) коому, алардан кийинки (каапыр) жамааттар дагы (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен. Ар бир эл өз пайгамбарын өлтүрүүгө ниеттенген жана жалгандары менен Акыйкатты жеңип алабыз дешип талашып-тартышышкан. Анан Биз аларды (апаат-балээ менен) «кармап койдук». Менин жазалоом кандай болгон!","Каапырларга Раббиңдин Сөзү (азабы) ушинтип акыйкат (жаза) болгон. Чынында алар тозок элдеринен!","Аршты көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин мактап тасбих айтышат, Ага ыйман келтиришет жана ыймандуу пенделерге Аллахтан кечирим сурап (мындай дуба кылышат): «Оо, Рабби! Ар бир нерсени ырайымың жана илимиң менен камтып турасың! (Сага) тообо кылып, Сенин жолуңа ээрчиген (момун) пенделериңдин күнөөлөрүн кечире көр?! Аларды тозок азабынан сакта!","Оо, Жараткан! Аларды жана алардын ата-бабаларынан, жубайларынан жана урпактарынан салих (таза) болгондорун Өзүң аларга убада кылган түбөлүк бейишиңе киргиз! Чынында, Сен Кудуреттүү, Даанышмансың!","Аларды жамандыктардан сакта! Сен бүгүнкү (Кыямат) Күнү кимди жамандыктардан сактаган болсоң, ага ырайым кылыптырсың! Бул деген эң улук жеңиш!»","Каапыр адамдарга бийик добуш менен айтылат: «(Азыр) өзүңөрдү-өзүңөр жек көргөндөн, Аллахтын жек көрүүсү улугураак! Бир кезде силерди ыйманга чакырылганда каапыр болдуңар!","(Каапырлар) айтышты: «Оо, Рабби! Сен бизди эки ирет өлтүрүп, эки ирет тирилттиң![1] Биз күнөөбүздү мойнубузга алабыз! (Бул тозоктон) чыгууга жол барбы?!» («Жол жок» деп айтылат аларга)###[1] Пенде эненин курсагында жансыз бир тамчы суу эле. Анан Аллах ага жан берди. Өүрү бүткөндө экинчи ирет өлдү жана Кыямат сурагы үчүн экинчи ирет тирилет.","«Мунун себеби, силерди Аллахтын Өзүнө (эч нерсени шерик кошпой ибадат кылууга) чакырылганда каапыр болгонсуңар жана Ага шерик кошулса, (ошол жалган кудайга) ыйман келтиргенсиңер! (Бүгүн) өкүм эң Улук, эң Жогорку Аллахка таандык!»","(Эй, инсандар!) Ал силерге Өзүнүн (кудуретинин) белгилерин көргөзүп, силер үчүн асмандан ырыскы түшүргөн Зат. (Муну) Аллахка кайткан адамдар гана эскеришет.","Эми, силер эгер каапырлар жаман көрсө да, (бардык) дин-ибадатты Аллахка калыс багыттаган абалда гана дуба (ибадат) кылгыла!","(Силердин Кудай) Бийик даражалуу жана (Улук) Арштын Кожоюну! Ал пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга жолугушуу Күндөн эскертүү үчүн, Өз буйругу менен вахий түшүрөт.","«Ал Күнү алар (инсандар мүрзөлөрүнөн) көтөрүлүп чыгышат. Эч нерсе Аллахтан жашыруун боло албайт. Ал Күнү мүлк (падышалык) кимдин колунда? Жалгыз Каардуу Аллахтын Колунда!»","«Ал Күндө ар бир жан өзү жасаган ишине жараша гана жаза алат. Ал Күндө зулум жок. Чынында Аллах тез Эсептешүүчү».","(Оо, Мухаммад!) Сен аларды (ошол) жакын Күн менен коркут. Анда жүрөктөр алкымга тыгылып, (адамдар сөздөрүн) ичине жуткан абалда (болушат)! Залымдарга эч бир боорукер, эч бир шапааты кабыл алынган актоочу болбойт!","(Аллах) көздөрдүн (арам нерсеге) жашыруун назар салышын да, жүрөктөр жашырган сырларды да билип турат.","Аллах акыйкат менен өкүм кылат. Ал эми, Аллахтан башка, (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» эч нерсени өкүм кыла алышпайт. Чынында Аллах Өзү гана (бардык нерселерди) Угуучу, Көрүүчү!","(Мушриктер) жер жүзүн кезип, саякат кылып көрүшпөйбү? Ошондо алар өздөрүнөн мурунку (мушрик) адамдардын акыбети эмне болгонун көрүшмөк. Алар булардан күч-кубаттуураак жана жер бетинде калтырган (маданий, аскерий) издери көбүрөөк болгон. Анан Аллах аларды (ширк) күнөөлөрү себептүү кыйратып салды. Аларга Аллах тарабынан эч кандай сактоочу болбоду!","Мунун себеби: аларга өз пайгамбарлары анык аят-далилдер менен келгенде, каапыр болушкан. Анан Аллах аларды кыйраткан. Чынында, Ал Кубаттуу жана азабы катуу!","Биз Мусаны Өз аяттарыбыз жана айкын далил менен жибердик,","Фараонго, Хаманга, Карунга[1] (жана алардын каапыр жердештерине). Алар болсо (Мусаны) «сыйкырчы», «жалганчы» дешти.###[1] Хаман Фараондун вазири, Карун ошол замандагы чириген байлыгына чиренип, текеберленген каапыр болгон.","Муса аларга Биздин алдыбыздан Акыйкатты алып келгенде алар: «Муса менен бирге ыйман келтирген Исраил урпактарынын уул перзенттерин өлтүрүп, кыз перзенттерине жашоо бергиле!» дешкен. Каапырлардын айлакерлиги анык адашуучулукта.[1]###[1] Тактап айтканда, алардын түзгөн айлакер эрежелери максатка жетпейт. Алар Исраил урпагынын эркек балдарын өлтүрө берсек, бир нече жылдардан кийин өзүнөн өзү жоголуп кетет деп эреже түзүшкөн. Бирок Аллах алардын эрежелерине каршы эреже түзүп, бардыгын деңизге чөктүрүп жиберген. Бул окуялардын толук баяны өткөн сүрөлөрдө айтылды.","Фараон айтты: «Мага койгула, Мусаны өлтүрөйүн. Жана ал Раббисине жалбара берсин. Мен силердин диниңерди (Муса) өзгөртүп же болбосо жер бетинде бузукулук чыгарып жиберишинен коркуп жатамын».","Муса айтты: «Мен Өзүмдүн жана силердин Раббиңер Аллахка жалбарып, эсеп (Кыямат) күнүнө ишенбеген ар бир текеберден коргоосун суранамын».","(Ошондо) Фараондун туугандарынан болгон (жана) ыйманын жашырып жүргөн бир ыймандуу киши[1] айтты: «(Эмне, силер) «Раббим – Аллах» дегени үчүн эле, бир адамды өлтүрүп саласыңарбы?! Ал силерге Раббиңерден далил-баяндар алып келди го! Эгер ал жалганчы болсо, жалганы өз моюнуна! Эгер сөзү чын болуп калса, ал силерге убада кылган кээ бир азаптар башыңарга түшүп жүрбөсүн! Чынында, Аллах чектен чыккандарды, жалганчыларды туура жолго баштабайт!###[1] Аалымдар «бул киши кыйла мансаптуу болуш керек. Анткени, коомдо даражасы төмөн адам ачыктан-ачык Мусаны актап сүйлөй алмак эмес» - дешет.","Оо, коомум! Бүгүн бийлик силердин колуңарда. Жер бетинде жеңүүчү болуп турасыңар. Эгер Аллахтын азабы келип калчу болсо, андан бизди ким куткара алат?!» Фараон айтты: «Мен силерге өзүмдүн пикиримден башка пикирди сунуш кылбаймын. Мен силерди туура жолго гана баштаймын»","Ыйман келтирген киши айтты: «Оо, коомум! Мен силердин башыңарга уюшкан топтордун күнүндөй күн түшүп калуусунан коркомун!","Нух коомунун, Аад, Самуд жана алардан кийинки (каапыр) элдердин иши (сыяктуу иш башыңарга түшүп калышынан коркомун!) Аллах эч качан пенделерге зулумду каалабайт!","Оо, коомум! Мен кыйкырышуу Күнүндө[1] силерге (азап болушунан) коркомун!###[1] Кыяматтын сот-сурагы бүтүп, адамдар тозок менен бейишке бөлүнгөндө тозоктогулар бейиштегилерге суктанып, бир аз суудан кайрымдуулук көргөзүп коюуларын суранып, кыйкырып кайрылышат.","Ошол күнү (азаптан) кетенчиктеп качасыңар. (Бирок) силерге Аллах тарабынан эч бир жардамчы болбойт. Аллах кимди адаштырып койсо, аны туура жолго баштоочу жок!","Силерге мындан мурун Юсуф (пайгамбар) далил-баяндар алып келгенде да, ал алып келген динден такай шектенүүдө болгонсуңар. (Ал эми) качан ал өлгөндө «Аллах андан кийин эч качан пайгамбар жибербейт» – дедиңер. Аллах чектен чыккан, шекчил адамдарды ушинтип адаштырат!","Өздөрүнө (Аллах тарабынан эч кандай) далил келбесе деле, Аллахтын аяттары жөнүндө талашып-тартышкандар, Аллахтын алдында жана ыймандуу кишилердин алдында эң жек көрүндү болгон адамдар! Аллах ар бир текебер, зордукчул адамдын жүрөгүнө ушинтип мөөр басат!»","Анда Фараон айтты: «Оо, Хаман! Мага (бийик) мунара кургунуң! Ажеп эмес мен жолдорго жетип барсам!","Асмандардын жолдоруна! Анан Мусанын кудайын (өз көзүм менен) көрөйүн. Мен ойлойм, ал (Муса) жалганчы болуш керек». Ошентип Фараонго (шайтан тарабынан) өз ишинин жамандыгы кооз көргөзүлдү жана (туура) жолдон тосуп коюлду. Фараондун (бул) амалкөйлүгү чынында пайда бербеди.","Ыйман келтирген адам айтты: «Оо, коомум! Мени ээрчигиле! Мен силерди (Мусанын дини менен) туура жолго баштайын!","Оо, коомум! Чынында бул дүйнө жашоосу (убактылуу гана) пайдалануу! Чыныгы (түбөлүк жашоочу) орун – бул Акырет!","Ким бир күнөө иш жасаса, ошол ишине жараша гана жаза алат. Ал эми, эркек же болбосо аялдардан кимиси ыймандуу болуп, жакшы иш жасаса бейишке кирет (жана) анда (ага) эсепсиз ырыскы берилет.","Оо, коомум! Эмне үчүн мен силерди (тозоктон) кутулууга чакырсам, мени тозокко чакырып жатасыңар?!»[1]###[1] «Мусага ээрчисек - тозоктон кутулабыз, Фараонго ээрчисек тозокко тутулабыз» демекчи болууда.","Силер мени Аллахка каапыр болуп, өзүм (кудай экенин) билбеген нерселерди Ага шерик кылууга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди кудуреттүү, кечиримдүү Кудайга (Аллахка) чакырып жатамын.","Силер мени ага чакырып жаткан «кудайыңар» дүйнөдө да, Акыретте да чакырууга арзыбайт (дубаларды укпайт). Бардыгыбыз Аллахка гана кайтабыз. Жана (Аллахка душмандык менен) чектен чыккандар, дал ошолор тозок элдери!","Мен силерге айткан (бул) сөздөрдү тез аранын ичинде (Кыяматта) эскерип калаарсыңар. Мен ишимди Аллахка тапшырамын. Чынында Аллах пенделерди(н ар бир кыймыл аракетин) көрүп туруучу!» (Фараон аны өлтүртмөк болду).","(Бирок), Аллах алардын айла – амалдарынан аны сактап калды. Ал эми, Фараон менен анын элин коркунучтуу азап ороду.[1]###[1] Фараон Исраил урпактарын бир түндүн ичинде Мисирден чыгарып кеткен Мусанын артынан куугун салып, бүт Мисир элин ээрчитип, Кызыл деңиз жээгинде аларды кууп жетет. Аллах Муса менен анын элине деңизден он эки катар жол ачып аман-эсен өткөрүп, артынан Фараон эл-аскерин ээрчитип киргенде, деңиз кайра кошулуп, аларды коркунучтуу азап ороп алат.","Аларга (Фараон менен элине) эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат.[1] Ал эми, Кыямат болгондо, (бир добуш): «Фараон элин эң катуу азапка киргизгиле!» (дейт.)###[1] Аларга тозоктун көргөзүп турулуусу мүрзөдө боло турган азап. Бул аят Барзах (кабыр) азабынын бар экенине далил болот.","Ошондо алар тозокто туруп бири-бирине (күнөө тагып) далил айтышат. Алсыз (ээрчиген) мушриктер текеберленген (жетекчи) мушриктерге: «Биз силерге ээрчиген элек. Эми (бүгүн) силер бизден тозоктун бир үлүшүн болсо да арылта аласыңарбы!» – дешет.","(Анда) жетекчи мушриктер айтышат: «Бул жерде бардыгыбыз (алсызбыз). Пенделердин арасында Бир Аллахтын Өзү гана өкүм кылат».","Анан тозоктогулар тозок кароолчусуна: «Раббиңерден сурагыла, бизден бир күн (болсо да) азапты жеңилдетсин?!» дешти.","(Тозок кароолчулары) айтышты: «Силерге пайгамбарыңар (ушул күндөрдү эскерткен) анык далилдар менен келбеди беле?!». «Жок, келген» (дешти тозоктогулар. Анда тозок периштелери): «Өзүңөр сурагыла! Бирок каапырлардын дуба-тилектери текке кетет!» – дешти.","Чынында Биз пайгамбаларыбызга жана ыймандуу пенделерге, дүйнө жашоосунда да, күбөлөр (даяр болуп) турган (Кыямат) күндө да анык жардам беребиз.","Ал Күндө залым пенделерге шылтоолору пайда бербейт! Аларга наалат жана эң жаман орун (тозок) бар!","Биз Мусага Хидаят – туура жол бердик жана (ага түшүргөн) китепке Исраил урпактарын мураскор кылып койдук.","(Ал Китеп) туура жолду жана акылдуу адамдар үчүн Зикир-эскертүүлөрдү (өз ичине камтыган)","(Оо, Мухаммад! Мушриктерге) сабырдуу бол! Чынында, Аллахтын убадасы – Акыйкат! Күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим сурап, эртели-кеч Раббиңе мактоо жана тасбих айт!","Аллахтын аяттары жөнүндө, өздөрүнө (эч кандай илахий) далил келбесе да, талашып-тартыша турган кишилердин жүрөгүндө текберленүүдөн башка эч нерсе жок.[1] Алар ага (чындыкка) жете албайт. Эми сен Аллахтан коргоо тиле. Ал – Угуучу, Көрүүчү!###[1] Же колунда илахий китептен далили жок, же илим-билими жок. Ушул караңгы абалында Аллах жөнүндө талашып, Ага ылайык келбеген сыпаттарды берет. Бул текебер адамдар чындап бир чындыктын түбүнө жетүүнү максат кылышпайт. Көздөгөнү бирөө гана: Аллахтын Динине бут тосуу.","Аныгында, асмандар менен жерди жаратуу инсаниятты жаратуудан чоң нерсе. Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) билбей жатышат.","Жана (эч качан) сокур менен көздүү адам жана ыйман келтирип, салих амал кылгандар менен күнөөкөр (адамдар) тең боло албайт. (Оо, Адамдар Аллахты) өтө сейрек эскерүүдөсүңөр.","Чынында саат (Кыямат) анык келүүчү. Анда эч күмөн жок. Бирок, көп адамдар ыйман келтирбей жатышат.","Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет.","Аллах силерге эс алып, тынчтанууңар үчүн түндү, (ал эми тиричилик үчүн) жарык күндүздү жаратып берди. Аллах аныгында, адамдарга абдан пазилеттүү! Бирок көпчүлүк адамдар шүгүр кылбай жатышат.","Ушул Аллах – силердин Раббиңер! Ал бардык нерселердин (жалгыз) Жаратуучусу! Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бара жатасыңар?!","Аллахтын аяттарын тааныбай койгон адамдар ушинтип бурулуп кете беришет.","Аллах силерге жерди үй, асманды там кылып берди. Жана силерге шекил-сүрөт берип, эң мыкты келбеттүү кылып жаратты. Жана силерге (ар түрдүү) таза-пакиза ырыскыларды берди. Ушул Аллах силердин Раббиңер! Ааламдардын Раббиси Аллах Улук-Берекеттүү!","Ал (түбөлүк) Тирүү! Эч бир кудай жок, Бир Өзү гана бар! Демек, ибадатты Бир Өзүнө арнап, Бир Өзүнө дуба кылгыла! Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоо(лор) болсун!","(Оо, пайгамбар,) айткын: «Мага Раббим тарабынан анык баяндар (Куран аяттары) келгенде, мен Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларга» ибадат кылуудан кайтарылдым жана ааламдардын Раббиси үчүн гана (жүрөгүм, бүт дене мүчөлөрүм менен) моюн сунууга буйрулдум.","Аллах силерди (оболу) топурактан, андан соң бир тамчы бел суудан, андан соң коюу кандан жаратты. Андан кийин бөбөк абалыңарда (жарык дүйнөгө) чыгарды. Андан кийин күч-кубатка толгон жашка жетишиңер үчүн, жана андан соң картайган (чал-кемпир) болуп калышыңар үчүн (муундан муунга өткөрдү.) Силерден кээ бирөөңөр (карылыктан) мурун өтүп кетишет. (Дагы бирөөңөр болсо) белгиленген мөөнөткө (картайып, анан өлүм табууга) жетишиңер үчүн (узун өмүр сүрөт). Кана эми акылыңарды иштетсеңер!","Ал тирилтет жана өлтүрөт. Эгер бир (чоң же кичине) ишти өкүм кылчу болсо, ага (карата) «бол!» деп айтат. Анан ал болуп калат!","Аллахтын аяттары жөнүндө (далилсиз эле) талашып жаткан адамга карабайсыңбы! Каякка бурулуп баратышат?!","Алар – Китепти (Куранды) жана Биз пайгамбарларыбызга жиберген динди «жалган» деген адамдар! Жакында билип алышат!","Ошол Күнү алардын моюнунда сүйрөлө турган кишендер жана чынжырлар болот,","(тозоктогу) кайнак суу тарапка! Кийин (шайтандары менен кошо таңылып) тозокто куйкаланат!","Кийин аларга айтылат: «Шерик кылган «кудайыңар» кайда,","Аллахтан башка? «Бизден жоголуп калды го! Жок, биз мурун аларга эч дуба (ибадат) кылган эмеспиз!» – дешет. Аллах каапырларды ушинтип адаштырат.","«Бул жер бетинде акыйкатсыздык (жалган дүйнө азгырыктары) менен корстон болгонуңардын жана текеберчилигиңердин (жазасы)!","(Эми) анда түбөлүк кала турган тозок эшиктеринен киргиле! Текебер адамдардын орду кандай жаман!»","(Оо, Мухаммад,) сабыр кыл. Аллахтын убадасы – Акыйкат! Аларга убада кылган азаптын кээ бирөөлөрүн сага көргөзөбүз, же болбосо, (аларга азап жибере электе) жаныңды алабыз. (Анда алардын азап тартканын Акыретте көрөсүң. Анткени бардыгы) Өзүбүзгө гана кайтарылышат.","Биз сага чейин (көп) пайгамбарларды жибердик. Алардын арасынан сага (Куранда) баяндап бергенибиз да бар, баян кылып бербегенибиз да бар. Эч бир пайгамбар Аллахтын уруксаты болмоюнча эч кандай моожиза келтире албайт![1] Ал эми, качан Аллахтын буйругу келгенде, акыйкат менен өкүм кылынат. Ошол жерде жалганчылар зыянга учурашат!###[1] Мушриктер Мухаммад саллаллооху алайхи ва салламга «эгер пайгамбарлыгың чын болсо, бизге үрөй учурган нерселерди моожиза кылып көргөзчү?! Же болбосо, биздин башыбызга азап келтирчи?!» - деп капа кылышканда, анын көңүлүн көтөрүү үчүн ушул аяттар түшүрүлгөн.","Аллах силерге (ар түрдүү) айбандарды жаратып (моюн сундуруп) берди. Алардын арасынан минишиңер үчүн (жаратканы бар). Алардын арасынан (этин) жешиңер үчүн (жараткандары бар).","Ал айбандарда силер үчүн (көп) пайдалар бар. Жана аларга минип көңүлүңөрдөгү максат-муктаждыгыңарга жетишиңер үчүн алардын үстүнө жана кемелердин үстүнө (Аллахтын пазилети менен) мингизип коюлдуңар.","Аллах силерге (кудуретинин) белгилерин көргөзүүдө. Аллахтын кайсы аят-белгисин жокко чыгара алсыңар?!","(Мушриктер) жер жүзүн кезип саякат кылышпайбы. Ошондо өздөрүнөн мурунку (каапыр) элдердин акыбети кандай болгонун көрүп алышмак. Алар булардан күч-кубаттуурак, жана жер бетинде калтырган (тарыхий-маданий) издери көбүрөөк эле! Бирок, жасаган өнөрлөрү аларга (Аллахтын азабы келгенде) пайда бере албады!","Аларга пайгамбарлары далил-баяндар менен келгенде, өздөрүндөгү илим менен текеберлене сүйүнүшкөн (жана бейиш-тозок жөнүндөгү кабарларды мыскылдашкан). Анан аларды мыскылдаган нерселери (тозок оту) ороп алды.[1]###[1] Тафсирчи аалымдар Куранды кабыл албай коюуга себеп болгон жана каапырлар аны менен текберлене сүйүнгөн илимди философия илими болушу ыктымал дешет. Чынында көпчүлүк учурда таза Куран акидасын кабыл алууга, адашкан философтор менен ар кандай философиялар тоскоол болот.","Ал эми, качан Биздин азапты (өз көздөрү менен) көргөндө гана «Аллахтын жалгыз Өзүнө ыйман келтирдик! Аллахка шерик кошкон «кудайларыбыздан» кайттык!» деп (кокуйлап) калышты.","Бирок, Биздин азабыбызды көрүп калгандагы ыймандары аларга пайда бербеди! (Бул) (байыркы) пенделеринин арасында өткөн Аллахтын (сыналган) Жолу. Каапырлар ошондо (азап келгенде) өлүмгө жолугушту!","Хаа-миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(Бул) Ырайымдуу, Мээримдүү тарабынан түшүрүлгөн, (жана)","(маанисин) билген адамдар үчүн аяттары арабча Куран калыбында толук баяндалган (Китеп)","(Бейиштен) куш кабар айтуучу, (тозоктон) кайгылуу кабар айтуучу (китеп). Бирок алардан (Курайш мушриктеринен) көпчүлүгү жүз үйрүп кетишти. Эми алар угушпайт.","Жана: «Силер бизди чакырып жаткан нерсе үчүн жүрөгүбүздө парда, кулагыбызда дүлөйлүк жана сен менен биздин арабызда тосмо бар! Сен (өз диниңде) ибадат кыл, биз дагы (өз динибизде) ибадат кылабыз» дешти.","Айткын: «Мен деле силер сыяктуу адаммын. (Болгон айырмабыз:) мага (Раббимден) вахий келет. Силердин кудайыңар жалгыз Кудай. Анын Өзүнө (ибадат кылуу менен) түз болгула! Жана Андан күнөөңөрдү кечиришин сурагыла! Мушриктерге өлүм болсун!»","Алар Акыретке ишенбеген жана (ошол себептүү) зекетти да бербеген адамдар.","Чынында, (Акыретке) ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган кишилер үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!»","Айткын: «Силер жерди эки күндүн ичинде жараткан Аллахка каапыр болосуңарбы?! Ага теңдеш-шериктерди кошосуңарбы?! Ал – ааламдардын (жалгыз) Жаратуучусу го!»","Жана Ал жер үстүнө тоолорду жаратты, төрт күндүн ичинде жердеги ырыскы-жемиштерди толук өлчөп-ченеп, берекелүү кылып койду. (Бул) сурагандар үчүн.","Кийин (жаратуу үчүн) асман(дар)ды максат кылды.[1] Ал (асман) түтүн (болчу). Анан ага жана жерге: «Моюн сунсаңар да сунбасаңар да Мага (менин буйругума) келгиле!» – дегенде, алар: «Моюн сунган абалда келдик» – дешти.###[1] ثم استوى سبحانه وتعالى, أي قصد إلى السماء Тафсийрул муяссар","Анан (дагы) эки күндүн ичинде жети асманды(н жаралышын) бүтүрдү жана ар бир асманга өз ишин вахий (дайын) кылды. Жана Биз Дүйнө Асманын чырактар менен кооздодук. (Жана ал жылдыздарды жин-шайтандардан) коргоочу (кылдык). Бул (жаратылыштар) Илимдүү, Кудуреттүү Аллахтын тагдыры.","Эгер (мушриктер дагы эле) жүз үйрүсө, айткын: «Мен силерди Аад жана Самуддун азабы сыяктуу азаптан эскерттим!»","Бир кезде аларга пайгамбарлар биринин артынан бири келип: «Аллахтан башкага ибадат кылбагыла!» (дегенде) «Эгер Раббибиз кааласа, периштелерди (пайгамбар кылып) түшүрмөк. Биз силер алып келген Динге ишенбейбиз. (Анткени, адамдан пайгамбар чыгышы мүмкүн эмес)» дешти.","Ал эми, Аад (уруусу) болсо, акыйкатсыздык (зордук-зомбулук) менен жер жүзүндө текеберленип: «Бизден күч кубаттуу эч ким жок!» дешти. Алар өздөрүн жараткан Аллах алардан күчтүүрөөк экенин билишпеди бекен?! Алар (ошентип) аяттарыбызды четке кагып коюшту.","Кийин Биз аларга дүйнө жашоосунда кордук азабын таттыруу үчүн бактысыз күндөрдө катуу добул шамалды жибердик! Акырет азабы андан да кордоочураак! (Ал Күнү) аларга эч жардам берилбейт!","Ал эми Самуд (элдерине) Биз (Салих пайгамбар аркылуу) хидаят берсек, хидаят-туура жолдон сокурлукту абзел көрүштү. Анан аларды жасаган күнөө иштери себептүү кордук азабынын чагылганы урду!","Биз ыйман келтирип, такыба болгон кишилерди куткарып калдык.","Ал эми, Аллахтын душмандары тозок тарапка чогултулуп, тизип коюлган күнү,","Тозокко (жакын) келишкенде («Биз күнөө кылган эмеспиз!» деп тана башташат. Ошондо) алардын зыянына көздөрү, кулактары жана терилери, жасаган (күнөө) иштерине күбөгө өтүшөт.","Анда алар терилерине: «Эмне үчүн биздин зыяныбызга күбөлүк бердиңер?» – дешет. (Терилери жана башка дене мүчөлөрү) айтат: «Ар кандай нерсени сүйлөтө алган Аллах бизди да сүйлөттү. Ал силерди биринчи ирет (жоктон бар кылып) жараткан. Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар».","Силер (эй, күнөөкөр адамдар!) Өзүңөрдүн зыяныңарга кулагыңар, көзүңөр, териңер күбөлүк беришинен (дүйнөдө) жашынбайт элеңер. (Анткени), жасаган ишиңерден көпчүлүгүн Аллах билбей калат деп ойлогонсуңар.","Раббиңерге күмөн санаган ушул ката пикириңер силерди өлүмгө алып келди. Эми зыян тартуучулардан болуп калдыңар.","Эгер (азапка) чыдай алса, тозок-алардын жайы. Эгер (дүйнөгө) кайтарууну сурашса кайтарылуучу болушпайт.","Биз аларга (Куранды четке каккандан кийин жин-шайтандардан) досторду» даярдап койгон элек. Анан алар (шайтандар) буларга алды-артындагы күнөөлөрдү кооздоп көргөзгөн. (Натыйжада) өздөрүнөн мурда өткөн (каапыр) инсандар жана жиндердин катарында алардын башына да сөз (азап) келиши акыйкат болуп калды. Алар зыян тартуучу болушту.","Каапыр адамдар (бири-бирине): «Куранды укпагыла! (Эгер капыстан угуп калсаңар) аны жеңип, жогору келишиңер үчүн маанисиз сөздөрдү сүйлөп таштагыла!» – дешти.","Биз каапырларга сөзсүз катуу азап таттырабыз жана өздөрү жасаган (жаман) иштен да жаманыраак жаза менен жазалайбыз!","Ушул жаза Аллахтын душмандарынын жазасы: тозок! Биздин аяттарыбызды (мыскылдап) четке каккандарынын жазасына алар үчүн тозокто түбөлүк орундар бар![1]###[1] Бул аят Курандан тоскон адамдарга катуу азап бар экенине далил болот.","(Каапыр жолбашчыларды ээрчип) каапыр болгон адамдар (тозокто туруп): «Оо, Рабби! Бизге азгырган адамдарды жана жиндерди көргөз! Биз аларды, эң төмөнкү тозокто болушу үчүн, тамандарыбыз менен эзип-жанчып туралы!» дешти.","«Раббим – Аллах» деп, андан соң (дин-ибадаттарында) түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: «(Келечектен) коркпогула, (өткөн ишке) өкүнбөгүлө! Өзүңөргө убада берилген бейиш менен сүйүнгүлө!","Биз дүйнө жашоосунда да, Акыретте да силердин жакын досуңар болобуз. Силер үчүн бейиште көңүлүңөр каалаган нерселер бар! Силер үчүн ал жерде тилеген бардык нерсе бар!","Ырайымдуу, Кечиримдүү (Аллах) тарабынан зыяпат иретинде!» (дешет).","Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллахка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!» – деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар?","Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат.","Муну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет.[1]###[1] Бул аятта Аллах Өз пайгамбарына жана жалпы мусулман калкына инсандан болгон душмандарга кандай мамиле кылууну үйрөттү. Кийинки аяттарда жин-шайтандан болгон душманга кандай мамиле жасоону үйрөтөт.","Эгер сени шайтандын бир азгырыгы азгырса Аллахтан коргоо тиле![1] Чынында Ал – Угуучу, Билүүчү!###[1] Бул коргонуу «Аъуузу биллаахи минаш-шайтанир-ражиим» деген дубаны окуу менен болот. Мааниси: «Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын жамандыгынан Аллахтан коргоо тилеймин» дегенди билдирет.","Күн, Ай, күндүз жана түн Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор!","Эгер (Аллахка ибадат кылуудан) текеберленишсе, (билип коюшсун: Аллах алардын ибадатына муктаж эмес!) Раббиңдин алдындагы (сан-санаксыз) периштелер, күнү-түнү (тынбай) жана чарчап-чаалыкпай Ага тасбих айтышат.","Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен дагы бири, сен жерди куп-кургак (өлүк сыяктуу кунарсыз) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрсөк козголуп, көөп чыгат (жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өндүрө баштайт). Жерди (ушинтип) тирилткен Кудай өлүктөрдү да тирилте алат. Ал ар кандай нерсеге Кудуреттүү!","Биздин аяттарыбызга мулхид[1] болгон адамдар Бизден жашына алышпайт! (Мулхид болуп) тозокко ташталган адам жакшыбы же Кыяматта аман-эсен келе турган адамбы? (Эй, мушриктер, бардыгын угуп-билип алдыңар. Эми) каалаган ишиңерди жасай бергиле! Ал силердин (бардык) ишиңерди Көрүүчү.###[1] «Мулхид» деген сөздүн эки мааниси бар: 1) Аллахтын аяттарына ишенбей, аны четке кагуу. 2) Аллахтын аяттарын өзгөртүү, же болбосо, кимдир бирөөлөрдүн талабы менен маанисин бурмалап түшүндүрүү.","«Өздөрүнө келген убакытта Зикирге (Куранга) каапыр болгон адамдар (катуу азапка дуушар болушат). Чынында, ал Ыйык Китеп. (Анткени),","Анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал (Куран) Даанышман, Макталган (Аллах) тарабынан түшүрүлгөн».[1]###[1] Ошол Аллах «Чынында Зикирди Биз түшүрдүк. Жана аны Өзүбүз сактоочубуз» деп убада берген. Демек, байыркы ыйык китептер - Тоорат жана Инжилдин ичине аралашкан сыяктуу, Курандын ичине инсанияттын жалган сөздөрү эч качан аралашып кетпейт.","Сага мурунку пайгамбарларга айтылган сөздөрдөн ашыкча сөз айтылган жок.[1] Чынында, Сенин Раббиң (тообо кылгандарды) Кечиримдүү жана (тообо кылбаган каапырларды) Азаптоочу!###[1] Мурунку пайгамбарларга өз элдери «Сен - жалганчы, сыйкырчысың!» дешкен.","Эгер Биз аны арабча эмес Куран кылганыбызда (араб мушриктери): «Анын аяттары түшүнүктүү болсо болмок! Арабча эмес бекен?! (Мухаммад өзү) араб эмес беле?!» дешмек. Айткын: «Бул (Куран) ыймандуу адамдарга туура жол жана шыпаа, ал эми кулактарында дүлөйлүк бар (себептүү) ага ыйман келтирбеген адамдар үчүн сокурлук (болот). Алар алыс жерден чакырылган адамдар (сыяктуу Куранды угушпайт)».","Биз Мусага да Китеп (Тоорат) берген элек. Алар (Мусанын эли) анда бир пикирге келише албай (бир бөлүгү ыйман келтирип, бир бөлүгү каапыр болуп) калышты. Эгерде, Раббиң тарабынан алдын ала айтылган («Алар Кыяматта азап тартышат» деген) Сөз болбосо, алардын арасында (эчак эле) өкүм чыгарылмак. (Б. а. каапырлардын башына азап түшүп, кырылып калмак. Себеби,) алар (Тоораттан) катуу шектенүүдө болушкан.","Ким жакшы иш жасаса өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса өзүнө зыян! Сенин Раббиң пенделерге зулум кылуучу эмес."]