["Кыяматтын илими Өзүнө гана кайтарылат.[1] Өз бүчүрүнөн чыга турган бардык мөмөлөр, бардык ургаачылар боюна көтөргөн жана төрөгөн нерселер Анын гана илими менен (камтылган)! Ошол (Кыямат) Күнү (Аллах) аларга: «Менин «шериктерим» кана?!» (дегенде) алар: «Биздин арабызда (Сенден башканын кудай экенине) күбө жок экенин Сага билдиребиз» дешти.###[1] Кыямат качан болушун бир Өзүнөн башка эч ким билбейт","Жана буга чейин (дүйнө жашоосунда) ага дуба кылган «кудайлары» алардан жоголуп, өздөрүнө куткаруучу жок болуп калганын анык билишти.","Инсан (өзүнө) жакшы дуба-тилек кылуудан эч чарчабайт. Эгер ага бир жамандык жетип калса, дароо мүңкүрөп, үмүтсүз болуп калат.","Эгерде ага жеткен кайгыдан соң Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, «Мен ушуга татыктуу элем. Кыямат болушуна да күмөнүм бар. Эгер (Кыямат чын болуп) мен Раббиме кайтарылган күндө деле, Анын алдында мага жакшылыктар (бейиш) болот!» деп айтаары бышык. Биз каапыр болгон адамдарга жасаган иштеринин кабарын берип, аларга катуу азап(тын «даамын») таттырабыз.","Эгер Биз инсанга нээмат берип койсок, (Бизден) жүз буруп, көөп, бой көтөрүп калат. Ал эми, бир жамандык жетип калса, узун-узун дубаларды окуп калат.","Айткын: «(Эй, мушриктер), айткылачы мага, эгер (Куран) Аллахтын алдынан (келгени чын) болуп, силер ага каапыр болсоңор, Аллахка түбөлүк душмандыкта болгон кишиден көбүрөөк адашкан ким бар?!","Биз аларга анын (Курандын) акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп коёбуз. Раббиңдин ар нерседен Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи?!","Көңүл бургула! Алар Раббисине жолугуудан күмөндө болушууда! Көңүл бургула! Чынында ал ар бир нерсени (Өз илими менен) Камтуучу».","Хаа, Мийм.","Айн, Сийн, Кааф.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Кудуреттүү, Даанышман Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга мына ушинтип вахий түшүрөт.","Асмандардагы жана жердегинин бардыгы Ага таандык. Ал-эң Жогорку, эң Улук!","Үстүндөгү асмандар жарылып кетчүдөй болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллах(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу!","Аллахтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллах сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (Оо, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң.","Биз сага Уммул Курааны(н элин)[1] жана анын айланасындагы элдерди, шексиз келе турган Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Куранды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат).###[1] Уммул Кура – Мекке шаарынын бир аталышы. Мааниси «Эне шаар» же «шаарлардын энеси».","Эгер Аллах кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Залымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок!","Же алар Аллахтан башка «кудайларды» башчы кылышабы? (Адамга чыныгы) башчы бул Аллах! Ал өлүктөрдү тирилтет! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!","Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү – Аллахка! Ушул Аллах менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын!","(Аллах-) асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Ал силерге өзүңөрдөн жуп-түгөй жаратты. Жана Ал айбанаттардан да жуптарды жаратты. Силерди ошол (жуп-жубайлык) боюнча өндүрүп-өстүрөт. Ага (Аллахка) эч нерсе окшобойт. Ал – Угуучу, Көрүүчү!","Асмандардын жана жер (казынасынын) ачкычтары бир Өзүнүн колунда. Каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал бардык нерсени Билүүчү!","Ал силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Исага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле» – деп вахий кылганбыз. Силер даават кылган нерсе (тавхид ишеними) мушриктерге оор келди. Аллах ал нерсеге Өзү каалаган пендесин тандап, (Өзүнө) умтулган пендесин ага жолдойт.","Алар өздөрүнө (Аллах тарабынан) илим (Тоорат, Инжил) келгенден кийин гана, өз ара көралбастыктан улам бөлүнүп кетишти.[1] Жана эгер Раббиң тарабынан алдын ала айтылган «белгилүү мөөнөткө чейин (азабы кечиктирилет) деген» Сөз болбогондо (каапырлар кыйратылып) алардын арасы (эчак эле) ажырым кылып коюлмак. Алардан кийин Китепке мураскор кылынган урпактар деле Андан (Тоораттан, Инжилден) катуу шектенүүдө болушту.###[1] Аз гана бөлүгү Китепти ээрчип, тавхид (жалгыз Аллахка сыйынуу) ишениминде калды. Көпчүлүк бөлүгү буларга душман болушту.","Ошондуктан эми сен (үммөтүңө бекем) даават кыл, өзүңө буюрулгандай түз бол жана алар (каапырлар, мунафыктыр) каалаган жолдорду ээрчибе! Сен: «Аллах түшүргөн (ар бир) китепке ыйман келтирдим жана силердин араңарда адилет кылууга буюрулдум. Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Бизге өз амал-ибадаттарыбыз, силерге да өз амал-ибадатыңар. Биз менен силердин араңарда (айтылбаган) далил калбады. Аллах биздин арабызды (Кыяматта) чогултат. Кайтуу Анын Өзүнө» – дегин.[1]###[1] Булар Ислам дааватын кабыл албаган Китеп элдерине айтылчу сөздөр. Оболу далил айтылат. Укса-укту. Укпаса «Аллах Кыяматта ажырым кылат» деп, ар ким өз ибадатын жасай берет.","Аллахтын динине (оң) жооп берилгенден (чындыгы тастыкталгандан) кийин (дагы эле) Аллах жөнүндө далилдешип (талашып-тартышып)[1] жүргөн адамдардын далилдери Раббисинин алдында жалган. Аларга (Аллах тарабынан) каар-казап жана катуу азап бар!###[1] Китеп элдери менен мушриктер Аллах жөнүндө талашып «Аллахтын баласы, кызы жардамчылары болот» дешкен.","Аллах Китепти жана Адилеттикти акыйкаттык менен түшүргөн. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, Кыямат жакын болсо ажеп эмес.","Кыяматка ишенбеген каапырлар аны(н келишин) шаштырышат. Ыймандуулар болсо, андан коркушат жана анын Акыйкат экенин билишет. Көңүл бургула, чынында Кыяматтан шектенгендер катуу адашууда!","Аллах пенделерине Боорукер. Каалаган пендесине ырыскы берет. Ал Кубаттуу, Кудуреттүү!","Ким Акырет сыйлыгын кааласа анын сооп-сыйлыгын көбөйтөбүз. Ал эми, ким дүйнө сыйлыгын кааласа, андан (каалашынча) беребиз, бирок ага Акыретте (акыреттик сыйлыктан) насип болбойт.","Же болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?![1] Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) чечүүчү сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында залымдарга жан ооруткан азап бар!###[1] Китеп элдеринин жана мушриктердин кээ бир чоңдору, диний жетекчилери өз ойлорунан адал-арам эрежелерин чыгарып элге таңуулаган. Аллах бул аятта ошол диний жетекчилерди Аллахка шерик кошулган жалган кудайларга, алар түзгөн жолдорду шариятка, алардын жолун тастыктагандарды алардын пенделерине окшотууда жана Өзүнүн жолуна атаандаш жол-шарият түзгөндөрдү эскертүүдө.","Сен залым (каапыр) адамдарды жасаган (күнөө) иштеринен (келчү азаптан) коркуп, жалдыраган абалда көрөсүң. Ал (азап) аларга түшүүчү! Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылган адамдар, бейиш бактарында болушат. Аларга Раббилеринин алдында каалаган нерселери даяр. Бул улук пазилет!","Булар Өзүнүн ыймандуу жана салих амал кылган пенделерине Аллах сүйүнчүлөгөн куш кабар. (Оо, Мухаммад!) Айткын: «Мен ал (Куран үйрөткөнүм) үчүн силерден акы сурабаймын. (Тууган-урукчулуктун негизиндеги) жылуу мамилени гана сураймын». Ким жакшылык жасаса, Биз анысына дагы көп жакшылыктарды кошумча кылабыз. Чынында, Аллах (күнөөлөрдү) Кечирүүчү (пенделеринин жакшы иштерине андан жакшыраак) сыйлык берүүчү.","Же болбосо, (мушриктер «Мухаммад) Аллахка доомат кылды» - дешеби?! Эгер Аллах кааласа, жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллах (вахий менен) жалганды өчүрөт. Жана Өз сөздөрү менен Акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү!","Аллах Өз пенделеринен тообону кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат.","Жана Ал ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдарга (дубаларын кабыл алуу менен) жооп берет жана аларды Өз пазилетинен аларды(н сообун) көбөйтөт. Ал эми, каапырларга катуу азап бар!","Эгер Аллах пенделерине ырыскыны кенен берсе, алар жер бетинде зулумдукка берилип кетишмек. Бирок Өзү каалаган өлчөмдө түшүрөт. Ал Өз пенделерин(ин табиятын) Көрүүчү (жана) Кабардар.","Ал (пенделерине) үмүтсүз болуп калгандарынан кийин жамгыр жаадырып, Өз ырайымын таратат. Ал Башкаруучу, Макталган!","Асмандар менен жерди жаратканы жана ал экөөнө жаныбарларды таратканы Анын (кудуретинин) белгилеринен. Өзү каалаган убакытта аларды чогултуп алууга Кудуреттүү.","Силерге жеткен ар бир балээ-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллах көп (күнөөлөрдү) кечирет.","Жана силер жер бетинде (Аллахты) алсыз калтыра албайсыңар. (Ошондуктан) силерге Аллахтан башка башкаруучу да жардамчы да жок.","Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири) деңиздеги тоо сыяктуу кемелер.","Эгер (Аллах) кааласа, шамалды токтотуп коёт. Анан (ал) кемелер деңиз бетинде токтоп калышат. Албетте бул нерседе ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу пенделер үчүн белгилер (сабактар) бар.","Же болбосо, ал кемелерди (жүргүнчүлөрү) жасаган (күнөө) иштер себептүү кыйроого учуратат. (Бирок) Ал көп адамдарды(н күнөөсүн) кечирип (аман-эсен жээкке чыгарып) жиберет.","Биздин аяттарыбыз жөнүндө талашкан адамдар билип алышсын: аларга (Аллахтын кудуретинен) кутула турган жер жок!","Силерге берилген нерселердин бардыгы дүйнө жашоосунун (убактылуу) пайдасы. Ал эми, ыймандуу жана Раббисине тобокел кылган кишилер үчүн Аллахтын алдындагы сыйлыктары жакшы жана түбөлүктүү.","Алар чоң күнөөлөрдөн жана бузук иштерден сактанып жүрүшөт. Эгер ачуусу келсе, (ичине жутуп, ачуусун келтиргендерди) кечирет.","Алар Раббисине (ар дайым) жооп беришет[1] жана намазды (калтырбай) окушат. Алардын (диний жана дүйнөлүк) иштери өз-ара масилет-кеңеш (менен болот). Жана алар Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака-ихсан кылышат.###[1] Раббиге жооп берүү Куран өкүмдөрүн жана пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын буйруктарын аткаруу менен болот","Жана алар өздөрүнө зулум жетсе (залымга каршы баш көтөрүп) жеңишке жете турган кишилер.","Жамандыктын жазасы өзүндөй жамандык. Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллах берет. Чынында, Аллах залымдарды сүйбөйт.[1]###[1] Адамдар зулумга карата үч түрдүү мамиле жасайт: 1-адилет; 2-пазилет; 3-зулум. Эгер бир адамга башка бирөө зыян жеткирсе, бул дагы ага өзүндөй жооп менен өчүн алса бул – адилет. Ким сабыр кылып, зулум кылуучу адамды кечирип койсо бул – пазилет. Ал эми, зулум кылган адамга жооп иретинде андан ашыгыраак зулум менен жооп берсе бул – зулум. «Аллах залымдарды сүйбөйт». Бул үч түрдүү мамиленин биринчи, экинчисине сооп, ал эми үчүнчүсүнө күнөө жазылат.","Ким өзүнө зулум көргөзүлгөндөн кийин (залымды) жеңип койсо, аларды күнөөлөгөнгө жол жок.","(Күнөөлөш үчүн) жол, (өзүнө зулум кылган), адамдарга (ашыкча) зулум кылган, жер бетинде акыйкатсыздык менен зордук-зомбулук кылган адамдарга каршы (ачылат). Андай адамдарга жан ооруткан азап бар.","Кимде-ким (зулумга) сабыр кылса жана (залымды) кечирсе – бул өтө улук иштерден!","Ал эми, Аллах кимди адаштырып койсо, Андан (Аллахтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен залымдарды, (кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң.","Жана сен аларды, кордуктан моюндарын шылкыйткан абалда, (тозокко) көз кырын таштап, азапка алып келингенин көрөсүң. (Ошондо) ыймандуу адамдар айтат: «Чынында зыян тарткандар – алар Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян жеткиргендер!» Көңүл бургула! Аныгында, залымдар үзгүлтүксүз азапта!","Аларга Аллахтан башка достору («кудайлары») жардам бере албайт. Аллах кимди адаштырса ал үчүн (кутулууга) жол жок.","(Артка) кайтарууга мүмкүн болбогон Күн, Аллах (таала) тарабынан келип калганга чейин Раббиңерге жооп кайтарып (буйруктарын аткарып) калгыла! Ал күндө силерге (Аллахтын азабынан) коргонор жер да, (күнөөлөрдү) четке кагуу (мүмкүнчүлүгү да) болбойт.[1]###[1] Бул аят «эртең жасайт элем» - деп ибадаттарды артка жылдыруунун жамандыгына жана бардык жакшы иштерди тезирээк жасоо керектигине далил болот.","Эгер алар жүз үйрүп кетишсе (жөн кой). Биз сени аларга сакчы кылып жибербедик. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат. Биз эгер инсанга Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, аны менен сүйүнүп (оолугуп) калат. Ал эми өзү жасаган кылмыштары себептүү бир кайгы жетсе, чынында, инсан шүгүрсүз (экенин көргөзөт).","Асмандар жана жер(дин бардык) мүлкү Аллахка таандык. Каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине кыз-перзент берет, каалаган пендесине уул-перзент берет.","Же болбосо, перзенттерди уул-кызынан жуп-жуп (эгиз) кылып берет жана каалаган пендесин тукумсуз кылат. Ал Билүүчү, Кудуреттүү.","Адамзатка Аллах сүйлөбөйт. Бир гана (Өз пайгамбарына) вахий-илхам иретинде, же парданын артынан сүйлөйт. Же болбосо, (периштеден) элчи жиберет. Анан ал, Өзүнүн уруксаты менен (пайгамбарга) Аллах каалаган сөздү вахий кылат. Ал эң Жогорку (жана) Даанышман!","Ошентип, Биз сага Өз буйругубуз менен Рухту (Куранды) аян-кабар кылдык. Сен (мындан мурун) китептин да, ыймандын да эмне экенин билбейт элең. Бирок Биз аны (элдер үчүн) Нур кылып, аны менен каалаган пендебизди туура жолго баштайбыз. Жана сен дагы (Куран Нуру менен) туура жолго баштайсың.","Аллахтын жолуна. Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аныкы! Көңүл бургула! Бардык иштер Аллахка кайтат!","Хаа, Миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Ачык баяндоочу Китепке ант!","Силер (анын маанисин) акыл калчашыңар үчүн Биз аны арабча Куран кылдык.","Ал (Куран) Биздин алдыбыздагы Китептердин Энесинде (Лавхул махфузда) эң жогорку, даанышман (даражада турат).","(Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Куранды) багыттабай коймок белек.[1]###[1] Аллах Өз китебин жакшы-жаман дебей, инсанияттын бардыгына арнайт. Ким анын даанышман өкүмдөрүнө ээрчисе – бактылуу болот. Ким жүз бурса - өзүнө зыян.","Биз абалкы элдерге нечендеген пайгамбарларды (Куран сыяктуу ыйык китептер менен) жибердик.","Аларга качан бир пайгамбар келсе, аны шылдыңдап күлүшкөн.[1]###[1] Курайш мушриктери дагы пайгамбарыбызга «Биз кубаттуубуз, сен алсызсың. Сага ээрчимек белек» деп күлгөн.","Анан Биз аларды кыйраттык. Алар булардан (Курайш каапырларынан) кубаттуураак болчу жана абалкылардын мисалдары (ушул Китепте) өткөн.","Эгер сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Кудуреттүү, Илимдүү (Аллах) жараткан» дешет.","Ал силер үчүн жерди килем (сыяктуу) кылды жана туура багыт алууңар үчүн анда жолдорду жаратты.","Жана ал асмандардан чен-өлчөм менен суу түшүрдү. Анан ошол суу менен өлүк шаарды тирилттик (жана ар түркүн өсүмдүктөр чыгардык). Силер да ушул сыяктуу (мүрзөңөрдөн) чыгарыласыңар.","Жана Ал бардык жуптарды жаратты.[1] Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты.###[1] Аллах бардык нерселерди жуп-түгөй жараткан. Маселен: эркек-ургаачы, ак-кара, ысык-суук, түн-күн, ачуу-таттуу ж.б.у.с. Ал эми Өзү болсо, бардык ааламдардан өзгөчө: жуп-түгөйү жок.","Алардын үстүнө минип, андан кийин Раббиңердин нээматын эскерип: «Бизге ушуну моюн сундурган Аллах (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес.","Жана биз Раббибизге кайтып барабыз» – дешиңер үчүн.","Алар Аллахка Өзүнүн пенделеринен бир бөлүктү (периштелерди «Аллахтын кыздары» деп өкүм) кылышты. Инсан чынында жакшылыкты билбейт!","(Эй, мушриктер!) же болбосо, Аллах жараткан макулуктарынан кыз балдарды Өзү алып, силерге уул балдарды тандап бериптирби?!","Эгер алардан бирине Чексиз Ырайымдуу үчүн мисал келтирген (кыз перзент туулду деп) сүйүнчүлөп барылса, ачууланып, жүзү карарып кетет.","(Жана): «Силер эмне, кооздуктардын ичинде (назик абалда) өстүрүлө турган жана талаш учурунда (бир сөздү) даана айталбай турган кыз перзенттерди (Аллахка таңуулап жатасыңарбы?!»).","Алар Чексиз Ырайымдуунун пенделери болгон периштелерди «кыздар» дешет. Эмне, алардын (кыз кылып) жаратылганын көрүп коюшуптурбу?! Алардын (бул жалган) күбөлүктөрү жазып коюлат жана (Акыретте катуу) сурак беришет!","Жана алар: «Эгер Чексиз Ырайымдуу каалаганда биз аларга ибадат кылбайт элек (жана аларды «Аллахтын кызы» дебейт элек») дешет. Бул (маселе) боюнча алардын эч кандай илими жок. Алар болгону алжып калган адамдар.","Же болбосо Биз аларга аны (далил катары) бекем кармап алгыдай,[1] Курандан мурун бир китеп түшүрүптүрбүзбү?!###[1] Жок! Аларга Исмаил алейхи саламдан кийин тээ Мухаммад саллаллооху алайхи ва салламга чейин пайгамбар да, Ыйык Китеп да келген эмес. Ошондуктан «Ата-бабаларыбыз ...» деген тантырак сөздөрдөн башка далил келтире алышпайт.","Жок! Алар: «Биз ата-бабаларыбызды (ушундай) дин-ишеним үстүндө тапкан элек. Биз ошолордун изи менен (жүргөндө гана) адашпайбыз» – дешет.","Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун изине гана ээрчийбиз» – дешкен.","(Анда пайгамбар) айткан: «Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи? Алар (дагы эле): «Биз силер алып келген динге ишенбейбиз», – дешти.","Анан... Биз алардан өч алдык. (Аллахтын пайгамбарын) «жалганчы» деген адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.[1]###[1] Алардын канчасын жер жутту, канчасынын башына таш жамгыры жаады..., Дагы канчасы башка балээлер менен кыйрап калды.","Жана (эстегин): Бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм!","Мени жараткан Аллахтын Өзү(нө гана сыйынамын). Ал мени туура жолго баштайт» – деди.","(Ибрахим) ал сөздү (ширк ибадатынан) кайтышса ажеп эмес (деп), (урпактарына) түбөлүк (мурас кылып) калтырды.","Мен аларды (Мекке мушриктерин) жана ата-бабаларын, өздөрүнө Акыйкат (Ислам) жана анык пайгамбар (Мухаммад) келгенге чейин (кенен жашоо-ырыскы менен) пайдалантырдым.","Ал эми, качан аларга Акыйкат келгенде: «Бул – сыйкыр! Биз буга ишенбейбиз!» – дешти.","Жана айтышты: «Бул Куран эки улук шаардагы (улук) адамдарга түшсө болмок».[1]###[1] Алардын түшүнүгү боюнча пайгамбарчылык чоң шаарларда жашаган байлык же бийлик ээлерине гана түшсө чындык болушу мүмкүн экен. Алар «Эки улук шаар» дегенде Мекке менен Таиф шаарларын, «улук адам» дегенде Меккенин бай адамы – Валид ибн Мугира менен Таифтин байы Урва ибн Масуд дегендерди назарда туткан.","Раббиңдин (сага берген) ырайымын (пайгамбарчылыгын) ошолор бөлүштүргөн бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз-ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары үчүн кээ бирөөлөрүнүн даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз. Бирок, алар чогулткан (байлык, даңк сыяктуу) нерселерден Раббиңдин ырайымы артыгыраак.","Эгер адамдар(дын бардыгы каапырлардын байлыгына азгырылып) бир (каапыр) үммөт болуп кетүү (коркунучу) болбогондо, Биз Рахманга каапыр болгондордун тамдарын жана аларга чыга турган шатыларынан өйдө күмүштөн кылып коймокпуз.","Жана үйлөрүнүн эшиктерин, жазданып (жөлөнүп) отурчу сөрүлөрүн,","Жана (башка) жасалга-зыйнаттарын (бүт бойдон күмүштөн кылмакпыз). Бирок, булардын бардыгы дүйнө(нүн опасыз) пайдалары. Раббиңдин алдындагы Акырет (зыйнаттары) такыба кишилерге арналган.","Ким Рахмандын зикири – Курандан жүз бурса, ага Шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат.","Жана ал(шайтанд)ар аларды (туура) жолдон тосушат жана алар өздөрүн туура жолдо деп ойлоп жүрө беришет.","Анан качан гана (ошол бойдон өлүп) Бизге кайтып келгенде (шайтан-шеригине карап) «Эми, экөөбүздүн арабыз эки чыгыштын[1] арасындай алыс болгон болсо кана, (атаганат)! (Сен) аябай жаман жолдошсуң!» дейт.###[1] Кыяматтын белгилеринин бири – Күндүн батыштан чыгышы. Демек, «эки чыгыш» деген сөздү батыш менен чыгыш деп түшүнүш керек.","(Ширк жолун тандап өзүңөргө) зулумдук кылганыңар себептүү, бүгүн силерге (шериктигиңер) эч пайда бербейт. Силер азапта (дагы аны менен) шерик болосуңар!","(Оо, Мухаммад!) Сен дүлөйгө сөз уктура аласыңбы же болбосо, сокур менен анык адашуудагы адамды туура жолго баштай аласыңбы?!","Же Биз сени (алардан мурун Акырет сапарына) кетиребиз жана алардан (ошол жакта) өч алабыз.","Же болбосо, аларга убада кылган нерсебизди (баштарына түшүрчү азапты) сага (ушул дүйнөдө) көргөзөбүз. Аларга Биздин Кудуретибиз жетет!","Сен Өзүңө аян-кабар кылынган Куранды бекем карма! Сен туура жолдун үстүндөсүң!","Жана бул (Куран) сен үчүн, сенин коомуң үчүн атак-даңк (жана сыймык)![1] Жакында сураласыңар!###[1] Куран өкүмдөрүн өз жашоосуна негиз катары кармаган жеке адам, же коом, же мамлекет тез эле оңолуп, аброй-урматы көтөрүлүп, дүйнөгө таанылып, эки дүйнө шооратына жетет. Аллах Куранды, анын өкүмдөрү менен амал кылып, эки дүйнө бактысына жетүү үчүн түшүргөн.","Биз сенден мурун жиберген пайгамбарларыбыздан сурачы, Биз (элдерге) Рахмандан башка кудайлар(га сыйынууга уруксат) бердик бекен?","Биз Мусаны аят-кереметтерибиз менен, Фараон жана анын элине жибердик. Ал (барып) «Мен (силерге) ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген элчимин» – деди.","Аларга биздин аят-кереметтерибизди[1] алып келгенде алардын үстүнөн күлүштү.[2]###[1] Жыланга айланган таягы менен койнуна салганда ап-апак болуп чыга турган колун – Аллахтын кереметтерин көргөзгөндө.\t[2] «Бул кызык сыйкыр экен» дешти. Кийин Аллах таала Мисир (Египет) өлкөсүн басып кеткен бит, бака, чегиртке, кан сыяктуу кереметтерин жиберди.","Аларга көргөзгөн ар бир (азап-)моожизабыз (абалкы) түгөйүнөн чоңураак. (Туура жолго) кайтаар бекен деп, аларды (ушундай) азап менен кармадык.","Жана алар (Мусага) айтышты: «Оо, сыйкырчы! (Аллах) берген (пайгамбарлык) касиет(иң) менен Раббиңе дуба кыл. (Бизден балээни арылтсын) Биз туура жолго жүрөбүз».","Качан Биз алардан азапты алып койсок, ошол замат (сөздөрүнөн) кайтып кетишти.","(Жана Фараон өз элине ) бийик добуш менен ( мындай деди: «Оо, элим! Мен Мисир мамлекетинин жана бутумдун астынан агып турган мына бул (Нил) дарыяларынын падышасы эмесминби?! (Падышалыгымды) көрбөй жатасыңарбы?!","Мен мына бул (кекечтенип) араң сүйлөгөн төмөн адамдан (Мусадан) артык эмесминби?!»","«Эгер ага (асмандан) алтын билериктер ташталса, же аны жандап периштелер түшсө, (анда пайгамбар экенине ишенсе болот)».","Ал өз элин(ин акылын ушинтип) кордоду эле, эли дагы моюн сунду. Алар (түпкүлүгүндө) бузуку эл болгон.","Алар (ошол иштери менен) Биздин ачуубузга тийди. Анан Биз алардан өч алып, бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик.","(Ошентип), аларды өтмүш-тарых жана кийинки муундар үчүн (ачуу) сабак кылдык.","Жана качан гана Марямдын уулу (Иса тууралуу) мисал келтирилгенде, андан сенин коомуң ызы-чуу көтөрүшөт.[1]###[1] Пайгамбарыбыз мушриктерге «Силер жана Аллахтан башка силер сыйынган (бардык «кудайлар» тозокко отун болуп келесиңер» деген аятты окуп бергенде, ызы-чуу көтөрүшүп «Эгер бардык «кудайлар» тозокко түшчү болсо, анда христиандар деле Исага сыйынышат го?! Эмне, анда Иса дагы тозокко түшөбү?! Ал эми сен Исаны пайгамбар дейсиң!» - дешет. Бул маселенин жообу кийинки аяттарда.","Жана (сага): «Биздин (арабдардын) кудайларыбыз жакшыбы же ал (Иса) жакшыбы?» дешет. Алар сага жаңжалдашуу үчүн гана мисал келтиришет. Алар жаңжалкеч элдер.","Ал (Иса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) жакшылык кылып берген кул(убуз). Биз аны Исраил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз.","Эгер кааласак силердин ордуңарга, жер бетинде халифа-орун басар боло турган периштелерди жаратып коймокпуз.[1]###[1] Эгер адамдар Аллахтын Өзүнө ибадат кылып, жер бетинде Ага татыктуу орунбасар боло албаса, аларды кыйратып, ыклас менен Өзүнө гана ибадат кыла турган периштелерге жерди мурас кылып берүү Аллахка жеңил.","Жана ал (Иса) – Кыяматтын белгиси.[1] Силер андан (Кыяматтан) эч шек санабагыла. Жана Менин Өзүмө гана моюн сунгула! Туура жол – ушул!###[1] Кыяматка жакын асмандан Иса пайгамбар түшүп, Дажжалды өлтүрүп, Ислам өкүмүн орнотушу сахих хадистерде айтылган.","Шайтан силерди (туура жолдон) тосуп койбосун! Ал силерге анык душман!","Жана Иса (өз элине) анык далил-аяттар менен келгенде, айткан «Мен силерге (Аллах таала тарабынан берилген) пайгамбарлык менен, силер талашып калган кээ бир нерселерди анык баяндап берүү үчүн келдим. Эми, Аллахтан коркуп, мага моюн сунгула!","Чынында, менин да, силердин да Раббиңер – Аллах! Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура жол – ушул!","Анан (яхуди) жамааттар өз ара талашка түшүштү. Залым адамдарга азаптуу Күндүн азабынын балээси болсун!","Алар өздөрүнө Кыямат Күндүн, (эч нерсени) сезбей турган абалдарында, капысынан келип калуусунан башка нерсени күтүшкөн жок.","Ал күнү достор бири-бирине душман болуп калышат.[1] Такыба кишилер гана андай болбойт.###[1] Дүйнөдө жакын дос болуп жүргөн мушриктер «Мени сен азгыргансың» деп бири-бирин күнөөлөшөт.","«Оо, Менин (такыба) пенделерим! Бүгүн силерге коркунуч жок! Силер (бүгүн) капа да болбойсуңар!»","Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, мусулман болгон адамдар.","«(Оо, ыймандуу пенделер!) Силер жубайларыңар менен бирге сүйүнгөн абалда бейишке киргиле!»","Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар.","Бул бейиш... Аны силер (дүйнөдө) жасаган (сооптуу) амалыңар үчүн Аллахтан мурас алдыңар.","Силер үчүн анда көп мөмө-жемиштер бар. Алардан (каалаганыңарча) жейсиңер.","(Ал эми) күнөөкөр адамдар тозок азабында түбөлүк калышат.","(Азап) алардан (эч) азайтылбайт жана алар анда (тозокто) үмүтсүз калуучулар.","Аларга Биз зулумдук кылбадык. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.","Жана алар (тозоктун кызматчы периштесине): «Оо, Малик, (Раббиңе айтчы) бизге (өлүмдү) өкүм кылсынчы» дешет. (Анда) ал айтат: «Силер (ушул жерде ушул бойдон түбөлүк) туруучусуңар!","Чынында, Биз силерге Акыйкатты алып келдик, бирок, көпчүлүгүңөр аны жаман көрүп жатасыңар».","Же болбосо, (динге каршы) бир ишти эрежелештирет. Биз да (аларга каршы) эреже түзүп койгонбуз.","Же болбосо, Биз алардын сырлары менен шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу! Жок! Угабыз! Жана алардын алдында (бардык кыймыл-аракет, шыбыраган добушунан өйдө) жаза турган элчилерибиз (периштелер) бар.","Айт (оо, Мухаммад): «Эгер Аллахтын баласы (чындап) бар болгондо, эң оболу ага өзүм ибадат кылмакмын.","(Бирок) Асмандар менен жердин жана (улук) Арштын Раббиси силердин («баласы бар» деп) сыпаттооңордон Таза!»","(Эгер дааватыңа муюбаса) аларды жөн кой. Убада кылынган (Кыямат) күндөрүнө жолукканга чейин ойноп-күлүп, (күнөө иштерине) чумкуп жүрө беришсин!","Ал (Аллах) асманда да Кудай, жерде да Кудай. Жана Ал – Билүүчү, Даанышман!","Асмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллах Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар.","Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон[1] адамдар(га гана шапаат насип кылат).###[1] «Акыйкатка билген абал күбө болуунун» мааниси, «Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир гана Аллах бар» деп күбөлүк берүүнү билдирет.","Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, «Аллах», дешет. Дагы кайда баратасыңар?!","Жана (Аллах пайгамбарынын): «Оо, Раббим! Чынында, тиги адамдар ыйман келтирбеген коом» – деген сөзүн да билет.","Демек, сен аларды кечир жана: «Силерге салам, (бирок) жакында билип аласыңар» – дегин.[1]###[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам Раббисинин буйругуна баш ийип, ыймансыздардын жоруктарына сабыр кылып, аларга теңелбей, кечирип, жогорку адеп-ахлак менен Исламды жайылтты. Натыйжада, көпчүлүк адамдар анын исламдык пейилин көрүп, ыйманга келишти.","Хаа, Миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Ачык баяндоочу Китепке ант!","Биз аны (Куранды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз.","Ал түндө ар бир бекем, өзгөргүс иштер белгиленет.[1]###[1] Рамазан айынын ыйык Кадыр түнүндө Аллах таала Өз алдындагы Тагдыр Китеби Лавхул-Мавхузда белгиленген  жана ошол жылы ишке аша турган тагдырларды, ырыскыларды, өмүр жана өлүмдү жана башка иштерди аткаруучу, жазуучу периштелерге дагы бир ирет белгилеп берет.","Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз.","Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү!","(Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси!","Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси!","Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда!","Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт.[1]###[1] Кыяматта күнөөкөр пенделерди тозокко жакын алып келингенде, аларды тозоктун түтүнү ороп алат. (Садий)","Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат.","(Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет).","Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген.","(Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Куран сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң» – дешти.","Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар.","(Анан) чоң азап менен азапталган күнү[1] Биз силерден өч алдык.###[1] Бул – Курайш мушриктеринин башына түшкөн «Бадр» согушундагы жеңилүү күнү.","Биз алардан мурун Фараон элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди.","(Жана мындай деди): «Аллахтын пенделерин мага тапшыргыла![1] Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын.###[1] Анын милдети Фараондун кол астында кул болгон Исраил урпактарын азаттыкка чыгарып, өздөрүнүн түпкү мекени Палестинага кайтаруу болгон.","Өзүңөрдү Аллахтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим.","Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын.","Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»","Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)» – деп дуба кылды.","(Аллах анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат» - деп, (вахий кылды). (Фараон аларга жетейин деп калганда Аллах таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деңизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн таягын саздап калганда, Аллах таала, алардын артынан келген Фараоун аскерлерин деңиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага:)","«Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» – деди.","Алар нечендеген бактарды, булактарды,","Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды","Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти).","Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исраил урпактарына) мурастап бердик.","Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок![1]###[1] Фараон деңиз койнунда калып, өлүмү көзүнө көрүнүп калганда, «Мен Мусанын Кудайына ыйман келтирдим!» деп зар какшайт. Бирок, бул ыйман кабыл болбоду жана тообо келтирип башкадан жашоосуна мөөнөт берилбеди.","Биз Исраил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан –","Фараондон куткардык. Ал өзүн (Аллахтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле.","Биз билген абалда аларды (Исраил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек.","Жана аларга анык сыноолорду[1] ичине камтыган моожизаларды бердик.###[1] Бирок, алар сыноодон өтө албай, «тандалган улут» деген наамга ылайык эместигин көргөзүштү. Муса пайгамбарды кыйнап, тажатып: «Бизге Раббиңди көргөз» дегенге чейинки каапырчылыкка барышты.","Алар (Курайш каапырлары) айтышты:","«Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз.","Эгер силер (оо, момундар) чынчыл болсоңор,[1] биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»###[1] «Адам наркы дүйнөдө кайра тирилет» деген сөзүңөрдө.","Ушулар (Мекке мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба[1] коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле.###[1] «Тубба» - бул байыркы Йемен падышаларынын аты.","Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок.","Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт.","Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы.","Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт.","Бир гана Аллах ырайым кылган кишилерге (Аллах тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу.","(Тозоктогу) «Заккум» дарагы –","Күнөөкөр адамдардын тамагы.","Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу!","Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу!","«Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!»","Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!»","(Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең!","Бул – силер ишенбеген азаптар!","Ал эми, такыба кишилер тынч-бейпил жерлерде,","Бейиштерде, булактарда,","«Истабрак» жана «Сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат.","Ошондой эле, Биз аларды жал-жал көз сулууларга үйлөнтүп койобуз.","Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат.","Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллах) аларды тозок азабынан сактаган.","(Бул) – Раббиңден болгон пазилет! Бул – чоң жеңиш!","(Оо, Мухаммад!) Биз аны (Куранды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук.","Эми сен (Аллах алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө.","Хаа, Миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(Бул) Китептин түшүүсү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан.","Чынында, асмандарда жана жерде момун адамдар үчүн (Аллахтын Кудурет-Даанышмандыгына) белгилер бар.","Жана силердин жаратылууңарда, (Аллах жаратып, мейкиндиктерге) таратып жиберген жан-жаныбарларда анык ишенген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.","Жана түн менен күндүн алмашып турушунда, Аллах асмандан түшүрүп, аны менен өлүк жерди тирилткен жамгырда, жана шамалдардын жүргүзүлүшүндө акылын иштеткен элдер үчүн белгилер бар","Бул – Аллахтын аяттары. Биз сага аларды акыйкат менен айтып берүүдөбүз.[1] Аллахтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет?!###[1] Аллах акыйкат менен, далилдүү айтып берген аяттарды Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам окуп берсе, көпчүлүк мушриктер «Бул сыйкыр», «Бул ыр» деп, ага ишенүүдөн баш тартышты.","Ар бир күнөөкөр-дооматчыга өлүм болсун!","Ал өзүнө окуп берилген аяттарды угуп, такыр эч нерсе укпагандай текеберлигин улантты. Сен ага жан ооруткан азапты «сүйүнчүлөп» кой.","Ал (текебер адам) биздин аяттарыбыздан бир нерсе билип, (угуп) калса, (аны) мазактайт. Андай адамдарга кордоочу азап бар!","(Аларга өлүмдүн) ар жагында тозок бар! Тапкан дүйнө-мансаптары жана Аллахтан башка тутунган дос-кудайлары аларга пайда бере албайт. Аларга улук азап бар!","Бул (Куран) – туура жол! Ал эми, Раббисинин аяттарына каапыр болгон адамдарга жан ооруткан азап арналган!","Аллах Өз каалоо буйругу менен (деңизде) кемелер жүрүшү үчүн жана (кемеге байланыштуу өнөр-кесиптер себептүү) Өзүнүн ырыскы-пазилетин издешиңер үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!","Жана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар!","(Оо, Мухаммад!) Ыйман келтирген адамдарга айт, Аллахтын (Акыреттеги) күндөрүн(өн эч нерсени) үмүт кылбагандарды кечиришсин. (Аллах Таала ал) коомду өз иштерине жараша (Акыретте) жазалашы үчүн.","Ким жакшы иш жасаса, өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса, өзүнө зыян. Кийин (баарыңар) Раббиңерге кайтарыласыңар.","Биз аныгында Исраил урпактарына (Тоорат) китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берип, таза-адал нерселерден ырыс-насип жегизип (бардык) ааламдардан (адамдардан) абзел кылган элек.[1]###[1] Аллах таала Исраил урпактарын сыноо үчүн тандап алып, арасынан көп пайгамбарларды чыгарып, Фараондун зулумунан куткарып, асмандан «Манн-Сулва» деген бышкан куш эттеринен турган адал-ырыскы жаадырып аябай сынаган, сыноо үчүн тандап алган.","Жана аларга анык иш (Дин-Шарият) бердик. Алар өздөрүнө келген илимден кийин гана (Дин ишинде) талашып калышты, өз-ара көралбастыктан улам. Албетте, Раббиң Кыямат күнү алардын арасында талашкан нерселерине өкүм (ажырым) чыгарат.","Кийин Биз сени Динден болгон жолдун – Шарияттын үстүндө (жүрүүчү) кылдык. Эми ошону гана ээрчигин. Билбеген адамдардын каалоолорун ээрчибегин.","(Эгер аларды ээрчисең) Аллахтын эч бир азабын сенден кайтара алышпайт. Чынында, залымдар бири – бирине дос болушат. Аллах болсо такыба кишилердин досу.","Бул (Куран) адамдар үчүн акылчырак, туура жол жана анык ишенген элдер үчүн ырайым!","Же болбосо, күнөө иш кылган адамдар, Биз аларды ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар сыяктуу (абзел кылышыбызды жана) өздөрүнүн жашоолору менен өлүмдөрү да (алардыкы менен) бир (даражада) болушун ойлоштубу? Кандай жаман өкүм чыгарышат!","Аллах асмандар менен жерди Акыйкат менен жана эч бир жан(га) зулумдук кылынбаган абалда, өз ишине жараша жаза (же сыйлык) алышы үчүн жаратты.","Сен өз (напсинин) каалосун кудай кылып алган жана (натыйжада) Аллах аны (хидаятка ылайык эмес экенин) билип, адаштырып койгон, кулагына, жүрөгүнө мөөр баскан жана көзүнө парда тосуп койгон адамды көрдүң беле? Аллахтан башка ким аны Туура Жолго баштай алмак?! Эсиңерге келбейсиңерби эми!","(Каапырлар) айтышат: «Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Өлөбүз, жашайбыз. Бизди заман(дын өтүшү) гана өлтүрөт (Аллах өлтүрбөйт)». Бул жөнүндө аларда илим жок. Алар болгону күмөнгө таянышат.","Качан аларга биздин анык-далилдүү аяттарыбыз окуп берилсе «Эгер (кайра тирилүү бар» деген) сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, бизге (өлүп кеткен) ата-бабаларыбызды (тирилтип) алып келгилечи?!» деген сөздөн башка «далилдери» болбойт.","Айткын: «Силерге Аллах өмүр берет, кийин Өзү өлтүрөт. Андан соң күмөнсүз Кыямат күн үчүн баарыңарды чогултат. Бирок, (муну) көп адамдар билбейт.","Асмандар жана жердин мүлкү Аллахка таандык. Ал эми Кыямат болгон күндө жалганчылар зыян тартып калышат.","Жана сен (ал күнү) ар үммөттү чөгөлөгөн абалда көрөсүң. Ар бир үммөт өз китебине чакырылат. Ал күнү баарыңар кылмышыңарга жараша үлүш (жаза же сыйлык) аласыңар.","Бул Китебибиз силерге акыйкатты (гана) сүйлөйт. Биз силер жасаган иштерди (периштелерге) жаздыртып койгонбуз.","Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Раббиси Өз ырайымына алат. Бул анык жеңиш!","А бирок, каапыр болгон адамдар(га айтылат): «Силерге Менин аяттарым окуп берилбедиби?! Анан силер текеберленип, күнөөкөр коом болдуңар!","Силерге: «Аллахтын убадасы – акыйкат! Кыяматтын болушунда шек жок!» – деп, айтылганда, «Кыямат эмне экенин билбейм. («Болбой калышы да мүмкүн» деп) ойлоймун. Анык билбейбиз» - дегенсиңер.","Алардын жасаган (күнөө) иштери анык билинди жана алардын башына өздөрү (дүйнөдө) мазактаган нерсе (тозок азабы) түштү.","Анан аларга айтылды: «(Дүйнө жашоосунда) ушул күнүңөрдү «унутуп койгонуңар» сыяктуу, бүгүн Биз дагы силерди «унутуп койобуз». Силердин жайыңар – тозок! Силерге эч кандай жардамчылар болбойт!","Мунун себеби, силер Аллахтын аяттарын мазактагансыңар жана силерди дүйнө жашоосу азгырып койгон. Эми бүгүн андан чыгарылбайсыңар. Жана артыңарга (дүйнөгө) да кайтарылбайсыңар!».[1]###[1] Анткени, алар азап-тозокту өз көздөрү менен көргөндө «Оо, Рабби бизди кайрадан дүйнөгө кайтарчы? Эми биз ыймандуу жашайбыз?!» деп жалдырашат.","Аллахка – асмандардын Раббисине, жердин Раббисине жана бүт ааламдардын Раббисине мактоолор болсун!","Асмандарда жана жерде (бүт) улуулук Аныкы! Ал –Кудуреттүү, Даанышман!"]