["Хаа. Миим.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(Бул) Китеп Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан түштү.","Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы нерселерди акыйкат менен жана белгилүү мөөнөткө гана жараттык. Каапырлар эскертилген нерседен жүз үйрүп кетишти.","(Оо, Мухаммад, сен аларга) айт: «Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайыңар» жөнүндө эмне дейсиңер? Мага көргөзгүлөчү, алар жерден эмнени жаратты? Же болбосо асмандар(ды жаратуу)да алардын (Аллахка) шерикчилиги барбы? Эгер сөзүңөр чын болсо, мындан (Курандан) мурунку (ыйык) китепти же болбосо (өткөн пайгамбарлардын сөзүнөн турган) илимий мурас (далил) келтиргилечи.[1]###[1] Мушриктердин ширк ибадаттары не бир ыйык китепке, не бир пайгамбардын сөздөрүнө негизделбеген, тек гана ойдон чыгарылган адашуучулук.","Аллахтан башка, Кыяматка чейин дуба-суранычына жооп бербей турган «кудайларга» дуба кылган адамдан көбүрөөк адашкан ким бар?! Булардын дубаларын алар (кудайлары) тап-такыр укпайт!","Ал эми, качан (Кыямат болуп) адамдар (сот-сурак үчүн) чогулганда (сыйынган «кудайлары») өздөрүнө душман чыгып, алардын (өздөрүнө) сыйынганын танып кетишет.","Аларга (мушриктерге) Биздин анык аяттарыбыз окуп берилсе, Акыйкатка каапыр болушкан. (Ошол) каапырлар өздөрүнө Акыйкат (Куран) келгенде «Бул анык сыйкыр» дешти.","Же «Аны (Куранды Мухаммад) ойлоп чыгарган» дешеби? Айткын: «Эгер ойлоп чыгарган болсом (Аллах мени жазаламак) анан силер мага Аллахтан (келген) эч нерсени (пайда жана зыянды) тосууга алыңар жетмек эмес. Силер ал (Куран) жөнүндө аша чаап (жалган) сүйлөгөнүңөрдү Ал (Аллах) жакшы билет. Силер менен ортобузда күбө болуу үчүн Анын Өзү жетиштүү! Ал Кечиримдүү, Боорукер.","Айткын: «Мен пайгамбарлардын жаңысы (биринчиси) эмесмин. Жана не өзүмө, не силерге (келечекте) эмне иш болоорун билбеймин. Мен өзүмө (Аллах тарабынан) вахий кылынган нерселерге гана ээрчиймин. Мен болгону (силерге) анык эскертүүчүмүн.","Айткын: «Мага айткылачы, эгерде (Куран) Аллахтан болсо жана силер ага каапыр болсоңор... жана Исраил урпактарынан болгон бир күбө[1] дагы анын чындыгына[2] (мен ал жөнүндө Тоораттан окугам» деп) күбөлүк берип, ыйман келтирсе, а силер дагы эле текеберленсеңер... Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт!###[1] Абдуллах бин Салам.\t[2] Абдурахман Садий бул аяттагы على مثله деген сөздү على صحته деп түшүндүргөн.","Каапыр болгон (бай) адамдар ыймандуулар жөнүндө «Эгер (Ислам) жакшы болсо, алар ага бизден озуп кирбейт болчу» – дешет жана (жүрөгүндө болгон кежирликтен улам) андан (Курандан) туура жол таппай калганда: «Бул байыркы жомок» – дешет.","Андан мурун Мусага жолбашчы, ырайым болуп китеп (Тоорат) түшкөн. Бул китеп (Куран) болсо, залымдарды (тозок азабынан) эскертүү, жакшыларга куш кабар болуп, араб тилинде жана (өзүнөн мурунку ыйык китептерди) тастыктап (түшкөн).","«Раббибиз – Аллах» деп, андан соң (Исламда) түз жүргөн адамдарга коркунуч да, кайгы-капа да жок.","Алар – бейиш элдери! Жакшы амалдарына жараша эми анда түбөлүккө калышат!","Жана Биз инсанга, өз ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Апасы аны кыйналып боюнда көтөрүп, кыйналып төрөдү. Аны (боюнда) көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай.[1] Эми, ал качан баралына жетип, кырк жашка чыкканда айтты: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген нээматыңа шүгүр кылуум үчүн жана Өзүңдү ыраазы кыла турган салих амалдарды кылуум үчүн мага илхам бер! Жана менин урпактарымды да салих (кишилерден) кылгайсың! Мен сага тообо кылдым. Жана мен мусулмандарданмын!»###[1] Башка бир аятта «Энелер бөбөктөрүн эки жыл толук эмизет» деп айтылат. Эки жыл 24 айга барабар. Ал эми, бойго бүткөн түйүлдүктүн төрөлүшүнүн эң кыска мөөнөтү алты, эң узун мөөнөтү тогуз ай.Бул жерде эң кыска мөөнөтү эсепке алынып, «Аны (боюнда) көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай» деп айтылууда.","Биз ушул адамдардан, жасаган эң жакшы амалдарын кабыл алып, бейиш элдеринин катарында күнөөлөрүн кечиребиз. (Бул) аларга (Раббиси тарабынан) берилген акыйкат убада!","Ал эми, ушундай перзент(тер дагы) бар: Ата-энесине айтат: «Силерден тажадым! Экөөң мени (Кыяматта кайра тирилип) чыгарылуума ишендирип жатасыңбы?! Мага чейин деле (бир нече) муундар өткөн. (Алардан бирөө тирилдиби)?! Экөө (ата-эне) Аллахтан жардам сурап, (айтышат): «Эй, куруп кеткир! Ыйманга кел! Аллахтын убадасы – акыйкат!» Бирок, (перзент) «Бул байыркылардын жомогу» – дейт.","Андай адамдарга, жиндерден жана инсандардан турган мурунку (каапыр) элдердин катарында (азап) жетиши – акыйкат! Алар чынында зыян тарткан адамдар!","(Кыяматта) бардык (момун-каапыр) адамдарга жасаган иштерине жараша (жакшы-жаман) даражалар бар. Аларга жасаган иштери, (эч кандай) зулум көргөзүлбөгөн абалда толуктап берилет.","Каапыр адамдар тозокко бет маңдай алып келингенде (аларга айтылат): «Силер (бардык) жыргалыңарды дүйнө жашооңордо кетирип алдыңар жана ал (жыргалдар) менен (ошол жакта) пайдаланып бүттүңөр! Эми бүгүн, жер бетинде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөнүңөргө жараша жана бузуку болгонуңарга жараша кордук азабы менен жазаланасыңар!","(Оо, Мухаммад!) сен Аад (коомунун) бурадарын[1] эстегин. Бир кезде ал кум бархандарын(ын арасын)дагы коомун (тозок азабынан) эскерткен эле. Андан мурун жана кийин да эскертүүчү-пайгамбарлар өткөн. (Ошентип, ал коомуна): «Аллахтан башка «кудайларга» ибадат кылбагыла! Мен силерге Улуу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун!» (деди).###[1] Худ пайгамбарды","(Коому) айтты: «Сен эмне, бизди өз «кудайларыбыздан» кайтарганы келдиңби? Эгер чынчыл кишилерден болсоң, бизге убада кылган(азаб)ыңды (тезирээк) келтирчи?!»","(Худ) айтты: «(Азап качан келээри жөнүндөгү) илим Аллахтын гана алдында. А мен болсо өзүмө жүктөлгөн нерсени (динди) силерге жеткиремин. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүүдөмүн.","Анан, качан алар өздөрүнүн өрөөндөрүнө келе жаткан «булутту»[1] көргөндө (сүйүнүп): «Бул бизге жамгыр жаадыруучу булут» дешти. Жок! Ал силер аны шаштырып сураган нерсе. (Ал) – бороон! Анда (силер үчүн) жан ооруткан азап бар!###[1] Аллах таала Худ пайгамбарга моюн сунбаган коомду жазалоо үчүн түрмөктөлгөн булут сыяктуу көрүнгөн добул шамалды жиберген.","Ал (бороон) Раббисинин буйругу менен бардык нерселерди талкалап жиберди! Анан... алардын (теп-тегиз болуп калган) короолорунан башка эч нерсе көрүнбөй калды! Биз күнөөкөр коомду ушинтип жазалайбыз.","(Эй, Мекке мушриктери!) Биз аларга (Аад каапырларына) силерге бербеген мүмкүнчүлүктөрдү (күч-кудурет) берген элек . Жана аларга көздөрдү, кулактарды жана жүрөктөрдү берген элек. Бирок, Аллахтын аяттарын четке каккан себептүү аларга көз, кулак жана жүрөктөрү пайда бербеди.[1] (Кийин) аларды өздөрү мыскылдаган нерсе (тозок азабы) ороп алды.###[1] Акыйкатты четке какканы себептүү Аллах алардын кулактарын акыйкатты укпай турган, көздөрүн чындыкты көрбөй турган, жүрөктөрүн динди кабыл албай турган кылып мөөрлөп койду.","Биз, аныгында, силердин айланаңардагы (каапыр болгон) айыл-шаарларды да кыйратканбыз. (Ошого чейин) Биз аларга, (ширк иштеринен) кайтып калышаар деп Өзүбүздүн аяттарыбызды кеңири баяндап берген болчубуз.","Эми (Аллахка) жакындаштырат деп эсептеген, Аллахтан башка «кудайлары» аларга жардам бере алса кана! Тескерисинче алардан жок болуп (көрүнбөй) кетишти. Жана бул (ишенимдери) алардын өздөрү чыгарган жалгандары жана (Аллах жөнүндөгү) доомат сөздөрү!","Бир кезде, (оо, Мухаммад) Биз сага бир жамаат жиндерди Куран угуу үчүн жибердик. Анан, качан алар Куран(ды уккан)га даяр болгондо (бири-бирине) «Тынч тургула» - деп айтышты. Куран окулуп бүткөндө (бардыгы) өздөрүнүн коомуна эскертүүчү болуп кетишти.","Алар (коомуна барып мындай) дешти: «Оо, коомубуз! Биз Муса пайгамбардан кийин түшүрүлгөн, Өзүнөн мурунку ыйык китептерди тастыктаган, Акыйкатка жана туура жолго баштай турган Китепти уктук.","Оо, коомубуз! Аллахтын дааватчысына (Мухаммадга) жооп бергиле жана ыйман келтиргиле! (Ошондо Аллах) силердин күнөөңөрдү кечирип, жан ооруткан азаптан сактайт.","Ал эми, кимде-ким Аллахтын дааватчысына жооп бербесе, жер бетинде (Аллахтан) кутулуп кете албайт жана ал үчүн Андан (Аллахтан) башка достор (жардамчылар) да болбойт. Алар – анык адашууда болушат!»[1]###[1] Ушул аяттардан улам, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам инсаниятка гана эмес, жиндер ааламына да эскертүүчү-пайгамбар болуп жиберилгени белгилүү болот.","Алар ойлоп көрүшпөйбү, асмандарды жана жерди жараткан жана ошолорду жаратууга алсыздык кылбаган Аллах, өлүк денелерге жан киргизүүгө кудуреттүү эмеспи?! Ооба! Ал - бардык нерсеге кудуреттүү!","Каапырлар тозокко алып келинген күндө (аларга): «Бул чындык эмес бекен?» (деп айтылат. Ошондо) алар: «Ооба. Раббибизге ант, (чындык экен)» дешет. Анда Аллах айтат: «Эми каапыр болгонуңар себептүү азап тарта бергиле!».","(Оо, Мухаммад, мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку) пайгамбарлардын чыдамкайлыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл. Сен аларга (мушриктерге азапты) шаштырба.[1] Алар өздөрүнө убада кылынган (Кыямат) Күндү көргөндө, (Дүйнөдө) күндүздөн бир эле саат (жашап) тургандай болушат. Бул - (чындыкты) жеткирүү! (Аны укпаган) бузуку коомдон башка дагы ким азапка дуушар болмок эле?!###[1] «О, Аллахым, ушулардын башына тезирээк азап түшүр» деп дуба кылба.","(Өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон адамдардын амалдарын (Аллах таала) жокко чыгарды.","Аллах ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган жана Мухаммадга түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) Чынында, ал Раббиси тарабынан келген Акыйкат деп ишенген адамдардын (чоң-кичине) күнөөлөрүн өчүрүп, (жүрөктөрүн жана) иштерин оңдоп койот.","Мунун себеби, каапыр болгон адамдар жалганды ээрчишет, ыйман келтиргендер болсо Раббисинен келген Акыйкатты ээрчийт. Аллах адамдарга өздөрүнүн мисалдарын ушинтип келтирет.","Эгер каапырларга (согуш мезгилинде) жолугуп калсаңар, мойнуна (кылыч) ургула! Эми, качан аларды жеңип алсаңар, (тирүү калгандарын) туткундап алгыла! Андан кийин же эч нерсе албай азат кылып жибересиңер, же болбосо төлөм-акы алып (андан соң) коюп жибересиңер. (Бул өкүм) согуш (абалы) бүткөнгө чейин. Ушундай. Ал эми, (эгер) Аллах кааласа аларды (согушсуз эле) жеңип коймок. Бирок, бирөөңөрдү бирөөңөр менен сынап (тандап) алуу үчүн (согушка буюрду). Жана Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдардын амалдарын (Аллах) эч качан текке кетирбейт!","Аллах аларды (бейиш жолуна) жолдойт жана (эки дүйнөдө) иштерин оңдойт.","Жана аларды өздөрүнө (Куранда) тааныткан бейишке киргизет.","Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллахка (Анын динине) жардам берсеңер,[1] Аллах дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат.###[1] Аллахтын динине жардам берүү - бул даават-түшүндүрүү менен, дин илимин окуу-окутуу, мечит-медреселер куруу, дин жолунда иштегендерге колдоо көргөзүү жана ушул сыяктуу аракеттер менен болот. Булардын бардыгы жеңил эмес талаптар. Бирок, Аллах Өзүнө тобокел деп ташталган кадамды бекем кылат.","Каапырлар жоголсун! (Аллах) алардын амалдарын жокко чыгарат.","Мунун себеби, алар Аллах түшүргөн нерсени (Куранды) жаман көрүштү. Анан (Аллах) алардын амалдарын текке кетирди!","Алар жер бетин кезип, өздөрүнөн мурунку (каапыр) коомдордун (коркунучтуу) акыбети кандай болгонун көрбөйт беле? Аллах алардын ойронун чыгарды го! Жана (азыркы) каапырларга да ошол сыяктуу иштер бар!","Мунун себеби, Аллах ыймандуу адамдардын жардамчысы. Ал эми, каапырлардын жардамчысы жок!","Чынында, Аллах ыймандуу жана жакшы амалдарды жасаган пенделерин түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Каапырлар болсо, (бул дүйнөдө) пайдалана беришет жана айбандар сыяктуу жеп-ичишет. Алардын орду - тозок!","(Оо, Мухаммад!) Биз, сени чыгарып жиберген шаарыңдан да кубаттуураак болгон нечендеген шаарларды кыйратып салганбыз. Анан аларга (эч кандай) жардамчы болбой калган.[1]###[1] Бул аят Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды өз шаары Меккеден чыгарып жиберген каапыр өкүмдарларга багытталган эскертүү болгону менен, анын өкүмү тээ кыяматка чейин момун-мусулмандарды куугунтуктап, өз жеринде Аллахка тынч ибадат кылууга жол бербеген өкүмдарларга да тиешелүү. Андай адамдарды Аллах Өзүнүн өч алуусу менен эскертип жатат.","Раббиси тарабынан (жиберилген) анык баян-далилдин үстүндө болгон киши, жаман иши өзүнө (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана напсинин каалоолорун (гана) ээрчиген адамга окшоп калмак беле?","Такыба кишилер үчүн убада кылынган бейиштин мисалы: анда ичүүчүлөр үчүн (даамы, жыты, түсү) бузулбаган суу дарыялары, даамы айныбаган сүт дарыялары, ылаззаттуу шарап дарыялары жана таза-пакиза бал дарыялары бар. Анда алар үчүн ар түрдүү мөмөлөр жана Раббисинен кечирим бар. (Ушундай бейишке түшкөн адам) тозокто түбөлүк калып, (удаама-удаа) кайнак суу ичирилип, натыйжада ичегилери үзүлүп кеткен адамга окшойбу?","Алардын (мунафыктардын) арасынан кээ бирөөлөрү сага (жүрөгү менен берилбей) кулак салышат. Ал эми, качан сенден чыкканда (берилип уккан) илимдүү адамдардан «(Мухаммад) азыр эмне деди эле?» деп сурашат. (Мунун себеби) Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койгон. Алар өз каалоолорун гана ээрчиген адамдар.","(Аллах) туура жолго түшкөн адамдардын хидаятын дагы да көбөйтөт жана аларды такыбалуу кылат.","Эми алар (мунафыктар) өздөрүнө капысынан кыямат келип калышынан башка эч нерсени күтүшпөйт. Кыяматтын (кээ бир) белгилери келип да калды! Анан эгер кыямат келип калса, алардын эскерме-сабак алуулары кайдан мүмкүн болсун?!","(Оо, Мухаммад!) Билгин, эч бир кудай жок, жалгыз Аллах бар! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн жана момун эркек, момун аялдар үчүн Аллахтан кечирим сура! Аллах силердин (бардык) кыймыл-аракетиңерди жана (кыймылсыз турган) ордуңарды билет.","Ыйман келтирген адамдар «(Аллах жолунда жихад кылуу жөнүндө тезирээк) бир сүрө түшсө экен!» дешет. Ал эми, качан гана анык бир сүрө түшүп, анда согуш (жихад) эскертилгенде, жүрөктөрү соо эмес (эки жүздүү) адамдар сени, өлүм келгенде өзүн жоготуп койгон адамдын көз карашы менен тиктеп калганын көрөсүң. Алар үчүн ылайыгыраак эле –","– (аятка) моюн сунуулары жана («моюн сундук» деген) жакшы сөздөр(дү айтуулары). Качан аларга (ушул сыяктуу) олуттуу бир буйрук келгенде жана (ал буйрукка дароо моюн сунуп) Аллахты(н сөзүн) тастыктаса өздөрүнө жакшы болмок.","Эгер (Аллахтын өкүмүнөн) жүз бурсаңар жер бетинде бузукулук иштерди жасашыңар жана (өз ара) тууган-урукчулугуңарды үзүп жиберишиңер мүмкүн.","Андай адамдарга Аллах наалат айтып, кулактарын дүлөй, көздөрүн сокур кылат!","Алар Куран жөнүндө ойлонушпайбы? Же жүрөктөрүндө кулпу барбы?","Өздөрүнө туура жол анык болуп калгандан кийин, дагы эле артка (динден каапырчылыкка) кайткан адамдарга (иштерин) шайтан кооз көргөзүп, (жалган кыялдарга) үмүттөндүрүп койду.","Бул (адашууда калуунун себеби) алар, Аллах түшүргөн нерсени (динди) жаман көргөн кишилерге: «Биз кээ бир иштерде силерге моюн сунабыз» - дешти. Аллах алардын сырларын билет.","(Өлүм) периштелер(и) алардын беттерине, көчүктөрүнө чапкылап (кыйнап) жандарын (сууруп) алып жаткан (азаптуу) мезгилде (алардын абалы) кантээр экен!","Мунун себеби, алар Аллахтын ачуусун келтирчү иштерди ээрчип, Анын ыраазычылыгын жаман көрүштү. Анан Аллах алардын амалдарын «хабата»[1] кылып койду.###[1] «Хабата» - «текке кетти», «күйүп кетти» деген мааниде. Каапырлар менен тымызын шартташып, кээ бир иштерде алар менен биригип, Исламдын зыянына иштегендердин ишин Аллах таала «хабата» кылып, текке кетирет.","Же болбосо, жүрөгү соо эмес адамдар, Аллах алардын ичине каткан душманчылыктарын (ачыкка) чыгара албайт деп ойлоштубу?!","Эгер Биз кааласак, сага аларды көргөзүп коймокпуз жана сен аларды белгилеринен эле таанып алмаксың. (Бирок) сен эми аларды сөздөрүнүн «күүсүнөн» тааныйсың. Аллах силердин амал-ишиңерди билет.","Биз силердин араңардан (чыныгы) жихад кылуучулар менен сабырдуу момундарды сынап (тандап) алганга чейин жана силердин (чыныгы) кабарыңарды билгенге чейин (ар түрдүү сыноолор менен) сынай беребиз.","Чынында, (өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон жана өздөрүнө туура жол анык билинип калгандан кийин деле (ар түрдүү бузукулук менен) пайгамбарды машакат-түйшүккө салган адамдар Аллахка эч нерсени зыян жеткире алышпайт! Жана (Аллах) алардын иш-аракеттерин текке кетирип койот.","Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Жана (Аллахтын аяттарына каршы чыгуу менен) ишиңерди жараксыз кылып албагыла!","Аныгында, каапыр болуп (адамдарды) Аллахтын жолунан тоскон (жана) андан соң каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын күнөөлөрүн Аллах эч качан кечирбейт!","(Оо, момундар! Силер жихад мезгилинде) жалкоолук кылбагыла! Жана колуңар (душмандан) бийик келип турган абалыңарда (аларды) тынчтыкка чакырбагыла! Аллах силер менен бирге! Жана Ал силердин (сооп) амалыңарды кемитпейт!","Чынында дүйнө жашоосу оюн жана тамаша. Эгерде силер ыймандуу жана такыбалуу болсоңор Аллах силерге сооп-сыйлыгыңарды (толук) берет жана мал-мүлкүңөрдү(н бардыгын Аллах жолуна чыгарууну) сурабайт.","Эгер (Аллах) силерден аны (мүлкүңөрдү) сурап, түйшөлтсө, сараңдык кыласыңар жана Ал силердин (жүрөгүңөрдөгү) жек көрүүнү ашкерелеп койот.[1]###[1] Көпчүлүк адамдар оозунда эле «Аллах жолунан эч нерсе аябаймын» деп опурулганы менен иш жүзүндө тап-такыр башка. Жыргалга, ырахатка көнүп калган жүрөгү машакат-сыноолорду, Аллах жолуна жан-мал курман кылууну каалабайт.","Оо, силер, Аллах жолунда (мал-мүлк) чыгарууга чакырылган адамдар! Силерден кээ бирөөлөр сараңдык кылаар. Кимде-ким сараң болсо ал өз жанына (бейишке киришине) сараңдык кылган болот. Аллах (силердин мал-мүлкүңөргө) муктаж эмес! Өзүңөр (Аллахка) муктажсыңар! Эгер (Аллахтын динин колдоодон) жүз буруп кетсеңер, Ал силерди (жок кылып) ордуңарга башка коомду алмаштырып койот. Кийин алар силер сыяктуу (бакыл, Аллахтын аяттарына каршы чыгуучу) болушпайт.","(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик.[1]###[1] Хижранын алтынчы жылында Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам миңден ашык сахабалары менен Умра зыяратын жасоо үчүн Меккеге келишет. Бирок, шаарга жакын «Худайбия» деген жерден аларды Мекке мушриктери шаарга киргизбей тосуп чыгышат. Ортодо чоң чыр, талаш-тартыш башталып, мусулмандар акыркы деми, бир тамчы каны калганга чейин душман менен кармашууга ант (байьат) беришет. Бул антташуу «Байьатур-ризван» (Аллахты ыраазы кылган ант) деген ат менен Ислам тарыхына кирген. Талаш-тартыштын натыйжасы мусулмандар менен мушриктердин ортосунда он жылдык тынчтык, өз ара кол салбастык келишиминин түзүлүшү менен бүтөт. Келишим боюнча мусулмандар бул жолкусунда Меккеге кирбей кайтып кетишет. Кийинки жылда келишкенде мушриктер шаарды бошотуп беришет. Араб урууларынан каалаганы мусулмандарга, каалаганы мушриктерге кошулууга укуктуу болот ж.б.у.с. көп маселелер каралат. Бул келишимде мушриктерге көбүрөөк укук каралгандыктан жана Меккеде төрөлүп чоңойгон мусулмандар алты жылдык сагыныч-кусалыктарынан кийин «Туулган шаарымды көрөмүн, Байтуллахты тооп кылып, Аллахка ибадат кыламын» деп турганда, шаардын астанасынан кайтып кетип жатышкандыктан, кээ бирөөлөр муну жеңилиш катары кабыл алышат. Бирок, Аллах тааланын вахийи менен гана иш жүргүзгөн пайгамбарыбыз келишим шарттары канчалык оор болсо да, он жылдык тынчтык мөөнөтүндө Ислам динин көбүрөөк жүрөктөргө жеткирүү мүмкүнчүлүгү тургандыктан, сабыр кылат жана момундарды да сабыр кылууга чакырат. «Худайбия келишими» чын-чынына келгенде мусулмандар үчүн жеңиштин башталышы болду. Ушул жылдан кийин оож алган даават натыйжасында тегеректеги араб уруулары, топ-топ болуп Исламды кабыл ала башташты. Бул сүрө мусулмандар Худайбиядан кайтып келе жатышканда түшкөн.","Аллах сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, жакшылыгын толук-кемчилдиксиз берип, туура жолго башташы үчүн","жана Аллах сага чоң жардам бериши үчүн.","(Аллах) алардын ыймандарынын үстүнө(дагы) ыйманды көбөйтүп бериши үчүн[1] момундардын жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү. Асмандар менен жердин (бардык) аскерлери Аллахтын колунда. Аллах Билүүчү, Даанышман.###[1] Бул – ыймандын көбөйүп-азайып турушуна далил болгон аяттардын бири.","Момун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллахтын алдында чоң жеңиш!","Жана Аллах жөнүндө жаман ойлогон[1] мунаафык эркектерди, мунаафык аялдарды, мушрик эркектерди жана мушрик аялдарды (Дүйнө-Акыретте) азаптоо үчүн. Алардын (мушриктердин өз) башына балээ түштү. Аллах аларга каарын төгүп, наалат айтты жана тозокту даярдап койду. Ал кандай жаман орун!###[1] Сыртынан мушриктердин жеңишиндей көрүнгөн Худайбия келишими түзүлгөндө кээ бир мунаафык, мушрик адамдар «Аллах момундарга жардам бербеди. Эми алардын башына балээ келет» деп Аллахка жаман күмөндө болушкан.","Асмандардын жана жердин аскерлери Аллахтын Колунда жана Аллах Кудуреттүү, Даанышман!","(Оо, Мухаммад!) Биз сени (Аллахтын жалгыз кудай экенине) күбө болуучу, (бейиштен) куш кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү пайгамбар кылып жибердик.","Жана силер Аллахка, Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны эртели-кеч аруулап турушуңар үчүн (силерге пайгамбар жибердик).","Сага ант берген адамдар, чынында Аллахка ант беришти. Аллахтын Колу[1] алардын колунун үстүндө. Эми, кимде-ким убадасын бузса – ал өзүнүн зыянына бузганы. Жана кимде-ким Аллахка берген убадасын аткарса – ага Аллах тез аранын ичинде улук сооп берет.###[1] «Тафсирул Муяссарда» бул аят: «Оо, пайгамбар! Худайбияда сага кол узатып, сени менен бирге согушууга байат (ант) берген адамдар, чынында Аллахка байат берген сыяктуу. Аллахтын Колу алардын колунун үстүндө, Ал алар менен, алардын сөзүн угат, кайда болушса көрүп турат жана алардын ичи-тышын билип турат...» деп түшүндүрүлгөн.","Жакында сага (согуштан) калып калган бедуиндер «Бизди мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөбүз бошотпой койду. Эми биз үчүн (Аллахтан) кечирим сура» - дешет. Алар жүрөгүндө жок нерсени тили менен айтышууда. Аларга айткын: «Эгер Аллах силерге бир зыян жеткирүүнү кааласа Аллахтан ким сактап калат? Же болбосо, (Аллах) силерге бир пайда (келишин) кааласа (аны ким токтото алат)?» Жок! Аллах силердин (бардык) ишиңерден кабардар!","Жок! Силер, Пайгамбар менен момундар эч качан үй-бүлөлөрүнө кайтып келбейт деп ойлогон элеңер. Силердин жүрөгүңөргө ушул нерсе (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана (натыйжада Аллахка да) жаман күмөн кылып, өлө турган коом болуп калган элеңер.","Кимде-ким Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирбесе, Биз каапырларга тозокту даярдап койгонбуз.","Асмандардын жана жердин мүлк-падышалыгы Аллахка таандык. Ал каалаган пендесин кечирет жана каалаган пендесин азапка салат. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!","Силер олжолор[1] үчүн, аны алып келгени баратканыңарда (согуштан) калып калган адамдар: «Бизди да ээрчитип алгылачы?» – дешет. Алар Аллахтын Сөзүн өзгөртүүнү каалашат.[2] Айткын: «Бизге ээрчибегиле! Аллах мурун да ушундай деген». Анда алар «Жок, силер бизден кызганып жатасыңар» – дешет. Жок! (Андай эмес) алар (Шариятты) өтө аз түшүнүшөт.[3]###[1] Меккеге кире албай, ызага толгон жүрөктөрү менен Мединага кайтканда, Аллах алардын сабырдуулугуна сыйлык иретинде Хайбар деген жердеги яхуди каапырларынын үстүнөн жеңиш берип, көп олжолорго эгедер кылган.\t [2] Анткени, Аллах «Олжолор – Худайбияда ант бергендер үчүн гана» деп өкүм кылган.\t[3] Алар: «Эгер согуштан калган болсок, мунун жазасы Акыретте берилет. Эмнеге бизди олжого шерик кылбай жатасыңар» - дешти. Бул алардын шариятты жакшы түшүнбөгөнү. Шариятта күнөөлөр үчүн ушул дүйнөлүк жаза берүү да көргөзүлгөн. Алардын олжодон бейнасип кылынышы алар үчүн жаза эле.","(Согуштан) калып калган бедуиндерге айт: «Силер жакынкы мезгилдерде өтө кубаттуу элдерге каршы чакырыласыңар. Алар менен согушасыңар же болбосо алар (согушсуз) Исламды кабыл алышат. Эгер (ошондо чакырууга) моюн сунсаңар, Аллах силерге эң сонун сыйлыктарды берет. Ал эми, мурун качканыңар сыяктуу качып жөнөсөңөр, катуу азап менен азаптайт!»","Сокурга күнөө жок, чолокко да күнөө жок. Оорулуу адамга да күнөө жок.[1] Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, (Аллах) аны, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Ал эми, ким тескери басып кетсе, ага катуу азап берет!###[1] Бул аятта согушка катышпай койсо күнөө болбой турган адамдардын тизмеси келтирилди.","(Худайбиядагы) дарактын түбүндө сага ант (кол) берген кезде, Аллах момундардан ыраазы болду. Алардын жүрөгүндөгү (изги) ниеттерин билди жана аларга тынчтык-бейпилдик түшүрүп, жакынкы жеңиш (Хайбарды каратып алуу) менен сыйлады.","Жана (Хайбардан) ала турган көп олжолор (менен сыйлады). Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.","Аллах силерге (келечекте) ала турган (дагы) көп олжолорду убада кылды. Анан силер үчүн мына бул (Хайбардагы) олжону тездетип берди жана (ушул олжолор) момундар үчүн (Аллахтын Кудуретинен) белги болушу үчүн жана силерди туура жолго баштоосу үчүн (душман) адамдардын колун силерден тосуп койду.","Жана башка (олжолор да бар). Силер аларга (азырынча) ээ боло албайсыңар. Аллах аларды (Өз илими менен) ороп (билип) турат. Аллах ар бир нерсеге Кудуреттүү!","Эгер (Худайбияда) каапырлар силерге согуш ачса да, өздөрү артка качып жөнөшмөк. Анан (эч бир) дос-жардамчы таппай калышат.","(Бул) илгертеден бери келе жаткан Аллахтын Жолу. Сен Аллахтын Жолун эч өзгөртө албайсың!","Жана (Аллах) Меккенин (чекарасынын) ичинде, силерди алардан үстөм кылып койсо да, силердин колуңарды алардан, алардын колун силерден тыйып койду.[1] Аллах жасаган ишиңерди Көрүүчү!###[1] Худайбияда мусулмандардын жолун сексен чакты мушрик атчандары тосуп чыгышат. Албетте, бир жарым миңге жакын мусулмандар алардан үстөм-жогору эле. Бирок, өз ара кол салышуу болбоду.","Алар каапыр болгон, силерди «Аль-Харам» мечитинен тоскон жана туткундалган белек-курмандык жаныбарларды да союлчу жайына жетип барышынан тоскон адамдар. Эгерде (Мекке мушриктеринин арасында) силер тааныбаган момун эркектер, момун аялдар бар болбогондо, аларды тааныбай басып кирсеңер (жана өлтүрүп койсоңор) алар себептүү силерге күнөө жетип калбаганда (Аллах Меккеге күч менен киришиңерге уруксат бермек. Бирок,) Аллах каалаган (момун) пенделерин Өз ырайымынын астына калкалашы үчүн (согушка уруксат бербеди). Эгер (Меккедеги ыймандуулар өзүнчө) бөлүнүп турса, алардан (Мекке элинен) каапыр болгондорун (силердин колуңар менен) катуу азаптаган болоор элек.","Ошондо, каапырлар жүрөктөрүнө жахилия кызуу кандуулугун салганда, Аллах Өз пайгамбарына жана момундарга бейпилдигин түшүрдү жана аларга такыба келмесин (бекем) кармоого буюрду. Алар бул сөзгө акысы көбүрөөк жана ылайыгыраак болчу. Аллах ар бир нерсени Билүүчү![1]###[1] Мушриктер пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын алдына келишим түзгөнү келип, пайгамбарыбыз өзүнүн катчысына «Бисмиллаахир Рахмаанир Рахиим» деп жаздырганда мушриктердин өкүлү Сухайл кызаңдап: «Жок, биз мындай сөздү билбейбиз! Ата-бабаларыбыздай эле «Бисмикаллаахум» деп жаз!» - дейт. Ошондой эле, келишимдеги \"Аллахтын элчиси\" деген сөздү алып салуусун көшөрүп талап кылат. Алар канчалык кызуу кандуулукка алдырган сайын, пайгамбарыбыз ошончолук салабаттуулук менен талаптарды кабыл алат. Аяттагы \"такыба сөзү\" - бул ыйман келмеси. Мусулмандар ыйман келмесин жүрөктөрүнө бекем сактаганы үчүн гана мындай орой мамилеге сабыр кылып турушту. Улук пайгамбар аларды ушуга ылайык кылып тарбиялаган болчу.","Аллах Өз пайгамбарынын чын түшүн оңунан келтирди.[1] (Оо, момундар!) Силер Аллах кааласа, албетте тынчтык-бейпилдик менен, чачыңарды кырдырткан жана кыскарттырган абалда, эч коркпой «Аль-Харам» мечитине киресиңер. (Аллах) силер билбеген нерсени билди жана (азырынча силерге) андан (Меккеге кирүүдөн) башка жакын жеңишти (Хайбарды багынтууну) берди.###[1] Пайгамбарыбыз Мединада көргөн түшүндө сахабалары менен чачтарын кырдырып жана кыскартып, тынчтык-бейпилдик менен Каабаны тооп кылып жүрүшүптүр. Ушул түштүн негизинде (пайгамбарлардын түшү - вахий болуп саналат) умра ибадатына сахабаларын баштап келген болчу. Бирок, был жылкысында кирбей, кайтып кетүү шарты келишимге жазылганы менен, Аллах таала Өз пайгамбарына көргөзгөн түшүн бир жылдан кийин оңунан берип, мусулмандар Меккени фатх кылышат.","«Ал Өз пайгамбарын туура жол жана Акыйкат Дин менен, аны бардык диндерден жогору кылуу үчүн жиберди. Аллах жетиштүү Күбө!»","Мухаммад – Аллахтын элчиси! Аны менен бирге (сахаба) болгон кишилер каапырларга катуу-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рукуу-сажда кылган абалында Аллахтан пазилет жана ыраазычылык сурап жаткандарын көрөсүң. Алардын жүздөрүндө сажданын белгилери бар. Бул алардын Тоораттагы сыпаттары. Ал эми, алардын Инжилдеги сыпаттары - өзүнөн көп шак-бутак чыгарып, кубаттанып, анан (ал бутактар) жоон болуп, анан денесин кере түздөп, дыйкандарды таң калтырган дарак сыяктуу. (Бул мисал) каапырлардын көңүлүн чөктүрүү үчүн. Аллах алардын арасынан ыйман келтирип, салих амал кылган момундарга (күнөөлөрүн) кечирүүнү жана улук соопту убада кылды.","Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын жана пайгамбарынын алдында (бир иш же сөз менен) жулунбагыла! Жана Аллахтан корккула! Чынында Аллах - Угуучу, Билүүчү!","Оо, ыйман келтирген пенделер! Добушуңарды пайгамбардын добушунан бийик көтөрбөгүлө! Билбестиктен улам (сооптуу) ишиңер «күйүп кетпеши» үчүн, бири-бириңерге кыйкырып сүйлөгөндөй ага (пайгамбарга) кыйкырып сүйлөбөгүлө!","Чынында, Аллахтын элчисинин алдында добушун төмөндөткөн адамдар гана, Аллах алардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн сынаган (жана сыноодон өткөн) кишилер. Аларга (Аллах тарабынан) кечирим жана улук сооп бар!","(Оо, Мухаммад), сага бөлмөлөрдүн артынан кыйкырган кишилердин көпчүлүгү акылын иштетпеген адамдар.","Эгер алар, сен чыкканга чейин сабыр кылып турушканда өздөрүнө жакшы болмок. (Бирок), Аллах - Кечирүүчү, Боорукер.","Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, наадандык менен (ал жамандаган) коомду кайгы-капага салбашыңар үчүн жана жасаган ишиңерге бушайман болуп калбашыңар үчүн жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле.","Жана билип алгыла, силердин араңарда Аллахтын элчиси бар! Эгер ал көпчүлүк иштерде силерге моюн сунса, кыйналып каласыңар![1] Бирок Аллах силерге ыйманды жакшы көргөзүп, аны менен жүрөгүңөрдү кооздоп койду жана силерге каапырчыкты, күнөөнү, (Өзүнө) каршы чыгууну жаман көргөздү. Ушул (сыпаттагы) адамдар гана, туура жолдогу кишилер!###[1] Себеби, пайгамбардын сөзү - бул вахий. Өз кезегинде вахий  - бул Аллахтын илими. Аллах инсанияттын өтмүшүн, келечегин жана психологиялык, физиологиялык абалдарын эң жакшы билет. Анткени, Өзү жараткан. Андыктан, пайгамбардын сөзүнө моюн сунганда гана элдер дүйнөдө кыйналбай өмүр сүрөт.","Аллах тарабынан (берилген) пазилет жана нээмат (ушул). Аллах - Билерман, Даанышман!","Эгерде момундардан эки тайпасы өз ара согушуп калса, экөөнүн арасын оңдогула! Эгерде экөөсүнөн бири экинчисине зулум кылса, силер зулум кылганына каршы, Аллахтын буйругуна кайтканга чейин согушкула! Эгер (тообо кылып, Аллахтын өкүмүнө) кайтса, экөөсүнүн арасын адилеттик менен оңдоп (жараштырып) койгула! Жана (колуңардан келишинче) адилет кылгыла! Аллах адил адамдарды сүйөт.","Чынында, (бардык) момундар – бир туугандар! Бир тууганыңардын арасын оңдогула! Жана Аллахтан корккула! Ажеп эмес, ырайымына арзысаңар!","Оо, ыйман келтирген пенделер! Эч бир эл башка элди мазактабасын! Алар (мазакталгандар) булардан жакшыраак болуп калуусу толук мүмкүн. Жана эч бир аялдар башка аялдарды шылдыңдабасын, алар булардан жакшыраак болуп калышы мүмүкүн. Өзүңөрдү-өзүңөр (жаман) ылакаптар менен мыскылдабагыла! Ыймандын артынан бузук ысым (менен аталуу) кандай жаман! Ал эми, кимде-ким тообо кылбаса, алар залымдар!","Оо, ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла! Чынында кээ бир күмөндөр күнөө.[1] Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактырабы?![2] Жактырбайсыңар го! Аллахтан корккула! Чынында, Аллах тооболорду Кабылдоочу, Боорукер!###[1] Күмөн эки түргө бөлүнөт: 1) жакшылыкка жоромолдоп күмөн кылуу, 2) жамандыкка жоруп шек саноо. Бул аятта Аллах бизди экинчисинен кайтарууда.\t[2] Ислам боюнча кыйбат кылуу өз бир тууганынын этин жеген менен барабар!","Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жаратып, өз-ара таанышып-билишиңер үчүн улуттарга, урууларга (бөлүп) койдук. Аллахтын назарында силердин эң улугуңар – такыбалуураак болгонуңар. Аллах чынында, Билүүчү, Кабардар!","Бедуиндер: «Биз ыймандуубуз» - дешет. Айткын: «Ыймандуу эмессиңер, бирок «Исламга кирдик» – дегиле. Ыйман силердин жүрөгүңөргө толук жете элек».[1] Жана эгер Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, Ал силердин амалыңардан эч нерсени кемитпейт. Чынында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.###[1] Жүрөгүнө ыйман толук уялаган адамдар бири-бирине аңчы-тыңчылык кылбайт, кыйбат-ушак сүйлөбөйт, мыскылдабайт, Аллах менен пайгамбардын сөзүнүн алдында тек гана моюн сунуп турат.","Албетте, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан (өз ыйманынан) шек санабаган жана Аллахтын жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар гана (ыйманында) чынчыл кишилер.","(Оо, Мухаммад, акылысыз адамдарга) айткын: «Аллахка диниңерди билдирип койоюн дедиңерби? Аллах асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселерди (ошонун арасында силердин жүрөгүңөрдөгү ой-максаттарыңарды да) билет. Жана Аллах - бардык нерселерди Билүүчү».","Алар сага өздөрүнүн мусулман болгондуктарын милдет (колко) кылышат. Айткын: «Исламга киргениңерди колко кылбагыла! Тескерисинче, Аллах силерди туура жолго баштаганын колко кылат, эгер (ыйманыңарда) чынчыл болсоңор».","Чынында Аллах асмандардагы жана Жердеги кайыптарды билет. Аллах силер жасаган иштерди Көрүүчү.","Каф.[1] Улук Куранга ант!###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(Курайштык) каапырлар (Курандын улуктугун баалоонун ордуна) тескерисинче, аларга өздөрүнүн эле арасында жүргөн (адам) эскертүүчү-пайгамбар (болуп) келгенине таң калып (мындай) дешти: «Бул кызык нерсе го?!","Эмне, биз өлүп (чирип) топурак болуп калсак (деле кайра тирилебизби?) Бул – өтө алыс (мүмкүн эмес) кайтуу!»","Биз, жер алардан (алардын денелеринен «жеп») кемиткен нерсени билдик. Жана Биздин алдыбызда (бардык нерсенин илимин Өзүндө) сактоочу Китеп (Лавхул Махфуз) бар.[1]###[1] Аллах Лавхул Махфузга жазган Өзүнүн илими менен бардык нерселердин катарында мүрзөгө коюлган дененин чирип, топурак болуп, жер анын канча бөлүгүн «жеп» салганынан өйдө билип турат.","Жок! Аларга Акыйкат (Куран) келген учурда «жалган» деп айтышкан. Алар (Куран жөнүндө) туруксуз пикирде болушту.[1]###[1] Акыйкатты жалганга чыгаруу үчүн алар оболу пайгамбарыбызды «сыйкырчы» дешти, анан эле пикирлерин өзгөртүп, «акын» дешти. Арадан көп өтпөй эле «жинди» деп доомат коюшту. Бирок, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам окуган Куран не сыйкырга, не ырга окшосо кана! Эгер жиндилер ошондой маанилүү сүйлөсө, ал сөздү сүйлөй албаган соолорду эмне деп айтса болот?! Кыскасы, Акыйкатка каршы болгон адамдар ар кайсы заманда болбосун ошолор сыяктуу түрлөнүп турат. Себеби, өзгөргүс, түрлөнгүс акыйкат бирөө эле. Ал – Курани Карим!","Алар үстүндөгү асманга (акыл көзү менен) карашпайбы?! Биз аны (түркүгү жок) куруп, (жылдыздар менен) кооздоп койдук. Анын жарака-тешиги да жок.","Биз жерди да кең-кенен кылып (жаратып), ага тоолорду таштап, анын үстүндө ар түрдүү сонун жуптарды өндүрүп-өстүрдүк.","(Аллахка) кайтуучу ар бир пенде үчүн эскерме жана сабак болсун деп","Жана Биз асмандан берекелүү суу түшүрүп, аны менен бак-дарактарды, жыйнап алынуучу дандарды өстүрдүк.","Бутактары мөмөлөгөн бийик курмаларды дагы (өстүрдүк),","пенделерге ырыскы болсун деп. Жана ал (суу-жамгыр) менен өлүк шаарларды тирилттик. (Кайра тирилип, мүрзөлөрдөн) чыгуу ушул сыяктуу болот.","Алардан (Мекке мушриктеринен) мурун Нухтун коому, кудук элдери жана Самуд коому (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен.","Аад коому, Фараон, Луттун (каапыр) бир туугандары дагы.","Токой элдери жана Тубба коому дагы «жалганчы» дешкенде...(алардын үстүнө) Менин (азап жөнүндөгү) убадам чындап келди.","Эмне, Биз абалкы жаратууда алсыздык кылган белек? Тескерисинче, алар (Мекке мушриктери) жаңыдан (экинчи ирет) жаратуудан күмөндө болушту.","Инсанды Биз жаратканбыз жана анын напсиси азгыра турган нерселерди да Өзүбүз билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз.[1]###[1] Аллах Өзүнүн илими менен ар дайым инсандын жанында. Же болбосо, инсан ар дайым Аллах тааланын илиминде-көзөмөлүндө, байкоосунда.","Анткени, (инсандын) оң жана сол тарабында (Биз жиберген) эки кабыл алуучу (периште) олтурат.[1]###[1] Бири инсандын жакшы сөздөрүн, иштерин жазса, экинчиси (сол жактагысы) жаман сөздөрүн, жаман иштерин жазат.","Кандай гана сөз сүйлөбөсүн, анын алдында күзөтчү (периште) турат.","(Эй, күнөөкөр адам!) Өлүм масчылыгы Акыйкатта (мына башыңа) келди! Сен качып жүргөн нерсе – ушул!","Жана (мынакей), Сур (кернейи) да тартылды. Бул - убада кылынган Күн.","Жана ар бир жан (ээси) бир айдоочу жана бир күбө болуучу (периштенин) коштоосунда (сурак майданына) келди.","(Эй, Акыретти жалган деген пенде!) Сен мындан капылетте (кайдыгер) болчусуң. Анан Биз сенин (кайдыгерлик) пардаңды ачып салдык. Мына эми, бүгүн сенин көздөрүң (аябай) өткүр![1]###[1] Бул дүйнөдө инсан капылетте (уйкуда) жүрө берген. Кыямат, кайра тирилүү, эсеп берүү деген нерселерди ойлоп да койгон эмес. Анан... Исрафил периште Сур деген кернейин тартканда... капыстан кайра тирилип, эки периштенин коштоосунда сурак майданына келип калыптыр! Дүйнөдөгү капылет пардасы заматта көзүнөн сыдырылып, ары жактагы тозок азабын көрүп, көздөрү андан бетер ачылат. Кыяматтын чын экенин түшүнөт. Бирок, эми түшүнгөндүн пайдасы не?!","Жана анын (бул дүйнөдөгү) коштоочу периштеси айтты: «Бул (каапырдын жасаган иштеринин тизме китеби) менин алдымда даяр». (Анан коштогон эки периштеге айтылды):","«Тозокко таштагыла, (чындыкты) четке каккан ар бир каапырды,","чектен ашып, (Акыреттен) шектенген жана жакшы (сооп) иштерге бут тоскондорду!","Алар Аллахка кошуп, башка кудай жасап алган адамдар! Аларды катуу азапка таштагыла!»","Анын коштоочу шайтаны[1] айтты: «Оо, Рабби! Муну мен (Сага) каршы жолго баштабадым. Бирок, өзү алыс адашууда болгон».###[1] Бул дүйнөдө ар бир инсанды коштоп жүргөн шайтаны бар. Ал шайтандын бийлиги ыклас менен ыйман келтирген адамдарга өтпөйт. Ал эми, ыймандан качкан адамдарды көп жамандыктарга баштайт.","(Аллах) айтты: «Менин алдымда талашпагыла! Мен силерге Өзүмдүн (тозок жөнүндөгү) кабарымды мурда айтканмын.","Менин Сөзүм өзгөрбөйт жана Мен пенделерге зулумдук кылуучу эмесмин!»","Ошол күнү Биз тозокко: «(Каапырларга) толдуңбу?» - дейбиз. Ал: «Дагы барбы?» - дейт.","Жана бейиш такыба кишилерге алыс эмес (жерге) алып келинет (жана айтылат:)","«Ушул силерге – ар бир (Аллахка) берилген жана (Анын өкүмдөрүн) сактап жүрүүчүлөргө,","(жана) кайыптагы Рахмандан корккон, (Раббисине) тообо кылуучу жүрөк менен келген адамдарга убада кылынган нерсе»","(Дагы аларга) «Бейишке сак-саламат киргиле! Бул түбөлүктүүлүктүн күнү» - деп айтылат.","Аларга анда каалаган нерселери бар. Жана Биздин алдыбызда кошумча (сооп-сыйлыктар да) бар.","Биз алардан (Мекке мушриктеринен) мурун нечен-нечен (каапыр) муундарды кыйратканбыз. Алар булардан кубаттуураак болчу. (Балээ келгенде) шаарларда тыркырап, (качканы жай таппай калышты). (Аллахтын азабынан) кача турган жер бар бекен?!","Албетте, бул нерседе (соо) жүрөктүү же болбосо сергек абалда кулак салган адамдар үчүн сабактар бар.","Биз асмандарды, жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди алты күндүн ичинде (толук) жараттык жана Бизди (эч кандай) чарчоо кармабады.","Алардын сөздөрүнө сабырдуу бол! Жана күн чыкканга чейин жана (күн) батаардан мурун Раббиңди даңктап тасбих айт!","Дагы түндүн бир бөлүгүндө, саждалардын артынан Ага тасбих айт!","Жакын жерден бир жарчы (Исрафил периште Сур кернейи менен ) жар чакырган Күнү ага кулак сал!","Ал Күнү (бардык калайык-калк) акыйкат айкырыкты угат. Бул – (мүрзөдөн тирилип) чыгуу Күнү.","Чынында (инсаниятка) Биз жашоо бергенбиз жана Өзүбүз жанын алабыз. Жана кайтуу - Өзүбүзгө!","«Ошол (Сур тартылган) Күндө аларга (мүрзөлөрдө жаткандарга) жер жарылып, шашкан абалда (чыгып келишет.) Бул чогултуу Биз үчүн өтө жеңил».","Алардын эмне деп жатканын Биз эң жакшы билебиз. Сен аларды мажбурлоочу эмессиң.[1] Эми сен Менин коркунучтуу убадаларымдан корккон адамдарды Куран менен эскерт!###[1] Сен болгону бир эскертүүчү пайгамбарсың.","(Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!","Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!","Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!","(Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!","(Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе[1] – бул чындык!###[1] Аллах бизге Өзунун Китебинде Кыямат болушун, ал Күндө ар бир пенде өзүнүн дүйнөлүк жашоосу жөнүндө жооп беришин убада кылган.","Жана Кыямат сөзсүз болуучу!","Кооз-көркөм асманга ант!","(Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр).","Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат.","Жалганчыларга өлүм!","Алар наадандык толкундарында адашкандар!","(Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат.","Ал Күнү тозокто азап тартышат!","(Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат).","(Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда,","Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан.","Алар түндөсү бир аз эле укташкан.","Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.[1]###[1] Садий бул аяттагы «таң мезгилдерин» пенденин дубасы сөзсүз кабыл боло турган, түндүн үчтөн экиси өтүп, үчтөн бири калгандагы убакыт дейт. Анткени, пайгамбарыбыз (с.а.в) көбүнчө дал ушул убакытта «тахажжуд» намазын окуп, Багымдатка чейин дуба-ибадат менен машгул болгон.","Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын[1] акысы болгон.###[1] Бул аятта муктаждарды тилемчилерден бөлүп көрсөтүүнүн себеби, кээ бир муктаж момун-мусулмандар жокчулуктан ар канча кыйналса да бирөөдөн бир нерсени сурагандан тартынышат, ыйбаа кылышат. Ал эми, чыныгы бейишке татыктуу байлар ошолордун муктажыдыгын суратпай эле билип, өздөрү алып барып беришет.","Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.","Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы?","Асманда силердин ырыскыңар[1] жана силерге убада кылынган нерселер бар.###[1] Анткени, ырыскы деген асмандан түшөт. Инсаниятка жерден чыккан ырыскылардын себепчиси - жамгыр деле асмандан түшөт.","Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат!","(Оо, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле?","Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди.","Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди.","Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди.","Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун» – дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти.","Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!».","«Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» - дешти (периштелер)."]