["«Оо, элчилер, эмне жумуш менен?» – деди. (Ибрахим)","(Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик.","Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн,","Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган.","Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык.","Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн[1] башка мусулмандарды таппадык.###[1] Элдин бардыгы чекеден бузулуп, бачабаз болуп, аялдары да ал ишке кайыл болуп калышкан. Луттун үй-бүлөсүнөн анын аялы бузукларга кошулуп кеткен. Ошондуктан шаардан чыгарылган Луттун үй-бүлөсүнүн арасында ал болгон эмес.","Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык.","Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фараонго анык далил (дин) менен жибердик эле...","(Фараон) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди» - деди.","Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу.","Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр[1] шамалды жибердик.###[1] \"Кысыр\" деген сөз бул жерде \"пайдасы жок\" деген мааниде. Адатта, шамал булуттарды адап келип. жамгыр жаап, пайда келтирет. Ал эми, Аллахтын Аад коомунун үстүнө жиберген шамал аларга зыян алып келди.","Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду.","Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.[1]###[1] Самуд коому өздөрүнө жиберилген Салих пайгамбарга моюн сунбай, кайра азап жөнүндө эскертүү берсе, \"ошол азабың каан келет?\" деп келекелешти. Аллахтын буйругу менен аларга \"үч күн ичип-жеп, жыргап-куунап алгыла\" деп айтылды.","Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады![1]###[1] Асмандан кулакты тундуруп, жүрөктү жарган ач айкырык келди.","(Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады.","Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон.","Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз.","Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз!","Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер!","(Бардык күнөөдөн) Аллахка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн!","Аллах менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!","Ошентип, алардан (Мекке мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен.","Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллахка) каршы чыккан элдер.","(Оо, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң.","Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет.","Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.[1]###[1] Ошондуктан тарыхта өткөн бардык пайгамбарлар адегенде эле «Аллахка гана ибадат кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок» деп даават кылышкан. Бардык пайгамбарлардын каапыр коом менен болгон келишпестиктери ушул эле маселенин үстүндө болгон.","Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.[1]###[1] Аллах бизден бир гана нерсени – Өзүнө ыклас менен ибадат кылууну гана сурайт. Ал эми өз кезегинде, биздин ибадаттарыбыздан Аллахка эмес, өзүбүзгө гана пайда кайтат.","Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү.","Эми, зулум кылган (каапыр) адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун!","Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун!","Тур тоосуна ант![1]###[1] «Тур» - бул Синай тоосунун бир аталышы. Муса алейхис салам ушул тоодо Аллах таала менен сүйлөшкөн.","Жана жазылган Китепке[1] ант.###[1] Бул аяттагы «Китепти» кээ бир тафсирчилер «Лавхул-Махфуз» деп түшүндүрсө, кээ бирөөлөрү «Куран» дешкен.","Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө,","Жана Абад Үйгө[1] ант!###[1] Курандагы ысымы «Байтул-Маамур» болгон бул Абад үй жетинчи асманда болуп, анын ичинде ар күн сайын жетимиш миң периште намаз окуйт. Кезек тийбей тизилип тургандардын саны ушунчалык көп болгондуктан бир жолу анда намаз окуган периште эгер дагы кезекке турчу болсо, Кыяматка чейин кезек келбейт.","Жана бийик тамга (асманга) ант!","Жаңы толуп-ташкан деңизге ант!","(Оо, Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу!","Аны (эч бир) кайтаруучу жок!","Ал Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт.","Жана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт.","Ал күнү жалганчыларга өлүм болсун!","Алар (өз жалгандарында) чумкуп ойногон эле.","Ал күнү алар тозок отуна түртүп киргизилет (анан аларга айтылат:)","«Силер жалганга чыгарган тозок – ушул!","Эмне, бул сыйкыр бекен! Же силер көрбөй жатасыңарбы?","Ага киргиле! Чыдайсыңарбы, чыдабайсыңарбы, силерге баары бир! Силер, аныгында жасаган ишиңердин гана жазасын аласыңар!».","Ал эми, (Раббисинен) корккон кишилер бейиштердин жана нээматтардын ичинде.","Раббилери берген нээматтардан жыргаган абалда. Жана аларды Раббилери тозок азабынан сактайт.","(Аларга) «(Сооптуу) иш кылганыңар үчүн (каалаган нерсеңерден) жегиле жана ичкиле, аш болсун!» (деп айтылат).","(Алар бейиштеги дарыялардын жээгинде) катар тизилген сөрүлөрдүн[1] үстүндө жамбаштап жатышат. Биз аларды бакыраң көз «үр» кыздарга үйлөнтүп койобуз.###[1] Тапчандардын.","Ал эми, ыйман келтирип, урпактары дагы (аларды) ыйман менен ээрчиген адамдарга (бейиште) урпактарын кошобуз. Бирок, алардын (бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт. Ар бир адам өз ишинин туткуну.[1]###[1] Демек, бейиштеги бабаларды кубантуу үчүн Аллах таала ыйман менен өткөн урпактарды аларга кошот экен, эгер сооп даражалары бабалардай болбосо да. Бирок, мунун мааниси бабалардын сообунан урпактарга алып берилет экен дегенге жатпайт. Тескерисинче \"(бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт\". Б.а. сооп алып берилбейт. Анткени, \"Ар бир адам өз ишинин туткуну\".","Жана Биз аларды (ар түрдүү) мөмөлөр ошондой эле, каалагандай куш эттери менен ырахаттандырабыз.","Алар анда (бейиште шарап толтурулган) чөйчөктөрдү бири-бирине сунушат. Ал шарапта(н) алжыгандык да болбойт, күнөө иштер да болбойт.","Аларды(н кызматында седептин ичине) катылган бермет сыяктуу жаш (сулуу) жигиттер айланчыктап турушат.","Жана (бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты:","(Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллах тааладан) коркуучулар элек.","Анан бизге Аллах (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды.","Биз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу.","(Оо, Мухаммад! Үммөтүңө) эскерткин! Сен Раббиңдин нээматы себептүү бакшы (көзү ачык) да эмессиң, жинди да эмессиң.","Же болбосо, алар (мушриктер: «Бул) акын. Анын өлүмүн күтө туралы» - дешеби?","Айткын: «Күтө бергиле. Мен да силерге кошулуп (Аллах силерге азап берүүсүн) күтөмүн».","Же болбосо алардын «акылдары» ушуга (Куранды жалганга чыгарууга) буюрабы?! Же алар чектен чыккан элби?!","Же болбосо, «(Мухаммад) аны (Куранды) оюнан чыгарып сүйлөгөн» - дешеби? Жок! Алар ыйман келтиришпейт!","Эгер («Куранды инсан ойлоп чыгарган» деген сөздөрүндө) чынчыл болушса, ага окшогон бир гана сөз алып келишсин?!","Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?[1]###[1] Эгер жаратуучусу жок эле, өзүнөн-өзү жаралып калбаган болсо, жана өздөрү ааламдардын жаратуучусу болбосо, үчүнчү пикир – аларды жалгыз Аллах гана жаратканы чындык болот. Анда эмне үчүн ошол Жаратуучунун Өзүнө сыйынбай жатышат!","Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт.","Же болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу?[1]###[1] Пайгамбарыбызга түшкөн Куран - Аллах тааланын казына-мүлкүнөн берилген. Алар \"Мухаммад пайгамбар эмес\" дешет. Эмне, Аллахтын казына-мүлкү алардын колунда болуп, алар бөлүштүрүүчү бекен?!","Же болбосо, алардын колунда аны менен (асмандагы кайып кабарларды) уга турган шатысы барбы? (Эгер бар болсо) анык далил менен, уккан кишисин алып келишсин!","Же болбосо, Ага (Аллах таалага) кыз перзенттер, өздөрүнө уул перзенттерби?![1]###[1] Мушриктер «Периштелер Аллахтын кыздары» дешип, ошол эле учурда өздөрү кыз перзенттерди жаман көрүшкөн. Бул аят алардын ошол ишенимдерине сокку урат.","Же болбосо, Сен алардан (дин үйрөткөнүң үчүн) акы сурап жатасыңбы? (Анан) Алар (ошол акыны) төлөөдөн кыйналып калышканбы?","Же болбосо, алардын алдында кайып (илими) бар бекен жана алар аны жазып алышыптырбы?!","Же болбосо, алар (сага каршы бир) амалкөйлүк ойлоп жатышкандыр! Каапырлардын амалдары өздөрүнө зыян болуп кайтат.","Же болбосо, алардын Аллахтан башка кудайлары барбы? (Жок!) Аллах алар кошкон ширктен Таза!","Эгер алар асмандан (өздөрүнүн башына) түшүп келе жаткан (балээнин) бир бөлүгүн көрсө да, (анын балээ экенин ойлоп да койбостон) «бул түрмөктөлгөн булут» дешет.[1]###[1] Каапырлар ушундай кенебес болушат. Байыркы заманда Аад коомунун үстүнө Аллах асмандан балээ жибергенде да алар: «Бул кара булут, эми бизге жамгыр жаайт» - деп сүйүнгөн. Себеби, алар Аллахтан балээ келет деп күтүшкөн эмес. Эгер Курайш каапырларынын башына да Аллах ошондой балээ жиберчү болсо,алар да ошентишмек.","(Оо, Мухаммад!) Сен аларды кыйрап калчу күндөрүнө (Кыяматка) жолукканга чейин жөн кой.","Ал күнү аларга айлакерликтери пайда бербейт жана аларга жардам да берилбейт.","Жана заалым (каапыр) болгон адамдарга мындан (тозоктон) башка азаптар[1] да бар. Бирок алардын көпчүлүгү (муну) билишпейт.###[1] «Тозоктон башка азап» каапырларга ушул дүйнөдө жеткирилген азаптар же болбосо Барзах – мүрзө жашоосундагы азаптар.","Эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Сен Биздин көз алдыбыздасың. Жана (беш убак намазга) турганда, Раббиңе мактоо жана тасбих айт!","Түндүн (бир бөлүгүндө) жана да жылдыздар кеткен (таң) мезгилинде дагы Ага тасбих айт!","Батып бара жаткан жылдызга ант![1]###[1] Физиканын «көзү » менен карасак, жылдыз батпайт. Бирок, Куран жөнөкөй адамдардын аң-сезимине багытталганы себептүү ушул сөз колдонулган. Жөнөкөй адамдар жылдыз өз ордунда турса деле, маселен: «жылдыз чыкты», «ай батты» дешет.","(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес.","Жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт.","Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес.","Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн.","Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү","жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)[1]###[1] Бул аятта улук пайгамбарыбыз улук периштени өзүн асыл кыяпат-шекилинде көргөнү айтылат. Ошого чейин ал пайгамбарыбызга адам түспөлүндө көрүнүп жүргөн.","Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди.","Эки жаа бою же андан да жакыныраак.","Анан (Аллах анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды.","(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады!","(Эй, мушриктер!) Силер ал (Мухаммад) менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы?[1]###[1] Курайш мушриктери Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын «Мага Куран аяттарын периште алып келет» деген сөзүнө ишенчү эмес. Анан алар периштелерди ата-бабаларынын кыял-фантазиялары боюнча аял сүрөтүндө элестетип жүрүшкөн жана «Периштелер – Аллахтын кыздары» дешкен. Дал ушул ката пикирден улам, өздөрүнүн кудайлары жөнүндө «Алар Аллахтын кыздары. Мурда периште болушкан» деп аларга аял ысымдарын ыйгарышкан. Маселен, алар «Лат» деп аталган кудайларынын атын «Аллах» сөзүн аялдык мүнөзгө (женский род) оодарып «Ал-Лат» деп жасап алышкан. Ушул эле ыкма менен Аллахтын «Маннан» деген ысымынан «Манат» деген кудайынын атын, «Азиз» деген ысымын аялчага оодарып, «Узза» деген кудайларынын ысымын жасап алышкан.","(Мухаммад) аны (Жебрейилди) экинчи ирет дагы көрдү.","«Сидратул мунтахаанын»[1] алдында.###[1] «Сидратул мунтаха». Мааниси «Эң акыркы дарак». Пайгамбарыбыз дагы Мээражга чыкканда ошол жерден кайткан.","«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында.","Капыстан (Аллахтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды.[1]###[1] Эмне орогонун бир Аллах билет.","(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди.","Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү.","«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы?","«Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү.[1]###[1] Бул «кудайлар» силерге пайда же зыян жеткире алабы?!","Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?![1]###[1] Бул аятты кененирээк түшүнүү үчүн 12-аяттын түшүндүрмөсүнө кайрылыңыз.","Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката!","Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан туура жол келген болчу.","Же инсан каалаганын жасай береби?!","Акырет дагы Дүйнө дагы Аллахга таандык.","Асмандарда канча периште болсо, Аллах Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок!","Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат.","Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт.","Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл.","Алардын илимден жеткен чеги – ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын билип турат.","Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык.","Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.[1] Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллах такыбаларды да эң жакшы билет.###[1] «Бузук жана чоң күнөө» - бул Куранда жаза берүү белгиленген күнөөлөр.","Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы?","Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат.","Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы?![1]###[1] Б. а. алар «Эгер көп садака кылсам кемип каламын» деп ойлошобу? Келечек – кайып. Аны Аллахтан башка эч ким билбейт.","Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби?","(Аллахтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы?","(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт","Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган).","Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт.","Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет.","Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат.","Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү.","Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү.","Эркек-аял – эки жупту жараткан да Анын Өзү.","(Жатындарга) атырылган бел суудан!","Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши.","Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү.","(Мушриктер сыйынган) Шиъранын[1] Раббиси да Анын Өзү.###[1] «Шиъра» - «Сириус» жылдызы. Ушул гана жылдыздын мисалында асмандагы бардык нерселер Аллахтын мүлкү экени айтылууда.","Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү.","Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай.","Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан залым коом болушкан.","«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү).","Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды!","Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайси ишинен шектенесиң?","Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири.[1]###[1] Себеби ал эч кандай жанылык алып келген жок. Ошол эле пайгамбарлардай Аллахка ширк келтиргендерди тозок менен эскертүүдө.","Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды.","Аны(н качан болушунун сырын) Аллахтан башка эч ким ача албайт.","Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Курандан) таң калып жатасыңарбы?!","(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы?!","Силер (ага) көңүл бурбадыңар.","Эми (ынсапка келип) Аллахка сажда жана ибадат кылгыла!","Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.[1]###[1] Мекке мушриктери пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламга «Эгер бир моожиза көргөзсөң – ыйман келтиребиз» дешкенде, ал Аллахка дуба кылат. Аллах асмандагы айга кол жаңсоону буюрат. Буйрукту аткарганда... ай экиге бөлүнөт.","Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады.","Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат.","Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле.","(Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт.","Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө...","Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат.","Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет.","Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан.","Анан ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!» - деп дуба кылды.[1]###[1] Ошол дубасында Нух алейхис-салам { رَبِّ لَا تَذَرْ عَلَى الْأَرْضِ مِنَ الْكَافِرِينَ دَيَّارًا } «Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапыр үй калтырбагай элең!» деген сөздү да айткан болчу.","Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик.","Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан...(Аллах тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду.[1]###[1] Асман жамгыры менен жеден атырылган булактар кошулуп топон суу болду жана Аллахтын тагдыр кылганы боюнча каапырларды каптады.","Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк.","Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты.","Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен?","Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур?!","Биз Куранды эскергенге[1] жеңил кылдык. Кана, ким эскерет?###[1] Окуганга, жаттаганга жана маанисин түшүнгөнгө.","Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду!","Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик.","Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты!)","(Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен?!","Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?","Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып:","(Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте калабыз!","Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам!","Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин!","(Оо, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур.","Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын.[1]###[1] Булактан суу ичүү кезеги төө менен аларга жана айбандарына бөлүштүрүдү. Төөнүн кезеги келгенде алар ичпейт, алардыкы келгенде, төө ичпейт.","Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди.","(Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун:","Биз аларга бир чаңырык[1] жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты.###[1] Бул чаңырык Аллахтын буйругу менен келген Жебрейил периштенин катуу добушу эле.","Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?","Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты.","Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык.","Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз.","(Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи.","Жана анын мейманын[1] (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын![2]###[1] Ал меймандар сулуу жигит кейипиндеги периштелер болчу.\t[2] Аллах Лут коомун жазалоо үчүн сулуу жигит кейипиндеги эки периштени жиберет. Алар Луттун үйүнө келгенде анын бузукуларга жан тарткан аялы дароо бузуктарга чуркап, кабарды жеткирет. Бачабаз коом келип, жигиттерди чыгарып берүүсүн Луттан талап кылат. Ошондо периштелердин бири алардын көзүн сокур кылып койот жана Лут менен анын үй-бүлөсүнө «Таңга маал шаардан чыгып кеткиле, биз таш бороонун жаадырабыз» деп кетип калышат. Лутка «Аялыңды өзүң менен алба» деген вахий келгендиктен аялы шаарда калып, бузукулардын катарында жексен болот.","Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди.","Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын!","Биз Куранды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?","Жана Фараон адамдарына дагы эскертүүлөр келген.","(Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык.","(Оо, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы?","Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби?!","Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат.[1]###[1] Бул дагы моожиза аяттардын бири. Анткени, бул аят Меккеде: мусулмандар алсыз болгон маалда түшкөн. Арадан көп өтпөй алар Мединага хижрат кылып, кубаттуу үммөткө айланышат. Алар менен Курайш каапырларынын ортосунда болгон «Бадр» согушунда каапырлар жеңилип, аркасына карабай качышат.","Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат – аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак!","Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта.","Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат).","Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз.","Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат).[1]###[1] Б.а. \" Эгер Биз бир нерсени жасоону кааласак, бир гана \"Бол!\" деген сөз жетиштүү. Айтылаар замат көз ирмемде ар кандай иш болуп калат.","Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы?","Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар.","Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган.","Чынында, такыба адамдар бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а.","Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте.","Ар-Рахман.","Куранды таалим берди,","Инсанды жаратты,","(Жана) ага баянды – сөздү үйрөттү.","Күн дагы, Ай дагы (Аллах койгон) эсеп менен (айланат).","Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат.","(Аллах) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту.","Таразада кыянат кылбагыла деп.","Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла!","Ал жерди калк-калайык[1]  үчүн (мекен) кылды.###[1] «Калк-калайык» деген сөз инсандарга гана чектелбейт.","Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар,","Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!","Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты.[1]###[1] Аллах таала Өз периштеси аркылуу жердин ар кайсы жеринен ылай алдыртып, Адам алейхи саламды жасаганда, ага  Өзүнүн Рухунан үйлөп жан киргизгенге чейин, черткенде добуш чыгарган чопо сыяктуу кургак болуп турган. (Бухарий, Муслим. Абу Дауд: 2/525, Термизий: «Тафсийру суратил Бакара», Ибнул Касир, Ахмад: 5/338)","Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты.[1]###[1] Демек, инсан өзүнүнн табиятын сактап, чыныдай таза жана ыйман-ишенимде жердей салмактуу болсо, оттой ойт берме, жеңил шайтандан сактана алат.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Ал эки чыгыш менен эки батыштын[1] Раббиси.###[1] Күндүн чыгыш жана батыш орду жаз-жай айларында башка, күз-кыш айларында башка болот. Бул аятта эки чыгыш, эки батыш делгенинин себеби ушул болсо ажеп эмес.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды.","(Бирок), ортосунда (Аллах койгон) тосмо бар: өтүшпөйт.[1]###[1] Жер шарынын кээ бир жеринде деңиз менен дайра суусу аралашып турат. Бирок, Аллахтын кудурети менен деңиз суусунун шору дайра суусуна, дайра суусунун шириндиги деңиз суусуна таасир этпейт. Дагы караңыз: 25-сүрө, 53-аят.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Алардан (Аллах) берметтерди, шуруларды чыгарат.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","(Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу.","Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Эй, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз![1]###[1] Анткени ушул эки макулук гана Кыяматта сот-суракка тартылат.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Эй, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар – кете бергиле. (Аллахтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт.[1]###[1] ففي ذلك اليوم لا تسأل الملائكة المجرمين من الإنس والجن عن ذنوبهم. (Тафсийрул Муяссар)","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат).","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Күнөөлүүлөр жалган деген тозок – ушул.","Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат.[1]###[1] Токтоосуз күйгүзүлүп, суусаганда «хамим» деп аталган кайнак суу ичирилет.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет.[1]###[1] Бири сооп иш жасаганы үчүн, экинчиси Раббисинин алдындагы сурактан коркуп жаман ишти таштаганы үчүн.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Эки бак тең бутактуу.[1]###[1] Б. а. мөмөлүү бутактары көп.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Экөөндө тең агып турган булактар!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","(Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки бейиштин тең мөмөлөрү ийилген.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Эки бейиштен ылдыйраакта дагы эки бейиш бар.[1]###[1] Өйдөңкүсү алтын эле мунусу накта күмүштөн! (Садий).","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Эки (күмүш) бейиш тең жашыл түстө.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Экөөндө тең атырылган булактар!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган!","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген.","Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!","Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат.","Раббиңердин дагы кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!","Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси – Раббиңдин ысымы таберик!","(Кыяматтык) окуя болгондо...","Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт.","Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү.[1]###[1] Куранда кыяматтын бир нече аталыштары келген. Алардын бири Вакеьа. Кыямат келип калганда, анын белгилерин, коркунучтарын өз көзү менен көргөн бардык акыл-эстүүлєр ага ишенишет. Бирок, ошого чейин эле (бул дүйнөдө) Аллaх тааланын сурагынан коркуп, адал жашагандардын кадыры ал күндө бийик болот. Ишенбей, арам жашагандар төмөн, кор жашоого кабылат.","Жер катуу силкинип, титирегенде...,","Тоолор дагы талкаланып,","чаң-тозонго айланганда...,","Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө:","Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)!","Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!","Алдыңкылар – алдыңкылар.","Ошолор (Аллахка) жакын болгондор![1]###[1] Үч тайпанын биринчиси, амал баракчасы (китеби) оң тарабынан берилген оң тарап ээлери, экинчиси амал баракчасы сол тарабынан берилген сол тарап ээлери. Ал эми үчүнчүсү - эң бактылуу адамдар. Алар - алдыңкылар! Алар Жалгыз Аллахка ибадат кылууда ар дайым алдыңкы сапта турган пайгамбарлар, олуялар, салихтер,шейиттер. Алар бейишке да эң алдыңкы болуп киришет.","Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат.","Мурунку коомдордон болгон көптөгөн жамааттар.","Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт).","Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө","жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат.","(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт,","Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен.","Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт.","(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен,","табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).","Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар.","(Седепте) жашынган бермет сыяктуу!","Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына!","(Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.","Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.","Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)!","(Алар) тикенсиз «Сидр»[1] дарагынын арасында,###[1] \"Сидр\" деген жыпар жыттуу бирок, тикенектүү дарак бар. Ал эми бейиштеги Сидр дарагы ушуга окшогон эле жыпар жыттуу, а бирок тикенексиз болот.","Мөмөлүү банан бактарында,","Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө,","(Шар) аккан суулар(дын боюн)да,","Көп мөмө-жемиштердин ичинде","Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн[1]###[1] Бул дүйнөнүн мөмөлөрү кыш мезгилинде түгөнүп калат. Ал эми бейиште, кыш, суук деген жок. Мөмө-жемиштер эч түгөнбөй бышып турат.","(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө!","Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.[1]###[1] Аллах таала аларды ошол турпатында жараткан.Алар дүйнө сулуулары сыяктуу оболу кичинекей секелек болуп, анан чоңоюшкан эмес.","Биз аларды бикир[1] кылып жаратып,###[1] Бикир – күйөөгө тийбеген кыз.","Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,","Оң тарап ээлери үчүн.","Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар.","Акыркылардан болгон жамааттар.","Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!","Алар «самум» менен «хамимдин!»[1] ичинде###[1] «Самум» – бул тозоктогу ысык шамал, ал эми «хамим» – кайнаган суу","жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»!","Анын салкыны да жок, көркү да жок.","Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле.","Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан.","Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз?","Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен.","(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы,","Белгиленген күндүн убадасына чогултулат.","Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,","«Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!","Аны менен курсагыңарды толтуруп,","Үстүнөн кайнак суу ичесиңер.","Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»","Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!","(Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!","Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?","Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?","Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,","Силерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга.","Билесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?![1]###[1] Аллах силерди экинчи ирет ошондой эле жарата алат.","Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы:","Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү?","Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып:","«Чынында биз зыянга баттык!","(Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер.","Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы:","Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?!","Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?!","Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы?","Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?","Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн.","Эми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!","Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.","Бул өтө улук ант, эгер билсеңер.","Ал – Улук Куран!","Сакталган-жашыруун Китепте![1]###[1] Бул китеп Лавхул Махфуз. Ал периштелердин колунда сакталган жана инсаният менен жиндерден жашыруун болгон Тагдыр Китеби.","Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.[1]###[1] Б.а. Куранды ширктен таза жана даараттуу адамдар гана кармайт.","Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.","Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!","Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?!","(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе,","Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар.","(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр.","Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор,","(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?!","Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо,","(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр!","Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо,","Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун!","Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо,","Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип,","Тозокко ташталат!","Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат.","Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)!","Аллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.","Асмандар менен жердин мүлкү Ага таандык. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Ал – ар кандай нерсеге Кудуреттүү.","Ал эң абалкы жана эң акыркы, эң жогорку жана эң терең. (Ошондуктан) Ал бардык нерсени Билүүчү.","Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду. Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшүп жаткан жана ага көтөрүлүп жаткан бардык нерселерди билет. Силер кайда болбогула, Ал силер менен бирге.[1] Аллах силердин (бардык) амалыңарды Көрүүчү.###[1] Аллах тааланын бирге болушу Заты менен эмес, ар нерсени камтыган илими менен.","Асмандар менен жер мүлкү Ага таандык. Бардык иштер Аллахка кайтат.[1]###[1] Жакшы-жаман иштердин бардыгы Аллахтын периштелери тарабынан жазылып, ээси менен кошо Акыретке – Аллахтын алдына барат жана Аллах ошол иштерге карап, пендесине жаза же сыйлык берет.","Жана Ал түндү күндүздүн ичине, күндүздү түндүн ичине киргизет.[1] Ал көөдөндөрдөгү сырларды Билүүчү.###[1] Түндүн сааттарын күндүзгө киргизгенде күн узарат: жаз-жай мезгилдери келет. Ал эми, күндүздүн сааттарын түнгө киргизгенде түн узарып, күз-кыш айлары келет.","(Оо, адамдар!) Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргиле жана Аллах халифа-орунбасар кылган нерселерден[1] (Аллахтын Жолуна) садака кылгыла. Силерден ким ыйман келтирсе жана садака кылса, аларга чоң сыйлыктар бар.###[1] Ар бир адамдын байлыгы чынында Аллахтын мүкү. Аллах ал адамды Өз мүлкүнө убактылуу орунбасар кылып койгон.","Силерге не болгон, пайгамбар Раббиңерге ыйман келтирүүгө чакырып турса да, Аллахка ыйман келтирбей жатасыңар?! Эгер ыймандуу болсоңор, ал убадаңарды алган эле го?!","Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн пендесине (Мухаммадга) анык аяттарды түшүрдү. Аллах силерге өтө Ырайымдуу, Мээримдүү.","Силерге не болду, Аллах жолунда садака кылбайсыңар?! Акыры, асмандар жана жер мурасы Аллахка таандык го! Силердин эч кимиңер «Фатхтан»[1] мурун садака кылгандарга жана согушкандарга теңеле албайт. Алардын даражасы (фатхтан) кийин садака кылып, согушкандардан алда канча жогору. Ошентсе да, Аллах бардыгына сооп-сыйлык (бейиш) убада кылган. Аллах ишиңерден Кабардар.###[1] \"Фатх\" - бул мусулмандардын Меккени алуулары. Ошого чейин мусулмандар оор абалда болгон. Мекке фатх кылынгандан кийин саясий-экономикалык абал оңолгон.","Ким Аллахка (өзүнүн адал мүлкүнөн) жакшынакай карыз берсе,[1] ага ашыкчасы менен кайтарат жана ага улук сооп (бейиш) бар.###[1] Аллахтын жолуна жумшаса.","Сен ал (Кыямат) күнү, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын алдыларынан жана оң капталдарынан (ыйман) нурлары жарытып баратканын көрөсүң. (Ошондо аларга «Эй, момундар!) Силерге бул күндөгү куш кабар: астынан дарыялар аккан бейиштер! Анда түбөлүк каласыңар! Бул – улук жеңиш!» (деп айтылат).","Ал күндө мунафык эркектер менен мунафык аялдар ыймандуу пенделерге «токтой тургулачы, нуруңардан бир аз алалы?!» - дешет. «Жоголгула артыңарга – деп айтылат аларга – башка нур издегиле, (эгер таба алсаңар!»). Анан алардын ортолоруна эшиги бар тосмо коюлат. Ал эшиктин ичи (ыймандуулар тарабы) ырайым-бейиш, сырты: (мунфыктар) тарабы болсо, азап-тозок.","(Мунафыктар) айтышат: «(Дүйнөдө) силер менен бирге эмес белек?! «Ооба. (Сыртыңардан гана биз менен бирге (мусулман) болгонсуңар). Бирок, (мунафыктык менен) өзүңөрдү азгырып, (Исламга зыян келишин) күтүп, шектенгенсиңер жана силерди, Аллахтын буйругу (өлүм) келгенге чейин жалганчы кыялдар алдаган. Шайтан дагы силерге Аллах жөнүндө жалган сүйлөгөн» дешет (ыймандуулар).","Эми ал (силер азапка салынчу) күнү силерден да, каапырлардан да фидья[1] (кабыл) алынбайт. Жайыңар тозок! Ошол гана силерге ылайык! Кандай жаман орун!###[1] Фидия - Азап-жазадан кутулуу үчүн төлөнө турган нерсе.","Ыймандуу адамдар үчүн, мурдагы китеп элдери сыяктуу болбой, жүрөктөрү Аллахтын зикири менен (Андан) түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен! Аларга (китеп элдерине каапырчылык) доору узун болуп, жүрөктөрү катып калган эле. Алардын көпчүлүгү бузукулар.","Билип алгыла, чынында Аллах өлүк жерди (жамгыр менен) тирилтти. Акылыңарга келээрсиңер деп (кудуретибизге) далилдерди (ушинтип) баян кылдык.","Албетте, садака кылган эркектер менен садака кылган аялдарга жана Аллахга жакшына карыз бергендерге (Аллах) ашыгы менен кайтарат. Жана аларга улуу сыйлык (бейиш) бар.","Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргендер, ошолор гана сыддыктар![1] Шейиттерге болсо, Раббисинин алдында (өзгөчө) сооптору жана нурлары бар! Ал эми, капыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендер – алар тозок ээлери!###[1] Ыйман-амалы жана илими жогорку деңгээлдеги адамдар.","Билип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллахтан кечирим жана ыразылык бар. (Ошентип) Дүйнө жашоосу азгырык матаадан[1] башка эмес.###[1] \"Матаа\" арабча \"мутьа\" - пайдалануу деген сөздөн алынган. Адам перзенти напсине азгырылып, \"пайда-пайда\" деп, жуткунуп жүрүп акыретти унутуп калат.","(Эй, момундар!) Раббиңердин кечиримине жана кеңдиги асман менен жердей болгон бейишке шашылгыла! Ал Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргендер үчүн даярдалган. Бул – Аллахтын пазилети. Аны каалаган пенделерине берет. Аллах улук пазилет Ээси.","Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (Лавхул-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил.","(Мал-дүйнө, ден-соолук ж.б.у.с.) нерселер силерден кеткени себептүү капаланбашыңар үчүн жана силерге келген нерсеге сүйүнүп-көөп кетпешиңер үчүн (Аллах бардыгын мурдатан Лавхул-Махфузга жазып койгон). Аллах ар бир текебер-мактанчаакты сүйбөйт.","Ошолор (садакадан) сараңдык кылышат жана адамдарды дагы сараңдыкка буюрушат. Ким (садакадан) жүз үйрүсө, (билип алгыла) Аллах – Беймуктаж, Макталган.","Биз пайгамбарларыбызды анык далилдер менен жиберип, алар менен Китепти жана адилетти түшүрдүк, адамдар теңдик менен (жашап) туруулары үчүн. Дагы Биз (аларга асмандан) темирди түшүрдүк – анда күч-кубат жана адамдар үчүн (көп) пайдалар бар – Аллах (ошол темир-курал менен) Өзүнө жана пайгамбарларына (алар) жокто[1] жардам берген адамдарды билиши үчүн. Аллах Кудуреттүү, Жеңилгис.###[1] Мунафыктар пайгамбар катышкан согуштарга катышып, ал жокто согушка катышпайт болчу. Аяттын дагы бир маанисинде «жардам берген адамдардан» Аллахты жана пайгамбарларын көрбөй туруп жихад кылган адамдар түшүнүлөт.","Биз Нухту жана Ибрахимди пайгамбар кылып жибердик жана алардын урпактарынын арасында(гы тандалган адамдарга ар кайсы мезгилдерде) пайгамбарлык менен (ыйык) китепти бердик. Анан ал урпактардын арасынан кээ бирөөлөр туура жол табышты. Бирок, көпчүлүгү бузукулар эле.","Кийин алардын изинен (башка) пайгамбарларыбызды жибердик. Марямдын уулу Исаны да алардын артынан жиберип, ага Инжилди бердик жана ага ээрчиген адамдардын жүрөгүнө ырайым-мээрим салдык. Ал эми, кечилдикти болсо, Биз парыз кылбасак деле, Аллахты ыраазы кылабыз деп өздөрү ойлоп табышты. Бирок, аны чындап аткара алышпады. Биз алардын арасынан (Аллахка жана Мухаммадга) ыйман келтиргендерге соопторун беребиз. Алардан көпчүлүгү бузукулар.[1]###[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарчылыгын четке кагышат.","Оо, (Мусага жана Исага) ишенгендер! Аллахтан корккула жана Анын пайгамбарына (Мухаммадга) да ыйман келтиргиле! Ошондо силерге Өз ырайымынан эки эсе берет,[1] аны менен (Кыямат караңгылыгында) жүрө турган нур тартуулайт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.###[1] Бири Муса менен Исага ыйман келтиргени үчүн болсо, экинчиси Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды тастыктаганы үчүн.","(Мухаммадга ыйман келтирбеген) китеп элдери билип алышсын: алар Аллахтын пазилетинен эч нерсеге ээ эмес. Пазилет Аллахтын гана Колунда, аны каалаган пендесине берет.[1] Аллах улук пазилет Ээси!###[1] Ибрахим пайгамбардан бери өздөрүнүн арасынан удаама-удаа пайгамбарлар чыгышына көнүп калган яхуди улутундагы иудейлер менен христиандар акыркы пайгамбарлык арабдар арасындагы Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга берилсе, көралбастык менен ага ыйман келтирүүдөн караманча баш тартышкан эле."]