["(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн күйөөсү жөнүндө сени менен сөз талашып, Аллахка арызданган аялдын сөзүн Аллах укту. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү угат. Аллах – Угуучу, Көрүүчү![1]###[1] Исламга чейинки доордогу арабдар арасында «зихар» деген салт бар болчу. «Зихар» деген сөздүн түз мааниси «жон», «бел» дегенди түшүндүрөт. Маселен, бир эркек аялы менен жатканда ага «сенин жонуң (же белиң же мойнуң, же денең, же саның ж.б.у.с.) менин апамдын жонуна окшойт экен» десе, же аялы менен араздаша кеткенде ага «сен мага апамдын белиндей болуп кал!» десе – бүттү. Ошол бир гана сөз менен талак түшүп аялы апасы сыяктуу болуп калган жана мындай абалда аялы менен ажырашууга туура келген. Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга картайып калган сахаба аялдардын бири Хавла бинти Саълаба келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Күйөөмө мен гүлгүн курагымда керек болуп, эми керегим тийбей калыптыр! Ал мени зихар кылды. Бирок, мен ажырашууну каалабаймын. Ортодо перзенттерибиз бар!» деп арызданат. Бирок, пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салам Аллах тааладан жаңы өкүм келбегени себептүү, салт боюнча «сен анда эриңе талак болуптурсуң» дейт. Каңырыгы түтөгөн аял зихар салтына баш ийгиси келбей, пайгамбарыбыз менен сөз талашып, акырында «Оо, Аллахым! Мен Өзүңө арызданамын!» - деп жалбарат жана кетпей, отуруп алат. Ошол маалда пайгамбарыбыз унчукпай калат. Ошол маалда ага Аллах тааладан зихар өкүмүн жокко чыгарган аяттар түшкөн.","(Оо, ыймандуулар!) силердин араңардан ким аялын «зихар» кылса, аялдары апалары болуп калбайт. Алардын апалары – аларды тууган аялдар. Алар («сен мага апамын белиндей болуп кал» деп) жарабаган жана жалган сөздү айтышат! Аллах Күнөөлөрдөн өтүүчү жана Кечиримдүү.","Аялдарын зихар кылып алып, кийин ал сөзүнөн кайткандар (күнөөсүн жууш үчүн) аялына кошулбай туруп бир кулду азат кылат. Ушул – силерге насаат. Аллах бардык ишиңерден Кабардар.","Ким (кул азат кылууга жеткидей акча) таппай калса, аялына жакындык кылбай туруп эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Ал эми, ким (орозо кармоого) алы жетпесе, алтымыш кембагалды тойдурат. Бул Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн. Дагы булар – Аллахтын чектегени. Каапырларга (чек бузгандарга) жан ооруткан азап бар.","Аллахка жана Анын пайгамбарына душманчылык кылгандар өздөрүнөн мурдагы (каапыр) адамдар кор болгону сыяктуу кор болушат. Биз (Аллахтын чектөөсү чындык экенине) анык далилдерди түшүрдүк. Каапырларга (Кыяматта) кордук азабы бар!","Ал күнү алардын бардыгын Аллах кайра тирилтип, (дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын билгизет. Ал иштерди Аллах(тын периштелери) эсептеп койгон, (бирок,) өздөрү унутушкан. Аллах - бардык нерсеге Күбө![1]###[1] Аллах тааланын күбөлүгү - Анын ар бир нерсени билип, көрүп, угуп, байкап жана көзөмөлдөп туруусу. Ал караңгы түн ичиндеги кара таштын үстүндөгү кара кумурсканы да көрөт жана кыймылындагы шыбырын угат.","(Оо, Мухаммад!) билбейсиңби, Аллах асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди(н кабарын) билет. Эгер үч адам (жашыруун) шыбырашып сүйлөшсө, алардын төртүнчүсү – Ал. Эгерде бешөө болсо, алтынчысы – Ал. Жана мындан азыраак же көбүрөөк болсо да жана кандай жашыруун жерде болсо да Ал алар менен бирге![1] Андан кийин, Кыяматта аларга жасаган иштеринин кабарын билгизет. Чынында, Аллах ар нерсени Билүүчү!###[1] Аллахтын бирге болуусу - Заты менен эмес, бардык нерселерди камтыган илими менен.","Жашыруун ушак айткандан[1] кайтарылган адамдарды көрбөйсүңбү, кийин (дагы эле) тыюу салынган ишке кайтып жатышат жана күнөө, душманчылык, пайгамбарга каршы чыгуу жөнүндө шыбырашып жатышат. Эгер жаныңа келишсе, сага Аллах салам бергенден башкача салам беришет[2] жана өз ара сүйлөшүшкөндө: «(эгер Мухаммаддын пайгамбар экени чын болуп калса) бул сөзүбүз үчүн Аллах азапка салбагай эле!» дешет. Аларга өздөрү таштала турган тозок жетиштүү! Кандай жаман акыбет!###[1] Ушул аяттан баштап Аллах таала Мединадагы мунафык-эки жүздүү адамдар менен яхудилердин баянына өтөт. Алар качан көчөдөн бир мусулманды көрсө, дароо үчөө-төртөө болуп, бөлүнүшүп, оолак жерлерде мусулмандарды ушактап, душмандык эрежелерин түзүшчү. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам аларды бул жоругунан кайтарса деле болбой, өз билгенин жасаша берген.\t[2] Аллах таала пайгамбарыбызга «Ассаламу алайка» (сага Аллахтан тынчтык-саламаттык болсун!) деп салам берген жана ушуну үйрөткөн. Ал эми, яхудилер болсо, пайгамбарыбызга жолукса угулаар-угулбас шыбырап «Ас-сааму алайка» (сага өлүм болсун) - дешкен.","Оо, ыймандуу адамдар! Эгер силер шыбырашып сүйлөшчү болсоңор, анда күнөө, душманчылык жана пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршы чыгуу жөнүндө шыбырашпагыла! Жакшы иштерди жана такыбалыкты шыбырашкыла. Аллахтан корккула, Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар!","Албетте, (каразгөй) шыбыр сөздөр ыймандуу адамдарды капага салуу үчүн шайтан тарабынан болот. Бирок, Аллахтын уруксаты болмоюнча (мындай шыбыр сөздөр) аларга зыян жеткирбейт. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!","Оо, ыймадуулар! Эгер бир межилис-отурушта силерге «(өз ара кыналып отуруу менен) орун бергиле» деп айтылчу болсо, дароо орун бергиле. (Ошондо) Аллах силерге да (бейишинен) орун берет. Жана эгер (такыбалуу, илимдүү адамдар келгенде) «жайды бошоткула» деп айтылса, дароо бошоткула. (Себеби,) Аллах силердин араңардагы (таза-калыс) ыймандуулар менен илимдүүлөрдүн даражасын көтөрүп койгон. Аллах бардык ишиңерден Кабардар.","Оо, ыймандуулар! Эгер пайгамбар менен жекече сүйлөшүүнү кааласаңар, сүйлөшүүңөрдөн мурда (кедейлерге) садака бергиле.[1] Бул силер үчүн жакшы жана тазараак (жорук) Эгерде (садакага) эч нерсе таппасаңар, Аллах Кечиримдүү, Боорукер.###[1] Пайгамбарыбыз менен жекече сүйлөшүүнү каалагандар көбөйүп, адамдар кезек күтүп, мунун натыйжасында пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам эс алууга да убакыт таппай калганда Аллах таала ушул өкүмдү парыз кылды.","Эмне, силер жекече сырдашуунун алдынан садака берсеңер (кембагал болуп калуудан) коркосуңарбы? Бербесеңер бербегиле, Аллах тообоңорду кабыл алды. Бирок, намазыңарды (кем кылбай) окуп, зекетти (өз убагында, толук) бергиле![1] Аллахка, Анын пайгамбарына моюн сунгула! Аллах - ишиңерден Кабардар!###[1] Намаз менен зекет башка ибадаттарга эне сыяктуу. Ушул экөөсүн толук аткаргандар башкаларын да аткара алат. Экөөнү аткарбагандар башка ибадаттарды да жарытпайт. Ал эми, эч кандай себепсиз намаз окубай жүргөн адамдардын башка ибадаттары кабыл болбойт.","(Оо, Мухаммад!) аларга (мунафыктарга) карабайсыңбы, Аллах каарына алган коом (яхудилер) менен дос болуп жүрүшөт. Алар силерден эмес, алардан да эмес.[1] Жалгандан («мен – мусулманмын!» деп) ант ичишет. Бирок, (мусулман эмес экенин) билип эле турушат.###[1] Мусулман дейин десең, ичи каапыр. Яхуди дейин десең, мусулмандар менен жанаша намаз окуп, орозо кармап жүрүшөт...","Аллах (Акыретте) аларга катуу азапты даярдап койгон! Алардын иштери (жалгандан ант ичүү жана эки жүздүүлүк) кандай жаман!","Анттарын (өздөрүнө) калканыч кылышат. Анан (башкаларды) Аллахтын Жолунан тосушат. Аларга (Кыяматта) кордоочу азап бар!","(Жыйнаган) мал-дүйнөсү менен перзенттери аны Аллах тарабынан (азап болуп келген) эч нерседен тосо албайт! Алар – тозок ээлери! Алар анда түбөлүк калышат!","Аллах алардын бардыгын кайра тирилткен күнү, силерге ант ичкен сыяктуу Ага да ант иче башташат жана бул аларга пайда берет деп ойлошот. Уккула! Алар – чектен чыккан жалганчылар!","Аларды шайтан бийлеп алып, Аллахты эстөөнү унуттурган. Алар – шайтандын жамааты! Уккула, шайтандын жамааты (эки дүйнөдө тең) зыян тартуучулар!","Аллахка жана пайгамбарына душмандык жасагандар кор болгондордун сабында!","Аллах (Өзүнүн тагдыр китебинде) «Мен жана Менин пайгамбарларым – жеңүүчүлөрбүз» деп жазып койгон. Аллах баарынан Күчтүү, баарынан Кудуреттүү.","(Оо, Мухаммад!) Сен Аллахка жана Акырет күнүнө бекем ыйман келтирген адамдарды (эч качан) Аллахтын жана Анын пайгамбарынын душмандарын дос тутканын көрбөйсүң, эгер ал(душманд)ар алардын аталары, перзенттери, ага-инилери жана тууган-туушкандары болсо да! Дал ушулар Аллах алардын жүрөгүнө ыйманды жазып койгон жана Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! Аларды (Кыяматта) түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет. Аллах алардан ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту! Мына ушулар – Аллахтын жамааты! Уккула: Аллахтын жамааты гана жеңишке жетет!","Аллахка асмандар жана жердегинин бардыгы тасбих айтты! Ал – Кудуреттүү, Даанышман![1]###[1] \"Хашр\"дын мааниси \"Сүргүн\". Бул сүрөнүн дагы бир аталышы \"Бану Назир\". Анткени, сүрөдө Бану Назир яхудилерин сүргүн кылуу окуясы баяндалат. Окуучуга сүрө аяттары түшүнүктүүрөөк болушу үчүн окуяларга учкай токтолуп кетебиз. Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам Меккеден Мединага хижрат кылып келген учурда бул жерде бир нече яхуди уруулары жашаган. Бану Назир ошол уруулардын бири. Пайгамбарыбыз Мединага ислам динин жайылта баштаганда яхуди уруулары менен өз ара тынчтык жана кол салышпастык келишимин түзгөн. Анан, белгилүү \"бадр\" согушунда аз сандуу мусулмандар үч эсе көп Мекке мушриктерин жеңип алышканда, яхудилер далбасага түшүп \"Булардын эсебин таппаса болбойт\" деп ойлоп жүрүшкөн. Арадан көп узабай \"Ухуд\" согушу болуп, анда мусулмандар жеңилет. Дал ушундай мезгилди күтүп турган яхудилер мушриктерге жетип барышып, алар менен мусулмандарга каршы сүйлөшүүнү сүйлөшүшөт. Дагы бир мезгилде пайгамбарыбыз бир жумуш менен Бану Назирге барып, бир үйдүн түбүндө эс алып турганда яхудилер үстүнөн чоң таш кулатышып, жанына кастык жасашат. Пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам Аллахтан келген вахий кабары себептүү эки кутумдан тең кабардар болот жана тезинен Мединага барып, Бану Назирге каршы кол курап келип, алардын чептерин курчоого алып, курма бактарын кыйдырып, кысымды күчөтөт. Арадан бир нече күн өткөндөн соң, яхудилер элчи жиберишип, кыянаттык менен бузган келишимдерин жаңылоону сунуш кылышат. Бирок, пайгамбарыбыз саллалоху алайхи ва саллам кыянатчылар менен эч кандай келишим болбостугун билдирет жана яхудилерге мөөнөт берип, ар бир адам бир төө көтөргүдөй жүк-тагын алып шаардан чыгып кетүүнү талап кылат. Кыянатчы Бану Назир уруусу ушинтип \"Хайбар\" деген жерге сүргүн кылынат. Бирок, яхудилер тымызын кыянаттарын уланта бергени себептүү кийинчерээк алар Хайбардан да куулуп чыгарылат. Ошондуктан, сүрөнүн башында Бану Назир сүргүнүн \"биринчи сүргүн\" деп аталган.","Ал китеп элдеринен турган каапырларды журттарынан биринчи сүргүн үчүн чыгарды. Силер (Оо, момундар, алардын чептери бекем болгондуктан) аларды чыгат деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы (бийик) сепилдери өздөрүн Аллахтан коргоп калат деп ойлошкон. Анан Аллах(тын жазасы) аларга күтпөгөн тараптан келип, жүрөктөрүнө коркуу салды[1] эле, үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен талкалап киришти. Оо, акылдуу адамдар! (Бул окуядан) сабак алгыла!###[1] Яхудилердин сепилдери чынында бекем, бийик болчу. Алар эшиктерин бекем жаап алышып, астейдил коргонууну максат кылышкан. Бирок, Аллах таала Өзүнүн «коркуу» деген аскерлерин алардын жүрөгүнө багыттады. Натыйжада азыр эле эрдемсинип турган яхудилер титиреп-какшап, көчүп кетүү үчүн өз үйлөрүн өз колдору менен буза баштады.","Эгер Аллах аларга көчүп кетүүнү (тагдыр кылып) жазбаганда, (ушул) дүйнөдө (өлүм же кулчулук сыяктуу жаза менен) жазаламак. Аларга Акыретте да тозок азабы бар.","Мунун себеби, алар Аллах менен Анын пайгамбарына душман чыгышты. Ким Аллахка душман болсо, (билип алсын:) Аллахтын жазасы катуу!","(Оо, момундар!) эгер алардын курма бактарын кыйсаңар же тамырында турган бойдон калтырган болсоңор, (бардыгын) Аллахтын уруксаты менен жана бузукулардын адебин бериш үчүн жасадыңар.[1]###[1] Мусулмандар курчоодогу Бану Назирди алсыратыш үчүн курма бактарын кыя баштаганда, мунафыктар муну айыптап чыгышты. Мындай адат мусулмандардын согуш эрежесинде да жок болчу. Ошондуктан, пайгамбарыбыз дагы кыжаалат болуп турганда ушул аят түшүп, арадан кыжаалатчылык көтөрүлдү.","Аллах Өз пайгамбарына алардан олжолоп берген нерсеге силер ат чаптырып, төө жорттуруп барбадыңар. Бирок, Аллах Өзүнүн пайгамбарларын каалаган пенделеринин үстүнөн жеңүүчү кылат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.","Аллах (Бану Назир) айылынын элинен Өз пайгамбарына олжолоп берген нерсе Аллахка,[1] пайгамбарга, тууган-туушкандарга,[2] жетимдерге, бей-бечараларга жана мусапырларга (бөлүнөт. Мунун себеби байлык) араңардагы (бир ууч) байлардын колунда гана айланган мүлк болуп (кембагалдар бейнасип) калбаш үчүн.[3] Жана (оо, момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллахтан корккула, чынында Аллахтын азабы катуу!###[1] Аллахтын дининин күч алышы үчүн.\t[2] Мунун себеби, пайгамбар менен анын туугандары садака жебейт.\t[3] Мурунку замандарда көбүнчө аскерлерди улоо жана курал-жарак менен бай адамдар каржылап, олжону дагы байлар алышкан. Бул аят ошол эрежени жокко чыгарды.","(Жана ал олжолор) журттарынан (Меккеден) жана мал-мүлкүнөн чыгарып жиберилген кембагал мухажирлерге (бөлүнөт). Алар (хижрат кылуу менен) Аллахтын пазилетин, ыразычылыгын гана үмүт кылышкан жана Аллах(тын дини) менен пайгамбарына жардам беришкен. Алар (ыйманында) чынчыл пенделер!","Ал эми, аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (Мединалык) момундар, өздөрүнө хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көралбастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды(н пайдасын) өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетет.","Алардан (Мухажирлер жана ансарлардан куралган абалкы мусулман үммөтүнөн) кийин келген адамдар (дуба-тилектеринде мындай) дешет: «Оо, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн (диндеги) бир туугандарыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! Оо, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң!","(Оо, Мухаммад!) Мунафык адамдарга карабайсыңбы, китеп ээлеринен болгон каапыр өнөктөштөрүнө келип: «Эгер силер (Мединадан) чыгарылсаңар, биз дагы силер менен бирге чыгабыз! Силер(ге зыян жеткирүү) жөнүндө эч качан, эч кимге моюн сунбайбыз! Эгер силерге согуш ачылса, албетте жардам беребиз!» дешет. Бирок, алардын анык жалганчы экенине Аллах күбө!","Эгер алар чыгарылса, (мунафыктар) алар менен бирге чыкпайт жана эгер өлтүрүлүп жатса да эч жардам беришпейт. Жардам берген күндө деле артына карап качышмак жана (аларга Аллахтан) жардам берилбей калмак.","(Оо, ыйман жоокерлери! Алардын сепилдерин курчап турганыңарда) алардын жүрөктөрүнө Аллахтан да айбаттуураак сезилдиңер.[1] Мунун себеби, алар (Аллахтын кудуретин) билбеген коом эле.###[1] Алар Аллахтан коркуунун ордуна жоокерлерден коркушту. Бирок, алар чындап корккон нерсе (коркуу сезими) Аллах тараптан келди.","Алар силер менен (ачык майданда) биримдикте согуша албайт. Чеп менен оролгон шаарларынын ичинде же дубалдардын ар жагында гана («чогуу» боло алышат). Алардын айбат-сүрү өздөрүнүн ичинде гана күчтүү. (Ошондуктан,) аларды биримдикте деп ойлойсуңар. Бирок, алардын жүрөктөрү ыдырап бүткөн. Мунун себеби, алар (Аллахтын аяттарынын алдында) акылын иштетпеген коом.","Алар өздөрүнөн бир аз эле мурдагы кылмышынын жазасын тарткан (каапыр) адамдарга окшойт.[1] Аларга жан ооруткан азап бар.###[1] Бану Назир окуясынан бир аз мурдараак шан-шөкөт менен, айбаттуудай көрүнүп, «Бадр» согушуна келген Мекке мушриктери өздөрүнөн үч эсе аз мусулмандардан жеңилип калышкан.","(Ал эми, аларды согушка козутуп, өздөрү келбей койгон мунафыктар) шайтанга окшош. Бир кезде ал инсанга (каапырчылыкты кооз көргөзүп): «Каапыр бол» - деди. Каапыр болду эле, (дароо өзүн оолактатып): «Сени менен ишим жок. Мен ааламдардын Раббисинен коркомун!» деди.","Анан экөөсүнүн тең акыбети тозокто түбөлүк калуу болуп калды. Залымдардын жазасы – ушул!","Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки (Кыямат) күн үчүн эмне алып келерине карасын! Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан Кабардар.","Аллахты унуткан, натыйжада Аллах өздөрүн-өздөрүнө унуттурган адамдарга окшобогула! Алар – бузулган (Аллахка моюн сунбаган) адамдар.","Тозок элдери менен бейиш элдери тең эмес. Бейиш ээлери – алар жеңүүчүлөр!","Эгер Биз мына бул Куранды (бир) тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллахтан коркконунан баш ийип, тыркырап кеткенин көрмөксүң. Биз бул салыштырууларды, пикирин иштетсе ажеп эмес деп, адамдарга айтып берүүдөбүз.","Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал – Ырайымдуу, Мээримдүү!","Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Ал – Аль-Малик, Аль-Куддус, Ас-Салам, Аль-Муьмин, Аль-Мухаймин, Аль-Азиз, Аль-Жаббар, Аль-Мутакаббир![1] Аллах алардын ширктеринен Аруу-Таза!###[1] Булар жана кийинки (24-) аяттагылар Аллах тааланын Ыйык Куранда келген ысымдарынан. Булардын толук мааниси боюнча сөз башы бөлүмүндөгү «Аль-Асмаа ул Хуснаа» (Аллах тааланын керемет ысым-сыпаттары) деген темага кайрылыңыз.","Ал – Аллах, Аль-Хаалык, Аль-Баариь жана Аль-Мусаввир! Анын сонун-көркөм ысымдары бар. Ага асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. (Анткени), Ал – Кудуреттүү, Даанышман!","Оо, ыйман келтирген пенделер! Менин жана өзүңөрдүн душманыңарды дос тутпагыла! Силер аларга достук (катын) жиберип жатасыңар. Алар силерге келген Акыйкатка каапыр болушкан! Силерди жана пайгамбарды Аллахка – Раббиңерге ыйман келтиргениңер үчүн гана (Меккеден айдап) чыгарышууда! Эгер силер Менин ыраазычылыгымды гана үмүт кылып, Менин Жолумда гана жихад кылуу үчүн чыккан болсоңор (аларды дос тутпагыла!) Силер болсо, жашыруун достошуп жатасыңар! Мен силердин ичиңерге катканыңарды да, ашкере кылганыңарды да эң жакшы билемин! Силерден ким муну жасаса, ал Түз Жолдон адашыптыр![1]###[1] Сүрөнүн түшүүсүнө төмөндөгү окуя себеп болгон: Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккени фатх кылуу (алуу) үчүн аскердик даярдык баштаганда Хатиб бин Абу Балтаьа деген киши Мекке мушриктерине окуяны баяндап кат жазып, бир аялдан берип жиберет. Бирок, Аллах таала вахий кылып бул иштин сырын пайгамбарыбызга билдирет жана пайгамбарыбыз чабарман аялды жолдон карматып, Хатибке: «Бул эмне кылганың?!» дегенде, ал Меккеде бала-чакасы бар экенин, алар коргоочусуз калганын, бул ишти каапырчылык же чыккынчылык ниетинде эмес, тек гана мушриктерге жагынып үй-бүлөсүн алардын жамандыгынан сактап калуу үчүн жасаганын айтып, жан соога сурайт. Ал эми, «Мумтахана» (сыналган аялдар) жөнүндө сүрөнүн онунчу аятында сөз болот.","Алар[1] эгерде силерди(н зыяныңарга бир мүмкүнчүлүк) таап калса эле, ошол замат душман болуп, колдору менен тилдерин силерге жамандык менен агытышат жана каапыр болушуңарды самап турушат.###[1] Мекке мушриктери.","Тууган-уругуңар менен бала-чакаңар кыяматта силерге пайда жеткире албайт,[1] (Аллах) араңарды бөлүп койот. Аллах эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү.###*[1] Силер ошолорду деп душманга дос болгон элеңер.","Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллахтан башка кудайларга тиешебиз жок. Биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллахка ыйман келтиргениңерге чейин түгөнгүс душманчылык жана жек көрүү жаралды!» деп айтышкан. Бирок, Ибрахимдин атасына карата: «Мен сизге (Аллахтан) кечирим сураймын. Сизге Аллах тарабынан (келе турган азаптан) эч нерсени кайтарууга кудуретим жетпейт» - деген сөзүн (өрнөк кылбагыла).[1] О, Раббибиз! Биз Сага тобокел кылдык, Өзүңө кайттык жана кайтып баруу – Өзүңө гана!###[1] Мунун себеби, каапырларга Аллахтан кечирим суралбайт. Ибрахим алейхи салам бул сөзүн атасынын ширк ишениминен кабарсыз маалда айткан. Качан гана атасынын Аллахтын душманы экени ашкере болгондо «Эй, атаке! Мен сизден жана сиздин кудайларыңыздан кечтим!» деп араны ачык кылган.","Оо, Раббибиз! Бизди каапырларга фитна (көз каранды) кылбагай элең[1] жана күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Оо, Раббибиз! Аныгында Сен Кудуреттүү, Даанышмансың!###[1] Бизди каапырлардын колу менен азапка салбагай элең !","Аларда силер – Аллахтан жана Акырет Күндөн үмүт кылгандар үчүн эң сонун үлгүлөр бар. Ким (үлгү алуудан) жүз бурса, (билип койгула:) Аллах Беймуктаж, Даңазалуу Зат! (Жогорку аяттарда мушриктер менен кандай позицияда болуу керектиги үйрөтүлдү. Бирок, качан алардын ашынган душмандыгы ашкере болмоюнча, алардын ыйманга келишинен үмүт үзбөгөн абзел. Себеби…)","Аллах алардын (Мекке мушриктеринин) ичиндеги силер душмандашкан адамдар менен араңарда достук жаратып койсо ажеп эмес. Аллах (буга) Кудуреттүү! Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү!","«Силер менен дин себептүү согушпаган жана силерди мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык жана адилет кылуудан Аллах силерди кайтарбайт. Аллах адилеттүүлөрдү сүйөт».","Силерге каршы дин себептүү согушуп, мекениңерден чыгарган жана чыгарууга жардам берген адамдарды дос тутуудан Аллах силерди кайтарат. Ким аларды дос туткан болсо, алар анык залымдар!","Оо, ыйман келтиргендер! Эгер силерге ыймандуу аялдар хижрат кылып келсе, аларды сынагыла. Аллах алардын ыйманын эң жакшы билет. Эгер алардын ыймандуу экенин аныктасаңар, каапырларга кайтарып жибербегиле. (Себеби,) алар мушриктерге адал эмес, мушриктер аларга адал эмес.[1] Жана (эгер үйлөнсөңөр) аларга (мушрик күйөөлөрү) берген өлчөмдөгү махырды бергиле. Качан (ушул) махырды төлөсөңөр, аларга үйлөнүүдө силерге күнөө жок. Жана каапыр болуп (Мединадан Меккеге кетип) калган аялдардын билегинен да кармабагыла![2] Кийин алардан берген махырыңарды сурап алгыла, алар (силер үйлөнгөн мухажир аялдардын Меккеде калган мушрик күйөөлөрү) дагы (ал аялдарга) берген махырын силерден сурап алышсын. Аллахтын өкүмү – ушул. Ал силердин араңарда өкүм кылат. Аллах Билүүчү, Даанышман!###[1] Күндөрдүн биринде бир нече аялдар Исламга кирип, Мекке мушриктеринен качып, Мединага хижрат кылып келишет. Бирок, ошого чейин пайгамбарыбыз менен мушриктердин арасында «Меккеден Мединага качып келгендерди кайтарып берилет» деген келишим бар эле. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам «Эгер бул аялдарды кайтарып жиберсем, мушрик күйөөлөрү менен турмушу кандай болот?» деп ойлонуп калганда, маселеге чечим катары Аллах таала ушул аяттарды түшүргөн.\t[2] Эгер ушундуй болсо, талак түшөт жана ал аял менен ажырашууга туура келет.","Эгерде, силердин аялдардан кимдир бирөөсү каапырлар тарапка өтүп (бир мушрикке тийип) кетсе, (жана анын мушрик күйөөсү силерге махырды кайрып бербесе) анан силер (согушта мушриктерди) жеңип алсаңар, аялы кетип калган кишилерге (олжодон) махыры өлчөмүндө бөлүп бергиле. Жана өзүңөр ыйман келтирген Аллахтан корккула!","Оо, Пайгамбар! Эгер сага ыймандуу аялдар келип, Аллахка эч нерсени шерик кылбоого, уурулук, зынаа кылбоого, (кыз төрөлгөн) балдарын өлтүрбөөгө, бирөөдөн бала арттырып эрине таңуулабоого жана жакшы (сооп) иштерге буюрганыңда сага каяша айтпоого ант беришсе,[1] алардан антын кабыл ал жана алардын күнөөлөрүнө Аллахтан кечирим сура. Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.###[1] Исламга кирген аялдар пайгамбарыбызга ушул иштерди жасабоого ант беришкен. Бул ант исламда «байьат» деп аталат.","Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын каарына жолуккан (мушрик) коом менен дос болбогула! Каапырлар мүрзөдөгү адамдардан (алардын кайра тирилүүсүнөн) үмүт үзгөнү сыяктуу, алар (мушриктер) дагы Акыреттен үмүт кылышпайт.","Аллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтты. Ал – Кудуреттүү, Даанышман!","Оо, момундар! Эмне үчүн жасабаган ишиңерди сүйлөйсүңөр?!","Жасабаган ишиңерди сүйлөө Аллахтын алдында эң чоң күнөө![1]###[1] Кээ бир мусулмандар каапырлардын зулумдугуна чыдабай кеткенде \"Эх, качан Аллахтан согуш жөнүндө өкүм келээр экен\" деп бейсабыр болушкан. Анан, убактысы жетип, Аллах тааладан жихадка чыккыла деген өкүм келгенде, жанагы \"баатырлар\" болбогур нерселерди шылтоолоп согуштан кара жанын калкалап калышты.","Аллах Өзүнүн Жолунда тегиз курулган үйлөр сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт.","(Оо, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «Оо, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллахтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңер го!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллах дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт!","Эстегин, (бир кезде) Марямдын уулу Иса (мындай) деди: «Оо, Исраил урпактары! Мен силерге Аллахтан жиберилген пайгамбар боломун. (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты(н өкүмдөрүн) тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон пайгамбар жөнүндө (алдын ала) сүйүнчү кабар айтамын\".[1] Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкыр го!» дешти.###[1] «Ахмад» - бул пайгамбарыбыздын Инжилде жазылган аты. Бул ысымдын биринчи мааниси «Аллахты мактаган», экинчи мааниси «Макталган». Христиандар Инжилди өзгөрткөндө ал ысымды өчүрүп жиберишкен. Бирок, байыркы латын тилиндеги нускаларында «Параклет» (Макталган) деген ысым сакталып калган.","Исламга чакырылганда Аллахка жалаа жапкан адамдан залымыраак ким бар?! Аллах залым адамдарды туура жолго баштабайт!","Аллахтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллах Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет!","Ал Өзүнүн пайгамбарын туура жол жана Акыйкат Дин менен – ал динди бардык диндерден үстөм кылуу үчүн – жиберди.[1] Эгер мушриктер жаман көрсө да.###[1] Ушул күндөрдөгү акыркы маалыматтар ырастагандай, тутунган, ээрчиген адамдарынын саны боюнча, Ислам Дини дүйнөдө алдынкы орунга чыкты!","Оо, ыйман келтирген пенделер! Мен силерди жан ооруткан азаптан сактап калчу «соодага» баштайынбы?","(Ал соода төмөндөгүчө:) Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Аллахтын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Ушул силер үчүн жакшы (соода) эгер билсеңер.","(Ошондо Аллах) силердин күнөөңөрдү кечирип, түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге жана Адн (түбөлүктүүлүк) бейиштериндеги пакиза жашоо жайларына киргизет. Бул – Улуу Жеңиш!","Дагы силер жакшы көргөн нерсени (да Аллах силерге белек кылат. Ал –) Аллахтын жардамы жана жакында келе турган жеңиш! (Оо, Мухаммад! Сен ушул жеңишти) ыймандууларга сүйүнчүлө!","Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын (дининин) жардамчылары болгула! Ушул сыяктуу Марямдын уулу Иса дагы шакирттерине «Аллах Жолунда ким мага жардамчы болот?» дегенде, шакирттери «Биз – Аллахтын жардамчылары!» дешкен. Анан, Исраил урпактарынан бир тайпасы (Исанын динине) ыйман келтирип, дагы бир тайпалары каапыр болушту. Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан кубаттуу кылдык эле, натыйжада алар жеңип чыгышты.","Аллахка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Падыша, Таза-Пакиза, Кудуреттүү жана Даанышман!","Ал уммий адамдар[1] арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) пайгамбарды жиберди. Ошол (пайгамбар) аларга Аллахтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан.###[1] Арабдар энени \"Уммун\" дешет. \"Уммий\" дегендин мааниси \"энеден туулган бойдон окуу-жазууну билбей чоңойгон\" дегенди түшүндүрөт.","Жана (Аллах ал пайгамбарды) али аларга кошулбаган башка элдерге[1] да жиберди. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.###[1] Бул элдер сахабалардан кийин келип, алардын дин кербенине кошула турган мусулмандар же болбосо, тээ кыяматка чейин ислам үммөтүнө кошула турган арабдан башка элдер.","Бул Аллахтын каалаган пенделерине бере турган пазилети. Аллах улуу пазилет Ээси![1]###[1] Уммий арабдар арасынан Мухаммад саллалоху алайхи ва саллам пайгамбарчылык пазилети менен келгенде яхудилер \"Аллах пайгамбарды уммийлердин арасынан тандамак беле? Тандаса, мына биздин арабыздан тандайт. Себеби, бизде илим - Ыйык Китеп бар\" дешип ыйман келтирбей коюшкан. Бирок, дал ошол Тооратта акыркы пайгамбар арабдардын арасынан келиши жөнүндө ыйык кабар айтылган эле.","Тооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин аны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллах залым коомду туура жолго баштабайт!","(Оо, Мухаммад!) Айткын: «Оо, яхудилер! Эгер силер «Бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллахтын сүйгөн пенделерибиз» деп ойлосоңор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоңор».","(Жок,) алар жасаган (көп күнөө) иштери себептүү эч качан өлүмдү сагынышпайт. Аллах залымдарды Билүүчү.","Айт: «силер качып (коркуп) жүргөн өлүмгө албетте жолугасыңар. Кийин, көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге жасаган ишиңердин кабарын билдирет.","Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер.","Ал эми, намаз бүткөндө Аллахтын ырыскыларын издеп, жер бетине жайылгыла жана Аллахты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (бейишке) жетээрсиңер!","Алар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты. Сен айткын: «Аллахтын алдындагы сооп соодадан жана оюн-тамашадан жакшы. Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү.[1]###[1] Жума күндөрдүн биринде пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам минбарда хутба кылып турган. Ошол маалда Мединага шаан-шөкөт менен соода кербени кирип келет. Көпчүлүк сахабалар хутбаны таштап чуркап кетишет. Бул аят ошол окуяга байланыштүү түшкөн.","(Оо, Мухаммад!) Эгер сага мунафыктар келсе «биз күбөлүк беребиз: сен Аллахтын элчисисиң» дешет. Аллах билет, сен Өзүнүн элчиси экениңди. Аллах мунафыктардын анык жалганчылыгына күбөлүк берет.[1]###[1] Мединадагы кээ бир бай адамдар эми гана бийлик тизгинин колуна алмак болуп турганда пайгамбарыбыз хижрат кылып келип калат жана жалпы эл аны ээрчип калат. Ызырынып калган жанагылар ичинде «ит өлүп» исламды жана пайгамбарды жек көрүп турушса да, сыртынан пайгамбарыбызга ыйман келтиришээрин бат-бат кайталап, кээде ант ичип да турушкан.","Алар анттарын калканыч кылып (өздөрүнө кошуп башка адамдарды да) Аллахтын Жолунан тосушкан. Алардын иштери кандай жаман!","Мунун себеби, алар (оозунда) ыймандуу, (жүрөгүндө) каапыр болгону. Натыйжада жүрөктөрүнө мөөр басылып, (жакшылык менен жамандыкты) ажырата албай турган болуп калышты.","Эгер аларга карасаң келбеттери сени кызыктырат. Эгер (жалганды кооздоп) сүйлөсө аларды угасың. Алар (дубалга) жөлөп коюлган (жансыз) жыгач сыяктуу. (Ар дайым далбасада жашаганы себептүү) ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар – душмандар, абайла алардан! Аллах кыйраткырлар, (чындыктан бурулуп) кайда бара жатышат!","Аларга «(тооба кылып) келгиле, Аллахтын элчиси силердин күнөөңөрдү кечиришин Аллахдан сурайт» деп айтылганда, моюн толгоп кетишкен жана сен аларды текеберлик менен (адамдарды акыйкаттан) тосконун көрдүң.","Сен алар үчүн (Аллахтан) кечирим сурасаң да же сурабасаң да – айырмасы жок: Аллах эч качан кечирбейт! Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт!","Алар (өз кишилерине) «Аллахтын элчисинин айланасындагы адамдарга ихсан-көмөк көргөзбөгүлө, (ажеп эмес, Мухаммаддын айланасынан) тарап кетишсе» дешет. Асмандар менен жердин казыналары Аллахтын колунда го! Бирок, мунафыктар муну түшүнбөйт.","Алар (дагы) «Эгер Мединага кайтсак, улук адамдар селсаяктарды (шаардан) айдап чыгат» дешкен . Улуулук Аллахка, Анын элчисине жана ыйман келтиргендерге таандык. Бирок, мунафыктар муну билишпейт.","Оо, ыйман келтиргендер! Мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерди Аллахты эскерүүдөн (ибадаттардан) алаксытып койбосун! Ким ушундай кылса, алар – зыян тарткандар!","Качан гана силерден бирөөңөргө өлүм (сааты) келгенде «Оо, Раббим! Эгер мени бир аз мөөнөткө (жанымды албай) койо турсаң, садака кылып, жакшы адамдардан болоор элем!» деп (чыйпылыктап) калаардан мурда силерге Аллах берген ырыскылардан садака кылып калгыла.","Ажалы жетип калса, Аллах эч бир жанга мөөнөт бербейт! Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар!","Аллахты(н Атын) асмандардагы жана Жердеги бардык (жандуу-жансыз) нерселер аруулашат. Мүлк Аныкы, мактоо Өзүнө гана таандык! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!","(Оо, инсандар!) Ал силерди жараткан. Силердин араңарда каапыр да бар, ыймандуу да бар. Аллах бардык ишиңерди Көрүүчү!","Ал асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты, силерге эң сонун келбет берди жана көрүнүшүңөрдү көрктүү кылды. Кайтып баруу – Өзүнө!","Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерсени билет жана силердин сырыңарды да сыртыңарды да билет. Аллах жүрөктөрдө катылган нерселерди да Билүүчү!","(Оо, мушриктер!) силерге мурдагы каапыр жамааттардын кабары келбеди беле? Алар өз кылмыштарынын жазасын тартышкан.[1] Жана аларга (Кыяматта) катуу азап бар.###[1] Кээ бирөөлөрүнүн башына таш жааган, кээ бирлерин жер жуткан.","Мунун себеби, аларга пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде «бизди адам перзенти туура жолго баштайт бекен?» деп, каапыр болуп, жүз буруп кетишти.[1] Аллах аларга муктаж эмес. Аллах – Беймуктаж, Макталган!###[1] Алар текеберчилигинен улам \"Бизге периштеден пайгамбар келсе ыйман келтирет элек, өзүбүз сыяктуу, тамак-аш жеп, базар аралап жүргөн адам баласы кантип пайгамбар болсун?!\" дешкен.","Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллахтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.","Эми, (эсиңерге келип) Аллахка, Анын пайгамбарына жана биз түшүргөн Нурга (Куранга) ыйман келтиргиле! Аллах бардык ишиңерден Кабардар!","(Аллах) силерди чогулуш күнүнө чогулткан (Кыямат) күндү (эстегиле). Ал – Тагаабун Күнү![1] Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, (Аллах) анын күнөөлөрүн кечирип, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Алар анда түбөлүк калышат. Бул – Улуу жетишкендик!###[1] «Тагаабундун» мааниси «Бири-биринен ажыратылуу». Ал күндө ыймандуулар каапырлардан ажыратылып, бейишке жиберилсе, каапырлар ыймандуулардан бөлүнүп, тозокко айдалат.","Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалган дегендер тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Кандай жаман акыбет!","(Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллахтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллахка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн туура жолго багыттап койот. Аллах бардыгын Билүүчү!","Аллахка моюн сунгула, пайгамбарга моюн сунгула! Эгер моюн сунбасаңар (өзүңөргө зыян). Биздин элчибиздин милдети (акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат.","(Ал –) Аллах! Бир Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!","Оо, ыйман келтирген пенделер! (Кээ бир учурда) силерге аялдарыңар менен перзенттериңер арасынан (Аллах Жолунан тосуучу) душмандар чыгат. Алардан абайлагыла! Эгер аларды кечирип, айкөлдүк кылсаңар (билип алгыла) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!","Чынында, мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерге сыноо. Аллахтын алдында улуу сооптор бар.","Аллахтан алыңар жеткенче такыба кылгыла жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула. Жана (Аллах Жолунда) садака кылгыла. (Бул ишиңер) өзүңөргө жакшы. Ким напсинин ачкөздүгүнөн сактана алган болсо, дал ошолор жеңишке жеткендер.","Эгер Аллахка жакшынакай карыз берсеңер,[1] силерге бир нече эсе[2] көбөйтүп кайтарат жана (буга кошумча иретинде) күнөөңөрдү да кечирет. Аллах жакшылыктаррга шүгүр кылуучу жана (пейили) Жумшак.###[1] Аллах Жолунда садака кылсаңар.\t[2] Он эседен жети жүз эсеге чейин.","(Аллах) кайыпты да, ашкерени да Билүүчү, Кудуреттүү, Даанышман!","Оо, пайгамбар! Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле.[1] Анан идда мөөнөтүн эсептегиле жана Раббиңер – Аллахтан корккула! Анык бузук иш (зынаа) кылбаса, аларды үйүнөн чыгарып койбогула жана алар да чыгып кетишпесин! Булар – Аллахтын чектөөлөрү. Ким Аллах белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот. Сен билбейсиң, Аллах ушундан (өкүмдөрдү сактагандан) кийин (эрди-катын үчүн бир пайдалуу) ишти болтурса ажеп эмес.[2]###[1] «Идда мөөнөттөрүндө талак бергиле» дегени, иддасына чейин, айыздан таза абалында, жакындык кылбай туруп талак бергиле деген мааниде.\t[2] Мусулман адамдар талакты оюнчук кылып албаш керек. Анын да эрежелери бар. Ал эми, эрежеси менен талагы берилген аялдарды үйдөн чыгарып жиберилбейт. Ал аял идда мөөнөтү (үч ирет этек кири келип, үч ирет тазалануу убактысы) аяктаганга чейин үйүндө олтурууга жана күйөөсү тарабынан каржыланууга тийиш. А, эгер талактын себеби аялдын бузуктугунда болсо, анда эрежеси менен талак кылгандан кийин үйдөн чыгарып жиберсе болот.","Эгер аялдар (идда) мөөнөтүн бүтүрсө, же жакшылык менен алып калгыла же жакшылык менен ажырашкыла. (Жарашсаңар да, ажырашсаңар да) өзүңөрдөн эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. (Оо, күбө болгондор!) силер Аллах үчүн (түз-туура) күбөлүк бергиле! Мунуңар Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген адамдарга үлгү болоор иш. Ким Аллахтан такыба кылса, анын жолун ачып койот.","Жана ойлобогон тараптан ырыскы таап берет. (Ошентип,) ким Аллахка тобокел кылса, Өзү жетиштүү. Аллах Өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир нерсеге ченем-өлчөм белгилеп койгон.","Ал эми, (талагы берилген) аялдарыңардын арасында этек кир келбей калгандары (карыя жаштагылары) болсо жана («булардын идда мөөнөтү кандай болот?» деп) шектенсеңер, алардын иддасы - үч ай. Эми, (балакатка жетпеген же бир оору себептүү) тап-такыр этек кири келбеген аялдар болсо, (булардын иддасын да үч ай деп эсептейсиңер). Боюна бүтүп калган аялдардын идда мөөнөтү – төрөгөнгө чейин. Ким Аллахтан такыба кылса, анын ишин жеңилдетип койот.","Силерге Аллах түшүргөн буйрук – ушул. Ким Аллахтан корксо, анын күнөөлөрүн өчүрөт жана сообун көбөйтөт.","Аларга[1] мүмкүн болушунча өзүңөр жашаган үйлөрдөн орун бергиле. Аларга кысым көргөзүү менен зыян жеткирбегиле. Эгер алардын боюна бүткөн болсо, боюндагысын төрөгөнгө чейин (бардык муктаждыгын) камсыздагыла. Эгерде силер үчүн (балаңарды) эмизип берсе, акысын төлөп бергиле[2] жана (сүт акысынын баасын) өз ара, жакшылык менен келишип алгыла. Эгер (келише албай) кыйналсаңар, ал (күйөө) үчүн (баласын) башка аял эмизип берет.###[1] Талагы берилген аялдарга.\t[2] Талак кылынган аял идда мөөнөтүндө төрөсө, бала атаныкы болгону себептүү, баланы эмизгени үчүн анын атасынан (мурдагы күйөөсүнөн) акы талап кылса, ата аны төлөп бериши зарыл.","«Бай адам байлыгынан (кеңири) камкордук кылсын. Кимдин ырыскысы ченелген болсо, Аллах берген нерселерден (колунан келишинче) камкордук кылсын. Аллах эч кимди Өзү бергенден ашыкчасына мажбурлабайт. Аллах тез арада кыйынчылыктын артынан жеңилдик берет».","(Мурунку заманда) нечендеген айыл-шаар (элдери) Раббисинин жана Анын пайгамбарларынын буйругунан баш тартышты. Анан Биз алар менен катуу эсептешип, жагымсыз азаптарга салдык.","Алар кылмыштарынын жазасын татышты. Кылмыштарынын акыбети зыян тартуу (өлүм) болду!","Аллах (Акыретте дагы) аларга катуу азапты даярдап койгон. Эми, Аллахтан корккула, оо, ыйман келтирген акылдуулар! Аллах силерге (туура жолго багыттоочу) эскермени жиберди.","(Ал эскерме – Аллахтын) элчиси. Ал силерге Аллахтын анык аяттарын окуп берет, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарды караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн. Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, аны түбүнөн дарыялар аккан жана анда түбөлүк калуучу бейиштерге киргизет. Аллах ага эң сонун ырыскыны (бейишти) берди!","Аллах жети кабат асмандарды жана жерден да ошончосун жаратты. Алардын (асман-жердин) арасына (Анын) буйруктар(ы), Аллах ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллах ар нерсени илими менен камтып алганын билишиңер үчүн түшүп турат.","Оо, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын көңүлү үчүн Аллах сага адал кылган нерселерди (өзүңө) арам кылып жатасың?! Аллах Кечиримдүү, Боорукер![1]###[1] Сүрөнүн «Тахрим» (Өзүнө бир нерсени арам кылып алуу) деп аталышына төмөндөгү окуя себеп болгон: Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Зейнеп деген аялынын үйүнөн бал ичип чыгат жана Хафса менен Айшанын алдына кирет. Бул эки аялы Зейнепке катуу атаандаштык кылчу. Анан экөө сүйлөшүп алып, пайгамбарыбызга «Оозуңуз бир аз жыттанып калыптыр» дешет. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам аялдарынын көңүлү үчүн «Экинчи бал ичпеймин» деп ант берет. Бул аят ушул жоругу үчүн пайгамбарыбызга Аллахтын эскертүүсү.","Аллах силерге антыңардан кайтуунун жолун үйрөткөн.[1] Силердин кожоюнуңар – Аллах. Ал – Билүүчү, Даанышман.###[1] Аллах таала үйрөткөн анттан кайтуунун жолу он кедейди тойдуруу же кийинтүү же болбосо бир кул азат кылуу. Эгер ага кудурети жетпесе, үч күн орозо тутуу.","Бир кезде пайгамбар аялдарынын кээ бирине сырын ачты (жана «эч кимге айтпа» деди). Ал эми (аялы) аны ашкерелеп жибергенде муну Аллах (пайгамбарына) билдирди. (Пайгамбар Аллах билдирген нерселердин) кээ бирин (сыр ачкан аялына) айтты, кээ бирин айтпады. Ага айтканда ал: «муну сизге ким билдирди?!» деди. Айткын: «Билүүчү, Кабардар (Аллах) билдирди!».[1]###[1] Бул аяттагы сыр ачкан аял Хафса энебиз. Ал сырды Айша энебизге айтып койот. Демек, бул жерде экөө тең күнөөлүү: бири сырды ачуучу, экинчиси аны жактырып угуучу.","(Оо, пайгамбардын эки аялы!) эгер силер Аллахка тообо кылсаңар жүрөгүңөрдү (пайгамбар сүйгөн нерсени сүйүүгө, ага жакпаган нерсени жек көрүүгө) муютат. Ал эми, ага каршы чыксаңар, (билип алгыла) анын (ишенген) Эгеси – Аллах! Андан кийин анын жардамчылары Жебирейил, ыйманы таза момундар жана периштелер!","Эгер пайгамбар силердин талагыңарды берип жиберсе, Аллах ага силерден жакшыраак, мусулман, ыймандуу, моюн сунган, тообо кылуучу, ибадатчыл жана орозо кармоочу кыз-жубандарды алмаштырып бериши мүмкүн.","«Оо, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!»","Эй, каапырлар! Бул (Кыямат) күнү кечирим сурабай эле койгула, өзүңөр жасаган кылмышка жараша жазаңарды аласыңар!","Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахка чын жүрөктөн тообо кылгыла! Раббиңер күнөөңөрдү өчүрүп, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизсе ажеп эмес. Ал (Кыямат) күндө Аллах (эч качан) пайгамбар жана аны менен бирге болгондорду шерменде кылбайт! Алардын (Аллах берген) нурлары оң тарабында жана алдында (жарытып) агылганда алар (дуба кылып:) «Оо, Раббибиз! Нурубузду кемитпегей элең! Күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Сен ар нерсеге кудуреттүүсүң!» дешет.","Оо, пайгамбар! Каапырлар менен мунафыктарга каршы жихад кыл жана чечкиндүү бол! Алардын бараар жери – тозок! Кандай жаман акыбет!","Аллах каапырлар(дын акыбети кандай бүтүшүн билгизүү) үчүн Нухтун аялы менен Луттун аялын мисал келтирди. Экөө тең Биздин салих пенделерибиздин (никесинин) астында болчу. Экөөсү(нүн аялы) аларга кыянат кылышты. Анан, эки пайгамбар тең Аллах тарабынан (азап болуп келген) нерседен эки аялды куткара албай калышты. Жана (эки аялдын бири сууга чөгүп, экинчисин жер жутуп өлгөндө, аларга) «киргендер менен бирге тозокко киргиле!» деп айтылды.","Аллах ыймандуулар үчүн Фараондун аялын (үлгү катары) мисал келтирди. Бир кезде ал (дуба кылып): «Оо, Раббим! Мага Өзүңдүн алдыңда – бейиште бир үй тургузуп бер жана мени Фараон менен анын амалынан куткар! Мени залым адамдардан сакта!» деди.","(Жана Аллах) Имрандын кызы Марямды дагы (мисал-үлгү кылды). Ал абийирин сактаган кыз болчу. Кийин Биз ага (Жебрейил периштени жиберип) Өз Рухубуздан үйлөдүк.[1] Ал Раббисинин Сөзүн жана Китебин тастыктады жана моюн сунуучулардан болду.###[1] Жебирейил периште анын жакасынан үйлөгөндө, ошол дем аркылуу Аллах тааланын «бол!» деген буйругу менен Исага кош бойлуу болот. Маалым болгондой бул окуяда Исаны Аллах таалага бала кылып таңуулагыдай эч нерсе жок."]