["Оо, пайгамбар! Аллах Хаулат бинт Саалаба деген аялдын сөзүн укту. Аны күйөөсү Аус ибн ас-Самит «зихар» кылганда, ал күйөөсү тууралуу сени менен сүйлөшкөнү келди жана анын кылганын Аллахка айтып даттанды. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү укту. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Аялдарын зихар кылгандар, тагыраак айтканда, силерден кимдир бирөө аялына: «Сен мага апамдын белиндейсиң» деп айткандар – бул айткан сөздөрүндө жалганчылар. Алардын аялдары энеси эмес. Аларды төрөгөндөр гана алардын энелери. Алар бул сөздү айтышканда, коркунучтуу жана жалган сөздү айтышкан болот. Чындыгында Аллах – Кечүүчү, Кечиримдүү.","Бул коркунучтүү сөздү айтып алып, кийин зихар кылган аялдары менен жыныстык мамиле кылууну каалагандар, алар менен жыныстык катнаш кылуудан мурун бир кулду азат кылуу менен күнөөсүн жууш керек. Бул айтылган өкүм, силерди зихар кылуудан тосуу үчүн буйрук кылынды. Аллах силердин кылганыңардан Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес.","Ким азат кылганга кул таппаса, анда ал зихар кылган аялы менен жыныстык мамиле кылуудан мурун эки ай үлгүлтүксүз орозо кармашы керек. Ал эми ким эки ай үзгүлтүксүз орозо кармай албаса, анда ал алтымыш кембагалды тамактандыруусу керек. Биз бул өкүмдү Аллах буйруду деп ишенип, Анын буйругуна баш ийүүңөр үчүн өкүм кылдык. Биз силерге шарият кылган бул өкүмдөр – Аллахтын пенделери үчүн койгон чектери. Андыктан, аны бузбагыла. Ал эми Аллахтын өкүмдөрүнө жана койгон чектерине каапыр болгондорго кыйноочу азап бар.","Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар, мурунку душман коомдор кор болгон сыяктуу кордукка туш болушту. Биз ачык-айкын аят-белгилерибизди түшүргөнбүз. Аллахка, анын элчисине жана аят-белгилерине каапырлык кылгандарга кордоочу азап бар.","Ал күнү Аллах алардын бирин да калтырбастан, бүт баарысын кайра тирилтип, аларга дүйнөдө кылган жамандык иштери тууралуу кабар берет. Аллах аларды эсептеп койгон, алардын иш-аракеттеринин эч бирин өткөрүп жиберген эмес. Бирок алар муну унутуп коюшкан, кийин алар анын кичинеси да, чоңу да калтырылбастан эсептелген амал баракчаларында жазылганын көрүшөт. Аллах бардык нерседен кабардар. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес.","Оо, пайгамбар! Аллах асмандардагы жана жердеги нерселерди билет экенин билбейсиңби? Ал экөөсүндөгү эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Үч адамдын ортосунда жашыруун сөз болсо, Ал Өз илими менен алардын төртүнчүсү болот. Беш адамдын ортосунда жашыруун сөз болсо, Ал Өз илими менен алардын алтынчысы болот. Андан аз санда болобу, көп санда болобу, алар кайда болушпасын, Ал Өзү илими менен алар менен бирге. Андан кийин кыямат күнү Ал алардын кылгандары тууралуу кабар берет. Чындыгында Аллах бардык нерсени Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Оо, пайгамбар! Ыймандуу адамды көргөндө өз ара жашыруун сүйлөшкөн жөөттөрдү көрбөдүңбү? Аллах аларды жашыруун сүйлөшүүдөн тыйган эле. Бирок кийин алар Аллахтын тыйган нерсесине кайра кайтышты жана ыймандууларды ушактоо, аларга душмандык кылуу, пайгамбарга баш ийбестик кылуу сыяктуу күнөө иштерди ич ара жашыруун сүйлөштү. Оо, пайгамбар! Качан алар сага келгенде, алар Аллахтын сага айткан саламынан башкача саламды айтышат. Бул алардын «ассааму алейка (сага өлүм болсун)» деген сөзү. Жана алар пайгамбарды жалганга чыгарып: «Аллах бизди бул айткан сөзүбүз үчүн жазалабайт беле? Эгер ал пайгамбармын деген сөзүндө чынчыл болсо, анда Аллах бизди ал тууралуу айткан сөзүбүз үчүн жазаламак» – деп айтышат. Алардын айткан сөздөрүнүн жазасына тозок жетиштүү. Алар анын ысык азабын тартышат. Алардын бара турган жайы кандай жаман жай!","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Жөөттөргө окшобошуңар үчүн күнөөнү же душмандыкты же пайгамбарга карата баш ийбестикти камтыган нерселер тууралуу ич ара жашыруун сүйлөшпөгүлө! Аллахка моюн сунууну жана Ага баш ийбестиктикти тыюуну камтыган нерселерди жашыруун сүйлөшкүлө! Жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Силер кыямат күнү сурак жана сыйлык-жаза үчүн жалгыз Ага гана чогултуласыңар.","Чындыгында өзүнө күнөөнү, душмандыкты жана пайгамбарга болгон баш ийбестикти камтыган жашыруун сөздөр – шайтандын ыймандууларга каршы жаман иш болот деп аларды ойго салыш үчүн өзүнүн жан жөкөрлөрүнө кооз кылып көрсөтүүсү жана азгырыгы. Шайтан жана анын кооз кылып көргөзүүсү Аллахтын каалоосу болмоюнча ыймандууларга эч кандай зыян келтирбейт. Ыймандуулар бардык иштеринде Аллахка гана таянышат.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге «ордуңардан жылышкыла» деп айтылса, анда жылышкыла. Ошондо Аллах силерге дүйнө жашооңордо жана акыретте орун берет. Эгер силерге «кадырлуу адамдар олтурсун үчүн ордуңарды бошоткула» деп айтылса, анда ордуңарды бошоткула. Аллах таала силердин араңардагы ыйман келтиргендердин жана илим берилгендердин даражасын көтөрүп коёт. Аллах силердин кылган нерселериңерден кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет.","Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сырдашууну каалаган сахабалар көбөйгөндө, Аллах Таала: \"О, ыйман келтиргендер! Эгерде пайгамбар менен жеке сүйлөшүүнү кааласаңар, анда аны менен сүйлөшүүдөн мурда садага бергиле. Ошентип алдын ала садага берүү – силер үчүн жакшыраак жана тазараак. Анткени, мында Аллахка жүрөктөрдү тазарткан баш ийүү бар. Эгер садага бергенге эч нерсе таппасаңар, анда аны менен жекече сүйлөшүүңөр күнөө эмес. Чынында, Аллах пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Ал пенделеринин моюнуна күчү жетпеген ишти жүктөгөн жок.","Пайгамбар менен жекече сүйлөшүүңөр үчүн алдын ала берген садакаңар себептүү кедейликтен корктуңарбы? Аллахтын бул тууралуу берген буйругун аткара албасаңар жана Аллах силерге аны таштоого уруксат берип, тообоңорду кабыл кылса, анда намазды толук түрдө аткаргыла, мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Аллах силердин кылып жатканыңардан Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет.","Оо, пайгамбар! Каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү Аллахтын каарына калган жөөттөр менен достошуп жүргөн эки жүздүүлөргө карабайсыңбы? Эки жүздүүлөр ыймандуулардан эмес, жөөттөрдөн да эмес. Алар буларга да, тигилерге да тиешеси жок ара жолдо жүргөндөр. Алар мусулманбыз деп касам ичишип, мусулмандардын кабарларын жөөттөргө жеткиришет. Алар ичкен касамында жалганчылар.","Аллах акыретте аларга катуу азапты даярдап койган. Алар тозоктун эң төмөнкү кабатына киришет. Алардын дүйнөдө кылган каапырлык иштери кандай жаман!","Алар берген анттарын каапырлык себептүү өлтүрүлбөш үчүн коргонуч кылып алышты. Анткени алар өз канын жана мал-мүлкүн коргош максатта аны менен сыртынан Исламды көрсөтүшөт жана адамдарды акыйкаттан бурушат. Анткени бул нерседе мусулмандарды алсыратуу жана аларга бут тосуу бар. Алар үчүн кордукка салуучу азап даярдалган.","Аларга Аллахтын алдында мал-мүлктөрү жана бала-чакасы эч пайда келтирбейт. Мына ошолор тозок ээлери. Алар ал жакка кирип, түбөлүк калышат. Алардын азабы токтотулбайт.","Ал күнү Аллах аларды жазалоо үчүн бирин да калтырбай кайра тирилтет. Ошондо алар каапырлыкта жана эки жүздүүлүктө болбостон, Аллахты ыраазы кылган иштерди аткарган ыймандуулардай Аллахка касам ичишет. Оо, ыймандуулар! Алар дүйнөдө силерге «биз мусулманбыз» деп касам ичкендей, акыретте да Аллахка касам ичишет. Алар Аллах үчүн ичкен бул касамдары аларга пайда келтирет же аларды зыяндан коргойт деп ойлошот. Мына ошолор дүйнөдө жана акыретте айткан касамдарында чыныгы жалганчылар эмеспи!","Шайтан аларды баш ийдирип, өз азгырыгы менен Аллахты эстөөнү унуттурду. Алар Ал ыраазы болгон иштерди кылышкан жок. Тескерисинче, Анын каарын келтирген иштерди кылышты. Мына ушундай сыпаттагы адамдар – Иблистин аскери жана аны ээрчигендер. Иблисти жана аны ээрчигендер, мына ошолор дүйнөдө жана акыретте кыйроого учурагандар эмеспи! Анткени алар акыйкатты адашууга сатты жана бейишти тозокко сатты.","Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар, Аллах бул дүйнөдө жана акыретте кор кылгандардын жана кордукка туш болгон каапыр коомдордун катарында.","Аллах абалкы илиминде: «Мен жана Менин элчилерим далил жана күч-кубаттуулук менен душмандардын үстүнөн сөзсүз жеңишке жетебиз» – деп жазып койгон. Чындыгында Аллах өз элчилерине жардам берүүгө Кубаттуу, душмандарынан өч алууга Кудуреттүү.","Оо, пайгамбар! Сен Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген адамдарды, Аллахтын жана Анын элчисинин душмандарын дос туткандарын көрбөйсүң, эгер ал Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар алардын аталары же балдары же бир туугандары же алар таандык болгон урук-туугандары болсо да. Анткени ыйман Аллахтын жана Анын элчисинин душмандары менен достошуудан тыят жана ыйман байланышы бардык байланыштардан жоготу турат. Экөөсү бирдей келгенде ал биринчи аткарылат. Жакын тууганы болсо да, Аллахтын жана Анын элчисинин душмандарын дос тутпаган адамдар, мына ошолордун жүрөктөрүнө Аллах өзгөрбөс ыйманды бекемдеп койду жана аларды Өзүнүн далили жана нуру менен кубаттады. Алар кыяматта хан сарайлары менен бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган Адн бейиштерине киришет. Алар анын түгөнбөгөн жыргалчылыктарында түбөлүк калышат. Аллах аларга андан кийин эч качан ачууланбай тургандай ыраазы болду жана алар Ага түгөнбөс жыргалчылык тартуулаганы үчүн ыраазы болушту. Ал жыргалчылыктардын бири – Аны көрүү. Жогоруда айтылган сыпаттагы адамдар – Аллахтын буйругун ээрчиген жана Анын тыюуларын таштаган Анын аскери. Албетте, мына ошол Аллахтын аскери жеңишке жетүүчүлөр эмеспи! Анткени алар дүйнөдө жана акыретте көздөгөнүнө жетишет жана коркунуч салган нерселерден кутушулат.","Асмандагы жана жердеги бүткүл макулуктар Аллахты улукташты жана Ага ылайык келбеген нерселерден аруулашты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана кудуреттүүлүгүндө Даанышман.","Ал Аллахка каапырлык кылган жана Анын элчисин жалганга чыгарган Бану Надир уруусун Мединадагы өз турак-жайларынан Мединадан Шамга карай биринчи сүргүн катары чыгарды. Алар Тоорат ээлери болгон жөөттөр. Алар келишимди бузуп, мушриктер менен бирге ага каршы болгондон кийин Шам жергесине куугунтукталды. Оо, ыймандуулар! Силер алардын күч-кубаттуулугу жана коргонуусу себептүү аларды өз турак-жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы курган чептери аларды Аллахтын кудурети менен жазасынан коргойт деп ойлошкон. Аллах Өз элчисине алар менен согушууну жана турак-жайларынан кууп чыгууну буйруган кезде Аллахтын күч-кубаты алар ойлобогон тараптан келди. Аллах алардын жүрөктөрүнө катуу коркунуч салды. Алар мусулмандар пайдаланбасын деп турак-жайларынын ичин өз колу менен бузуп талкалашты. Ал эми мусулмандар болсо аны сыртынан талкалашты. Эй, көзү бар адамдар! Аларга каапырлыктары себептүү башына түшкөн нерседен сабак алгыла жана алардай болбогула! Болбосо, силер да алар жазалангандай жаза аласыңар.","Эгер Аллах аларга турак-жайларын таштап чыгып кетүүнү буйрубаганда, (анда Бану Курайза уруусу сыяктуу) аларды блу дүйнөдө өлтүрүү жана туткунга түшүрүү менен азаптамак. А акыретте болсо, аларды азап күтүп турат, алар анда түбөлүк калышат.","Алардын башына түшкөн бул нерсенин себеби, алар каапырлыктары жана келишимди бузуулары менен Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылышты.","Оо, ыймандуулар жамааты! Эгерде силер Бану Надир согушунда Аллахтын душмандарынын кыжырын келтириш үчүн курмаларды кыйсаңар же өзүңөр пайдалануу үчүн аны тамырында турган бойдон калтырсаңар, демек, Аллахтын буйругу менен болду. Бул алар ойлошкондой жер бетинде бузукулукту жаюуга жатпайт. Ошондой эле Аллах муну менен Ага баш ийбестик кылып келишимди бузган жана ишеним жолун таштап, кыянат жолун тандаган жөөттөрдү кордойт.","Аллах Өз элчисине кайтарып берген Бану Надирдин мал-мүлктөрүнө жетиш үчүн силер ат чаап же төө жортуп шашылып барбадыңар жана силер кыйынчылык да тарткан жоксуңар. Бирок Аллах Өзү каалаганын элчилерине баш ийдирет. Бану Надирди да Өз элчисине баш ийдирип, алардын мекенин согушсуз багынтып берди. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч бир нерсе алсыратпайт.","Аллах Өз элчисине согушсуз тартуу кылган айыл элинин мал-мүлкү Аллахка таандык, Ал аны Өзү каалагандарга жана пайгамбарга мүлк кылды, ошондой эле анын жакын туугандары болгон Хашим менен Абдулмутталибдин урпактарына, алар садака албагандыгынын ордуна кылды, ошондой эле жетимдерге, кедей-кембагалдарга, каражаты түгөнгөн бөтөн жердиктерге кылды. Ал муну мал-мүлк кедейлерге тийбей, байлардын гана ортосунда айланып калбашы үчүн кылды. Оо, ыймандуулар! Пайгамбар силерге олжодон кандай мал-мүлк берсе, ошону алгыла, кайсыдан тыйса, аны таштагыла! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула! Чындыгында Аллахтын жазасы катаал. Анын жазасынан сак болгула.","Бул мал-мүлктүн бир бөлүгү Аллах жолунда көчкөн кедей мухажирлерге сарпталат. Алар мал-мүлкүн жана бала-чакасын таштоого аргасыз болушкан. Алар Аллахтан дүйнөдө мол ырыскыны жана акыретте ыраазылыкты тартуу кылат деп үмүттөнүшөт жана алар Аллах жолунда согушуу менен Ага жана Анын элчисине жардам беришет. Бул сыпаттарга ээ болгондор, чыныгы ыйманга бекем адамдар.","Мухажирлерден мурун Мединада турукташкан ансарлар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришти. Алар Меккеден көчүп келгендерди жакшы көрүшөт жана аларга берилбей, Аллах жолундагы мухажирлерге берилген олжо себептүү көкүрөктөрүндө аларга карата кыжырланууну жана көрө албастыкты сезбейт. Өздөрү кедей жана муктаж болуп турса да, дүйнө жакшылыктарын өздөрүнөн мурун мухажирлерге ыраа көрүшөт. Аллах кимди байлыкка болгон напси сугалактыгынан сактап, ал аны Аллах жолуна сарптаса, мына ошолор өздөрү каалаганына жетип жана корккон нерселеринен аман калуу менен жеңишке жетишет.","Алардан кийин келип жана аларды кыяматка чейин жакшылыкта ээрчигендер айтышат: «Раббибиз! Бизди кечир жана Аллахка жана Анын элчисине бизден мурун ыйман келтирген диндеш бир туугандарыбызды кечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуулардын эч бирине карата көрө албастыкты жана жек көрүүнү салба. Раббибиз! Чындыгында Сен пенделериңе Боорукерсиң, аларга Ырайымдуусуң».","Оо, пайгамбар! Ичине каапырлыкты жашырып, сыртынан ыйманды көргөзгөндөрдү карабайсыңбы, алар бурмаланган Тооратты ээрчиген каапыр жолдогу бир туугандары жөөттөргө: «Үйүңөрдө калгыла, биз силерди жардамсыз таштабайбыз, силерди сатып кетпейбиз. Эгерде силерди ал жактан кууп чыкса, биз дагы силер менен бирге чыгабыз. Бизди силер менен чыгып кетүүдөн тыюуну каалагандарга баш ийбейбиз. Эгерде силер менен согушса, анда биз дагы аларга каршы силерге жардам беребиз» – деп айтышат. Аллах эки жүздүүлөрдүн «жөөттөр кууп чыгарылса, биз дагы кошо чыгабыз, аларга согуш ачылса, алар менен бирге согушабыз» деген сөздөрүндө анык жалганчылар экенине күбөлүк берет.","Эгерде мусулмандар жөөттөрдү кууп чыгышса, алар менен бирге чыгышпайт. Эгерде алар менен согушса, аларды колдоп жардам беришпейт. Эгерде мусулмандарга каршы аларды колдоп жардам беришсе, алардан качып жөнөшмөк. Ошондон кийин эки жүздүүлөргө колдоо болмок эмес. Тескересинче, Аллах аларды кордукка салмак.","Оо, ыймандуулар! Силер эки жүздүүлөрдүн жана жөөттөрдүн жүрөктөрүнө Аллахтан да катуураак коркунуч салдыңар. Алардын силерден катуу корккондугу жана Аллахтан болгон коркунучтарынын аздыгы тууралуу бул айтылгандардын себеби, алар түшүнбөгөн жана аңдабаган коом. Эгерде алар түшүнгөндө, анда коркууга жана сестенүүгө Аллах гана татыктуу экенин билишмек. Ошондуктан Ал силерге алардын үстүнөн бийлик берди.","Оо, ыймандуулар! Жөөттөр силер менен бирге чептер менен корголгон шаарлардын ичинде же дубалдардын арт жагында гана согушушат. Алар коркоктугу үчүн силер менен бетме-бет чыга алышпайт. Алардын ич ара душмандыктары себептүү күч-кубаттуулугу өздөрүнүн ортосунда гана күчтүү. Сен алардын сөзү жана катары бир деп ойлойсуң, бирок акыйкатта алардын жүрөктөрү бытыранды жана ар башка. Бул пикир келишпестик жана душмандык алардын акыл жүгүртпөгөнү себептүү. Эгерде алар акыл жүгүртүшкөндө, анда акыйкатты билишмек жана аны ээрчишмек, ал тууралуу талашып-тартышмак эмес.","Бул жөөттөрдүн каапырлыктагы жана башына түшкөн азаптагы мисалы, жакындагы эле алардан мурунку Мекке мушриктеринин мисалына окшойт. Алар каапырлыктын эң жаман акыбетин татып, Бадр күнү өлтүрүлгөнү өлтүрүлдү, туткундалганы туткундалды. Алар үчүн акыретте кыйноочу азап бар.","Алардын эки жүздүүлөргө кулак салганы шайтанга окшош. Ал инсанга каапырлыкты кооз кылып көргөздү. Качан ал анын кооз көргөзгөнү себептүү каапыр болгондо: «Мен сенин каапыр болгонуңа катышым жок. Мен макулуктардын Раббисинен коркомун» – деп айтты.","Шайтандын жана ага баш ийген адамдын ишинин акыры кыямат күнү түбөлүк тозок болот. Ал экөөсүн күтүп турган мындай жаза – Аллахтын чектеринен чыгып өздөрүнө зулумдук кылгандардын жазасы.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула! Ар бир жан кыямат күнүнө кандай жакшылык иш даярдаганын карасын. Аллахтан корккула! Чындыгында Аллах силердин кылган ишиңерден Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын жазасын же сыйлыгын берет.","Анын буйруктарына баш ийбей, тыйгандарын таштабай Аллахты унуткан жана Аллах да аларга өздөрүн унуттурган адамдардай болбогула. Алар Аллахтын каарынан жана жазасынан куткара турган иштерди кылышпады. Аллахтын буйругун аткарбай, тыйгандарын таштабай Аллахты унуткан мына ошол адамдар – Аллахка баш ийбестик кылгандар.","Тозок ээлери менен бейиш ээлери бирдей эмес. Тескерисинче, алар дүйнөдө кылган иш-аракеттериндеги айырмачылыктар сыяктуу жаза-сыйлыктары да айырмаланат. Бейиш ээлери – алар көздөгөнүнө жетип, коркконунан кутулуу менен жеңишке жеткендер.","Оо, пайгамбар! Эгер Биз бул Куранды тоого түшүргөн болсок, анда сен ал тоонун бекемдигине карабастан, Аллахтан болгон катуу коркунучтан улам бой сунуп, бөлүнүп-жарылганын көрмөксүң. Анткени Куранда эскертүүчү насааттар жана катаал азаптар тууралуу убадалар бар. Биз бул мисалдарды адамдар акыл жүгүртүп, андагы аяттарда камтылган осуяттардан жана насааттардан сабак алсын үчүн келтиребиз.","Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Дүйнө менен акыреттин Ырайымдуусу жана алардын Мээримдүүсү. Анын ырайымы бүткүл ааламды өзүнө камтыйт. Ал – Падыша, бүткүл кемчиликтерден Аруу жана Ыйык, бардык айыптардан Таза, Өзүнүн элчилерин кереметтүү аяттар менен Тастыктоочу, пенделеринин иш-аракеттерин Көзөмөлдөөчү, эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өзүнүн күч-кудурети менен бардык нерсени багыткан Күчтүү, Текебер. Ал мушриктердин шерик кылган кудайларынан жана башка нерселеринен Аруу жана Ыйык.","Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Дүйнө менен акыреттин Ырайымдуусу жана алардын Мээримдүүсү. Анын ырайымы бүткүл ааламды өзүнө камтыйт. Ал – Падыша, бүткүл кемчиликтерден Аруу жана Ыйык, бардык айыптардан Таза, Өзүнүн элчилерин кереметтүү аяттар менен Тастыктоочу, пенделеринин иш-аракеттерин Көзөмөлдөөчү, эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өзүнүн күч-кудурети менен бардык нерсени багыткан Күчтүү, Текебер. Ал мушриктердин шерик кылган кудайларынан жана башка нерселеринен Аруу жана Ыйык.","Ал – Аллах, бүткүл нерселерди жараткан Жаратуучу, заттарды бар Кылуучу, макулуктарга Өзү каалагандай келбет Берүүчү. Ал улуу сыпаттарды камтыган эң көркөм ысымдарга ээ. Аны асмандар менен жердеги нерселер бүткүл айып-кемчиликтерден аруулашат. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.","Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Мага жана силерге душман болгондорду жакшы көрүп дос тутпагыла! Алар силердин пайгамбарыңардын колу менен келген динге каапырлык кылышты. Алар пайгамбарга кошуп силерди дагы Меккедеги турак-жайларыңардан чыгарышты. Алар силерге келгенде жакындыкка да, туугандыкка да, дегеле эч нерсеге карашпайт. Анткени силер Раббиңер Аллахка ыйман келтиргенсиңер. Эгерде Менин жолумда согушуу үчүн жана Менин ыраазылыгыма жетүү үчүн чыксаңар, анда андай кылбагыла, аларга болгон сүйүүдөн улам мусулмандардын кабарларын жашыруун жеткирбегиле. Мен силердин ал тууралуу эмнени жашырып, эмнени жарыялаганыңарды билемин. Ал болобу же башкасы болобу, алардын эч бири Мага жашыруун эмес. Кимде-ким каапырлар менен ошондой достук мамиледе болуп, аларга жакындык кылса, анда ал жолдун ортосунан чыгып кетти, акыйкаттан адашты жана тууралыктан четтеди.","Эгер аларда силерге үстөм кылууга мүмкүнчүлүк түзүлсө эле, алар жүрөктөрүндө каткан кастыкты ачыкка чыгарышат, кордук көрсөтүү жана уруу менен силерге колдорун созушат, сөгүп жана урушуп тилине ээ чыга алышпайт жана алардай болуп Аллахка жана Анын элчисине каапыр болушуңарды каалап турушат.","Эгерде каапырлар менен алар үчүн достошсоңор, анда силерге тууган-уругуңар да, бала-чакаңар да пайда келтирбейт. Кыямат күнү Аллах силерди бөлөт, араңардагы бейиш ээлери бейишке, тозок ээлери тозокко кирет. Бири-бириңерге пайда келтире албайсыңар. Аллах кылып жаткан ишиңерди Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын сыйлыгын же жазасын берет.","Оо, ыймандуулар! Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдарда жакшы өрнөк бар. Бир кезде алар каапыр коомуна: «Биз силерге жана Аллахтан башка сыйынган кудайларыңарга эч тиешебиз жок. Биз силер тутунган динге каапырлык кылдык. Силер Аллахка ширк кылбастан, жалгыз Ага ыйман келтирмейинче, биз менен силердин ортобузда душмандык жана жек көрүү жаралды» – деп айтышты. Андыктан силер дагы аларга окшогон каапыр коомуңардан баш тартууңар керек. Бирок Ибрахимдин атасына карата айткан: «Мен сиз үчүн Аллахтан кечирим сураймын. Мен сизди Аллахтын азабынан эч коргой албаймын» – сөзүндө аны өрнөк тутпагыла. Анткени бул Ибрахим атасынан үмүт үзгөнгө чейин болгон. Ошондуктан ыймандуу адам мушрик үчүн кечирим сурабаш керек. Раббибиз! Бүткүл ишибизде Сага таяндык, тообо кылып Сага кайттык жана кыямат күнү кайтып баруу – Өзүңө гана.","Раббибиз! Бизди каапырларга көз каранды кылуу менен аларга сыноо кылба. Ошондо алар бизге: «Эгерде акыйкатта болсоңор, бизге көз каранды болбойт элеңер» – деп айтышпасын. Раббибиз, күнөөлөрүбүздү кечир. Чындыгында Сен жеңилбеген Кудуреттүүсүң жана Өз жаратууңда, шариятыңда жана кудуреттүүлүгүңдө Даанышмансың.","Бул жакшы өрнөктү Аллахтан дүйнө жана акырет жакшылыктарын үмүт кылгандар гана ээрчишет. Ал эми ким мындай жакшы өрнөктөн баш тартса, анда Аллах пенделерине муктаж эмес, Ал алардын баш ийүүсүнө муктаж эмес. Ал бардык абалда мактоого татыктуу.","Оо, ыймандуулар! Балким Аллах силерге душмандык кылган каапырлар менен силердин ортоңордо сүйүү жаратып, Аллах аларды Исламга карай багыттайт. Ошондо алар силердин диндеш бир туугандарыңар болот. Аллах силердин жүрөгүңөрдү ыйманга өзгөртүүгө Кудуреттүү. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Мээримдүү.","Исламга киргениңер себептүү силер менен согушпаган жана силерди өз мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык кылууңарды жана аларга тийиштүү акыларын берип, алардын ортосунда адилеттүү болууңарды Аллах силерге тыйбайт. Чындыгында Аллах өздөрүнө, үй-бүлөсүнө жана кол астындагыларга адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт.","Силер менен ыйманыңар себептүү согушуп, силерди өз мекениңерден чыгарган же чыгарууга жардам берген адамдар менен достук мамиле түзүүңөрдү Аллах силерге тыйды. Араңардан ким алар менен достошсо, мына ошолор Аллахтын буйругуна каршы чыгып, өздөрүн кыйроого учураткан залымдар.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге ыймандуу аялдар каапырлардын жеринен мусулмандардын жерине көчүп келишсе, алардын ыйманынын чындыгын сынап көргүлө. Аллах алардын ыйманын жакшы билет. Алардын жүрөгүндөгү катылган нерселер Ага жашыруун эмес. Эгерде алардын чынчылдыгын текшергенден кийин ыймандуу экенин билсеңер, анда аларды каапыр күйөөлөрүнө кайтарбагыла. Ыймандуу аялдар каапырларга турмушка чыгууга болбойт жана каапырлар ыймандуу аялдарга үйлөнүүгө болбойт. Күйөөлөрүнө аларга берген калыңды кайтарып бергиле. Оо, ыймандуулар! Силер алардын идда мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга калың берип, үйлөнсөңөр күнөө эмес. Кимдин аялы каапыр болсо же Исламдан баш тартса, анда аны кармабасын. Анткени анын каапыр болушу менен алардын никеси токтойт. Динден баш тарткан аялдарыңарга берген калыңды каапырлардан сурагыла жана алар дагы Исламды кабыл алган аялдарынын калыңын сурашсын. Силер тараптан жана алар тараптан калыңдын кайтарылып берилүүсү тууралуу бул айтылган нерсе – Аллахтын өкүмү. Аллах силердин араңарда Өзү каалагандай өкүм чыгарат. Аллах пенделеринин абалдарын жана иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал пенделерине кылган шариятында Даанышман.","Эгерде аялдарыңардын кээ бирлери динден баш тартып, каапырларга кетип калса жана силер каапырлардан алардын калыңын талап кылып, бирок алар бербей коюшса, кийин силер каапырлардан олжого ээ болсоңор, анда динден баш тартып кетип калган аялдардына күйөөлөрү берген калыңды бергиле. Жана силер буйругуна баш ийип жана тыйгандарын таштап, ыйман келтирген Аллахтан корккула!","Оо, пайгамбар! Эгерде сага Меккени багынткан күндөгүдөй ыймандуу аялдар келип, Аллахка эч нерсени шерик кылбастан, жалгыз Ага сыйынууга, уурулук жана зына кылбоого, караңгылык доордогу адамдардын үрп-адаттарына ылайык балдарды өлтүрбөөгө, зынадан төрөлгөн балдарын күйөөлөрүнө таандык кылбоого жана өлүккө өкүрүп ыйлоо, чачты кыруу, кийимин тытуу сыяктуу тыюу салынган жакшылык иштерде сага каршы чыкпоого ант беришсе, анда алардын антын кабыл кыл жана алар сага ант беришкенден кийин күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим сура. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын каарына калган коом менен достук мамиледе болбогула. Алар акыретке ишенишпейт. Тескерисинче, алар кайра тирилүүгө ишенбегендик себептүү өлүктөрдүн кайтып келүүсүнөн үмүтсүз болгон сыяктуу андан үмүт үзүшкөндөр.","Асмандар менен жердегилер Аллахты ылайык келбеген бардык айып-кемчиликтерден аруулашты жана улукташты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман.","Оо, Аллахка ыйман келтиргендер! Эмнеге силер аныгында өзүңөр кылбаган нерсени кылдым деп айтасыңар? Бул араңардан кимдир бирөө: «Мен кылычым менен салгылаштым» деп айтканы сыяктуу, бирок ал кылычы менен салгалышкан эмес жана аны менен чапкан да эмес.","Өзүңөр кылбаган нерсени айтууңар – Аллахтын алдында ушунчалык жек көрөрлүк иш! Ыймандуу адамга Аллах менен чынчыл болуу гана ылайыктуу, ал айткан сөзүн иш жүзүндө аткарат.","Чындыгында Аллах Анын ыраазылыгына жетүү максатта, бири-бирине тыгыз жайгашкан имараттар сыяктуу сап-сап болуп жанаша тизилип Анын жолунда согушкандарды сүйөт.","Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Муса коомуна кайрылып: «Оо, элим! Силер мени Аллах тараптан келген элчи экенимди билип туруп, эмнеге буйругумду аткарбай мени кыйнап жатасыңар?» – деди. Качан алар ал алып келген акыйкаттан четтеп бурулуп кетишкенде, Аллах дагы алардын жүрөктөрүн акыйкаттан жана тууралыктан буруп койду. Аллах баш ийбес коомду акыйкатка жолдобойт.","Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Мариямдын уулу Иса мындай деди: «Оо, Исраил урпактары! Мен мурунку түшкөн Тооратты тастыктоо үчүн жана менден кийин келе турган, ысымы Ахмад деген пайгамбар тууралуу сүйүнчүлөш үчүн Аллах тараптан силерге жиберилген элчимин. Мен пайгамбарлардан биринчиси эмесмин». Качан Иса аларга чынчылдыгын билдирген далилдерди алып келгенде, алар: «Бул анык эле сыйкыр. Биз аны ээрчибейбиз» – дешти.","Аллахка жалган жалаа жапкан адамдан өткөн эч бир залым жок. Анткени ал жалгыз Аллахка сыйынуу дини болгон Исламга чакырылганда, ал Аллахка башка шериктерди кошуп, аларга сыйынды. Аллах ширк жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылган адамдарга туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт.","Ал жалганчылар бузуку сөздөр жана акыйкатты бурмалоо менен Аллахтын нурун өчүрүүнү каалашат. Аллах болсо алардын текеберлигине карабастан, жердин батышы менен чыгышында динин ачыкка чыгаруу жана сөзүн бийик кылуу менен Өзүнүн нурун толуктайт.","Жер бетинде анын бийлиги орношун жек көргөн мушриктердин текеберлигине карабастан, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн, Аллах Өзүнүн элчиси Мухаммадды жакшылыкка туура багыт көрсөтүүчү жана пайдалуу илим менен жакшылык иштердин дини болгон Ислам дини менен жиберди.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди кыйноочу азаптан куткара турган пайдалуу сооданы көргөзөйүнбү?","Ал пайдалуу соода мындай – Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиресиңер жана өз жаныңарды жана мал-мүлкүңөрдү Анын ыраазылыгы үчүн сарптап, Анын жолунда согушасыңар. Эгер билсеңер, бул айтылган иш силер үчүн жакшыраак. Андыктан ага шашылгыла.","Бул сооданын пайдасы – Аллах силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип, хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет жана көчпөй турукташып жашаган бейиштердеги кооз турак-жайларга киргизет. Бул айтылган сыйлык – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш.","Бул сооданын пайдасынын силерге жаккан дагы бир өзгөлүгү бар, ал бул дүйнөдө ишке ашат – ал Аллахтын силерди душманыңардын үстүнөн жеңишке жеткирүүсү жана жакында болуучу жеңиш, ал Меккени жана башка жерлерди багынтуу. Оо, пайгамбар! Ыймандууларга аларды кубанткан бул дүйнөдөгү жеңишти жана акыретте бейишке кирүү жеңишин кабарла.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Исанын жолдоочулары колдоо көргөзгөн сыяктуу силер дагы пайгамбарыңар алып келген Аллахтын динине колдоо көргөзүп, Анын колдоочулары болгула! Качан Иса аларга: «Аллахтын жолунда ким мага жардамчы болот?» – дегенде, алар: «Биз Аллахтын жардамчылары болобуз» – деп дароо жооп беришти. Анан Исраил урпактарынын бир бөлүгү ага ыйман келтирип, башка бир бөлүгү ага каапырлык кылышты. Ошентип, Биз Исага ыйман келтиргендерди ага каапырлык кылгандарга каршы колдодук, нажыйтажа алардын үстүнөн жеңишке жетишти.","Асмандар менен жердеги бүткүл макулуктар Аллахты ылайык келбеген кемчиликтүү сыпаттардан аруулашат жана Аны улукташат. Ал жалгыз Өзү бийлик жүргүзүүчү Падыша, бардык кемчиликтерден Аруу, эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.","Ал окуй да, жаза да албаган арабдардын өзүнөн пайгамбарды жиберди. Ал өзүнө түшкөн аяттарды аларга окуп берет, аларды каапырлыктан жана жаман сыпаттардан тазалайт жана Куранды үйрөтөт.","Ошондой эле бул пайгамбарды арабдардан башка элдерге жана келечекте келе турган башка адамдарга да жиберди. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.","Пайгамбардын арабдарга жана башкаларга жиберилгени тууралуу бул айтылган нерсе – Аллахтын Өзү каалагандарга берген артыкчылыгы. Аллах улуу жакшылык Ээси. Бул үммөттөн болгон пайгамбарды бүткүл адамзатка жиберүүсү – Анын улуу жакшылыктарынан.","Тооратта келген нерселерди аткарууга буйрулуп, кийин ал буйрулган милдеттерди аткарбай койгон жөөттөр, көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Ал үстүнө китеппи же башка нерсеби, эмне артылганын билбейт. Аллахтын аяттарын жалган деп эсептеген адамдардын салыштыруу мисалы кандай жаман! Аллах адилетсиз коомду туура жолго салбайт.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, бурмалангандан кийин иудаизмде калгандар! Эгерде силер өзүңөрдү адамдардын арасынан Аллах тандап алган Анын сүйүктүүлөрүбүз деп ойлосоңор, анда силерге жеке берилген деп ойлогон кереметти эртелетиш үчүн өлүмдү тилегилечи, эгер силер адамдардын арасынан Аллахтын сүйүктүүлөрүбүз деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор.","Алар эч качан өлүмдү тилешпейт. Тескерисинче, алар кылган каапырлык, күнөөлөр, зулумдук жана Тооратты өзгөртүп бурмалоо себептүү дүйнөдө түбөлүк калууну каалашат. Аллах залымдарды Билүүчү. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын жазасын берет.","Оо, пайгамбар! Ал жөөттөргө айт: «Силер качкан өлүмгө эртеби-кечпи сөзсүз жолугасыңар. Кийин кыямат күнү ачыкты да, жашыруунду да Билүүчү Аллахка кайтарыласыңар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ошондо Ал силерге дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет жана алардын жазасын берет».","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде азанчы жума күнү имам минбарга чыккандан кийин намазга азан айтса, анда силер хутбага жана намазга катышуу үчүн мечиттерге шашылгыла жана силерди ибадаттан алаксытпаш үчүн соода-сатыкты таштагыла. Оо, ыймандуулар! Мечитке шашылуу жана жума намаздын азанынан кийин соода-сатыкты таштоо тууралуу бул айтылган буйрук, эгер билсеңер, силер үчүн жакшы. Ошондуктан Аллах силерге буйруган нерсени аткаргыла.","Ал эми жума намазын окуган соң адал эмгек кылуу жана муктаждыгыңарды канааттандыруу үчүн жер бетине таркагыла, адал эмгек жана таза киреше аркылуу Аллахтан жакшылыктарды сурагыла жана ырыскы издеген кезде Аллахты көп эстегиле. Ырыскы издөө силерге Аллахты эстөөнү унуттуруп койбосун. Балким ошондо издеген нерсеңерге жетип, корккон нерсеңерден кутуласыңар.","Эгерде кээ бир мусулмандар сооданы же оюн-зоокту көрүп калышса, алар тарап ошол жакты көздөй жөнөшөт жана сени минбарда турган абалда таштап кетишет. Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахтын алдында жакшылык иштин сыйлыгы – силер барган соода-сатыктан жана оюн-зооктон жакшыраак. Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү».","Оо, пайгамбар! Эгерде сен олтурган жайга сыртынан Исламды көргөзүп, ичинде каапырлыкты жашырган эки жүздүүлөр келип: «Биз сенин чыныгы Аллахтын элчиси экениңе күбөлүк беребиз» – деп айтышты. Аллах сен Анын чыныгы элчиси экениңди билет. Аллах эки жүздүүлөрдүн жүрөк түпкүрүнөн «Сен Аллахтын элчисисиң» деп күбөлүк берип айткан сөздөрүндө жалганчы экендигине күбөлүк берет.","Алар ыймандуубуз деп касам ичип айткан анттарын өлтүрүүлүүдөн жана туткундалуудан коргонуч жана калкан кылып алышты жана адамдарга шек салуу жана жалган ушактарды таркатуу менен аларды ыймандан бурушту. Алардын кылып жаткан эки жүздүүлүгү жана жалган анттары кандай жаман!","Мунун себеби, алар эки жүздүүлүк менен ыйман келтиришти, алардын жүрөгүнө ыйман кирген жок. Кийин жашыруун түрдө Аллахка каапырлык кылышты. Ошондо Аллах алардын каапырлыктары себептүү жүрөктөрүнө мөөр басып, ага ыйман кирген жок. Алар мына ошол мөөр басылганы себептүү кайсы нерсе алар үчүн пайдалуу же жакшы экенин түшүнүшпөйт.","Оо, назар салуучу! Эгерде сен аларды карасаң, аларда сымбаттуулук жана бакубатчылык болгону себептүү келбеттери жана турпаттары сени суктандырат. Алар сүйлөгөндө, сен алардын чечен сөздөрүн угасың. Оо, пайгамбар! Алар сени менен олтурганда сүйөлгөн дөңгөчтөргө окшош. Алар эч нерсени түшүнбөйт жана аңдашпайт. Алар коркоктугу себептүү ар бир добушту аларга карай багытталган деп ойлошот. Мына ошолор – анык душмандар. Оо, пайгамбар! Алардан сак бол, алар сенин сырыңды жайып же сага каршы айла-амал кылышпасын. Аллах аларга каргыш айтты. Аларга ыймандын далилдери ачык-айкын көрүнүп турса да, алар кантип андан бурулуп кетишет?","Эгерде эки жүздүүлөргө: «Аллахтын элчисине келип, силерден болгон нерсе үчүн кечирим сурагыла. Ал силердин күнөөлөрүңөр үчүн Аллахтын кечиримин сурасын» – деп айтылса, алар шылдыңдагансып баштарын чайкашат. Силер алардын акыйкатты кабыл албай жана ага баш бербей текеберленип, аларга буйрулган нерседен жүз бургандарын көрдүңөр.","Оо, пайгамбар! Сен алардын күнөөлөрү үчүн кечирим сураганың менен сурабаганың бирдей. Аллах эч качан алардын күнөөлөрүн кечирбейт. Чындыгында Аллах баш ийбестик кылып, күнөөдөн баш тартпаган коомго ийгилик бербейт.","Мына ошолор айтышат: «Аллахтын элчисинин алдындагы кедей-кембагалдарга жана Мединанын чет жакасындагы арабдарга мал-мүлктөрүңөрдү сарптабагыла, акыры алар анын айланасынан тарап кетишет». Асмандар менен жердин казыналары жалгыз Аллахка таандык. Ал каалаган пенделерине ырыскы берет. Бирок эки жүздүүлөр ырыскы казыналары Аллахтын колунда экенин билишпейт.","Алардын башчысы Абдуллах ибн Убай: «Биз Мединага кайтсак, мен жана элимден болгон күч-кудуреттүү адамдар, алсыз кор болгон Мухаммадды жана анын сахабаларын кууп чыгабыз» – деп айтты. Күч-кудуреттүүлүк Абдуллах ибн Убайдуллах менен жоро-жолдошторуна эмес, жалгыз Аллахка, Анын элчисине жана ыймандууларга таандык. Бирок эки жүздүүлөр күч-кудуреттүүлүк Аллахка, Анын элчисине жана ыймандууларга таандык экенин билишпейт.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Мал-мүлкүңөр жана бала-чакаңар силерди намаздан же башка Ислам парздарынан алаксытып койбосун. Кимди мал-мүлкү жана бала-чакасы намаздан жана башка Аллахтын парздарынан алаксыткан болсо, мына ошолор өздөрүн жана үй-бүлөсүн кыяматта чындап зыянга учураткандар.","Силерден кимдир-бирөөгө өлүм келгенге чейин Аллах ырыскы кылган мал-мүлктөн сартпагыла. Ошондо ал Раббисине айтат: «Раббим, мага бир аз мөөнөт бер, мен Аллах жолуна байлыгымдан сарптайын жана жакшылык иштерди кылган Аллахтын такыба пенделеринен болоюн».","Аллах ажалы келип, өмүрү бүткөн бир дагы жанга мөөнөт бербейт. Аллах силердин иштериңерден Кабардар. Иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман.","Асмандар менен жердеги бүткүл макулуктар Аллахты Ага ылайык келбеген кемчилик сыпаттардан аруулашат жана улукташат. Бийлик Ага гана таандык жана эң жакшы мактоолор Ага гана тийиштүү. Ал бардык нерсеге кудуретүү. Аны эч бир нерсе алсырата албайт.","Оо, адамдар! Ал силерди жаратты. Силердин араңарда Ага каапырлык кылгандар бар, алар тозокко барышат жана Ага ыйман келтиргендери бар, алар бейишке барышат. Аллах силердин ишиңерди Көрүүчү. Иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын жазасын же сыйлыгын берет.","Ал асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты. Аларды жөндөн-жөн эле жаратып койгон жок. Оо, адамдар! Ал силерге Өз ырайымы жана жакшылыгы менен эң сулуу келбет берди. Эгер кааласа, аны көрксүз кылып коймок. Кыяматта Ага гана кайтасыңар. Ошондо Ал силердин иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман.","Ал асмандар менен жердеги нерселерди билет жана силердин ачык жана жашыруун кылган иштериңерди билет. Аллах көкүрөктөрдөгү жакшы же жаман нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Оо, мушриктер! Силерге Нухтун коому, Аад, Самуд жана башка мурунку жалганчы каапыр коомдордун кабары келбедиби, алар дүйнөдө каапырлыктарынын жазасын тартышты, ал эми акыретте алар үчүн кыйноочу азап бар? Албетте! Ал аларга келди. Андыктан силер алардын ишинин акыбети кандай болгонунан сабак алгыла жана алардын башына түшкөн нерсе силерге да түшпөш үчүн Аллахка тообо кылгыла.","Алардын башына түшкөн ал азаптын себеби, аларга пайгамбарлары Аллах тараптан ачык-айкын далилдерди алып келгенде, алар пайгамбарлар адамзаттан болушу мүмкүн эмес деп текеберленип: «Бизди адам баласы акыйкатка баштайт бекен?» – деп айтышты. Анан алар каапырлык кылып, аларга ыйман келтирүүдөн баш тартышты. Алар Аллахка эч кандай зыян келтирген жок. Аллах алардын ыйманына жана баш ийүүсүнө муктаж эмес. Анткени алардын баш ийүүсү Ага эч нерсени кошпойт. Аллах пенделерине беймуктаж жана Ал сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде мактоого татыктуу.","Аллахка каапырлык кылгандар Аллах аларды өлгөндөн кийин кайра тирилтпейт деп ойлошту. Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жокко чыгаргандарга айт: «Жок! Раббиме ант болсун! Силер кыямат күнү сөзсүз тирилесиңер. Андан соң дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын сөзсүз угасыңар. Кайра тирилтүү Аллах үчүн жеңил. Ал силерди абалкы жолу жараткан. Демек, Ал силерди өлгөнүңөрдөн кийин сурак алуу жана жазалоо үчүн кайра тирилтүүгө кудуреттүү».","Оо, адамдар! Аллахка, Анын элчисине жана Биз элчибизге түшүргөн Куранга ыйман келтиргиле! Аллах силердин кылып жаткан иштериңерди билет. Иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.","Оо, пайгамбар! Аллах силерди кыямат күнү иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын бериш үчүн чогулган күндү эстечи. Ал күнү каапырлардын жоготууга жана жокко учураганы ачыкка чыгат. Анткени ыймандуулар тозокко түшкөндөрдүн бейиштеги жайларына ээлик кылышат, ал эми тозок ээлери бейиштегилердин тозоктогу жайларына ээлик кылышат. Кимде-ким Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылса, Аллах анын күнөөлөрүн өчүрөт жана хан сарайлары менен бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Алар ал жакта түбөлүк калышат, эч качан чыгышпайт жана аларга анын жыргалчылыгы токтотулбайт. Алар жеткен бул нерсе – теңдешсиз улуу жеңиш.","Ал эми Аллахка каапырлык кылып, элчибизге түшүргөн аяттарыбызды жалган деп эсептегендер, алар тозокто түбөлүк калуучулар. Алардын барар жайы кандай жаман!","Кимдир бирөөнүн өз башына же мал-мүлкүнө же бала-чакасына келген кыйынчылык Аллахтын тагдыры менен гана болот. Кимде-ким Аллахка, Анын тагдырына жана өкүмүнө ыйман келтирсе, Аллах анын жүрөгүн Өз буйругуна баш ийүүгө жана тагдырына ыраазы болууга ийгилик берет. Аллах бүткүл нерсени Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес.","Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула. Эгерде пйагамбар алып келген нерседен жүз бурсаңар, анда анын күнөөсүн өзүңөр тартасыңар. Пайгамбардын милдети — Биз ага жеткир деп буйруган нерсени жеткирүү гана. Ал силерге жеткирүүгө буйрулган нерселерди жеткирди.","Аллах – сыйынууга татыктуу кудай, Андан башка эч ким сыйынууга татыктуу эмес. Ыймандуулар бардык иштеринде Аллахка гана таянышат.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Чындыгында силердин аялдарыңар менен балдарыңардын арасында душмандар бар. Анткени алар силерди Аллахты эстөөдөн, Анын жолунда согушуудан алаксытат жана тоскоолдук жаратат. Алардын силерге таасир берүүсүнөн сак болгула. Эгерде силер алардын катачылыктарын кечирип жана аларга көңүл бурбастан, аларды жашырсаңар, анда Аллах силердин күнөөлөрүңөрдү кечирет жана ырайым кылат. Сыйлык же жаза иш-аракетин түрүнө жараша болот.","Чындыгында байлыгыңар жана бала-чакаңар силер үчүн сыноо. Кээде алар силерди арам ырыскы табууга жана Аллахка моюн сунууну таштоого түртүшү ыктымал. Аллахка баш ийүүнү балдарга баш ийүүдөн жана мал-мүлк менен алек болуудан артык көргөн адамдар үчүн Аллахтын алдында улуу сыйлыктар бар. Ал улуу сыйлык — бейиш.","Алыңар жетишинче Аллахка баш ийүү менен Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула, Аллахты жана Анын элчисин уккула жана моюн сунгула. Ошойдой эле Аллах силерге ырыскы кылган мал-мүлктөрүңөрдөн жакшылык жолдорго сарптагыла. Кимди Аллах напсисинин ачкөздүгүнөн сактаса, мына ошолор көздөгөн нерсесине жетип, корккон нерсесинен кутулуу менен жеңишке жеткендер.","Эгерде Аллахтын жолунда мал-мүлкүңөрдөн сарптап, Ага жакшы карыз берсеңер, Ал силерге бир жакшылыкты он эседен жети жүз эсеге же андан да көп эсеге чейин көбөйтүү менен сооп-сыйлыкты эселеп берет жана күнөөлөрүңөрдү кечирет. Аллах ыраазы Болуучу, Ал аз иш-аракет үчүн көп сооп берет жана Ал жазалоого шашылбаган Токтоо.","Аллах таала жашыруунду жана ачыкты Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман.","О, пайгамбар! Эгерде сен же сенин үммөтүңдөн кимдир бирөө аялына талак бермекчи болсо, ага биринчи идда мөөнөтүндө талак берсин, тагыраак айтканда, айыздан тазалангандан кийин жыныстык катнаш кылбай туруп талак берсин. Эгерде аялыңарды өзүңөргө кайтарууну кааласаңар, анда аларды кайтарып алууңар үчүн идда мөөнөтүн эстеп калгыла. Раббиңердин буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахтан корккула. Талак берген аялдарыңарды алар жашаган үйдөн чыгарбагыла жана идда мөөнөтү бүтмөйүнчө өздөрү да чыкпасын, эгер алар зына сыяктуу ачык бузукулук кылбаган болсо. Бул өкүмдөр пенделерине Аллахтын белгилеп койгон чектери. Ким Аллахтын чегинен чыкса, анда ал Раббисине баш ийбегени үчүн өзүнө-өзү зыян келтирип зулумдук кылды. Эй, ажырашуучу! Балким, Аллах андан кийин жүрөгүнө каалоо киргизип, аялын кайра өзүнө аялдыкка алар, муну сен билбейсиң.","Эгерде алардын идда мөөнөтүнүн бүтүшү жакындап калса, анда аларды чын көңүл жана жакшы мамиле менен кайтарып алгыла же алардын алдындагы милдеттерди аткаруу менен бирге алар өзүнө-өзү ээлик кылыш үчүн аларды кайтарбастан иддасы бүткүчө күткүлө. Эгерде аларды кайтарууну же ажырашууну кааласаңар, анда талаш-тартыш жаралбаш үчүн араңардан эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. Эй, күбөлөр! Аллахтын Жүзүн көздөп күбөгө өткүлө. Бул айтылган өкүмдөр Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтиргендерге эскертме. Анткени ошолор эскертмеден жана насааттардан пайда алышат. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Аллах аны башына түшкөн бардык кыйынчылыктардан чыгарат.","Жана ага оюна келбеген тараптан ырыскы берет. Ким өз иштеринде Аллахка таянса, Ал ага жетиштүү. Чындыгында Аллах Өз буйругун ишке ашыруучу. Аны эч нерсе алсырата албайт жана Ал бир дагы нерсени өткөрүп жибербейт. Аллах ар бир нерсенин бүтө турган өлчөмүн белгилеп койгон. Кыйынчылыктын да өлчөмү бар, бакубатчылыктын да өлчөмү бар. Инсанда алардын бирөөсү эле дайым боло бербейт.","Талак берилген аялдар карылык себептүү айызы токтоп калган болсо жана силер алардын идда мөөнөтү тууралуу шектенсеңер, алардын идда мөөнөтү үч айга барабар. Ал эми жаштыгы себептүү айызы келбегендердин идда мөөнөтү да үч айга барабар. Кош бойлуу аялдардын талакка же күйөөсү өлгөнгө байланыштуу идда мөөнөтү бала төрөлүшү менен бүтөт. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Аллах анын иштерин жеңилдетет жана ага бардык кыйынчылыктарды жеңил кылат.","Оо, ыймандуулар! Талак берүүгө, кайра кайтарууга жана идда мөөнөтүнө байланыштуу бул айтылган өкүмдөр – Аллах силерди иш жүзүндө аткарсын деп түшүргөн өкүмү. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корксо, Ал анын кылган күнөөлөрүн өчүрөт жана акыретте улуу сыйлыкты берет. Ал –бейишке кирүү жана эч качан бүтпөгөн жыргалчылыкка жетүү.","Оо, күйөөлөр! Шартыңарга жараша аларды өзүңөр менен чогу жашаткыла. Аллах силерге андан башкасын милдеттендирбейт. Аларга кысым көрсөтүү максатта турак-жай, камсыздоо жана башка боюнча зыян келтирбегиле. Эгерде талак берилген аялдар кош бойлуу болсо, аларды төрөгөнгө чейин камсыздагыла. Эгер балаңарды эмизсе, анда аларга сүт акысын бергиле жана анын акысы тууралуу жакшылап сүйлөшүп алгыла. Эгерде күйөөсү аялы сураган акыга сараңдык кылса жана аял дагы сараңданып, өзү сурагандан башкага канааттанбаса, анда атасы баласын эмизгенге башка аял жалдасын.","Мал-мүлкү кенен адам талак берген аялына жана баласына байлыгынан сарптасын. Ал эми ырыскысы тартыш адам Аллах ага берген нерседен сарптасын. Аллах эч кимге берген нерсесинен башканы милдет кылбайт, андан ашыкчасын жана колунан келбегенин милдеттендирбейт. Аллах ага тарчылык жана кыйынчылык абалынан кийин кененчиликти жана бакубатчылыкты кылат.","Көптөгөн шаарлар Раббисинин жана Анын элчилеринин буйруктарына баш ийбестик кылышканда, Биз алар менен күнөө иштери үчүн катуу эсептештик жана аларды дүйнөдө жана акыретте коркунучтуу азапка салдык.","Алар күнөө иштеринин жазасын тартышты жана анын дүйнөдөгү жана акыреттери акыбети жоготуу болду.","Аллах аларга катуу азапты даярдап койду. Оо, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген акыл ээлери! Алардын башына келген нерсе силерге да келбеш үчүн Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула. Аллах силерге Ага баш ийбестик кылуунун арты жаман бүтөрүн жана Ага баш ийүүнүн акыбети жакшы болорун эскерткен эскертмени түшүрдү.","Ал эскертме – Анын элчиси. Ал Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин чынчыл деп тастыктагандарды жана жакшылык иштерди кылгандарды адашуунун караңгылыгынан туура жолдун нуруна чыгаруу үчүн эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аяттарды окуп берет. Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылса, Аллах аны хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Ал жакта түбөлүк калат. Аллах аны жыргалчылыгы бүтпөгөн бейишке киргизип, анын ырыскысын сонун кылып койду.","Аллах жети кабат асманды жаратты жана жети кабат асманды жараткан сыяктуу жети кабат жерди да жаратты. Силер Аллахтын бүткүл нерсеге болгон кудуреттүүлүгүн, Аны эч бир нерсе алсырата албасын жана Ал илими менен бүткүл нерсени камтып, асмандар менен жердеги эч бир нерсе Ага жашыруун эмес экенин билишиңер үчүн Аллахтын ааламдык жана шарияттык өкүмдөрү алардын ортосуна түшүп турат.","Оо, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын Мария күңүңө болгон кызганычынан улам аларды ыраазы кылыш үчүн Аллах сага андан ырахаттанууга уруксат берген нерсени арамга чыгарып жатасың? Аллах сага Кечиримдүү, Мээримдүү.","Аллах силерге антыңардын күнөөсүн кетириштин жолун шариятта белгиледи, эгерде андан да жакшысын көрсөңөр же аны бузган болсоңор. Аллах силердин Колдоочуңар. Ал силердин абалыңарды жана силерге эмне пайдалуу экенин Билүүчү жана Өз шариятында, тагдырында Даанышман.","Эстечи, бир жолу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) Хафсага сыр айткан эле. Анда аялы Марияга жакындабайм деген болчу. Качан Хафса Аишага бул сырды айтканда, Аллах пайгамбарына сыры ачылып калганы тууралуу кабар берди. Ал Хафсаны жемелеп, анын айткандарынын кээ бирин өзүнө айтып берди, кээ бирин айтпады. Ошондо ал: «Сизге муну ким айтты?» – деп сураганда, ал: «Мага бардык нерсени Билүүчү, жашыруун нерселердин баарынан Кабардар (Аллах) билдирди» - деди.","Экөөңөргө тообо кылуу милдет болду. Анткени экөөңөрдүн жүрөгүңөр Аллахтын элчиси күң аялынан алыстап, аны өзүнө арам кылуу сыяктуу ага жакпаган нерсени жакшы көрүүгө ыктады. Эгерде экөөңөр ага каршы тукурууга улам кайта берсеңер, Аллах Анын Колдоочусу жана Жардамчысы. Ошондой эле Жебреил жана ыймандуулардын жакшылары анын колдоочулары жана жардамчылары. Ал эми Аллахтын ага болгон колдоосунан кийин периштелер анын жардамчылары жана ага зыян бергендерге каршы колдоочулары.","Эгерде пайгамбар силерге талак берсе, анда Раббиси ага силерден да жакшы болгон, анын буйругуна баш ийген, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген, Ага моюн сунган, күнөөлөрүнө тообо кылган, Раббисине ибадат кылган жана орозо кармаган жубандарды жана эч ким жакындык кылбаган кыздарды алмаштырып коюшу мүмкүн. Бирок ал аларга талак берген жок.","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар жана таштар болгон улуу тозоктон коргоп калгыла. Ал тозоктун үстүндө ага кирген адамдарга катаал жана күчтүү периштелер бар. Алар Аллахтын буйруктарына баш ийбестик кылышпайт жана аларга буйрулган нерселерди кечиктирбестен аткарышат.","Кыяматта каапырларга айтылат: «Эй, Аллахка каапыр болгондор! Бүгүн каапырлыгыңар жана күнөөлөрүңөр үчүн кечирим сурабай эле койгула. Кечиримиңер кабыл кылынбайт. Силер бүгүн дүйнөдө Аллахка кылган каапырлыгыңардын жана Анын элчилерин жалганга чыгарганыңардын жазасын аласыңар».","Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахка күнөөлөрүңөр үчүн чындап тообо кылгыла. Балким Раббиңер кыямат күнү күнөөлөрүңөрдү кечирип, хан сарайларынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Ал күнү Аллах пайгамбарды жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди тозокко киргизип кордобойт. Алардын нуру Сыратта алдыларынан жана оң тарабынан жаркырап жүрөт. Алар айтышат: «Оо, Раббибиз! Биз бейишке киришибиз үчүн жана Сыраттан нурлары өчүп калган эки жүздүүлөрдөй болуп калбашыбыз үчүн нурубузду толук кыл жана күнөөлөрүбүздү кечир. Чындыгында Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң. Сен нурубузду толук кылууга жана күнөөлөрүбүздү кечирүүгө алсыз эмессиң».","Оо, пайгамбар! Каапырларга каршы кылыч менен, эки жүздүүлөргө каршы тил жана чектерди орнотуу менен согуш. Алар сенден сестенүүлөрү үчүн катаал бол. Алардын кыямат күнү бара турган жайы тозок. Алардын кайтып барар жайы кандай жаман!","Аллах Ага жана Анын элчилерине каапырлык кылгандардын ыймандуулар менен болгон байланышы эч кандай пайда келтирбесине, Анын пайгамбарларынан болгон Нух менен Луттун аялдарын мисал келтирди. Экөөсү тең такыба пенделердин аялдары эле. Алар Аллахтын жолунан тосуп жана коомундагы каапырларга жардам берип, күйөөлөрүнө кыянаттык кылышты. Алар такыба пенделердин аялдары болушканы аларга эч пайда келтирген жок. Ал экөөсүнө: «Каапырлар жана бузукулар менен бирге тозокко киргиле» – деп айтылды.","Жана Аллах Ага жана Анын элчилерине ыйман келтиргендердин каапырлар менен болгон байланышы аларга эч зыян бербестигине жана алар акыйкатта болгон кезде эч кандай таасир тийгизбестигине Фараондун аялынын абалын айтып мисал келтирди. Бир кезде ал айтты: «Оо, Раббим! Мага бейиште Өзүңдүн алдыңда үй куруп бер, мени Фараондун зулумдугунан, бийлигинен жана жаман иштеринен сакта жана чектен чыгып зулумдук кылууда аны ээрчип, өздөрүнө зыян келтирген адамдардан сакта».","Жана Аллах Ага жана Анын элчилерине ыйман келтиргендерге абийирдүү жерин зынадан сактаган Имрандын кызы Мариямдын абалын мисал кылды. Аллах Жебреилди ага үйлө деп буйруду, анан Аллахтын кудурети менен Мариямдын уулу Иса атасыз анын боюна бүттү. Ал Аллахтын шарияттарын жана элчилерге түшкөн китептерин тастыктады. Ал Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Ага моюн сунуучулардан эле."]