["(Бүткүл ааламдардын) мүлк(ү) Өз Колунда болгон Аллах Ыйык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.","Ал силердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан. Жана Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү!","Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсың. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң?!","Анан дагы кайра-кайра үңүл! Көз(үң) сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет!","Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.[1]###[1] Табеин уламаларынан бири Катааданын күбөлүк беришинче жылдыздар үч максат: Асманга кооздук-зыйнат, адашкан жолоочуларга жол көргөзгүч, шайтандарга таш бараң үчүн жаратылган.(Табарий) Демек жылдыздарга карап төлгө ачуу, эртеңки күндөн кабар берүү жана ал төлгөлөргө ишенүү - бул анык адашуу жана каапырчылык.","Жана Раббисине каапыр болгон адамдар үчүн тозок азабы бар! Ал эң жаман кайтуу!","Качан алар анын (тозоктун) ичине ташталганда, коркунучтуу добушун угушат! Ал кайнап турган!","(Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?» – деп сурайт.","Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллах (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”.","Жана айтышат: «Эгер биз (ошол пайгамбарды) угуп, акылыбызды иштеткенде (бүгүн) тозок «ээлери» болуп калбайт элек!».","Ошентип күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозокулар (Аллахтын ырайымынан) алыс!","Кайыптагы Раббисинен корккон адамдарга (Аллах таала тарабынан) кечирим жана чоң сыйлык (бейиш) бар.","Жана (оо, адамдар) силер сөзүңөрдү сыр тутасыңарбы же ашкере кыласыңарбы, Ал көкүрөктөрдү ээлеген нерселерди Билүүчү!","(Көкүрөктөгү сырларды) Жараткан билбей калат бекен?! Ал Латийф[1] (жана бардыгынан) Кабардар го!###[1] “Ал-Латийф” «Иште же мамиледе өтө жумшак», «Өтө терең илимдүү». Аллах тааланын өтө назик, терең илими менен кылган иштери жана мамилеси «лутф» деп аталат. Аллах тааланын пенделерине кылган лутфу – жумшактыгы өтө чексиз, муну айтып бүтүрүү мүмкүн эмес.","Ал силер үчүн жерди моюн сунуучу кылып койду. Эми, анын чар тарабында жүрүп, (Аллахтын) ырыскыларынан жей бергиле! Кайра тирилип баруу – анын Өзүнө гана![1]###[1] Аллах таала моюн сундуруп койгону себептүү Эне-Жер титиреп жарылып кетпей, биз анын койнунда каалаган багытыбызга басып, аман-эсен соода-сатыгыбызды, дыйканчылык-тиричилигибизди өткөрүп, Аллах таала чачып койгон ырыскыларыбызды терип, жеп жүрөбүз. Капырлар эмне үчүн ушул ырайымдуулукка жооп иретинде Аллах таалага шүгүр (ибадат) кылышпайт?! Же Анын Өзүнө кайтып барбайбыз деп ойлошобу?!","(Эй, каапырлар) асмандагы Зат[1] силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи?!###[1] Бул аяттагы “асмандагы Зат” ким экени жөнүндө аалымдар арасында талаш бар. Бул котормодон мурунку, А. Ысмаилов, С. Доолов, Д. Абдылдаев жана С. Гавайлардын котормосунда дагы “асмандагы Зат – бул Аллах” деп шилтеме берилген. (563-бет). Улук пайгамбарыбыз “Ким жердегилерге ырайым кылса, ага асмандагы ырайым кылат” деген. (Сахиху Абу Дауд, Сахиху Термизий) Имам Табарий дагы өзүнүн тафсиринде “асмандагы – бул Аллах” деген.","Же болбосо, силер, асмандагы (Аллах) үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында (Менин) эскертүү(м) кандай экенин билип аласыңар!","Алардан мурунку (каапыр) пенделер дагы (өздөрүнө жиберилген пайгамбарды) жалганчыга чыгарышкан. Анан (Менин) четке кагуу(м) кандай болду?![1]###[1] Аллах таала жеке Өзүнө ибадат кылууну четке каккан Луттун мушрик коомун жерге жуткуруп, үстүнөн таштуу шамал жиберип кыйраткан болчу.","Алар төбөсүндөгү канатын (бир) жайып (бир) жыйнап турган кушка карашпайбы?! Аны (ободо ырайымдуу) Рахман гана кармап турат! Ал - ар бир нерсени Көрүүчү!","(Эй, каапырлар! Ойлонгула:) Силерге Рахмандан башка жардам бере ала турган аскериңер (жардамчыңар) ким экен?! Каапырлар адашуунун гана ичинде!","Эгер (Аллах) Өз ырыскысын токтотуп койсо, силерге ырыскы таап бере ала турган ким?! Жок! (каапырлар дагы эле) катаалдыгын, (исламды) жек көрүүсүн улантып жатышат!","Ким туура жол табуучураак? Жер карап бара жаткан кишиби же болбосо, туура жолдо (башын) түз (тутуп) бара жаткан кишиби?","Айткын: “Ал силерди жаратып, көз, кулак жана жүрөктөрдү берген. Өтө аз шүгүр кылуудасыңар!”","Айткын: «Ал силерди жер бетинде өндүрүп-өстүргөн. Жана (кайра тирилгенде) Өзүнө гана чогултуласыңар».","Жана алар: «Эгер чынчыл болсоңор бул (кайра тирилүү жөнүндө) убада (Кыямат) качан?» дешет.","Айткын: «(Ал жөнүндөгү) илим Аллахтын гана алдында. А мен болгону, анык эскертүүчү-пайгамбармын».","Качан гана аны (тозокту) жакындан көрүшкөндө каапыр болгондордун жүздөрү карарып кетет жана аларга: «ушул силер («качан-качан» деп) шаштырган нерсеңер!» - деп айтылат.[1]###*[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам ушул сөздөрдү Мекке мушриктерине айтканда алар бул насааттарды укмак түгүл «Кайра тирилесиңер дейсиң. Койчу бул сөзүңдү. Эгер болчу болсо, тезирээк болтурбайсыңбы?» дешип шылдың кылышты.","Айткын: «(Ойлонуп) көрбөйсүңөрбү, эгер мени жана мени менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды Аллах (силер тилегендей) өлтүрчү болсо (бизге Акыреттик бейиш даяр) же (узун өмүр берип) бизге ырайым кылса (Өзүнө сыйынып, шүгүр кылып жашай беребиз. Ал эми, силердин жаныңарды алчу болсо) анда силерди катуу азаптан ким сактап калат?!","Айткын: «Ал – Рахман (Ырайымдуу)! Биз Ага ыйман келтирдик жана тобокел кылдык. А, силер (эй, каапырлар), ким анык адашууда экенин жакында билип аласыңар![1]###[1] Аллах тааланын “жакында” дегени кыямат кайым. Кыяматка чейин дагы бир нече он, балким бир нече жүз, балким бир нече миң, а балким бир нече миллион жыл бардыр. Бул мөөнөт биз – инсандар үчүн өтө алыс. Ал эми, Аллах үчүн арзыбаган убакыт.","Айткын: «(Эй, каапырлар) ойлонуп көрбөйсүңөрбү, эгерде силердин сууңар жер астына сиңип кетсе, анда силерге аккан сууну ким келтирип берет?[1]###[1] Аллах тааланын жаратылыш мыйзамына ылайык жер суулары күн ысыгы менен бууланып, асманга көтөрүлүп, булуттар пайда болот. Анан Аллах таала аларды муктаж пенделерине асмандан жамгыр кылып жаадырып, натыйжада дарыя, булак, кудук суулары пайда болот. Эми, Өзүнүн амири менен жер кыртышындагы суулар эң терең катмарга сиңип кетсе жана Аллах асмандан жамгыр жаадырбай койсо, нашүкүр пенделерге сууну Аллахтан башка “кудайлары” жаадырып бере алабы?!","Нун.[1] (Оо, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын):###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.[1]###[1] Пайгамбарыбызга Ислам дини вахий аркылуу бериле баштаганда элдерге алар сыйынып жаткан ар түрдүү кудайлардын жалгандыгын айткан. Ошондо алар: «Буга эмне болгон? Ата-бабаларыбыздын динин чанып?! Бул соо эмес го! Мүмкүн муну жиндер азгырып жатса керек!» дешкен. Аллах таала жогорку аяттарда илим-билим жана улук Куран аяттары жазыла турган калем жана ал жазган аяттардын урматына ант ичип, пайгамбарын мушриктер айыптаган сөздөрдөн коргоодо.","(Пайгамбарлык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар!","Жана сен улук ахлактын үстүндөсүң.[1]###[1] Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи ва салламдын адеп-ахлагы жөнүндө сурагандарга Айша энебиз: «Анын ахлагы – Куран» деп жооп берген болчу. Мунун мааниси ал ар дайым Куран көргөзгөн адептер менен «сугарылып» турган.","Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат -","Кимиңер азгырылган экениңерди.","Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын эң жакшы билет.[1]###*[1]Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам «Аллахтан башка бардык кудайлар жалган. Силердин ата-бабаңар адашкан пенделер болчу» дегенде, жалган «кудайлардын» пенделери ага келип: «Кел, эй, Мухаммад сүйлөшүп алалы, сен биздин кудайларга тил тийгизбе, ата-бабаларыбызды адашкан деп айыптаба. Ошондо биз дагы сенин диниңе каршылык кылбайбыз» - дешет. Кийинки аяттарда Аллах Өз пайгамбарына аларга кандай жооп бериш керектигин үйрөткөн.","(Динди) жалган дегендерге моюн сунба!","Сен алар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат.","Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго,","(адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга,","чектен чыккан, күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга,","орой жана андан соң..., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга![1]###[1] Куран чындыктарын айттырбай коюу үчүн ислам өкүлдөрү менен келишип алууга умтулган касамкор, атасынын дайыны жок, зынаадан төрөлгөндөр ар бир заманда табылат. Пайгамбарыбыздын заманында ошондой адамдардын бири Валид ибн Мугира деген ашынган каапыр эле. Валид чириген бай жана бала-чакасы көп болгон. Ал мезгилдерде кимдин перзенти көп болсо, ал ошону менен да текеберленчү.","Ал бай жана перзенти көп болгондуктан,","ага биздин аяттарыбыз окулганда: «(бул) байыркылардын жөө-жомоктору го» – деди.","Биз жакында (Кыяматта) аны тумшугунан тамгалап койобуз![1]###[1] Аллах таала исламдын ашынган душмандарын акыретте катуу азапка салганда, азаптын кара белгиси адегенде эле алардын жүздөрүнөн билинет.","Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык.[1] Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти.###[1] Мекке мушриктерине Аллах таала өтө көп мөөнөт берип, дүйнөлүк нээматтардан кем кылбай, бирок ошол эле учурда кана, качан ыйман келтиришет экен деп сынап турду. Бирок алар ыйманга кирүүнүн ордуна каапырчылыкта текеберленип кетишти жана өздөрүнүн акыреттерин күйдүрүп алышты. Эмки аяттарда Аллах таала алардын бул жоругун, бак-дарактарынын түшүмүнөн ихсан (садака) кылууга кызганган, мунун натыйжасында Аллах алардын бактарына асмандан өрт жиберип, не бактан жок, не акыреттик сооптон жок куржалак олтуруп калган кишилерге окшотот.","Алар (ниеттеринде “Аллах кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады.","Анан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы...)","(Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды.","Анан таң азанда бири-бирин чакырышты:","«Эгерде (түшүмүңөрдү) жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы».","(Бардыгы үйүнөн чыгып) жолго түшүштү шыбырашып:","«Бүгүн силердин үстүңөргө – бактын ичине бир дагы кедей кирип калбасын».","Алар эч кимге билдирбей (ушундай катаал, мээримсиз абалда кембагалдарды түшүмдөн) куржалак калтырууга кудуреттүүбүз деп, эрте таңда бара жатышты.","Анан..., (кара чычала болуп калган) бакты көрүп: «Биз адашып (башка бакка келип) калыптырбыз» – дешти.","“Жок! Биз (бактан) кол жууп калыптырбыз!”","(Ошондо) алардан адилеттүүрөөк бирөөсү: «Мен силерге «Аллахты даңазалагыла» (“Аллах кааласа” деп айткыла) дебедим беле?» – деди.","(Дагы) айтышты: «Раббибиз (кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Биз (өзүбүзгө) зулум кылуучулардан болуп калдык!»","Анан бири-бирине карап, бири-бирин айыптай баштады.","Жана (мындай) дешти: «Шорубуз курусун! Биз (чындап) чектен чыгып кетиптирбиз!","Раббибиз анын ордуна андан жакшыраагын бергей эле! Биз Раббибизге умтулуучубуз го!».","(Азгырылган адамдарга сыноо дүйнөдөгү) азап ушундай! Ал эми, Акырет азабы (мындан) чоңураак, эгер билишсе!","Албетте, такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында эң мыкты бейиштер бар.","(Эй, Мекке мушриктери!) эмне, биз мусулмандарды (силерге окшогон) күнөөкөрлөр сыяктуу кылат бекенбиз?![1]###[1] Аллахка моюн сунган адамдар менен каапырлардын акыбети эч качан окшош болбойт.","Силерге эмне болгон?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!","Же силердин алдыңарда аны сабак кылып окуган (Ыйык) Китеп бар беле?!","(Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)?!","Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен?!","(Оо, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат?!","Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллахтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудайларын алып келишсин!","(Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат.[1]###[1] Бул аят Кыяматтагы оор абал жөнүндө кабар берет. Абу Саид Худрий разияллоху анху мындай хадис риваят кылган: يوم القيامة يشتد الأمر ويصعب هوله, ويأتي الله تعالى لفصل القضاء بين الخلائق، فيكشف عن ساقه الكريمة التي لا يشبهها شيء, قال صلى الله عليه وسلم: \"يكشف ربنا عن ساقه, فيسجد له كل مؤمن ومؤمنة, ويبقى مَن كان يسجد في الدنيا؛ رياء وسمعة, فيذهب ليسجد, فيعود ظهره طبقًا واحدًا\" رواه البخاري: 4919 “ Мен Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдын мындай дегенин уктум: “(Кыяматтагы оор күндө) Раббибиз калк-калайыкка өкүм кылуу үчүн келет жана Өзүнүн (эч нерсеге окшобогон) Балтырын ачат. Анан Ага ар бир ыймандуу эркек-аял саждага жыгылат. Ошондо бул дүйнөдө эл көрсүнгө гана ийилип жүргөндөр (жана тап-такыр сажда кылбагандар) дагы сажда кылуу үчүн барышат. Бирок, алардын омурткалары катып (саждага жарабай) калат.” (Бухарий: 4919-хадис. Муслим: 183-хадис)","Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат). Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле.","(Оо, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Куранды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз![1]###[1] Бул аятта Аллах Мекке мушриктерин, каапыр болоор замат азапка салбай, акырындык менен, мөөнөт берип, бир аз - бир аздан нээмат жана өмүр берип, даражама - даража алып барып, качан алар эч нерсени капарына илбей, “Аллах бизге кайра нээмат берип жатат го. Демек, бир нерсебиз Аллахка жаккан окшойт” деп бейкапар болуп калгандан кийин гана азап жиберүү жөнүндө айтып жатат.","Мен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем!","Же болбосо (оо, Мухаммад) сен алардан (өзүңдүн дааватың үчүн) акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы?","Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы?[1]###[1] Эгер Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дин үйрөткөнү үчүн алардан акы сурабаса же алар кайыптагы тагдыр китеби – Лавхул Махфузду окуп, андагы келечек кабарларды жазып жүрбөгөн болсо, тагыраак айтканда, өздөрүнүн тозокко түшпөөсү жөнүндө кайыптан кабар алышпаган болсо, эмне үчүн акыйкатка ушул даражада назарсыз болушат?! Эмне үчүн динге душман болуп пайгамбарга руханий-денелик зыяндарды жеткиришет?!","Эми (оо, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (капкараңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу.[1]###[1] Юнус пайгамбардын толугураак баяны менен таанышуу үчүн “Анбия”, “Саффат” жана “Юнус” сүрөлөрүнө кайрылыңыз.","Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак.[1]###[1] Бирок, андай болбоду. Аллах анын дубасын угуп, кечирип, ырайым кылганы себептүү, балык аны жайдак, ысык, жалаң жерге оозунан чыгарып таштаар замат ал жерге ашкабак дарагын өстүрүп, анын алсызданган денесин илахий көлөкө менен ырахаттандырды.","Анан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарлык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды.","(Оо, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Куранды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!» – дешет.","Ал (Куран) бүт ааламдар үчүн (эң даанышман) насаат-эскермеден башка нерсе эмес!","Ал – Хаакка!","«Ал – Хаакка» дегени эмне?!","(Оо, Мухаммад!) «Ал – Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?[1]###[1] «Аль-Хаакка» (Акыйкатта болуучу) Кыяматтын бир нече атактуу ысымдарынын бири. Кыямат кайымдын мындан башка да «Аль-Кариьа” (Катуу согуучу), “Аль-Ваакеьа” (Окуя), “Ат-Тоомма” (Чоң апаат), “Ас-Соохха” (Катуу добуш), Ас-Сааьа” (Саат) ж.б.у.с. аталыштары дагы бар.","«Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле.[1]###[1] “Самуд” – бул Хижр деген жерде (Азыркы Саудияга караштуу аймак) жашаган илгерки бир уруунун аты. Аллах таала аларга Салих пайгамбарды жиберип, Аллахка, кыяматка ишенүүгө жана Өзүнүн пайгамбары көргөзгөндөй жашоого буюрган. Ал эми, “Аад” болсо Хазрамаут деген жерде жашаган илгерки уруунун аты. Аллах таала аларга Худ пайгамбарды жиберген.","Анан… Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды.","Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү.","(Аллах) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң!","Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң?!","Анан Фараон, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери – Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып,","Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты!","(Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек.","Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн.","Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда,[1]###[1] Кыямат кайым башталганынын бир белгиси Исрафил периштенин “Сур” деген кернейди тартуусу. Ошол замат топуракта чирип жаткан денелер жамгырдан кийин жайнап чыккан өсүмдүктөр сыяктуу өнүп чыга баштайт. Кийин аларга рухтары учуп келип, биригет.","жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда,)","Дал ошол күндө Ваакеьа (кыямат) болот.","Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда,","жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллахтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч - кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө,[1]###[1] Аллах тааланын “Арш” деп аталган Улук Тактысын көтөрүү вазыйпасы жүктөлгөн периштелердин күчү жана келбет-көлөмү жөнүндө Абу Дауддун “Сунан” китебинде келген бир хадисте пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам мындай дегени баяндалат: “... Аршты көтөргөн периштелерден биринин кулагынын жумшагынан желкесине чейин жети жүз жылдык жол” (Ибн Касир).","дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.[1]###[1] Анан Аллах таала жеке Өзү сот-сурагын жүргүзө баштайт. Элдерге бул дүйнөдөгү жасаган иштеринин тизмеси – амал баракчалары (китептери) таратылат. Ал китептерди ар бир адам баласынын эки желкесинде олтурган эки периште бардык жашыруун иштерине чейин жазып алышкан болчу. Ошондо жакшылардын китептери оң тарабынан, жамандардын китеби сол тарабынан берилет.","Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй,! Мына, менин китебимди окуп көргүлө!","Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»","Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо -","– эң жогорку бейиште болот.","Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут.","(Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле – аш болсун!»","Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) дешет: «Атаганат! Менин китебим берилбей эле койсо экен","жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен...,","Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо!)","Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды!","Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»[1]###[1] Мына ушинтип муң-арманын айтып бүтүп-бүтөлекте эле, анын үстүнөн Аллах тааланын каардуу бирок, адилет өкүмү жарыяланат.","(Оо, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле!","Кийин тозокко таштагыла!","Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»[1]###[1] Аяттын арабча текстинде «услукууху» деп келген сөздү кээ бир котормочулар «байлагыла», «таңгыла» деп которушат. Бирок, мунун сөздүктөгү мааниси «жүргүзүү», «өткөрүү». Демек, күнөөкөр, тозоку пенде узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга, шыкка өткөрүлгөн шишкебек сыяктуу өткөрүлөт. Узун чынжыр кылмышкердин арка жагынан киргизилип, оозунан чыгарылат. Мындай азаптан Аллахтын Өзү сактасын! (Садий).","(Себеби), Ал Улук Аллахка ыйман келтирбеди.","жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады.","Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт.","Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)[1] болот.###[1]«Гислийн» - бул тозокто күйгөн кылмышкерлердин денесинен агып чыккан ириңден даярдалган «тамак». Ал өтө кайнак, эң ачуу жана адам чыдагыс сасык болот.","Аны күнөөлүү адамдар гана жейт.","Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип...,","Жана силерге көрүнбөгөн (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын):","«Ал (Куран) Улук пайгамбардын (Аллах үйрөткөн) Сөзү!","Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар!","Ал бакшы-көзү ачыктын да сөзү эмес![1] (Аллахты) өтө аз эскерип жатасыңар!###[1] Кээ бир каапырлар “Мухаммад жиндер менен байланыш түзгөн бакшы. Ага кабарларды жиндер жеткирип турат” дешкен. Бул аят ошолорго жооп.","Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.","Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо,","Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз.","Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз!","Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес!","Ал (Куран) такыба кишилер үчүн эскерме-сабак.","Силердин араңарда (Куранды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз!","Ал каапырларга кайгы![1]###[1] Курандын каапырларга кайгы болушунун себеби, акыретте алар «Эх! ушул Куранга ээрчигенибизде азапка жолукпайт болчубуз!» деп кайгы тартышат. (Садий).","Ал – анык Чындык!","Демек, Улук Раббиңдин ысымын (эстеп) аруулагын![1]###[1] Аллах таала бизге Өзүн – Өзү тааныткан. Демек, биз аны Өзү тааныткандай жогорку жана кемчилдиксиз сыпаттар менен гана таанып, сыпатташыбыз керек. Пенденин “Субханалла!” деп дуба кылып жүрүүсү “тасбих” деп аталат. “Субханаллахтын” мааниси “Мен Аллахты ар кандай Өзүнө ылайык эмес сыпаттардан аруулаймын жана Өзү үйрөткөн, Өзүнө ылайык болгон бийик, ыйык жана кемчилдиксиз сыпаттар менен сыпаттаймын” дегенди билдирет.","(Мушриктерден) бир суроочу[1] собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -###[1] Бул каапыр Назр бин Хаарис деген киши эле. Ал пайгамбарыбызды шылдыңдап: “Бизге азап качан келет?” деп сурады жана «Эй Аллах! Эгер ушул Куранды Мухаммадга Өзүң түшүргөнүң чын болсо, биздин үстүбүзгө таш жаадырып жибер!» деп дуба кылды. (Ибн Касир)","– каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!","(Ал азап) Маьариж – тепкичтердин[1] ээси Аллах тарабынан (келет).###[1] Бул жерде жети кабат асманды тепкичтерге окшотуу бар.","Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.[1]###[1] Бул аяттагы Рух менен периштелердин Аллах таалага көтөрүлүшү дагы Аллах тааланын бийикте экенине далил.","(Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!","Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.","Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз.","Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу,","Ал эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.","(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт!","Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин,","аялын жана ага-инилерин,","өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын...,","жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт.","Жок! Ал (тозок) – алоолонгон от,","терилерди шылып алуучу!","Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди","жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды!","Чынында инсан чыдамсыз жаратылган.","Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат.","Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.","Намаз окуучулар гана андай эмес.","Алар намаздарын дайым окушат.","Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,","муктаждар жана сурагандар үчүн.","Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…","Алар Раббисинин азабынан коркушат…","Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.","Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.","Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.","Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!","Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...","Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…","Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат…","Алар – бейиштерде сыйлануучулар!","(Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?","Оң каптал жана сол капталдан топурап?[1]###[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Куран окуганда каапырлар топурап келишип, “Мухаммад дагы эмне дээр экен” деп аңдып турушчу. Анан сахабаларды мыскылдап, “Биз ак сөөкпүз. Силерден өйдө таптагы адамдарбыз. Ошондуктан, биз силерден мурун бейишке киребиз” дешчү.","Алардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?","Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.","Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз:","аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз![1]###[1] Эгер кааласа Аллах таала көз ирмемде жер менен жексен кылууга жана алардын ордуна башка, ыймандуу адамдарды жашатып коюуга кудуреттүү. Бирок, Аллах таала аларга тозок отуна дагы да ылайыктуурак болуш үчүн мөөнөт берди.","(Оо, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин!","(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет.","Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул – аларга убада кылынган Күн!","Биз Нухту өз коомуна элчи-пайгамбар кылып жибердик (жана ага): «Аларга катуу азап келишинен мурда коомуңду (тозок азабынан) эскерткин»[1] - (деп вахий кылдык).###[1] Аллах таала эч бир элди жана эч бир адамды эскертмейинче жазалабайт. “Эскертүү” дегени эмне? Эмне үчүн Аллах таала көп аяттарда Өзүнүн пайгамбарларына “коомуңа үйрөткүн” дебей, “коомуңа эскерткин” деп буюрат? Анткени, ар бир пайгамбардын элдери көп учурда Аллах таала, акырет, бейиш жана тозок бар экенин эң жакшы билишкен. Анда алардын каапырчылыгы эмнеде? Алардын каапырчылыгы өздөрүнүн пенделик милдеттерин унутканында! Аллах таалага ишенип, бирок ибадат кылбаганында! Жок. Алар Аллахты жана акыретти тап-такыр эстеринен чыгарып жиберишкен эмес. Кез-кези менен Аллах тааланы эстеп калышчу. Кайсы мезгилдерде? Ооба. Баштарына кайгы-капа түшкөндө. Ошондо алар Аллах таалага өтө ыклас менен дуба жана тообо кылышып, эгер ушул кырсыктан аман сактаса, Өзүнө гана сыйынууга убада берип жиберишет. Аллах таала алардан кайгыны арылтканда, азыр эле айткан сөздөрүн, берген убадаларын унутуп, дагы каапырчылык иштерин улантышат.","Ал айтты: «Оо, коомум! Мен силерге анык эскертүүчү-пайгамбармын.","Аллахка гана ибадат кылып, Андан корккула жана мага моюн сунгула!","(Ошондо) Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү күндөргө (дүйнө жашоосун жашап бүткөнүңөргө) чейин силерди(н өлүмүңөрдү) кечиктирет. (Ал эми) Аллахтын (белгилеген) ажалы келип калганда эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер».[1]###[1] Белгилүү болгондой Нухтун коому Аллах жана пайгамбарына моюн сунбаганы себептүү Топон суу балээси менен кыйратылган. Бирок, ошол жазаны жибергенге чейин Аллах таала аларга ар кимиси өз үйүндө бутун узун сунган бойдон, азап-жазасыз өлүү үчүн мүмкүнчүлүк берген. Эгер алар Нухтун дааватын угуп, Аллахтан башка кудайларга сыйынуусун токтотуп, кудуреттүү Аллахтын Өзүнө гана сыйынып жашаганда, ажал аларды дүйнө дооранын сүрүп бүткөндө гана алмак.","(Нух) айтты : «Оо, Раббим! Мен коомумду түнү-күнү (токтоосуз) даават кылдым.[1]###[1] Бул аятта дааватчыга чоң сабак бар. Демек, даават деген белгилүү убакытка чектелбейт, өмүр бою жасалат. Нух пайгамбардын иштеген иши, сүйлөгөн сөзү, жасаган кыймыл аракети, адеп-ахлагы, коомдогу мамилесинин өзү даават болду. Эл динди анын өзүнөн, сөзүнөн, ар бир кыймылынан, жүрүш-турушунан, адамдар менен мамилесинен көрө алды. Мына ушундай даават кылгандан кийин кандай натыйжа болду? Өзү айтат: “Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү! (Оо, Аллахым) Сен аларды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кылып баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, көшөргөн бойдон ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти” Мунун мааниси эмне? Нух түшүнүктүү кылып жеткире албадыбы динди? Жок, андай эмес. Мунун эки себеби бар эле:\t 1) Аллахтын туура жолуна багытталуу (хидаят) Аллах тааланын гана колунда. Аллах хидаятка баштабаган адамдар пайгамбар даават кылса да туура жолго түшпөйт.\t 2) Көралбастык жана текеберлик. Ар бир коомдун бузуку каапырлары көбүнчө мансаптуу жана бай адамдардан болот. Аларга Аллах тааланы эскертип даават кылынса, “Биздей ак сөөктөргө ушул кембагал акыл үйрөтөбү?” деп ичи тарлык жана текеберчилик менен дааватты четке кагышат.","Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү!","Сен аларды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кыла баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, көшөргөн бойдон ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти.","Кийин мен аларды ашкере түрдө даават кылдым.","Андан соң аларга (дааватымды) ачык-жарыя айттым жана (кези келгенде) жашыруун түрдө да айтым.","Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү!","Cилерге асмандан себелеген жамгыр жиберет.","Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондорду жана (соолубас) дарыяларды берет.[1]###[1] Демек, ар дайым Аллах тааладан кечирим сурап туруу ырыскынын мол болуусуна себеп болот экен.","Силерге эмне болгон, Аллахка улуулукту каалабайсыңар?[1]###[1] Ага баш ийип, ибадат кылбайсыңар?","Ал силерди доор - доор менен жаратты го![1]###[1] Бул аяттагы «доор» деген сөздү кээ бир аалымдар эненин жатынындагы түйүлдүк доорунан баштап, төрөлгөндөн кийинки бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик (селкилик) орто жаш, карылык доорлору деп түшүндүрүшөт.","Аллах (таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы?!","Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон.","Жана Аллах силерди жерден гана өстүрүп чыгарган.[1]###[1] Бардык инсанияттын атасы Адам алейхи саламды топурактан жараткан.","Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат.[1]###[1] Имам Бухарий жана Имам Муслимдердин \"Сахих\" китептеринде Абу Хурайра деген сахабадан риваят кылынган хадисте айтылышы боюнча адамдар өлгөндө денеси чирип, топуракка айланат. Бир гана омуртканын эң этегиндеги чычаң сөөк чирибейт. Кыяматта асмандан инсандын бел суусу сыяктанган жамгыр жаайт жана мүрзөлөрдө чирип жаткан денелер ошол чычаң сөөктөгү данегинен кудум өсүмдүктөр сыяктуу өнүп чыгат.","Аллах силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды.","Анда(гы) кең жолдордон жүрүүңөр үчүн.","Нух айтты: “О, Раббим! Алар мага каршы чыгышты жана дүйнөсү менен бала-чакасы зыяндан башканы көбөйтпөй турган адам(дар)ды ээрчип кетишти.[1]###[1] Нухтун дааватына эң ириде дүйнөсү, бала-чакасы көп байлар, күч-кубаттуу адамдар каршы чыгышты. Алар элди Нухка каршы кайраштырып, натыйжада эл дагы аларды ээрчиди.","Алар (байлар динге каршы) өтө чоң айла-амалдарды жасашты.","Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Суваны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти.[1]###[1] Нухтун эли “Вадд”, “Сува”, “Ягус”, “Яук” жана “Наср” деп аталган бут-кудайларга ибадат кылышчу. Аталган ысымдар Нух коомунун илгерки-илгерки заманда жашап өткөн олуя ата-бабаларынын ысымдары эле. Алар өлгөндө эл өтө кайгырып калган. Анан күндөрдүн биринде Шайтан келип адамдарга “Эгер азрети Вадд, Сува, Ягус, Наср жана Яуктарды сыйласаңар айкелдерин жасап, ибадат учурунда кыбыла тарапка коюп алгыла” деп азгырган. Эл олуялардын урматы үчүн муну жасаган. Анан алардан кийин келген муундар Аллах таалага дуба кылганда ушул олуяларды ортомчу кыла баштаган. Ушинтип отуруп, бир мезгилдердеги олуялар элдин кудайына айланып калган.","Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен (оо, Аллахым!) залымдарга адашуучулуктан башканы көбөйтпө!","Күнөөлөрү себептүү (топон сууга) чөктүрүлүштү! Анан (наркы дүйнөдө) отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллахтан башка жардамчы таппай калышты![1]###[1] Денелери сууга кетти, жандары отко кетти. Жардам берсе аларга чыныгы Кудай – Аллах таала гана жардам бермек. Аллах таала кайра аларды жазалап жатса, кайсы кудайы жардамга келет?! Ошентип, каапыр эл топон суунун астында калды. Асмандан да, жерден да, жадагалса, тандырлардын ичинен да оргуштап суу чыга келди! Нух болсо, бул каапыр элге каргыш үстүнө каргыш жаадырды.","Нух айтты: “Оо, Раббим! Жер бетинде каапырлардын эч бирин калтырбагын!","Эгер аларды (тирүү) койсоң пенделериңди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат!","Оо, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана (бардык) ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир! Залымдарга өлүмдөн башканы көбөйтпө!","Айт (оо, Мухаммад) “Мага (Аллах тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндердин бир жамааты (Куранды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Куран[1] уктук.###[1] Курани Карим жер бетиндеги эки салмактуу элдер – инсандар жана жиндер үчүн түшүрүлгөн. Мунун мааниси Куран өкүмдөрү инсандарга кандай парыз болсо, жиндерге да ошондой парыз.","Ал туура жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз!","Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес![1]###[1] Аллах таалага шерик кылуунун эң чоңу “Аллахтын аялы жана баласы” бар деп ишенүү. Бул аятта жиндер дагы Аллах тааланы аял жана балага муктаж болуудан аруулап жатканы баяндалууда. Бирок, “Аллахтын аялы жана баласы” бар деген сыяктуу акылга сыйбаган (жалган) сөздү айтуучулар биздин арабызда да бар – дешет жиндер.","Чынында, биздин акмактарыбыз Аллах жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат.","Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллахка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз.","Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат.[1]###[1] Чынында, көпчүлүк адамдар бир коркунучтуу жерге барып калса “ал жердин жиндерден болгон ээси бар” деп, алардан коргоо тилешет. Муну менен алардын коркуусу андан бетер көбөйөт.","Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллах эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот.","Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк.[1]###[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга чейин жиндер асманга учуп чыгып периштелердин сөздөрүн жашыруун угуп, кээ бир кайып кабарларын билип түшчү экен. Пайгамбарыбызга Куран түшүрүлгөндөн кийин Аллах таала асманга периштелерден жана учар жылдыздардан турган корукчуларды дайындады.","Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат.","Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз.[1]###[1] Демек, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жиберилгенден бери жиндер тайпасына асман кабарларын угууга катуу тюу салыныптыр. Анда ар кайсы замандагы “асман менен кабарлаштым” деген көзү ачыктардын сөзүн кандай түшүнөбүз? Бул маселени жиндердин кийинки сөздөрү чечип берет.","Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек.[1]###[1] Жиндердин арасында инсандар менен байланыш жасагандары бар. Эгер кайсы адамдын байланыштагы жини ыймандуу болсо, ага ар кандай нерселерди айтып башын оорутпайт. Эгер сураса учурдагы кээ бир сырларды дароо билип келип, кабарлашы мүмкүн. Себеби Аллах таала аларга биз элестете албай турган ылдамдуулукту берген. Ал эми кимдин байланышкан жини каапыр болсо анын кулагына жалгандан “кайып кабарларын” шыбырап, ал аркылуу адамдарды шылдыңдап, маскара кылышат. Ошондуктан мусулмандар билиши керек: арабыздагы “эртең андай болот, мындай болот”, “мага кайыптан, космостон кабар келет” деп “кайыптан” сүйлөгөндөр ошол каапыр жиндердин адамдардын башы айлантуучу өнөктөштөрү","Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллахты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.[1]###[1] Жиндер пайгамбарыбыздан Куранды уга электе \"биз жердеги эң күчтүү кожоюндарбыз\" деп жүрүшкөн. Эми алардын ыймандуулары Аллах тааланын чексиз бийлигине моюн сунушту.","Биз (Курандагы) туура жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт.[1]###[1] Бул Аллах тааланын адилети! Ким кандай жакшы иш жасаган болсо, андан кемитилбейт, жамандык, күнөө иштерине кошуп, көбөйтүлбөйт. Болгону болгондой жазылат жана кыяматта эч кимге зулум кылынбаган абалда эсеп-китеп кылынат.","Биздин арабызда мусулмандар да бар (ислам жолунан) адашкандар да бар. Эми ким исламга кирген болсо, анда алар туура багытты тандап алышыптыр.","Ал эми, адашкандар (демек алар) тозокко отун болгондор!","Эгер алар (исламдык) жолдо түз жүрсө мол суу менен сугарабыз,","аларды сынаш үчүн.[1] Жана (ошондо) ким Раббисинин эскертүүсүнөн (Курандан) жүз бурса, (Аллах) аны оор азапка жолуктурат.###[1] Суунун мол болушу – бул кененчиликтин, төгүн-чачын ырыскынын, бай-бардарлыктын белгиси. Бул оор сыноо. Кайсы элге ушундай абал келгенде, каалаган жыргалына жеткен напси эркелеп, каалоолорун көбөйтүп, шайтандар дагы тузагын кененирээк жайып калат.","(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла![1]###[1] Демек, мечиттерде Аллах таалага кошуп башка кудайларга дуба (ибадат) кылбаш керек. Маселен, христиандардын Аллах таалага сыйынуучу ибадаткана деп эсептелген чиркөөлөрүндө Исанын, Бүбү Марямдын айкел-сүрөттөрү илинип турат жана алар Аллахка шерик кылып ошол иконаларга да сыйынышат.","Аллахтын пендеси (Мухаммад Куран окуу менен) Аллахка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды.","Айт (оо, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”.","Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”.[1]###[1] Азыркы учурда кайсы бир чала молдого же көзү ачыкка адамдар же жиндер жабалактап келсе, дароо Аллах тааланы унутуп “Силердин жолуңарды мен ачам, зыяныңарды мен арылтам” деп жөөлүп калышат. Аллах тааланын пайгамбары дүйнөдөгү эң улук жана дубасы кабыл болуучу адам болушуна карабай “Силер үчүн не зыян, не пайда жеткерүү менин колумда эмес” деп жатат. Демек, бардык пайда жана бардык зыян Аллах таланын гана колунда.","(Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын.[1]###[1] Бул сөздөр пайгамбардын тилинен учкандан кийин андан башкалар өздөрүнө тиешелүү жыйынтык чыгарып алуулары кажет. Башкача айтканда адампенде ким болушуна карабастан, кимдин урпагы болушуна карабастан эгер бир күнөө кылып, ал күнөөсүн Аллах таала кечирбесе, аны Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт. Ал эми күнөө кылган адам азаптан кутулуу үчүн Аллах таалага гана жалбарышы, андан гана коргоо, кечирим тилеши керек. Анткени, күнөөлүү адамга Аллах тааладан башка коргоочу жок!","(Менин колумда) Аллах тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар). Ким Аллах жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат![1]###[1] Адамдын тозокто түбөлүк калуусуна себеп болуучу күнөөлөр – бул илхад (атеизм), ширк (ибадатта Аллах таалага шерик кошуу) жана пайгамбарды, Куранды жалганга чыгаруу. Булардан башка чоң күнөөлөр пенденин тозокко түшүүсүнө себеп болсо да ал жерде түбөлүк калуусуна себеп болбойт.","Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат.[1]###[1] Аллах таала Куранда убада кылган акырет эсеп-китебине ишенбеген мушриктер мусулмандарды колдоочусу жок деп кодулап, “Биздин кудайлар бизди колдойт” деп мактанышкан. Бирок, ошол күн келгенде ишенген кудайлары оор абалдарына жардам бере албай, алардан качып, чанып кетет. Ал эми мусулмандардын оор күнүндө Аллах тааланын Өзү жардам берет, пайгамбарлары боор тартып, Аллах тааладан кечирим сурап берет. Периштелер дагы аларга жумшак, сылык мамиле кылышат. Бирок, убада кылынган ошол Күн (Кыямат) качан болушун эч ким: Аллахка жакын периштелер дагы, пайгамбарлар дагы билбейт.","Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”.","Кайыпты билүүчү (бир гана Аллах!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт!","Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллах анын (пайгамбарлардын) алды жана арт жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт.[1]###[1] Жиндер кайып кабарларын уурдап, адамдардан болгон достору – бакшыларга шыбырап койбосун деп ушул периштелер Аллахтан пайгамбарларга жиберилген кайып кабарларын коргоп келишет.","(Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон.","Оо, оронуп жаткан киши!","Түндөсү (тахажжуд намазы үчүн) тур. Түндүн бир аз гана бөлүгүндө уктасаң жетишет.","Түн жарымда (тур) же андан да бир азга кемит(ип, үчтөн бир бөлүгүндө тур).","Же бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку![1]###[1] Пайгамбарыбыздын кырааты жөнүндө Ибн Аббас: “анык-даана окуйт болчу” деген (Табарий). Анас разияллоху анху болсо “Сөздөрдү созуп, аяттарда токтоп-токтоп окуйт эле” деген. (Бухарий, Ибн Касир). Ал эми, Умму Салама энебиз пайгамбарыбыздын кырааты жөнүндө: “Ар бир аятта токтоп, бөлүп-бөлүп, шашылбай окуган” деп маалымат берген. Ошондой эле, пайгамбарыбыздан “Куранды добушуңар менен кооздогула” деген хадис риваят кылынган. (Ибн Касир).","Биз жакында сага салмактуу Сөздү (Куранды) түшүрөбүз.","Түңкү убакыттар(да ибадат кылуу жана Куран окуунун көңүлгө) тамгалануусу катуураак жана сөзү туурараак.","Күндүзүндө болсо сенин узун убарагерчилигиң бар.","(Куран окуганыңда “Бисмиллахир Рахмаанир Рахим” деп) Раббиңдин ысымын эсте жана ал үчүн (дүйнөлүк ойлордон) толук үзүл!","(Аллах) Чыгыштын жана Батыштын Раббиси! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Демек, (Оо, Мухаммад) сен Аны гана (өзүңө) таяныч кылып ал![1]###[1] Пайгамбарыбыз Мухамммад саллаллоху алайхи ва салламдын жөлөнгөн-таянганы Аллах таала гана болчу. Ошондуктан, оор мезгилдерде Раббиси анын көңүлүнө рух багыштап, душмандардын жандан өткөн жалааларына, айла-амалдарына жана ачуу сөздөрүнө каршы кандай мамиле кылуусун үйрөтүп турган.","(Оо, Мухаммад) алардын айткандарына сабыр кыл жана алардан акырын гана алыс боло тур.","(Динди) жалган деген байлык-мансап ээлерин Мага кой жана аларга бир аз мөөнөт бер.[1]###[1] Айша энебиздин айтканы боюнча ушул аят түшкөндөн бир аз мөөнөт өткөн соң, белгилүү Бадр согушу болуп, жанагы дин душмандарынын көпчүлүгү мүрт кеткен экен. (Куртубий) Аллах тааланын андайларга арнаган жазасы тез эле берилет. Бул дүйнөдө берилбей калса акыретте, Аллах таалага кайтып барганда берилет.","Биздин алдыбызда аларга арналган оор кишендер жана алоолонгон от бар!","Жана тикенектүү тамак менен жан ооруткан азап бар!","Ал (Кыямат) күнү жер менен тоолор титиреп, тоолор (суудай) аккан кумдөбөлөргө айланат!","(Эй, Мекке каапырлары!) Биз Фараонго (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. (Ал) силерге күбө болуп турат.","Фараон пайгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук.","Эгер каапыр болсоңор жаш балдардын чачын агартып жибере турган Күндөн кантип сактана аласыңар?![1]###[1] Кыяматтагы коркунучтуу окуялардан улам бардык кош бойлуулар боюндагысын таштап койот. Жап-жаш балдардын кап-кара чачтары заматта агарып калат!","Ал (коркунучтуу Күндөгү кыйроолор) себептүү асман дагы барчаланып кетет! Анын (Аллахтын) убадасы аткарылат!","Албетте, бул(айтылганд)ар эскертүү гана. Ким кааласа Раббисине (алып баруучу туура) жолду (тандап) алат.[1]###[1] Кезектеги (20-) аятты түшүнүү үчүн дагы кайрадан сүрөнүн башындагы төрт аятка кайтып, алардын маанилерин көңүлдөн өткөрүүгө туура келет. Ошентип, сүрөнүн башындагы “Эй, оронуп жатуучу! Түндөсү тур (жана ибадат кыл!) Бир аз гана бөлүгүндө: жарымында (уктасаң) мейли. Же болбосо, (уйкуңду) андан (жарымдан) бир аз кемит же бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку!” деген аят түшкөндө мусулмандарга түндүн жарымында же үчтөн экисинде же үчтөн биринде туруп, ибадат кылуу парыз болгон эле. Мусулмандар бул буйрукту аткарууга бекем киришишти. Кээ бирөөлөрү айтылган убакта тура албай (ибадат сааттарын анык эсептей албай) калуудан коркуп, түнү менен намаз окугандыктан тамандары шишип кетчү. Ушинтип, арадан бир жылга жакын убакыт өткөндө ушул (20-) аят түшүп, мурунку аяттын өкүмүн жокко чыгарды. Эми, мусулмандар үчүн түнкү ибадаттар парыз (милдет) ибадат эмес, нафил (ыктыярдуу) ибадат болуп калды.","(Оо, Мухаммад) Раббиң сенин жана сен менен болгон тайпанын түндүн үчтөн экисинен азыраагында жана жарымында жана үчтөн биринде (ибадат үчүн) турушуңду билет. Аллах түн менен күндү ченейт. Ал силердин аны (түндөгү ибадат сааттарды) эсептей албай калганыңарды билип, силерге жеңилдикти кайтарды. Эми, (түндөсү) Курандан алыңар жеткенче гана окугула. (Себеби Аллах) жакын келечекте силердин араңарда оорулуу адамдар болушун, жана башкалары Аллахтын ырыскы – пазилетин издеп жер бетин кезип (соода же сапар кылып) жүрүшүн, жана башка бирөөлөр Аллах жолунда жихад кылуу менен алектенишин билди. (Ошондой болгон соң) эми, ал-кудуретиңер жеткенче Куран окугула. Жана намазды (толук) аткарып, зекет бергиле. Жана Аллахка жакшынакай карыз бергиле. Өзүнөр(дүн араңардагы кедей муктаж инсандар) үчүн эмне жакшылык (садака) кылган болсоңор, аны Аллахтын алдында андан да жакшыраак, улугураак сооп иретинде табасыңар. Жана Аллахтан (көп) кечирим сурагыла! Чынында Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу!","Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!","Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!","Жана Раббиңдин улуулугун даңазала![1]###[1] Пайгамбарыбыз «Хира» үңкүрүндө Жебирейил периштеден алгачкы вахийди кабыл алганда, адаттан тышкары окуяга кабылганы себептүү катуу коркуп, үйүнө келип, оронуп-чүмкөнүп жатып алат. Ошол убакытта ушул аяттар түшүп, элдерди ыйманга чакыруу вазыйпасы жүктөлөт жана ишенбеген адамдарга акыреттеги тозокту эскертүү буюрулат.","Жана кийимиңди тазала![1]###[1] Аллах таала – Аруу, Таза. Андан келген дин-ыйман дагы таза. Демек, бул Таза Жолго чакыруу үчүн тазаланыш керек. Бул аятты түз маанисинде «тазаалык (даарат)тын шарттарынан бири» деп түшүнүүгө да болот. Бирок, кээ бир уламалар «кийим» дегенден максат инсандын бардык иш – аракеттери, кыял-жоруктары дешет.","Жана ыпластыктан ыраак бол![1]###[1] Бул аяттагы «ыпластык» сөзүн да уламалар эки түрлүү түшүндүрүшөт. Биринчи тайпалары «ыпластык – бул Аллахтан башка ар түрдүү кудайлар» дешет. Дагы кээ бирөөлөрү «бардык ыплас иштер» дешет.","Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.[1]###[1] Бул тафсир Имам Куртубийге тиешелүү.","(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!","Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).","Мына ушул күн – өтө оор күн!","Каапырларга жеңил болбогон (күн)!","(Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.[1]###[1] Бул аяттагы «каапыр пенде», Мекке мушриктеринин бири Валид ибн Мугира аль Махзуумий. Ал пайгамбарыбызга көп душманчылык көргөзүп, өзүнүн байлыгы, бала-чакасы көп адам экени менен мактанаар эле. Аллах таала бул аятта пайгамбарына эки чындыкты айтууда: Биринчиси, “аны Мен менен жалгыз кой, жазасын Өзүм беремин” деп пайгамбарынын көңүлүн көтөрүү. Экинчиси, пайгамбарына Валидди тегеректеген балдары, жардамчылары көп болгону менен жаратылганда (туулганда) эл катары жалгыз, алсыз туулганын билдирүү.","Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.","Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.","Жана ага өтө кененчилик бердим.","Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.[1]###[1] Ал жана ага окшогондор Аллахтын бул берешендиги истидраж (акырындап, сездирбей жазага кириптер кылуу) экенин түшүнбөй «Аллах мени сүйөт. Бул дүйнөдө берген жакшылыгын Акыретте да берет» деп ойлошот.","Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!","Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!","Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү![1]###[1] Ыйык Куранды окуган, аяттарынын үстүндө пикир кылган бардык адамдарга хидаят (туура жол) боло бербейт. Аны окуп жаткандагы ниет кандай болсо, ошого жараша болот. Куранды өзүнүн кыска акылына ченеп окугандар албетте, адашышат.","Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү!","Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү!","Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү.","Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды.","Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди.","Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр.","Бул - адамдын гана сөзү».","Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин.","(Оо, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң.","Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт.","(Терини карартып,) өзгөртүп койот!","Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар.[1]###[1] Аллах таала тозок периштелерине атайлап ушундай табият берген. Бул дагы тозокуларды кыйноонун бир көрүнүшү. Тозок периштелерин «Забаниялар» деп аталат. Ал эми, бейиштеги кызматчылар өтө жумшакпейил болушат.","Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудилер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллах тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллах мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын туура жолго салат. (Оо, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес.","Жок, Мен айга ант (ичип),","кайтып кеткен түнгө ант (ичип),","(агарып) келе жаткан таңга ант (ичип),","(Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири![1]###[1] Аллах таала Өзү жараткан олуттуу нерселер менен ант ичет. Бирок, пенделер Аллахтан башка нерсе менен ант бербеши керек. Ошондуктан, кээ бир адамдардын \"жер урсун\", көк урсун\", \"арбак урссун\", \"нан урсун\", \"кара түндө турамын\", \"дасторкондун үстүндө турамын\" деген сыяктуу анттары чоң күнөө болуп саналат.","(“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү!","Силердин араңардагы, (Аллахтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн","Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну.","Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес.[1]###[1] Бул аяттагы «Оң тарап ээлери» ким экенин түшүндүрүүдө ар кандай пикирлер айтылган. Али разияллоху анху “алар – бөбөктөр” деген болсо, Ибн Аббас “алар – периштелер” деп түшүндүргөн. Анткени, бөбөктөр менен периштелер тап-такыр күнөөсүз болушат. (Тафсиру Табарий) Тафсирчи аалымдардын арасында “алар – амал китеби оң тарабынан берилип, бейишке өкүм кылынган ыкластуу мусулмандар” дегендери да бар. (Тафсийру Куртубий) Эң туурасын Аллах билүүчү.","Алар бейиштерде туруп сурашат -","(тозоктогу) кылмышкерлерден:","«Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»","Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук.","Жана бей-бечараларды тамактандырбадык.","(Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк.","Жана Акырет күндү жалган дедик.","Башыбызга өлүм келгенге чейин»","Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт.[1]###[1] Акыретте Аллах таала Өзү каалаган пенделерине шапаатчылык (күнөөлөрдү сурап алуучулук, ортомчулук) укугун берет. Мына ошол шапаатчылардын бирөө жарымы эгер тозоктогу өзүнө жакын ыймансыз кылмышкердин күнөөсүн кечирүүнү Аллахтан сурачу болсо, Аллах аны кабыл кылбайт.","Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Курандан) жүз буруп качышат?","Жапайы эшектерге окшоп,","арстандан үркүп качкан?","Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат![1]###[1] Каапырлар ушундай текебер болушат. Алар Курандын акыйкат экенин жокко чыгаруу үчүн ар кандай айла-амалдарды жасап, ар кандай доомат сөздөрдү айтышты. Эч бир майнап чыкпаган соң, Абу Жахл баш болгон мушриктер пайгамбарыбызга келип: “Эй, Мухаммад, эгер сен чын пайгамбар болсоң, Раббиңе айткын, биздин ар бирибизге бирден китеп жиберсин жана анда “Мен чыны менен Мухаммадды силерге элчи кылып жибергенмин” деген жазуу болсун” деп талап кылышты. (Куртубий).","Жок, андай эмес! (Чынында) алар Акыреттен коркушпайт!","Жок, андай эмес! Чынында, бул (Куран эң чоң) эскерме-насаат!","Ким кааласа андан сабак алат.","Бирок, (андан) Аллах каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллах таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу!","Мен Кыямат күнүнө ант ичип,","Жемелөөчү напси[1] менен ант ичип, (айтамын:)###[1] Ар бир адамдын напсиси аны көбүнчө оңой, жыргал, бирок күнөө иштерге азгырат. Ал эми, күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгы өтүп кетээри менен, же болбосо, өлүм убактысы келгенде ар бир адамдын напсиси өзүнүн ээсин (демек өзүн) кетирген күнөөлөрү, катачылыктары үчүн жемелейт. Бул кеч болсо да, өз күнөөсүнө бушайман болгон напси. Ал эми ыйманы күчтүү момундардын напсиси, аларды күнөө ишке бара электе эле, өз ээсин «барба эле барба» деп айыптап, коргоп, насаат айтып турат.","“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”","Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз![1]###[1] Эң назик деп эсептелген бармак сөөктөрүн орду-ордуна коюуга кудуреттүү болгон Аллах таала үчүн дененин башка сөөктөрүн өз ордуна чогултуу оор эмес.","Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр...,","(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар!","Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат.","Айдын нуру өчөт","жана Күн менен Ай бириктирилет.[1]###[1] Ошол күн келгенге чейин «Күн Айга жете албайт жана түн күндүздөн өтүп кете албайт».(«Я-Син”-38) Ал эми, Кыяматта бул дүйнө жок болушу үчүн ааламдык кыйроолор башталат. Күндүн Ай менен кагылышып, биригип кетүүсү ошол кыйроонун бир гана окуясы.","Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат!","Жок! Качып бара турган орун жок!","Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар.","Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы-жаман) иштери жөнүндө кабар берилет.","Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт.[1]###[1] (Куртубий)","Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт).[1]###[1] Кээ бирөөлөр өзүнүн дене мүчөлөрү жасаган күнөөлөрүнө күбөлүк берип турса да кууланып, түрлөнүп, ар кандай шылтоолорду айтып, өзүн актаганга жан талашат. Бирок, анын шылтоолору шоона эшпейт.","(Оо , Мухаммад, сага Жебирейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе![1]###[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллахтан вахий (аяттар) келишин ушунчалык куса болуп күтөт болчу. Анан, Жебирейил периште келип, сагынткан аяттарды үйрөтө баштаганда, аяттар аягына чыккыча болбой, Жебирейилди ээрчип окуй берчу. «Эсимен чыгып калбаса экен» деп кооптонуусу да мунусуна шыкак болгон. Бирок, Аллах таала Курани Карим аяттарын Өз пайгамбарынын жүрөгүнө орноштуруу милдетин Өзүнө алган эле.","Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет.","Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебирейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин.","Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет.","Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр.","жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар.[1]###[1] Дин ишине тоскоол болбогон жана адамды азгырбаган шартта дүйнөнү сүйүү күнөө эмес. Күнөө – бул дүйнөнү акыреттен көбүрөөк сүйүү жана дүйнөгө азгырылып, акыретти унутуп коюу. Каапырлардын дүйнөнү сүйүүсү ушундай.","Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып,","Раббисине (үмүт менен) карап турат.","Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып,","өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат.","Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда...,","«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда...,","(Күнөөкөр пенде «Дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда...,","Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда...,","Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор![1]###[1] Ооба. Жан алкымга тыгылып, балтырлар тыбырап калганда эң ашынган каапырлар дагы дем салуучуну издеп калышат. Бирок, эми кеч болгон! Жан оорубаган, күч-кубаттан тайбаган мезгилдерде “Кудай” деш керек эле. Алар өлүм алдында дем салуучу издегени менен, сак-саламат мезгилде “Напсиңе азгырылба, пайгамбар алып келген жолго жүр, намаз оку” десең, моюн сунбай, каапырчылыкты тандашкан.","Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады.","Бирок, «жалган» деп далысын салып койду.","Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти.","Өлүм болсун сага өлүм!","Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм!","(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) бей-максат таштап коюлган деп ойлойбу?![1]###[1] Инсаниятты жаратуудан Аллах тааланын максаты эмне эле? Бул суроого Аллах таала: “Мен (бардык) жин(дер) жана инсан(дар)ды Өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн жараттым” - деп жооп берет. (“Заарият”-56)","Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле?!","Анан коюу кан болду. Анан (Аллах) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)","Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты.","Эми, ушул (Аллах) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?!","Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эскериле турган нерсе эмес (жок) эле.","Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы бел суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык.","(Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот).","Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук.","Жакшы (ыймандуу) адамдар (бейиштерде) «каафуур»[1] аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет.###[1] “Каафуур” дегени бейиштеги шарапка анын муздактыгын, жыттуулугун жана өткүрлүгүн ашырыш үчүн аралаштырыла турган өтө тунук булак. (Куртубий)","(“Каафуур”) булагы...Аны Аллахтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет.[1]###[1] Кааласа, атайын арыкчалар менен «жетелеп» бейиш бактарынын ичине алып кирип, кааласа бал, сүт жана туп-тунук суулар аккан дарыялардын жээгиндеги сөрүлөрдө жамбаштап жатып ичишет. Эгер каалашса алтындан, жакуттан жасалган сарайлардын алдына агызып барышат.\t Кийинки аятта мына ушундай бейиш жыргалына кимдер арзый турганы айтылат.","Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин[1] аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан.###[1] “Назир” бул, бир пенденин “Мен паландай ниетиме жеткеним үчүн Аллах таалага арнап түкүндөй ибадат кылып беремин” деп, өзүнө-өзү милдет жүктөшүнө айтылат. Иши оңунан келген кээ бир мусулмандар өзү каалаганча орозо кармап же намаз окуп берүүнү, же болбосо булардан башка ибадаттарды назир кылышат. Кайсы пенде Аллах таалага арнап кандайдыр назир кылса, аны албетте аткарышы – парыз.","Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип[1] (мындай дешкен):###[1] Чыныгы мусулмандар жетимдердин малын баса калып жебейт. Кайра аларга өз жанынан каражат кылып, өзү сүйгөн тамактардан жедирет. Ошондой эле, чыныгы мусулмандар согуш мезгилинде туткундарга катаал мамиле жасабайт.","«Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз.","Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз».","Анан Аллах аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди.","Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады.[1]###[1] Жибек кийимдерди бул дүйнөдө кийүү мусулман эркектер үчүн арам. Бул текеберленип кетпесин дегендик. Ал эми, ден-соолукка байланыштуу кандайдыр бир себеп менен (маселен, котур сыяктуу жараат чыкканда) жибек кийим кийсе, буга тоскоол жок. Анткени, исламда \"зарылдыктар тыюу салууларды жокко чыгарат\" деген эреже бар.","Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт.[1]###[1] Бул аят бейиштеги аба-ырайы жөнүндө маалымат берет. Ал жерде өтө катуу ысык да, кычыраган суук да жок. Жан эргиткен орточо аба ырайы гана болот.","Аларга бейиш (бактарынын) көлөкөcү тийип, мөмөлөрү ийилип турат.","Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат.","Күмүш чөйчөктөр… Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат.","Ал жерде (ыймандууларга) занжабил[1] аралаштырылган шарап,###[1] Имбирь. Жыпар жыттуу жана дарылык касиети жогору өсүмдүк.","(жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет).","Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң.","Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң.[1]###[1] Бул дүйнөдө дин-ыйманын байлык-мүлккө алмаштырбаган момундарды ал жерде Аллах таала мүлктүн түрүнө көмүп салат. Ал мүлктүн кээ бир түрлөрү жогоруда баяндалды. Кээ бирлеринин баяны кийинки аяттарда.","Алардын (бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер… (Эркек-аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган… Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган…","(Оо, ыймандуу пенделер!) Булар – силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер[1] ченемсиз нээматтар менен төлөндү!###[1] Бул дүйнөдө Аллахтын мыйзамын кармап жашоо үчүн анча деле көп аракеттер талап кылынбайт. Булкунган напсини тыйып, ар кадамда чабуулга өтчү шайтан азгырыктарына сергек болсо эле, Шариятты кармап жашоо өтө жеңил. Адамдар убактылуу дүйнө үчүн жасаган аракеттеринин ондон бирин да Дин үчүн жумшашпайт. Көпчүлүк динчил адамдар деле “Бир аз байлык чогултуп, үй-жай курап алайын, андан кийин динге аракет кыламын” деген ой менен жашап жатышат. Алар буга үлгүрөбү?! Аллах таала болсо Куранда оболу ыйманды оңдогула андан кийин баары оңолот, асман-жерден береке эшиктери ачылат деген мааниде насаат айтат. (“Аьраф”-96) Наадан пенде дагы эле өз билгенинен калбайт.","Чынында Биз (оо, Мухаммад) сага Куранды[1] бөлүп-бөлүп түшүрдүк.###[1] Демек, Курани Каримди тез-тез окуп, эскерип, анда айтылган маанилерди көңүлгө түйүп жүрүш керек. Бул иш Кураан менен амал кылып жашоого өбөлгө болот.","Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын[1] жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын!###[1] Раббинин эки түрдүү өкүмү бар: 1) Тагдырдагы өкүм. 2) Диний өкүм. Раббисинин тагдырга тиешелүү өкүмү боюнча пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын аялы, абасы, баласы жана кызы өзүнөн мурда кайтыш болгон. Буга сабырдан башка даба жок. Диний өкүмгө сабыр кылуу маселен, жихаддардын, дааваттардын оорчулуктарына, түнкү жана эрте мененки намазга туруунун оорчулугуна, Рамазан орозосунун ачкачылыгына ж.б.у.с. ибадаттардын түйшүгүнө сабыр кылуу менен болот.","Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн![1]###[1] Албетте, эртели-кеч Аллах тааланы эстеп, Анын ар бир кыймыл-аракетибизди көрүп, билип турганын эсинен чыгарбаган адам күнөө иштерге барбайт.","Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун-узун тасбих айт!","Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат.","Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон[1] (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз![2]###[1] Каапырларды да Аллах жараткан. Алар деле Адам-Атанын урпактары. Аллах таала аларга өмүр тартуулады. Бакубат жашоого себеп боло турган акыл-эс менен күч-кубаттан да кем кылбады. Бирок, алар Аллах берген акыл-эс менен күч-кудуретти кайра Аллах тааланын жолуна каршы иштетишти. Бул жеткен кыянатчылык эле.\t[2] Тарых бою Аллах таала кыянатчыл коомдордон канчасын кыйратты... Алар мекендеген жайлар башка коомдорго мурас калды. Бирок, каапырлар тарыхтан үлгү албай келе жатышат.","Аныгында, бул (Куран) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат.","(Бирок) силер Аллах каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!","Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, залымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон!","Ант ичемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен;","Өтө катуу жүргөн шамалдар менен;","(Булуттарды Аллах каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен;","(Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Куран аяттары) менен;","(Пайгамбарларга Аллах тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен;","(Ал периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн.","(Оо, адамдар!) силерге убада кылынган Күн[1] албетте болуучу!###[1] Кыямат","Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп,","Асман (аңырайып) ачылып,","Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда…","Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде… (ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт).","(Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле?","Ажыратуу күнүнө![1]###[1] Ал күндө бардык элдер бир майданга пайгамбарлары менен бирге чогултулуп, алардын күбөлүгүндө сурак кылынат. Ошол сурактан кийин акыйкат жалгандан ажырайт, жакшылар жамандан ажырайт.","(Оо, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң.[1]###[1] Аллах үйрөтмөйүнчө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам кайып кабарларын билген эмес. Аллах таала кабар бергенден кийин гана бул күн жөнүндө көп хадистерди айткан. Ошол хадистердин биринде мындай деген: “Кыямат күндө адамдар чогултулганда, баштарын күн куйкалап, көздөрү чекчейген бойдон асманды тиктеп кырк жыл ажыратуу күнүн күтүшөт.” (Куртубий). Башка хадистерде айтылышы боюнча ошол күтүү күндөрүндө Аллахтын көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбойт. Аллах каалаган ыймандуу адамдар Аллахтын көлөкөсүнө калкаланып жан сакташат.","Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап![1]###[1] Биз “азап” деп которгон сөздүн арабчасы “увайл”. Жалпысынан алганда Увайл – бул тозоктогу өтө жийиркеничтүү жана өтө сасык чуңкур. Ага тозокулардын күйгөн жарааттарынан сыркыган ириңдер жана башка ыпылас чыгындылар агып турат. Аллах сактасын!","Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле?![1]###[1] Аллах таала акыретти жалган дегендерди ушул дүйнөдө да көп жазалаган. Нух коомунун, Лут коомунун, Аад жана Самуд элдеринин аянычтуу кыйроолору азыркы жана кийинки каапырлар үчүн сабак болууга тийиш.","Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук!","Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз.","Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап!","(Оо, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди алсыз (бечел, бел) суудан жаратпадык беле?!","Анан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштурдук,","Белгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин.","Жана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз!","Ал күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм!","Биз жерди кучактоочу кылбадык беле,","өлүктөр менен тирүүлөрдү?[1]###[1] Аллах тааланын бир ысымы «Аль – Маннан» мунун мааниси «Өз жакшылыгын эскертип туруучу», “милдет кылуучу”. Курандын көп аяттарында Аллах таала Өзүнүн «Аль – Маннан» сыпатын эскертип, жакшылыктарын милдет (колко) кылат. Аллахтын жакшылыктарынан бири - Ал жерди өлүктөр үчүн да, тирүүлөр үчүн да эне сыяктуу кылып койгон. Тирүүлөрдү кантип өз бооруна батырып энелик кылганы айтпаса деле түшүнүктүү. Ал эми, өлүктөргө энелик кылуусу аларды өз бооруна (мүрзөгө) алып, жырткычтарга жем болуудан же башка кордуктардан сактайт. Дагы кайталоочу нерсе, жердин бул энелик боорукерлиги түпкүлүгүндө Аллах тааланын ырайымы. Эгер Аллах таала жерди инсаниятка моюн сундуруп койбогондо бул жакшылыктар болмок эмес.","Жана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык.[1]###[1] Жердин салмактуу жана бекем турушунда тоолордун ролу өзгөчө экенин геология жана геодезия илимдери тастыктаган. Ал эми, Аллах таала жараткан табият мыйзамы боюнча, деңиз жана океандардын туздуу суулары күн нуру менен бууланып, ошол бууланыш процесси менен бирге дистилляцияланып (тузунан ажырап) асманга көтөрүлүп, жамгыр-карга айланып, талаа-түздөргө, тоо-таштарга жаайт. Бийик тоолордун башынан көчкөн жүздөгөн тонналык көчкүлөрдөн муз тоолор – мөнгүлөр жаралат. Мөңгүлөр улам күн ысыган сайын, акырындык менен эрип, алардан дарыялар жаралып, кайрадан түздүктө жашаган жан-жаныбарларга таттуу-жагымдуу суу болуп агып барат. Мунун баары Аллах тааланын ырайымы, даанышмандыгы жана кудуретинен.","Ал күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм!","(Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген тозокко жөнөгүлө!","Үч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»[1] жөнөгүлө!»###[1] Тырнакчанын ичиндеги “көлөкө” – бул асманга өрдөгөн сайын үч бутакка бөлүнүп турган тозок оту же болбосо анын түтүнү.","(Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт!","Ал (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат!","Ал учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт.","Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!","Бул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт.","Алар үчүн актанууга да уруксат жок!","Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!","Бул – ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук.","Эгер (оо, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө!","Ал күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!","Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда,","Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде…","(Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»","Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз!","Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо!","(Оо, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар!","Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!","Эгер аларга (Аллахка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт![1]###[1] «Рукуу» - бул намаздагы ийилүү. Кыяматка ишенбегендер албетте намаз окууну ашыкча түйшүк деп билишет. Алар – жеткен текебер кишилер. Ийилишпейт. Бирок, алардын Аллах таалага ийилбеген моюндары жана омурткалары өзүнөн мансабы жогорураак кишинин алдында тал чыбыктай ийилип кетет. Демек, алар дүйнөкул, шоораткул адамдар! Ошентип, Аллах таалага кулчулук кылууну каалабагандар өздөрү сыяктуу күнөөкөр пенделерге кул болуп алышат.","Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!","Андан (Курандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет?![1]###[1] Курани Карим - акыркы чындык. Андан кийин чындык жок! Чындыкты четке каккан адам жалганга ыйман келтирет."]