["Мүлк жалгыз Анын колунда болгон Аллахтын жакшылыгы көбөйдү жана улук болду. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч нерсе алсырата албайт.","Оо, адамдар! Ал силердин кимиңер жакшы иш-аракеттерди кыларыңарды сынаш үчүн өлүм менен жашоону жаратты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Кечиримдүү.","Ал жети асманды жаратты. Алардын ар бири эки асман бири-бирине тийишпегендей өзүнөн мурунку асмандан жогору турган өзүнчө бир катмар. Оо, назар салуучу! Сен Аллахтын жараткандарынан эч кандай айырмачылыкты жана келишпестикти таппайсың. Дагы бир жолу карап көрчү! Сен кандайдыр бир жарылууну же бөлүнүүнү көрүп жатасыңбы? Андайды эч качан көрбөйсүң. Акыйкатта сен чеберчилик жана тактык менен жаратылган нерсени гана көрөсүң.","Андан кийин да улам-улам карап көрчү! Көзүң сага асмандын жаралуусунан эч кандай айып-кемчиликти көрбөстөн, кор болгон жана карагысы келбей чарчаган абалда өзүңө кайтат.","Жана Биз жерге эң жакын асманды жаркыраган жылдыздар менен кооздодук жана ал жылдыздарды сөз тыңшаган жин-шайтандарда атылуучу чок таш кылдык. Биз алар үчүн акыретте жалындаган отту даярдап койдук.","Ал эми Раббисине каапырлык кылгандарга кыямат күнү алоолонгон тозок азабы даярдалган. Алардын кайтып барар жайы кандай жаман!","Алар тозокко ыргытылганда, казан буркулдап кайнаган сыяктуу буркулдаган жаман үндү угушту.","Ал ага кирген адамдарга катуу каарданганынан, бири-биринен бөлүнүп-жарылып кетчүдөй болот. Ага тозоктук каапырлардын тобу ыргытылган сайын, ага жоопкер болгон периштелер аларды жемелеп: «Силерге дүйнөдө Аллахтын азабын эскерткен пайгамбар келген эмес беле?» – деп сурашат.","Каапырлар айтышты: «Ооба, бизге Аллахтын азабын эскерткен пайгамбар келген, бирок биз аны жалганга чыгарып мындай дегенбиз: «Аллах эч кандай вахий түшүргөн жок. Эй, элчилер! Силер акыйкаттан катуу адашып кеткенсиңер».","Каапырлар айтышты: «Эгерде биз пайда ала тургандай деңгээлде укканыбызда же чындыкты жалгандан айырмалай тургандай абалда акыл жүгүрткөнүбүздө, тозоктук адамдардын катарында болбойт элек. Тескерисинче, пайгамбарларга ыйман келтирип, алардын алып келгенин чындык деп тастыктап жана бейиштик адамдардан болмокпуз».","Ошентип алар өздөрүнүн каапырлыгын жана жалганга чыгаргандарын моюндарына алып, тозокко татыктуу болушту. Алыс болсун, тозок ээлери!","Чындыгында жалгыз калган кезде Аллахтан корккондор үчүн күнөөлөрүнө кечирим жана улуу сыйлык болгон бейиш бар.","Оо, адамдар! Силер сөзүңөрдү жашырасыңарбы же ачык айтасыңарбы, Ал пенделеринин жүрөгүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Бүткүл макулуктарды Жаратуучу сырды же сырдан да жашыруун болгон нерселерди билбейт бекен? Ал пенделерине Боорукер, алардын иштеринен Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Ал силерге жерди жашоо үчүн ыңгайлуу жана тегиз кылды. Эми силер анын ар тарабында жүрүп, Анын силер үчүн даярдап койгон ырыскысынан жегиле. Сурак берүү жана сыйлык-жаза алуу үчүн кайра тирилип Ага гана барасыңар.","Жер бети жашоого ыңгайлуу болгондон кийин Аллах аны Карундун астынан ачып жибергендей, силердин да астыңардан ачып жибербейт деп ишенесиңерби? Ал тынч абалынан кийин, силерди күтүүсүздөн силкилдетип баштайт.","Же болбосо, асмандагы Аллах Луттун коомуна асмандан таш жаадыргандай, силерге да жаадырбайт деп ишенесиңерби? Силер жакында Менин жазамды жана эскертмемди көргөндө билесиңер. Бирок силер азапты көргөндөн кийин андан эч пайда албайсыңар.","Ал мушриктерден мурунку коомдор дагы жалганга чыгарышты. Алар каапырлыктан жана жалганга чыгаруудан кайтпай туруп алышканда, аларга Аллахтын азабы түштү. Менин аларды четке какканым кандай болду? Ал катаал четке кагуу болду.","Ал жалганчылар үстүлөрүндө учуп бараткан, абада канатын бирде жайып, бирде жыйган кушка карашпайбы? Аларды Аллах гана жерге түшүрбөй кармап турат. Чындыгында Ал бардык нерселерди Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Эй, каапырлар! Эгерде Аллах силерди азаптоону кааласа, анда силерди Анын азабынан коргой турган аскериңер жок. Каапырлар алданууда, алар шайтанга азрыгылып алданышты.","Эгерде Аллах силерге ырыскысын жеткирбей токтотуп койсо, эч ким силерге ырыскы бере албайт. Бирок натыйжада алар каршылашууну, текеберлик кылууну жана акыйкаттан баш тартууну токтотушкан жок.","Кимиси эң туура жолдо кетүүчү: жүзүн жерге салып баскан мушрикпи, же туура жолдо түз баскан ыймандуу адамбы?","Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Аллах силерди жаратты жана силерге угуу үчүн кулакты, көрүү үчүн көздү, акыл жүгүртүү үчүн жүрөктү берди. Силер Аллахтын берген жакшылыктарына аз шүгүр кыласыңар».","Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Аллах силерди жер бетине таркатты жана жайылтты. Аны эч нерсени жарата албаган кудайларыңар кылган жок. Кыямат күнү сурак берүү жана жаза-сыйлык алуу үчүн кудайларыңарга эмес, Ага гана жыйналасыңар».","Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес дегендер айтышат: «Оо, Мухаммад! Сен жана сенин сахабаларың айтып жаткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда бизге аны келет деп айткан бул убадаңар качан болот?».","Оо, пайгамбар! Айткын: «Кыяматтын илими Аллахтын гана алдында. Анын качан болорун Ал гана билет. Мен болгону силерге ачык эскертүүчүмүн».","Качан алардын башына убада кылынган нерсе түшкөндө жана алар кыяматта азаптын жакындаганын көрүшкөндө, Аллахка каапырлык кылгандардын жүздөрү өзгөрүп, карайып кетет. Аларга: «Силер дүйнөдө ушул нерсени талап кылып шаштыргансыңар» – деп айтылат.","О, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерди жекирип: «Айткылачы, эгер Аллах мени жана мени менен бирге болгон ыймандууларды өлтүрсө, же бизге ырайым кылып, ажалыбызды кечиктирсе, анда каапырларды кыйноочу азаптан ким куткарат. Аларды эч ким куткарбайт» - дегин.","Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айткын: «Ал – Ырайымдуу. Ал силерди жалгыз Өзүнө сыйынууга чакырат. Биз бардык иштерибизде Ага гана таянабыз. Жакында силер ким анык адашууда жана ким туура жолдо экенин сөзсүз билесиңер».","Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айткын: «Айткылачы, эгер силердин ичип жаткан сууңар, силер жетпегендей абалда жерге сиңип кетсе, анда силерге аккан мол сууну ким алып келет? Аллахтан башка эч ким алып келе албайт».","Нуун. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. Аллах калем менен ант берди жана адамдар калемдери менен жазган нерселерге ант берди.","Оо, пайгамбар! Сен Аллахтын жакшылык кылып берген пайгамбарчылыгы себептүү жинди эмессиң. Тескерисинче, сен мушриктердин жинди деп айткан жалаасынан тазасың.","Сен пайгамбарчылыкты адамдарга жеткирип түйшүк тартканың үчүн сага түгөнгүс сыйлыктар бар жана сага аны эч ким милдет кыла албайт.","Чындыгында сен Куранда келген улуу кулк-мүнөздөсүң жана андагы боюнча эң сонун сыпаттасың.","Жакында сен дагы көрөсүң, ал жалганчылар да көрүшөт.","Чындык ачыкка чыкканда, кимиңер жинди экениңерди билип аласыңар.","Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Анын жолунан чыгып кеткендерди билет жана ага түшкөндөрдү жакшы билет. Алардан ким адашып кетсе, сен ага карай жол баштарыңды да билет.","Оо, пайгамбар! Сен алып келгенди жалганга чыгаргандарга моюн сунба!","Алар дин тууралуу эсептешкени келгенде аларга жумшак жана сылык мамиле кылууңду жана өздөрү дагы сага жумшак жана сылык болууну каалашат.","Сен баш ийбегин, жалган касам иче берген, жек көрүндү адамдарга,","Адамдарды бөлүш үчүн аларды ушактай бергендерге жана чагымчылык кылып жүргөндөргө,","Жакшылыкты тоскондорго, адамдардын мал-мүлкүнө, абийирине жана өздөрүнө шек келтиргендерге, жаман иштерди жана күнөөлөрдү кылгандарга,","Орой жана катаал, өз элинде тексиз алдамчы.","Ал бай жана бала-чакалуу болгону үчүн Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүдөн текеберленди.","Ага аяттарыбыз окулганда: «Бул байыркылардын уламыштарынан» – деп айтты.","Жакында Биз анын мурдуна көркүн бузган жана андан кетпеген белгини басабыз.","Биз бакча ээлерин сынаганыбыз сыяктуу мушриктерди да кургакчылык жана ачкачылык менен сынадык. Бир кезде алар анын мөмөлөрүн кедей-кембагалдар жебеш үчүн таңга маал батыраак терип алабыз деп касам ичишти.","Алар касам ичишкенде «Аллах кааласа» деген сөздү айтышпады.","Анан ээлери уктап жатканда Аллах ага от жиберип, ал аны жалмады. Алар аны оттон сактап кала алышпады.","Ошондо ал караңгы түндөй капкара болуп калды.","Анан алар таң заарда бири-бирин чакырышты.","«Эгерде түшүмдү жыйнай турган болсоңор, кедей-кембагалдар келгиче, жериңерге эртерээк баргыла» – деп айтышты.","Ошентип алар бири-бири менен акырын сүйлөшүп, шашылган бойдон жерлерине жөнөштү.","Алар бири-бирине: «Бүгүн бакчаңарга эч бир кембагал кирбейт» – деп жатышты.","Алар таң эрте мөмөлөрдү бербейбиз деген ойдо баратышты.","Качан алар анын күйүп калганын көрүшкөндө, бири-бирине айтышты: «Биз жолдон адашып калдык окшойт.","Жок! Биз кедей-кембагалдарга бербейбиз деп жатып, өзүбүз түшүмдөн куру жалак калыптырбыз».","Алардын жакшыраагы айтты: «Силер андан кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечим кылганыңарда мен силерге: «Аллахты аруулап, Ага тообо кылсаңар болбойбу?» – деп айткан элем го» – деди.","Айтышты: «Раббибиз Аруу! Биз бакчабыздын мөмөсүнөн кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечип, өзүбүзгө зыян кылгандардан болдук».","Анан алар бири-бирине карап, жеме сөздөрдү айтып башташты.","Алар өкүнүп мындай дешти: «Куругур экенбиз го! Биз кедейлердин акысын бербей, чектен чыгып кетиптирбиз.","Балким Раббибиз бизге бакчанын ордуна андан да жакшысын берет. Чындыгында биз Аллахты гана каалайбыз, Андан кечиримди үмүт кылабыз жана жакшылыкты сурайбыз».","Бизге баш ийбестик кылгандарды мына ушинтип ырыскыдан куру жалак калтыруу менен азаптайбыз. Ал эми акырет азабы мындан да чоң, эгер алар анын катаалдыгын жана узактыгын билишкен болсо.","Чындыгында Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн Раббисинин алдында жыргалчылык бейиштери бар. Алар ал жакта түбөлүк жыргалчылыкта ырахаттанышат.","Биз Мекке мушриктери ойлогондой, жазалоодо мусулмандарды каапырлардай кылып коёт бекенбиз?","Эй, мушриктер! Силерге эмне болду, бул адилетсиз жана бурмаланган өкүм менен кантип өкүм чыгарып жатасыңар?","Же силерде баш ийген адам менен күнөөкөрдү бирдей деп окуган китебиңер барбы?","Ал китепте силер үчүн акыретте өзүңөр каалаганды тандаган нерселер барбы?","Же силерде өзүңөр өкүм кылган нерселер болот дегендей талаптагы анттар менен тастыкталган убадаларыбыз барбы?","Оо, пайгамбар! Бул сөздү айткандардан: «Ким буга кепилдик бере алат?» – деп сурачы.","Же жаза берүүдө аларды мусулмандар менен бирдей кылган алардын Аллахтан башка шериктери бар бекен? Эгерде алар жаза алууда мусулмандар менен бирдейбиз деген сөзүндө чынчыл болушса, анда ошол шериктерин алып келишсин.","Кыямат күнү коркунуч пайда болуп, Раббибиз Балтырын ачык көргөзөт жана адамдар сажда кылууга чакырылганда, ыймандуулар сажда кылышат, ал эми каапырлар менен эки жүздүүлөр сажда кыла алышпайт.","Көздөрү жер карап, аларды кордук жана өкүнүч басты. Алар дүйнөдө бүгүнкү күндөгүдөн сак-саламатта болгон кезде Аллахка сажда кылууга чакырылган эле.","Оо, пайгамбар! Сага түшкөн бул Куранды жалган дегендерди Мага ташта. Биз аларды акырындык менен азапка алып барабыз, алар бул айла-амал жана аз-аздан жазалоо аларга каршы колдонулганын билишпейт.","Мен аларга күнөөлөрүн кылып алганга мөөнөт берем. Чындыгында каапырларга жана жалганчыларга карата Менин амалкөйлүгүм күчтүү. Алар Менин жазамдан аман калышпайт.","Оо, пайгамбар! Сен чакырган нерсең үчүн алардан акы сурап, алар ушундан улам оор ишти көтөрүп жатышабы, алардын сенден баш тартуусунун себеби ушулбу? Чынында андай эмес. Сен алардан акы сураган жоксуң. Анда алардын сени ээрчишине эмне тоскоол болуп жатат?","Же аларда кайып илими барбы жана алар сени менен талашып-тартышкан өздөрүнө жаккан далилдерди жазышабы?","Оо, пайгамбар! Раббиңдин аларга мөөнөт берип, акырындык менен жазалайм деген өкүмүнө сабыр кыл. Коомунан тажоодо киттин ээси Юнустай болбо. Ал деңиз караңгылыгы менен киттин курсагындагы караңгылыкта кыйынчылык абалда турганда Раббисине чакырык салды.","Эгерде ага Аллахтын ырайымы жетпегенде, кит аны жемеге калган абалда ээн жерге таштап коймок.","Анан Раббиси аны тандап, такыба пенделеринен кылды.","Аллахка каапырлык кылып, Анын элчисин жалганга чыгаргандар, сага түшкөн Куранды уккан кезде сени акырая тиктеп, көздөрү менен сени көтөрө чаап жиберейин дешет жана алар өз каалоолорун ээрчип, акыйкаттан баш тарткан абалда: «Чындыгында муну алып келген пайгамбар анык жинди» – деп айтышат.","Сага түшүрүлгөн Куран – адамзат менен жиндер үчүн гана болгон эскертме жана насаат.","Аллах баарына анык келе турган кайра тирилүү убактысын эскерди.","Андан соң «Анык Келүүчү деген эмне?» деген суроо менен анын ордун даңазалады.","Сен ал Анык келүүчү эмне экенин кайдан билмек элең?","Салихтин коому Самуд менен Худдун коому Аад коркунучтарынын катааалдыгы менен адамдарга сокку урган кыяматты жалганга чыгарышты.","Аллах Самудду күчтүүлүк жана коркунуч жактан чегине жеткен катуу кыйкырык менен жок кылды.","Ал эми Аадды катаалдык жактан чегине жеткен ызгаардуу суук шамал менен жок кылды.","Аллах аны аларга жети түн, сегиз күнгө жиберип, ал алардын бирин да калтырбай жок кылды. Сен аларды кыйроого учурагандан кийин жерге кулап чирип калган курманын тамырлары сыяктуу өз турак-жайларында жерде сулап өлүп жаткандарын көрөсүң.","Сен алардын башына түшкөн азаптан кийин тирүү калган жанды көрдүңбү?","Фараон жана андан мурунку коомдор жана жер астын-үстүн болуп азапталган Луттун коомунун шаары ширк жана күнөөлөрдү кылуу сыяктуу туура эмес иштерди жасашты.","Алардын баарысы аларга жиберилген пайгамбарына каршы чыгышты жана аны жалганга чыгарышты. Ошондо Аллах аларды түбүнө жете тургандай деңгээлде ашыкча күч менен кармады.","Суу көтөрүлүп чектен ашканда, Биз Өз буйругубуз менен силерди белдеринде көтөрүп жүргөн адамдарды Нух жасаган сүзүүчү кемеге салдык, алар силерди көтүүрүлөр болду.","Биз ал кемени жана анын окуясын каапырлардын жок кылынышына жана ыймандуулардын куткарылышына далил болсун деп жана аны куйма кулак адам укканда жаттап алсын деп сабак кылдык.","Сурнай тартууга жоопкер болгон периште бир жолу үйлөгөндө, (ал сурнайдын экинчи жолу тартылуусу)","Жер менен тоолор көтөрүлөт жана алар бир жолу катуу быркырап талкаланып, жер менен тоолордун бөлүкчөлөрүн бөлүп салат.","Ушулардын баары болгон күнү кыямат болот.","Ал күндө периштелер түшүү үчүн асман ачылат. Ошол күнү ал алсыз болот, ага чейин бекем жана кубаттуу эле.","Ал эми анын чет жакаларында периштелер болот. Ошол улуу күндө Раббиңдин Аршын сегиз жакын периштелери көтөрөт.","Оо, адамдар! Ошол күндө Аллахтын алдына турасыңар. Силерде кандай гана сыр болбосун, ал Аллахка жашыруун калбайт. Тескерисинче, Аллах аны Билүүчү жана Кабардар.","Кимге иш-аракеттери жазылган китеби оң тарабынан берилсе, ал сүйүнгөнүнөн мындай деп айтат: «Мынакей! Менин иш-аракеттер жазылган китебимди алып окугула.","Мен дүйнөдө кайра тирилеримди жана сыйлыгыма жолугарымды анык билчүмүн».","Ал түбөлүк жыргалчылыкты көргөндө көңүлдөгүдөй жашоодо болот.","Орду жана даражасы бийик бейиште болот.","Анын мөмө-жемиштери аны үзүүчүгө жакын болот.","Аларга сый-урмат катары: «Дүйнөдөгү өткөн күндөрдө кылган жакшылык иштериңер себептүү эч кандай зыян тартпастан жегиле жана ичкиле» – деп айтылат.","Ал эми кимге иш-аракеттери жазылган китеби сол тарабынан берилсе, анда ал катуу өкүнүчтөн мындай деп айтат: «Аттиң-ай, мага амал китебим берилбей эле койсо экен. Ал жакта мени азапка татыктуу кылган жамандык иштерим бар.","Аттиң-ай, сурагым кандай болорун билбей калсам экен.","Аттиң, мен өлгөн өлүм, андан кийин кайра тирилүү болбогон өлүм болуп калса кана!","Мал-мүлкүм мени Аллахтын азабынан эч коргой албады.","Эч кандай далилим калбады жана мен таянган күч-кубат да, кадыр-барк да жок болду».","Ага айтылат: «Эй, периштелер! Аны кармагыла да, колун мойнуна байлагыла.","Анан аны тозокко киргизгиле, ал анын ысыктык азабын тартсын.","Андан соң узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга киргизгиле».","Анткени ал улуу Аллахка ыйман келтирген жок.","Башкаларды бей-бечарага тамак берүүгө чакырган жок.","Эми кыямат күнү аны азаптан коргогон жакыны болбойт.","Ал үчүн тозоктогу адамдардын денесинен чыккан ириңден башка тамак-аш болбойт.","Ал тамак-ашты күнөө жана жамандык иштерди кылган адамдар гана жешет.","Аллах силер көргөн нерселер менен ант берди.","Жана силер көрбөгөн нерселер менен ант берди.","Чындыгында Куран – Аллахтын сөзү. Аны улуу пайгамбары адамдарга окуп берет.","Ал акындын сөзү эмес. Анткени ал поэзиянын ыргактарына туура келбейт. Силер аз ыйман келтиресиңер.","Ал көзү ачыктын сөзү эмес. Көзү ачыктардын сөзү бул Курандан айырмаланып турат. Силер аз эскересиңер.","Бирок ал бүткүл макулуктардын Раббиси тараптан түшүрүлгөн.","Эгерде Мухаммад Биз айтпаган эле кээ бир сөздөрдү Биздин атыбыздан ойлоп чыгарган болсо,","Биз андан өч алмакпыз жана аны Өз күч-кудуретибиз менен кармамакпыз.","Кийин анын жүрөгү менен байланышкан тамырын кесип салмакпыз.","Ошондо араңардан эч ким аны Бизден коргой албайт. Ал силер үчүн Биз атыбыздан жалган айтуусу мүмкүн эмес.","Чындыгында Куран Раббисинин буйругун аткарып, Анын тыйгандарын таштаган такыба адамдар үчүн насыят.","Биз силердин араңарда бул Куран тууралуу жалган айткан адамдар бар экенин билебиз.","Куранды жалганга чыгаруу – кыямат күнүндөгү чоң өкүнүч.","Чындыгында Куран – Аллах тараптан экендигинде эч кандай шек-күмөнү жок анык чындык.","Оо, пайгамбар! Раббиңди Ага ылайык келбеген нерселерден аруула жана улуу Раббиңдин ысымын эскер.","Мушриктерден бир суроочу адам, эгер бул азап боло турган болсо, мага жана элиме азап болсунчу деп сурады. Бул анын шылдыңы болчу. Ал кыямат күнү болот.","Аллахка каапырлык кылгандарга. Ал азапты эч ким кайтара албайт.","Ал бийиктик, даражалар, артыкчылыктар жана жакшылыктар Ээси Аллах тараптан.","Кыямат күнү периштелер Ага көтөрүлөт жана Жебреил да ошол даражаларда болот. Ал узактыгы элүү миң жылга барабар узак күн.","Оо, пайгамбар! Эч кандай коркунуч жана арыз-муң болбогон сабырдуулук менен сабыр кыл.","Алар бул азапты болушу мүмкүн эместей алыс деп эсептешет.","Биз болсо анын анык болоруна жакын калганын көрүп турабыз.","Ал күндө асман эритилген жез, алтын же башка сыяктуу болот.","Тоолор болсо жүндөй үлпүлдөк болуп калат.","Жакын жакынынын акыбалын сурабайт. Анткени ар бири өзү менен гана алек болуп калат.","Ар бир адам өз жакынын көрөт, ал ага жашыруун болбойт. Ага карабастан ал жердеги коркунучтан улам эч ким эч кимди сурабайт. Тозокко татыктуу адам өзүнүн ордуна балдарын берүүнү каалайт.","Аялын жана ага-инилерин садага чапкысы келет.","Кыйынчылыктарда аны менен бирге турган жакын туугандарын өзүнүн атынан садага чапкысы келет.","Жер бетиндеги бүткүл адамзат жана жиндерди садага чапкысы келет. Анан ошол садагасын берип, өзүн тозок азабынан куткарууну каалайт.","Абал ал күнөөкөр эңсегендей эмес! Ал акыреттин алоолонуп жалындаган тозогу.","Анын катуу ысыктыгынан жана жалынынан баш териси шылынып түшөт.","Ал акыйкаттан баш тарткандарды, андан алыстаткандарды, ага ыйман келтирбегендерди жана аны иш жүзүндө аткарбагандарды чакырат.","Жана байлык жыйнап, андан Аллах жолуна сарптоого сараңдык кылгандарды чакырат.","Чындыгында инсан өтө ачкөз болуп жаратылган.","Эгер ал оорудан же кедейликтен зыян тартса, аз сабыр кылат.","Эгер ал түшүмдүүлүк же байлык сыяктуу ага жаккан нерсеге жетсе, аны Аллах жолуна сарптагысы келбей катуулук кылат.","Намаз окугандар гана андай эмес. Алар мындай айыптуу сыпаттардан таза.","Алар намаздарын такай окушат, андан алаксышпайт жана аны белгиленген убактысында аткарышат.","Алардын мал-мүлкүндө парз болгон белгилүү өлчөмдөгү үлүш бар.","Алар аны кандай себеп болбосун, ырыскыдан куру калып сурагандарга жана сурабагандарга беришет.","Алар кыямат күнүн чындык деп тастыкташат. Ал күнү Аллах ар бир адамга өзүнө татыктуу сыйлыкты же жазаны берет.","Алар кылган жакшылык иштерине карабастан, Раббисинин азабынан коркушат.","Чындыгында Раббиңдин азабы коркунучтуу, андан эч бир акылдуу коопсуз боло албайт.","Алар жыныс мүчөлөрүн жабуу жана бузукулуктан алыс кылуу менен сакташат.","Аялдарынан же кол астындагы күңдөрүнөн гана сакташпайт. Алар менен жыныстык мамиле же башка нерселерди кылып ырахат алууда айыптуу эмес.","Ким жогоруда айтылгандай аялдары менен күндөрүнөн башкадан ырахат алууну кааласа, мына ошолор Аллахтын чектеринен чыккандар.","Алар өздөрүнө аманат кылынган мал-мүлктү жана сырларды, ошондой эле адамдар менен түзгөн келишимдерди бекем сактагандар. Алар аманаттарына кыянаттык кылыштпайт жана келишимдерин бузушпайт.","Алар берген күбөлүктөрүн талаптагыдай аткаргандар. Күбө болууга туугандык да, душмандык да таасир берген эмес.","Алар намаздарын өз убагында окуп, даарат жана бейпилдик менен сактагандар. Аларды андан эч нерсе алаксытпайт.","Мына ушундай сыпаттардагы адамдар – бейиштерде түбөлүк жыргалчылыкка туш болуп жана Аллахтын асыл Жүзүн көрүп сыйга бөлөнгөндөр.","Оо, пайгамбар! Сени жалганга чыгарууга далбастаган коомуңдагы мушриктерди сенин айланаңа чогулууга эмне түрткү берди?","Алар сени оң тарабыңдан, сол тарабыңдан топ-топ болуп тегеректеп алышкан.","Алар каапырлыкта болуп туруп, Аллахтан ар бирин түбөлүктүү жыргалчылыкта ырахаттанган жыргалчылык бейишине киргизүүнү үмүт кылышабы?","Абал алар элестеткендей эмес. Биз аларды өздөрү билген нерседен жараттык. Аларды жийиркеничтүү суудан жаратканбыз. Алар өздөрүнө пайда да, зыян да келтире албагандай алсыз эле. Эми кандайча текеберленип жатышат?","Чыгыштын, батыштын, Күндүн, Айдын жана башка планеталардын Раббиси болгон Аллах Өзү менен касам ичип: Биз Кудуреттүүбүз...","аларды Аллахка моюн сунгандар менен алмаштырып коюуга жана аларды жок кылууга. Биз буга алсыз эмеспиз жана качан Биз аларды жок кылууну жана башкаларга алмаштырууну кааласак, эч ким Бизге үстөм кыла албайт.","Оо, пайгамбар! Аларды ошол жалганга жана адашууга баткан абалдарында таштап кой. Алар Куранда убада кылынган кыямат күнүнө жолукканга чейин дүйнө жашоолорунда ойноп жүрө беришсин.","Ошол күнү алар желекке карай жарышкан сыяктуу кабырларынан шашылып чыгышат.","Көздөрү жер карап, аларды кордук басат. Бул аларга дүйнөдө убада кылынган күн. Алар ага көңүл бурушкан эмес.","Биз Нухту коомун чакырыш үчүн, аларга Аллахка ширк кылгандары себептүү кыйноочу азап келерден мурун эскерткин деп жибердик.","Нух коомуна айтты: «Оо, элим! Эгерде Аллахка тообо кылбасаңар, мен силерди күткөн азапты анык эскертүүчүмүн.","Менин силерге болгон эскертмемдин талабы мындайча: «Аллахка гана сыйынгыла, Ага эч нерсени шерик кылбагыла, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен буйруган нерселерде мага баш ийгиле.","Эгер силер муну аткарсаңар, Аллах силердин пенделердин укуктарына байланышпаган күнөөлөрүңөрдү кечирет, силердин үммөтүңөрдүн жашоодогу мөөнөтүн Аллахтын илиминде белгиленген убакытка чейин узартат. Силер ушул абалдан тайбасаңар, жер бетин гүлдөтөсүңөр. Чындыгында өлүм келген кезде ал кечиктирилбейт. Эгерде силер билгениңерде, анда Аллахка ыйман келтирүүгө жана силер кылган ширктен жана адашуудан тообо кылмаксыңар».","Нух айтты: «Оо, Раббим! Мен элимди күнү-түнү тынбастан Сага ибадат кылууга жана Сага гана сыйынууга чакырдым.","Бирок менин дааватым алардын качуусун жана мен чакырган нерседен алыстоосун гана күчөттү.","Мен аларды Сага гана ибадат кылуу, Сага жана Сенин элчиңе моюн сунуу сыяктуу алардын күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болгон нерселерге чакырган сайын, алар менин чакырыгымды укпаш үчүн манжаларын кулактарына тыгып, мени көрбөш үчүн беттерин кийимдери менен жаап, ширк кылууну уланта беришти жана мен аларды чакырган нерсени кабыл алып, ага баш ийүүдөн текеберленишти.","Оо, Раббим! Кийин мен аларды ачык түрдө чакырдым.","Кийин мен аларга дааватым түрдүү ыкмада болсун деп үнүмдү бийик чыгарып да, жай чыгарып да даават кылдым жана жашыруун сыр кылып да айттым.","Аларга айттым: «Оо, элим! Раббиңерге тообо кылып, Андан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү.","Эгерде силер муну аткарсаңар, Аллах силер муктаж болгон сайын нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана силерде кургакчылык болбойт.","Жана силерге көп мал-мүлк жана бала-чака берет, силер мөмө-жемишинен жеген бакчаларды кылат жана силер ичүү үчүн жана жерлериңерди, малдарыңарды сугаруу үчүн дарыяларды кылат.","Оо, элим! Эмне үчүн силер эч нерсеге карабай Аллахка баш ийбестик кылып, Анын улуулугунан коркпой жатасыңар?","Ал силерди бел суудан, кийин уюган кандан, кийин үзүм эттен этап-этабы менен жаратты.","Аллах жети асманды, асман үстүнө асман кылып кантип жаратканын көрбөй жатасыңарбы?","Дүйнө асманына Айды жайгаштырды, андан жердин жашоочуларына нур чачырайт. Ал эми Күндү жарык кылды.","Аллах түпкү атаңар Адамды топурактан жаратуу менен силерди жерден жаратты. Кийин силер ал өстүрүп чыгарган нерселер менен азыктанасыңар.","Андан соң силерди өлүмдөн кийин кайра ага кайтарат. Кийин андан кайра тирилтип чыгарат.","Аллах силер үчүн жерди жашоого ылайыктуу тегиз кылды.","Балким силер адал ырыскы издеш үчүн андагы кенен жолдордо жүрөсүңөр.","Нух айтты: «Оо, Раббим! Чындыгында коомум жалгыз Сага сыйынуу жана Өзүңө гана ибадат кылуу сыяктуу мен аларды буйруган нерселерге баш ийбестик кылышты жана арасыңдагы төмөн адамдар Сен байлык жана бала-чака берген башчыларын ээрчип кетишти. Алар болсо Сенин берген жакшылыктарың менен алардын адашууларын кайра күчөттү.","Алардын чоңдору төмөн адамдарды Нухка каршы тукуруп, чоң айла-амал кылышты.","Аларды ээрчигендерге айтышты: «Кудайларыңарга сыйынганды таштабагыла жана силердин айкелдериңер Вадды, Сувааны, Ягусту, Яукту жана Насрды таштабагыла».","Алар бул айкелдери менен көптөгөн адамдарды адаштырды. Оо, Раббим! Каапырлыктан жана күнөөлөрдөн баш тартпай өздөрүнө зулумдук кылгандардын акыйкаттан адашуусун көбөйт.","Алар кылган күнөөлөрү себептүү дүйнөдө топон сууга чөктүрүлдү. Анан өлүмдөн кийин түз тозокко киргизилип, аларды чөгүүдөн жана тозоктон куткарганга Аллахтан башка эч бир жардамчы табышпады.","Качан Аллах Нухка буга чейин ыйман келтиргендерден башка эч ким ыйман келтирбейт деп кабар бергенде, ал айтты: «Оо, Раббим! Жер бетинде айланган же кыбыр эткен бир да каапырды калтырба.","Раббибиз! Эгерде Сен аларды таштап, аларга мөөнөт берсең, ыймандуу пенделериңди адаштырышат жана Сага моюн сунбаган, жакшылыктарыңа шүгүр кылбай, каапырлыкты катуу карманган бузуку адамдарды төрөшөт.","Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечир, ата-энемдин күнөөлөрүн кечир, менин үйүмө ыймандуу болуп киргендерди кечир жана ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир».","Оо, пайгамбар! Үммөтүңө айт: «Аллах мага вахий кылды, жиндердин бир жамааты менин Куран окуганымды Нахла өрөөнүндө угушту. Качан алар өз коомуна кайтып келишкенде, аларга айтышты: «Чындыгында биз айкындык жана чечендик менен окулуп жаткан суктанарлык сөздү уктук.","Биз уккан бул сөз ишенимде, сөздө жана иш-аракетте тууралыкка багыттайт экен. Ошондуктан биз ага ыйман келтирдик жана аны кимдир-бирөөгө түшүргөн Раббибизге ширк кылбайбыз.","Ошондой эле мушриктер айткандай Ал Өзүнө эч кандай аял да, перзент да алган эмес. Раббибиздин улуулугу жана касиеттүүлүгү бийик болду.","Ал эми Иблис болсо, Аллахтын аялы бар, баласы бар деп Ага каршы бурмаланган жалаа сөздү айтып жүрүптүр.","Биз адамзат менен жиндерден болгон мушриктердин Анын аялы жана баласы бар деген ойлорунда жалган айтышпайт деп ойлогонбуз. Ошондуктан биз аларды ээрчип, айткан сөздөрүнө ишенгенбиз.","Караңгылык доордо адамзаттан болгон кээ бир эркектер коркунучтуу жерге жайланышканда айрым эркек жиндерден коргоо сурашып, арасынан кээ бири: «Мен бул өрөөндүн кожоюнунан анын коомунун акылсыздарынын зыянынан коргоо сураймын» – деп айтчы. Ошентип адамзаттан болгон эркектердин жиндерден болгон эркектерден болгон коркунучу жана сестенүүсү күч алчы.","Эй, жиндер! Адамзат да силер ойлогондой, Аллах эч кимди өлгөндөн кийин сурак алуу үчүн жана сыйлык-жазасын берүү үчүн кайра тирилтпейт деп ойлогон.","Биз асман кабарларын издедик, бирок асман биз мурунтан кылып жүргөн сөз тыңшоодон аны коргогон күчтүү күзөтчү периштелерге толгонун жана ал асманга жакындагандардын баарына каршы атылган жалындуу отторго толгонун көрдүк.","Биз мурун асмандагы атайын орундарга олтуруп, андан периштелердин өз ара сүйлөшкөн сөздөрүн укчубуз. Кийин аны жер бетиндеги көзү ачыктарга айтып берет элек. Эми абал өзгөрдү. Арабыздан ким азыр сөз тыңшаган болсо, ал үчүн даярдалган жалындуу отту көрөт. Эгер ал жакындачу болсо, анда аны көздөй учуп, күйгүзүп жок кылат.","Биз бул катаал күзөтчүлүктүн себебин билбей жатабыз, муну менен жер бетиндегилерге жамандык келгени жатабы же Аллах аларга жакшылык каалап жатабы. Бизге болсо асман кабарлары токтотулду.","Жиндер жамааты! Биздин арабызда такыба жакшылар бар жана арабызда каапырлар менен бузукулар да бар. Биздин топторубуз ар башка жана каалоолорубуз ар түрдүү эле.","Жана Аллах биз үчүн бир нерсе кааласа, биз Андан кутула албастыгыбызды жана Ал бизди толук курчап турганы себептүү Андан качып кете албастыгыбызды анык түшүндүк.","Качан биз тууралыкка жол көргөзгөн Куранды укканда, ага ыйман келтирдик. Кимде-ким Раббисине ыйман келтирсе, анда ал жакшылык иштеринин азаюусунан же мурунку күнөөлөрүнө күнөө кошулуусунан коркпойт.","Биздин арабызда Аллахка сыйынып баш ийген мусулмандары бар жана туура жолдон адашкандары да бар. Кимде-ким Аллахка сыйынып жана жакшылык иштерди кылып моюн сунган болсо, мына ошолор туура жолду жана тууралыкты көздөгөндөр.","Ал эми ортолук жана туура жолдон адашкандар, адамзаттагы өздөрүнө окшогондор менен тозокко отун болуп күйгөндөр.","Ал аны жиндердин бир жамааты укту деп вахий кылган сыяктуу ага мындай деп да вахий кылды, эгерде жиндер менен адамзат Ислам жолуна түшүп, андагы нерселерди иш жүзүндө аткарышса, анда Аллах аларды мол суу менен камсыздайт жана аларга түрлүү жакшылыктарды тартуулайт.","Биз муну алар Аллахтын жакшылыгына шүгүр кылышат бекен же аны танып кетишет бекен деп сынаш үчүн кылдык. Ким Курандан жана андагы осуяттардан жүз бурса, Раббиси аны көтөрө албаган катуу азапка киргизет.","Мечиттер башкага таандык эмес, Аллахка гана таандык. Андыктан ал жакта Аллах менен катар башкаларга дуба кылбагыла. Болбосо чиркөөлөрдөгү жана синагогалардагы жөөттөр менен христиандардай болуп каласыңар.","Качан Аллахтын пендеси Мухаммад Нахла өрөөнүндө Раббисине сыйынып жаткан кезде, жиндер анын Куран окуп жатканын угушканда катуу тыгылыштан улам биринин үстүнө бири чыгайын деп калды.","Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Чындыгында мен Раббиме гана дуба кылам жана ким болбосун, сыйынууда Ага эч кимди шерик кылбайм».","Аларга айт: «Аллах силерге тагдыр кылган зыянды кайтарууга кудуретим жетпейт жана Аллах силерге тыйып койгон пайданы келтирүүгө да кудуретим жетпейт».","Аларга айт: «Эгер мен Ага баш ийбестик кылсам, анда мени Андан эч ким куткара албайт жана мен Андан башка баш калкалоочу жай таппайм».","Бирок менин колумдан келген нерсе – Аллахтын силерге жеткир деген буйругун жана мен аркылуу силерге жиберилген жолдомосун жеткирүү. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик кылса, анда анын тагдыры түбөлүк тозокко кирүү болот, ал андан эч качан чыкпайт».","Каапырлар аларга дүйнөдө убада кылынган азапты каямат күнү көргөнгө чейин каапырлыктарын уланта беришет. Ошол кезде алар кимдин колдоочусу алсыз экенин жана кимдин жардамчылары аз экенин билишет.","Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жокко чыгарган мушриктерге айт: «Силерге убада кылынган азап жакын калганын же анын Аллах гана билген мөөнөтү барбы, мен билбеймин».","Ал бүт кайыпты Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал кайыпты эч кимге билдирбейт. Тескерисинче, аны жеке Өзү гана билген абалда калат.","Бирок, Ал Өзү ыраазы болгон пайгамбарларга гана каалаганын билдирет. Ошондой эле Ал пайгамбардын алды-артынан сакчы периштелерди жиберет, алар аны башка эч кимге билдирбей коргойт.","Пайгамбар төмөнкүлөрдү билиш үчүн: андан мурунку пайгамбарлар Раббисинин аларга жеткир деп буйруган жолдомолорун жеткиришти. Анткени Аллах ал аркылуу аларды камкордукка алды жана Аллах периштелер менен пайгамбарлардын алдындагы нерсени Өз илими менен камтып алды.","Оо, кийимине оронуп алган (пайгамбар)!","Түндүн бир аз бөлүгүндө намаз оку.","Кааласаң, анын жарымын же үчтөн бирине жеткенчелик жарымынан азыраагын намаз оку.","Же үчтөн экисине жеткенчилик кош жана Куранды окусаң ачык оку жана аны кыраат кылганда шашылба.","Оо, пайгамбар! Биз сага салмактуу сөз болгон Куранды түшүрөбүз. Анткени анда парздар, жаза өкүмдөрү, өкүм-буйруктар, адептер жана башка нерселер бар.","Чындыгында түнкү сааттар кыраат кылууда жүрөккө эң ылайыктуу жана сөздөрү эң туура.","Сен күндүзү жумуштарыңды кылып, Куран окуудан алаксыйсың. Андыктан түндөсү намаз оку.","Аллахты түрдүү зикирлер менен эскер жана чын ыкластан сыйынып өзүңдү Ага арна.","Ал Чыгыш менен Батыштын Раббиси. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Андыктан Аны бардык иштериңде таянган Колдоочу кылып ал.","Жана жалганчылардын шылдың жана сөгүш сөздөрүнө сабыр кыл жана аларды эч кандай зыян келтирбестен ташта.","Бул дүйнөнүн жыргалчылыгынан ырахат алган жалганчылардын абалына көңүл бурба, аларды Мага ташта жана алардын мөөнөтү келгенге чейин бир аз күт.","Чындыгында акыретте Биздин алдыбызда оор кишендер жана алоолонгон от бар.","Жана өтө ачуулугунан кекиртекке кептелген тамак-аш менен мурункудан да ашыкча кыйноочу азап бар.","Ал азап жер жана тоолор титиреген күнү жалганчыларга болот. Тоолор катуу коркунучтан улам бырыксыган жана агылган кумдай болуп калат.","Биз Фараонго Мусаны пайгамбар кылып жиберген сыяктуу кыямат күнү силердин иш-аракеттериңерге күбө болуучу пайгамбарды жибердик.","Фараон Раббиси тараптан ага жиберилген пайгамбарга баш ийбестик кылды, анан Биз аны дүйнөдө сууга чөктүрүп катуу жазаладык жана акыретте тозок азабы менен жазалайбыз. Ошондуктан силер дагы пайгамбарыңарга баш ийбестик кылбагыла, болбосо анын башына түшкөн нерсе силерге да түшөт.","Эгер силер Аллахка каапырлык кылып, Анын элчисин жалганга чыгарган болсоңор, анда катуу коркунучтан жана узактыгынан жаш балдардын да чачы агарган узак катаал күндө өзүңөрдү кантип коргойсуңар?","Асман коркунучтан бөлүнүп жарылат. Аллахтын убадасы сөзсүз аткарылды.","Чындыгында кыямат күндөгү коркунуч жана катаалдык тууралуу баяндаманы камтыган бул насыйкат – ыймандуулар пайда алуучу эскертме. Кимде-ким Раббисине алып бара турган жолду кааласа, ошол жолго түшсүн.","Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кээде сенин түндүн үчтөн экисинен азыраагын, кээде жарымын, кээде үчтөн бир бөлүгүн намаз окуганыңды билет жана ыймандуулардын тобу да сени менен бирге туруп намаз окушат. Аллах күн менен түндүн өлчөмүн белгилейт жана алардын сааттарын эсептейт. Ал силерди анын сааттарын тактык менен эсебин чыгара албай, ал себептүү силер көздөгөнүңөргө жетиш үчүн анын көпчүлүк бөлүгүн намаз окуп, кыйналып калууңар мүмкүн экенин билди. Ошол себептен Ал силердин тообоңорду кабыл кылды. Андыктан алыңар келишинче түндөсү намаз окугула. Оо, ыймандуулар! Аллах силердин араңарда оорудан чарчаган оорулуулар болушун, кээ бирөөлөр Аллахтын ырыскысын издеп жер кезип жүргөнүн, башкалары болсо Аллахтын сөзү бийик болсун деп Анын ыраазылыгы үчүн каапырлар менен согушуп жатканын билет. Мына ошолорго түнкү намазды окуш кыйын. Андыктан алыңардын келишинче түндөсү намаз окугула, парз намазды талаптагыдай толук аткаргыла, мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле жана Аллах жолуна мал-мүлкүңөрдөн сарптагыла. Өзүңөр үчүн кандай жакшылык кылбагыла, аны эң жакшы жана эң сооптуу абалда табасыңар. Жана Аллахтан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.","Оо, кийимине оронуп алган (пайгамбар)!","Тургун жана Аллахтын азабын эскерт!","Раббиңди улукта!","Кийимиңди тазала!","Айкелдерге сыйынуудан алыс бол!","Жакшылык иштерди көп кылдым деп Раббиңе милдет кылба!","Аллах үчүн тарткан зыяндарга сабыр кыл!","Качан керней экинчи жолу тартылганда.","Мына ошол күн – катаал күн.","Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандарга оңой болбойт.","Оо, пайгамбар! Мен энесинин курсагында байлыксыз же баласыз жалгыз кылып жараткан (Валид ибн аль-Мугийраны) Мага ташта.","Мен ага көп мал-мүлк бердим.","Жана аны менен бирге жүрүп, чогулуштарга бирге катышкан жана байлыгынын көптүгү себептүү сапарда да андан бөлүнбөгөн уулдарды бердим.","Жана ага жашоону, ырыскыны жана бала-чаканы кенен кылдым.","Кийин ал Мага кылган каапырлыгына карабастан, Мен ага ошонун баарын бергенден кийин дагы көбөйтсө экен деп каалап жатат.","Абал ал элестеткендей эмес. Чындыгында ал пайгамбарыбызга түшүргөн аяттарыбызды четке какты жана аларды жалганга чыгарды.","Жакында Мен ага көтөрө албаган азаптын машакатын тарттырам.","Мен ушундай жакшылыктарды берген бул каапыр Куранды жалганга чыгаруу тууралуу айтканын ойлонду жана аны ичинен болжоду.","Каргышка калгыр, азапка калгыр! Кантип болжоду?!","Дагы каргышка калгыр, азапка калгыр! Кантип болжоду?!","Андан соң ал айтканына назар салып ойлонуп көрдү.","Кийин ал Куранды жамандаганга эч нерсе таппай калганда жүзүн тырыштырып, кабагын чытыды.","Андан соң ыймандан жүз бурду жана пайгамбарды ээрчүүдөн текеберленди.","Анан ал мындай деди: «Мухаммад алып келген нерсе Аллахтын сөзү эмес. Тескерисинче, ал башкалар ага айтып берген сыйкыр.","Бул Аллахтын сөзү эмес, бул адамдын сөзү».","Мен аны жакында тозоктун катмарларын бири Сакарга киргизем, ал анын ысыктыгынан азап чегет.","Оо, Мухаммад! Сен Сакар эмне экенин кайдан билмек элең?","Ал андагы азапталгандын эч нерсесин калтырбайт. Ага сөзсүз келет, аны таштап койбойт. Кийин ал баштапкы абалына кайтканда, ага кайрадан келет. Мына ушинтип айлана берет.","Терини катуу күйгүзөт жана өзгөртөт.","Анын үстүндө он тогуз күзөтчү периштелер бар.","Биз тозок сакчыларын периштелерден гана кылдык. Адамзаттын аларга күчү жетпейт. Биз, алардын санын Аллахка каапыр болгондорду сыноо үчүн ушундай кылдык. Биз, алар айтар сөзүн айтып, азаптары эселеп көбөйүүсү үчүн, Тоорот берилген жөөттөр менен Инжил берилген христиандар, алардын китептеринде айтылганды тастыктаган Куран түшкөн кезде айкын билүүлөрү үчүн, Китеп ээлеринин (кабары ыймандуулардын ишенимине) дал келгенде ыймандуулардын ыйманын күчөтүү үчүн, жөөттөр да, христиандар да, ыймандуулар да шектенбөөсү үчүн, ыйманга кирүүдө эки анжы болгондор жана каапырлар: «Аллах бул таң калыштуу сан менен эмнени каалап жатат?» – деп айтуулары үчүн ушундай кылдык. Бул санды жокко чыгаргандарды адаштыруу жана ага ишенгендерди туура жолго салган сыяктуу, Аллах каалаганын адаштырып, каалаганын туура жолго салат. Раббиңдин аскерлери көп болгондуктан, алардын санын Өзүнөн башка эч ким билбейт. Тозок адамзатка эскертүү гана, ал аркылуу адамдар Аллах тааланын улуктугун билишет.","Кээ бир мушриктер ойлогондой, аны шериктери тозоктон чыгарууга тозок сакчыларына жетиштүү деп айткандай эмес. Аллах Ай менен ант берди.","Жана кайтып бараткан түнгө ант берди.","Жана жарык чачкан таңга ант берди.","Чындыгында тозок оту чоң балээлердин бири.","Адамдар үчүн эскертүү жана коркутуу.","Оо, адамдар! Силердин араңардагы Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылууга умтулууну же каапырлыктан жана күнөөлөрдөн кетенчиктөөнү каалагандар үчүн.","Ар бир жан кылган иштери себептүү кармалып турат. Же кылган иштери аны жок кылат, же аны кыйроодон куткарып, сактап калат.","Ыймандуулар гана күнөөлөрү үчүн кармалышпайт. Тескерисинче, алар жакшылык иштери себептүү күнөөлөрү кечирилет.","Алар кыямат күнү бейиштерде бири-биринен сурашат.","Күнөө иштерди кылып өздөрүн кыйроого учураткан каапырлар тууралуу.","Алардан: «Силерди тозокко эмне киргизди?» – деп сурашат.","Каапырлар мындай деп жооп беришет: «Биз дүйнө жашоосунда парз намазды окугандардан эмес элек.","Жана Аллах бизге берген нерселерден бей-бечараларды тамактандырган эмеспиз.","Биз жалганчылар кайда жүрсө, ошолор менен чогу жүрдүк жана адашкандар менен сүйлөшчүбүз.","Жана сурак күндү жалган деп айтчубуз.","Бизге өлүм келгенге чейин аны жалганга чыгаруудан баш тартпадык жана ал бизге тообо кылууга тоскоолдук кылды».","Кыяматта аларга периштелерден, пайгамбарлардан жана такыба адамдардан болгон шапаат кылуучулардын ортомчулугу пайдасын тийгизбейт. Анткени, шапааттын кабыл болуу шарттарынын бири – шапаат кылына турган адамга ыраазы болуу.","Бул мушриктердин Курандан жүз буруусуна эмне себеп болду?","Алар жүз бурууда жана андан качууда катуу үркүп качкан жапайы эшектер сыяктуу.","Арстандан коркуп качкан сыяктуу.","Тескерисинче, ал мушриктер ар биринин башында ачык китеп болушун жана ал «Мухаммад – Аллах тараптан келген элчи» деп кабар берүүсүн каалашат. Мунун себеби далилдердин аздыгынан же жоктугунан эмес, чындыгында ал баш ийбестиктен жана текеберликтен.","Абал андай эмес! Мунун себеби алар адашуудан баш тартпаганында. Алар акырет азабына ишенбестен, каапырлыкта калышты.","Чындыгында бул Куран – насыйкат жана эскертме эмеспи!","Ким Куранды окуп, насаат алгысы келсе, аны окусун жана насаат алсын.","Бирок Аллах насаат алуусун каалагандар гана насаат алышат. Аллах таала Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоого татыктуу жана тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн кечирүүгө да татыктуу.","Аллах кыямат күнү менен ант берди. Ал күнү адамдар ааламдардын Раббиси үчүн турушат.","Жана жакшылык иштерди кылууда кемчиликтерди кетирген жана күнөөлөрдү кылган адамды жемелеген жакшы жан менен ант берди. Ал адамдарды суракка алуу, сыйлыгын же жазасын берүү максатта аларды кайра тирилтүү үчүн бул эки нерсе менен ант берди.","Инсан өлгөндөн кийин Биз аны кайра тирилтүү үчүн сөөктөрүн чогулта албайбыз деп ойлоп жатабы?","Албетте! Биз аны чогултуу менен бирге анын манжаларынын учтарын мурдагыдай кемчиликсиз жаралган калыбына кайрадан келтире алабыз.","Бирок инсан кайра тирилүүнү четке кагуу менен бузукулугун токтотпостон улантууну каалайт.","Ал кыямат күн болушу мүмкүн эмес дегендей: «Ал качан болот?» – деп сурайт.","Качан ал жалган деп айткан нерсени көргөн кезде көздөрү алаңдап, нес болуп калат.","Айдын нуру өчөт.","Күн менен Ай биригет.","Ошол күнү бузуку адам: «Кай жакка качам?» – деп айтат.","Ал күнү качып кутулуу жок, бузуку адам баш калкалоочу жер жок, ал коргонуучу жай жок.","Оо, пайгамбар! Ал күнү сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн Раббиңе гана кайтуу бар.","Ал күнү инсанга мурунку жана кийинки кылган иштери тууралуу кабар берилет.","Бирок инсан өзүнө каршы күбөгө өтөт. Анткени анын дене мүчөлөрү кылган күнөө иштери тууралуу ага каршы күбө болушат.","Эгерде ал жамандык иш кылбадым деп өз таламын талашып, ар кандай шылтоолорду айтса да, ага пайда келтирбейт.","Оо, пайгамбар! Куранды эсиңден чыгып кетпесин деп шашылып тилиңди кыймылдата бербе!","Чындыгында аны көкүрөгүңө топтоо жана кыраатын тилиңе жатык кылуу – Биздин милдетибиз.","Сага Биздин элчи Жебирейил (Курандан) окуганда, аны унчукпай ук.","Андан соң аны сага чечмелеп берүү да – Биздин милдетибиз.","Жок! Бул нерсе силердин кайра тирилүү мүмкүн эмес деп айтканыңардай эмес. Анткени силер билесиңер, силерди абалдатан жаратууга кудуреттүү Зат, силерди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө алсыз эмес. Бирок силердин кайра тирилүүнү жалганга чыгарганыңардын себеби – тез өтүүчү дүйнө жашоосуна болгон сүйүүңөр.","Жана акырет жашоосун таштооңор. Анын жолу – Аллах буйруган ибадаттарды аткарып, Ал тыйган арам нерселерди таштаганыңар.","Ал күнү ыймандуу жана бактылуу адамдардын жүздөрү нурдуу болуп, жаркырап турат.","Ырахаттануу менен Раббисине карап турат.","Ал эми ал күнү каапыр жана бактысыз адамдардын жүздөрү үңүрөйүп турат.","Аларга чоң жаза жана кыйноочу азап түшөрүн билип турушат.","Бул жерде абал мушриктер өлгөндөн кийин азапталбайбыз деп элестеткендей эмес. Качан алардын биринин жаны көкүрөгүнүн жогору жагына жеткенде.","Адамдар бири-бирине: «Ким буга дем салат, балким айыгып кетер» – айтышат.","Ошол кезде жан алакетке түшкөн адам өлүм аркылуу дүйнө менен кош айтышып жатканын анык билет.","Дүйнөнүн бүтүшүндө жана акыреттин башталышында кыйынчылыктар биригет.","Ошол нерсе болгондо, өлгөн адам Раббисине жеткирилет.","Каапыр адам Анын элчиси алып келгенге ишенген жок, Аллах үчүн намаз да окуган жок.","Бирок ал Анын элчиси алып келгенди жалганга чыгарды жана андан жүз бурду.","Андан соң бул каапыр текеберликтен бой көтөрүп басып үй-бүлөсүнө барды.","Аллах каапырга азабы жакын калганын эскертти.","Андан соң тастыктоо максатта сүйлөмдү дагы бир ирет кайталап, мындай деди: «Андан соң дагы сага өлүм болсун, өлүм болсун!».","Инсан Аллах ага шарият милдеттерин жүктөбөстөн, жөн эле таштап коёт деп ойлоп жатабы?","Ошол инсан бир кездерде жатынга куюлган бир тамчы бел суусу эмес беле?","Ошондон кийин ал бир бүртүк коюу кан болду, кийин Аллах аны жаратып, ага түз келбет берди.","Ошентип ал анын жынысын эркек жана аял кылып эки түрдө кылды.","Инсанды бел суудан, кийин коюу кандан жараткан Зат сурак алуу, сыйлык же жаза берүү үчүн өлүктөрдү жаңыдан тирилтүүгө кудуреттүү эмес бекен? Албетте, кудуреттүү!","Инсандын үстүнөн узак замандар өткөн, ал кезде анын аты да, заты да жок болчу.","Чындыгында Биз инсанды аял менен эркектин суусунун аралашмасынан турган бел суудан жараттык. Биз ага милдеттерди жүктөп сынайбыз. Биз ага милдет кылып жүктөгөн шариятты аткаруусу үчүн аны уга турган жана көрө турган кылдык.","Биз ага элчилерибиздин тилдеринде туура жолду баяндап бердик. Муну менен ага адашуу жолу анык болду. Ал ошондон кийин туура жолго түшүп, Аллахка шүгүр кылган ыймандуу пенде болот, же болбосо андан адашып, Аллахтын аяттарын четке каккан каапыр пенде болот.","Чындыгында Биз Аллахка жана Анын элчилерине каапыр болгондор үчүн аларды тозокко сүйрөгөн чынжырларды, салынуучу кишендерди жана алоолонгон отту даярдап койдук.","Чындыгында Аллахка моюн сунган ыймандуулар кыямат күнү жыпар жыттуу камфора менен аралашкан шарапка толтурулган чөйчөктөрдөн ичишет.","Моюн сунгандарга даярдалган бул суусундук ¬– сузуп алуусу жеңил болгон түгөнгүс мол булактан болот. Аны менен Аллахтын пенделери суусунун кандырышат. Алар аны каалаган жагына агыза алышат.","Аны ичкен пенделердин сыпаттары, алар өздөрүнө милдет кылган ибадаттарды аткарышат жана жамандыгы жайылган кыямат күндөн коркушат.","Алар өздөрү тамак-ашка муктаж болуп жана табити тартып, каалап турушса дагы, аны муктаж кедей-кембагалдарга, жетимдерге жана туткундарга беришет.","Аларды Аллахтын Жүзү үчүн гана тамактандырып жатышканын ичтерине сыр кылып жашырышат. Аларга берген тамак-аштары үчүн сыйлык да, мактоо да күтүшпөйт.","Чындыгында биз коркунучтан улам бактысыздардын үрөйүн учурган күндөгү Раббибизден коркобуз.","Аллах аларды Өз жакшылыгы менен ошол улуу күндүн жамандыгынан коргойт жана алардын жүзүнө сулуулук жана нур берет, сый-урматка бөлөйт жана жүрөктөрүнө кубаныч тартуулайт.","Алар ибадаттарга, Аллахтын тагдырына жана күнөөлөргө сабыр кылышканы себептүү аларга жыргалчылыкка батырган бейишти жана алар кие турган жибекти тартуу кылды.","Алар ал жакта кооз сөрүлөргө сүйөнүп олтурушат. Алар ошол бейиште шооласы зыяндуу Күндү да, ызгаардуу суукту да көрүшпөйт. Тескерисинче, алар ысык да, суук да болбогон түбөлүк көлөкөлөрдө болушат.","Анын көлөкөлөрү ага жакын болот, анын мөмө-жемиштери үзүүнү каалагандарга ийилип турат. Ал аны кыйналбастан оңой эле үзүп алат. Аны жаткан, олтурган жана турган адам да үзө алат.","Алар суусундук каалашканда кызматчылар аларды күмүш идиштер жана тунук чөйчөктөр менен айланып турушат.","Ал өңүнүн тунуктугунда айнек сыяктуу, бирок ал күмүштөн. Ал алардын каалоосуна жараша ченемделген, андан ашып да, кемип да кетпейт.","Ал сый-урматка бөлөнгөндөргө чөйчөктөрдө имбир кошулган шарап берилет.","Алар бейиштеги Салсабил аттуу булактан ичишет.","Аларды түбөлүк жаштыкта болуучу улан-жигиттер айланып турушат. Эгер аларды көрсөң, жүздөрүнүн жаркыраганынан, өңдөрүнүн сулуулугунан, көптүгүнөн жана таркап жүргөндүгүнөн чачылган берметтерби деп ойлойсуң.","Эгер ошол бейиштеги нерселерге көз салсаң, анда сүрөттөөгө мүмкүн болбогондой жыргалчылыкты жана тендешсиз улуу мүлктү көрөсүң.","Алардын үстүндө тулку бойлорун жапкан жука жибектен жана калың парчадан болгон саркеч жашыл кийимдер болот. Алар ал жакта күмүш билериктерди тагынышат жана Аллах аларга бүткүл булганычтан таза суусундук берет.","Аларга сый-урмат катары айтылат: «Силерге берилген бул жыргалчылык – силердин кылган жакшылык иштериңердин сыйлыгы болду. Силердин иш-аракеттериңер Аллахтын алдында кабыл кылынды».","Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды чогу бир эле түшүрбөстөн, бөлүп-бөлүп түшүрдүк.","Андыктан сен тагдырга же шариятка байланыштуу Раббиңдин өкүм кылган нерселерге сабыр кыл жана сени күнөөгө чакырган күнөөкөргө, каапырлыкка чакырган каапырга моюн сунбагын!","Жана Раббиңди күндүн башталышында багымдат намазын жана күндүн акырында бешим менен асыр намаздарын окуу менен эстегин.","Ошондой эле Аны күүгүмдөгү шам жана куптан намаздарын окуу менен эстегин жана ал экөөсүнөн кийин тахажуд намазын окугун.","Чындыгында ал мушриктер дүйнө жашоосун жакшы көрүп, ага жанталашышат жана кыйынчылыктар, сыноолор менен коштолгон оор кыямат күнүн артка таштап коюшат.","Биз аларды жараттык жана алардын дене мүчөлөрүнө жана муундарына күч берип, тулку бойлорун кубаттуу кылдык. Эгер Биз аларды жок кылууну жана өздөрүнө окшогондорго алмаштырууну кааласак, анда аларды жок кылып, алмаштырып коймокпуз.","Акыйкатта бул сүрөө – насыйкат жана эскертме. Ким Раббисинин ыраазылыгына жеткире турган жолго түшүүнү кааласа, анда муну кармансын.","Аллах силерден ушуну каалаганда гана силер Анын ыраазылыгына жеткирген жолго түшүүнү каалайсыңар. Анткени бүткүл иштер Ага кайтат. Чындыгында Аллах пенделерине кайсы нерселер пайдалуу, кайсылары пайдасыз экенин Билүүчү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман.","Ал каалаган пенделерин Өз ырайымына алып, аларга ыйманга жана жакшылык иштерге карай ийгилик берет. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга акыретте кыйноочу тозок азабын даярдап койгон.","Аллах аттын жалындай үлгүлтүксүз шамал менен ант берди.","Катуу соккон шамал менен ант берди.","Жамгырды тараткан шамал менен ант берди.","Акыйкат менен жалганды ажыратуу үчүн түшкөн периштелерге менен ант берди.","Вахий менен түшкөн периштелер менен ант берди.","Алар Аллахтын алдында адамдар актанбаш үчүн жана аларга Аллахтын азабын эскертүү максатта вахий менен түшүшөт.","Чындыгында силерге убада кылынган кайра тирилүү, сурак алуу жана жаза-сыйлык берүү сөзсүз түрдө болот.","Жылдыздардын нуру өчүп, жарыгы кеткенде.","Периштелер түшүү үчүн асман ачылганда.","Тоолор өз ордуларынан жулунуп, чаңдай болгончо майданалып бытыраганда.","Пайгамбарлар белгилүү бир убакытка чогултулганда.","Өз үммөттөрүнө күбө болуш үчүн кечиктирилген улуу күн үчүн.","Пенделердин ортосун ажыратуучу күн үчүн. Ошондо чынчылдар жана жалганчылар, бактылуулар жана бактысыздар ачык билинет.","Оо, пайгамбар! Сен ажыратуу күнү эмне экенин кайдан билмек?","Ал күндө пайгамбарлар Аллах тараптан алып келген нерсени жалганга чыгаргандар үчүн кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Биз Аллахка каапырлык кылган, пайгамбарларын жалганга чыгарган мурунку коомдорду жок кылбадык беле?","Алардын артынан кийинки муундарды кошуп, тигилерди жок кылгандай жок кылабыз.","Тигил коомдорду жок кылган сыяктуу Мухаммад алып келгенди жалганга чыгарган күнөөкөрлөрдү да жок кылабыз.","Ал күнү Аллахтын күнөөкөрлөрдү жазалайм деген убадасын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Оо, адамдар! Биз силерди жийиркеничтүү болор-болбос бел суудан жаратпадык беле?","Анан Биз ал жийиркеничтүү бел сууну коопсуз жай болгон аялдын жатынына жайгаштырдык.","Белгилүү мөөнөткө чейин – ал кош бойлуулук мөөнөтү.","Жана Биз жаңы төрөлгөн баланын сыпатын, өлчөмүн, өң-түсүн жана башка нерселерин белгилеп койгонбуз. Ушунун баарын кылган Биздин кудуреттүүлүгүбүз кандай сонун!","Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Биз жерди адамдардын баарысын өзүнө сыйдыруучу кылбадыкпы?","Ал тирүүлөрдү үстүндө жашатуу жана гүлдөтүү менен, ал эми өлүктөрдү ага көмдүрүү менен сыйдырат.","Жана аны силкинүүдөн сактаган бекем, бийик тоолорду жаратты. Оо, адамдар! Биз силерге таза суу бердик. Ушуларды жараткан Зат силерди кайра жаратууга алсыз эмес.","Ал күнү Аллахтын кылган жакшылыктарын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Пайгамбарлары алып келгенди жалганга чыгаргандарга айтылат: «Эй, жалганчылар! Силер жалган деп эсептеген азапты көздөй жөнөгүлө!","Үч бөлүккө бөлүнгөн тозок түтүнүнүн көлөкөсүнө жөнөгүлө».","Анда көлөкөнүн салкындыгы жок жана ал тозоктун жалыны менен ысыктыгынын силерге өтүүсүн токтото албайт.","Чындыгында тозок сепилдей болгон чоңдуктагы учкундарды чачып турат.","Андан чачыраган учкундар каралыгында жана чоңдугунда кара тору төөлөргө окшойт.","Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Бул күнү алар эч нерсе тууралуу сүйлөй алышпайт.","Аларга каапырлыктары жана күнөөлөрү үчүн Раббисинен кечирим суроого уруксат берилбейт. Бирок алар Андан кечирим сурашат.","Ал күнү Аллахтын кылган жакшылыктарын жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Бул күн – макулуктарды ажыратуучу күн. Биз силерди жана мурунку коомдорду бир жерге чогулттук.","Эгерде силерде Аллахтын азабынан кутулуу үчүн колдоно турган айла-амалыңар болсо, аны Мага каршы колдонгулачы!","Ал күнү Аллахтын кудуреттүүлүгүн жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор бейиштин жапжашыл дарактарынын көлөкөсүндө, аккан таза суу булактарында.","Жана жегиси келген мөмө-жемиштерде болушат.","Аларга айтылат: «Дүйнөдө жакшылык иштерди кылганыңар себептүү таза нерселерден жегиле жана зыянсыз жагымдуу суусундуктардан ичкиле».","Биз силерге берген мындай сыйлыкты жакшылык иштерди кылгандарга да беребиз.","Ал күнү Аллах такыбалар үчүн даярдап койгон нерселерди жалганга чыгаргандарга кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Жалганчыларга айтылат: «Жегиле жана дүйнөдө аз гана убакыт жашоо жыргалчылыктарын пайдаланып калгыла. Силер Аллахка каапырлык кылганыңар жана Анын элчилерин жалганга чыгарганыңар себептүү күнөөкөрсүңөр».","Сурак күндөгү жазаларын жалганга чыгаргандарга ал күнү кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Ал жалганчыларга «Аллах үчүн намаз окугула» деп айтылса, Ал үчүн намаз окушпайт.","Пайгамбарлар Аллах тараптан алып келгенди жалган деген жалганчыларга ал күнү кыйроо, азап жана жоготуу болсун!","Эгер алар Раббиси тараптан түшкөн бул Куранга ишенишпесе, анда мындан башка кайсы сөзгө ишенишет?"]