["Биз сага айтып өткөн пайгамбарларды вахийде, жолун жолдоочуларда жана даражаларда бири-биринен артык кылдык. Алардын арасында Муса сыяктуу Аллах таала түзмө-түз сүйлөшкөндөрү бар жана алардын арасында Мухаммад сыяктуу бийик даражаларга көтөргөндөрү бар, анткени ал бүткүл адамзатка жиберилди, аны менен пайгамбарчылык токтоду жана анын үммөтү башка үммөттөрдөн артык болду. Ошондой эле Биз Мариямдын уулу Исага анын пайгамбарлыгына далил боло турган өлүктөрдү тирилтүү, сокур менен пес ооруларын айыктыруу сыяктуу ачык-айкын кереметтерди бердик жана аны Аллах тааланын буйругун аткарууга кубаттандыруу үчүн Жебреил аркылуу колдодук. Аллах кааласа, пайгамбарлардан кийин келгендер аларга ачык-айкын аяттар келгенден кийин бири-бири менен согушмак эмес, бирок алар бири-бирине каршы болуп бөлүнүп кетишти. Алардын кээ бирлери Аллахка ыйман келтиришсе, кээ бирлери Ага каапырлык кылышты. Эгер Аллах алардын согушууларын каалабаса, алар согушпайт болчу. Бирок Аллах каалаганын кылат, кимди кааласа Өзүнүн ырайымы жана айкөлдүгү менен ыйманга багыттайт, кимди кааласа Өзүнүн адилеттиги жана даанышмандыгы менен адаштырат.","Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Кыямат күн келгенге чейин Биз силерге ырыскы кылып берген ар кандай адал мал-мүлктөрдөн сарптагыла. Ал убакта адамга иштеп тапкан соода да, кыйынчылыкта пайдасы тийген достук да, зыянды кайтара турган же пайда келтире турган ортомчулук да пайдасын тийгизбейт. Бирок Аллах Өзү каалагандарга жана ыраазы болгондорго уруксат бергенден кийин гана пайдасы тиет. Ал эми каапырлар Аллах таалага каапырлык кылышкандары себептүү чыныгы залымдар.","Аллах – жалгыз Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү, анда эч кандай өлүм да, кемчилик да болбойт. Ал Өзү жеке бүт баарын кармап Туруучу жана жараткандарынын эч бирине муктаж эмес. Бардык макулуктар Ал себептүү кармалып турат жана алар бардык абалдарында Ага муктаж. Анын кемчиликсиз тирүүлүгү жана бүт баарын кармап турганы себептүү Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Анын уруксаты жана макулдугу болмоюнча эч ким Анын алдында шапаат кылууга акысы жок. Ал жараткандардын иштерине байланыштуу болуп өткөн жана келечекте боло турган нерселерди билет. Ал эми алар Анын илиминен Өзү каалап билдирген нерсени гана биле алышат. Анын Курсийи (Раббинин эки таманынын орду) асмандар менен жерди кеңдигине жана чоңдугуна карабастан өзүнө камтып турат. Аларды сактап туруу Ага оорчулук жана машакат жаратпайт. Ал Өз Заты, кудурети жана үстөмдүгү менен Бийик, Өз мүлкүндө жана падышалыгында Улук.","Ислам динине кирүүгө эч ким мажбурланбайт. Анткени ал ачык жана акыйкат дин болгондуктан, ага бирөөнү мажбурлоонун кажети жок. Туура жол адашуудан анык айырмаланды. Ким Аллахтан башка сыйынган нерселерге каапырлык кылып, алардан баш тартса жана жалгыз Аллахка ыйман келтирсе, анда ал кыяматта кутулуу үчүн үзүлбөгөн эң күчтүү себеп менен динди карманыптыр. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин Билүүчү. Жакында аларга сыйлыгын же жазасын берет.","Аллах Өзүнө ыйман келтиргендерге кам көрөт, алардын жолун ачат, аларга жардам берет жана аларды каапырлыктын жана наадандыктын караңгылыгынан ыйман жана илим нуруна чыгарат. Ал эми каапырлык кылгандардын камкорчулары – аларга каапырлыкты кооз көргөзүп, аларды ыйман жана илим нурунан каапырлык жана наадандык караңгылыктарына чыгарган жалган кудайлар жана шериктер. Ошолор тозокто түбөлүк калуучу адамдар.","Оо, пайгамбар! Аллахтын жаратуучулугу жана сыйынууга татыктуулугу тууралуу Ибрахим менен талашып-тартышкан залымдын тайманбастыгынан да таң калыштуусун билчү белең? Анын мындай кылуусуна Аллахтын берген падышалыгы себеп болуп, ал чектен чыкты. Ибрахим ага Раббисинин сыпаттарын баяндап: «Менин Раббим бүткүл макулуктарды тирилтет жана өлтүрөт» – деди. Залым кежирленип: «Мен деле кимди кааласам өлтүрүп жанын алам, кимди кааласам кечирип тирүү калтырам» – деди. Ибрахим ага андан да чоңураак далил келтирип: «Мен сыйынган Раббим Күндү чыгыш тараптан чыгарат, сен аны батыш тараптан чыгарчы» – деди. Ошондо залым эмне дерин билбей токтоп калды, далилдин күчтүүлүгүнө туруштук бере албады. Аллах залымдарга зулумдуктары жана аша чапкандыктары себептүү Анын жолуна түшүүгө ийгилик бербейт.","Же болбосо, чатырлары кулаган, дубалдары ураган, жашоочулары кырылып, ээн калган шаардын жанынан өтүп бара жаткан адамдын окуясын билчү белең? Ал киши таң калып: «Аллах бул шаардын элин өлгөндөн кийин кантип тирилтет болду экен?» – деди. Ошондо Аллах аны жүз жылга өлтүрүп, анан кайра тирилтти жана андан: «Канча жыл өлүк жаттың?» – деп сурады. Ал: «Бир күн же күндүн бир аз бөлүгүндөй убакыт жаттым окшойт» – деп жооп берди. Ал ага айтты: «Жок, сен толук жүз жыл жаттың. Жаныңдагы тамак-аш менен суусундукту карачы, алар өзгөрбөстөн ошол бойдон турат, болбосо тамак-аш менен суусундук бат эле бузулуп кетет. Өлгөн эшегиңди карачы! Биз сени адамдарга Аллахтын кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин билдирген ачык-айкын белги кылабыз. Эшегиңдин майдаланып, чачырап кеткен сөөктөрүн карачы, Биз аларды кантип тургузуп, бири-бирине бириктирет экенбиз, андан кийин ага эт каптайбыз, анан аны кайра тирилтебиз». Муну көргөндөн кийин ага иштин акыйкаты белгилүү болду жана Аллахтын кудуретин билди. Ал муну моюнга алып: «Мен Аллахтын бардык нерсеге кудуреттүү экенин билдим» – деди.","Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим: «Оо, Раббим! Өлүктөр кантип тирилерин өз көзүм менен көрөйүнчү?» ¬– дегенде, Аллах ага: «Сен бул нерсеге ишенген эмес белең?» – деди. Ибрахим айтты: «Жок, ишенгем. Бирок жүрөгүмдүн тынчтануусун арттыруу үчүн». Ошондо Аллах ага буйрук кылып айтты: «Канаттуулардан төртөөнү ал, аларды өзүңө чогулт жана майдалап кескиле. Андан соң айланаңдагы тоолордун ар бирине алардын бир бөлүгүн кой, анан аларды чакырсаң, алар сага тирилген абалда шашылып келишет. Оо, Ибрахим! Билип кой, Аллах Өз мүлкүндө Кудуреттүү, буйругунда, шарияттында жана жаратуусунда Даанышман».","Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптаган ыймандууларга берилген сооптун мисалы, дыйкан жакшы жерге эккен дан сыяктуу. Андан жети машак өнүп чыгат, ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллах пенделеринен кимге кааласа соопторун эселетип көбөйтүп, алардын сыйлыгын эсепсиз берет. Аллахтын берешендиги жана айкөлдүгү кенен жана Ал эселеп берүүгө кимдер ылайык экенин билүүчү.","Мал-мүлктөрүн Аллахка моюн сунуу жана Анын ыраазычылыгы үчүн сарптап, андан соң берген нерсесинин артынан анын сообун кетире турган сөз же иш-аракет менен адамдарга милдет кылбагандарга Раббисинин алдында сооптор бар, келечекте алар үчүн эч кандай коркунуч болбойт жана аларга берилген улуу жакшылыктар себептүү өткөн нерселерге кайгырышпайт.","Мусулмандын жүрөгүнө кубаныч тартуулай тургандай жылуу сөз айтуу жана сага жамандык кылганды кечирүү – садака алган адамга артынан милдет кылып зыян берген садакага караганда жакшыраак. Аллах пенделерине Беймуктаж, аларды жазалоого шашылбаган Токтоо.","Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Садака берилген адамга милдет кылуу жана зыян берүү менен садакаңардын сообун жок кылып албагыла. Мына ушундай кылган адам эл көрсүн жана мактасын деген ниет менен мал-мүлктөрүн сарптаган адам сыяктуу. Ал Аллахка, кыямат күнүнө жана андагы сыйлык жана жазага ишенбеген каапыр. Мунун мисалы үстү топурак баскан жылмакай ташка окшош. Ал ташка нөшөрлөп жамгыр жаап, анын топурактарын кетирип, аны эч нерсеси жок жылмакай кылып койду. Ошол сыяктуу эле эл көрсүн үчүн кылган адамдардын иш-аракеттеринин жана короткон мал-мүлктөрүнүн сооптору жок болот, Аллахтын алдында алардын эч нерсеси калбайт. Аллах каапырларды Өзү ыраазы болгон жана алардын иш-аракеттерине жана сарптаган мал-мүлктөрүнө пайда келтирген нерселерге багыттабайт.","Аллахтын ыраазылыгын көздөп жана Анын убадасы чындык экенине көңүлдөрү мажбурлоосуз тынч алган абалда мал-мүлктөрүн сарптаган ыймандуулар – бийик жана жакшы жердеги бакча сыяктуу. Ал жерге нөшөрлөп жамгыр жаап, эселеп мөмө-жемиштерди берет. Эгер ага жамгыр нөшөрлөп жаабастан, аз гана жаай турган болсо, ал жакшы жер бойдон кала берет. Ыкластуу адамдардын сарптаган мал-мүлктөрү да ушул сыяктуу, Аллах аны кабыл кылат жана сообунун аздыгына карабастан эселеп көбөйтөт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат. Ага ыкластуулардын жана эл көрсүн үчүн кылгандардын абалы жашыруун эмес. Ал жакында ар бирине татыктуу болгон сыйлыгын же жазасын берет.","Силерден кимдир бирөөнүн жүзүм жана курма багы бар дейли, анын ичинде таза суу агып турат жана мөмө-жемиштердин түр-түрлөрү бар. Анын ээси улгайып, жумуш кылганга жана акча тапканга жарабаган карыган чал болуп калды. Анын жумуш кылганга жарай элек алсыз жаш балдары бар. Анын карылыгы жана балдарынын алсыздыгы себептүү ал багына өтө муктаж болуп турган абалда ага катуу шамал келип, от тутанып, ал толугу менен күйүп кетишин кимиңер каалайт элеңер? Мал-мүлкүн элге көрүнүш үчүн сарптаган адамдын абалы да ушул кишиге окшош. Ал кыямат күнү жакшылыктарга өтө муктаж болуп турган убакта Аллахтын алдына эч бир жакшылыгы жок барат. Мына ушундай баяндоо аркылуу Аллах силерге дүйнөдө жана акыретте пайда келтире турган нерселерди түшүндүрөт. Балким ал тууралуу ой жүгүртөсүңөр.","Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Иштеп тапкан таза жана адал мал-мүлктөн сарптагыла. Жана Биз силерге жерден чыгарып берген өсүмдүктөрдөн сарптагыла. Алардын жаманын берүүнү ниет кылбагыла, эгер силерге ошондоюн берсе алмак эмессиңер, алсаңар да көрмөксөнгө салып, аны жактырбайт болчуңар. Эми өзүңөргө ыраа көрбөгөн нерсени кантип Аллахка ыраа көрүп жатасыңар?! Билгиле, Аллах силердин бергениңерге Беймуктаж жана Ал Затында, иш-аракеттеринде мактоого татыктуу.","Шайтан силерди кедейлик менен коркутат, сараңдыкка үндөйт жана күнөө иштерди кылууга чакырат. Ал эми Аллах силерге күнөөлөрүңөр үчүн улуу кечиримди жана кенен ырыскыны убада кылат. Аллахтын айкөлдүгү кенен жана Ал пенделеринин абалдарын Билүүчү.","Ал пенделеринен кимге кааласа, сөздөгү жана иш-аракеттеги тууралыкты берет. Кимге мындай нерсе берилсе, ага чындап көптөгөн жакшылыктар берилиптир. Аллахтын нуру менен нурланган жана Анын туура жолуна түшкөн кемчиликсиз акыл ээлери гана Анын аяттарынан эскертме жана үлгү алышат.","Аз болобу, көп болобу, Аллахтын ыраазылыгын көздөп эмнени сарптасаңар же силерге милдет кылынбаса да Аллахка баш ийип аткарган ишиңерге бекем болсоңор, албетте Аллах мунун баарын билет жана Анын алдында алардын эч бири жок болбойт. Силерге жакында алар үчүн эң чоң сыйлыктарды берет. Ал эми өздөрүнө милдет болгон нерселерди аткарбаган жана Аллахтын чектеринен чыккан залымдар үчүн аларды кыямат күнү азаптан куткара турган эч бир жардамчы болбойт.","Эгерде садаканы мал-мүлк менен ачык көрсөтүп берсеңер, ал садакаңар кандай жакшы садака. Эгер аны жашырып, кедей-кембагалдарга берсеңер, ал көрсөтүп бергениңерге караганда жакшыраак. Анткени ал ыкластуулукка жакыныраагы. Ыкластуулардын садакаларында алардын күнөөлөрүн жаап-жашыруу жана кечирим бар. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан Кабардар. Силердин абалыңардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Оо, пайгамбар! Чындыкты кабыл алуу, ага моюн сунуу жана ага алып баруу үчүн аларды туура жолго салууга милдеттүү эмессиң. Чындыгында сен аларды акыйкатка багыттоого жана аны менен тааныштырууга гана милдеттүүсүң. Ал эми акыйкатка жана туура жолго карай ийгилик берүү Аллахтын гана колунда. Ал кимди кааласа туура жолго салат. Жакшылыкка кандай нерсени сарптасаңар, анын пайдасы өзүңөргө кайтат. Анткени Аллах ага муктаж эмес. Андыктан сарптаган нерсеңер Аллах үчүн гана болсун. Чыныгы ыймандуулар Аллахтын ыраазылыгын көздөп сарпташат. Жакшылыкка сарптаган нерсеңер аз болобу же көп болобу, анын сыйлыгын кемитпестен толук аласыңар. Анткени Аллах эч кимге зулум кылбайт.","Аны ырыскы табуу үчүн сапар кылуусуна Аллах жолундагы согуш тоскоолдук жараткан кедей-кембагалдарга бергиле. Билбеген адам аларды бай деп ойлойт, анткени алар сурагандан тартынышат. Баамчыл адам аларды турпатынан жана кийимдеринен байкалган муктаждык белгилеринен эле билет. Алардын бир өзгөчөлүгү – алар адамдардын жанын койбой сурай берген башка кедейлерге окшобойт. Мал-мүлк жана башка нерселерден эмнени сарптасаңар да Аллах аны жакшы билет жана силерге анын сыйлыгын жакында берет.","Эл көрсүн же уксун дебестен, мал-мүлктөрүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн күнү-түнү, ачык жана жашыруун сарптагандар үчүн кыямат күнү Раббисинин алдында сооп-сыйлыктар бар. Аллахтын ырайымы жана жакшылыгы менен алар үчүн келечекте боло турган иштеринде эч кандай коркунуч болбойт жана алар дүйнөдө болуп өткөн нерселер үчүн өкүнүшпөйт.","Сүткорлук менен алектенгендер жана аны алгандар кыямат күнү кабырларынан жин-шайтан тийген адам сыяктуу тирилишет. Алар кабырынан бир туруп, бир жыгылып талмасы кармаган адамдай турушат. Мунун себеби алар сүткорлукту адал деп эсептешти жана сүткорлук менен Аллах адал кылган соодадан түшкөн пайдаларды айырмалашкан жок. Алар: «Адалдык жагынан соода деле сүткорлук сыяктуу. Экөөсү бирдей мал-мүлктүн көбөйүшүнө жана өсүшүнө алып келет» – дешти. Аллах аларга жооп берди, алардын салыштыруусун четке какты жана жалгандарын ачыкка чыгарды. Ошондой эле соодада жалпы жана жеке пайдалар болгону үчүн аны адал кылганын, ал эми сүткорлук зулумдукту жана адамдардын мал-мүлкүн кайтарбастан жалган жолдо жешти камтыгандыгы үчүн аны арам кылганын баяндады. Кимге Раббиси тараптан сүткорлуктан тыюу жана эскертүү келсе жана ал аны таштап, Аллахка тообо кылып кайтса, анда анын мурда сүткорлуктан алган нерселери үчүн эч кандай күнөө жок жана андан кийин кандай болорун Аллах Өзү чечет. Ал эми кимге Аллахтын тыюусу жетип, далил келтирилгенден кийин да сүткорлук кылганын токтотпосо, ал тозокко кирүүгө жана анда түбөлүк калууга татыктуу болду. Мындагы тозокто түбөлүк калат дегенден сүткорлукту адал деп жеген адам же ал жакта узакка калуу максат кылынган. Анткени тозокто түбөлүк калуу каапырларга гана тиешелүү, ал эми жалгыз кудайлуулук (таухид) ишенимин кармангандар тозокто түбөлүк калышпайт.","Аллах сүткорлуктан түшкөн мал-мүлктү жок кылат жана аны кетирет, же аны көз көрүнөө жоготууга учуратат, же билгизбей берекесин алып коёт. Ал эми садакаларды көбөйтөт жана алардын сообун эселеп өстүрөт. Жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да көп эсеге көбөйтүлөт жана садака бергендердин мал-мүлкүнө береке берет. Аллах баш ийбес каапырларды, арамды адал кылгандарды, жамандык жана күнөө иштерди таштабаган адамдарды жакшы көрбөйт.","Аллахка ыйман келтиргендер, Анын элчисине ээрчигендер, жакшылык иштерди кылгандар, намазды Аллах шариятта көргөзгөндөй толук аткаргандар, татыктуу адамдарга мал-мүлкүнөн зекет бергендер үчүн Раббисинин алдында сооп-сыйлыктар бар. Алар үчүн келечекте боло турган иштеринде эч кандай коркунуч болбойт жана алар дүйнөгө жана анын жыргалчылыктарына байланыштуу өткөрүп жиберген нерселери үчүн өкүнүшпөйт.","Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корккула. Эгерде силер Аллахка жана Анын сүткорлуктан тыюусуна чындап ыйман келтирсеңер, анда адамдардагы сүткорлуктан калган мал-мүлкүңөрдү талап кылбагыла.","А эгер силерге айтылган буйрукту аткарбасаңар, анда Аллах жана Анын элчиси тараптан согуш болорун анык туюп билгиле. Эгер Аллахка тообо кылып, сүткорлукту таштасаңар, анда үстүнө пайда кошулбаган карыз мал-мүлкүңөр өзүңөргө тиешелүү болот. Мал-мүлкүңөрдүн үстүнө үстөк пайыз кошуп алуу менен эч кимге зулум кылбайсыңар жана андан кемитилип силерге да зулум кылынбайт.","Эгер силер карызды талап кылган адам кудуретсиз болуп, карызын төлөй албай жатса, анда ал акча тапканга чейин жана карызын кутулууга мүмкүнчүлүк болгонго чейин сурабай коё тургула. Карызды сурабастан ага садака кылып койгонуңар же анын бир бөлүгүн кечип жибергениңер, өзүңөр үчүн жакшы, эгер бул кылган ишиңердин Аллах тааланын алдындагы артыкчылыгын билген болсоңор.","Баарыңар Аллахка кайтарыла турган жана Анын алдына тура турган күндүн азабынан корккула. Андан кийин ар бир адамга жакшылык же жамандык иштеринин сыйлыгы же жазасы берилет. Аларга жасаган жакшылыктарынын сообу азайтылып же жамандыктарынын жазасы көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.","Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Эгерде бири-бириңерге белгилүү бир мөөнөткө чейин карыз берсеңер, анда ошол карызды жазгыла. Араңардан бир адам шариятка ылайык чындык жана калыстык менен жазсын. Карызды жазган адам Аллах ага үйрөткөн нерсеге туура келгендей адилеттүүлүк менен жазуудан баш тартпасын. Карызды төлөөгө милдеттүү адамдан тастыктоо катары ал айткандай жазсын жана ал Раббисинен корксун, карыздын өлчөмүнөн, түрүнөн жана сапатынан эч нерсени кемитпесин. Эгер карыз алып жаткан адам ойдогудай иш жүргүзө албаса, же жаштыгы же акыл-эси кемдиги себептүү алсыз болсо, же дудук болгондугу үчүн айтып бере албаса, анда анын ордуна ал үчүн жоопкер камкорчусу чындык жана калыстык менен айтып берсин. Ошондой эле адилеттүү жана акыл-эси жайында болгон эки эркек кишини күбө болууга чакыргыла. Эгер эки эркек киши табылбаса, анда силер диндарлыгына жана аманаткөйлүгүнө ыраазы болгон бир эркек киши жана эки аялды күбө кылгыла. Анткени аялдардын бирөөсү унутуп калса, экинчиси анын эсине салат. Эгерде алардан карызга күбө болууга чакырылса, күбөлөр андан баш тартышпасын. Эгер аларды ушуга чакырса, алар үчүн аны аткаруу милдет. Карызды белгиленген мөөнөтүнө чейин аз болобу, көп болобу, аны жазуудан эч зерикпегиле. Карызды жазуу – Аллахтын шарияты боюнча эң адилеттүү, күбөгө өтүүдө жана аны аткарууда эң жеткиликтүү жана карыздын түрү, өлчөмү жана мөөнөтү тууралуу шектенүүнү жок кылууга эң жакыны. Эгер ортоңордо соода-сатык келишими болуп, товар даяр жана баасы белгилүү болсо, анда аны жазбай эле койсоңор болот, себеби ага эч кандай зарылдык жок. Талашып-тартышууну алдын алуу үчүн күбө болууга чакыруу уруксат. Жазган жана күбөгө өткөн адамдарга зыян келтирүүгө болбойт. Ошондой эле алар дагы жазууну жана күбөгө өтүүнү сурангандарга зыян келтирбеши керек. Эгерде зыян келтире турган болсоңор, бул Аллахка моюн сунуудан баш тартуу болуп саналат. Оо, ыймандуулар! Аллахтан корккула, Анын силерге буйруганына баш ийгиле жана тыйгандарын таштагыла – Аллах силерге дүйнөңөргө жана акыретиңерге пайдалууну үйрөтөт. Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага эч нерсе жашыруун эмес.","Эгерде сапарда жүрүп, карыз кагазын жазууга адам таппасаңар, анда карыздар тарап карызын төлөгөнгө чейин карыз берүүчүнүн укугуна кепилдик катары анын ээлигине күрөөлүк коёт. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер, анда жазуу, күбөлөндүрүү жана күрөөгө коюу зарыл эмес. Бул учурда карыз карызкордун мойнундагы аманат болуп, ал аны карыз берүүчүгө төлөп берүүгө жана бул аманаттын эч нерсесин танбастан Аллахтан коркууга тийиш. Эгер ал танса, келишим мамилеге күбө болгон адам көрсөтмө берсин жана аны жашырбасын. Ал эми ким аны жашырса, анын жүрөгү бузуку жүрөк. Аллах кылганыңарды Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Жакында Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.","Асмандар менен жердеги нерселер жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда жалгыз Аллахка таандык. Жүрөгүңөрдөгү нерсени ачыкка чыгарсаңар да, жашырсаңар да, Аллах аны билет жана силерге анын сыйлыгын же жазасын берет. Андан кийин кимди кааласа жакшылык жана ырайымдуулук менен кечирет, кимди кааласа адилеттүүлүк жана даанышмандык менен азаптайт. Аллах бүткүл нерсеге кудуреттүү.","Мухаммад пайгамбар Раббиси тарабынан түшүрүлгөн бардык нерселерге ыйман келтирди жана ыймандуулар да ыйман келтиришти. Алардын баарысы Аллахка ыйман келтиришти, ошондой эле бардык периштелерине, пайгамбарларга түшүргөн бардык китептерине жана аларга жиберген бардык элчилерине ыйман келтирип: «Биз Аллахтын элчилеринен эч кимисин бөлбөйбүз» – дешти. Жана алар айтышты: «Бизге буйруганыңды жана тыйганыңды уктук. Жана буйруганыңды аткарып, тыйганыңды таштоо менен Сага моюн сундук. Оо, Раббибиз! Бизди кечиришиңди суранабыз. Бардык иштерибизде бир гана Сага кайтабыз».","Аллах эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча нерсени жүктөбөйт. Анткени Аллахтын дини жеңилдикке негизделген, анда эч кандай кыйынчылык жок. Ким жакшылык кылса, анын сыйлыгын алат, андан эч нерсе кемитилбейт. Ким жамандык кылса, анын жазасын тартат, аны башка бирөө көтөрбөйт. Пайгамбар жана ыймандуулар айтышты: «Оо, Раббибиз! Кайсы бир иште же сөздө атайлабастан ката кетирсек же унутуп калсак бизди азаптаба. Оо, Раббибиз! Сен бизден мурун зулумдуктары себептүү жазалаган жөөттөргө милдет кылгандай бизге оорчулукту жараткан жана аткара албаган иштерди милдет кылба, бизге кыйынчылыкты жараткан жана күчүбүз жетпеген буйруктарды жана тыюуларды жүктөбө, күнөөлөрүбүздү кеч, бизди кечир жана бизге айкөлдүгүң менен ырайым кыл. Сен биздин Комкорчубузсуң жана Колдоочубузсуң, каапырлар коомуна каршы бизге жардам бер».","Алиф, лаам, миим. Бул бириндеген тамгалар тууралуу бакара сүрөөсүнүн башында келген. Мында арабдар ушул сыяктуу Куранды алып келе албастыгына ишараттар бар. Болбосо Куран бул сүрөөнүн башында келген жана алар сөз жасоодо колдонгон тамгалардан эле куралган.","Аллах – жалгыз Андан башка сыйынынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү, анда эч кандай өлүм да, кемчилик да болбойт. Ал Өзү жеке бүт баарын кармап Туруучу жана жараткандарынын эч бирине муктаж эмес. Бардык макулуктар Ал себептүү кармалып турат жана алар бардык абалдарында Ага муктаж.","Оо, пайгамбар! Ал сага окуяларда жана өкүмдөрдөгү адилеттикте мурдагы илахий китептерге ылайык келген Куранды акыйкат менен түшүрдү жана алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Ошондой эле сага Куран түшүрүлгөнгө чейин Мусага Тооратты, Исага Инжилди түшүргөн. Бул илахий китептердин баарысы адамдардын дининин жана дүйнөсүнүн оңолуусуна туура жол жана багыт көрсөтүүчү. Ал акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап көрсөткөн Фурканды (ажыратуучу) түшүрдү. Ал эми Аллахтын сага түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Аллах – Ага эч бир нерсе үстөмдүк кыла албаган кудуреттүү жана Анын элчилерин жалганга чыгарып, Анын буйругуна каршы чыккандардан өч алуучу.","Оо, пайгамбар! Ал сага окуяларда жана өкүмдөрдөгү адилеттикте мурдагы илахий китептерге ылайык келген Куранды акыйкат менен түшүрдү жана алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Ошондой эле сага Куран түшүрүлгөнгө чейин Мусага Тооратты, Исага Инжилди түшүргөн. Бул илахий китептердин баарысы адамдардын дининин жана дүйнөсүнүн оңолуусуна туура жол жана багыт көрсөтүүчү. Ал акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап көрсөткөн Фурканды (ажыратуучу) түшүрдү. Ал эми Аллахтын сага түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Аллах – Ага эч бир нерсе үстөмдүк кыла албаган кудуреттүү жана Анын элчилерин жалганга чыгарып, Анын буйругуна каршы чыккандардан өч алуучу.","Чындыгында жердеги жана асмандагы эч бир нерсе Аллахка жашыруун эмес. Анын илими сырткы жана ички бардык нерселерди камтыган.","Ал силерди энеңердин курсагында Өзү каалагандай уул же кыз, жакшы же жаман, ак же кара кылып ар кандай көрүнүштө жаратты. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жеңилбеген кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, башкаруусунда, шариятында Даанышман.","Оо, пайгамбар! Ал сага Куранды түшүрдү. Анда эч кандай бүдөмүгү жок, мааниси айкын аяттар бар. Алар китептин негизин жана көпчүлүгүн түзөт жана талаш-тартышта негизги таяныч булак болуп саналат. Ошондой эле анда бир нече маанини туюнткан аяттар да бар, алардын мааниси көпчүлүк адамдар үчүн түшүнүксүз. Ал эми жүрөгүндө акыйкаттан четтеген адамдар мааниси айкын аяттарды таштап, ыктымалдуулугу бар бүдөмүк аяттарды карманышат. Алар муну менен шек салууну жаратып, адамдарды адаштырууну көздөшөт жана муну менен аларды өздөрүнүн адашкан жолдоруна тууралап, напси каалоолоруна жараша чечмелөөгө аракет жасашат. Бул аяттардын чыныгы маанилерин жана алардын акыркы жыйынтыгын Аллах гана билет. Ал эми илими тереңдер жана күчтүүлөр: «Биз Курандын баарына ыйман келтирдик, анткени анын баары Раббибизден» – деп айтышат жана мааниси бүдөмүк аяттарды андагы айкын маанидеги аяттар менен чечмелешет. Туура акыл калчаган адамдар гана үлгү, сабак алышат.","Ошол терең илимдүүлөр айтышат: «Раббибиз, бизди акыйкат жолго салганыңдан кийин жүрөгүбүздү андан бурба, акыйкаттан четтеп адашкандардын башына түшкөн нерседен сакта, Өзүң тараптан жүрөктөрүбүздү туура жолго багыттаган кенен ырайымды тартуула жана аны менен бизди адашуудан сакта. Оо, Раббибиз! Чындыгында Сен эч нерсени аябаган Берешенсиң.","Раббибиз, Сен эч кандай шек-күмөнү жок, сөзсүз келе турган күндө бардык адамдарды сурак алуу үчүн Өзүңө чогултасың. Оо, Раббибиз! Чындыгында Сен убаданы бузбайсың».","Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандарды мал-мүлктөрү жана бала-чакасы бул дүйнөдө да, акыретте да кутката албайт. Мына ушундай сапаттарга ээ болгондор кыямат күнү күйүүчү тозок отундары.","Бул каапырлардын абалы Фараондун үй-бүлөсү жана алардан мурун Аллахка каапырлык кылып, Анын аят-белгилерин жалганга чыгаргандардын абалына окшош. Аллах аларды күнөөлөрү үчүн жазалады жана аларга мал-мүлкү да, бала-чакасы да пайда келтирген жок. Аллахка каапырлык кылгандарга жана Анын аят-белгилерин жалганга чыгаргандарга Анын жазасы катаал.","Оо, пайгамбар! Ар кайсы диндеги каапырларга айт: «Жакында ыймандуулар силердин үстүңөрдөн жеңишке жетип, каапырлыкта өлөсүңөр. Аллах силерди тозок отуна чогултат. Ал силер үчүн кандай жаман жай».","Бадр күнү согушуу үчүн беттешкен эки жоодо силер үчүн өрнөктөр жана белгилер бар. Алардын бири – ыймандуулар тайпасы, алар Аллахтын сөзү бийик жана каапырлардын сөзү төмөн болуусу үчүн согушкан Аллахтын элчиси жана анын сахабалары. Ал эми экинчиси – каапырлар тайпасы, алар эл көрсүн үчүн менменсинип, уруусуна берилген абалда чыккан Мекке каапырлары. Ыймандуулар алардын чындап эле эки эсе көп экенин өз көздөрү менен көрүштү. Ошондо Аллах досторуна жардам берди. Аллах кимге кааласа Өз жеңиши менен колдоо көрсөтөт. Саны аз болсо да жеңиш ыйман ээлери тарапта, саны көп болсо да жеңилүү жалган ээлери тарапта экенин билүүлөрү үчүн мында акыл ээлери үчүн үлгүлөр жана сабактар бар.","Аллах таала адамдарды сыноо үчүн дүйнө кумарларына болгон сүйүүнү, мисалы, аялдарды, уул балдарды, алтын-күмүштөн чогулган көп байлыктарды, үйрөтүлгөн асыл жылкыларды, төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын, айдоо жерлерди кооз кылып көрсөтүп койгондугун айтты. Булар аз гана убакыт пайдаланылып жок боло турган дүйнө жашоосунун ырахаты. Ошондуктан ыймандуу адам буларга байланбашы керек. Ал эми Аллахтын алдында кайтып баруучу эң сонун жай бар, ал асмандар менен жердин кеңдигиндей болгон бейиш.","Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге бул кумарлардан да жакшыраак нерсени айтайынбы?». Аллахка иш жүзүндө моюн сунуп жана Ага баш ийбестик кылууну таштап Андан корккондор үчүн хан сарайларынын жана бактарынын астынан дарыялар агып турган бейиштер бар, алар ал жайда өлбөстөн жана жок болбостон түбөлүк калышат жана алар үчүн жаралуусунда жана кулк-мүнөзүндө бардык жамандыктардан таза болгон аялдар бар. Ушуну менен бирге алар үчүн Аллахтан болгон ыраазылык бар жана Ал аларга эч качан ачууланбайт. Аллах пенделеринин абалдарын Көрүүчү. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга сыйлыгын берет.","Мына ушул бейиш адамдары дубаларында Раббисине айтышат: «Раббибиз, биз Сага жана Сенин элчилериңе түшүргөн нерселерге ыйман келтирдик, Сенин шариятыңды ээрчидик. Эми биздин кылган күнөөлөрүбүздү кечир жана бизди тозок азабынан алыстат».","Алар ибадаттарды аткарууда, күнөөлөрдү таштоодо жана баштарына түшкөн сыноодо сабыр кылуучулар, сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде чынчылдар, Аллахка толук моюн сунгандар, мал-мүлктөрүн Аллах жолуна сарптагандар, түндүн акырында кечирим сурагандар, анткени бул учурда дубанын кабыл болуу ыктымалы жогору жана жүрөк түйшүктөрдөн алыс болот.","Аллах Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине күбөлүк берди. Мунун себеби Ал Өзүнүн сыйынууга татыктуулугун көрсөткөн шарияттык жана ааламдык аят-белгилерди белгиледи. Жана буга периштелер күбөлүк беришти. Ошондой эле буга илим ээлери да жалгыз кудайлуулукту (таухид) түшүндүрүү жана ага чакыруу менен күбөлүк беришти. Алар эң чоң күбөлүк болгон Аллахтын жалгыздыгына (таухид) жана Анын жараткандарында, шариятында адилеттүүлүктү орнотуусуна күбөлүк беришти. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Ал жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.","Акыйкатта Аллахтын алдында кабыл боло турган дин – Ислам. Ал – ибадат кылуу аркылуу Аллахтын Өзүнө гана моюн сунуу жана кулчулук кылуу менен Ага толук берилүү, ошондой эле акыркы пайгамбар Мухаммадга чейинки бардык пайгамбарларга ыйман келтирүү. Аллах аны менен пайгамбарчылыкты жыйынтыктады жана анын шариятынан башкасы кабыл кылынбайт. Жөөттөр менен христиандар өздөрүнө келген илим себептүү далил келтирилгенден кийин көрө албастыктан жана дүйнөгө берилгендиктен улам диндеринде талашып-тартышып, агымдарга жана жамааттарга бөлүнүп кетишти. Кимде-ким Аллахтын элчисине түшүргөн аяттарына каапырлык кылса, анда Аллах Өзүнө каапырлык кылгандардын жана Анын элчилерин жалганга чыгаргандардын эсебин тез берүүчү.","Оо, пайгамбар! Эгер алар сага түшүрүлгөн акыйкат жөнүндө сени менен талашып-тартышса, анда аларга: «Мен жана ыймандуулардан мени ээрчигендер Аллах таалага моюн сундук» – деп жооп бер. Оо, пайгамбар! Китеп ээлерине жана мушриктерге айт: «Мен алып келген нерсеге ээрчип, Аллах таалага чын ыкластан моюн сундуңарбы?». Эгер алар Аллахка моюн сунуп, сенин шариятыңды ээрчишсе, анда алар туура жолго түшкөн болот. А эгер Исламдан баш тартышса, анда сен жиберилген нерсени гана жеткирүүгө милдеттүүсүң. Ал эми алардын ишин Аллах чечет, Ал пенделерин Көрүүчү. Жакында ар биринин кылган иш-аракетине жараша сыйлыгын же жазасын берет.","Аллахтын аларга түшүргөн далилдерине каапырлык кылгандар жана укугу жок туруп зулумдук жана душмандык менен пайгамбарларын өлтүргөндөр, ошондой эле адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйып, аларды адилеттүүлүккө чакыргандарды өлтүргөн канкор каапырларга кыйноочу азапты сүйүнчүлө.","Мындай сыпаттагы адамдардын иш-аракеттери жокко чыгарылат жана Аллахка ыйман келтиришпегени үчүн алардын пайдасын дүйнөдө да, акыретте да көрүшпөйт. Аларды азаптан куткара турган эч бир жардамчы болбойт.","Оо, пайгамбар! Аллах Тоорат илиминин бир бөлүгүн жана сенин пайгамбарлыгыңа далил болгон нерселерди берген жөөттөрдүн абалына карабайсыңбы? Алар өз ара талашып-тартышкан нерселерде өкүм чыгаруу үчүн Аллахтын китеби Тооратка кайтууга чакырылат, анан алардын аалымдары менен башчыларынын бир тобу анын өкүмү алардын напси каалоолоруна туура келбегени үчүн андан жүз буруп кайтып кетишет. Эгерде алар ага ээрчийбиз деп ойлогондой болгондо, анда алар адамдардын ичинен аны менен өкүм кылууга эң шашылгандардан болушмак.","Акыйкаттан минтип бурулуунун жана андан жүз буруунун себеби, алар кыямат күнү бир нече күн эле тозокто болуп, кийин бейишке киребиз деп айтышат эле. Аларды бул ишеним алдап койду. Алар муну жалган нерселерден ойлоп таап, Аллахка жана Анын динине асылышты.","Эми алардын абалы жана өкүнүчү кандай болот? Биз аларды эч кандай шек-күмөнү жок кыямат күнү чогултканда эң жаман болот. Ошондо ар бир жанга кылган ишине жараша сыйлыгы же жазасы берилет, анын жакшылыктары азайтылып же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.","Оо, пайгамбар! Раббиңди мактоо жана улуктоо менен минтип айт: «Оо, Аллах! Сен дүйнө жана акыреттеги бардык мүлктүн Падышасысың. Жараткандарыңдын кимисине кааласаң мүлк бересиң, кимисинен кааласаң тартып аласың, алардын каалаганын ардактуу кыласың, каалаганын кор кыласың. Мунун баары Сенин даанышмандыгыңдан жана адилеттүүлүгүңдөн. Бардык жакшылык жалгыз Сенин колуңда жана Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң.","Сенин кудуреттүүлүгүңдүн көрүнүштөрүнөн, Сен түндү күндүзгө киргизип, күндүздүн убактысын узартасың, күндүздү түнгө киргизип, түндүн убактысын узартасың. Каапырдан ыймандууну, уруктан өсүмдүктөрдү чыгарган сыяктуу өлүктөн тирүүнү чыгарасың жана ыймандуудан каапырды, жумурткадан жөжөнү чыгарган сыяктуу тирүүдөн өлүктү чыгарасың. Жана кимге кааласаң, эсептебестен жана санабастан кенен ырыскы бересиң».","Оо, ыймандуулар! Ыймандуулардын ордуна каапырларды сүйүктүү жана жардамчы дос кылып албагыла. Ким ушундай кылса, ал Аллахтан баш тартты жана Аллах да андан баш тартты. Бирок силер алардын бийлик астында болуп, өзүңөр үчүн корксоңор, анда аларга болгон душмандыгыңарды жашыруу менен сөзүңөрдө жумшактыкты жана ишиңерде сыпайылыкты көрсөтүп, алардын зыянан сактансаңар күнөө эмес. Аллах силерди Өзүнөн эскертет, андыктан Андан корккула жана күнөө кылып Анын каарына калбагыла. Пенделер иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алуу үчүн кыямат күнү Аллахка гана кайтышат.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Каапырлар менен достошуу сыяктуу Аллах тыйган нерселерди көкүрөгүңөргө жашырасыңарбы же ачыкка чыгарасыңарбы, Аллах аны билет. Алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Ал асмандардагы жана жердеги нерселерди билет. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, алардын эч бири Аны алсырата албайт».","Кыямат күнү ар бир жан кылган жакшы иштерине туш болот, алар эч кемитилбестен алып келинет, ал эми жаман иштерди кылган адам, ал экөөнүн ортосунда узак убакыт болсо деп тилейт. Бирок тилеги кантип кабыл болсун! Аллах силерди Өзүнөн эскертет, андыктан күнөө кылып Анын каарына калбагыла. Аллах пенделерине Боорукер, ошондуктан аларга эскертет жана коркутат.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Эгер Аллахты чындап сүйсөңөр, анда мен алып келген нерсеге ичиңерден жана сыртыңардан ээрчигиле. Ошондо Аллахтын сүйүүсүнө жетесиңер жана Ал күнөөлөрүңөрдү кечирет. Аллах тообо кылган пенделерине кечиримдүү, аларга ырайымдуу».","Оо, пайгамбар! Айткын: «Буйруктарды аткарып, тыюуларды таштоо менен Аллахка баш ийгиле жана Анын элчисине моюн сунгула». Эгерде алар мындан жүз бурушса, анда Аллах Анын буйругуна жана элчисинин буйругуна каршы чыккан каапырларды жакшы көрбөйт.","Чындыгында Аллах Адам атаны тандап, ага периштелерди сажда кылдырды. Нухту тандап, аны жер жүзүнө биринчи элчи кылды. Ибрахимдин үй-бүлөсүн тандап, анын урпактарына пайгамбарлыкты кылды. Ошондой Имрамдын үй-бүлөсүн да тандады. Ушулардын баарысын тандап, өз доорундагы адамдардан артык кылды.","Мына ушул аталган пайгамбарлар жана алардын жолун жолдогон урпактары – алар Аллахты жалгыздоодо жана жакшылык иштерди кылууда биринин артынан бири келген урпактар. Алар бири-биринен асыл сыпаттарды жана артыкчылыктарды мураска алышкан. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Ошол себептен алардын арасынан Өзү каалагандарын тандайт.","Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Имрандын аялы (Мариямдын энеси) айтты: «Оо, Раббим! Мен курсагымдагы баланы Сага жана Сенин үйүңө кызмат кылуусу үчүн Сенин Жүзүңдү көздөп бүткүл нерседен бошотууну өзүмө милдет кылдым. Муну менден кабыл кыл. Чындыгында Сен дубамды Угуучусуң, ниетимди Билүүчүсүң».","Ал уул төрөйм деп үмүт кылып жүрүп, айы-күнү жетип төрөгөндө өкүнүп: «Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм» – деди. Аллах анын ким төрөгөнүн жакшы билет. Ал үмүт кылып күткөн уул күч-кубат жана турпат жактан ага берилген кыздай эмес. Ал: «Мен анын атын Мариям койдум, аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргоону Өзүңө тапшырдым» – деди.","Аллах анын назирин жакшы кабыл алып, аны татыктуу тарбиялап чоңойтту, пенделеринин ичинен такыба адамдардын жүрөктөрүн ага жумшак кылды жана анын жоопкерчилигин Закарияга тапшырды. Закария анын ибадат кылган жайына кирген сайын анын алдынан жеңил жана таза ырыскыларды көрчү. Бирде ага кайрылып: «Оо, Мариям! Бул ырыскы сага кандай келди?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ырыскы Аллахтан. Чындыгында Аллах кимге кааласа эсепсиз кенен ырыскы берет».","Мына ошондо Закария пайгамбар Имрандын кызы Мариямдын алдынан Аллахтын ырыскы берүүдөгү адаттан тыш жолдорунда Ал тараптан келген ырыскыны көргөндө, өзүнүн жашы улгайып, кемпири төрөй турган курактан өтүп калганына карабастан, Аллахтан бала үмүт кылып, мындай деди: «Оо, Раббим! Мага жакшы бала бер. Чындыгында Сен дуба кылгандардын дубасын угасың жана ага жооп бересиң».","Ал сыйынуучу жайда намазда турган кезде периштелер чакырык салды жана ага кайрылып мындай дешти: «Аллах сени Яхья деген уулду болот деп сүйүнчүлөп жатат. Анын өзгөчөлүктөрүнүн бири – ал Аллахтан болгон сөздү (Мариямдын уулу Исаны) тастыктайт, анткени ал Аллахтан болгон сөз менен өзгөчө жаратылышта жаратылган. Бул бала илимде жана ибадатта элине башчы болот, өз напсисин тыят, кумарлардан, анын ичинде аялдарга жакындоодон карманат, өзүн Раббисине ибадат кылууга арнайт жана ошондой эле салихтерден болгон пайгамбар болот».","Периштелер Закарияга Яхья тууралуу сүйүнчүлөгөндө ал айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүм картайып, кемпирим төрөбөс болсо, анан мен кантип балалуу болмок элем?». Аллах анын сөзүнө жооп кылып мындай деди: «Сен карылык жашка келип, аялың төрөттөн калган кезде Яхьянын төрөлүүсү ¬– Аллах адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратуусуна мисал. Анткени Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Өз даанышмандыгы жана илими менен каалаганын кылат».","Закария: «Оо, Раббим! Аялым менден боюнда болгон кезде белги бер» – деди. Аллах айтты: «Сен сураган белгиң – эч кандай кемчиликке кабылбастан адамдар менен үч күн, үч түн ишарат менен гана сүйлөшүп каласың. Андыктан эртең менен жана кечинде Аллахты көп зикир кыл жана аруула».","Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде периштелер Мариямга айтты: «Аллах сени мактоого татыктуу сыпаттарга ээ болгонуң үчүн тандады, сени кемчиликтерден тазалады жана заманыңдагы ааламдагы аялдардан тандап алды.","Оо, Мариям! Намазда узакка тур, Раббиңе сажда кыл жана Анын такыба пенделеринен рүкү кылгандар менен бирге Ага рүкү кыл».","Оо, пайгамбар! Закария менен Мариям тууралуу айтылган бул кабар – Биз сага вахий кылуучу кайып кабарларынан. Сен ал аалымдар менен такыба адамдар Мариямды тарбиялоого ким татыктуу деп талашып-тартышып жатканда жанында эмес болчуң, алар акыры чүчү кулакка токтолуп, калемдерин ташташты, ошондо Закариянын калеми утуп чыкты.","Оо, пайгамбар! Эстечи, периштелер айтышты: «Оо, Мариям! Аллах сага атасыз жаралуучу уулду сүйүнчүлөп жатат. Чындыгында ал Аллахтын «бол» деген сөзү менен гана ишке ашып, Аллахтын уруксаты менен ошол замат бала болот. Бул баланын аты Аль-Масих Иса ибн Мариям. Анын бул дүйнөдө да, акыретте да орду бийик жана ал Аллах таалага жакындардан болот».","Ал тили чыга турган убакка чейинки ымыркай бала кезинде эле адамдарга сүйлөйт, ал эми күч-кубатка толуп, эр жетилип чоңойгондо аларга кайрылып дин жана дүйнө иштеринде пайдалуу нерселерди сүйлөйт. Ал сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде такыба адамдардан болот.","Күйөөгө чыкпай туруп эле балалуу болууга таң калган Мариям: «Мага бир дагы киши адал жолдо да, арам жолдо да жолобосо, мен кантип балалуу болмок элем?!» – деди. Периште ага айтты: «Аллах сага атасыз уул жаратканы сыяктуу адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратат. Эгер бир ишти кааласа, ага «бол» дейт, ал ошол замат ишке ашат. Аны эч бир нерсе алсыз калтыра албайт.","Ал ага жазууну, тууралыкты, сөз менен иш-аракетте ийгиликке жетүүнү үйрөтөт, ага Мусага түшүргөн Тооратты үйрөтөт жана ага жакында түшүрө турган Инжилди үйрөтөт.","Ошондой эле аны Исраил урпактарына элчи кылат, ал аларга айтат: «Мен силерге жиберилген Аллахтын элчисимин жана силерге пайгамбарлыгымдын чындыгын билдирген белгилер менен келдим, алар: мен силерге ылайдан куш жасап, ага үйлөсөм, ал Аллахтын уруксаты менен тирүү кушка айланат, тубаса сокурду айыктырам, ал көрүп калат, ала оорусуна чалдыккандардын терисин калыбына келтирем, өлгөн адамды тирилтем. Ушулардын баарысы Аллахтын уруксаты менен болот. Силерге тамак-аштардан эмнени жеп, эмнени үйүңөрдө катып жатканыңарды айтып берем. Мен силерге айткан адам баласынын кудурети жетпеген мындай улуу иштер, эгер силер ыйманды кааласаңар жана далилдерге ишенсеңер, анда менин силерге Аллахтын элчиси экендигиме ачык белги болот.","Ошондой эле силерге мага чейин түшүрүлгөн Тооратты тастыктоо үчүн келдим, силерге жеңил болсун үчүн буга чейин арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуу үчүн келдим жана силерге айткандарым чындык экендигин көрсөткөн ачык далилдер менен келдим. Андыктан Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула жана мен силерди чакырган нерседе мага баш ийгиле.","Анткени Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Ал жалгыз Өзү гана баш ийдирүүгө жана коркууга татыктуу. Андыктан Ага гана сыйынгыла. Мен силерди Аллахка сыйынгыла жана Андан корккула деп чакырган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура жол».","Иса алардын каапырлыктан кайтпастыгын билгенде, Исраил урпактарына кайрылып: «Аллахка даават кылууда ким мага жардамчы болот?» – деди. Аны ээрчигендерден такыбалары: «Биз Аллахтын динине жардам беребиз. Биз Аллахка ыйман келтирдик жана сени ээрчидик. Оо, Иса! Күбө бол, биз Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунуу менен Аны ээрчийбиз» – дешти.","Ошондой эле шакирттери айтышты: «Раббибиз, Биз Сен түшүргөн Инжилге ыйман келтирдик жана Исаны ээрчидик. Бизди Сага жана элчилериңе ыйман келтирип, акыйкатка күбө болгондор менен бирге кыл».","Исраил урпактарынын каапырлары айлакерлик кылып Исаны өлтүрүүгө аракет жасашты. Аллах да айлакерлик кылып, аларды адашкан боюнча калтырды жана башка адамды Исага окшотуп койду. Аллах айлакерлердин эң мыктысы, анткени душманга кылган айлакерликте Андан эч ким өтө албайт.","Аллахтын аларга кылган дагы бир айлакерлиги, Ал Исага кайрылып: «Оо, Иса! Мен сени өлтүрбөстөн алып кетем, денеңди жана рухуңду Өзүмө көтөрүп кетем. Сага каапырлык кылгандардын ыпластыгынан сени тазалап, аларды сенден алыстатам. Ал эми акыйкат динде (анын ичинде Мухаммадга ыйман келтирүү да бар) сени ээрчигендерди кыяматка чейин далил жана кадыр-барк менен сага каапырлык кылгандардан жогору кылам. Андан кийин кыяматта жалгыз Мага кайтып келесиңер, ошондо силер өз ара талашып-тартышкан нерселерде акыйкат менен өкүм чыгарам.","Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка каапырлык кылгандарды бул дүйнөдө өлтүрүү, туткундоо, кордукка салуу ж.б. катаал азап менен, акыретте болсо тозок азабы менен азаптаймын. Аларды азаптан куткарган эч кандай жардамчы болбойт».","Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка ыйман келтиргендерге жана намаз, зекет, орозо, туугандык мамилени бекемдөө ж.б. ушул сыяктуу жакшылык иштерди кылгандарга Аллах алардын иш-аракеттеринин сообун кемитпестен толук берет. Бул сөз Иса пайгамбар өзү куш кабарын берген Мухаммад пайгамбар келгенге чейинки анын жолдоочулары тууралуу айтылды. Аллах залымдарды жакшы көрбөйт. Аллах таалага ширк кылуу жана Анын элчилерин жалганга чыгаруу – эң чоң зулумдуктардан.","Биз сага окуп жаткан Иса пайгамбардын кабары – сага түшкөн нерсенин чындык экендигин көрсөткөн ачык белгилерден. Ал – такыбалар үчүн эскертме, эч кандай жалганды алып келбеген акыйкат.","Аллахтын Исаны жаратуусунун мисалы, Адамды атасыз жана энесиз топурактан жаратканына эле окшош. Чындыгында Аллах ага «бол» деди, ал Аллах таала каалагандай болду. Эмнеге алар Адамды атасыз жана энесиз жаралганына карабастан пенде экенин моюнга алып, ал эми Исанын атасыз жаралганын бетке кармап аны кудай деп ойлоп жатышат?!","Иса тууралуу шексиз чындык сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн. Андыктан шектенгендерден жана экиленгендерден болбо. Тескерисинче, өзүң турган акыйкатка бекем бол.","Оо, пайгамбар! Эгер Нажран христиандары сага Иса жөнүндө анык илим келгенден кийин деле Иса Аллахтын пендеси эмес деп талаша беришсе, аларга: «Келгиле, биздин жана силердин балдарыңарды, биздин жана силердин аялдарыңарды жана өзүбүздү кошо катышууга чакырып, баарыбыз чогулалы, анан Аллахка дуба кылып, биздин жана силердин араңардагы жалганчыларга каргышыңды түшүр деп сураналы» – деп айт.","Биз Иса жөнүндө сага айткан бул нерсе – эч кандай жалганы жок жана шек-күмөнсүз чындык кабар. Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Чындыгында Аллах Өз мүлкүндө Кудуреттүү жана Өз башкаруусунда, буйругунда, жаратуусунда Даанышман.","Эгер алар сен алып келген нерседен жүз бурушса жана сени ээрчишпесе, анда бул алардын бузукулугунан. Аллах жер бетиндеги бузукуларды жакшы билет жана жакында алардын жазасын берет.","Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эй, жөөттөрдөн жана христиандардан болгон китеп ээлери! Келгиле, баарыбыз бирдей болгон адилеттүү сөзгө биригели: «Жалгыз Аллахка ибадат кылабыз жана Андан башканын орду жана даражасы канчалык жогору болсо да, Аны менен катар эч кимге сыйынбайбыз. Ошондой эле Аллахты таштап, бири-бирибизди сыйынуу жана баш ийүү үчүн кудай тутпайбыз». Оо, ыймандуулар! Эгерде алар силер чакырып жаткан акыйкаттан жана адилеттүүлүктөн баш тартышса, анда аларга: «Күбө болгула, биз Аллахка өзүбүздү тапшырдык жана моюн сунуу менен Аны ээрчидик» – деп айткыла.","Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахимдин дини тууралуу талашып жатасыңар? Жөөттөр Ибрахимди жөөт болгон дешет, христиандар болсо аны христиан болгон дешет. Бирок силер иудаизм жана христиан дини анын өлүмүнөн көп убакыт өткөндөн кийин гана пайда болгонун билесиңер. Силер сөзүңөрдүн жалган жана оюңардын ката экенине акылыңар жетпейби?!","Эй, китеп ээлери! Мына, силер өзүңөр билген диний иштер жана силерге түшүрүлгөн нерселер тууралуу пайгамбар менен талашып-тартыштыңар. Эми болсо силердин китептериңерде айтылбаган жана пайгамбарларыңар алып келбеген Ибрахимдин иши жана анын дини тууралуу өзүңөр билбеген нерселер жөнүндө эмнеге талашып жатасыңар. Аллах иштердин акыйкатын жана ички табиятын билет, силер билбейсиңер.","Ибрахим иудаизм дининде да, христиан дининде да болгон эмес, ал жалган диндерден алыстаган жана Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунган адам болгон. Араб мушриктери биз анын дининдебиз деп ойлошкондой ал Аллахка ширк кылгандардан эмес эле.","Ибрахимге кошулууга эң татыктуулар – алар анын заманында ал алып келген нерселерге ээрчигендер, ошондой эле адамдардын арасынан ага эң татыктуусу – бул Мухаммад пайгамбар жана бул үммөттөн ага ыйман келтиргендер. Аллах Ага ыйман келтиргендерге жардам берүүчү жана аларды коргоочу.","Оо, ыймандуулар! Китеп ээлеринен болгон жөөттөр менен христиандардын аалымдары силерди Аллах багыттаган туура жолдон адаштырууну каалашат, бирок өздөрүн гана адаштырат. Анткени алардын ыймандууларды адаштырууга болгон аракети өздөрүнүн адашуусун гана күчөтөт. Алар иш-аракеттеринин кесепети кандай болорун билишпейт.","Эй, китеп ээлеринен болгон жөөттөр жана христиандар! Эмне үчүн Аллахтын силерге түшүргөн аят-белгилерине жана анын ичинде Мухаммаддын пайгамбарлыгын көрсөткөн нерселерге ишенбейсиңер, анын акыйкат экени китептериңерде көрсөтүлгөнүнө өзүңөр күбө болдунар го?!","Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн китептериңерде түшүрүлгөн акыйкатты өзүңөрдөгү жалган менен аралаштырасыңар, андагы чындыкты жана туура жолду жашырасыңар, анын ичинде Мухаммаддын пайгамбарлыгынын чындык экендиги да камтылган жана акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап билесиңер?!","Жөөт аалымдарынын бир тобу айтышты: «Мусулмандарга түшкөн Куранга эртең менен сыртынан ыйман келтиргиле, кечинде ага каапырлык кылгыла. Балким алар силердин ыйман келтиргенден кийин каапырлык кылганыңар себептүү: «Булар бизге караганда Аллахтын китептерин жакшыраак билгендиктен андан кайтып кетишти» – деп дининен шектенип, андан кайтып кетишет.","Жана дагы: «Ыйман келтирбегиле жана диниңерди тутунгандарды гана ээрчигиле» – дешет. Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында акыйкатка карай туура жол – Аллахтын туура жолу, ал – силерге берилген жакшылык башкаларга берилбесин деген коркунучтан же силер аларга түшкөн нерсени моюнга алсаңар, алар Раббиңердин алдында силер менен талашып-тартышат деген коркунучтан улам силер карманган жалгандык жана баш ийбестик эмес». Оо, пайгамбар! Айткын: «Жакшылык Аллахтын колунда, аны пенделеринен кимге кааласа берет. Анын жакшылыгы бир эле үммөткө чектелбейт. Аллахтын жакшылыгы кең жана Ал ага татыктууларды билет».","Жараткандарынан кимди кааласа, Өзүнүн мээримине бөлөйт жана ага туура жолду, пайгамбарлыкты, түрдүү сыйлыктарды тартуу кылат. Аллах эч кандай чеги жок улуу жакшылык ээси.","Китеп ээлеринин арасында ишенип көп мал-мүлк тапшырсаң, аманатыңды кайтарып бергендер бар, ошондой эле алардын арасында бир аз мал-мүлктү тапшырсаң, аманат кылган нерсеңди артынан түшүп доолаганда жана соттошкондо гана кайтаргандары бар. Бул алардын: «Биз арабдар үчүн жана алардын мал-мүлкүн жегенибиз үчүн күнөөкөр эмеспиз, анткени Аллах аны бизге адал кылган» – деген сөздөрү жана бузуку ишенимдери себептүү. Алар Аллахка жалаа жаап жаткандарын билип туруп ушул жалганды айтышат.","Абал алар ойлогондой эмес, тескерисинче, алар күнөө алышат. Бирок ким Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип Аны менен болгон милдеттенмесин аткарса, аманатка бекем болуп адамдар менен болгон милдеттенмесин аткарса жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корксо, албетте Аллах такыбаларды жакшы көрөт жана жакында аларга эң жакшы сыйлыктарды берет.","Аллах Өзүнүн китебинде түшүргөн жана Өзүнүн элчилерине жиберген нерсеге ээрчүү тууралуу аларга кылган осуятын, ошондой эле Аллах менен болгон келишимди бузбайбыз деген анттарын арзыбаган дүйнө жыргалчылыгына алмаштыргандар акыретте эч кандай соопко ээ болушпайт, кыямат күнү Аллах аларды кубанта тургандай сөз айтпайт, аларга ырайымдуулук менен карабайт жана аларга кыйноочу азап болот.","Жөөттөрдүн бир тобу бар, силер аларды Тоораттан окуп жатат деп ойлошуңар үчүн алар Аллахтан түшүрүлгөн Тооратта жок эле нерсени тилдери менен бурмалап айтышат, бирок ал Тоораттан эмес. Тескерисинче, бул алардын жалгандарынан жана Аллахка жапкан жалааларынан. Алар: «Биз окуп жаткан нерселер Аллахтан түшкөн» – дешет, бирок ал Аллахтан эмес. Алар Аллахка жана Анын элчилерине жалганчылык кылып жатышканын билип туруп, Аллахка каршы жалган айтышат.","Кайсы бир адамга Аллах Өзү тараптан китеп түшүрсө, ага илим жана түшүнүк берсе жана аны пайгамбар кылып тандаса, кийин ал адамдарга: «Аллахты таштап мага кулчулук кылгыла» – деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок аларга: «Силер адамдарга түшүрүлгөн китепти үйрөтүп, ошондой эле аны жаттоо жана түшүнүү менен үйрөнгөн нерсеңер аркылуу адамдарды тарбиялоочу, алардын иштерин жөнгө салуучу, иш жүзүндө аткаруучу илимдүүлөрдөн болгула» – деп айтат.","Ошондой эле ал силерге Аллахтын ордуна периштелерди жана пайгамбарларды кудай тутуп сыйынгыла деп буюрушу мүмкүн эмес. Силер Аллахка моюн сунуп, өзүңөрдү толук тапшыргандан кийин силерди Ага каапырлык кылууга буйруганы болмок беле?","Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Аллах пайгамбарлардан бекем убада алып, аларга мындай деди: «Мен силерге түшүргөн китептен жана үйрөткөн даанышмандыктан эмнени берсем, ошондой эле араңардан кимдир бирөө артыкчылыкка жана кадыр-баркка жетсе, кийин Мен тараптан Мухаммад силерге элчи болуп келип, силердеги китепти жана даанышмандыкты тастыктаса, анда силер ал алып келген нерсеге сөзсүз ыйман келтиресиңер жана аны ээрчүү менен жардам бересиңер. Оо, пайгамбарлар! Силер ушуга макулсуңарбы, Менин бекем келишимимди кабыл алдыңарбы? – дегенде, алар: «Аны кабыл алдык» – дешти. Аллах айтты: «Өзүңөргө жана үммөттөрүңөргө күбө болгула, Мен дагы силерге жана аларга күбө болуучуларданмын».","Кимде-ким Аллахтын жана Анын элчилеринин күбөлүгү менен тастыкталган бул келишимден жүз бурса, мына ошолор Аллахка баш ийбестик кылып, Анын дининен чыккандар.","Аллахка баш ийбестик кылып, Анын дининен чыккандар Аллах пенделери үчүн Өзү тандаган Ислам дининен башканы каалап жатышабы?! Асмандардагы жана жердеги макулуктардын баарысы ыймандуулардын абалы сыяктуу ыктыярдуу түрдө жана каапырлардын абалы сыяктуу мажбур түрдө Ага моюн сунуп, багынышты. Кийин кыямат күнү макулуктардын бүт баарысы сурак берүү үчүн, сыйлык жана жаза алуу үчүн Аллах таалага кайтышат.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахты кудай деп ыйман келтирдик, Анын бизге буйруган нерселерине моюн сундук, бизге түшүргөн вахийине, ошондой эле Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка жана Якубга түшүргөн нерселерге, Якубдун балдарынан болгон пайгамбарларга түшүргөн нерселерге, Мусага, Исага жана бардык пайгамбарларга Раббисинен түшкөн китептерге жана аят-белгилерге ыйман келтирдик. Биз алардын бирине ыйман келтирип, бирине каапырлык кылып, аларды бөлүп-жарбайбыз. Биз бир гана Аллахка ээрчийбиз жана Ага багынабыз».","Ал эми ким Аллах Өзү ыраазы болгон Исламдан башка динди кааласа, Аллах андан аны кабыл албайт жана ал акыретте тозокко кирүү менен өздөрүнө зыян келтиргендердин катарында болот.","Аллахка ыйман келтирип, Мухаммад пайгамбар алып келген нерсе акыйкат экендигине күбөлүк берип жана анын тууралыгына ачык-айкын далилдер келгенден кийин кайра каапырлык кылган коомго Аллах Өзүнө жана элчисине ыйман келтирүүгө кантип ийгилик берсин?! Аллах туура жолдун ордуна адашууну тандап алган залым коомду Ага ыйман келтирүүгө ийгилик бербейт.","Жалганды тандап алган залымдардын жазасы – аларга Аллахтын, периштелердин жана бүткүл адамдардын каргышы болот. Алар Аллахтын ырайымынан куулуп, алыстатылгандар.","Алар тозокто түбөлүк калышат, андан чыгышпайт, азаптары жеңилдетилбейт жана аларга тообо кылып, кечирим суроо үчүн мөөнөт берилбейт.","Бирок каапырлык жана зулумдук кылгандан кийин Аллахка кайткандар жана жакшылык иштерди кылгандар гана андайга кабылбайт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.","Ыйман келтиргенден кийин каапыр болгондор жана өлүмдү өз көзү менен көргөнгө чейин каапырлыгын уланткандар, өлүм келген кезде тооболору кабыл кылынбайт, себеби анын убактысы өтүп кетти. Мына ошолор Аллах таалага алып баруучу туура жолдон адашкандар.","Ал эми каапырлык кылып жүрүп ошол абалда өлгөндөр, тозоктон кутулуш үчүн жердин салмагындай алтынды сунуш кылса да кабыл кылынбайт. Аларга кыйноочу азап бар жана кыяматта аларды азаптан куткарган жардамчылар болбойт.","Оо, ыймандуулар! Өзүңөр жакшы көргөн мал-мүлкүңөрдөн Аллах жолуна сарптамайынча жакшылык ээлеринин соопторуна жана даражасына жете албайсыңар. Сарптаган нерсеңер аз болобу, же көп болобу, Аллах ниетиңерди жана иш-аракетиңерди Билүүчү жана ар бирине иш-аракетине жараша сыйлыгын берет."]