["Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?[1]###[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллах таала тарабынан алып келген улук кабарлар араб тилинде «Набаь» деп аталат. Бул улук кабарлардын акыйкат экенине далил-белгилер канчалык көп болгонуна карабай, көпчүлүк мушриктер ага ишенишкен эмес жана бири-бирине «Мухаммад айткан нерселер жалган болуш керек-ээ? Сен эмне дейсиң?» деген сыяктуу суроолорду беришкен. Ошондой эле, алардын шектенүүлөрү ар кандай болуп, өз ара талашып-тартышып турушкан. Айрыкча алар Акырет кабарларын жокко чыгарууда көп талашып-тартышышкан. “Набаь” сүрөсү ушул окуяларды чагылдыруу менен башталат.","Улук Кабар жөнүндө.","Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.[1]###[1] Кийинки аятта Аллах таала мушриктер ишенбеген кыямат тез эле келип калаарын жана ошол күндө өздөрү «жалган» деген тозокту өз көздөрү менен көрүп, анык билип алышаарын эки ирет кайталоо менен айтат.","Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!","Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.","Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!","Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)","Жана Биз силерди жуп-түгөй[1] кылып жараттык.###[1] Эркек-ургаачы","Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.","Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.","Күндүздү жашоо үчүн жараттык.","Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,","ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.","Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,","чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.","Жана да калың бак-бостондорду.","Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.","Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.","(Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.","Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!","Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)","чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!","Алар анда кылымдар бою турушат.","Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.","Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)","(Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!","Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.","Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.","Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.","Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!","Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш),","бак-бостондор, жүзүмдүктөр,","жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,","жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар.","Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт.","(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!","(Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.","Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.","Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.","Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт.","(Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип,","(ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип,","(Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип,","(Аллахтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип,","(Аллах табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын):","Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт.","Анын артынан кийинки Сур тартылат.","Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп,","Көздөрү жалдырап калат.","(Каапырларга кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы,","чириген сөөк болуп калсак деле?!»","(Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!»","Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу.","Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат!","Сага Мусанын кабары келди беле?","Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү:","«Фараонго баргын! Ал чектен чыгып кетти».","Жана ага (мындай) дегин: «Өзүңдү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону","жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллахка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»","(Муса) ага (Фараонго) чоң моожизаны (жыланга айланган таякты) көргөздү.","Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты.","Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды.","жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен:","«Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди.","Анан... Аллах аны дүйнөлүк (жаза) жана Акыреттик азап менен жазалады.","Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар.","(Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллах) жаратты!","Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды.","Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды.","Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду.","Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды.","Тоолорду (бекем) орнотту.","Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп.","Качан чоң Кыямат келсе,","Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш-аракеттерин эстейт.","Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт.","Кимде-ким чектен чыккан болсо","жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо,","анын орду албетте, тозокто!","Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса,","анын орду албетте, бейиште!","(Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат.","Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың?!","Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү.","Сен болгону андан (кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң.","Алар (кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат.","(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды,[1]###[1] Сүрөнүн түшүү себеби төмөндөгүчө: Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккенин этибарлуу байларын динге даават кылып отурганда, шариятка өтө берилген, өзүн ширктен жана башка чоң күнөөлөрдүн тазалаган Абдуллах ибн Умм-Мактум деген сокур киши келип, бир маселе сурайт. Ал пайгамбардын бош эмес экенин көрбөгөн. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам болсо, сөзүнүн бөлүнгөнүнө ачууланып, кабагын бүркөп, жооп бербей, байлар менен сүйлөшүүсүн улантат. Бирок, бул байлар жанагы сокур киши сыяктуу күнөө иштерден өздөрүн тазалабаган, динге өзү умтулуп келбеген кишилер эле. Аллах таала пайгамбарынын бул жоругунун ката экенин эскертип, аны жемелеп, ушул сүрөнү түшүргөн. «Абаса» «кабак бүркөдү», «маңдайын тырыштырды» деген мааниде.","алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде.","(Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр!","Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?!","Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)","сен ошо(лор)го бурулуп алдың!","(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң.","Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам…","(Аллахтан жана кыямат күндөн) коркот эле.","Сен андан алагды болуп калдың!","Жок! (Оо, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллах тарабынан) эскерме-сабак.","Ким кааласа – аны эскерет.[1]###[1] Кийинки аяттарда Аллах таала бул аяттардын кадырын, пакизалыгын жана улуулугун баяндайт.","(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да,","(Лавхул Махфуз) Таза–Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору.","(Жана) периштелердин колунда.","(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)","Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты?!","Ал (Аллах) аны эмнеден жаратты эле?!","Бир тамчы (бел) суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган.","Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду[1] оңой кылып берди.###[1] Дүйнө – тиричилик жолдорун оңой-жеңил кылды. Ал эми, кааласа диний багытта эң оңой, эң жеңил дин менен Аллахтын ыраазычылыгын таба турган кылды.","Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду.","Андан соң Өзү каалаган кезде (кыяматта) кайрадан тирилтип алат.","Жок! Ал өзүнө (Аллах) буюрган парыздарды эч аткарбады!","Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы?![1]###[1] Кайдан келди алар?! Кантип жаралды?! Өзү жаратып алдыбы?! Жок! Бардыгы Аллахтын нээматтары!","Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык!","Андан соң жерди жарып,","(ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк:","жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү,","зайтундарды, курмаларды,","коюу бактарды,","мөмө-жемиштерди, жашылчаларды.","Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп.","Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде...,","Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат.","Апасы менен атасынан дагы.","Аялы менен балдарынан дагы!","(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот!","Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып,","күлүп-жайнап, кубанычтуу!","(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап,","караңгылык ороп алат!","Дал ошолор каапыр, шүгүрсүз адамдар![1]###[1] Алар Раббиси канчалык нээмат – жакшылык берсе да шүгүр кылбай, кайра Аллахтын жолуна каршы чыгышты! Аллах бардыгыбызды ушундай каапырлыктан сактасын!","Күн оролуп (нуру жоголуп),","жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,","Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,","курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,[1]###[1] Кыямат кыйроосу башталганда адамдардын көзүнө өз жанынан бөлөк эч нерсенин кызыгы калбайт: Арабдардын назарында эң баалуу деп эсептелип, аздектелген жана «Ишаар» (курсагында он айлык баласы бар) деп аталган төөлөр менен дагы эч кимдин иши болбой, кароосуз калат.","жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,[1]###[1] Жаралгандан бери бири-бирине кас болуп келген коён-карышкыр, кабылан-кийик сыяктуу жапайы айбандар ошол күндүн коркунучунан катуу үркүп, бир жерге чогулуп калышат.","деңиздер жанып – от болуп,","жандар бири-бирине коштолуп…[1]###[1] Ал эми «жандардын кошулуусун» кээ бир тафсирчилер жандын денелерге кошулуп кайра тирилүүсү деп түшүндүрүшөт.","Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -","Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...[1]###[1] Исламга чейинки доордо арабдар эгер кыз перзент көрсө аны тирүү бойдон көмүп салышчу. Ислам келип, бул жапайы жорукту токтоткон.","Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,","асман сыйрылып алынганда...","Тозок (катуу) кызытылып,","Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…","(Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.","Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип,","(аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип,","(караңгысы менен) келген түнгө ант ичип,","агарган таңга ант ичип (айтамын):","Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү![1]###[1] Бул аяттагы улуу элчи Жебирейил периште. Ал вахий кабарларын Аллахтан кабыл алып, Мухаммадга жеткирген.","Арш Ээсинин[1] алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу.###[1] Аллахтын","Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.","(Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.","Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн.","Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес.[1]###[1] Аллах ага кандай гана кайып кабарын билдирсе, бардыгын адамдарга жеткирген. Ошондой эле, кайыптагы Аллахтан келген Дин-Шарияттын бирин калтырбай элдерге жеткирген.","Жана ал[1] каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес![2]###[1] Куран.\t[2] Мушриктер «Мухаммадка эч ким сүйлөй албаган сөздөрдү жин-шайтандар үйрөтөт» дешчү.","Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?!","Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!","Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)","Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!","Асман жарылып,","Жылдыздар төгүлүп,","деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда...","Жана мүрзөлөр оодарылганда...","(Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат.[1]###[1] Кыяматта мүрзөлөр оодарылып, ичиндеги өлүктөргө жан киргизилип, жер сыртына чыгарылат. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам “Силер (ал күнү) жылаңайлак, жылаңач, “сүннөт” кылынбаган абалда (сот-сурак майданына) чогултуласыңар” деген. (“Мишкатул масаабих”. 3/75. 5535-хадис).","Оо, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду?!","Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле!","Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган!","Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер!","Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар!","(Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар!","Силердин бардык ишиңерди билип турушат.","Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде.[1]###[1] Бул жерде «жакшы кишилер» деп Аллахтын жана адамдардын укугун таанып, аларга кыянат кылбаган жана жаман ойду ойлобогон, жаман иштерди жасабаган кишилерге айтылган.","Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат!","Алар ага (тозокко) сурак күнү ташталат!","Анан андан чыга алышпайт!","(Оо, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?","Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?[1]###[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам кайып кабарларын Алла тааладан вахий аркылуу кабар келмейинче, өз алдынча билген эмес.","Ал күнү (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллахтын ыктыярында!","Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!","Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,","Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.","Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?","Улуу Күн – Кыяматта!","Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!","Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!","(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң![1]###[1] “Сижжин” – бул жети кабат жердин түбүндөгү өтө тар, кысылган, караңгы орун. Таразадан кымтып калган кыянатчылардын рухтары жана амал китептери ошол жерде сакталат.","Ал – жазылган китеп.","Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!","Алар сурак күндү жалган дегендер.","Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.","А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.","Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.[1]###[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан: “Эгер пенде бир күнөө иш жасаса, жүрөгүнө чекиттей кара так орноп калат. Ошондо, эгер Аллах тааладан кечирим сурап, тообо кылса жүрөгү тазаланат. Эгерде күнөө ишин улантчу болсо, ал кара так чоңоюп-чоңоюп олтуруп, бүт жүрөгүн ороп калат”. (Куртубий)","Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.[1]###[1] Кыяматта үч түрлүү азап бар: биринчиси: от-тозок азабы, экинчиси: жемелеп, сөгүш берүү азабы, үчүнчүсү Аллахтын жүзүн көрүүдөн бей насип калуу азабы.","Андан соң, алар тозокко ташталышат.","Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.","Чынында, жакшы пенделердин китептери[1] «Иллийюнда».###[1] Амал баракчалары","(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.[1]###[1] «Иллийюн» - бул Сижжиндин тескериси. Эгер Сижжин жети кабат жердин түбүндө болсо, Иллийюн жогорку бейиштердеги орун. Ал жерде бейиши болгон пенделердин амал китептери сакталат.","Ал – жазылган китеп.","Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.","Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.","Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.","Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.","Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.","Ал шараптын сактагычы - «миск».[1] Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!###[1] «Миск» - бул жыпар жыты өтө күчтүү болгон нерсе. Ошол нерсени шарапка аралаштыруу менен анын жыты сакталып, мас кылуучу касиети жоготулат.","Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».","(Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.","Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.","(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан.","Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.","Эгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан.","Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го!","Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.","Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.","Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!","Күтүүсүздөн асман жарылды!","Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу!","Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп,","ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды!","Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу![1]###[1] Жер мүрзөдөгү өлүктөр менен кен-байлыктарын чыгарып, созулган сыяктуу тегиздикке айланат. Тоо-таштар күкүм болуп, тегизделип калат. Мүрзөлөрдөн тирилип, суурулуп чыккан инсандар Раббисине жолугуу үчүн сот-сурак майданына айдалат.","О, инсан! Сен Раббиңе (жолуканча) түйшөлүп, акырында Ага жолугасың.[1]###[1] Эми алар сообу көп болсо Раббисинен пазилет-сыйлык алышат, күнөөсү көп болсо, азап-жаза алышат. Ал жерде аларга амал китептери таратылып берилет.","Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе,","өтө жеңил суралат.","жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет.","Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе,","(өзүнө) өлүм чакырат.","Жана тозокко ташталат!","Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн ичинде шат-курсант болчу.","Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү.","Жок! Андай эмес! (Ал Раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган!","Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип,","түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип...","Жана толгон кездеги (толук) айга ант ичип (айтамын):","(Оо, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер![1]###[1] Бардык инсан ата-энесинин бел сууларынын аралашмасы - нутфа баскычынан коюу кан, бир тиштем эт, сөөк, ымыркай баскычын \"минип-өтүп\" төрөлгөн. Анан бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик, кишилик, картаңдык баскычтарын басып өтүп мүрзөгө келип кайра топуракка айланат. (Садий)","Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?!","Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо, (моюн сунуу менен) сажда кылышпайт?![1]###[1] Бул аят сажда аяты болуп, аны окугандарга жана уккандарга отурган эле жеринде бир жолу сажда кылуу ваажып болот.","Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет!","Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет.","(Оо, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер!","А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!","Мен топ жылдыздар мекени – асманга ант ичип,","Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип.","(Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын):","Чуңкур ээлерине – өлүм болсун![1]###[1] Бул чуңкурду байыркы заманда жашаган каапыр адамдар өздөрүнүн көп кудайлык динине баш ийбей, жалгыз Аллах таалага ибадат кылган ыймандууларды жазалаш үчүн даярдаган. Ал кандай чуңкур болгонун кийинки аяттан билип алабыз.","(Ал чуңкур) отундуу жалын!","Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан!","Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан!","(Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллахка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты![1]###[1] Жалгыз Аллахка ыйман келтирген момундарды чуңкурдун жээгине алып келип “ыйманыңдан кайт!” деп талап коюшкан. Ыймандан кайтпагандарды жалындуу чуңкурга ыргытып жиберишкен.","Ал асмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллах ар бир нерсеге Күбө!","Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тообо кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар!","Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул – чоң жеңиш!","Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу!","Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат.","Ал – Кечиримдуу, (жана) Вадууд![1]###[1] Өзүнө моюн сунгандарды сүйүүчү жана Өзү дагы ыймандуулар тарабынан катуу сүйүлгөн.","(Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук!","Каалаганын жасоочу!","(Оо, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин,","Фараондун жана Самуд коомунун кабары келди беле?","Жок, каапырлар (дагы эле, Куранды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө.","Аллах болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат.","Аныгында ал - Улуу Куран! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал:)","Лавхул- Махфузда!","Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин.","(Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.","Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз.","Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.","Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын!","Атырылган (бел) суудан жаратылган.","(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат.","Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!","Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.","(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт.[1]###[1] Бул дүйнөдө инсан кылмыш жасаса акчанын, тааныштын жана аброюнун кудурети менен жазадан кутулуп кете алат. Акыреттечи? Анда ал тек гана Аллахтын өкүмү астында болот.","Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!","Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:","Ал (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!","Азил-тамаша (сөз) эмес!","Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.","Мен дагы амалкерлик кыламын.","Эми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер.[1]###[1] Каапырлар айлакерлик жасашат. Аллах алардан амалдуурак: же ошол учурдун өзүндө жазалайт же болбосо, аларга дагы эле кенен ырыскы, узун өмүр - мөөнөт берет. Алар көөп, күнөө үстүнө күнөө жасап, тозок азабына дагы да көбүрөөк ылайык болушат.","Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!","Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.","Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.","Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,","андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.","(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.","Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.","Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.[1]###[1] Аяттагы “оңой жол” – бул Ислам дини. Ислам дини диндердин арасындагы эң жеңил, эң оңой дин. Аны үйрөнүү да, үйрөтүү да, аны менен жашоо да жеңил. Анын ибадаттары да жеңил.","Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.","(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.","Шордуу адам болсо андан качат.","Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.","Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!","Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!","Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).","Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!","Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!","Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле.","Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.","(Оо, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?[1]###[1] “Гаашиянын” мааниси “Ороп алуучу”. “Ороп алуучу” – бул Кыямат окуясы. Анткени, Кыямат окуясы башталганда ааламдык кыйроолор жана башка дүрбөлөңдүү алааматтар себептүү бардык жан-жаныбарларды чоң коркунуч ороп калат. Айрыкча каапырлар катуу коркушат. Себеби, алар бул күнгө ишенишпеген эле. Кийинки аяттар ошол күнкү каапырлардын абалы жөнүндө.","Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт).","(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда...","кызыган отко кирет!","(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет!","Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок![1]###[1] Бул тикен “зарийь” деп аталат.","(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт!","Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат-куунак!","(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш-аракеттерине ыраазы!","Жогорку бейиште!","Анда маанисиз сөздөрдү укпайт.","Анда агып тураган булактар,","бийик сөрүлөр,","(ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр,","сап-сап тизилген жаздыктар","жана төшөлгөн килемдер бар!","Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына?!","Асмандын кандай көтөрүп коюлганына...,","Тоолордун кандай сайып коюлганына...,[1]###[1] Тоолор - жердин казыктары. Тоолордун жердин түбүнө сайылган бөлүгү жер үстү бөлүгүнөн үч-төрт эсеге узун. Алар менен бекемделгени себептүү жер аман-эсен турат.","Жана жердин кандай жайып коюлганына?[1]###[1] Жетинчи кылымдын кишисине “жердин тоголоктугуна карашпайбы?” деген кайрылуу болсо алар муну түшүнмөк да эмес, ишенмек да эмес. Айрыкча ал чөл адамы болсо, андан бетер таң калмак. Андан көрө аларга жердин кандай төшөк сымал жайып, тегиз кылып коюлганы айтылса, Аллахтын кудуретине көбүрөөк ушундан далил табышы мүмкүн эле.","(Оо, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң![1]###[1] Демек, пайгамбарлар – эскертүүчүлөр. Алар адамдарга Аллах тааланын өкүмдөрүн жеткирип, эскертип гана коюшат. Алардын аркаларынан “жасадыбы, жасабадыбы?” деп акмалап жүрүшпөйт жана зордук-зомбулук да көргөзүшпөйт.","Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң!","Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо,","аны Аллах чоң азапка салат!","Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат.","Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз!","Таңга ант!","Он түнгө ант!","Жуп менен такка ант!","Жана өтүп жаткан түнгө ант![1]###[1] Бул аяттардагы “таң”- Курбан айт күндүн таңы, “он түн”- Зул-Хижжа айынын алгачкы он түнү, “жуп”- бул Зул-Хижжанын онунчу күнү, “так”- тогузунчу – Арафат күнү. Ал эми, “өтүп жаткан түн”- бул Курбан айттын түнү. Чынында Аллах таала ант үчүн тандаган бул төрт нерсенин улуулугу, орчундуулугу акылдуу адамды канааттандырат.","Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?!","Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү?!","Түркүктүү Ирамды[1] (эмне кылганынчы?)###[1] Бул аяттагы \"Ирам\"ды кээ бир тафсирчилер шаар дешет. Бирок, Ирам деген ошол мезгилде жашаган уруулардын бири экенине далил көбүрөөк.","Ага окшогон (курулуш) эч бир өлкөдө жаратылбаган эле.[1]###[1] Аад коому кумдуу чөлдө жашаганына карабай, түркүктүү чатырлардан Ирам деген шаар кура алган аябай чоң келбеттүү, бакубат эл болгон. Алар пайгамбарлары Худ алейхи саламга кордук көргөзгөндө Аллах таала катуу шамал жиберип бардыгын кыйраткан.","Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү?)","Аскерлердин ээси Фараонду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү?)","Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен.","жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу.","Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды.","Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу.","Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт.","Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт.","Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар!","Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр!","Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер!","Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр!","Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде","жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде...,","Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана!","(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт.[1]###[1] Ага Аллахтын жазасы буйрулат: колу-бутун кишендер менен байланып азапка салынат.","Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт.","Аллах байлагандай эч ким байлай албайт![1]###[1] Ал күндө ыймансыздардын жаны туйлап, толгонуп, дүйнөдө татыксыз жашаганы себептүү бушайман чегип турган болсо, ыймандуулардын жаны тынч, бейпил жана ыраазы болуп турат.","Оо, тынч – бейпил жан!","(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын.","Менин (жакшы) пенделериме кошулгун.","жана Менин бейишиме киргин!","Ушул шаарга ант!","Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.","(Адам)-Атага жана урпактарга ант!","Биз инсанды машакатка жараттык.[1]###[1] Адампенде каалайбы-каалабайбы, бул дүйнө турушу менен машакат. Аллах таала ушундай жараткандан соң, мындан башкача болбойт. Ал эми, кээ бир адамдар өздөрүнө ушул эле дүйнөдө бейиш куруп алгылары келет жана машакатсыз жашайбыз деп... машакат чегишет.","(Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?","Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт.","Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?","Биз ага эки көз бербедикпи?","Тил жана эки эрин бербедикпи?!","Жана Биз аны эки жолго багыттадык.[1]###[1] Ар бир акылдуу инсандын алдында эки жол бар: жакшы жана жаман. Ал өзүнүн ыйманына жараша экөөсүнүн бирин тандап алат. Албетте, напси-балээсине азгырылган инсан жеңилине, ылаззатына умтулуп жаман-арам жолго жүрөт. Ал эми, акылын иштеткен ыймандуу адамдар ар канча оор болсо да Акыретте пайда бере турган жакшылык жолуна жүрүшөт.","Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.","(Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.","(Оор жол – бул) кул азат кылуу","же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү –","тууганчылыгы бар жетимге.","Же чаңга буланган кедейге","Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,","Ошолор гана оң тарап ээлери!","Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери.[1]###[1] Кыяматта алардын амал баракчалары сол тарабынан берилип, бактысыз кишилерден болот.","Аларды ар жактан от каптап алган.","Күн жана анын жарыгына ант!","Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант!","Жана караңгыны жарык кылган күндүзгө ант!","Жана аны ороп кала турган түнгө ант!","Асманга жана аны (бекем) курганга[1] ант!###[1] Аллах таала Өзүнүн Улуу Кудурети менен ант берүүдө.","Жерге жана аны жайганга ант!","Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант![1]###[1] Аллах таала бардык инсаниятты түз табият менен б. а. адал, таза жана туура Ислам жолунун үстүндө жаратат. Кийин ата-энелери аларды же яхуди, же христиан, же отко сыйынуучу каапыр кылып тарбиялайт. (Ибн Касир).","Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбалыгына да илхам берип койду.","Эми, кимде-ким аны (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо жеңишке (бейишке) жетет.","Кимде-ким аны (напсини күнөө менен) тебелеп-кордогон болсо, (бейиштен) үмүтсүз калат.[1]###[1] Напсини бузбай, таза кармап жүрүүнүн жападан-жалгыз жолу пайгамбар көргөзгөндөй жашоо жана амал кылуу. Ал эми, пайгамбардын таалимин тоотпой, өз башынча жашаган же болбосо ага каяша айткан элдер ар кайсы доордо Аллах тааланын каарына жолуккан жана жолуга бермекчи. Ошондой коомдордун бири Самуд коому.","Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды.","Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду.","Аларга Аллахтын элчиси “Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!”) деди.","Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды![1]###[1] Төөнү бир эле адам сойгон бирок, башкалары аны кой деген эмес. Тескерисинче, шыкак берип турушкан. Ошондуктан, азап коомдун бардыгына тең келди.","Ал (Аллах таала) бул иштин акыбетинен коркпойт.","(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант!","(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант!","Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант!","Албетте, (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай.","Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса","жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса –","Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз.","Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллах бере турган соопту) “керек эмес” десе...","Жана ыйманды жалган десе...","Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз.","(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат!","Албетте, (адамдарды) туура жолго баштоо Бизге гана таандык иш.","Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда.","Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим.","Ал отко шору каткан адам гана кирет.","Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган.","Андан (тозоктон) такыба киши ыраак болот.","Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши.","Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок.[1]###[1] “Мага да андан жакшысын кайтараар” деген үмүттө жасала турган эгоисттик жакшылыктар анда тап-такыр жок.","(Ал жасай турган жакшылыктардын бардыгы) эң жогорку Раббисинин ыразычылыгы үчүн гана (жасалат).","Жакында (Аллах аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот.","Шашке маалына ант!","Тынч – караңгы түнгө ант!","(Оо, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок.","Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак.","Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң.","Ал (Аллах) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?[1]###[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам туулганга чейин эле атасы кайтыш болгон. Анан эсин таанып-тааный элек балалык курагында апасы да бул дүйнө менен кош айтышып, тоголок жетим болуп калды. Кийин Аллах таала ага чоң атасы Абдул Мутталибдин үйүнөн, ал өлгөндөн соң абасы Абу Талиптин үйүнөн башпаанек таап берди.","Жана (Аллах) сени адашкан абалда таап,[1] андан кийин Туура Жол көргөздү го!###[1] Аллахтын илими берилгенге чейин пайгамбарыбыз не китеп, не ыйман эмнелигин билбеген абалда эле. Кийин Аллах ага билбегенин билдирди жана эң сонун иш жасаган, эң адеп-ахлактуу адамга айлантты.","Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды.","Эми, сен жетимге каарыңды төкпө.","Жана сураган адамга орой мамиле кылба.[1]###[1] Жетимдерге ырайымдуу болуп, ким бир нерсе сураса, кудуретиң жетсе - бер, жок болсо жакшы, сылык сөз менен кайтар. Бул аяттагы суралган нерсе предметтерге гана чектелбейт. Маселен, кээ бир адамдар жардам, кээ бирөөлөр илим сурайт.","Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө.[1]###[1] Аллах тааланын нээмат-жакшылыктары жөнүндө элдерге сүйлөп берүү аларды шүгүр кылууга шыктандырат. Анткени, жакшылык кылганды сүйүү - бул жүрөктөрдүн табияты.","(Оо, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи?[1]###[1] “Шарх” сөзү “ачуу”, “кеңейтүү” деген мааниде. Аллах таала пайгамбарынын көкүрөгүн, дил-жүрөгүн динге, дааватка жана улуу кулк-мүнөзгө кең кылды.","Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.","Ал сенин желкеңди эзип турган.","Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.[1]###[1] Мусулмандар качан келме, азан, такбир айтып Аллахты эскеришкенде “Мухаммад” деген ысымды да кошо айтып, эскеришет.","Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.","Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.","Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш","жана Раббиңе[1] гана умтул!###[1] Анын алдындагы соопторго.","Анжирге ант, Зайтунга ант!","Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант!","Жана мына бул тынч шаарга (Меккеге) ант![1]###[1] Аллах таала Иса пайгамбардын мекенинин негизги белгилери болгон анжир, зайтун дарактарына, Муса алейхи салам Аллах таала менен сүйлөшкөн Синай – Тур тоосуна жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарга вахий түшүргөн Мекке шаарына ант ичип, кийинки аяттардагы маанилүү нерсенин кабарын берүүдө.","Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.","Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз.","Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар.","(Оо, инсан!) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды?","Аллах эң даанышман өкүмдар эмеспи?","Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен![1]###[1] «Алактын» мааниси «Уюган кан». Куран аяттарынын ичинде эң биринчи түшкөнү менен өзгөчөлөнгөн бул сүрөнүн дагы бир аталышы «Икроь».","Ал инсанды уюган кандан жаратты.","Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!","Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү.","Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди.","Жок! Чынында, инсан чектен ашат","өзүн бай-беймуктаж көргөндө![1]###[1] Раббисин жана Акыреттеги сот-суракты унутат. Өзү унутканы жетпегендей, башкаларды дагы жолдон урат, сооп иштерден, намаздан тыят.","Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана.","Көрдүңбү сен тыюу салган кишини","намаз окуган пендеге?","Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо...","Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса…","(Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе?","Билбейби ал Аллах көрүп турганын?!","Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз!","Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан!","Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин!","Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз!","Жок, сен ага[1] моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол![2]###[1] Намаздан тоскон адамга. \t[2] Бул аят Ыйык Курандагы он төрт орунда келчү сажда аяттарынын бири.","Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.","Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?![1]###[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам не окууну, не жазууну билбеген сабатсыз (уммий) киши эле. Ага бардык илимди, ошонун арасынан Кадыр түнү жөнүндөгү илимди да Аллах тааланын Өзү Жебирейил периште аркылуу үйрөткөн.","Кадыр түнү миң айдан да жакшы.","(Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.","Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)![1]###[1] Анткени, бул түнү Рамазан айынын бардык түндөрү сыяктуу, адамдарды азгыра турган шайтандар кишенделген болот.","Китеп ээлеринен (яхудилер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады.[1]###[1] Мединада түшкөн. Сегиз аяттан турат. “Баййинанын” мааниси “Анык Чындык”.","(Анык Чындык – ал) таза барактарды (Куранды) окуп берген Аллахтын элчиси.","Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар.","Китеп берилген элдер (яхудилер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти.[1]###[1] Кээ бирлери Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдан өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала айтылган пайгамбардын сыпаттарын таап, ага ыйман келтиришти. Көпчүлүгү “Пайгамбар сөзсүз бизден – яхудилерден чыгыш керек эле” деген көралбастыктан улам каапыр болушту.","Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!","Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы!","Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар – жаратылгандардын эң жакшысы.","Раббисинин алдында алардын сыйлыктары – анда дайым жашоочу бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн!","Жер катуу титирегенде","жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда…[1]###[1] Бул аяттар Кыямат кайымдын болоор алдындагы алааматтар жөнүндө баян. Ошондо жер катуу титирегенден улам анын ичиндеги өлүктөр жана кен байлыктардан турган “жүктөр” сыртына чыгып калат.","Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт.","Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт.","Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.[1]###[1] Жер дагы Кыяматта күбөгө өтүүчү макулуктардын бири. Аллах “сүйлө” деп буюрганда, ал өзүнүн үстүндө ким эмне иш жасаганын айтып берет.","Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет.","Жана ким кыпын салмагындай[1] жакшылык кылган болсо – аны көрөт###[1] Бул аяттагы مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ (мискаала зарратин) деген сөздү \"кыпындай\" деп которуу анын маанисин толук ачып бере албайт. Аяттагы مِثۡقَالَ  \"мискаала\" деген сөз салмакты түшүндүрөт. Бул маани өз кезегинде кыяматтагы таразага ишаарат.","жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо – ошону көрөт.","Алкынып чуркаган тулпарларга ант!","(Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант!","Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант!","Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты.","Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди.[1]###[1] Аллах тааланын күлүк аттар менен ант ичишинин себеби, алар Аллахтын керемет жаныбарлары жана теңдешсиз нээматы.","Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр![1]###[1] Аллах тааланын нээматтарына ибадат-кулчулук менен жооп бериши керек болчу. Бирок, ал мунун ордуна күнөө үстүнө күнөө жасайт.","Буга анын өзү деле күбөдүр!","Ал байлыкты катуу сүйөт!","Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда…","Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда…","Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?![1]###[1] Негизинен Аллах тааланын бардык нерселерден кабардарлыгы ошол күнгө чектелбейт. Бул жердеги чектөө ал күндүн өтө маанилүүлүгүн ачып берүү үчүн. Ооба Аллах таала ал күндө пендеге ушул дүйнөдө жасаган бардык иштерин билдирет. Эгер ал иш өтө жашыруун, өтө сырдуу болсо да, адамдар ал күнөө ишти унутуп жиберген болсо да, Аллах унуткан эмес!","Кориьа!","Кориьа эмне өзү?![1]###[1] «Кориьа» - бул кыяматтын бир аталышы. Сөздүктөгү мааниси «жүрөктөрдү түшүүрүчү дүрбөлөң» дегенди билдирет.","(Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң!","Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.[1]###[1] Тозуган түңкү көпөлөктөр эмне кылганын билбей, жабалактап өзүн отко ура берет. Демек, кыямат дүрбөлөңү башталганда инсандар эс-акылынан танып, бири-бирин басып-тебелеп туш-тушуна тозуп кетишет. Тозубай болобу?! Асман жарылып, жер титиреп, деңиздер өрттөнүп, жылдыздар төгүлүп турса!!!","Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!","Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,","ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот.","Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,","анын энеси – «Хаавия!»","(Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң.","Ал – катуу кызытылган тозок!","(Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду!","Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин.","Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар!","Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сот-сурак учурунда) билип аласыңар!","Андай эмес, Эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер).","(Эми) тозокту көрүшүңөр анык!","Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр!","Андан соң, ошол күнү (Аллах аманатка берген) нээматтар жөнүндө албетте сураласыңар!","Асырга ант![1]###[1] «Асыр» сөзүн аалымдар ар кандай түшүндүрүшкөн. Бирөөлөрү «Асыр - бул кылым» десе, экинчи пикирдегилери «Асыр намазынын убактысы», ал эми үчүнчү бөлүгү «Асыр намазы» деп түшүндүрүшөт.","Албетте, (ар бир) инсан зыянда!","Ал эми, ыйман келтирген, салих (сооп) амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят (насаат) кылгандар гана (зыянда эмес).","Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун!","Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди.","Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт.","Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат!","(Оо, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң.","(Ал) Аллахтын алоолонгон тозогу,","(Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган!","Чынында, ал (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган.","(Эшиктери) узун устундарда (бекемделген).","(Оо, Мухаммад!) Раббиң пил ээлерин эмне кылганын билбедиңби![1]###[1] Меккеде түшкөн жана беш аяттан турган бул сүрөдө Аллах таала пайгамбарыбыздын чоң атасы Абдул Мутталиптин доорунда болгон окуяны баяндайт: Хабашанын каапыр падышасы Абраха Каабаны бузуп салуу үчүн пилдер жана сансыз кошуун менен келген мезгилде Аллах таала пил ээлеринин ойлогон айла-амалдарын текке кетирип, кийинки аяттарда айтылгандай кордук өлүмүнө дуушар кылат.","(Раббиң) алардын (Каабаны бузуп салуу үчүн ойлогон) айла-амалдарын текке кетирбедиби?","Жана аларга каршы топ-топ куштарды жиберди.[1]###[1] Булар жөнөкөй куш эмес, Аллах тааланын куш түспөлүндөгү аскерлери-периштелер болчу.","(Куштар чеңгелиндеги) чопо-таштар менен аларды ташбараңга алышты.[1]###[1] Ал чопо-таштар чачырап тийген Абраханын жана аскерлеринин денеси курт жеген жалбырактай илме-тешик болуп калды.","(Аллах) аларды мойсолгон жалбырактай кылып койду![1]###[1] Аллах Өзүнүн Үйүн ушинтип сактады. Ушул окуядан эки айга жетпеген күндөрдөн соң, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жарык дүйнөгө келген. Бул жыл араб жана Ислам тарыхында «Пил жылы» деп жазылып калды.","Курайштын ынтымагы үчүн![1]###[1] Меккеде түшкөн жана төрт аяттан турган бул сүрө, «Фил» сүрөсүнүн уландысы сыяктуу: Кааба менен Абраханын окуясынан соң бүт араб дүйнөсүндө Каабанын тегерегинде жашаган Курайш уруусунун урматы, болуп көрбөгөндөй көкөлөдү. Адамдар Курайшка кол салуунун акыбети жаман болушун көрүштү. Эми Курайш кербендери жай айларында Шамга (Сирияга) кыш мезгилинде Йеменге каттачу болсо, илгеркидей жолтосор-каракчылардан коркпойт. Өзүнүн болочок пайгамбарынын уруусу-Курайш үчүн ынтымак жашоо шартын Аллах таала ушинтип түзүп берди.","Кыш жана жай мезгилиндеги сапарында алардын ынтымак-тынчтыгы үчүн!","Эми, алар (ар кандай таш-кудай, жыгач-кудайларын таштап, өздөрүнө ынтымак жашоо тартуулаган) ушул Үйдүн (Каабанын) Раббисине гана ибадат кылышсын!","Ал (Рабби) каатчылыкта аларды тамактандырды жана коркунуч(тар)дан аман сактады!","(Оо, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле?!","Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам!","Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес.[1]###[1] Кийинки аяттарда Аллах таала кээ бир адамдар намаз окуса деле... тозокко түшүп калуусун айтат. Ал кандай адамдар экен? Жооп кийинки аятта.","(Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!","Алар намаздарын унутуп коюшат.[1]###[1] «Намазды унутуп коюу” деп өз убактысынан себепсиз кечиктирүү, парыздарын, шарттарын кемитип окуу сыяктуу күнөөлөргө айтылат.","Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия[1] кылышат.###[1] «Рия» - бул эл көрсүнгө жасалган ибадат. Рия от сыяктуу. Ибадаттын соопторун күйдүрүп жиберет.","Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат.","(Оо, Мухаммад) чынында Биз сага «Каусарды» бердик.[1]###[1] Үч аяттан турган бул сүрө Меккеде түшкөн. «Каусар» - бул «көп жакшылык» дегенди билдирет. Аллах таала пайгамбарына бул дүйнөдө көп жакшылыктарды берген. Ал эми, Акырет бейишинде болсо, «Каусар» деп аталган дарыя менен ушундай аталыштагы булакты сыйлык катары берет.","Сен эми, (ушул жакшылыктарга шүгүр кылып) Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал!","Албетте, сени айыптаган адамдын өзүнүн арты кесилген![1]###[1] Пайгамбарыбыздан уул перзент калбаганы маалым. Анын уулу Касым өлгөндө ашкере душмандарынын бири Аас ибн Ваил аны акаарат кылып “арты кесилди” (ишин улантуучусу калбады) дейт. Бирок, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын артында, ага эртели-кеч салават-салам айтып, акына дуба кылып турган миллиондогон үммөттөрү калды. Ал эми, ага жана анын динине душмандык кылып, айыптап, жамандап жүргөндөрдүн өзү дагы, аты-жыты дагы жок болду.","(Оо, Мухаммад, каапырларга) айткын: «Эй, каапырлар!","Мен силер ибадат кылган(кудайлар)га ибадат кылбаймын!","Силер дагы мен сыйынганга (Аллах таалага) сыйынуучу эмессиңер.","Мен силер ибадат кылган кудайларга сыйынбаймын!","Силер да мен ибадат кылган(Аллах таала)га ибадат кылуучу эмессиңер.","(Демек,) силерге өз диниңер, мага өз диним!»","(Оо, Мухаммад, эгер сага) Аллахтын жардамы жана жеңиши келсе","жана адамдарды Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көрсөң...","Анда, Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тооболорду кабыл кылуучу!","Абу Лахабдын эки колу (өзү) куурап калсын! Куурап да калды![1]###[1] Бул сүрө Меккеде түшкөн. 5 аяттан турат. Абу Лахаб пайгамбарыбыздын абаларынан бири болчу. Бирок, Исламга ашынган душман болгондуктан, аялы Умму Жамил экөө, динге жана пайгамбарга көп зыяндар жеткирип жүрүшчү. Аллах таала Өз пайгамбарына зыян жеткирген душманды ушинтип каргышка калтыргандан көп узабай Абу Лахаб аянычтуу өлүм тапты. Бул өлүм аятта алдын ала айтылган “Куруп да калды” (өлдү) деген башааратты (алдын ала айтылган пайгамбарлыкты) тастыктаган окуя эле.","Ага мал-дүйнөсү да, бала-чакасы да пайда берген жок!","Ал жакында алоолонгон тозокко ташталат!","Ал эми, (пайгамбарга каршы доомат -ушак көтөрүп жүргөн) анын аялы болсо (наркы дүйнөдө) отун көтөргөн абалда!","Анын мойнунда курма дарагынын буласынан (эшилген) жип![1]###[1] Тафсирчи уламалар Умму Жамилдин отун көтөрүүсү жөнүндө «Ал күйөөсү ташталган тозокко отун көтөрүп кирет. Бул дүйнөдө Динге жана пайгамбарга каршы жалган-жалаа жана ушак-айың сөздөрдү көтөрүп жүргөнүнүн жазасы» - дешет.","Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!","Аллах – Сомад (Беймуктаж)","Ал туубаган жана да туулбаган!","Жана эч ким Ага тең эмес!","Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин:[1]###[1] Ушул жана мындан кийинки - “Ан-Нас” сүрөлөрүнүн түшүүсүнө төмөнкү окуя себеп болгон: Лабид деген бир жөөт сыйкырчысы көралбастыктын айынан он бир даана түйүнчөккө дем салып, пайгамбарыбызды сыйкырлап койот. Мунун натыйжасында пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам бир аз унутчаак болуп калганда, Аллах таала “Фалак” жана “Ан-Нас” сүрөлөрүн түшүрүп, алар менен өзүнө дем салууга буюрат. Пайгамбарыбыз ар бир аятты окуган сайын бирден түйүн чечилип, сыйкырдан кутулат. Бул эки сүрөнү пайгамбарыбыз ар кандай жамандыктардан сактанууга жана ооруганда шыпаа болуу үчүн окуганы белгилүү.","(Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан...,","Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан...,[1]###[1] Караңгы кирээри менен жин-шайтандар жайылып, ар кандай жамандыктар көбөйөт.","Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан...,","Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.[1]###[1] Эгер мусулман пенде кимдир бирөөнүн сук назарынан шектенсе, ушул сүрөнү окуйт. Анткени, кээ бир адамдардын сук назары адамга зыян кылышы мүмкүн. Муну эл арасында «көз тийди» деп коюшат. Бул аят көз тийиши акыйкат экенине далил. Пайгамбарыбыздын таалими боюнча, өзүн таң калтырган нерсени көргөн адам “ма шаа Аллаху, табаарак Аллаху” (Аллахтын каалаганы болот, Аллах эң Ыйык) деген дубаны окушу керек. Ошондо анын назары өзүн кызыктырган нерсеге (же адамга) зыян кылбайт.","Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен","Инсандардын падышасынан;","инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин –","(Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун[1] жамандыгынан.###[1] Шайтандын.","Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.","Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот.[1]###[1] Аллах таала Куранда инсандарды ак жолдон азгырган адамдарды да «шайтан» деп атайт."]