["Аллах мушриктерге Өз элчисин жибергенден кийин алар бири-биринен эмне тууралуу сурап жатышат?","Алар бири-биринен улуу Кабар тууралуу сурап жатышат. Ал алардын пайгамбарына түшүрүлгөн, өзүнө кайра тирилүүнү камтыган – бул Куран.","Алар талашып-тартышкан бул Куранды сыйкыр же поэзия же төлгөчүлүк же байыркылардын уламыштары деп сыпатташат.","Абал алар ойлогондой эмес! Куранды жалганга чыгаргандар жакында жалгандарынын акыбети жаман болорун билишет.","Андан соң аларга аны дагы баса белгиледи.","Биз алар үчүн жерди турукташууга ылайыктуу тегиз кылып койбодукпу?","Ал силкилдебеш үчүн анын үстүнө тоолорду казык кылдабыкпы?","Оо, адамдар! Биз силерди ар кандай түрдө жараттык, араңарда эркектер жана аялдар бар.","Силер тиричиликти токтотуп эс алууңар үчүн уйкуңарды кылдык.","Жана силер үчүн караңгы түндү уяттуу жериңерди жапкан кийим сыяктуу тосмо кылдык.","Ал эми күндүздү жумуш кылуу жана ырыскы издөө үчүн майдан кылдык.","Жана силердин үстүңөргө бекем курулуштагы жана кынтыксыз жасалыштагы жети асманды курдук.","Жана Күндү абдан жалындап жаркыраган чырак кылдык.","Жана жамгыр жаай турган мезгили келген булуттардан нөшөрлөп куюлган суу түшүрдүк.","Аны менен ар кандай түрдөгү дандарды жана өсүмдүктөрдү чыгаруу үчүн.","Жана бак-дарактарынын бутактары бири-бирине кирип чырмалышкан бакчаларды чыгаруу үчүн.","Макулуктардын ортосун ажыратуучу күн кечикпестен келе турган бир убакытка белгиленген.","Ал күнү периште экинчи жолу кернейди тартат. Оо, адамдар! Ошондо силер топ-топ болуп келесиңер.","Асман ачылып, анда ачылган эшиктер сыяктуу тешиктер пайда болот.","Тоолор жылып, бырыксыган чаңга айланат жана закым сыяктуу болуп калат.","Чындыгында тозок аңдып күтүп туруучу.","Жана залымдар кайтып баруучу жай.","Алар ал жакта акыры жок замандар жана кылымдар бою калышат.","Алар ал жакта тозоктун ысыгын муздаткан салкын абаны да, моокумду кандырган суусундукту да татышпайт.","Алар өтө ысык сууну жана тозоктогулардан аккан ириңди гана татышат.","Бул алардын каапырлыгына жана адашуусуна ылайыктуу жаза!","Чындыгында алар дүйнөдө Аллахтын акыреттеги сурагынан коркушкан эмес. Анткени алар кайра тирилүүгө ишенишкен жок. Эгерде алар кайра тирилүүдөн корккондо, анда Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылышмак.","Жана алар элчибизге түшүргөн аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышты.","Биз алардын иш-аракеттерине байланыштуу бардык нерселерди эсептеп тактап койдук. Ал алардын амал баракчаларында жазылган.","Эй, залымдар! Бул түбөлүктүү азапты таткыла! Эми Биз азабыңардын үстүнө азапты көбөйтөбүз.","Чындыгында Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн көздөгөндөрүнө жеткирген жеңиш орду бар, ал – бейиш.","Бакчалар жана жүзүмзарлар бар.","Бирдей курактагы көкүрөгү тирсийген селкилер бар.","Мелтилдеген шарап кеселер бар.","Алар бейиште жалган жана калп сөздөрдү угушпайт жана бири-бирине жалган да айтышпайт.","Мына ушулардын баарысы Аллахтын аларга берген жетиштүү белеги жана сыйлыгы.","Ал – асмандар менен жердин жана алардын ортосунда нерселердин Раббиси, дүйнөнүн жана акыреттин Ырайымдуусу. Ал уруксат бермейинче, жердегилердин же асмандагылардын эч кимиси Андан сурай албайт.","Жебреил жана периштелер сап-сап болуп турган күнү Ырайымдуу шапаат кылууга уруксат бергендер гана башка бирөөгө шапаат кылуу тууралуу сүйлөй алат жана Аллахка гана сыйынууга чакырган сөз сыяктуу тууралыкты айтат.","Силерге баяндалган бул нерсе – анын болорунда эч кандай шек-күмөнү болбогон күн. Ким ал күндө Аллахтын азабынан кутулууну кааласа, анда ага карай жолду тутунуп, Раббисин ыраазы кылган жакшылык иштерди кылсын.","Оо, адамдар! Биз силерге жакында болуучу азапты эскерттик. Ал күндө адам баласы дүйнөдө кылган иштерин көрөт жана каапыр адам азаптан кутулууну тилеп мындай дейт: «Аттиң-ай! Кыямат күнү жаныбарларга «топуракка айлангыла!» деп айтылганда мен дагы аларга окшоп топуракка айланып кетсем кана!».","Аллах каапырлардын жандарын катаалдык жана оройлук менен жулуп алуучу периштелер менен ант берди.","Ыймандуулардын жандарын жеңилдик менен сууруп алуучу периштелер менен ант берди.","Аллахтын буйругу менен асмандан жерге сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант берди.","Аллахтын буйругун аткарууда бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант берди.","Пенделердин иштерине жоопкер периштелер сыяктуу Аллахтын тагдырына байланыштуу буйруктарын иш жүзүнө ашыруучу периштелер менен ант берди. Ал мунун баары менен аларды кайрадан тирилтип, суракка алуу жана сыйлык же жаза берүү үчүн ант берди.","Керней биринчи жолу тартылган күнү жер титирейт.","Мунун артынан эле экинчи жолкусу тартылат.","Ал күнү каапырлардын жана пасык-бузукулардын жүрөгү коркунучта болот.","Алардын көздөрүнөн кордуктун белгилери көрүнүп турат.","Алар мындай деп айтышат эле: «Биз өлгөндөн кийин кайра жашоого кайтып келебизби?","Биз курулай чирик сөөк болгондон кийин ушуга кайтып келебизби?».","Алар: «Эгерде кайтып келсек, анда ал кайтуу адамды кайгыга салган жоготуу болот» – деп айтышат.","Кайра тирилтүү иши оңой. Чындыгында ал үйлөөгө жоопкер болгон периштерин бир гана кыйкырыгы.","Анан тирүүлөрдүн баарысы жер койнунда өлүк болгон абалдан кийин жер үстүндө болуп калышат.","Оо, пайгамбар! Сага Мусанын Раббиси менен жана душманы Фараон менен болгон кабары келдиби?","Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүнөн чакырык салды.","Ал ага Өз сөзүндө мындай деди: «Фараонго баргын! Чындыгында ал зулумдукта жана текеберликте чектен чыгып кетти».","Ага айт: «Эй, Фараон! Сен каапырлыктан жана күнөөлөрдөн тазаланбайсыңбы?","Мен сени жараткан жана сага камкордук кылган Раббиңе карай жол көргөзөм, ошондо сен Андан коркосуң, Ал ыраазы болгон иштерди кыласың жана Анын ачуусун келтирген иштерден алыстайсың».","Муса ага Раббиси тараптан келген элчи экенине далил болгон улуу аят-белгини көргөздү. Ал кол жана таян болчу.","Ошондо Фараон бул белгини жалган деп, Муса буйруган нерсеге баш ийбей койду.","Анан Муса пайгамбар алып келген динге ыйман келирүүдөн баш тартып күнөөгө жана чындыкты четке кагуу берилди.","Мусага үстөмдүк кылуу үчүн коомун жана өзүнө ээрчигендерин чогултуп мындай деди...","«Мен силердин улуу Раббиңермин. Силер үчүн менден башкага баш ийүү жок».","Анан Аллах аны кармап, дүйнөдө деңизге чөктүрүп, ал эми акыретте эң катаал азапка киргизип жазалайт.","Чындыгында Фараонду дүйнөдө жана акыретте жазалаганыбыз – Аллахтан корккондор үчүн сабак. Ошолор насааттардан пайда алышат.","Эй, кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар! Аллах үчүн силерди жаратуу кыйынбы же куруп койгон асманды жаратуубу?","Ал анын шыбын жогору карай бийик жана тегиз кылды. Анда эч кандай жылчык, жарака жана кемчилик жок.","Ал анын түнүн күн баткан кезде караңгы кылды жана күн чыккан кезде жарык кылды.","Ал асманды жараткандан кийин жерди жайык кылды жана ага пайдалуу нерселерди жайгаштырды.","Ал андан булак болуп аккан сууларды чыгарды жана мал-жандыктар оттогон өсүмдүктөрдү өстүрдү.","Тоолорду жерге бекем орнотту.","Оо, адамдар! Бул пайдалардын баарысы силер үчүн жана силердин мал-жандыгыңар үчүн. Мунун баарын жараткан Зат аларды кайра жаңыдан жаратуудан алсыз эмес.","Коркунучу менен бүт баарысын өзүнө камтып алган экинчи жолку сурнай үйлөө кези келгенде.","Ал күнү инсан жакшылык болобу, жамандык болобу кылган иш-аракеттерин эстеп келет.","Тозок алып келинет жана ал көрө тургандарга ачык көрүнөт.","Кимде-ким адашууда чектен чыкса,","өткөөл дүйнө жашоосун түбөлүктүү тигил жашоодон артык көрсө,","анда анын баш калкалап, турукташкан жайы тозок болот.","Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот.","Ал эми ким Раббисинин алдында туруудан коркуп, Аллах арам кылган нерселерди каалап жатса да, өзүн ага ээрчүдөн тыйган болсо, анда анын баш калкалап, турукташкан жайы бейиш болот.","Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандар сенден: «Кыямат качан болот?» – деп сурашат.","Сен аны аларга айткыдай ал тууралуу билбейсиң жана бул сенин ишиң да эмес. Чындыгында сенин ишиң – ага даярдык көрүү гана.","Кыяматты билүү Раббиңе гана келип токтойт.","Чындыгында сен кыяматтан корккондорду эскертүүчүсүң. Анткени ошолор сенин эскертмеңден пайда алышат.","Алар кыяматты ачык көрүшкөн күнү, алар дүйнө жашоосунда бир күн же түшкө чейин жашагандай эле болуп калат.","Аллахтын элчиси кабагын чытып, жүзүн бурду.","Абдуллах ибн Умму Мактум андан туура жол сурап келгендиги үчүн. Ал сокур эле. Ал келгенде Аллахтын элчиси мушриктердин башчылары туура жолго түшөбү деген үмүттө ошолор менен алек болчу.","Оо, пайгамбар! Сен кайдан билесиң? Балким ал сокур киши күнөөлөрүнөн тазаланмак.","Же болбосо сенден уккан насыйкаттардан сабак алып, ал үчүн пайдалуу болмок.","Ал эми өзүндөгү мал-мүлктөн улам сен алып келген ыйманга муктаж эмесмин деген адамга","сен көңүл буруп, аны карап алдың.","Эгер ал Аллахка тообо кылып күнөөлөрүнөн тазаланбаса, анда сен эмнеге жетишесиң?","Ал эми жакшылык издеп сага шашылып келген адам","ал Раббисинен коркот.","Сен анын ордуна мушриктердин башчыларынан болгон башка бирөөгө алаксып туруп алдың.","Андай эмес! Чындыгында бул кабыл алгандар үчүн насыйкат жана эскертме.","Аллахты эскерүүнү каалаган адам Аны эскерет жана бул Курандагы нерседен сабак алат.","Бул Куран периштелердин алдындагы ардактуу баракчаларда.","Алар бийик орунга көтөрүлгөн жана эч кандай кир да, ыпылас да тийбегендей таза.","Алар периштелерден болгон элчилердин колунда.","Алар Раббисинин алдында кадырлуу, көптөгөн жакшылыктарды жана ибадаттарды кылуучулар.","Каапыр адамга каргыш болсун! Анын Аллахка болгон каапырлыгы кандай күчтүү!","Ал жер бетинде текеберлик жана каапырлык кылгыдай Аллах аны эмнеден жараткан экен?","Аны аз өлчөмдөгү суудан жаратып, анын жаралуусун баскыч-баскыч кылып белгилеп койду.","Анан аны мына ушул баскычтардан кийин энесинин курсагынан чыгуусун жеңил кылды.","Андан соң аны бул жашоодо өмүр сүрүүсүн белгилегенден кийин өлтүрдү.","Андан соң Өзү каалаганда аны сурак алуу жана жаза же сыйлыгын берүү үчүн кайра тирилтип алат.","Абал бул каапырдын Раббисинин алдындагы милдеттерин аткардым деп элестеткениндей эмес. Ал Аллахтын ага милдет кылган парздарын аткарган жок.","Аллахка каапыр болгон адам жеп жаткан тамак-ашы кайдан келгенин карабайбы?","Анын келип чыгышы асмандан нөшөрлөп жана күч менен түшкөн жамгырдан.","Андан соң Биз жерди жардык, ал жарылып өсүмдүктөр чыкты.","Андан соң ага буудай, жүгөрү жана башка дандарды өстүрдүк.","Ошондой эле ага жүзүмдөрдү жана мал-жандыктарыңарга тоюп болсун деп көк чөптөрдү өстүрдүк.","Зайтундарды жана курмаларды өстүрдүк.","Көп бак-дарактуу бактарды өстүрдүк.","Мөмө-жемиштерди жана силердин мал-жандыктарыңарга жайыттарды өстүрдүк.","Силер жана мал-жандыктарыңардын пайдасы үчүн деп.","Качан экинчи жолу керней тартылып кулактарды тундуруучу катуу кыйкырык келгенде.","Ал күнү адам өз ага-инисинен качат.","Апасынан жана атасынан качат.","Аялынан жана балдарынан качат.","Ошол күндөгү катуу кыйынчылыктан улам алардын баарысы башкаларга көңүл бурбай калат.","Ал күнү бактылуулардын жүздөрү жаркырап турат.","Аллах аларга Өз ырайымы менен даярдап койгон нерселер үчүн күлүп-жайнап, кубанышып турушат.","Ал эми ал күнү бактысыздардын жүздөрүн чаң басып турат.","Аларды караңгылык каптайт.","Мына ушундай абалда болгон адамдар – алар каапырлык менен бузукулукту бирдей кылгандар.","Күндүн бөлүкчөлөрү жуурулушуп, анын нуру өчкөндө.","Жылдыздар күбүлүп, жарыктары кеткенде.","Тоолор өз ордунан кыймылга келгенде.","Ээлери атаандашкан бооз төөлөр ээси жок кароосуз калганда.","Жапайы айбанаттар адамзат менен кошо бир жерге топтолуп калганда.","Деңиздер от болуп жанганда.","Жандар өзүнө окшогондор менен биригип, бузуку бузуку менен, такыба такыба менен бирге болгондо.","Аллах тирүүлөй көмүлгөн наристе кыздардан сураганда.","Сени өлтүргөн адам кайсы күнөөң үчүн өлтүрдү деп.","Пенделердин ар бири өзүнүн амал баракчасын окуш үчүн аларга амал баракчалары таркатылганда.","Асман койдун териси сыйрылган сыяктуу сыйрылганда.","Тозок жандырылганда.","Бейиш такыбаларга жакындатылганда.","Ушулар болгон кезде ар бир жан бул күнгө кандай иш-аракеттерди даярдаганын билет.","Аллах түндөсү жаркыраганга чейинки жашыруун жылдыздар менен ант берди.","Алар өз орбитасында жүрүшөт, таң агарганда антилопа бадалдарга жашынган сыяктуу көрүнбөй калышат.","Жана кирип келген түндүн башталышы жана кетип бараткан түндүн акыры менен ант берди.","Ошондой эле нурун чачкан таң менен ант берди.","Чындыгында Мухаммадга түшкөн Куран – Аллахтын сөзү. Аны ага Аллах аманат кылган чынчыл периште Жебреил жеткирген.","Ал Арштын Раббисинин алдында улуу даражага ээ болгон кубаттуулук ээси.","Асмандагылар ага баш ийишет жана ал вахийди жеткирүүгө ишенимдүү.","Силер менен бирге жүргөн, силер анын акылдуулугун, аманаткөйлүгүн жана чынчылдыгын билген Мухаммад, силер жалаа жапкандай жинди эмес.","Ал досуңар Жебреилди асман мейкиндигинде өз жаратылган келбетинде ачык көрдү.","Ал досуңар силерге жеткир деп буйрулган нерсени жеткирүүдө сараң эмес жана ал көзү ачыктарга окшоп акы да албайт.","Жана бул Куран Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын сөзү эмес.","Бул далилдерден кийин анын Аллахтан экенин четке кагуу үчүн дагы кандай жолдорго барасыңар?","Куран жиндер менен адамзат үчүн эскертме жана насыйкат.","Араңарда акыйкат жолго түшүүнү каалагандар үчүн.","Бүткүл макулуктардын Раббиси силерге туура жолду же башка нерсени каалаганда гана силер ошону каалайсыңар.","Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда.","Жылдыздар күбүлүп түшкөндө.","Деңиздер бири-бирине ачылып кошулганда.","Кабырдагы өлүктөр кайра тирилүү үчүн анын топурагы оодарылганда.","Ошол кезде ар бир жан кандай иш-аракет даярдаганын жана кайсынысын кылбастан таштап койгондугун билет.","Эй, Раббисине каапырлык кылган инсан! Раббиң кең пейилдиги менен сага мөөнөт берип, сени жазалоого шашылбаган кезде Анын буйругуна каршы чыгууңа эмне себеп болду?","Ал сени жок жерден жаратты жана дене-мүчөлөрүңдү келишкен турпатта кылды.","Ал сени Өзү каалаган келбетте жаратты жана сага жакшылык кылды, анткени ал сени эшектин же маймылдын же иттин же башка нерселердин келбетинде жараткан жок.","Эй, алдангандар! Абал силер элестеткендей эмес. Бирок силер сурак күнүн жалганга чыгардыңар, ал үчүн аракет да кылбадыңар.","Чындыгында силердин үстүңөрдө иш-аракеттериңерди сактоочу периштелер бар.","Аллахтын алдында ардактуулар, силердин иш-аракеттериңерди жазуучулар.","Силер кандай иш кылбагыла, алар аны билип жазып турушат.","Чындыгында жакшылык иштерди жана ибадаттарды көп кылгандар кыямат күнү түбөлүк жыргалчылыкта болушат.","Чындыгында күнөөкөр адамдар жалындаган тозокто болушат.","Алар ага сурак күнү киришет, анын ысыктык азабын тартышат.","Алар андан эч качан жок болуп кетишпейт, ал жакта түбөлүк калышат.","Оо, пайгамбар! Сен сурак күн эмне экенин кандай билмек элең?","Сен дагы сурак күнү эмне экенин кайдан билмек элең?","Ал күнү эч ким башка бирөөгө пайда келтире албайт. Ал күнү бүткүл иш башкаларга эмес, Аллахка гана таандык. Ал аны Өзү каалагандай кылат.","Таразадан алдагандарга кыйроо жана жоготуу болсун!","Алар башкалардан өлчөтүп алып жатканда, өз акыларын кемитпестен толук кылып алышат.","Өздөрү адамдарга өлчөп же таразага тартканда, өлчөмүн жана салмагын кемитип беришет. Пайгамбар Мединага көчүп барганга чейин мединалыктар ушундай абалда болушкан.","Бул күнөө ишти кылгандар Аллахка тирилип барабыз деп ишенишпейт бекен?","Улуу күндө сурак берүү жана жаза-сыйлык алуу үчүн. Анткени анда кыйынчылыктар жана коркунучтар бар.","Ал күнү адамдар сурак берүү үчүн бүткүл макулуктардын Раббисинин алдында турушат.","Абал силер өлүмдөн кийин кайра тирилүү болбойт деп элестеткендей эмес. Чындыгында каапыр жана эки жүздүү күнөөкөр адамдардын китептери эң төмөнкү жерде жоготууда болот.","Оо, пайгамбар! Сен Сижжин эмне экенин кандай билмек элең?","Алардын китептери жок кылынбастан жазылган, ага эч нерсе кошулбайт жана кемитилбейт.","Ал күнү жалганчыларга кыйроо жана жоготуу болсун!","Алар Аллах пенделерине дүйнөдө кылган иш-аракеттерине жараша сыйлык же жаза бере турган сурак күндү жалганга чыгаргандар.","Ал күндү Аллахтын чектеринен чыгып, көп күнөө кылган адамдар гана жалганга чыгарышат.","Эгерде ага элчибизге түшүргөн аяттарыбыз окулса: «Бул байыркы элдердин уламыштары. Ал Аллах тараптан эмес» – деп айтат.","Абал ал жалганчылар элестеткендей эмес. Тескерисинче, алардын кылган күнөөлөрү акылдарын ээлеп жаап калды. Ошондуктан жүрөктөрү менен акыйкатты көрүшкөн жок.","Акыйкатта алар кыямат күнү Раббисин көрүүдөн куру калышат.","Андан соң тозокко киришип, анын ысыктык азабын тартышат.","Кийин кыяматта аларды жемелөө максатта мындай деп айтылат: «Силер туш болгон бул азап – пайгамбарыңар дүйнөдө силерге ал жөнүндө айткан кезде жалган деген нерсеңер».","Абал силер ойлогондой сурак берүү да жок, сыйлык же жаза алуу да жок дегендей эмес. Чындыгында баш ийүүчү адамдардын китептери Иллийюнда.","Оо, Мухаммад! Сен Иллийюн деген эмне экенин кайдан билмек элең?","Алардын китептери жок кылынбастан жазылган, ага эч нерсе кошулбайт жана кемитилбейт.","Бул китепке ар бир асмандагы жакындатылган периштелер келишет.","Чындыгында ибадаттарды көп кылган адамдар кыямат күнү түбөлүк жыргалчылыкта болушат.","Алар кооздолгон сөрүлөрдүн үстүндө Раббисине жана алардын жан дүйнөсүнө кубаныч тартуулаган бардык нерселерге назар салып олтурушат.","Аларды карай турган болсоң, сулуу жана жылдыздуу жүздөрүнөн жыргалчылыктын белгилерин көрөсүң.","Аларга кызматчылары идиштерине мөөр басылган шараптарды ичиришет.","Андан акырына чейин мисктин жыты буркурап турат. Мына ушул улуу сыйлык үчүн жарышуучулар Аллахты ыраазы кылган иш-аракеттерди кылып жана Анын каарын келтирген нерселерди таштоо менен жарышышсын.","Бул мөөр басылган ичимдик Тасним булагынан болот.","Ал бейиштин эң жогорусунда жайгашкан булак. Аны таза жана тунук абалда жакындатылгандар ичишет, ал эми жалпы ыймандуулар болсо аны башка аралашмасы менен ичишет.","Чындыгында каапырлыкта болуп, күнөө кылган адамдар ыйман келтиргендердин үстүнөн шылдыңдап күлүштү.","Ыймандуулардын жанынан өткөн кезде бири-бирине көз кысып мазакташты.","Ал эми үй-бүлөсүнө кайтышканда, каапырлыктарына жана ыймандууларды шылдыңдашканына кубанган бойдон кайтышты.","Эгер мусулмандарды көрүш калышса: «Чындыгында булар акыйкат жолдон адашкандар. Анткени алар ата-бабалардын дининен безишти» – деп айтышты.","Алар бул сөздү айткыдай, Аллах алардын иш-аракеттерин сактоону аларга тапшырган эмес.","Эми каапырлар дүйнөдө алардын үстүнөн күлүшкөндөй, ыймандуулар да кыямат күнү алардын үстүнөн күлүшөт.","Алар кооздолгон сөрүлөрдүн үстүндө Аллах аларга даярдаган түбөлүк жыргалчылыктарды карап олтурушат.","Каапырлар дүйнөдө кылган иштери үчүн кордоочу азап менен жазаланышты.","Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда.","Ал Раббисин баш ийип укту жана ал буга милдеттүү эле.","Жана Аллах жерди терини чойгон сыяктуу жайык кылып койгондо.","Ал ичиндеги кенчтерди жана өлүктөрдү чыгарып, алардан бошонду.","Ал Раббисин баш ийип укту жана ал буга милдеттүү эле.","Эй, инсан! Сен жакшылык же жамандык иштерди кыласың, кийин кыяматта Аллах сага алардын сыйлыгын же жазасын бериш үчүн аларга туш болосуң.","Кимдин иш-аракеттер баракчасы оң колуна берилсе,","Аллах анын сурагын өтө жеңил кылат. Ага иш-аракеттери жаза берилбестен көргөзүлөт.","Жана ал үй-бүлөсүнө кубанган бойдон кайтып келет.","Ал эми кимдин китеби сол жагынан же арка тарабынан берилсе,","ал өзүнө-өзү өлүм чакырат.","Жана тозок отуна кирип, анын ысыктык азабын тартат.","Чындыгында ал дүйнөдө үй-бүлөсү менен болгондо каапырлыгына жана күнөөлөрүнө кубанып жүрчү.","Ал өлгөндөн кийин кайра жашоого кайтам деп ойлочу эмес.","Жок! Аллах аны абалкы жолу жараткандай жашоого кайра сөзсүз алып келет. Акыйкатта Раббиси анын абалын көрүп турган. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында анын иш-аракеттеринин жазасын берет.","Аллах күн баткандан кийин мейкиндикте пайда болгон кызыл шоола менен ант берди.","Ошондой эле түн жана ал өзүнө топтогон нерселер менен ант берди.","Жана толук толгон кездеги Ай менен ант берди.","Оо, адамдар! Силер бел суу, кийин коюу кан, кийин бир үзүм эт, кийин жашоо, кийин өлүм, кийин кайра тирилүү сыяктуу бир абалдан башка абалга сөзсүз өтөсүңөр.","Каапырларга эмне болду, алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирбей жатышат?","Жана аларга Куран окулса, Раббисине сажда кылбай жатышат?","Тескерисинче, каапырлык кылгандар аларга пайгамбары алып келген нерсени жалганга чыгарып жатышат.","Аллах алардын көкүрөктөрүндө эмне бар экенин жакшы билет. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес.","Оо, пайгамбар! Аларды кандай кыйноочу азап күтүп турганын айт.","Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга гана түгөнбөгөн сыйлык болгон бейиш бар.","Аллах Күн менен Айдын жана башка нерселердин абалдарын өзүнө камтыган асман менен ант берди.","Жана бүткүл макулуктарды чогултууну убада кылган кыямат күнү менен ант берди.","Үммөтүнө күбө болгон пайгамбар жана пайгамбарына күбө болгон үммөт сыяктуу күбөлөр менен ант берди.","Аябагандай чоң чуңкур казгандарга каргыш болсун!","Алар ага от жагышты жана ыймандууларды ага тирүүлөй ыргытышты.","Ошол кезде алар отко толгон ал чуңкурдун жээгинде олтурушту.","Алар ал жерге келишкени себептүү ыймандууларга карата кылышкан азаптоого жана кыйноого күбө болушту.","Ал каапырлардын ыймандууларга таккан бир гана айыбы – алар эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, бүткүл нерседе Макталуучу Аллахка ыйман келтиришкен болчу.","Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Ага таандык. Ал баарын Билүүчү. Пенделердин эч бир иши Ага жашыруун эмес.","Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жалгыз Аллахка ыйман келтирүүдөн буруу үчүн от менен азапташып, кийин ал күнөөлөрү үчүн Аллахка тообо кылбагандарга кыямат күнү тозок азабы бар. Жана алар ыймандууларды от менен өрттөшкөнүнүн жазасы катары аларды да күйгүзүүчү от азабы бар.","Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аларга даярдалган бул сыйлык – эч бир жеңиш тең келбегендей улуу жеңиш.","Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиңдин залымга мөөнөт бергенден кийин аны кармашы аябай күчтүү болот.","Ал Өзү башында макулуктарды жана азапты жаратат, кийин ал экөөсүн кайрадан жаратат.","Ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү жана Ал такыбалардан болгон сүйүктүүлөрүн жакшы көрөт.","Улуу Арштын Ээси.","Ал Өзү каалагандын күнөөлөрүн кечирип, каалаганын жазалоо менен Өз каалоосун ишке ашыруучу. Аны эч ким мажбурбай албайт.","Оо, пайгамбар! Сага чындык менен күрөшүп, ага жол бербеш үчүн жоого аттанган жоокерлердин кабары келбиди?","Фараон жана Салихтин коому Самуд тууралуу.","Булардын ыйман келтирүүсүнө тоскоол болгон нерсе, аларга жалганчы коомдордун жана алардын кыйроосунун арты эмне болгондугу тууралуу кабар келбегендиктен эмес, тескерисинче, алар өздөрүнүн каалоолорун ээрчип, пайгамбары алып келген нерсени жалганга чыгарышты.","Аллах алардын иш-аракеттерин эсепке алып камтып турат. Алардын эч бир нерсесин өткөрүп жибербейт. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.","Куран жалганчылар айткан сыяктуу поэзия эмес, уйкашкан ыр саптары эмес. Ал – ыйык Куран.","Өзгөртүүдөн, бурмалоодон, кошуудан жана кемитүүдөн сакталган Тактада (Лаухуль Махфузда).","Аллах асман менен ант берди жана түндөсү келүүчү жылдыз менен ант берди.","Оо, пайгамбар! Сен бул улуу жылдыздын абалы тууралуу кайдан билмек элең?","Ал жаркыраган жарыгы менен асманды тешип өткөн жылдыз.","Кайсы гана жан болбосун, Аллах кыямат күнү сурак алуу үчүн анын кылган иш-аракеттерин сактоочу бир периштени анын үстүнөн жоопкер кылган.","Эми инсан ага Аллахтын кудуреттүүлүгү жана инсандын алсыздыгы анык болуш үчүн Аллах аны эмнеден жараткандыгы тууралуу ой жүгүртүп көрсүн.","Аллах аны атылып чыгып, жатынга куюлуучу суудан жараткан.","Бул суу эркек кишинин омуртка сөөктөрү менен көкүрөк сөөктөрүнүн ортосунан чыгат.","Эгерде Ал аны ошол жийиркеничтүү суудан жараткан болсо, анда андан сурак алуу жана жаза же сыйлык берүү үчүн өлүмдөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү.","Ал күнү катылган сырлар сыналып, жүрөктө жышырылган ниеттер, ишенимдер жана башка нерселер ачыкка чыгат жана түз жүргөн адам менен бузуку адам айырмаланып калат.","Ал күнү инсан үчүн Аллахтын азабынан коргонгон күч-кубат да, ага жардам берген жардамчы да болбойт.","Аллах жамгырлуу асман менен ант берди. Анткени ал ошол тараптан кайра-кайра түшүп турат.","Ошондой эле өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер жана бак-дарактар жарып чыккан Жер менен ант берди.","Чындыгында Мухаммадга түшкөн бул Куран – акыйкат менен жалганды ажыратуучу сөз.","Ал оюн-тамаша же жалган эмес. Ал тамашасы жок чындык.","Чындыгында пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгаргандар анын дааватын токтотуу жана жокко чыгаруу максатта көптөгөн айла-амалдарды жасашат.","Мен дагы динди үстөм кылып, жалганды жок кылыш үчүн айла-амал кыламын.","Оо, пайгамбар! Ал каапырларды күтө тур, аларга бир аз мөөнөт бер. Алардын азабын жана кыйроосун шаштырба.","Жараткандарынан бийик болгон Раббиңди эскерип, Аны улуктаган кезде Анын ысымын айтып аруула!","Ал инсанды түз турпатта жаратты жана тулку боюн тең салмакта кылды.","Ал макулуктардын түрлөрүн, түркүмдөрүн жана сыпаттарын белгилеп, алардын ар бирин өзүнө ылайыктуу жана шайкеш келген нерсеге багыттады.","Ал жерден силердин мал-жандыктарыңар оттогон жайыттарды чыгарды.","Кийин аны жапжашыл болгондон кийин кургаган бозомтук кара чөпкө айлантты.","Оо, пайгамбар! Биз сага Куранды окутабыз, аны көкүрөгүңө эч унутпай тургандай кылып топтойбуз. Сен эми буга чейин унутпай жаттап калайын деп аракет кылган сыяктуу Жебреил менен жарышып окуба.","Бирок Аллах кандайдыр бир даанышмандык себептүү андан унуттурууну каалаган нерселерди гана унутасың. Чындыгында Ал ачыкты да, жашыруунду да билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.","Жана Биз сага Аллах ыраазы болгон, сени бейишке киргизген иш-аракеттерди кылууңду жеңил кылабыз.","Андыктан сен Курандагы вахий кылынган нерселер менен адамдарга насаат айт жана эскертмеге кулак салуу мүмкүн болсо эле аларга эскерте бер.","Аллахтан корккон адамдар насааттарыңдан сабак алышат. Анткени ошолор насыйкаттан пайда алышат.","Каапыр адам болсо насааттан алыстап, андан качат. Анткени ал акыретте тозокко киргени үчүн эң бактысыз адамдардан болот.","Ал эбегейсиз чоң отко кирип, анын ысыктык азабын түбөлүк тартат.","Кийин ал тозокто түбөлүк калат. Ал жакта тарткан азаптан эс алыш үчүн өлбөйт жана татыктуу жакшы жашоодо да жашабайт.","Ким ширктен жана күнөөлөрдөн тазаланса, анда ал максатына ийгиликтүү жетти.","Ошондой эле шариятта келген түрлүү зикирлер менен Раббисин зикир кылса жана намазды талаптагыдай көрүнүштө толук аткарса (ийгиликке жетти).","Бирок силер дүйнө жашоосун акыреттен алдын коёсуңар жана ал экөөсүнүн ортосундагы чоң айырмачылыктан улам дүйнөнү андан артык көрөсүңөр.","Бирок акырет дүйнөдөн жана андагы жыргалчылыктардан жана ырахаттардан жакшыраак, артыгыраак жана түбөлүктүү. Анткени андагы жыргалчылыктар эч качан түгөнбөйт.","Чынында, Биз силерге айткан бул буйруктар жана кабарлар Курандан мурун түшкөн баракчаларда бар.","Ал Ибрахим менен Мусага түшүрүлгөн баракчалар.","Оо, пайгамбар! Сага адамдарды өз коркунучу менен ороп алган кыямат тууралуу кабар келдиби?","Кыямат күнү адамдар же бактысыз, же бактылуу болушат. Бактысыздардын жүздөрү жер карап, кордукта болот.","Алар чынжырлар менен сүйрөлүп, кишендер салынып, чарчаган жана жүдөгөн абалда болот.","Ал жүздөр ысыктыгынан азап тарткан алоолонгон отко киришет.","Аларга өтө ысык булактан суу ичирилет.","Алар үчүн азык катары кургаганда уулуу болуп калган шибрик аттуу өсүмдүктөн да жийиркеничтүү жана сасык тамак-аш гана болот.","Ал жеген адамды семиртпейт, курсагын да тойгузбайт.","Ал күнү бактылуулар туш болгон жакшылыктар үчүн алардын жүздөрү жакшылыкта, шаттыкта жана кубанычта болот.","Алар дүйнөдөгү кылган жакшылык иштерине ыраазы болуп, иш-аракеттеринин сообун эселеп сакталган абалда табышат.","Бийиш даражалуу жана орундуу бейиште болушат.","Бейиште арам сөз мында турсун, жалган жана пайдасыз сөздөрдү да угушпайт.","Бул бейиште аккан булактар бар. Алар аны каалагандай чыгарып, каалагандай агыза алышат.","Ал жакта бейик сөрүлөр бар.","Ичүүгө даярдап коюлган чөйчөктөр бар.","Ошондой эле ал жакта кыдырата тизилген жаздыктар бар.","Жана ар кайсы жерде төшөлгөн килемдер бар.","Алар Аллах төөнү кантип жаратканын жана аны адам баласына баш ийдирип койгонун ой жүгүртүп көрүшпөйбү?","Алар асманга карашпайбы, Ал аны аларга кулап түшпөй тургандай, алардын үстүнөн коргоочу шып кылып кантип көтөрүп койду?","Алар тоолорго карашпайбы, Ал аны адамдарды силкибеш үчүн кантип жерге бекем кылып орнотуп койду?","Алар жерге карашпайбы, Ал аны адамдардын турукташуусуна ыңгайлуу болуш үчүн кантип жайык кылып койду?","Оо, пайгамбар! Аларга эскерт жана аларды Аллахтын азабынан коркут. Чындыгында сен эскертүүчүсүң. Сенден аларга эскертүү гана талап кылынат. Ал эми аларга ыйманга келүүгө ийгилик берүү, Аллахтын гана колунда.","Сен аларды ыйманга мажбур кылгыдай алардын үстүнөн бийлик кыла албайсың.","Бирок алардан ким ыймандан жүз бурса, Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылса,","Аллах аны кыямат күнү түбөлүк тозокко киргизүү менен чоң азап менен азаптайт.","Чындыгында алар өлгөндөн кийин Бизге гана кайтышат.","Андан соң алардын иш-аракеттеринин сурагын алуу Биздин мойнубузда, ал сенин жана сенден башкалардын мойнунда эмес.","Аллах таң менен ант берди.","Зуль-хижжа айынын баштапкы он күнү менен ант берди.","Так жана жуп заттар менен ант берди.","Ошондой эле кирген, уланган жана бүткөн түн менен ант берди. Жана бул анттардын максаты – силер иш-аракеттериңдин жазасын же сыйлыгын сөзсүз аласыңар.","Бул айтылгандардын ичинде акылы бар адамды ынандыруучу ант бар бекен?","Оо, пайгамбар! Раббиң Худдун коому Аад Анын элчисин жалганга чыгарышканда аларды кандай кылганын көргөн жоксуңбу?","Чоң атасы Ирамга таандык болгон күч-кубаттуу Аад уруусу.","Аларга окшогондорду Аллах эч бир шаарда жараткан эмес.","Раббиң аска-зоолуу тоолорду оюп, алардан үйлөрдү жасаган Салихтин коому Самудду кандай кылганын көргөн жоксуңбу?","Раббиң адамдар азапталуучу казыктарга ээлик кылган Фараонду кандай кылганын көргөн жоксуңбу?","Булардын баарысы зулумдукта жана конкордукта чектен чыгып кетишти. Баарысы өз жеринде чектен чыгышты.","Жана алар ал жакта каапырлыкты жана күнөөлөрдү жайылтуу менен бузукулукту көбөйтүштү.","Ошондо Аллах аларга катаал азабын тарттырды жана жер бетинен тыптыйпыл жок кылды.","Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң адамдардын жакшылык кылгандарын бейиш менен сыйлап, жамандык кылгандарын тозок менен жазалаш үчүн алардын иш-аракеттерин байкап, аларга көз салып турат.","Инсан табиятынан ушундай, эгерде Раббиси аны сынап, сый-урматка бөлөсө жана байлык, бала-чака, кадыр-барк берсе, анда ал бул нерселер Аллахтын алдындагы кадырлуулугунан деп ойлоп: «Мен Раббимдин сый-урматына татыктуу болгонум үчүн Ал мени урматтады» – деп айтат.","Ал эми аны сынап, ырыскысын тар кылып койсо, муну Раббисинин алдында төмөн абалда болгондугу үчүн деп ойлоп: «Раббим мени кордоду» – деп айтат.","Жок, абал бул инсан ойлогондой, жакшылыктар Аллахтын пендесине ыраазы болгондугунун далили, ал эми жамандыктар пенденин Раббисинин алдында төмөн экендигинин далили эмес. Бирок аныгында силер Аллахтын берген ырыскысынан жетимди сыйлабайсыңар.","Жегенге эч нерсе таппаган кедей-кембагалдарды тойгузууга бири-бириңерди үндөбөйсүңөр.","Жана адал жагына карабастан, алсыз аялдардын жана жетимдердин акысын сугалактык менен жейсиңер.","Мал-мүлктү өтө жакшы көргөнүңөр үчүн аны ач көздүктөн Аллах жолуна сарптоодон сараңдык кыласыңар.","Силер мындай кылбагыла! Эстегиле, жер катуу силкинип титирегенде.","Оо, пайгамбар! Раббиң пенделеринин ортосун ажыратуу үчүн келгенде жана периштелер дагы сап-сап болуп тизилип келгенде.","Ал күнү тозок алып келинет. Анын жетимиш миң чылбыры болот. Ар бир чылбырды жетимиш миң периште сүйрөйт. Ошол күнү инсан Аллахка карата кылган кайдыгерлигин эстейт, бирок ал күндө эстөө ага эч пайда келтирбейт. Анткени ал күн иш-аракет кыла турган күн эмес, сыйлык же жаза ала турган күн.","Ал терең өкүнүчтөн мындай дейт: «Аттиң-ай! Чыныгы жашоо болгон акырет жашоомо алдын ала жакшылык иштерди кылсам болмок».","Ал күнү Аллахтын азабындай эч ким азаптай албайт. Анткени Аллахтын азабы өтө катаал жана түбөлүктүү.","Ал каапырларды чынжырлар менен байлагандай эч ким байлай албайт.","Ал эми ыймандуу жанга өлүм келген кезде жана кыяматта мындай деп айтылат: «Оо, ыймандан жана жакшылык иштерден тынчтык тапкан жан!","Сен алган улуу сыйлык үчүн Раббиңе ыраазы болуп жана кылган жакшылык иштериң үчүн Анын алдында ыраазылыкка жеткен абалда кайткын.","Менин такыба пенделеримдин катарына кошулгун!","Жана алар менен бирге Мен алар үчүн даярдап койгон бейишиме киргин!».","Аллах тыйылган шаар болгон ыйык Мекке менен ант берди.","Оо, пайгамбар! Сен үчүн ал жерде өлтүрүлүүгө татыктууну өлтүрүүгө, туткундалууга татыктууну туткундоого уруксат.","Аллах адамзаттын атасы менен ант берди жана андан таркаган урпактар менен ант берди.","Биз инсанды дүйнөдө тарткан кыйынчылыктар себептүү чарчоодо жана машакатта жараттык.","Эгерде инсан күнөө кылса, анда Раббиси аны жараткан болсо дагы ага эч кимдин күчү жетпейт жана өч ала албайт деп ойлойбу?","Ал: «Биринин үстүнө бири үйүлгөн мал-мүлк сарптадым» — деп айтат.","Бул мактанчаак Аллах анын сарптаганын көрбөйт деп жана мал-мүлкүн кайдан таап, кайда сарптаганы үчүн сурак албайт деп ойлоп жатабы?","Биз ага көрүүчү эки көз бербедикпи?","Сүйлөөчү тил жана эки эрин бербедикпи?","Жана Биз ага жакшылык жана жамандык жолду тааныттык.","Аны бейиштен бөлүп турган тоскоолдуктан өтүүсү талап кылынганына карабастан, ал аны кесип өтпөйт.","Оо, пайгамбар! Ал бейишке кирүү үчүн кандай тоскоолдуктан өтүшү керек экенин кайдан билесиң?","Ал эркек же аял кулду азат кылуу.","Же азык-түлүк тартыш болгон ачарчылык күндө тамак-аш берүү.","Тууганчылыгы бар атасы жок балага.","Же эч нерсеге ээлик кылбаган кедейге.","Кийин ал Аллахка ыйман келтирип, бири-бирин ибадаттарга, күнөөлөргө жана сыноолорго сабырдуу болууга жана ошондой эле бири-бирин Аллахтын пенделерине мээримдүү болууга осуят кылгандардан болгон.","Мына ушул сыпаттагы адамдар оң тарап ээлери.","Ал эми элчибизге түшүргөн аяттарга каапырлык кылгандар – алар сол тарап ээлери.","Кыямат күнү алардын үстүнөн жабылган от бар. Алар ал жакта азапталышат.","Аллах Күн менен ант берди жана ал чыгыш тараптан чыккандан кийин көтөрүлгөн убактысы менен ант берди.","Жана ал баткандан кийин анын артынан ээрчиген Ай менен ант берди.","Жер бетиндеги нерселерди өз жарыгы менен ачык кылып көргөзгөн күндүз менен ант берди.","Жер бетин каптап, караңгыга айланган түн менен ант берди.","Асман менен жана анын кылдаат курулушу менен ант берди.","Жер менен ант берди жана адамдар ага жашаш үчүн анын жайыктыгы менен ант берди.","Ар бир жан менен ант берди жана Аллах аны түз турпатта жаратканы менен ант берди.","Ага ташташ керек болгон жаман нерсени жана аткарыш керек болгон жакшы нерсени үйрөтпөстөн түшүндүрүп койду.","Кимде-ким жакшы сапаттарга ээ болуп жана жаман сапаттардан арылып, жан дүйнөсүн тазалаган болсо, анда ал көздөгөнүнө жетти.","Кимде-ким өзүн күнөөлөргө жана жамандык иштерге жашырса, анда ал зыянга учурады.","Самуд коому күнөөлөрдү жана жамандык иштерди кылып чектен чыгышканы себептүү пайгамбары Салихти жалганга чыгарышты.","Анан алардын эң бактысызы элинин дайындоосу менен ордунан турган кезде.","Аллахтын элчиси Салих аларга: «Аллахтын төөсүнө жана анын суу ичкен күнүнө тийишпегиле жана ага зыян келтирбегиле» – деди.","Алар пайгамбарынын төө тууралуу айтканын жалган дешип, арасындагы эң бактысызы алардын ыраазылыгы менен аны өлтүрүп салды жана алар күнөөгө шерик болушту. Ошондо Аллах аларга азабын түшүрүп, аларды күнөөлөрү себептүү кыйкырык менен өлтүрдү жана аларды кыйроого дуушар кылган жазаны баарына бирдей кылды.","Аллах аларды кыйратып жок кылган азапты кылып, анын кесепеттеринен корккон жок.","Аллах асман менен жердин ортосун караңгылыгы менен каптаган түн менен ант берди.","Жана ачылган күндүз менен ант берди.","Ал эки түрдө жараткан эркек жана аял менен ант берди.","Оо, адамдар! Чындыгында силердин иш-аракеттериңер ар башка, алардын арасында бейишке кирүүгө себеп болгон жакшылык иштер бар жана тозокко кирүүгө себеп болгон жамандык иштер бар.","Кимде-ким зекет берүү, каржылоо жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон талаптар сыяктуу сарптоого милдеттүү болгон нерсени берсе, Аллах тыйган нерседен корксо,","жана Аллах ага убада кылган артында калуучу нерсеге ишенсе,","анда Биз ага жакшылык иштерди кылууну жана Аллах жолуна сарп кылууну жеңил кылабыз.","Ал эми ким мал-мүлкүнө сараңдык кылып, сарптоого милдеттүү болгон нерсени бербесе, байлыгы себептүү Аллахка муктаж эмесмин деп, Анын жакшылыктарынан эч нерсе сурабаса,","Аллах ага убада кылган артында калуучу нерсени жана Анын жолуна сарптаган мал-мүлкүнүн сообун жалган десе,","анда Биз ага жамандыкты жеңил кылып, жакшылыкты оор кылып коёбуз.","Ал өлүп, тозокко киргенде анын сараңдык кылган байлыгы ага эч кандай пайда келтирбейт.","Акыйкат жолду жалгандан айырмалап көргөзүп берүү – Биздин милдет.","Чындыгында акырет жашоосу да, дүйнө жашоосу да Бизге гана таандык. Биз ал экөөсүндө каалаганыбызды кылабыз, бул нерсе Бизден башка эч кимге таандык эмес.","Оо, адамдар! Аллахка баш ийбестик кылсаңар, анда мен силерге күйүп турган отту эскерттим.","Бул тозоктун ысыктык азабын каапыр болгон бактысыз гана тартат.","Ал пайгамбар алып келгенди жалганга чыгарып, Аллахтын буйругуна баш ийүүдөн жүз бурду.","Андан адамдардын эң такыбасы Абу Бакр гана алыс болот.","Ал күнөөлөрдөн тазаланыш үчүн мал-мүлкүн жакшылык жолдорго жумшайт.","Ал эч ким жете албагандай сыйлыкка жетиш үчүн мал-мүлкүн сарптайт.","Ал сарптаган мал-мүлкү менен жараткандарынан бийик болгон Раббисинин Жүзүн гана каалайт.","Ал жакында Аллахтын ага берген улуу сыйлыгына ыраазы болот.","Аллах күндүн баштапкы убактысы менен ант берди.","Жана кыймыл-аракет токтоп, адамдар тынчыган караңгы түн менен ант берди.","Оо, пайгамбар! Вахий басаңдап калганда мушриктер айткандай Раббиң сени таштаган жок жана сени жек көргөн жок.","Сен үчүн акырет жашоосу дүйнөдөн жакшыраак. Анткени анда түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктар бар.","Жакында Раббиң сага жана үммөтүңө улуу сыйлыкты берет, ошондо сен жана үммөтүң Анын бергенине ыраазы болосуңар.","Ал сени атаң кайтыш болуп калган кичине кезиңде тапты. Анан сага чоң атаң Абдулмутталипти, кийин абаң Абу Талипти сага башпаанек кылды.","Ал сени китеп эмне экенин, ыйман эмне экенин билбеген абалда таап, сага андагы билбеген нерселериңди үйрөттү.","Жана сени кедей абалда таап, кийин сени байытты.","Жаш кезинде атасынан ажыраган адамга жаман мамиле кылба жана аны кордобо.","Жана муктаждыгын сурап келген адамды кууба.","Жана Аллахтын сага берген жакшылыктарына шүгүр кыл жана алар тууралуу айт.","Аллах сенин көкүрөгүңдү кең кылып жана сага вахий кабыл алууну сүйүктүү кылды.","Сенин мурдагы күнөөлөрүндү кечирип, жахилият учурундагы кыйынчылыктарыңды моюнуңдан жеңилдеттик.","котолулбай калган","Жана сенин атагыңды чыгаруу – Биздин милдет. Анткени сен азанда, кооматта жана башка учурларда эскерилесиң.","Албетте, кыйынчылык жана кысылуу менен бирге жеңилдик кененчилик жана кутулуу да бар.","Албетте, кыйынчылык жана кысылуу менен бирге жеңилдик кененчилик жана кутулуу да бар. Эгер сен муну билсең, коомуңдун жамандыгы сени коркутпайт жана Аллахка чакыруудан тыя албайт.","Эгерде иштериңди бүтүрүп, бошогон болсоң, Раббиңе ибадат кылууга аракет кыл.","Каалоолоруңду жана максатыңды жалгыз Аллахка гана кыл.","Аллах анжир жана ал өскөн жер менен ант берди. Ошондой эле зайтун жана ал өскөн Палестина жергеси менен ант берди. Ал жерде Иса пайгамбар болуп жиберилген.","Жана Муса пайгамбар Раббиси менен мунажат кылган Синай тоосу менен ант берди.","Жана кирген адам коопсуз болгон ыйык Мекке шаары менен ант берди. Ал жерде Мухаммад пайгамбар болуп жиберилген.","Чындыгында Биз инсанды келишкен турпатта жана эң сонун келбетте жараттык.","Андан кийин Биз аны дүйнөдө карылыкка жана акыл-эстен тайган абалга кайтардык, ошондо ал табияты бузулгандыгынан пайда көрбөгөнү сыяктуу денесинен да пайда көрбөйт жана тозокко барат.","Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар каарыса да алар үчүн түгөнбөгөн түбөлүктүү сыйлык болгон бейиш бар. Анткени алар табияттарын тазартышты.","Эй, инсан! Анын кудуреттүүлүгүнүн көптөгөн белгилерин көргөндөн кийин сыйлык жана жаза күнүн жалганга чыгарууга сага эмне түрткү берди?","Кыямат күнүн сыйлык жана жаза күн кылган Аллах – эң даанышман жана эң адилеттүү өкүмдар эмеспи? Аллах жакшылык кылуучуга сыйлыгын жана жамандык кылуучуга жазасын бербестен, пенделеринин ортосунда өкүм кылбастан, аларды жөн эле таштап койгону акылга сыймак беле?","Оо, пайгамбар! Бүткүл макулуктарды жараткан Раббиңдин ысымы менен баштап, Аллах сага вахий кылган нерсени оку.","Ал инсанды бел суу болгондон кийин уюган бир бүртүк кандан жаратты.","Оо, пайгамбар! Аллах сага вахий кылган нерсени оку. Сенин Раббиң эң Жоомарт. Анын жоомарттыгына эч бир жоомарт тең келбейт, Анын берешендиги жана айкөлдүгү чексиз.","Ал инсанга кол жазманы жана калем менен жазууну үйрөттү.","Ал инсанга билбегенин үйрөттү.","Акыйкатта, бузуку адам Аллахтын чектеринен чыгууда Абу Жахл сыяктуу чектен чыгып кетет.","Анткени ал колундагы мал-мүлк жана бийлик себептүү өзүн беймуктажмын деп көрөт.","Эй, инсан! Кыямат күнү Раббиңе гана кайтуу болот. Ошондо Ал ар бирине өзүнө жараша сыйлыгын же жазасын берет.","Тыйып жаткан Абу Жахлдын ишинен да таң калыштуу нерсени көргөн белең?!","Ал Биздин кулубуз Мухаммадды Каабанын жанында намаз окуудан тыйып жатат.","Кандай ойлойсуң, ошол тыйылган адам Раббиси тараптан акыйкат жолдо жана туура аңдоодо болсочу?!","Же ал адамдарды Аллахтын буйругун аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан коркууга чакырып жаткан болсо, ушундай кылган адамды тыйган болобу?","Эгер ошол тыйып жаткан адам пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгарып, андан баш тартса, эмне дейсиң? Ал Аллахтан коркпойбу?","Бул пендени намаздан тыйган адам Аллах анын кылганын көрүп турарын жана Ага анын эч бир нерсеси жашыруун эмес экенин билбейби?","Абал бул наадан ойлогондой эмес! Эгер ал пендебизге жамандык кылганын жана аны жалганга чыгарганын токтотпосо, Биз аны катаалдык менен тозокко маңдайынан кармап сүйрөп барабыз.","Ошол маңдайдын ээси сөзүндө жалганчы, аракети туура эмес.","Ал маңдайы менен тозокко түшкөндө, аны азаптан куткаруу үчүн жоро-жолдошторунан жана чогу олтургандардан жардам сурап дуба кылсын.","Биз болсо Аллахтын буйругуна баш ийген жана буйрулган нерселерди аткарган тозоктун сакчылары болгон орой периштелерди чакырабыз. Эми ал эки тараптын кайсыны күчтүү жана кудуреттүү экенин көрсүн!","Абал – бул залым сага жамандык кылам деп ойлогондой эмес! Анын буйругуна да, тыюусуна да баш ийбе, Аллахка сажда кыл жана Ага ибадаттарды кылып жакында. Чындыгында алар сени Ага жакындатат.","Чындыгында Биз Куранды дүйнө асманына жалпылай түшүрдүк. Ошол сыяктуу эле аны Рамазан айында Кадыр түндө пайгамбарга түшүрүп баштадык.","Оо, пайгамбар! Бул түндө кандай жакшылыктар жана берекелер бар экенин билесиңби?","Бул түн – улуу жакшылыктар түнү. Ал – ыйман келтирип, сооп үмүт кылуу менен намаз окуп тоскон адам үчүн миң айдан артык.","Ал түнү ырыскыга же өлүмгө же төрөлүүгө же башка ушуга окшогон Аллах тагдыр кылган нерселерге байланыштуу ошол жылга карата өкүм кылынуучу бүткүл иштер боюнча Аллахтын уруксаты менен периштелер жана Жебреил түшөт.","Бул куттуу түн – таң атканга чейин баштан-аяк бүт баарысы жакшылык.","Жөөттөрдөн, христиандардан жана мушриктерден болгон каапырларга ачык-айкын далил келмейинче, алардын каапырлыкка болгон биримдиги жана макулдашуусу ыдыраган жок.","Бул ачык-айкын далил – таза адамдар гана кармай турган таза барактарды окуп берүү үчүн жиберилген Аллахтан келген элчи.","Ал барактарда адамдарды тууралыкка жана алар үчүн пайдалуу нерселерге багыттаган акыйкат кабарлар жана адилет өкүмдөр бар.","Тоорат берилген жөөттөр жана Инжил берилген христиандар Аллах аларга Өзүнүн пайгамбарын жибергенден кийин гана талашып-тартышып башташты. Алардын кээ бирлери Исламды кабыл алды, кээ бирлери пайгамбардын чынчылдыгын билсе да каапырлыгынан баш тарткан жок.","Жөөттөр менен христиандардын күнөөсү жана баш ийбестиги ачык көрүнүп турат, аларга өз китептеринде буйрулгандай жалгыз Аллахка сыйынуу, ширктен алыс болуу, намаз окуу жана зекет берүү сыяктуу нерселерге бул Куранда да буйрулушкан. Аларга буйрулган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура дин.","Жөөттөрдөн, христиандардан жана мушриктерден болгон каапырлар кыямат күнү тозокко кирип, ал жакта түбөлүк калышат. Мына ошолор Аллахка кылган каапырлыктары жана Анын элчисин жалганга чыгарышканы себептүү жаратылгандардын эң жаманы.","Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар – ошолор жаратылгандардын эң жакшысы.","Алардын Раббисинин алдындагы сыйлыктары – хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштер. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Алар Аллахка ыйман келтирип, моюн сунушканы себептүү Ал алардан ыраазы болду жана алар дагы Анын ырайымына жетишкени себептүү Андан ыраазы болушту. Мындай ырайымдуулукка Раббисинен корккондор гана жетишет. Андыктан Анын буйругун аткар жана тыйганын ташта.","Кыямат күнү Жер катуу титирегенде,","Жер өз ичиндеги өлүктөрдү жана башка нерселерди сыртка чыгарганда,","инсан дендароо болуп: «Эмнеге Жер титиреп, силкилдеп жатат?» – дейт.","Ошол улуу күндө Жер анын үстүндө кылынган жакшылыктар жана жамандыктар жөнүндө кабар берет.","Анткени Аллах ага аны билдирди жана буйруду.","Ошол улуу күндө жер титиреп, адамдар дүйнөдө кылган иш-аракеттерин көрүш үчүн топ-топ болуп сурак майданынан чыгышат.","Кимде-ким кичинекей кумурсканын салмагындай жакшылык иштерди кылса, аны алдынан көрөт.","Кимде-ким кичинекей кумурсканын салмагындай жамандык кылса, анын да натыйжасын көрөт.","Аллах катуу чуркаганда дем алганы угулган тулпарлар менен ант берди.","Жана туяктары ташка катуу тийгенде от чачыраган тулпарлар менен ант берди.","Жана таң заарда душманга чабуул койгон тулпарлар менен ант берди.","Ошондо алар жүгүрүктөрү менен чаңды сапырып жиберишти.","Андан соң атчандар душмандын жоон тобун жарып киришти.","Чындыгында инсан Раббиси андан каалаган жакшылыктан баш тартуучу.","Ал жакшылыктан баш тартканына өзү күбө. Ал ачык эле көрүнгөнү үчүн аны тана албайт.","Ал байлыкты ашыкча сүйгөнү үчүн сараңдык кылат.","Бул дүйнө жашоосуна алданган адам, эгер Аллах өлүктөрдү кабырлардан тирилтип, аларды сурак, сыйлык жана жаза үчүн жерден чыгарганда абал ал ойлогондой болбосун билбейби?","Жүрөктөрдөгү ниеттер, ишенимден жана башка нерселер ачыкка чыкканда.","Чындыгында алардын Раббиси ал күнү алардан кабардар. Пенделеринин эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга анын сыйлыгын же жазасын берет.","Катуу коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган кыямат сааты.","Өз коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган бул кыямат сааты деген эмне?","Оо, пайгамбар! Өз коркунучу менен адамдардын жүрөк үшүн алган бул кыямат саатын сен кайдан билмек элең? Чындыгында ал – кыямат күн.","Адамдардын жүрөк үшүн алган күндө алар чар тарапка чачыраган көпөлөктөр сыяктуу болуп калышат.","Жана тоолор тез жүрүшүндө жана кыймылында тытылган жүн сыяктуу болуп калат.","Кимдин жакшылык иштери жамандык иштеринен басымдуу болсо,","анда ал бейиште көңүлдөгүдөй жашоодо болот.","Ал эми кимдин жамандык иштери жакшылык иштеринен басымдуу болсо,","анда анын кыямат күндөгү турак жайы тозок болот.","Оо, пайгамбар! Ал эмне экенин сен кандай билмек элең?","Ал – абдан ысык тозок.","Оо, адамдар! Мал-мүлк жана бала-чака менен мактануу силерди Аллахка моюн сунуудан алаксытып койду.","Силер өлүп, кабырга киргенге чейин.","Аны менен мактануу Аллахка моюн сунуудан силерди алаксытпаш керек болчу. Силер ошол алек болгонуңардын акыбетин жакында билесиңер.","Кийин анын акыбетин дагы билесиңер.","Чындыгында силер Аллахка тирилип барарыңарды жана иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын аларыңарды чындап билгениңерде, анда силер мал-мүлк жана бала-чаканы айтып мактануу менен алек болбойт элеңер.","Аллахка ант болсун! Силер кыямат күнү тозокту сөзсүз көрөсүңөр.","Андан соң силер аны эч кандай шек-күмөнү жок анык көрөсүңөр.","Андан соң ал күнү Аллах силерге берген ден-соолук, байлык жана башка жакшылыктар тууралуу сөзсүз сурак алат.","Аллах таала асыр убактысы менен ант берди.","Чындыгында инсан кемүүдө жана кыйроодо.","Бирок Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтиргендер, жакшылык иштерди кылгандар, бири-бирине акыйкатты осуят кылгандар жана акыйкатка сабыр кылгандар – ушундай сыпаттагы адамдар гана дүйнө жашоосунда жана акыретте аман калышат.","Адамдарды көп ушактагандарга жана аларды жаманатты кылгандарга кыйроо жана катаал азап болсун!","Анын бүткүл ою байлык топтоо жана аны эсептөө, анын андан башка ою жок.","Ал чогулткан байлыгы аны өлүмдөн куткарып, дүйнө жашоосунда түбөлүк калам деп ойлойт.","Абал бул наадан ойлогондой эмес. Аны тозок отуна ыргыткыла! Ал андагы азаптын катаалдыгынан улам ага ташталган бардык нерселерди майдалап, таш-талканын чыгарат.","Оо, пайгамбар! Ага ташталгандардын баарысын жок кылган бул тозок эмне экенин кайдан билмек элең?","Ал — Аллахтын алоолонгон тозогу.","Ал адамдардын денесинен жүрөктөрүнө тешип кирет.","Чындыгында ал анын ичинде азапталгандар үчүн жабык.","Алар ал жактан чыгып кетпеш үчүн узун устундар менен бекемделген.","Оо, пайгамбар! Пил ээлери болгон Абраха жана анын жан жөкөрлөрү Каабаны талкалоону каалаганда Раббиң аларды эмне кылганын билбедиңби?","Аллах алардын аны талкалайбыз деген жаман ойлорун текке кетирди. Алар адамдарды Каабадан бурабыз деген тилектерине жетишпеди жана андан эч нерсе ала алышпады.","Аларга топ-тобу менен келген канаттууларды жиберди.","Аларга каткан чопо таштарды ыргытышты.","Аллах аларды малдар тебелеп тепсеп жеген эгин жалбырактарындай кылып койду.","Курайштын салты жана ынтымагы үчүн!","Алардын бейпилдикте Йеменге карай кышкы сапары жана Шамга карай жайкы сапары үчүн!","Эми силер үчүн бул сапарды жеңил кылган ушул ыйык Үйдүн Раббисине гана сыйынгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла!","Ал арабдардын жүрөктөрүнө ыйык жерге жана анын жашоочуларына карата болгон улуктоону салып, силерди ачкачылыкта тамактандырды жана коркунучтан сактады.","Кыямат күнүндөгү суракты ким жокко чыгарарын билесиңби?","Ал муктаж болуп турган жетимди оройлук менен түрткөн адам.","Ал өзүн дагы, башкаларды дагы кедей-кембагалдарды тамактандырууга чакырбайт.","Намаздарына маани бербеген, убактысы өтүп баратса да шашылбаган намаз окуучулардын азабы тууралуу (айтылган).","Намаздарына маани бербеген, убактысы өтүп баратса да шашылбаган намаз окуучулардын азабы тууралуу (айтылган).","Алар намаздарын жана иш-аракеттерин көрүнүш үчүн кылышат. Иш-аракеттеринде Аллахка ыкластуулук кылышпайт.","Жана жардам берүүдө эч кандай зыян келтирбеген нерселерде да башкаларга жардам беришпейт.","Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз сага көп жакшылыктарды бердик жана алардын арасында бейиштеги Каусар дарыясы да бар.","Сен мушриктердин өз кудайларына жакындоо үчүн кылган курмандыгына каршылык максатта жалгыз Аллах үчүн намаз окуп жана курмандык чалуу менен бул жакшылык үчүн шүгүр кыл.","Сени жек көргөн адам – ал бүткүл жакшылыктардан куру калган, аты аталса да жамандык менен аталып унутта кала турган адам.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Эй, Аллахка каапырлык кылгандар!","Мен азыр да, келечекте да силер сыйынган кудайларга сыйынбаймын.","Силер дагы мен сыйынган жалгыз Аллахка сыйынбайсыңар.","Мен дагы силер сыйынган кудайларга сыйынбаймын.","Силер дагы мен сыйынган жалгыз Аллахка сыйынбайсыңар.","Силер ойлоп тапкан диниңер – өзүңөр үчүн, Аллах мага түшүргөн дин – мен үчүн».","Оо, пайгамбар! Сенин диниңе Аллахтын жеңиши, аны күч-кубаттуу кылуусу келсе жана Меккени багындыруу ишке ашса","жана адамдар биринин артынан бири топ-топ болуп Исламга кирип жатканын көрсөң,","анда бул сен жиберилген иштин аяктап баратканынын белгиси экенин билгин. Эми сен жеңиш жана багындыруу жакшылыгына шүгүр кылып, Раббиңе мактоолорду айтып аруула жана Андан кечирим сура. Чындыгында ал пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, тооболорун кабыл кылуучу.","Пайгамбардын абасы Абу Лахаб ибн Абдулмутталибдин кылган иштери себептүү колдору курусун. Анткени ал пайгамбарга зыян берди. Анын кылган аракети таш капсын.","Ага байлыгы жана бала-чакасы кайсы нерседе пайда берди? Алар аны азаптан коргой албайт жана ага эч кандай ырайым да алып келбейт.","Ал кыямат күнү жалындаган тозокко кирет, анын ысыктык азабын тартат.","Жана анын аялы Умму Жамил дагы тозокко кирет. Анткени ал пайгамбар баскан жолдорго тикенектерди таштап зыян берчи.","Аны мойнунда бекем түйүлгөн жип бар, ал аны тозокко карай алып барат.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Ал – Аллах жалгыз сыйынууга татыктуу, Андан башка кудай жок.","Ал – кемчиликсиз жана көркөм сыпаттардагы башкаруу Ага таандык болгон, макулуктар Ага гана бет алган Башчы.","Ал эч кимди төрөбөгөн жана эч кимден төрөлбөгөн. Аллах тааланын баласы да, атасы да жок.","Жараткандарынын эч бири Ага окшош эмес.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Таңдын Раббиси менен коргоном жана Ага баш калкалайм.","Зыяндуу макулуктардын жамандыгынан.","Түн ичинде пайда болгон айбандар жана уурулар сыяктуу жамандыктардан Аллахтан коргоо сураймын.","Түйүндөрдү дубалап үйлөгөн сыйкырчылардын жамандыгынан коргоо сураймын.","Көрө албастыкка түрткөн ишти кылган кезде көрө албастык кылган адамдын жамандыгынан коргоо сураймын.","Оо, пайгамбар! Айткын: «Адамдардын Раббиси менен коргоном жана Ага баш калкалайм.","Адамдар үчүн Андан башка Падыша болбогон, аларды Өзү каалагандай башкарган алардын Падышасынан.","Ал – алардын чыныгы кудайы. Алар үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.","Адам Аллахты унутканда азгырык салган жана Аллахты эстеген кезде андан алыстаган шайтандын жамандыгынан.","Ал адамдардын жүрөктөрүнө азгырык салат.","Ал жиндерден болгон сыяктуу адамзаттан да болот»."]