["Дагы күйөөсү бар аялдар(га үйлөнүү арам). Ал эми кол астыңардагы күң аялдарга жакындык кылууңар арам эмес. Аллахтын китебин(ин өкүмдөрүн) бекем кармагыла. Ушул айтылгандардан башка (аялдардын) бардыгына, мал-дүйнөңөрдөн (махыр кылып) берүү менен, таза болуп, бузуктук кылбай үйлөнүүңөр силер үчүн адал кылынды. Эми, ал аялдардан кимисине (нике менен) жакындык кылуучу болсоңор, парыз кылынган акысын (махырын) бергиле. Махыр белгиленгенден кийин өз ара келишип алууңарда (күйөөсү белгиленгенден көбүрөөк берсе же болбосо, аял белгиленгенден бир бөлүгүн же баарын кечип жиберсе) силер үчүн күнөө жок. Албетте, Аллах Билүүчү, Даанышман.","Жана силерден кимиңер азат, ыймандуу аялдарга үйлөнүү үчүн мүмкүнчүлүк таппаса, анда кол астыңардагы ыймандуу күң аялдардан (бирден төрткө чейин) үйлөнө берсин. Аллах силердин ыйманыңарды(н даражасын) жакшы Билүүчү. Бири-бириңерден (тарагансыңар) Алардан (күң аялдардан) ыйбалуу, зына кылбаган жана жашыруун көңүлдөш тутпаган аялдарга кожоюндарынын уруксаты менен үйлөнө бергиле жана махырларын жакшылап төлөгүлө. Эгер (эрге тийип,) башы байлангандан кийин зына кылышса, аларга азат аялдарга берилген жазанын жарымы берилет. Бул (күңдөргө уруксат берүү) силердин араңардан бойдокчулук азабына чыдай албагандар үчүн. Ал эми, (азат аялдын махырына кудуретиңер жеткенге чейин) сабыр кылсаңар өзүңөргө жакшы. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.","Аллах силерге (бардык адал-арам маселелерди) баян кылып берүүнү жана силерди мурун өткөн (салих-таза) адамдардын жолуна салып, тообоңорду кабыл алууну каалайт. Аллах – Билүүчү, Даанышман.","Аллах силердин (бакыт-таалайга жеткизе турган) тообоңорду кабыл алууну каалайт. Ал эми, кумар-ышкынын артынан түшкөн адамдар болсо, экинчи кайткыс болуп (ак жолдон) адашып кетишиңерди каалайт.","Аллах силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган.","О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү (баскынчылык, уурулук, кумар ойноо, сүткорлук, ж.б.у.с.) арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон (адал) соода менен жегиле. Бири-бириңерди (же ар ким өзүн-өзү) өлтүрбөгүлө. Албетте, Аллах силерге Мээримдүү.","Ким ушуларды атайлап жана кыянаттык менен жасаса, аны Биз жакында тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллахка жеңил.","Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар (жана парыз ибадаттарды үзбөй жасап жүрсөңөр) Биз силердин (бардык) күнөөңөрдү өчүрөбүз жана Улук Орунга-бейишке киргизебиз.[1]###[1] Чоң күнөөлөрдөн сактануу парыз ибадаттарды аткаруу менен гана болот. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам муну төмөндөгүчө түшүндүргөн: “Кимде ким чоң күнөөлөрдөн сактанып жүргөн болсо, анын беш убак намазы, окуган жума намаздары жана туткан орозолору ошол ибадаттардын аралыгында жасаган күнөөлөрүн өчүрүп турат”.","Аллах бирөөңөрдү бирөөңөрдөн эмне менен абзел-жогору кылып койгон болсо, ошону силер (көралбастык менен) эңсебегиле! Эркектерге эмгек-кесиптеринен насип бар. (Ошондой эле,) аялдар үчүн да эмгек-кесиптеринен насип бар. (Бардык диний-дүйнөлүк ишиңерде) Аллахтын пазилетин сурагыла. Албетте, Аллах бардык нерселерди Билүүчү.","Ар бир адам үчүн ата-эне жана жакындары калтырган урук-туугандардан жана силер менен ант-келишим түзгөн адамдардан турган дос-жардамчыларды жаратып койдук. Эми аларга өз үлүштөрүн бергиле. Албетте, Аллах бардыгына Күбө.","Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу. Бул – Аллах бирин экинчисинен (күч-кубатта, акылда, сабырда) абзел-жогору кылганы жана өз (эмгеги менен тапкан) мал-мүлктөрүнөн (аялын, үй-бүлөсүн) каржылаганы себептүү. Эми, Аллахтын өкүмдөрүнө толук моюн сунуучу жана Аллах сактаганы себептүү, күйөөсү жок мезгилдерде өзүн (арамдан жана күйөөсүнүн мүлкүн кыянат-уурулуктан) сактоочу аялдар - жакшы аялдар. Силер бейбаштыгынан корккон аялыңарга (оболу эң жакшы сөздөр менен) насаат айткыла. Анан (насаат пайда бербесе, катуу сүйлөбөй) төшөктө жалгыз калтыргыла жана (ушуну менен да оңолбосо, катаалдык кылбай) ургула. Эгер силерге баш ийип калса, аларга каршы башка жол издебегиле. Албетте, Аллах эң Улук, эң Жогору!","Эгер жубайлардын ортосунда жарака кетүүсүнөн корксоңор, күйөөнүн жакындарынан бир өкүм кылуучуну жана аялдын жакындарынан бир өкүм кылуучуну (маселени чечүү үчүн) жибергиле. Эгер ал эки өкүм кылуучу жараштырууну кааласа, Аллах жубайлардын арасын тынч, ынтымактуу кылат. Албетте, Аллах (бардыгын) Билүүчү, Кабардар.","Аллахка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, жарды-жармачтарга тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусаапыр-карыптарга жана кол астыңардагы адамдарга (жана айбандарга да) жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт.","Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Аллах Өз пазилетинен берген жакшылыктарды (адамдардан) жашырат. Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койдук.","Мал-дүйнөлөрүн рия (адамдарга көрүнүү, атагы чыгуу) үчүн садага кылган жана өздөрү Аллахка да, Акыретке да ишенбей турган адамдарга дагы (азапты даярдап койгонбуз). Шайтан кимдин жакын досу болсо, ал эң жаман дос!","Аллахка, Акырет күнүнө ыйман келтирип, Аллах аларга ырыскы кылып берген нерселерден (элге көрүнүүнү ниет кылбай) садага кылса аларга зыян болмок беле?! Аллах аларды Билүүчү.","«Албетте, Аллах эч кимге чаң бүртүгүнүн салмагындай да зулум кылбайт. Эгер (пенденин ишинде чаңдын бүртүгүнчө) жакшылык болсо, аны көбөйтөт жана Өзүнүн алдынан чоң сооп берет».","(О, Мухаммад!) бир кезде (Кыяматта) Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (алардын пайгамбарларын) келтирсек жана сени тиги (каапыр) адамдарга каршы күбөгө тартсак абал кандай болот?![1]###[1] Албетте, ар бир үммөттүн каапырларына каршы өз пайгамбарлары “мен буларга чындыкты жеткиргенмин, өздөрү укпай коюшкан” деп күбөлүккө өткөндө абал өзгөрүп, башкача айтканда, бул дүйнөдө текеберленип, эч кимди көзүнө илбей, теңине албай шапар тээп жүргөндөр, кордолуп, мөңкүрөп, тозокко айдалышат. Текебер каапырлар тарабынан маскараланып жүргөн момундар кудуреттүү-таберик болуп, алардын өзүн маскаралашат жана бейиш бактарындагы түбөлүк ырахаттарга кадам коюшат","Ал Күндө пайгамбарга каяша айтып, каапыр болгондор жер аларды көмүп, тегиз болуп калуусун эңсешет. Бирок, Аллахтан эч бир сөздү жашыра алышпайт.","О, ыйман келтиргендер! Эмне сүйлөп жатканыңарды биле турган болмоюнча (соолукмайынча) мас абалда намазга жакындашпагыла.[1] «Жунуб» абалда дагы гусул кылмайынча (бүт денеге суу жеткирип жуунмайынча) намазга жакындабагыла. (Мечитти аралап) өтүп жүрүүчүлөр гана (гусул кылбай өтсө болот.) Эгер ооруп калсаңар же сапарда болсоңор же силерден бирөөңөр ажатканадан чыкса же болбосо, аялдарыңарды кармаласаңар жана (даарат алганга) суу таппай калсаңар таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) бетиңерди жана колуңарды сылагыла. Албетте, Аллах Кечиримдүү жана күнөөлөрдөн өтүүчү.###[1] Бул хамр (мас кылуучу ичимдик) жөнүндөгү экинчи түшкөн аят. Биринчисинде Аллах таала “(Оо, Мухаммад) сенден хамр жана кумар ойноо жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал экөөндө чоң күнөө жана адамдарга (дүйнөлүк) пайда бар. Бирок, алардын күнөөсү пайдасынан чоңураак” деген аятты түшүргөн. Кийин эң акырында, үчүнчү ирет түшүргөн төмөндөгү аят жогорку эки аяттын өкүмүн жокко чыгарган: “Оо, ыйман келтиргендер, Чынында, хамр (мас кылуучу ичимдик), кумар ойноо, ансап (бут-статуялар) жана азлам (пал ачуу) шайтандын амалынан болгон ыпыластык. Андан сактангыла!” Ушул аят түшкөн соң ислам коомчулугунда арак-шарап тамчысына чейин арам болгон. Ал эми, аяттын уландысынын өкүмү жоюлган эмес.","(О, Мухаммад!) Китептен (Тоороттон) үлүшү бар адамдарды карабайсыңбы, (арам, күнөө иштерге мал-дүйнө жумшоо менен) адашууну сатып алышканын жана сенин (ак) жолдон адашууңду да каалашканын.","Аллах силердин душманыңарды жакшы билет жана Аллахтын Өзү жетиштүү башчы, Аллахтын Өзү жетиштүү жардамчы.","Яхудилерден кээ бирөөлөрү (Тоораттагы Мухаммад пайгамбар жөнүндөгү) сөздөрдү маанисинен башка мааниге бурмалайт жана (сени менен сүйлөшкөндө) динге сокку урушуп, тилин бурмалап: “Уктук жана күнөө кылдык”, “Бизди укпасаң да угасың” жана “Раина”[1] дешет. Эгер алар (сөздү бурмалабай!) “Уктук жана моюн сундук”, “Бизди укчу?”, жана “Унзурна” (бизге карачы?) деп айтканда өздөрүнө жакшы жана туура болмок. Бирок, Аллах аларга каапырлыгы себептүү каргыш жаадырган. Эми, бир аз гана бөлүгүнөн башкасы ыйман келтирбейт.###[1] Бул жерде айтылган «Раина» сөзүн жакшыраак түшүнүү үчүн “Бакара” сүрөсүнүн 104-аятынын тафсирине караңыз.","О, китеп берилген адамдар! Бетиңерден бузуп, артына кайрып таштай электе, же болбосо, аларды (силердин араңардагы бузукуларды) “алтынчы күн ээлерин” каргаганыбыз сыяктуу каргап сала электе, өзүңөрдөгү (Тоорат, Инжил кабарларын) тастыктоочу кылып Биз жиберген нерсеге (Куранга) ыйман келтиргиле! Аллахтын буйругу дароо аткарылуучу!","Албетте, Аллах Өзүнө бир нерсени шерик кылышканын кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр!","(О, Мухаммад!) өздөрүн актаган адамдарга карабайсыңбы?! Тескерисинче, Аллах, Өзү каалаган пендесин актап алат жана аларга (данекти орогон) чел кабыкчалык да зулум кылынбайт.[1]###[1] Яхудилер менен христиандар: “Биз Аллахтын перзенттерибиз”, “Бейишке яхуди же христиан болгондор гана кирет” деп өздөрүн эч бир далилсиз актап-макташа беришчү. Бул алардын Аллахка чоң жалгандарды ойлоп тапканы эле.","Карачы, алар Аллахка кандай жалгандарды ойлоп таап жатышат. Анык күнөө болууга ушунун өзү жетиштүү!","Китептен үлүш берилген адамдарга карабайсыңбы: Алар “жибт” жана “тагут(тар)га”[1] сыйынып жатышат жана каапырлар тууралуу (аларга жагынып, ыйманды жек көрүп): “Ошолор ыйман келтиргендерге караганда туура жолдо” деп жатышат.[2]###[1] Жибт жана тагут - Аллахтан башка, жасалма кудайлардын аталыштары.\t[2] Бул сөздөрдү айткандар, пайгамбарыбызга жана момун-мусулмандарга ичи тарлык кылган эң адепсиз, табияты бузук, акыл-эси өтө төмөн яхудийлер жамааты. Алар ушунчалык “эсин жеп” койгондуктан Аллахтан башка таш - кудай, жыгач - кудайларга, шайтандарга.., деги эле сыйынбагандын бардыгына сыйынышат. Аятта айтылган “жибт” менен “тагут” ошол, Аллахтан башка кудайлардын жалпы аты. Ошондой эле, сыйкырчылык менен палчылык (көзү ачыктык) дагы “жибт”, “тагутка” кошулат. Алардын, пайда-зыян келтире албаган, дубаларды укпаган таш кудайларга сыйынган каапырларды момун-мусулмандардан туура жолдо деп айткандары ичи тарлыктан, көралбастыктан, кем акылдыктан башка нерсе эмес!","Аларды Аллах ырайымынан кууган. Аллах кимди ырайымынан ажыраткан болсо, ага эч жардамчы таба албайсың.","Же алардын колунда мүлк-бийлик бар бекен?! Болгон күндө деле (ач көздүгүнөн улам) адамдарга кыпындай нерсени да ыраа көрүшмөк эмес!","Же болбосо, адамдарга (мусулмандарга) Аллах берген артыкчылыкты көрө албай жатышабы. Биз Ибрахимдын үй-бүлөсүнө Китеп, Даанышмандык (пайгамбарлык) жана чоң мүлк - бийлик бергенбиз.","Алардын (китеп ээлеринин) арасында ыйман келтиргендери да бар, (көралбастык менен адамдарды) андан тыйгандар да бар. Аларга күйгүзүүчү тозок жетиштүү.","Биздин аяттарыбызга каапыр болгон адамдарды, жакында тозокко таштайбыз. Качан терилери бышып (азапты сезбей) калганда, азаптын “даамын” сезиши үчүн аларды(н терилерин) башка териге алмаштырабыз. Албетте, Аллах (ар кандай ишке) Кудуреттүү жана Даанышман.","Ал эми, ыйман келтирип, жакшы (соопту) иштерди кылгандарды болсо, жакында астынан дарыялары агып туруучу, анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизебиз. Анда аларга (кулк-мүнөзү) таза-аруу жубайлар бар. Биз аларды көлөкөлүү бейиштерге киргизебиз.","(О, ыймандуулар!) Аллах силерди аманаттарды өз ээлерине кайтарууга буюрат. Эгер адамдардын арасында өкүм кылуучу болуп калсаңар, (Аллах көрсөткөндөй) адилдик менен өкүм чыгарууга буюрат. Албетте, Аллах, силерге эң жакшы нерселерди насаат кылды. Аллах - Угуучу, Көрүүчү.","О, ыйман келтиргендер! Аллахка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар, эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор ал маселени Аллахка жана пайгамбарга кайтаргыла. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң абзел чечим (болуп саналат).","(О, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн нерсеге (Куранга) жана сенден мурда түшүргөн нерселерге “ыйман келтирдик” деп ойлогон адамдарды карабайсыңбы?! Алар Тагуттан өкүм суроону каалап жатышат. Алар ага каапыр болууга буюрулган эле го?! Шайтан аларды (чындыктан) өтө алыс адаштырып кетүүнү самайт.","Эгер аларга “Аллах түшүргөн нерсеге (Куранга) жана пайгамбарга (Сүннөткө) келгиле” деп айтылса , алар, эки жүздүүлөр сенден чечкиндүү бурулуп баратканын көрөсүң.","Эми, аларга,ошол жасаган күнөөлөрү себептүү (Аллах тарабынан) бир кайгы жеткен соң, сага келип: “Кудай акы, биз бул ишибиз менен жакшылыкты жана оңдоону гана каалаганбыз”- деп (актанып) ант ичишкендери эмнеси?!","(Бирок), Аллах алардын жүрөктөрүндөгү (ыпылас) нерсени билет. Аларга көңүл бурбай эле кой. Алардын өздөрүнө (адашкандыктарын) жеткире сүйлөп, (Аллахтын өкүмдөрүнүн абзелдиги жөнүндө) насаат айт.","Биз ар бир пайгамбарды, Аллахтын уруксаты менен Ага моюн сунулуусу үчүн жибердик. Эгерде алар (тагутка өкүм сурап баруу менен) өздөрүнө залым кылып алган кезде (жалгандан ант ичпей,) сага келип, Аллахтан кечирим сурашса жана пайгамбар дагы алардын күнөөсүн кечирүүсүн сурап Аллахка дуба кылганда, Аллахты, тооболорду кабыл кылуучу, Мээримдүү абалда табат эле.","«Жок, Раббиңе ант, (Оо Мухаммад) алар өз ара талаш-тартышууларына сени өкүмдар кылмайынча жана сенин өкүмүңө, жүрөктөрүндө нааразылык калбай, толук моюн сунмайынча (толук) ыймандуу боло алышпайт»","Эгер Биз аларга (пенделерге): “Өзүңөрдү өлтүргүлө” же болбосо “Журтуңарды таштап чыккыла” деп, (ушул иштерди) парз кылганыбызда, аны бир ууч (ыйманы күчтүү) адамдардан башкалары аткарбайт эле. Эгер алар айтылган нерсени аткарышса өздөрүнө жакшы болмок, жана (ыймандары) дагы бекемирээк болмок.","Анда Биз аларга Өз алдыбыздан чоң сооп-сый бермекпиз","жана аларды туура жолго багыттап коймокпуз.","Кимде-ким Аллахка жана пайгамбарга моюн сунса, ошолор гана (бейиштин эң жогорку даражасында) пайгамбарлар, чыныгы ыймандуулар, шейиттер жана салих (эң таза ыймандуу) адамдардан турган Аллах сыйлаган кишилер менен бирге болот. Алар - эң сонун шериктер!","Бул - Аллахтын артыкчылыгы. (Ким көбүрөөк соопко ээ болгонун) билүү жаатынан Аллах жетиштүү.","О, ыйман келтиргендер! (Душмандардын күчүнөн, айла-амалынан) сактык чараларын көргүлө! Жана (Согуш башталып калса) топ-топко бөлүнүп, же болбосо (шартка карап) бардыгыңар чогуу чыккыла!","Албетте, силердин араңарда (коркоктугунан, ыйманы алсыздыгынан улам, жихаддан) кетенчиктегендер да бар. Эгер (согушта) силерди кайгы басып (жеңилип, кээ бирөөңөр өлүп) калса, алар: “Аллах мени, алар менен бирге шейит кылып жибербей сыйлады” - дешет.","Эгерде силерге Аллахтын артыкчылыгы (жеңиш) жетип калса, деги эле, (мурда) силер менен анын арасында достук болбогондой (силерди тааныбагандай): “Аттиң ай десе, мен да алар менен бирге болуп калсам, улуу жеңишке (жана көп олжолорго) жетмек экенмин”- дешет.","Аллахтын жолунда, бул (оопасыз) дүйнөнүн ордуна (түбөлүк) Акыретти сатып ала тургандар согушсун! Кимде-ким Аллахтын жолунда согушуп, өлтүрүлсө же жеңип чыкса, Биз ага жакында чоң соопторду беребиз.","(О, мусулмандар!) Силерге эмне болду? Аллахтын жолунда жана (душмандын залымынан) бечара-байкуш болуп (айласыз абалда) калган эркектер, аялдар жана бөбөктөрдүн ( азаттыгы) жолунда согушпай жатасыңар?! Алар: “О, Рабби! Бизди мына бул элдери (кожоюну) залым болгон шаардан (аман-эсен) чыгарып жибер! Бизге Өзүңдүн алдыңдан бир (куткаруучу) досту жана жардамчыны жибер?!” - деп зарлап жатышат го!","Ыймандуу адамдар Аллахтын жолунда согушат. Каапыр адамдар тагуттун (шайтандын) жолунда согушат. Силер (о, момундар) шайтандын тарапкерлерине каршы согушкула. (Жана билгиле) шайтандын айласы (дайыма) алсыз.[1]###[1] Шайтандын тарапкерлери чындыкка каршы күрөшүшөт. Чындыкка каршы күчтөр, пландар, айлакерликтер канчалык зор болсо да алсыз.","(О, Мухаммад!) Тиги кишилерди(н коркоктугун) карабайсыңбы? Аларга (Меккеде) “Согуштан колуңарды тарткыла, намазыңарды окуп, зекет берип (тынч) жүргүлө” - деп айтылганда (“Бул өкүмгө кошумча жихад кылууга да буйрук берилсе экен. Аллахтын душмандарынан өч алсак” деп, жихадды самап жүрүшкөн. Кийин) аларга (мушриктерге каршы) согуш парз кылынган кезде, капыстан алардын арасындагы бир жамаат, адамдардан (мушриктерден) Аллахтан корккондой жана андан да катуурак коркуп кетишти жана: “О, Раббибиз! Эмнеге согушту парз кылдың экен? Бизге (согушту) жакынкы мөөнөттөргө чейин кечиктире турсаң болбойт беле?” - дешти. Сен аларга: “Дүйнө пайдалары аз гана. Такыба кишилер үчүн Акырет жакшы жана силерге (ал жерде) данектин чел кабыгынча да залым кылынбайт” - деп айткын.","Кайсы жерде болcоңор да өлүм силерге жетет. Жадагалса (дубалдары) бекемделген сарайларда болсоңор да. Эгер (согушта) силерге жакшылык жетсе (жанагы акылы чолок, ыйманы күчсүздөр) “Бул - Аллахтан дешет. Ал эми, эгер жамандык жетсе (каапырлар сыяктуу ырым-жырым кылып): “Бул - сенден” дешет. Сен аларга: “Бардыгы Аллахтан” - деп айткын. Бул адамдарга эмне болгон, эч бир сөздү туура түшүнүшпөйт?!","Сага кандай (диний же дүйнөлүк) жакшылык болсо - ал Аллахтан. Жана сага эмне жамандык болсо - бул өзүңдөн. (О, Мухаммад!) Биз сени адамдарга (ушул нерселерди жеткирсин деп) элчи кылып жибердик. Аллах жетиштүү Күбө.","Ким пайгамбарга моюн сунса, демек Аллахка моюн сунуптур. Ким моюн сунбаса (өзүнө зыян). Биз сени аларга кароол кылып жиберген эмеспиз.[1]###[1] Пайгамбардын болгон милдети жеткирүү. Аллах эмнени буюрган болсо, ошону дал өзүндөй кылып, өзүнөн кошпой жана кемитпей, пенделерге жеткирип койот – бүттү. Мына ошол себептен ким пайгамбарга моюн сунса Аллахка моюн сунган болот. Моюн сунбагандар менен Аллах Өзү эсептешип алат. Пайгамбарга адамдардын артынан ээрчип жүрүп таңуулоо милдет кылынган эмес.","(Сенин алдыңда) “Моюн сундук” дешет. Ал эми сенден чыгаар замат, алардын бир тайпалары (түнү менен «айнып») сага айтканынын тескерисин сүйлөп калышат. Аллах алардын (түнкү) сүйлөшүүлөрүн жазып койот. Cен алардан жүз буруп, Аллахка гана таянгын! Аллах жетиштүү таяныч.","«Алар Куранды терең акыл калчап окушпайбы?![1] Эгер Куран Аллахтан башканын алдынан болсо, андан көп карама-каршылыктарды табышат эле го».###[1] Башка бир аятта Аллах таала айткан: “Биз сага бул ыйык китепти, анын аяттарында терең пикир кылышың жана акыл ээлери насаат алышы үчүн түшүрдүк”. Куранды терең ойлонуп, пикир кылып окууда төмөндөгүчө көп пайдалар бар: 1) Башка илим-билимдерге ачкыч болот. 2) Жүрөктөгү ыйманды көбөйтөт. 3) Аллахты, Анын сыпаттарын таанытат. 4) Чыныгы дос менен душманды ажыратып берет. 5) Бейиш менен тозоктун жолун ажыратып берет. 6) Адамдын илимин көбөйтөт. ж.б.","Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды билүүгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак.[1] Эгер силерге Аллахтын артыкчылыгы жана ырайымы болбогондо, азыңардан башка баарыңар шайтанды ээрчип калмаксыңар.###[1] Бул аят менен Аллах таала мусулмандар коомуна өз ара мамиле адебин үйрөтүп жатат. Жакшыбы, жаманбы, кандай кабар болбосун угаар замат жайылтып жиберүү жаман адат. Балким, андан коомго же бир жеке адамга зыян жетип калаар. Балким, ал кабар душмандардан жашырыла турган сыр болуп жүрбөсүн? Ошондуктан, Аллах таала кандай кабар болсо да оболу акылман, билерман, тажрыйбалуу башчыларга, аксакалдарга билдирилип, алардын талкуусуна коюлгандан кийин гана же сактоого же жайылтууга уруксат берилерин үйрөтүүдө.","(О, Мухаммад!) Аллахтын жолунда (оболу) өзүң согушкун. Эч кимди эмес, өзүңдү гана согушка буйру жана момундарды, шыктандыр. Ошондо Аллах (чечкиндүү согуштук аракетиңер себептүү) каапырларды кубатынан арылтып коюусу мүмкүн. Аллахтын кубаты күчтүү, азабы катуу.","Ким жакшы тарапка жардам берсе, ага ошол жакшылыктан үлүш тиет. Ким жаман тарапка жардам берсе ага ошол жамандыктан үлүш тиет. Аллах бардык нерсеге Көзөмөл кылуучу.[1]###[1]Тафсир Жалалайнда  «Кудуреттүү» деп берилген.","Силерге качан салам (же салам сыяктуу сөз же белги) берилсе, андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып жооп кайтаргыла. Аллах бардык нерсени Эсептөөчү.","Эч бир илах жок, бир гана (затында, сыпатында, пейилинде, ысымында эч кимге окшобогон) Аллах гана бар. Ал силерди анда шек болбогон Кыямат Күн үчүн (ар бир адамга өз иштерине жараша сыйлык же жаза берүү үчүн) чогултат. Аллахтан туурараак сүйлөгөн эч ким жок.[1]###[1] Демек, Аллахтын сөздөрүнө каршы келген ар кандай ишенимдер, философиялар, жолдор, багыттар, насааттар ж.б. сөздөрдүн бардыгы туура эмес.","Эмне үчүн силер эки жүздүүлөр жөнүндө экиге бөлүнөсүңөр? Аллах аларды жасаган иштери себептүү (каапырлыкка) кайтарды го! Силер Аллах адаштырган кишилерди туура жолго салууну каалайсыңарбы? Кимди Аллах адаштырган болсо, сен ага (туура) жол таба албайсың!","Алар өздөрү каапыр болгон сыяктуу силердин да каапыр болуп калууңарды эңсейт. Аларды Аллахтын жолунда хижрат кылмайынча дос тутпагыла. Эгер (хижрат кылуудан) баш тартышса, аларды тапкан жериңерде кармап, өлтүргүлө. Аларды дос да жардамчы да кылбагыла.","Ал эми, (төмөндөгү) кишилерди өлтүрбөгүлө: силер менен араларында (тынчтык) келишими бар болгон коомдорго кошулуп алса. Же, силерге жана өзүнүн (каапыр) коомуна каршы согушууга жүрөгү ээ бербей, силердин алдыңарга келишсе. Эгер Аллах кааласа аларды силерден жогору кылып, силерге каршы согушкан болоор эле. Эми, эгер силерге катылбай, согуш жарыялабай, тынчтыкты сунуштап жүрүшсө, аларга каршы чыгууңарга Аллах силерге жол бербейт.","Силер (эки жүздүүлөрдүн) башка тайпаларын силерден да, (каапыр) коомдорунан да сак болгон абалда көрөсүңөр. Качан алар бүлгүн-бузукулукка кайтарылса, ага чумкуп кетишет. Эгер алар силерден алыстабаса, тынчтыкты сунуштабаса жана силерден колун тартпаса, анда аларды кармап, тапкан жериңерде өлтүргүлө! Биз силерге андай адамдардын үстүнөн бийлик бердик.","Момун адам момун адамды - адашып гана өлтүрүп албаса - (атайлап) өлтүрүүсү мүмкүн эмес. Кимде-ким (ал жашпы, карыбы, аялбы, эркекпи, каапырбы, момунбу же башкабы) бир момунду адашып (катачылыктан улам) өлтүрүп койсо, (бул күнөөсүн жуу үчүн) бир момун кулду азат кылат жана (буга кошумча) маркумдун мураскорлоруна дия (кун акысын) төлөйт. Ал эми, (сөөктүн ээлери) кечирип жиберсе (дия төлөбөйт). Эгер өлгөн адам силерге душман коомдон, бирок момун болсо, (дия төлөбөй) бир момун кулду азат кылат. Эгер өлгөн адам, силер менен тынчтык келишимин түзгөн коомдон болсо, өлгөндүн үй-бүлөсүнө дия төлөө менен бирге бир момун кулду да азат кылат. Ал эми ким (кул азат кылганга же дия төлөгөнгө мүмкүнчүлүк) таппаса, Аллах тарабынан тообосу кабыл алынышы үчүн эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Аллах Билүүчү, Даанышман.[1]###[1] Момун адамды атайлап өлтүргөн ыймандуунун ыйманы кескин түрдө азайып, каапырчылыкка жакындашып калат. Ошондуктан пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: “Менден кийин бири-бириңерди өлтүрүүчү каапырларга айланып калбагыла” деп катуу эскерткен.","Ким момун адамды атайлап өлтүрсө, анын жазасы түбөлүк тозок! Ага Аллахтын каары жана каргышы жаайт! Аллах ага чоң азапты даярдап койгон!","О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын жолунда (жихадга) жөнөсөңөр, (кимдин ким экенин) анык билип алгыла. (Коркконунан же урматтаганынан) силерге салам берген адамга, дүйнө жашоосунун (арзыбаган) нерселерин каалап: “Сен ыймандуу эмессиң!”- дебегиле. Аллахтын алдында көп олжолор бар. Мурун өзүңөр ошондой элеңер. Кийин Аллах силерди ардактуу кылды. Эми, (ишиңерди) анык билип жүргүлө! Албетте, Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар.[1]###[1] Аллахтын жолунда жихадга бара жаткан бир топ сахабалар жолдо кезигип, салам айткан кишини “Бул душман экен, жанынан коркуп эле салам берип жатат” деп ойлоп, өлтүрүп, мал-мүлкүн, койлорун олжо кылып алышат. Аллах бул аятта аларды ушул каталары үчүн жемелеп, бир кездерде өздөрүнүн да ошол адам сыяктуу коркуп-үркүп жүргөндөрүн эстерине салат.","Бирөөгө зыянын тийгизбей (жихадга чыкпай) үйүндө отурган момундар менен, Аллахтын жолунда мал-жаны менен жихадка чыккан момундар тең боло албайт. Аллах мал-жаны менен жихад кылуучулардын даражасын үйүндө отургандардан жогору кылды. Бирок, Аллах бардыгына жакшылыкты (бейишти) убада берди. Аллах жихадга чыккандарды үйдө отургандарга карганда көбүрөөк сооптор менен артыкча кылды.","(Ал улуу сооптор –) Өзүнөн берилчү жогорку даража, кечирим жана ырайым. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.","(Себепсиз хижрат милдетин аткарбай коюу менен) өздөрүнө залым кылган адамдарга, алардын жанын алуу мезгилинде периштелер: “Кандай абалда жашадыңар?” (эмнеге хижрат кылбадыңар?) дегенде алар (жалгандан): “Биз (бул) жерде алсыз (бечара) болчубуз» - дешет. Анда периштелер: “Аллахтын жери кенен эмес беле?! (Каалаган жериңерге) хижрат кылсаңар болмок?!” - дешет. Андай адамдардын барар жери – тозок! Ал кандай жаман орун!","Ал эми, (хижрат кылууга) такыр чамасы келбеген аял, эркек жана балдардан турган алсыз-байкуштарды...","Аллах балким кечирээр.[1] Аллах Кечиримдүү, күнөөлөрдөн өтүүчү.###[1] Демек, «сөзсүз кечирет» деген бүтүм чыккан жок. “балким кечирээр ” деген өкүм чыкты. Мунун себеби, ошол алсыз бечералардан кээ бирлери алсыздыгын шылтоолооп талаптагыдай, бүт күч-кайраттары менен аракет кылышкан эмес.","Ким Аллах жолунда хижрат кылса, жер бетинен көптөгөн баш калкалоочу жайларды жана берекени табат. Ким үйүнөн Аллахтын жана пайгамбарынын жолунда хижрат кылып чыкса жана андан кийин ал өлүмгө учураса, анын сооп-сыйын Аллах (жетип барган адамдын сообундай кылып) берет. Аллах - Кечиримдүү, Мээримдүү.","(О, момундар) эгер жер жүзүндө сапар кылсаңар, (жана) силерге душмандын зыяны тийүүсүнөн корксоңор, намазыңардын (бир бөлүгүн) кыскартып окусаңар силерге күнөө эмес.[1] Албетте, каапырлар силерге анык душман.###[1] Пайгамбарыбыздын көп сапарлары жихад үчүн болгон жана ушул аят түшкөндөн баштап, бардык алыс сапарларында намаздарды кыскартып (бешим, асир, куптандын парыздарын эки ирекеттен, багымдат менен шам намазын өзүндөй) окуп жүргөн. Бир күнү Умар бин Хаттаб пайгамбарыбыздан: “Оо, Аллахтын элчиси, Аллах “Эгер душмандан корксоңор, кыска намаз окугула” деген. Ал эми, тынч мезгилдеги сапарда кантебиз?” деп сураганда пайгамбарыбыз: “Кыска намазга уруксат Аллахтын силерге берген садакасы. Аны кабыл алып койгула” - деп жооп берген. Ошондон бери мусулмандар бардык мезгилдерде алыс сапарга чыкса намаздарын кыскартып (каср) окуп жүрүшөт.","(О, Мухаммад!) Эгер сен алардын (сахабалардын) арасында (имам болуп) намаз окусаң, сени менен бирге болгон алардын бир тобу (кароолдо) турсун жана куралдарын алып алышсын. Сажда кылып (намаз окуп) бүткөндө аркаңарга өтүп (коргоп) турушсун. Анан намаз окуй элек башка топ келип, сени менен намаз окусун. Бирок, этияттап жана курал-жарактарын алып алышсын. Эгер силер куралыңар менен керек-жарагыңардан капарсыз калсаңар, каапырлар силерге капыстан кол салууну самап турушат. Эгер силерге жамгырдын кесепети тийсе же ооруп калсаңар, анда куралыңарды (жерге) койсоңор күнөө эмес. Бирок, абайлагыла. Чынында, Аллах каапырларга кордоочу азапты даярдап койгон.","Ал эми, намазды окуп бүткөнүңөрдөн кийин, турган, отурган жана жамбаштап жаткан (бардык) убактыңарда Аллахты зикир кылгыла. Эгер (согуштан) тынч болсоңор намазды толук окугула. Албетте, намаз ыймандуу адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парз болду.[1]###[1] Бул аяттагы “ыймандуу адамдар үчүн” жана “өз убактысында” деген сөздөргө көңүл буруу зарыл. Намаз момун (ыймандуу) адамдын ыйманы үчүн тараза сыяктуу. Эгер адамдын ыйманы таза болсо, намазы толук, сапаттуу болот. Ыйманы начар болсо намазы дагы эптемей болот. Намаз - ыймандуу кишилер үчүн, балакат жашына жеткен ар бир эркек-аялга “өз убактысында окулуучу парыз”.","(Душман) коомдун артынан сая түшүүдөн талыкпагыла. Эгер силер азап чеккен болсоңор, алар деле силер сыяктуу азап чегишти. (Экинчиден) силер Аллахтан, алар үмүт кылбаган нерсени (бейишти) үмүт кылып жатасыңар. Аллах Билүүчү, Даанышман.","(О, Мухаммад!) Биз сага китепти (Куранды) акыйкат менен (бузулбай турган жана бардык кабарлары чындык болгон абалда) адамдар арасында Аллах көргөзгөн жол менен өкүм кылууң үчүн түшүрдүк. Жана сен эми кыянатчыга тарапкер болбогун!","(Эгер сен ката кетирсең) Аллахтан кечирим сура. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.","Сен өздөрүнө кыянат (залым) кылган (кылмышкер) адамдардын тарабында туруп талашпа. Аллах күнөө-кыянатты көп жасаган адамдарды сүйбөйт.","(Күнөө, кыянатты көп жасагандар күнөө-кылмыштарын) адамдардан жашыра алышат, а бирок Аллахтан жашыра алышпайт. Чынында, алар түндөсү жашынып алып, Аллахка жакпаган сөздөрдү ойлонуп жатканда да Аллах (Өзүнүн илими менен) алардын жанында болот. Аллах алардын бардык иштерин Ороп алуучу.","О, силер (кыянатчыларды колдогондор!) Бул дүйнө жашоосунда го, аларды актап талаштыңар. Ал эми, Кыямат Күнү аларды актап Аллах менен ким талаша алат?! Же болбосо, ким аларга таяныч боло алат?![1]###[1] Эч ким! Анткени, Кыяматта аларга каршы өздөрүнүн дене мүчөлөрү да күбөлүккө өтөт. Аллахтын периштелери жазып алган бардык кылмыштары ийне-жибине чейин ачылып турса ким аларды актай алмак эле?! Ошондуктан, пенде бул дүйнөдө азгыруучу напсинин жетегине жүрүп, күнөөгө батпасын! Напсиси аны бир күнөөгө баштаса “Эй, напсим! Өзүңдү токтот! Бул күнөөнүн ырахат-жыргалы тез эле өтүп кетет. Артынан кайгы-касыреттер, күнөөлөр, Кыяматтагы жазалар калат!» - десин.","Ким бир жаман (күнөө) иш кылса же өзүнө залым кылып алса, кийин (артынан) Аллахтан кечирим сураса, Аллахты Кечиримдүү, Мээримдүү табат.","Ким бир күнөө иш жасаса (анын жазасы) өзүнө. Аллах - Билүүчү, Даанышман.","Кимде ким бир чоң күнөө же башка кылмыш ишин жасап, кийин аны бейкүнөө адамга төңкөсө, ал өз мойнуна доомат жана чоң күнөөнү илип алыптыр.","(О, Мухаммад!) эгер сага Аллахтын артыкчылыгы жана ырайымы болбогондо алардан (кыянатчылардан) бир тайпасы сени адаштырууга жан үрөп калган эле. Бирок, алар (сени эмес) өздөрүн гана адаштырат жана сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Аллах сага (бардык нерселердин баян-илимин өз ичине камтыган) китепти - Куранды жана Сүннөттү түшүрүп, билбегендериңди билгизди. Аллахтын сага (берген) артыкчылыгы улуу.","Алардын (кыянатчылардын) көп отуруш-чогулуштарында жакшылык жок. Ал эми, садагага, жакшы үрп-адатка буюрган же адамдардын арасын оңдоо үчүн (чогулган адамдардын отуруштарында жакшылык болот). Ким ушуну (аталган жакшылыктарды) Аллахтын ыраазылыгын каалап жасаса, ал адамга жакында чоң сооп беребиз.","Кимде-ким, өзүнө туура жол анык болгондон кийин, пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолду ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн койобуз. Жана аны тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай!","Албетте, Аллах (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр!","Алар Аллахтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылат[1] жана өзүнүн сөзүнөн баш тартуучу шайтанга дуба кылышат.###[1] Араб мушриктери өз талап максаттарын сураган “Лат”, “Манат”, “Узза” сыяктуу буттарын аял жынысындагылардын аты (женский род) менен аташкан.","Аллах ага (шайтанга) наалат-каргыш жаадырганда ал: “Мен Сенин пенделериңдин арасынан тийиштүү насибимди алаармын\" деп айткан.","Ошондой эле аларды жолдон адаштырып, куру кыялдарды жүрөктөрүнө салаармын. Алар менин буйругум менен малдарынын кулактарын кесет[1] жана менин гана буйругум менен Аллахтын жаратканын өзгөртүшөт!” Ким Аллахты коюп, шайтанды дос - башчы кылып алса, ал анык зыяндын зыянына түшүптүр!###[1] Шайтандын азгырыгынын бири – ырым-жырым кылып жаныбарлардын кулагын кесүү. Исламдан илгерки (жахилият) доорундагы араб мушриктери кол астындагы төөлөрүнөн кээ бирлерин бут-статуяларына арнап, алардын кулагын кесип, белгилүү кылып коюшкан. Алар аны иштетпей, союп да жебей бош коюшчу. Ар кандай себептер менен, ырым-жырым кылып, кээ бир төөлөрдүн этин өздөрүнө арам кылып алышчу.","(Шайтан) аларга убадаларды берет, жүрөктөрүнө куру кыялдарды салат. Шайтан аларга жалгандан башка убада бербейт.","Ошолордун (шайтанга ээрчигендердин) жайы тозок! Алар өздөрүн андан куткаруучуну таппай (ал жерде түбөлүк) калышат.","Ал эми, ыйман келтирип, жакшы (соопту) иштерди кылгандарды, жакында астынан дарыялары агып турган, анда түбөлүк калуучу бейишке киргизебиз. Бул - Аллахтын акыйкат убадасы. Эч кимдин сөзү Аллахтын сөзүндөй чын болбойт.","(Тозоктон кутулуу) силердин да, китеп ээлеринин да куру кыялдары менен эле болбойт. Ал эми, ким (кандай) күнөө иш жасаса, ошонун гана жазасын алат. Жана (жаза берилчү мезгилде) өзүнө Аллахтан башка дос-жардамчы таппай калат.","Эркекпи, аялбы, ким болсо да жакшы иштерди жасаса жана ал ыймандуу болсо, (жасаган иштеринин) кымындайына да зулум кылынбаган абалда бейишке киришет.[1]###[1] Ушул аят ислам аялдарды эң жогорку даражада баалаганына далил болот.","«Аллахтын шариятын (бекем) кармап, ширктен таухидке бурулган абалда Ибрахимдин динине ээрчиген жана жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундурган адамдын дининен да жакшы динди туткан адам барбы? Аллах Ибрахимди (Өзүнө) дос туткан».","Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Аллах ар бир нерсени Ороп Алуучу.[1]###[1] “Ороп алуучу” деген сөздүн мааниси: Аллахтын илими бардык маалыматтарды, Аллахтын угуусу бардык кабарларды өзүнө камтыйт, Аллахтын каалоо-кудурети бар болгондун баарына таасирдүү, ырайымы жана каары бардык жаралгандарга жетүүчү дегенди түшүндүрөт.","(О, Мухаммад!) Сенден аялдар жөнүндө фатва (өкүм) сурашат. Айткын: “Аялдар жөнүндө силерге Аллах жана Китептеги жетим кыздар, алсыз-байкуш (жетим) балдарга арнап окулган аяттар өкүм берет. (Силерди, сулуулугуна же байлыгына) кызыгып үйлөнүп алып, (кийин) аларга берилүүсү парз кылынган махырды бербей койгон (жетим кыздардын укугун орундатууга) жана жетимдер үчүн адилет башчылык кылууга (буюрат). Кандай жакшылык кылсаңар Аллах аны, чынында, Билүүчү.","Эгер бир аял күйөөсүнүн көңүлсүздүгүнөн жана таштап кетүүсүнөн корксо, эр-аял экөөсү (аялдын демилгеси менен) бир келишимге келүүсүндө күнөө жок. Келишим жакшы нерсе. Жана жүрөктөр кызганычка даяр турат. Эгер жакшылык кылсаңар жана Аллахтан корксоңор, Аллах бардык ишиңерден кабардар.","(О, эркектер!) Канчалык умтулсаңар да, аялдар арасында адилдик кылууга кудуретиңер жетпейт. Бирок, (жүрөгүңөр умтулганына) берилип албагыла жана (көңүлсүз болгонуңарды) күйөөсү таштап кеткен аял сыяктуу таштап койбогула. Эгер араны оңдосоңор жана такыба болсоңор, Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.","Эгер (жубайлар) ажырашып кетчү болсо, Аллах алардын ар бирин Өзүнүн Кеңдиги (пазилети) менен беймуктаж кылат. Аллах артыкчылыгы Кең, Даанышман Зат.[1]###[1] Жогоруда Аллах өз Даанышмандыгы менен үй-бүлөнүн бүтүндүгүн, тынчтыгын кепилдей турган эреже-мыйзамдарды көргөздү. Эрди-катын аларды сактап түтүн булатса го, жакшы. Ал эми бир себеп менен ынтымак бузулуп, эки тарап элдешкис болуп калса, айласыздан ажырашууга туура келет. Ажырашуу - трагедия. Бирок, жашоо токтоп калбайт. Аллахтын ырайым-даргөйү кенен. Анысына да мунусуна да дагы бир жерден бак буюруп, беймуктаж кылып коюуу Ал үчүн оңой эле.","Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. (Оо, момундар) Биз силерге да, силерден мурун китеп берилген элдерге да “Аллахтан корккула” деп буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор (билип алгыла), асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү! Аллах Беймуктаж жана Макталган!","Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык. (Бардыгы Аллахка таянат) жана Аллах жетиштүү Сактоочу.[1]###[1] Аллах, Аллах болгону үчүн ошончолук чексиз, кенен ааламдарды сактап (Вакил) болуп турат. Ал эми бул үчүн чексиз илим, чексиз кудурет, чексиз даанышмандык зарыл. Аллахтан башка эч кимде жана эч бир нерседе мындай сыпаттар табылбайт.","О, адамдар! Эгер кааласа (Аллах) силерди (дүйнөдөн) кетирип, ордуңарга башкаларды алып келет. Аллах буга Кудуреттүү.[1]###[1] Аллахка кулчулук кылбасаңар, кимге кулчулук кыласыңар, эй адамдар?! Эгер Ал кааласа, силерди көз ачып жумгуча жер менен жексен кылып коюуга Кудуреттүү! Бирок, Ал бизге мөөнөт берип атат. Ойлонсун деп, Өзүмө кайтсын деп...","Ким дүйнө сообун кааласа,.. Дүйнөнүн да, Акыреттин да сообу Аллахтын алдында. Аллах Угуучу, Көрүүчү.","О, ыйман келтирген адамдар! Адилеттикти бекем кармоочу жана өзүңөрдүн, ата-энеңердин, тууган-уругуңардын зыянына болсо да (жана) ал бай же кембагал болсо да, Аллах үчүн, туура күбөлүккө өтүүчү болгула. Аларга (силерден көрө) Аллах жакыныраак. (Ошондуктан) Адилет кылуу(дан четтеп), өз кызыкчылыгыңарга берилип кетпегиле. Эгер (чындыкты) бура сүйлөп, адилдиктен жүз бурсаңар, (билип койгула) Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар!","«О, ыйман келтирген адамдар! Аллахка, Анын пайгамбарына, (ошол) пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китепке ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, ал чындап катуу адашыптыр».","Ыйман келтиргенден кийин каапыр болгон, кийин дагы ыйман келтирген, андан кийин дагы каапыр болуп, каапырлыгын күчөткөн адамдарды Аллах кечирбейт жана туура жолго баштабайт.[1]###[1] Анткени, эми андай туруксуз адамдан үмүт калбайт. Башка аяттарда Аллах андай адамдар жөнүндө: “Өздөрү адашышты эле, анан Аллах алардын жүрөктөрүн адаштырып койду”, жана: “Биз алардын акыл-жүрөктөрүн биринчи жолу ыйман келтирбегендей кылып койобуз” - деген.","(О, Мухаммад! момундарды таштап, каапырларды дос кылып алган) эки жүздүүлөргө жан сыздаткан азап жөнүндө \"куш кабар\" бер.","Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутуп алгандар алардан күч-кубат сурап жатышабы?! Бардык күч-кудурет Аллахтын алдында го!","(О, момундар!) Аллах силерге Китепте “Эгер Аллахтын аяттарына каршы сөз айтып же аны шылдыңдап турганын уксаңар, качан башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен отурбагыла!” - деген өкүмдү түшүргөн. (Эгер алар менен бирге отура берген болсоңор) анда, силер дагы ошолордун бири экенсиңер. Албетте, Аллах (силерге окшогон) эки жүздүүлөрдүн бардыгын каапырлар менен кошуп тозокко чогултат.","Алар (эки жүздүүлөр) силерди аңдып турушат. Эгер (согушта) силерге Аллах тарабынан жеңиш болуп калса (силерге жагынуу жана олжодон бир нерсе алуу үчүн): “Биз силер менен бирге эмес белек?” - дешет. Ал эми, каапырларга (жеңиштен) бир үлүш буюруп калса (аларга): “Биз силерге жардам берип, момундардан коргободук беле?” - дешет. Аллах Кыяматта силердин араңарда Өзү өкүм кылат (кимдин-ким экенин билгизет) жана Аллах эч качан каапырлар үчүн (момундарды толук басып алуусуна) жол бербейт.","Эки жүздүүлөр (өздөрүнчө) Аллахты алдамакчы болушат. Бирок, Аллах өздөрүн «алдап» койот. Жана эгер намазга турчу болушса, жалкоолонуп турушат. Элдин көзүнө көрүнүү үчүн (гана ибадат кылышат). Аллахты өтө аз эскеришет.","Алар мунун (каапырлар менен момундардын) арасында олку-солку болуп, же аларга кошула албай, же буларга кошула албай турушат. (О, Мухаммад!) Аллах кимди адаштырып койсо, сен ага туура жол таба албайсың.","О, момундар! Ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпагыла. Эмне, өзүңөрдүн зыяныңарга Аллах үчүн (силерди азаптоосуна) анык далил кылып берүүнү каалайсыңарбы?","Албетте, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөн жеринде болушат. Жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың.","Ал эми, тообо кылып, өздөрүн(үн ичи-тышын) оңдоп, Аллахка жалбарышса жана ибадаттарын Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн калыс кылышса, андайлар (Дүйнө-Акыретте) момундар менен бирге болушат. Аллах момундарга тез арада чоң соопторду берет.","Эгер ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар, Аллах силерди эмне үчүн азапка салат?! Аллах Шүгүр кылуучу,[1] Билүүчү.###[1] “Шүгүр” - бул эгер пенде тарабынан болсо, Аллах берген нээматтарды сезип, ошол нээмат ээсине мактоо айтып, ибадат кылуу. Эгер Аллах тарабынан болсо, пенденин кылган соопторун текке кетирбей, сыйлык берүү."]