["Аллах (ар кандай) жаман сөздүн ашкере айтылуусун сүйбөйт. Бир гана залым көргөн адамдар үчүн (заалымды каргап, тескери дуба кылуулары) мүмкүн. Аллах Угуучу, Билүүчү.","Эгер жакшылыкты (ал сөзбү, ишпи, ичкиби, сырткыбы, парзбы, же башкабы) ашкере же жашыруун кылсаңар же жамандыкты кечирсеңер, (билип алгыла) Аллах дагы Кечиримдүү, Кудуреттүү.","Аллахка жана анын пайгамбарларына каапыр болгондор, Аллах менен пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап, “Кээ бирөөнө ишенип, кээ бирөөсүнө ишенбейбиз” дегендер жана эки анжы жолду карманууну каалагандар…","ошолор гана чыныгы каапырлар. Жана Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз.","Аллахка жана Анын (бардык) пайгамбарларына ыйман келтирген жана алардан эч биринин арасын ажыратпаган адамдарга Биз жакында (тиешелүү) соопторун беребиз. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.","(О, Мухаммад!) Китеп ээлери (яхудилер) сенден аларга Китепти (Куранды) асмандан (толук бойдон) түшүрүп берүүңдү сурашат. Алар Мусадан мындан да чоңураак нерсени сурап: “Бизге Аллахты анык көргөзөсүң” дешкен. Кийин, (ушул) залымдыктары себептүү аларды чагылган урган. Андан соң алар, өздөрүнө анык далилдер келсе да, музоону кудай кылып алышты. Биз муну кечирдик. Жана Мусага анык далилдерди (мыйзамдарды) бердик.","Биз алардын ант-убадасын алуу үчүн баштарына Тур тоосун көтөрдүк.[1] Жана аларга: “Бул (шаар) дарбазасынан баш ийип киргиле” дедик. Жана “Алтынчы күндө чектен чыкпагыла” - деп, алардан катуу ант-убада алдык.###[1] Адашкан Кадияния, Ахмадия (Лахория) жамааттары жана алардын Мирзо Гулам Ахмад, Нуруддин, Мухаммад Али сыяктуу жетекчилери Курани Карим аяттарын бурмалап тафсир жазышкан. Ошол тафсирлеринде «Алардын үстүнө Тур тоосун көтөрдүк» деген аятты бурмалашып, «Аллах Тур тоосун көтөргөн эмес, яхудийлер Тур тоосунун этегинде жашаганы үчүн гана Аллах таала ушундай деген» дешет.","Анан, ант-убадаларын бузганы, Аллахтын аяттарын четке какканы, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөнү жана (акыйкатты кабыл алууга чакырылганда) “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” дегени себептүү (Биз аларды азапка жолуктурдук). Жок, андай (жүрөктөрү кулпуланган) эмес, тескерисинче, өздөрүнүн каапырлыгы себептүү жүрөктөрүнө Аллах мөөр койгон. Демек, азынан башкалары ыйман келтиришпейт.","Жана да каапырлыктары: (абийирдүү) Мариям (кыз)га (“сойкусуң”деп) чоң жалаа жаап сүйлөгөнү үчүн.","Жана Аллахтын пайгамбары Иса – Масих бин Мариямды “Биз өлтүргөнбүз” - деген сөздөрү себептүү, (Биз аларды азап-каргышка жолуктурганбыз). Алар аны (Исаны) өлтүргөн да эмес, аскан да эмес. Бирок, алар үчүн (башка бирөө) ага окшотуп коюлган. Ал жөнүндө талашып-тартышкандар ал (анын өлүмү) жөнүндө шек-күмөндө болушат. Аларда божомолдоодон башка эч бир илим жок. Чынында, алар аны анык өлтүргөн эмес.","Тескерисинче, аны Аллах Өзүнө көтөрүп алган. Аллах Кудуреттүү, Даанышман.","Китеп ээлеринин бардыгы (яхудийлери да христиандары да) ага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет. Жана Кыямат Күндө болсо, ал (Иса) алардын (өзү жөнүндө жалган ишенимде болгондордун) зыянына күбөлүк берет.[1]###[1] Бул аятка эки түрлүү тафсир айтылат: 1. Китеп ээлеринин бардыгы өздөрүнүн өлүмүнө бир аз калып, жан алкымына келгенде Исага “Албетте, Иса Аллахтын пендеси (кулу) жана пайгамбары болгон. Кудай да болгон эмес, Кудайдын баласы да болгон эмес” деп, туура ыйман келтиришет. Бирок, анда кеч болуп калат. Жан алкымга келгендеги ыйман эсепке алынбайт. 2. Кыяматка жакын калганда Иса - Аллахтын буйругу менен - жер бетине түшүп, Дажжалды өлтүрөт. Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын динин жер жүзүнө жайылтып, исламдык бийлик орнотот. Ал өз оозу менен өзүнүн Кудай эмес экенин, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын ак пайгамбар экенин) айткандан кийин табигый өлүм менен өлөт. Чындыкты Исанын өз оозунан уккан “Китеп ээлери Исага өлүмүнөн бир аз мурун ыйман келтиришет”. Жер бетинде “Иса Кудай эмес. Аллахтын кулу жана элчиси” деп ыйман келтирбеген бир да яхудий же христиан калбайт.","Биз яхудийлерге, алар заалым болгону, көп адамдарды Аллахтын Жолунан тоскону себептүү (мурда) аларга адал болгон (кээ бир) таза-адал тамактарды арам кылдык.","Жана сүткорлукту – андан кайтарылганына карабай – алганы, ошондой эле, адамдардын мал-мүлкүн арам жолдор менен жегени себептүү (мурда аларга адал болгон кээ бир таза-адал тамактарды арам кылдык). Жана алардын арасынан каапыр болгондоруна жан сыздаткан азапты даярдап койдук.","Бирок, (о, Мухаммад!) китеп ээлеринин арасынан илимде терең болгондору жана сага түшүрүлгөн нерсеге (Куранга), сенден мурун түшүрүлгөн китептерге ишенген момундары, (айрыкча) намазды (толук) окугандары, зекетти бергендери жана Аллахка, Акырет Күнүнө ыйман келтиргендери бар. Ошолорго биз жакында үлкөн сооп-сыйлык беребиз.","Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга аян-кабар түшүргөнүбүз сыяктуу сага да аян-кабар түшүрдүк. Жана Биз Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана андан тараган (пайгамбар) урпактарга, Исага, Аюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга аян-кабар түшүргөнбүз. Ошондой эле, Даудга Забур (китебин) бергенбиз.","Биз сага кээ бир пайгамбарлар жөнүндө мындан мурун икая-баян кылып бердик жана кээ бир пайгамбарлар жөнүндө икая-баян кылып бербедик. Жана Аллах Мусага сүйлөдү.","«(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз). Аллах Кудуреттүү, Даанышман».","«Бирок, (о, Мухаммад!) сага (асмандан) түшүргөн нерсеге Аллах күбөлүк берет. Аны Аллах Өз илими менен түшүргөн. Дагы (сага түшүрүлгөн нерсеге) периштелер да күбөлүк берип жатышат. Аллах жетиштүү Күбө!»","Албетте, каапыр болгон жана адамдарды Аллахтын жолунан тоскондор эң катуу адашкан кишилер.[1]###[1] Алардын эң катуу адашканынын себеби, алар эки күнөөнүн башын кошкон күнөөлүүлөр: 1) Өздөрүнүн каапырчылыгы. 2) Башкаларды акыйкаттан тоскондугу.","Каапыр болгон, зулум кылган адамдардын күнөөлөрүн Аллах кечирбейт жана аларды туура жолго да баштабайт.","Баштаса да, анда түбөлүк калып кете турган тозоктун жолуна баштайт. Бул Аллахка жеңил.","О, адамдар! Пайгамбар силерге акыйкатты Раббиңерден алып келди, эми ага ыйман келтиргиле – өзүңөргө жакшы болот. Эгер каапыр болсоңор, (мындан Аллахка эч кандай зыян жок. Анткени,) асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Аллах – Билүүчү, Даанышман.","О, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөгүлө. Албетте, Марямдын уулу Иса-Масих, Аллахтын Марям(кыз)га таштаган (сүйлөгөн) Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху.[1] Эми, Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана (Аллах) үчөө дебегиле.[2] (Бул ишенимден) токтогула – өзүңөргө жакшы болот. Албетте, Аллах, баласы (жана шериги) бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллах жетиштүү.###[1] Аллах таала Марям кызга Жебирейил периштени жиберген жана ал анын жакасынан үйлөгөн (дем урган). Ошол дем Аллахтын \"бол!\" деген сөзүнөн улам, Марямдын жатынында жандуу түйүлдүккө айланган. Ал эми, дүйнөдөгү бардык адамдардын жаны, Исаныкы да Аллах тарабынан берилген Рух болуп саналат. Демек, бул окуяда Исаны кудай кылып алууга негиз боло турган эч кандай негиз же себеп жок.\t[2] Христиандардан бир жамаат “Кудай үчөө: Аллах, Иса жана Ыйык рух” дешсе, дагы башка бир жамааты: “Кудай - бул Аллах, Иса жана Марямдан турган үчилтик” деп ишенишет.","Аллахка кул болуудан Иса дагы, (ал гана эмес) Аллахка жакын периштелер дагы эч качан арданышпайт. Кимде-ким Аллахка кулчулук (ибадат) кылуудан арданса жана текеберленсе, алардын баарын (жазалоо үчүн) Аллах Өзүнө чогултат.","Ал эми, (Аллахка таза) ыйман келтирип, жакшы иштерди (Аллахтын буйруктарын) аткарган адамдарга Аллах соопторун толуктап берет жана Өзүнүн артыкчылыгынан да кошумча кылат. Эми, (баягы) ардангандар менен текеберленгендерди болсо, жан сыздаткан азапка салат. Алар өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат.","(О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Куранды) түшүрдүк.","Ал эми, Аллахка ыйман келтирип, Ага (гана) жалбарган адамдарды Аллах Өз ырайымы жана артыкчылыгынын астына алып, Өзүнө карай туура жолго багыттайт.","(О, Мухаммад!) Сенден фатва сурашат. Айткын: “Аллах силерге «калала»[1] жөнүндө фатва (өкүм) берет: Эгер бир киши өлсө, анын (өз) баласы жок болсо, бирок эжеси (же карындашы) болсо, ал аялга (агасы) калтырган мурас мүлктүн жарымы тиет. Ал эми, эгер эжесинин (же карындашынын) балдары болбосо, (жана ал агасынан мурун өлсө) анда агасы (бардык мүлкүнө) мураскор болуп калат. Эгер эжеси экөө болсо, ал (жалгыз киши) калтырган мурастан (экөөнө) үчтөн экиси тиет. Эгер (мураскорлор) эркек-аял бир туугандары болсо, бир эркек үчүн экиден аялдын үлүшү тиет. Силерди адашып кетпесин деп Аллах Өзүнүн өкүмдөрүн баян кылат. Аллах ар нерсени Билүүчү.###[1] Калала – бала-чакасы да, ата-энеси да жок жалгыз киши.","О, ыйман келтиргендер! Убадаңарды аткаргыла! Силерге (төмөндө) окуп берилгенден башка бардык жандыктар адал кылынды. (Силерге) Ихрамда[1] турган абалыңарда аң уулоо адал эмес. Аллах Өзү каалагандай өкүм кылат.###[1] “Ихрам” деп, ушул аталыштагы атайын даярдалган матаага оронуп, Кааба зыяратын (ажы же умра) ниет кылып чыккан адамдын абалына айтылат. Ал киши качан ниет кылган ибадаттарын аткарып бүтмөйүнчө “ихрамда” болот жана ал кишиге кээ бир белгилүү нерселер менен бирге аң уулоого да уруксат берилбейт.","О, ыйман келтиргендер! Аллах арам кылган нерселерди, “шахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллахка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып туруусу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду[1] (үзүүнү) жана Раббисинин артыкчылык, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, ихрамдан чыккан соң аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүүңөр, аларды Масжид - Ал-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!###[1] Пайгамбарыбыз ажылык мезгилинде курмандык үчүн айдап бара жаткан төөлөрүнүн мойнуна кээ бир нерселерди мончок кылып асып койгон. Бул алардын башка жаныбарлардан айырмаланып туруусу жана урматталуусу үчүн ишаарат-белги эле. Демек, курмандык жандыктын мойнуна мончок тагуу - сүннөт.","Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздаганда бүркүп чыккан) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып[1] өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес.[2] Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам»[3] менен төлгө салууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллах арам кылганды жасооңор) – бузукулук. Мына бүгүн (Мекке силердин колуңарга өткөндөн кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жегенге мажбур болсо, Аллах Кечиримдүү, Ыйрамдуу.###[1] \"Тытып\" деген сөз жырткыч куштарга тиешелүү.\t[2] Өлүмтүктөрдүн арасынан чегиртке менен балыктын тарпы арам эмес. Мууздаганда адал болуунун шарты, мусулман адам \"бисмиллахи Аллоху Акбар\" деп мууздашы керек. Жогоруда айтылгандай кырсыктарга кабылган айбандардын жаны чыга электе мууздалышы керек.\t[3] Исламдан мурунку (жахилия) доорунда, мушрик арабдар бир ишке киришээрден мурда, экиленип калчу болсо, \"азлам\" деп аталган пал ачуу өнөрлөрүнөн пайдаланышчу. \"Азлам\" - бул бирине \"жасайсың\", экинчисине \"жасабайсың\", деп жазылып, үчүнчүсүндө жазуусу жок болгон үч таякча. Ал таякчалар бир торбонун ичине салынган болуп, жанагы киши аларды аралаштырып, бирөөсүн тандаган. Эгер \"жасайсың\" чыкса, жасаган. \"Жасабайсың\" чыкса - кайткан. Ал эми жазуусу жогу чыкса кайра салып, эки жазуу барынын бирөөсү чыкмайынча аралаштыра берген. Бул аят пал ачуунун бардык түрлөрүнүн арам экенине далил болот.","Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллах силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агытып жатканыңарда Аллахтын ысымын эстегиле. Аллахтан корккула! Аллах тез Эсептешүүчү![1]###[1] Эгер үйрөтүлгөн ит илбээсинди басып жата берип, муунтуп өлтүрсө, ал жогоруда саналган арамдардан бири - муунуп өлгөндүн эсебинде болуп калат. Үйрөтүлгөн ит же куш кармаган олжосунан өзү жей турган болсо, аятта адал болушу үчүн шарт кылынгандай “силер үчүн кармап келген” болбой, өзү үчүн кармаган болот. Ошондой эле, ит же кушту агыткандан соң, артынан жетип барганга чейин илбээсин өлүп калган болсо, анда да, аны ит (же куш) өлтүрдүбү же башка себептен өлдүбү деген күмөн болуп калганы себептүү жегенге болбойт. Адал болушу үчүн ал аңчынын көз алдында өлүшү шарт.","Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-аруу аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зына кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,[1] анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот.###[1] “Ыйманга каапыр болуунун” мааниси, “ыймандын алты шартынын бардыгына же бирөө жарымына ынабай койсо” дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, аялзат эгер китеп ээси (яхудий же христиан) болсо да “Иса - Кудай, Мухаммад пайгамбар эмес” десе каапыр болуп эсептелет жана андай ишенимдеги аялга үйлөнүп болбойт.","О, ыйман келтиргендер! Эгер намаз окумакчы болсоңор бетиңерди, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла (колду суулап, башка сүрткүлө) жана бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жунуб (булганган) болсоңор - жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо, ажатканадан келсеңер, же аялыңарды сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллах силерге кыйынчылык жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болууңар үчүн силерге жакшылыктарын толук берүүнү каалайт.","Аллахтын силерге берген жакшылыктарын жана “уктук, моюн сундук” деген мезгилиңердеги Аны менен убадалашкан убадаңарды эстегиле.[1] Аллахтан корккула! Албетте, Аллах жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү.###[1] Ар бир момундун “ла илаха иллаллах, Мухаммадун расулуллах” деп ыйман келтиргенинин мааниси “Оо, Аллах! Биз сенин бардык өкүмүңдү (Курандан) уктук жана аны аткарууга даярбыз” деп убада берүү болуп эсептелинет.","О, ыйман келтиргендер! Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз туруп, адилет күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлабасын! Адилетик кылгыла! Ал такыбалыкка жакын. Аллахтан корккула! Албетте, Аллах силердин ишиңерден Кабардар.[1]###[1] Ислам адилет маселесинде тууган-урук, тааныш-билиш, мусулман-каапыр деп ажыратпайт. Күбөлүккө өтүүчү мусулман эгер чындык душман же каапыр тарапта болсо да Аллах үчүн туура күбөлүк берет. Себеби ал Аллах бардык иштерден кабардар экенине ыйман келтирген.","Ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандарга Аллах кечирим жана чоң сооп-сыйлык болорун убада кылды.","Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар тозоктун элдери.","О, момундар! Аллахтын силерге берген жакшылыгын эстегиле: бир мезгилде, (силерге душман) коом кол салганда, Аллах алардын колун силерден тыйган эле. Аллахтан корккула жана ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!","Аллах Исраил урпактарынан бекем ант-убада алды. Жана Биз алардын он эки башчысын (ант менен мойнуна алган парздарды аткаруусун көзөмөлдөөгө) жибердик. Аллах айтты: “Мен силер менен биргемин. Эгер силер намазды толук аткарып, зекетти берип, Менин пайгамбарларыма ыйман келтирип, аларды урматтасаңар жана Аллахка жакшы карыз (садага) берсеңер, анда Мен силердин күнөөңөрдү өчүрүп, астынан дарыялар агып турган бейиштерге киргиземин. Ал эми силерден кимде-ким ушундан (ант-убада бергенден) кийин деле, каапыр болуп кетсе, ал (билип туруп) түз жолдон адашыптыр.","Ант-убадаларын аткарбагандары үчүн (кийин) Биз аларга каргыш жаадырдык, жүрөктөрүн катырып салдык. Алар (Ыйык Китептеги) сөздү өз ордунан (башка маанидеги сөзгө) алмаштырып жиберишти. Жана алар өздөрүнө эскертилген нерседен (Тоораттан) бир (нече) эсесин унутушту. Жана сен (о, Мухаммад), алардын бардыгын кыянаттын үстүндө табасың. Бир аз гана бөлүгү андай эмес. Сен алардын(н каталарын) кечирип кой. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт.","“Биз – насаараларбыз”[1] деген адамдардан да ант-убада алган элек. Алар дагы өздөрүнө эскертилген нерседен (Инжилден) бир бөлүгүн унутуп коюшту.[2] Натыйжада Биз алардын араларына тээ Кыяматка чейин (өз ара) душмандык жана жек көрүү салып койдук. Жакында Аллах аларга жасаган кылмыштарынын кабарын берет (жана ошого жараша азапка дуушар кылат.)###[1] Иса пайгамбар Насирия (Назарет) шаарында туулгандыгы себептүү христиандар өздөрүн «Насаара» (орусча булактарда «назаретянин») деп аташат. [2] Христиандар Инжилди унуткан себептүү өтө көп, бири-бирине душман жамааттарга бөлүнүп кетишти. Ал жамааттар тарых бою тынбай өз ара урушуп-сүрүшүп, тирешип-согушуп келүүдө. Аллах Тааланын күбөлүгү боюнча бул тирешүүлөр Кыяматка чейин токтобойт. Ушунун баары Аллахтын пайгамбарына түз-туура ээрчибей, өздөрүнө жиберилген Китеп аяттарын бурмалагандарынын, билип туруп “унутуп койгондорунун” жазасы.","О, китеп берилгендер! Мына, Биздин пайгамбарыбыз (Мухаммад) силер Китептен (Тоорат менен Инжилден) жашырып койгон көп нерселерди силерге баян кылып жана (башка) көп нерселерди(н сырын) ачпай, жөн койгон абалда келди. Силерге Аллахтан Нур (Мухаммад) жана анык Китеп (Куран) келди.","«Аллах ал (Китеп) менен, Өзүнүн ыраазылыгына ээрчиген адамдарды (азаптан) кутултуучу жолдоруна баштайт. Жана аларды Өз каалоо-уруксаты менен, (каапырлыктын) караңгылыгынан (Исламдын) Нуруна чыгарып, туура жолго баштайт».","“Аллах – бул Марямдын уулу Иса”- деген адамдар каапыр болушту. Айтчы: эгер Аллах Марямдын уулу Исаны, анын апасын жана жер жүзүндөгү бардык адамдарды жок кылууну кааласа, Аллах тарабынан (келген бул балээнин) бир гана нерсесин кайтарууга кимдин кудурети жетмек?! Асмандар жана Жердин жана экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышалыгы (жалгыз) Аллахка таандык. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.","Яхудилер менен христиандар: “Биз Аллахтын балдары жана сүйүктүүлөрү болобуз” - дешти. Айткын: “Анда эмне үчүн Аллах силерди күнөөңөр үчүн азаптайт?” Жок, силер деле Аллах жараткан (жөнөкөй эле) инсансыңар. Ал Өзү каалаган пендесинин (күнөөлөрүн) кечирет жана каалаганын азапка дуушар кылат. Асмандар, Жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин мүлкү Аллахка таандык. Жана Ага гана кайтуу бар.","О, китеп ээлери! Мына, (мурунку) пайгамбарлардан кийин замандар өтүп, (силер пайгамбарга өтө муктаж мезгилде) силерге Биздин пайгамбарыбыз (Мухаммад) келди. (Келүүсүнүн себеби) силер (Кыяматта) “Бизге бейиш кабарчысы да, тозок кабарчысы да келген эмес” деп айта албооңор үчүн. Силерге бейиш-тозоктон кабар берүүчү (пайгамбар) анык келди. (Аны уккула). Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.","Бир кезде Муса коомуна (мындай) деди: “О, коомум! Аллахтын силерге берген жакшылыктарын эстегиле! Бир кездерде Аллах силердин араңардан пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламда эч кимге бербеген жакшылыктарды берди.","О, коомум! Аллах силерге (кирүүнү) парз кылган (мына бул) Ыйык Жерге киргиле жана (коркоктук кылып) артыңарга кайтпагыла, зыян тартуучулардан болуп каласыңар».","Алар айтышты: “Оо, Муса”, анда күчтүү, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз”.","(Ошондо) Аллахтан корккон, Аллах аларга (сабырдуулукту, эр жүрөктүүлүктү) белек кылып берген эки адам айтты: “Алардын үстүнө эшиктен кирип баргыла. Кирип эле алсаңар, силер жеңүүчү болосуңар эгер момун болсоңор, Аллахка гана тобокел кылгыла”.","Айтышты: «О, Муса, алар (күчтүү адамдар) шаар ичинде турса, биз эч качан кирбейбиз! Бара бер, өзүң, Раббиң экөөң согуша бергиле! Биз ушул жерде отурабыз!»","(Муса) айтты: «О, Раббим! Мен өзүм менен бир тууганым (Харун)дан башка эч кимге ээ боло албай калыптырмын! Эми, биз менен бул бузулган коомдун арасын ажыратып, (аларды күнөөсүнө жараша) жазала!»","Аллах (пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, мындай) деди: «Эми, аларга (бул шаарга кирүү) арам! Алар жер жүзүндө кырк жыл адашып-тентип жүрүшөт! Сен бул бузулган коом үчүн кыжалат болбо!»","Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Аллахты ыраазы кылуу үчүн, кол астындагы нерселеринен) курмандык кылып, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал (курмандыгы кабыл болбогон бала) айтты: “Мен сени өлтүрөмүн!”.[1] (Экинчиси) айтты: «Аллах такыба кишилердин гана курмандыгын кабыл алат.###[1] Аллах таала, кимдин курмандыгы кабыл болсо, аны асмандан түшкөн бир от күйдүрүп жиберишин билдирген. Аллака эң начар нерсесин курмандыкка атаганынын курмандыгы калып калганда, айыпты өзүнөн көрбөй, бир тууганына ичи тарлык кылып, аны өлтүрүп койгон.","Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбаймын. Мен Ааламдардын Раббисинен коркомун.","Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кайтып, (Акыретте) тозок “ээлеринен” болуп калышыңды мен каалаймын. Залымдардын жазасы - ушул!»","Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды.[1]###[1] “Ким бир жаман жорук баштаса, ошол иштин жана Кыяматка чейин анын жаман ишин кайталаган бардык адамдардын күнөөсүн мойнуна алат” деген шарият мыйзамы боюнча ал түгөнгүс күнөө жүгүнүн астында калды! Күнөөлүү бала кылгылыкты кылып коюп, өлүктү эмне кылаарын билбей, көп убакытты бушайманда өткөрдү.","Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Залым баланын көз алдында эки карга тытышып, бири өлүп калат. Өлтүргөн карга дароо тырмагы менен жер чукуп, шеригин көмөт. Ошондо) ал: «Оо, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргачалык көмө албадымбы?” - деп кайгыруучулардан болду.","Ушул (окуя) себептүү, Биз Исраил урпактарына (төмөнкүдөй өкүмдү) парз кылдык: «Кимде-ким (шарият буйруган) өчү болбогон же болбосо, жер бетинде бузукулук кылбаган (бейкүнөө) жанды өлтүрсө, дүйнөдөгү бардык адамдарды өлтүргөн сыяктуу (күнөөлүү) болот. Ал эми, кимде-ким бир жанга (аны өлтүрбөй коюу менен) жашоо берсе, бардык адамдарга жашоо берген сыяктуу (соопко ээ) болот. Аларга (Исраил урпактарына) Биздин пайгамбарларыбыз (эч ким каяша айта албай турган) далилдерди алып келди. Мына ушундан кийин деле, алардын көпчүлүгү жер жүзүндө аша чаап, чектен чыгып жатышат.","Аллахка жана пайгамбарына каршы согушуп, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы – өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүү же болбосо, (мекен туткан) жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде (болуусу үчүн) жана Акыретте аларга чоң азап бар.[1]###[1] Ибн Аббас - Аллах андан ыразы болсун - бул аяттын тафсиринде мындай деген: “Бул - каракчылардын жазасы. Эгер алар кишилердин малын карактоо менен бирге, өздөрүн өлтүрүшсө, башкаларга ачуу сабак болсун үчүн аларды өлтүрүүгө же асып өлтүрүүгө өкүм кылынат. Эгер алар адамдарды өлтүрүп, мал-мүлкүн калтырышкан болсо, (жеңилирээк) өлтүрүүгө өкүм кылынат. Эгерде, мал-мүлктү тоноп, адамдарга катылбаган болсо, бүт-колдору каршы-терши кылып кесилет: оң кол, сол буту жана сол кол, оң буту. Ал эми, адамдарды өлтүрбөй, мүлкүнө да тийбей, бирок баскын жасап, коркутуп-үркүтүп кетсе, аны жеринен сүргүн кылынат. Бул аят мусулмандардын башчыларынын мойнуна букараларга бейпил турмушту, коркунучсуз сапарды камсыз кылуу милдетин тагат.","Ал эми, колго түшкөнгө чейин, өздөрү тообо кылып келишсе, билип койгула, Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.[1]###[1] Демек, колго түшпөй туруп, кылган күнөөсүн мойнуна алып, тартип коргоочуларга багынып берсе, ага жаза берилбейт. Бирок, аргасыз калганда багынса-бул эсеп эмес. Ошондой эле, эгер каракчы каапыр болуп, колго түшкөн соң, Исламды кабыл алса, ал жазага тартылбайт.","О, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула, Ага жакын болуунун жолун издегиле жана Анын жолунда жихад кылгыла. (Ошондо гана) силер жеңишке жетүүңөр мүмкүн.","Каапыр адамдар, жер жүзүндө болгон мүлктүн баары, дагы ошончо кошумчасы менен алардын менчиги болуп, анан ошол мүлктөрүн Кыямат Күндүн азабынан кутулуу үчүн беришсе да, алардан кабыл алынбайт. Алар үчүн жан сыздаткан азап бар.","Алар (дүйнө-мүлк берип) тозоктон чыгууну каалашат. Бирок, андан чыга алышпайт, аларга түбөлүк азап бар.","Уурулук кылган эркек жана аялды кылмышына жараша Аллах тарабынан (белгиленген) азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Аллах - Жеңүүчү, Даанышман.[1]###[1] Араб тилинде уурулук “сарика” деп аталат. Бул сөздүн мааниси “коргоого алынган мүлктүн белгилүү бөлүгүн билдирбей алуу”. Демек, коргоого алынбаган мүлктөн алуу Ислам шариятында катуу жаза берилчү уурулук болуп эсептелбейт. Уурулук кылган адам, эркекпи, аялбы, эгер балакат (эрезе) жашына жеткен, акыл-эси ордунда болсо, оң колу билегинен кесип таштоо менен жазаланат. Бирок, төмөндөгүчө шарттарда кол кесилбейт. (Андан башка жеңилирээк жаза колдонулат): 1. Мал-мүлк коргоого алынбаган болсо. 2. Баасы бир динардын төрттөн бир бөлүгүнчө же болбосо он дирхам-тенгеден төмөн болсо. 3. Кадыры жок, арзыбаган буюм болсо. Эгер бир жолу уурулук кылып, сазайын алган адам, эгер адатын дагы кайталаса, сол буту кесилет. Дагы (үчүнчү ирет) кайталаса, ага эки түрдүү жазанын бири колдонулат. Же оң буту анан сол колу кесилет. Же болбосо, өмүр бою (өлгөнгө чейин) түрмөгө өкүм кылынат. Мына ушундай өкүмдөрдү парыз кылган Аллах Тааланын Даанышмандыгын даңктап, даңазаланга арзыйт.","Ал эми, ким залымдыгынан (уурулугунан) кийин тообо кылып, (өзүн) оңдосо, Аллах анын тообосун кабыл кылат. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.","(О, Мухаммад!) Сен асмандар жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү экенин, Аллах каалаганын азаптап, каалаганына кечирим берерин билбедиңби?! Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.","О, пайгамбар! Ооздору менен “ыйман келтирдик” деп, жүрөктөрү ыйман келтирбеген эки жүздүүлөрдүн жана яхудилердин каапырлыгы тарапка чуркап бараткандар сени кайгыга салбасын. Алар жалганды жана (бүт иш-аракети жалганга негизделген) башка коомду (яхудилердин диний башчыларын) угушат. Алар (дин башчылар) болсо, сенин алдыңа келбейт, (элдерди адаштыруу үчүн Тоораттагы) сөздөрдү ордунан башкасына алмаштырышат. (Жана өздөрүнө кеңеш сурап келгендерге) “Эгер (силерге Мухаммад тарабынан каалооңорго ылайык келген) мына бул өкүм берилсе - алгыла. Ал эми, андай өкүм берилбесе - албагыла” дешет. Аллах кимдин бузулуусун кааласа, сен анын пайдасына Аллах тарабынан эч нерсеге ээ эмессиң. Алар – Аллах жүрөктөрүн тазалоону каалабаган адамдар. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик жана Акыретте чоң азап бар.","Алар жалганга кулак салуучулар, арамды жечүлөр. Эгер алар сага (өкүм сурап) келсе, кааласаң - өкүм кыл, кааласаң - жүз бур. Жүз бурсаң деле, сага эч кандай зыян тийгизе алышпайт. Эгер өкүм кылчу болсоң, алардын арасында (ким болуусуна карабай) адилеттик менен өкүм кыл. Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт.","Алар эмне үчүн сенден өкүм сурап жатышат?! Аларда Тоорат бар го! Анда Аллахтын өкүмдөрү бар эле го?![1] Кийин... ушундан кийин деле, тескери карап (өкүмдү аткарбай) кетишет. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес!###[1] Алар өз каалоолоруна ылайык келбегени себептүү Тоорат өкүмдөрүнө кулак салбай, \"биздин каалообузга ылайык өкүм айтып берээр бекен\" деген үмүт менен Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын алдына келишүүдө. Пайгамбарыбыз аларга Аллахтын өкүмүн кандай болсо, ошондой айтып берген.","Биз (Муса пайгамбарга) ичинде Нур жана туура жол болгон Тооратты түшүрдүк. Аны менен яхудилерге, Аллахка моюн сунган пайгамбарлар, раббанийлер (элдерди Шарият боюнча тарбиялагандар) жана чоң аалымдар өкүм кылышты. Себеби, Аллахтын китеби аларга аманат коюлган жана алар ал Китепке күбө болуучулар эле. (О, дин жетекчилери!) Адамдардан коркпогула! Менден гана корккула! Менин аяттарымды арзан баага сатып жибербегиле! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар анык каапырлар!","Биз аларга (яхудилерге) анда (Тооратта): “Жанга-жан, көзгө-көз, мурунга-мурун, кулакка-кулак, тишке-тиш жана (башка) жарааттарга өч (алынат)” деп жазып койдук.[1] Ал эми, кимде-ким өчүн (албай) кечирип жиберсе, бул (жакшылыгы) ал (кылмышкер) үчүн толук актоо болот. Жана кимде-ким Аллах түшүргөн (ушул) нерселер менен өкүм кылбаса, ошолор гана анык залымдар.[2]###[1] Курани Карим бул өкүмдөрдү жокко чыгарбады. Ошондуктан, Исламда да ушул сыяктуу өч алынат. Өч алуу кандай зыян тарткан болсо дал ошондой зыян менен жооп берүү менен аткарылат.\t[2] Ибн Аббас “залымдар” деген сөздү, “зулумдун үстүнө зулум, каапырчылыктын үстүнө каапырчылык кылгандар, башкача айтканда “ашынган каапырлар” деп тафсир кылган.","Биз алардын (өткөн пайгамбарлардын) изи менен, өзүнөн алдыңкы нерсени (Тооратты) тастыктаган Марямдын уулу Исаны жиберип, ага, ичинде Нуру, Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу, такыба кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик.","Эми, Инжил эли анын ичиндеги Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм кылышсын! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор анык бузукулар!","«(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н баардык артыкчылыктарын) ичине камтыган китепти Акыйкаттык менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллах түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин баарыңар үчүн өз алдынча шарият жана жол-жөрөлгөлөрдү кылдык.[1] Эгер Аллах кааласа, баарыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парздарда) силерди сыноо үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен атаандашып жасагыла. Баарыңардын кайтууңар – Аллахка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (ишиңерде) эмнеден өзгөчөлөнгөнүңөрдүн кабарын билдирет».###[1] Ал дин-шарияттар мекен жана замандын өзгөчөлүгүнө жараша бири-биринен айырмаланат. Бирок, бардыгынын өзөгү, максаты жана булагы бир.","Алардын (яхудилердин) арасында Аллах түшүргөн нерсе (Куран, Сүннөт) менен өкүм кыл! Алардын каалоо-кызыкчылыгына ээрчибе! Аллах сага түшүргөн нерселердин кээ бирлеринен сени (өз каалоолоруна) буруп коюууларынан сак бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз бурушса, билгин, Аллах аларга кээ бир айып-күнөөлөрү себептүү кайгы жеткирүүнү каалайт. Адамдардын көбү (шариятка моюн сунбаган) бузукулар.","Алар (сенин өкүмүңө ыраазы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн ким Аллахтан жакшыраак өкүм түзүп бере алат?!","О, ыйман келтиргендер! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал - ошолордон! Албетте, Аллах заалым адамдарды туура жолго баштабайт!","Анан сен (о, Мухаммад), жүрөгүндө (эки жүздүүлүк) оорусу бар адамдардын, алар (яхудилер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллах жеңишти же болбосо, Өзү тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүүлөр) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат.","Жана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарына кыжырданып): “Кайра-кайра Аллахтын атына ант ичип: “Биз силер мененбиз”-дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты.","О, ыйман келтиргендер! Силердин араңардан кимде-ким дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллах аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган,[1] ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллахтын жолунда (мал-жанын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын ушактарынан коркпогон бир коомду алып келет. Бул – Аллахтын артыкчылыгы, аны каалаган пенделерине берет. Аллах (жакшылык кылууда) Кенен жана Билүүчү.###[1] Аллах тааланы сүйүүнүн бир белгиси пайгамбарга моюн сунуу. Жогоруда өткөн бир аятта Аллах таала пайгамбарына: “Айткын (Эй, Мухаммад!) эгер Аллахты сүйсөңөр, мага ээрчигиле, (ошондо гана) Аллах силерди сүйөт” - деген болчу. Аллахты сүйгөндүктүн дагы бир белгиси, пендени Аллахка жакын кыла турган парыз, напил ибадаттарды көп аткаруу. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдан риваят кылынган жана сахих болгон Кудсий хадисте Аллах таала айтат: “Ар качан Менин пендем Мага Мен сүйгөн парыздардан бирин аткаруу менен жана напил ибадаттарды кылуу менен Мага жакын болууну кааласа, Мен аны сүйүп каламын. Эгер аны сүйүп калчу болсом, Мен анын угаар кулагы, көрөөр көзү, кубаттуу колу, жүргөн буту боломун. Кийин ал Менден эмнени сураса - беремин жана Менден коргоо тилесе аны Өз коргоомо аламын”.","(О, момундар!) Силердин досуңар - Аллах, Анын пайгамбары жана ыйман келтирген адамдар. Алар моюн сунуп, намазды толук аткарышат жана зекетти беришет.","Жана ким Аллахты, анын пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллахтын жамааты болуп саналат) Албетте, Аллахтын жамааты гана жеңиүүчү!","О, ыймандуулар! Силердин диниңерди шылдың кылган каапырларды жана силерден мурда Китеп берилгендерди дос тутпагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, Аллахтан корккула![1]###[1] Аллах таала бул аятта Ислам шариятынын үстүнөн күлгөнүнө, анын ибадаттарын мыскылдаганына карабай, каапырлар менен дос болуп, мусулмандардын сырларын ачып, алардын Исламга каршы иш-чараларына жардам берген адамдарды Өзүнүн азабы менен коркутууда.","Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да шылдың кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү.","Айткын: “О, китеп берилгендер! Бизди болгону, Аллахка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби?!","Айткын: “Силерге Аллахтын алдында мындан да жаман жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллах каргагандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана тагутка (Аллахтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана туура жолдон катуу адашкандар!","Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, чынында, алар (силерге) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллах алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү.","Сен алардан (яхудилерден) көпчүлүгүн күнөөгө, залымдыкка жана арамды жегенге биринен бири өтүп чуркаганын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман!","Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арамды жегенден кайтарышпайбы?! Алардын иштери кандай жаман!","Яхудилер “Аллахтын колу байлануу” (бакыл, сараң) дешти. Өздөрүнүн колдору байланып калсын! Алар сүйлөгөн сөздөрү себептүү каргышка калышты. Андай эмес, Анын эки колу тең ачык жана Өзү каалагандай жакшылык кылат. (О, Мухаммад!) Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Куран, ага ишенбегени үчүн) алардын көбүнүн күнөөлөрүн жана каапырлыгын көбөйтөт. Биз алардын арасына тээ Кыямат күнүнө чейин душмандык жана жек көрүүнү салып койдук. Качан (мусулмандарга каршы) согуш отун тутандырышса, аны Аллах өчүрүп турат. Алар жер бетинде бузукулук таратып (кезип) жүрүшөт. Аллах бузукуларды сүйбөйт.","Эгер китеп берилгендер (Аллахка, периштелерине, бардык китептерине, бардык пайгамбарларына, акыретке жана тагдырга) ыйман келтирип, такыба болушса, Биз алардын (өткөндөгү) күнөөлөрүн кечирип, сөзсүз “Наим” (деп аталган) бейиштерге киргизебиз.","Эгер алар Тоораттын, Инжилдин жана Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерселердин өкүмдөрүн толук аткарганда, үстүлөрүнөн (асмандан) жана астыларынан (жерден) ырыскыларды (мол) жешет болчу.[1] Алардын арасында (Тоорат, Инжил өкүмдөрүнө) ылайык жашагандары да бар. Бирок, көпчүлүгү өтө жаман иштерди жасашат!###[1] Бул аяттын маанисин тастыктаган дагы бир аятта Аллах таала айтат: “Эгер шаар элдери ыймандуу, такыбаалуу болушса, Биз аларга асмандан жана жерден береке эшиктерин ачып койобуз”.","«О, пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллахтын элчилигин жеткирбеген болосуң! Сени адамдардан Аллахтын Өзү сактайт. Аллах каапыр коомду туура жолго баштабайт».","«Айткын: “Эй, китеп берилгендер! Силер качан Тооратка, Инжилге жана силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн (бардык) өкүмдөргө толук моюн сунмайынча эч бир динде эмессиңер. (О, Мухаммад!) Сага Раббиңден түшүрүлгөн нерсе (Куран) алардын көпчүлүгүнүн күнөө-каапырлыгын көбөйтүүсү шексиз. Сен каапыр коомдорго капа болбо».","Акыйкатта, ыйман келтиргендер, яхудилер, бутка сыйынбагандар[1] жана христиандардын арасынан кимиси (Жалгыз) Аллахка жана Акырет күнүнө ишенип, жакшы амалдарды жасаса, Раббисинин алдында аларга арналган сооп-сыйлыктары даяр! Акыретте алар үчүн коркунуч (тозок) жок жана алар кайгы-капага батышпайт.###[1] Алар пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын доорунда эч бир жасалма динге ээрчибей, буттарга сыйынбай таза табияттары менен жашаган адамдар.","Биз Исраил урпактарынан ант-убадасын алып, пайгамбарларды жибердик. Качан аларга бир пайгамбар напсилери каалабаган өкүмдү алып келсе, кээ бирөөлөрүн “жалганчы” деп, кээ бирөөлөрүн өлтүрүштү.","Жана “Бизге бүлгүн (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллах алардын тооболорун кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур, дүлөй болуп алышты. Аллах алардын кылмыштарын көрүүчү.","“Аллах – бул Марямдын уулу Иса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Иса-Масих аларга: “О, Исраил урпактары! Менин да, силердин да Раббиңер Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллахка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллах аны бейишке киргизбейт жана анын жайы тозок болот. Өзүнө залым кылуучуларга жардамчы болбойт!","“Аллах – үчөөнүн үчүнчүсү”[1] дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллахтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, аларга окшогон каапырларды жан ооруткан азап кармайт!###[1] Христиандардын дагы бир жамааты “Аллах үчөөнүн (Аллах, Иса, Ыйык Рух) үчүнчүсү”, алардын үчөөндө тең кудайлык касиети бар” - деп ишенишет.","Аллахка тообо кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.","Марямдын уулу Иса болгону, пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (илимдүү, таза, ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн.[1] Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллах жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун.###[1] Бул алардын кудай эмес экенине эң чоң далил. Анткени, Кудай деген эч нерсеге муктаж болбогондой, тамак-ашка да муктаж болбойт. Кээ бир христиан жамааттары Марямды пайгамбар деп да ишенишет. Муну кайдан алышты. Марям болгону бир сиддика – таза, ибадаттуу, такыба кыз эле. Ал эми, Аллах таала: { وَمَا أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ إِلَّا رِجَالًا نُّوحِي إِلَيْهِمْ ْ} «Биз (Оо, Мухаммад), сенден мурда жалаң эркектерден гана пайгамбар жиберип, аларга вахий кылганбыз» деген аятта аял затынан пайгамбар жибербегенин айткан.","Айткын: “(О, христиандар!) Силер Аллахтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы?! Аллах Угуучу, Билүүчү!»","Айткын: “О, китеп берилгендер! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен элдин каалоолоруна ээрчип кетпегиле.","Исраил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Исанын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандары себептүү болду.","(Дагы) алар жасап жаткан күнөө иштерден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман![1]###[1] Арам иштен кайтарбай коюунун төмөндөгүчө кесепеттери тиет: 1. Адамдын динге болгон кайраты өчөт. 2. Арамкор, бузукуларды андан бетер оолуктурат. Жакшылык тарапкерлерин алсыздандырат. 3. Илим (Шарият) азайып, наадандык көбөйөт. 4. Жаман жоругуна эч ким “кой” дебеген соң, билип-билбей жасап жаткандар “бул адаттагы эле иш турбайбы” деп, адал санап калышат. 5. Адеп кайталана берген жаман иш, адатка айланган соң, жакшылык сүрөтүндө көрүнүп калат. Мына ошондуктан, Аллах таала аяттын акырында: “Бул иштери кандай жаман!” - деп эскертип жатат.","Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган - Аллахтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Алар азапта түбөлүк калышат!","Эгер алар Аллахка, пайгамбарга жана пайгамбарга (Аллахтан) түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, каапырларды дос кылып алмак эмес. Бирок, алардын көпчүлүгү (каапырды дос туткан) бузукулар."]