["(О, Мухаммад!) Сен, момундарга адамдардан эң катуу душман болгону - яхудилер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендери, момундарга жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудилер сыяктуу орой эмес) дин аалымдары жана кечилдери бар, Алар текеберленишпейт.","Алар пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени (Куранды) уккан кезде, өздөрүнө тааныш болгон акыйкат(ты укканы) себептүү, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. (Анан алар): “О, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик! Бизди (Аллахтын жалгыздыгына эң туура) күбөлүк берүүчүлөрдүн (мусулмандардын) катарына жазып кой! - дешет.","Бизге эмне болгон, Аллахка (туура) ыйман келтирбей жана бизге келген акыйкатка ишенбей туруп эле, Раббибиз бизди жакшы коомдор (мусулмандар) менен бирге бейишке киргизүүсүн үмүт кылып жүрүптүрбүз?!” - дешет.","Аллах аларды, (чын жүрөктөн) айткан сөздөрү (ыймандары) себептүү, астынан дарыялар аккан бейиштер менен сыйлады. Алар анда түбөлүк калышат. Бул - жакшы иштерди кылуучу адамдардын сыйлыгы!","Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар - тозок ээлери!","О, ыйман келтиргендер! Аллах силерге адал кылган таза нерселерди арам кылып албагыла! Жана чектен чыкпагыла! Чынында, Аллах чектен чыккандарды жакшы көрбөйт![1]###[1] Кээ бир адамдар, кандайдыр себептер менен “Мен эгер паландай ишти аткара албай калсам...” деп ант ичип, өзүнө-өзү кээ бир адал тамак-ашты, же болбосо, аялын арам кылат. Мисалы, “Ошол ишти бүтмөйүнчө аялыма жакындашпайм” деген сыяктуу. Аллах бул аятта ушул аша чапкан чек бузуудан мусулмандарды эскертүүдө.","Аллах силерге ырыс кылып берген адал-таза нерселерди (өзүңөргө арам кылып албай) жей бергиле. Өзүңөр ыйман келтирген Аллахтан корккула!","Аллах силерди кем чонтойлук кылып (ойлонбой) берген антыңар үчүн азаптабайт. А, бирок, жүрөгүңөргө бекем түйгөн антыңар үчүн (эгер аткарбасаңар) азаптайт. Эми анын (ант ичип, аткарбай койгондун) төлөмү - үй-бүлөңөрдү тамактандырган орточо тамак менен он кедейди тойгузуу же кийинтүү же болбосо, бир кулду эркиндикке чыгаруу. Ким муну таппай калса, үч күн орозо кармоо. Ушул - берген жана бузуп койгон антыңардын төлөмү. Бирок, антыңарды сактагыла! Шүгүр кылуучу (пенделерден) болууңар үчүн Аллах силерге аяттарын ушинтип баяндайт.","О, ыймандуу адамдар! Чынында, арак,[1] кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (төлгө ача турган таякчалар) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан сак болгула, (тозоктон) кутулаарсыңар.###[1] Аяттын арабча текстинде «хамр» деп келген сөз аракты гана эмес, бардык мас кылуучу ичимдиктерди түшүндүрөт.","Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллахты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы?!","(О, ыймандуулар) Аллахка, пайгамбарга моюн сунгула. (Экөөнө күнөөкөр болуудан) абайлагыла! Эгер, жүз бурсаңар, билип алгыла: Биздин элчибиздин мойнуна анык жеткирүүдөн башка милдет жүктөлгөн эмес.","Ыйман келтирип, жакшы иштерди кылып жүргөн адамдар үчүн - эгер такыба, ыймандуу, жакшы иш кылган киши болсо - мурун (арактын) даамын татып койгонунда күнөө жок. Кийин (арамдыгы жөнүндө аят түшкөн соң) такыба, ыймандуу болушса, кийин дагы такыба(раак) болуп, жакшы иштерди жасаса, Аллах жакшы иш жасагандарды сүйөт.","О, ыйман келтиргендер! Аллах эч ким көрбөгөн жерде Өзүнөн корккон кишини билүү үчүн силерди колуңар жана найзаңар жете турган бир аз олжо менен сынайт.[1] Ушундан соң ким чектен чыкса, ага жан ооруткан азап бар.###[1] Аллах ихрамдагы адамдарга “өлтүрбөгүлө” деп буюруп, бирок, эч ким жок жерде олжону жанына келтирип койот. Адамдын ыйманын Аллах ушинтип сынайт. Эл арасында такыба көрүнгөн кээ бир адамдардын чыныгы ыйман-такыбасы ошондо сыналат.","О, ыйман келтиргендер! Ихрамда турганыңарда аңчылык кылбагыла! Кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек катарында тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат.[1] Же болбосо (экинчи жазасы) - жакыр-кедейлерди тамактандыруу[2] же ушуга тең[3] орозо кармап берүү, кылмышынын жазасын тартышы үчүн. Аллах өткөн ишти кечирди. Ал эми, ким (арам ишке) кайтса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу.###[1] Сахабалар - Аллах алардан ыраазы болсун - төмөндөгүчө өкүм кылышкан: көгүчкөнгө - кой, төө куш үчүн уйдан чоңураак жандык, ал эми, зебра сыяктуу жаныбарлар үчүн уй, өгүз, ж.б.у.с жандыктар төлөнөт. Эгер окшошу табылбаса, баасы тең болгонун төлөйт.\t[2] Бул - жандыгы жок, бирок акчасы бар күнөөкөрдүн жазасы. Мында ал өлтүргөн олжосуна теңелген жандыктын баасына тең акчага же тамак-ашка канча мискин-кедейди тойдуруш мүмкүн болсо, ошончосун тойдурат.\t[3] \"Ушуга тең\" дегени ар бир мискин үчүн жарым саа. Жарым саа тамактын теңи - бир күн. Бир саа орточо эсеп менен эки жарым, үч килограммга барабар. Абу Ханифада 1 саа 4 килограммга тең.","Силерге деңиздин олжосу жана (өлүп, жээкке чыгып калган) тамагы (ихрамда болсоңор да) адал кылынды, силерге жана башка мусапырларга пайда болсун үчүн. Бирок, ихрамда турганыңарда, силер үчүн кургактыкта аң уулоо арам. (Кыяматта) Анын алдына чогула турган Аллахтан корккула!","Аллах Каабаны – Байт аль-Харамды, согуш арам кылынган айларды, Аллахка арналган белек-жандыктарды жана (ал жандыктардын мойнуна асып коюлган) мончокторду адамдар үчүн тууралыктын негизи кылып койду. Бул (нерсе) Аллах асмандар жана жердеги нерселерди билерин аңдооңор үчүн. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!","Билип койгула, Аллах – катуу азап берүүчү жана Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү","Пайгамбардын милдети (динди) жеткирүү гана. Ал эми, жашыруун жана ашкере кылган ишиңердин баарын Аллах билет (жана ошого жараша эсептешет).","Айт: «Эгер сени ыпыластыктын көптүгү кызыктырса да, “ыпыластык менен тазалык эч качан тең болбойт. О, акылмандар! Аллахтан корккула, жеңишке жетээрсиңер”.","О, ыйман келтиргендер! Ар нерсени сурай бербегиле. (Жообу) билингенде өзүңөргө оор кылып аласыңар. Эгер алар жөнүндө сурасаңар, Куран түшүп жаткан мезгилде силерге маалым болот. Чынында, Аллах ал нерселерди (унчукпай коюу менен) кечирген болчу. Аллах - Кечиримдүү, Жумшак.","Аларды (пайдасыз суроолорду) силерден мурунку адамдар (көп) сурап, каапырга айланып калышты.[1]###[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айтты: “Мен силерди эмнеден кайтарган болсом, - сактангыла. Эмнеге буюрган болсом, колуңардан келишинче аткаргыла. Силерден мурда өткөн элдер көп (бейчеки) суроолору жана пайгамбарларына каяша кылгандары себептүү өлүм табышкан”.","Аллах “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди”[1] да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапырлар Аллахтын атынан жалган айтышат жана алардан көпчүлүгү акылсыз адамдар.###[1] Исламга чейинки (жахилият) доорунда арабдар ата-бабаларынан келе жаткан ырым боюнча, Аллахтын адал ырыскыларын өздөрүнө арам кылып: “Ушул Аллахтын буйругу” дешчү. Ошол ырым-жырымдарынын бири, алар беш бала тууган төөнү “бахийра” деп атап, кулагын тилип же минбей, же союп жебей өздөрүнө арам кылышчу. Дагы алар карып калган төө, уй же койду “саиба” деп атап, иштетпей, союп да жебей, бош коюп жиберишчү. Ошондой эле, удаама-удаа эки ургаачы бото тууган төөнү “васила” деп, ал эми, он бото төрөткөн эркек төөнү “хамий” деп аташып, этин да, кызматын да арам деп эсептешчү. Бул аятта Аллах, алардын бул жоруктары дин буйругу эмей эле, акылсыз ата-бабалары ойлоп чыгарган ырым-жырымдар экенин баяндаган.","Качан (мушриктерге): “Аллах түшүргөн нерсеге (Куран өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбыздын үрп-адаттарына ээрчийбиз” дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсеге акыл жүгүртпөгөн жана туура жол таппаган адамдар болсо да (ошенте беришеби)?!","О, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөргө бекем болгула! Эгер туура жолго түшсөңөр, адашкандар силерге зыян тийгизе албайт. Баарыңардын кайтууңар - Аллахка. (Ошондо, Аллах) Силерге бардык ишиңердин кабарын берет.","О, ыймандуулар! Силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип, осуят убактысы болгондо, өзүңөрдөн эки адыл адам араңардагы (осуятыңарга) күбө болсун! Же болбосо, (эгер мусулман адам табылбай калса) силерден башкалардан (яхуди же христиандардан) экөөсү (күбө) болсун, эгерде (башка) жерде сапарда болсоңор жана силерге өлүм кайгысы жетчү болсо. Ал эки (дини башка) күбөнү намаз (ибадат) кылып бүткөндө кармайсыңар (намаздын урматынан күбөлүктөрүндө жалган айтпас үчүн). Эгер алардан шектенчү болсоңор, (силердин талабыңар менен) “Биз бул күбөлүктү (эч кандай) баага сатып жибербейбиз, эгер тууган-туушканыбыз болсо да. Биз Аллах үчүн берген күбөлүгүбүздү жашырбайбыз. Эгер жашырчу болсок, анда күнөөлүүлөрдөн болуп калабыз” - деп ант ичишет.","Эгер жанагы эки (дини башка) күбөнүн кыянат кылганына кандайдыр белги болуп калса, ал экөөсүнүн ордуна (өлүктүн) жакындарынан эки адам күбө болууга көбүрөөк акылуу. Алар дагы: “Биздин күбөлүгүбүз ал экөөсүнүн күбөлүгүнө караганда акыйкат. Биз (бул күбөлүгүбүздө) акыйкаттын чегинен чыкканыбыз жок. Эгер чыксак, анда залымдардан болуп калабыз” - деп, Аллахтын атына ант ичишет.","Ушул (кылганыңар) - туура күбөлүк берилишине же болбосо, үстөккө-босток ант иче берүүлөрүнөн коркууларына жакыныраак өкүм. Аллахтан корккула жана угуп алгыла: Аллах моюн сунбаган - бузук адамдарды туура жолго баштабайт.","(Кыямат) Күндө Аллах пайгамбарларды чогултуп: “(даават кылган элиңер тарабынан) эмне жооп алдыңар?” - деп сурайт. Алар: “(О, Рабби!) Билбейбиз. Албетте, кайып нерселерди Өзүң гана Билүүчүсүң” - дешет.","(О, Мухаммад!) Эстегин, Аллах айтты: “О, Марямдын уулу Иса! Менин сага жана апаңа берген жакшылыгыңды эстегин. Анткени, Мен сени Ыйык Рух (Жебирейил периште) менен кубаттаганымда, адамдарга бешикте (апаңды актап) жана чоңойгонуңда (элдерди Аллахтын Жолуна даават кылып) сүйлөгөнсүң. Эстегин, бир кезде, Мен сага Китепти, Хикматты (Шарият сырларын), Тооратты жана Инжилди үйрөттүм. Дагы бир кезде: Менин уруксатым менен ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөгөнүңдө, ал (жандуу) куш болуп калды. Менин уруксатым менен сокурларды, пес (ала) оорулуларды айыктыргансың. Менин уруксатым менен өлүктөрдү (тирилтип, мүрзөлөрүнөн) чыгаргансың жана Мен сени Исраил урпактары (яхудилер) коомунан сактадым. Сен аларга (ушунча) моожизаларды алып келсең да, алардын арасынан каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкыр” - дешкен.","Мен (сага) шакирт болгондордун жүрөгүнө \"Мага ыйман келтиргиле жана пайгамбарыма ишенгиле!\" - деп илхам салганымда, алар: (О, Рабби!) Биз ыйман келтирдик” Өзүң күбө бол: Биз - мусулмандарбыз!” - дешкен.","Дагы бир кезде шакирттер айтышты: “О, Мариямдын уулу Иса! Раббиң бизге асмандан (ичинде тамак-ашы менен) дасторкон түшүрүп бере алабы?” (Иса) айтты: “Эгерде ыймандуу болсоңор Аллахтан корккула!”","Алар айтышты: “Биз (шек келтиргенибиз жок, болгону) андан жеп, жүрөктөрүбүз канааттансын дедик жана сен бизге туура сүйлөгөнүңдү билип, ага (дасторконго) күбө болууну гана кааладык”.","Мариямдын уулу Иса айтты: “О, Раббибиз! Бизге асмандан дасторкон түшүр! Ал бизге: абалкыларыбызга да, акыркыларыбызга да майрам жана Сенден бир мужиза-керемет болуп калаар! Бизге ырыскы бере көр! Өзүң эң жакшы ырыскы берүүчүсүң!”","Аллах айтты: “Мен аны силерге түшүрөмүн. Бирок, андан кийин ким каапыр болсо, Мен аны, ааламда эч кимди азаптабаган азап менен азаптаймын!","«Бир кезде Аллах айтты: “О, Мариямдын уулу Иса! Сен адамдарга: “Аллахты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Иса) айтты: “О, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдөгүнү билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң!»","Мен аларга Өзүң буюрган (төмөнкү) сөздөрдү гана айткамын: “Менин жана силердин (жалгыз) Раббиңер - Аллахка гана ибадат кылгыла!” Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганыңда[1] аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң.###[1] Ал эми Сен менин Жер бетиндеги мөөнөтүмдү толук бүтүргөнүңдө жана мени асманга көтөрүп алганыңда... (Тафсирул Муяссар)","Эгер аларды азаптасаң - Өзүңдүн пенделериң. Эгер кечирсең - Өзүң Кудуреттүү, Даанышмансың!”","Аллах айтты: «Ал Күндө ыйманы чын адамдарга чынчылдыгы пайда берет. Аларга, түбөлүк кала турган жана астынан дарыялар агып турган бейиштер бар! Аллах алардан, алар Аллахтан ыраазы болушат. Бул - эң улуу жеңиш!","Асмандарда, Жерде жана экөөсүнүн арасындагынын баары Аллахтын мүлкү! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!»","Асмандарды жана жерди жаратып, нур менен караңгылыктарды бар кылган Аллахка мактоолор![1] Кийин, Раббисине каапыр болгон адамдар Ага башкаларды тең (шерик) кылып жатышат!###[1] Бул аяттагы көңүл бурууга ылайык болгон нерсе: Аллах “Нур” сөзүн жекелик сан түрүндө, “караңгылыктарды” көптүк түрүндө келтирди. Мунун мааниси, Аллахтын жолунан адаштырган азгырык-караңгылык жолдору санаксыз болгону менен Аллахка алып баруучу нурдуу, акыйкат жолу бирөө гана экенин билгизет.","Ал (оболу) силерди ылайдан жаратты. Кийин (ушул дүйнөдө жашооңор үчүн, “өмүр” деген) мөөнөттү белгиледи. Анын алдында (дагы бир) белгиленген мөөнөт (Акырет жашоосу) бар. Ушундан кийин (о, каапырлар) силер дагы эле (Кыяматтан) шектенип жатасыңар.","Ал, Асмандарда да, Жерде да (жалгыз) Аллах. Ал силердин (бардык) жашыруун жана ашкере ишиңерди билет. Дегеле, бардык жасаган ишиңерди билип турат.","Аларга (каапырларга) Раббисинин (чындыкты анык көргөзгөн) аяттарынын бири келээр замат (аны угуп, ой жүгүртүп көрүүнүн ордуна) дароо андан жүз буруп кетишти.","Алар өздөрүнө келген кезде акыйкатты[1] жалганга чыгарышты (жана шылдыңдашты). Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин кабары келет.###[1] Курандагы кабарларды.","Алар көрүшпөйбү: Биз алардан мурда нечендеген (каапыр) муундарды жок кылганбыз. (О, каапырлар!) Биз силерге бербеген жердеги орундарды аларга берген элек, (үстүнөн) жамгырды берекелүү жаадырып, астынан дарыяларды агызып койгон элек. Анан Биз аларды күнөөлөрү үчүн (апаат-кырсыктар менен) кыйратып, артынан башка муунду алып келдик.","(О, Мухаммад!) Эгер Биз сага кагазга жазылган китепти (бүтүн бойдон) түшүрсөк жана аны өз колдору менен кармап көрүшсө да, каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкыр” – деп айтышмак.","Алар: “Ага (Мухаммадга жардам берүүчү) бир периште түшсө болбойт беле?” - дешет. Эгер биз периште түшүрчү болсок (жана алар аны өз көздөрү менен көргөндөн кийин деле ишенишпесе) анда, ошол замат иш бүтмөк. Аларга мөөнөт берилмек эмес.[1]###[1] Анык, көрүнгөн далил келгенде ошол замат ишенбегендерге, мөөнөт берилбейт. Дароо “иштери бүтүрөлөт” (өлтүрүп), жок кылынат.","Эгер Биз аны (пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейпинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз.[1]###[1] Мушриктердин “Пайгамбарга периште түшүрсө болбойт беле?”, “Адамдан да пайгамбар болот бекен?”, “Пайгамбар периштеден болсо бир жөн” деген сыяктуу сөздөрдү таратуулары акыйкатты түшүнүү үчүн эмес, тетирисинче, анык-тунук акыйкаттын бетине күңүрттүк пардасын тартуу, адамдардын акыл-эсин тумандатуу үчүн эле. Адатта, яхудилер, христиандар жана Мекке мушриктери периштелерди нурдан жаратылганы үчүн аял киши кейипинде элестетишкен. (Чындыгында периштелер жыныска бөлүнбөйт) Жогорку аятта Аллах, периште-пайгамбар түшүрүүнү каалаганда деле, мушриктерди абдыратып коюш үчүн эркек киши сүрөтүндө түшүрүүсүн айтып, пайгамбарын шылдыңдаган адамдардын өздөрүн шылдыңдуу абалга салып коюуга кудуреттүү экендигин эскертүүдө.","(О, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.","Айт (О, Мухаммад: “Эгер ишенбесеңер) жер бетин кезип, (пайгамбарларды) “жалганчы” – деген адамдардын акыбети (тагдыры) эмне менен бүткөнүн көрүп койгула!”","Айт: “Асмандардагы жана жердеги нерселер кимдики?” Айткын: “Аллахка таандык!” Аллах Өзүнө Мээримдүүлүк - ырайымды жазып койгон. Аллах силерди шек-күмөнү жок Кыямат Күнүнө чогултат. (Оңолбой) өздөрүнө зыян кылгандар... Алар ыйман келтиришпейт.","Күндүзү жана түнү жашагандардын баары Аллахтын мүлкү. Ал (бардык добушту) Угуучу, (бардык кылмышты) Билүүчү.","Айткын: “Аллахтан башканы жардамчы кылмак белем?! Ал асмандар жана Жердин Жаратуучусу. Ал Өзү тамакка муктаж болбой, (бардык жан-жаныбарды) тамактандырат”. Айткын: “Мен (Аллахтын жалгыз Өзүнө) моюн сунгандардын эң алдыңкысы болууга буюрулдум” (Жана мага) “Эч качан мушриктерден болбогун!” (деп айтылды).","Айткын: “Эгер мен (ширк келтирүү менен) Раббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун”.","Ошол Күндө кимден азап четтетилген болсо, демек ага Аллах ырайым кылыптыр жана бул – анык жеңиш!","Эгерде Аллах сени (кембагалдык, оору, кайгы ж.б.у.с.) зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Ал эми, эгер бир жакшылык менен кармаса. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү.","Ал пенделердин үстүнөн өкүмүн жүргүзүүчү жана ал - Даанышман, (бардыгынан) Кабардар!","Айткын: “(Менин чынчылдыгыма) эң чоң күбө кайсы?” Айт: “Аллах! Ал мени менен силердин араңарда Күбө жана мага бул Куран аян-кабар түрүндө берилди, силерди жана ал (Куран) жеткен баардык адамдарды эскертүүм үчүн». (О, аян-кабардан жүз бургандар!) Силер: “Аллах менен бирге башка кудайлар бар” - деп күбөлүк бересиңерби?!” Айткын: “Мен (андай) күбөлүк бербеймин!” Айткын: “Албетте Ал - жалгыз (сыйынууга татыктуу) Кудай! А, мен болсо, силердин ширк амалыңардан тазамын!”[1]###[1] Исламдын негизи - Таухид (жалгыз Аллахка сыйынуу) Ал эми, Таухиддин негизи Аллахтан башка бардык «кудайлардан» жүрөктү тазалап алуу.","Биз китеп берген адамдар (өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала кабар берилгени себептүү) аны (Мухаммадды) өздөрүнүн балдарын тааныгандай таанышат. Алар өздөрүнө зыян кылышты. Эми алар ыйманга келишпейт.","Эч ким (“Аллахтын баласы же шериги бар” деп) Аллахка жалаа жапкан, Анын аяттарын жалганга чыгарган адамдан өткөн залым эмес! Албетте, (андай) залымдар (тозоктон) кутулбайт.","Биз ошол (Кыямат) Күндө алардын баарын чогултуп, мушриктерге: “(Аллахтын шериктери) деп эсептеген кудайыңар кана?” - дейбиз.","Кийин алардын кыянат жооптору: “О, Раббибиз! Аллахка ант, биз мушрик эмес болчубуз” - деген сөздөр гана болот.","Карачы, өздөрүнө кандай жалгандарды ойлоп тапканын жана (ойлорунан) чыгарган «кудайларынын» алардан жок болуп калганын.[1]###[1] Кыяматта мушриктер кудай деп сыйынып жүргөн ыйыктардын бардыгы аларга жардам бере албай, жок болуп калышат. Ал эми, аларды жолдон урган шайтан болсо, айыпты өздөрүнө жүктөйт.","Алардан (мушриктерден) кээ бирөөлөрү (Куран окуганыңда) сени (карөзгөйлүк менен) угушат. Бирок, Биз алардын жүрөктөрүн - Куранды түшүнбөсүн үчүн - көшөгөлөп, кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгер алар бардык моожизаларды көрсө да ишенишпейт. Жадагалса, сенин алдыңа талашып-тартышып келишкен кезде, каапырлар: “Бул (Куран) абалкылардын жомоктору” - дешет.","Алар андан (башкаларды да) кайтарышат, өздөрү да алысташат. Бирок, (бул кылыгы менен) өздөрүн гана кыйроого түрткөндөрүн билбей калышат.","(О, Мухаммад!) Аларды тозоктун үстүнө (тике) тургузуп койгондо: “Аттиң, (дүйнөгө) дагы бир жолу кайтарылсак, Раббибиздин аяттарын жалган дебей, момундардан болуп жашасак кана?!”- дегендерин көргөнүңдө...","Андай эмес! Аларга мурда ичине каткан нерселери айкын болуп калган(дан улам ушинтип жатышат). Эгер (дүйнөгө) кайтарылса деле, тайманбастан (шариятта) тыйылган (арам) иштерди кылышмак. Анткени, алар - анык жалганчылар.","Алар: “Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Биз кайрадан тирилбейбиз” - дешти.","Алар Раббисинин алдына тургузулуп (Аллах): “Бул (кайра тирилүү) чындык эмес бекен?!”- деп сураганда, алардын: “Ооба, оо, Рабби! Чындык экен” - дегендерин жана (Аллах аларга): “Каапыр болгонуңар себептүү, эми азаптын даамын таткыла!” - дегенин сен бир көрсөң эле...","Аллахка жолугууну “жалган” деген адамдар зыян тартышты! (Анткени,) Качан аларга (Кыямат) капысынан келип калганда, күнөөлөрүн жонуна көтөргөн абалдарында: “О-о-х! Дүйнө жашоосун (пайдасыз) өткөрүп жибергенибиз үчүн бизге кайгы! деп калышты. Алардын көтөргөн күнөөлөрү кандай жаман!","Дүйнө жашоосу (тез өтүп кетүүчү) оюн-тамаша гана.Такыба кишилер үчүн Акырет жашоосу жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!","(О, Мухаммад!) Алардын сөздөрү сени капа кылганын көрүп турабыз. Алар сени гана “жалганчы” дешкен жок. Бирок залымдар Аллахтын аяттарын дагы четке кагып жатышат.[1]###[1] Мекке мушриктери Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды, пайгамбар боло электе, өтө урматташкан. Жадагалса ага эч кимге ыраа көрбөгөн “Амин” (эң ишеничтүү адам) деген ылакап ыйгарышкан. Анан, качан Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам Аллахтын аяттарын окуп, аны элге жая баштаганда “бул аяттар Аллахтын сөзү эмес, абалкылардын жомоктору” дешип, аларды четке кагышты.","Сенден мурунку пайгамбарларга деле “жалганчы” деген жалаа жабылган жана алар бул жалаа-залымдыктарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Аллахтын (Курандагы) сөздөрүн эч ким башкасына алмаштыра албайт. Сага мурдагы пайгамбарлардын кабары келди го.","Эгер алардын (акыйкаттан) бурулуп кетүүсү сага оор болсо, (аларды ээрчитип алууга кызыксаң) колуңан келсе, жерге (түшчү) жарака, асманга (чыкчу) шаты издеп, аларга (ишендире турган) бир моожиза таап бер! Эгер Аллах кааласа, Өзү аларды туура жолго чогултуп алмак! Сен илими тайкылардан болбогун!","(О, Мухаммад, чакырыгыңа) уга турган адамдар гана жооп беришет. Ал эми, (жүрөгү) өлүктөр болсо, (бул дүйнөдө динди кабыл албайт) Аллах аларды кайра тирилтет. Анан Өзүнө кайтарылышат.","Жана (мушриктер): “Ага (Мухаммадга) Раббисинен бир далил-моожиза түшсө экен” - дешет. Айткын: “Аллах (силер тилегендей) далилди түшүрүүгө да Кудуреттүү”. Бирок, алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.[1]###[1] Бул жерде мушриктер билбей калган акыйкат төмөндөгүчө: Эгер Аллах мушриктер тилегендей, өз пайгамбарынын колу же сөзү менен какыр чөлдөн булактарды чыгарып, дарыяларды агызып, көз ачып-жумгуча бак-бостондорду жаратып койсо деле болот. Ал буга Кудуреттүү. Бирок, ошондо да жүрөгү өлүк мушриктер, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарчылыгына моюн сунбаш үчүн дагы бир шоона эшпеген шылтоону табышат болчу. Анан көзгө көрүнүп турган далил - моожизаны тан албай койгону себептүү Аллах аларды ошол эле жеринде жок кылмак. Даанышман, Ырйымдуу Аллах, андан көрө аларга Куран аяттарынын үстүндө пикир кылууну жана ааламдардагы Аллахтын кудуретине далил болгон нерселерге акылдуу адамдын көзү менен кароону сунуш кылат.","Жерде жүргөн - сойлогондун жана эки канаты менен асманда учкандын баары силер сыяктуу эле үммөт. Биз Китепте[1] (тагдырын жазбастан) эч нерсени калтырып койгон эмеспиз. Кийин (адамдардын бардыгы) Раббисине чогултулат.###[1] Бул аяттагы «Китеп» ааламдар жаралаардан илгери, Аллах таала жазган “Лаухул-Махфуз” деген Үлкөн Китеп. Аллах таала ал китепке баардык нерселердин тагдырын алдын ала жазган. Лаухул Махфуз - «Аль Казаау вал Кадар» деп аталган Аллах тааланын тагдыр-эрежесиндеги төрт баскычтын экинчиси. Ошентип, Аллах тааланын тагдыр эрежеси төмөндөгү төрт баскычтан турат: 1- Илим. Башкача айтканда, Аллах тааланын ар бир нерсени алдын ала билиши. 2 - Жазуу. Бул Аллах тааланын алдын ала билип, белгилеген тагдырларын, чечимдерин Лаухул Махфузга жазышы. 3 - Каалоо жана Кудурет. Бул Аллах тааланын ар нерсеге өтүүчү каалоосу жана кудурети. 4 - Жаратуу. Бул Аллах тааланын бардык макулуктарды, жадагалса, пенделердин пейилдерине чейин Лаухул Махфузда жазылгандай жаратышы. Бул аяттагы Китептен максат Курани Карим болушу да мүмкүн. Анда маани төмөндөгүчө болот: \"Биз китепте (Куранда) эч нерсени калтырган эмеспиз (бардыгын жазганбыз)\". Албетте, Куранда бардык нерселердин баяны жазылган. Дагы башка бир аятта Аллах Өзүнүн китебин: \"Ар бир нерсеге баян\" деп сыпаттаган.","Биздин аяттарыбызды жалган дегендер (наадандык) караңгылыгында калган сокурлар жана дүлөйлөр. (Алар акыйкатты көрө да, уга да алышпайт) Аллах Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаган пендесин туура жолго салат.","(Мушриктерге) айткын: “Эгер чынчыл болсоңор айткылачы, силерге Аллахтын азабы же Кыямат келип калса, Аллахтан башкага (жардам сурап) дуба кыласыңарбы?!”","Жок! Ага гана дуба кыласыңар! Ал эгер кааласа силер дуба кылып сураган нерседен (азаптан) арылтат. Ал эми, Аллахка шерик кылган “кудайыңарды” (башыңарга азап түшкөндө) унутуп койосуңар.","Биз (о, Мухаммад!) сенден мурунку элдерге да пайгамбарларды жибергенбиз. (Бирок, пайгамбарларды «жалганчы» дешкенден) кийин аларды тообо кылып, баш ийүүлөрү үчүн балээ - зыяндар менен кармадык.","Аларга биздин балээ - зыяныбыз келгенде тообо кылышса болмок! Бирок, жүрөктөрү таш болуп калган жана шайтан аларга (күнөө иштерин) кооздоп көргөзгөн!","Анан, өздөрүнө эскертилген нерселерди (балээ-зыяндарды) унутуп (шайтанга жетеленип) калышканда, Биз аларга бардык нерселердин эшигин ачык койдук.[1] Өздөрүнө берилген нерселер менен сүйүнүп турганда, капыстан, (күтпөгөн балээ менен) кармап койдук эле, дароо үмүтсүз абалда калышты.###[1] Алар байлыкта, илимде, жыргал жашоо себептеринде деги эле дүйнөдө жогорку жетишкендикке жетишти.","Мына ушинтип, залым адамдардын “куйругу кесилди” (тукум курут кылынды). Ааламдардын Раббиси - Аллахка мактоолор болсун!","Айт (о, Мухаммад): “Кандай дейсиңер, эгер Аллах силердин көзүңөрдү, кулагыңарды алып жана жүрөгүңөргө мөөр басып койсо, аларды Аллахтан башка кайсы “кудай” кайтарып бере алат?!” Биз далилдерди кандай тизмектеп келтиргенибизди жана (ушуга да көзү ачылбай) кийин бурулуп кетишкенин көрүп ал.","Айткын: “(Оо, мушриктер), айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы капыстан же ачык эле келсе, залым (мушрик) адамдардан башка ким кыйратылат?!”","Биз пайгамбарларды (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жиберебиз. Эми, ким ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, аларга коркунуч да, кайгы-капа да жок.","Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат!","Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казыналары бар” дебеймин.[1] Дагы мен кайыпты да билбеймин, жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”###[1] Бул аят менен пайгамбарыбыз эч бир адамга өз каалоосу менен байлык, ырыскы, ден-соолук, бакыт-таалай, кыскасы пайда бере албастыгын айтууга буюрулду.","Сен Раббисине чогулуудан корко турган адамдарды аны (Куран) менен эскерткин. Аларга Андан башка дос-башчы да, шапаатчы да жок. Такыба болушса кана!","Эртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап дуба кылган кишилерди (алдыңдан) кетирбегин! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңден аларга эч нерсе жок. Аларды кетирип, залым адамдардан болбогун![1]###[1] Курайш уруусунун бай-манаптарынан бир нечеси Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга: “Эгер биз ыйманга кирип, сени менен отурушубузду кааласаң, тиги селсаяк-кедейлерди айдагын. Биз алар менен бирге отурууга арданабыз” дегенде, Аллах ушул аятты түшүргөн.","“Биздин арабыздагы Аллах жакшылык бергендер - ушуларбы?!” деп, (текеберленип) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллах көбүрөөк Билүүчү эмеспи?!","Эгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Силерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, кийин тообо кылып, жакшы иштерди жасаса, албетте, Ал (Аллах) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын.","Биз, кылмышкер адамдардын жолу айкын болуусу (жана силер ал жолдон сак болууңар) үчүн Өзүбүздүн аяттарды мына ушинтип толук баяндайбыз.","Айткын: “Мен, Аллахтан башка силер жалбарып, дуба кыла турган нерселерге (буттарга) ибадат кылуудан кайтарылдым”, Айткын: “Мен силердин каалооңорду ээрчибеймин. Анда мен адашып, туура жолду тапкандардан болбой калам”.","Айткын: “(О, мушриктер), мен Раббим тарабынан берилген анык далилдердин үстүндөмүн. Силер болсо, аны “жалган” деп жатасыңар. Силер шаштырып жаткан нерсе (азап) менин алдымда эмес. Өкүм Аллахтын Өзүнө гана тиешелүү. Ал акыйкатты сүйлөйт. Ал эң жакшы ажырым кылуучу.","Айткын: “Эгер силер шаштырган нерсе (азап) менде болгондо, мени менен силердин араңардагы “иш” эчак эле бүтмөк. Аллах залым адамдарды Билүүчү.","Кайыптын ачкычтары (илими) Анын гана алдында. Аны бир Өзүнөн башка эч ким билбейт. Ал (Аллах) кургактагы, деңиздеги бардык нерселерди билет. Жадагалса, бир жалбырак үзүлүп түшчү болсо – аны да билет. Кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун, (бардыгынын кабары) Анык Китепте (Лавхул Махфузда) бар.","Ал түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болуусу үчүн Ал силерди күндүзү кайра тирилтет . Кийин (өмүр толук бүткөндө) кайтып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн кабарын берет.","Ал пенделеринин үстүнөн Өкүмдар.[1] Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза”[2] периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат.###[1] Алла тааланын Аль-Кахир деген ысымынын толук мааниси «Бардык нерселерге мажбур түрдө өкүмүн өткөрүүчү», «Жеңүүчү» деген түшүнүктөрдү берет.\t[2] “Хафаза”, “сактоочу”, “коргоочу”, “күзөтчү” деген маанилерди билдирет.","Кийин алар (өлгөн пенделер) чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Уккула! Өкүм Өзүнө гана таандык! Ал өтө тез эсептешүүчү.","(Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиздеги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” - деп айткын.","Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллах гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды”) шерик кыла бересиңер”.[1]###[1] Башына оор кайгы түшкөндө, адам баласы, эгер ал мушрик болсо да, буттарга же башка \"кудайларга\" эмес, Аллах таалага гана жалбарат. Мунун мааниси таухид (жалгыз Аллахка сыйынуу) инсан табияты умтулган чындык экенинде. Бирок, көп адамдар өздөрүнүн табиятына каршы жашайт.","Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”[1] (Оо, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой.###[1] Жиберген элчисин укпай койгондо, Аллах таала тарыхта өткөн мушрик коомдордун үстүнөн таш жаадырып, же болбосо бутунун астындагы жер аларды жутуп жиберип, азаптаган. Аллахтын бейбаш-мушрик коомдорго жибере турган дагы бир азабы бар. Бул - алардын ар түрдүү топторго бөлүнүп алып, өз ара кырылышып, бири-бирине зулумдук кылуулары. Аллах таала Өз ырайымы менен мусулман үммөтүн асмандан таш жаадыруу, жерге жуткуруу сыяктуу азаптардан сактап турат. Бирок, топторго бөлүнүп, бири-бири менен кырды-бычак болуу, биринин жерин бири басып алуу сыяктуу азаптар менен азаптай баштаганына көп болду. Мунун баары Анын өкүмү менен жашабагандыктын кесепети.","Сенин (Меккедеги) коомуң аны (Куранды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Аларга: “Мен силерге кароолчу эмесмин - деп айт.[1]###[1] Пайгамбардын милдети - Аллахтын өкүмдөрүн элдерге жеткирүү. Ал ар бир адамдын артынан кароолчу болуп: “Аткардыңбы, жокпу?” деп сурамжылап жүрбөйт.","Ар бир кабардын өз убактысы бар. Тез арада анын чындык экенин билип аласыңар.","Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин залым коомдор менен отурба!","Такыба (Аллахтан корккон) кишилердин мойнунда алардын (мушриктердин) эсебинен эч нерсе жок. Бирок, акыл-насаат айтуу гана бар. Мүмкүн алар дагы такыба болуп калышаар.","Диндерин оюн-тамашага айлантып, дүйнө жашоосуна алданып калган адамдардан оолак бол! Аларга Куран менен (төмөнкүлөрдү) эскерт: Ар бир жан өзүнүн гана кылган иши менен өлүмгө барат. (Ошондо) ага Аллахтан башка эч бир дос, эч бир колдоочу болбойт жана (эгер күнөөсүнүн кечирилүүсү үчүн) ар кандай (баалуу) нерсени берсе да, анысы кабыл кылынбайт. Алар өз кылмыштары менен өлүмгө (тозокко) жолуктурулат. Аларга каапыр болгондору үчүн(тозокто) кайнак суу менен жан ооруткан азап бар!","Айткын: (“О, мушриктер), биз (силерге окшоп) Аллахтан башка, пайда, да, зыян да жеткире албай турган нерселерге дуба кылмак белек?! Жана да, жер бетиндеги, (бир жагынан) шайтандар азгырып, (экинчи жагынан) өзүнүн достору “кел” деп, туура жолго чакырып турганда (орто жолдо) эмне кылаарын билбей калган адам сыяктуу, Аллах туура жолго баштап койгон соң, дагы артыбызга кайтмак белек?!” Айткын: “Туура жол - бул Аллахтын жолу жана биз ааламдардын Раббисине моюн сунууга буюрулганбыз”.","(Дагы биз) “Намазды толук окугула жана Аллахка такыба болгула” (деп буюрулганбыз). Ал – баарыңар чогулуп бара турган Аллах.","Ал - асмандар менен жерди акыйкат менен жараткан Аллах. Ал “бол!” деген күндө болуп (жаралып) калат. Анын Сөзү - чындык! «Сур» (деген чоор) тартылган күнү бүт падышалык Ага гана таандык болот. Ал көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал – Даанышман, Кабардар.","Эстегин: Ибрахим атасы Аазарга: “(Ушул пайдасы да, зыяны да жок) таштарды ибадат кылууга татыктуу кудайлар деп эсептейсизби? Мен сизди жана коомуңузду анык адашууда деп ойлоймун” - деди.","Ошондой эле, Биз Ибрахим анык ишенүүчүлөрдөн болуусу үчүн асмандардагы жана жердеги мүлктөрдү көрсөттүк.","Аны түн (караңгылыгы) ороп алганда (чырактай) жылдызды көрүп: “Бул - менин Раббим” деди. Ал эми, жылдыз көрүнбөй калганда “Жоголуп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн” деди.","Анан, (жаркырап) чыгып келген Айды көрө калып: “Мына, менин Раббим!” - деди. Кийин, Ай дагы жоголуп кеткенде “Эгер Раббим мени туура жолго баштабаса, адашуучулардан болуп каламын!” - деди.","Андан соң, (нур чачып) чыккан Күндү көрүп, «Раббим – ушул! Ушул эң чоңу!» деди. Анан Күн дагы батып кеткенде: (Асман-Жер мүлктөрүнүн Кудай эместигине анык ишенип, жалгыз Рабби - Аллах экенинен шек санабай) “О, элим! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан (бардык) нерселерден тазамын! - деди.","Мен адашуудан акыйкатка кайтып, асмандарды жана жерди жараткан чыныгы Кудайга (Аллахка) жүзүмдү бурдум жана (эч качан) мушриктерден болбоймун” - деди.","Ага (каршы) эли каяша айта баштаганда, ал: “Мени менен Аллах тууралуу тартышып жатасыңарбы?! Ал мени туура жолго баштады! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан “кудайыңардан” коркпоймун! (Алар эч кандай пайда-зыян тийгизе албайт) Бир гана, Раббим каалаган нерсе болот. Менин Раббим бардык нерсени Өз илими менен ороп алган. (Ушулар жөнүндө) ойлонсоңор болбойбу?!” - деди.","Силер (анын кудай экенине Аллах) эч бир далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылуудан коркпосоңор, мен силер (Аллахка) шерик кылган “кудайлардан” коркуп калмак белем?! Эгер билсеңер, айткылачы, кайсыл тарап бейпилдикке көбүрөөк акылуу (силерби же менби)?","(Жалгыз Раббиге) ыйман келтирип, ыймандарына зулумдук (ширк) аралаштырбаган адамдарга гана тынчтык-амандык болот жана ошолор - туура жолго түшкөндөр!","(Мушрик болгон) коомунан жогору (келүү үчүн) Биз Ибрахимге берген далилдер – ушулар. Биз каалаган пендебиздин даражасын көтөрөбүз. Акыйкатта, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.","Биз ага (Ибрахимге) Исхак менен (анын уулу) Яькубду[1] тартууладык. Биз ал экөөнү тең туура жолго баштаганбыз жана (алардан) мурун Биз Нухту туура жолго багыттадык. Дагы анын урпактарынан Даудду, Сулайманды, Айюбду, Юсуфту, Мусаны жана Харунду (туура жолго багыттаганбыз). Жакшылык кылуучу адамдарды Биз ушинтип сыйлайбыз.###[1] Яькубдун дагы бир аты - Исраил. Яхудилер ушул кишиден тараганы үчүн «Бану Исраил» – Исраил урпактары деп аталат.","Ошондой эле Закария, Яхия, Иса, Илясты (дагы туура жолго баштадык) бардыгы салих (жакшы, такыба) адамдардан эле.","Ошондой эле Исмаил, Ал-Ясаь, Юнус, Лутту да (туура жолго багыттадык) жана баарын ааламдардан абзел-артыкча кылдык.","Алардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасынан) тандап алып, туура жолго баштадык.","Ушул - Аллахтын туура жолу. Пенделеринин арасынан Өзү каалаганын ушул жолго баштайт. Эгер алар Аллахка шерик кошчу болсо, (ким болгонуна карабай) кылган (жакшы) иштеринин баары текке кетет.","Ошолор – Биз аларга Китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берген адамдар. Эгер алар (мушриктер аяттарга) каапыр болушса, Биз аны каапыр болбой турган башка адамдарга тапшырабыз.","Ошолор (жогоруда айтылгандар) Аллах туура жолго баштаган пайгамбарлар. (О, Мухаммад!) Сен ошолордун гана жолуна ээрчигин. (Коомуңа Аллахтын сөздөрүн окуп берип:) “Мен бул үчүн силерден акы сурабаймын. Бул ааламдар үчүн эскертүү” дегин.","Алар (Мекке мушриктери менен жөөттөр) Аллахка туура баа бере албай, бир кезде: “Аллах адамзатка эч нерсе түшүргөн жок” - дешти. Айткын: “Муса адамдарга туура жол, Нур болуусу үчүн алып келген, силер аны кагаздарга жазып алып, кээ бирин гана (элге) ашкере көргөзүп, көп бөлүгүн жашырып койгон жана силер да, ата-бабаңар да билбеген нерселерди силерге үйрөткөн Китепти (Тооратты) ким түшүрдү эле?!” Айткын: “Аллах (түшүргөн)!” Кийин аларды адашуусунда тереңдеп, ойноп-күлгөн абалында таштап кой!","Биз сага түшүргөн бул Китеп Ыйык-берекелүү. Өзүнөн мурунку китептерди тастыктоочу жана шаарлардын энеси (Мекке) менен анын тегерегинде[1] жашаган адамдарга насаат-эскертүүчү болуп (түшкөн). Акыретке ыйман келтирген адамдар, ага да ыйман келтиришет жана алар намаздарын сакташат (убактысында окушат).###[1] Мекке шаары жер жүзүнүн кургактык бөлүгүнүн чок ортосу. Дүйнөнүн бардык жери Меккенин тегереги болуп саналат.","Өзүнө эч кандай аян-кабар келбесе деле, Аллах жөнүндө жалганды ойлоп таап: “Мага Аллахтан аян-кабар келди” жана “Мен деле Аллах түшүргөн сыяктуу Дин-Шарият түшүрө (түзө) аламын” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Сен ошол залымдардын өлүм алдында жаткан учурун жана периштелер аларга колун созуп : “Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллахтын аяттарынан текеберлене жүз үйрүп, Аллахтын атына жалган-жалааларды айтканыңар себептүү кордук азабы менен жазаланасыңар” дегенин бир көрсөң...","Бизге, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, өзүңөр жалгыз келдиңер го. Биз берген (байлык, бийлик, дос, жардамчы ж.б.у.с.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллахтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды дагы көрбөй жатабыз?! Араңар үзүлдү, силер (пайда деп) ойлогон нерсеңер жок болду!","Аллах данды да, данекти да жаруучу![1] Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат![2] (Ал) ушундай Аллах! Дагы (Ага ибадат кылбай) кайда кетип баратасыңар?!###[1] Бардык жемиштер, дарактар, өсүмдүктөр дан менен данектен чыгат. Аллах дан менен данекти жарбаганда бардык макулуктар ырыскысы жок калмак. Улуу кудуретине, Даанышмандыгына даңк!\t[2] Бир тамчы суу – спермадан, кыймылсыз каткан жумурткадан жан-жаныбарларды чыгарды, жашоо белгиси жок дан-данектен өсүмдүк-дарактарды чыгарды. Жана кайра эле жаныбар, өсүмдүктөрдөн кыймылсыз уруктарды, жансыз жумуртканы жана дан-данекти чыгарат.","(Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул – Кудуретүү, Билүүчү Аллахтын тагдыры.","Ал жылдыздарды силер, аны менен деңиздердин жана кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (ушинтип) толук баян кылдык.","Ал силердин жаратылууңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат).[1] Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык.###[1] Түбөлүк жай экөө: же бейиш же тозок болот. Ошол эки жайга келгенге чейин бардык адамдар бир нече убактылуу орундарда: биринчи атанын белинде, кийин эне жатынында, кийин ушул дүйнө жашоосунда, андан соң барзах (мүрзө) жашоосунда Аллах белгилеген мөөнөттө убактылуу болушат.","Ал асмандан (адамдар, айбандар жана өсүмдүктөр күткөн) сууну түшүрдү. Кийин Биз ал (суу) менен түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо, тизилген дандарды (машактарды) чыгарабыз. (Ошондой эле) курмадан - анын муун-бутактарынан (терип алуучулар үчүн) ийилген кош шиңгилдер (чыгарылат). (Биз) жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (О, адамдар!) Силер алардын ар биринин түйгөн жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) далилдер бар.","(Мушриктер) Аллахга жиндерди шерик кылышты. Чынында, бардыгын Аллах жараткан. Дагы алар илимсиздик менен Анын (Аллахтын) уул - кыздары бар деп жалаа жабышты. Аллах, алар сыпаттагандан Таза жана Бийик.[1]###[1] Араб мушриктеринин арасында жиндерди кудай кылып сыйынгандар болгон. Дагы башка мушриктер (христиандар) “Аллахтын уулу бар” деп, мушриктерден дагы бир тайпасы “периштелер Аллахтын кыздары” деп ишенишкен.","(Ал) Асмандарды жана жерди жоктон бар кылган. Анын аялы жок болсо, баласы кайдан болсун?! Ал бардыгын Өзү жараткан жана Ал бардык нерселерди Билүүчү.[1]###[1] Аллах - Сомад. “Сомад” сөзүнүн мааниси бардык нерседен, ошонун арасында аял, бала-чакадан да беймуктаж. Бүт аалам жеке Өзүнүн мүлкү болсо, каалаган нерсеси “бол!” деген бир гана сөзү менен болуп турса, аял, бала, шерик дегендердин эмне зарылдыгы бар Ага?! Анын аялы жок, аялы болбогондун баласы да болбойт.","Ушул Аллах - силердин Раббиңер![1] Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, Анын Өзү бар. Ал ар бир нерсенин жаратуучусу. Эми, Ага гана ибадат кылгыла! Ал бардык нерселердин Башкаруучусу.###[1] Рабби же Парбардигер - бул бардык ааламдарды башкарып, бардык макулуктарга нээмат берип, тарбиялап, аларды бардык жамандыктардан сактап-коргоп турган Аллах.","Көздөр аны камтый албайт. Ал көздөрдү камтыйт.[1] Ал – Латиф[2] (жана) Кабардар###[1] Ыймандуу пенделер Акыретте Аллах тааланы көрүшөт. Бирок, каректерине камтып, толук көрө албайт. Аллах бардык нерсени камтый алат. Бирок, эч ким Аллахты камтый албайт. Бейиштегилер Анын Жүзүн көрүү менен чексиз ырахат - лаззат туюшат. Кээ бир тафсирчилер бул аятты “көздөр Аны көрө албайт” деп туура эмес которушат. Бул “ыймандуулар Акыретте Раббисин өз көздөрү менен көрөт” деген Ислам акидасына (ишенимине) каршы болуп калат.\t[2] “Латиф” Аллах тааланын 99 ысымынын бири. Бул көп маанилүү сөз болуп, эң белгилүү маанилери “Көрөгөч”, “Байкагыч”, “(пейили) Жумшак”. Демек “Латиф” дегендин мааниси “Анын илими, кабардарлыгы өтө назик түрдө өтүүчү, ал бардык сырларды, катылган ойлорду Билүүчү жана пендесине өтө назиктик менен, билдирбей туруп нээмат берүүчү” дегенди түшүндүрөт.","(О, Мухаммад, адамдарга айт:) «Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды көрсө - өзүнө пайда. Ким сокур болуп алса - өзүнө зыян! Мен силердин үстүңөрдө кароол эмесмин».","Ошентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Куранды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү таризде тизмектеп бердик.","Өзүңө Раббиң тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчигин. Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Сен мушриктерден жүз бур!","Эгер Аллах каалаганда, алар ширк келтиришпейт эле.[1] Биз сени аларга кароолчу кылбадык жана сен аларга өкүл (жоопкер) да эмессиң.###[1] Аллах кааласа, аларды ыйманга салып коюу оңой. Бирок, өздөрү тарабынан ыктыяр болбогон соң Аллах деле алардын ыйманга келүүсүн каалабады.","(О, ыймандуулар!) Аллахтан башкага дуба (ибадат) кылгандарды(н “кудайларын”) акаарат кылбагыла. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Аллахты сөгүшөт. Биз бардык элдерге өз амалдарын кооз көргөзүп койдук. Кийин, бардыгынын кайтаар жери – Раббисине. Анан Ал (бардыгына бул дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын берет.","(Мушриктер) эгер аларга бир мужиза келсе, ага сөзсүз ыйман келтирүүлөрү жөнүндө жан үрөп Аллахтын аты менен ант ичишет. Айткын: “Мужизалар Аллахтын алдында”. Силерге эмне билдирди?! Чынында, мужиза келсе да алар ыйман келтиришпейт!","(Аларга) биринчи ирет (сунушталганда) ыйманга келбегендери сыяктуу Биз алардын көздөрүн жана жүрөктөрүн оодарып койобуз жана аларды адашуучулугунда тентиген абалда таштап коёбуз."]