["Эгер биз аларга (пайгамбарга жолуккан) периштелерди түшүрсөк да, эгер аларга (Мухаммад алып келген нерсенин чындыгын) өлүктөр (тирилип) айтып берсе да, (мужизанын) баарын аларга тобу менен алып келсек да ыйман келтиришпейт. Аллах кааласа гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көпчүлүгү наадан адамдар.","Ошондой эле, Биз ар бир пайгамбарга адам жана жинден болгон шайтандарды душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бир-бирине (жалган) бал сөздөрдү шыбырашышат. Эгер, Раббиң кааласа андай кылмак эмес. Эми, аларды жалгандан чыгарган жалаалары менен (бирге) таштап сал,","Ал сөздөргө Акыретке ыйман келтирбеген адамдардын жүрөктөрү муюп, ыраазы болуп, билген (арам) иштерин жасап жүрө берүүсү үчүн!","(Айткын): «Аллахтан башканы өкүмдар кылып алайынбы?! Ал силерге Китепти, (бардык адал-арамды) толук (баяндоочу) кылып түшүрдү». Биз Китеп берген элдер (яхудилер менен христиандар) Курандын Раббиң тарабынан Акыйкат менен түшүрүлгөнүн билишет. (Сен буга) шектенүүчүлөрдөн болбо!","Раббиңдин Сөздөрү бардык чындык – адилетти (баяндап) бүтүргөн. Анын Сөздөрүн өзгөртүүчү жок. Ал – Угуучу, Билүүчү.","Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллахтын жолунан адаштырып салышат. (Анткени,) Алар күмөнгө гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат.[1]###[1] Албетте, жер бетинде туура жол тапкандардан адашкандар, Аллах жолунда жүргөндөрдөн напси-каалоосунун жолуна жүргөндөр көп. Алардын диндери да илимдери да жалаң божомолдорго негизделген. Алар Аллах, аалам жана адам жөнүндө ойлоп тапкан кыялдарынан башка “чындыкты” айта алышпайт.","Албетте, сенин Раббиң, Өзүнө алып барчу жолдон адашып кеткендерди эң жакшы билет жана туура жол тапкандарды да эң жакшы билет.","(О, ыймандуулар!) Эгер Аллахтын аяттарына ыйман келтирген болсоңор, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден гана жегиле.","Силерге эмне болду, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден жебей жатасыңар?! Аллах силерге арам болгон нерселерди толук баяндап берди го! Бир гана аргасыз калганыңарда (жан сактоо үчүн жесеңер – уруксат). Албетте, көпчүлүк адамдар билбестиктен улам, өз каалоолорун ээрчип, адашып кетишүүдө. Раббиң чектен чыгуучуларды жакшы билет.","Күнөөлөрдүн көрүнгөнүн да, көмүскөсүн да таштагыла! (Кандай болбосун) күнөө иш жасаган адамдар кылмыштарына жараша жакында жазаларын алышат.","Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал – анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер![1]###[1] Аллах тааланын «Союлгандан башкасы – арам» деген өкүмү түшкөн кезде мушриктер өзү өлүп калган жандыктын этин адал санап жешчү. Өкүм түшкөндөн кийин мусулмандар өлүмтүктүн (тарптын) этин арам деп эсептеп калганда мушриктер алар менен: «Эмне үчүн силер өзүңөр өлтүргөндүн этин жеп, Аллах өлтүргөндүн этин жебейсиңер?» деп талаша баштады. Бул аят ошол окуяга байланыштуу түшкөн.","Жаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жарытып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле?[1] Ушул сыяктуу, каапырларга өздөрүнүн жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган.###[1] Каапырлык – жансыз дене сыяктуу, ыйман - бул Нур. Ыйманга кирген адам мурда өлүк болуп, кийин тирилтип, колуна Куран нурун кармап жүргөн адамга окшойт. Куран ага адал менен арамды, жакшы менен жаманды, акыйкат менен жалганды, ак менен караны ажыратып берет. Ыйманга кирбегендер караңгыда (арам-адалды ажырата албай) калган адамга окшойт.","Ошентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат.[1]###[1] Ар бир жерде, жасаган күнөөлөрүн шайтан өзүнө кооз көргөзгөнү себептүү, динге каршы же ашкере, же тымызын айла-амал менен иштеп жаткан чоңдордун бар экени анык. Бирок, алар түзгөн айлакерликтери менен өздөрүн алдап жатканын жана Аллах алардан амалдуураак экенин билишпейт. Аллах Өз дининин эч качан жеңилбестигинин амалын түзүп койгон.","Эгер аларга (Ислам чындыгына) далил келчү болсо (текеберленишип): “Аллахтын пайгамбарларына берилген нерсе (пайгамбарлык) бизге да берилмейинче ыйман келтирбейбиз” - дешет. Аллах Өз пайгамбарлыгын кимге берүүнү жакшы билет. Күнөөкөр адамдар болсо, Аллахтын алдында, (динге каршы) айлакерликтери үчүн кор кылуучу, катуу азапка дуушар болушат.","Аллах кимди туура жолго баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып койот. Аллах ыйман келтирбегендерди мына ушинтип жазалайт.","Мына ушул (айтылгандар) Раббиңдин туура жолу. Биз (Аллахты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик.","Ошол (Аллахты эстеген) адамдарга Раббисинин алдында тынчтык үйү (бейиш) бар. Жасаган (жакшы) иштери үчүн (бейиште) аларга Аллах камкордук кылат.","Алардын баарын чогулта турган Күндө (Аллах) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар тозок! - дейт (Аллах). Анда түбөлүк каласыңар! Аллах каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.[1]###[1] Жин менен инсан өз ара мамилеге (транска) кирсе, бири-биринен пайдаланат. Жиндер наадан инсандын өздөрүнөн жардам сураганына, сыйынганына корстон. Азгырылган инсан болсо, жиндерди өзүнүн дүйнөлүк пайдасына иштеткенине ыраазы. Ошентип, эки каапыр жыныс тең өмүр деген мөөнөт бүтүп, кечирилгис күнөөлөрдү желкесине артып, Аллахтын алдында сурак берүү убактысына жетип келгендерин билбей калышат. Баса, көпчүлүк «көзү ачыктар» өздөрүнө шыбыраган жиндерди түшүнүгү жок элдерге «рухтар», «ыйыктар», «бабалар», «периштелер» деп тааныштырышат.","Ошентип, биз, жасаган кылмыштары(нын окшоштугу)на карап, залымдарды бири-бирине дос-башчы кылып койобуз.","О, жиндер жана инсандардын (каапыр) жамааты! Силерге өзүңөрдүн араңардан (Биздин) элчилер келип, Менин аяттарымды окуп берип, ушул күнүңөрдөгү жолугушуу жөнүндө силерди эскертпеди беле?! Алар: “Өзүбүзгө каршы күбө болдук!” дешет. Аларды дүйнө жашоосу(нун арам кооздуктары) алдап койгон эле. Мына эми, өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбө болушту.","Мунун себеби: Сенин Раббиң эч бир шаарды, элдерин эскертпей туруп, адилетсиздик менен азапка дуушар кылбайт.","Ар бир адамга өзүнүн иштерине жараша даражалар бар. Сенин Раббиң алардын (пенделердин) иштеринен бейкапар эмес.","Сенин Раббиң Ырайымдуу, Беймуктаж. Эгер Аллах кааласа силерди башка коомдун тукумунан (алардын ордуна) өндүрүп чыгарганы сыяктуу, силерди да кетирип, артыңардан Өзү каалаган (башка) коомду алып келип койот.[1]###[1] Бул дүйнө келип-кетүүчү мейманкана сыяктуу. Кечээкилер бүгүн жок, бүгүнкүлөр эртең болбойт. Демек, бул убактылуу дүйнө жыргалдарын жашоонун негизги максаты кылып алгандар адашат. Акырет жашоосу үчүн пайда алып келчү иштерге умтулуу зарыл.","Силерге убада кылынган нерсе (Кыямат) албетте келет жана силер Аллахты алсыз кыла албайсыңар! (Ал белгилеген жазадан качып кете албайсыңар.)","Айт: “Эй, коомум! Ушул турушуңарда (билген) ишиңерди жасай бергиле. Мен да (Аллахтын буйруктарын) аткара берем. Кийин, Акырет үйүндөгү (жакшы) акыбет кимдин пайдасына болушун жакында билип аласыңар. Чынында, залымдар жеңишке жетпейт.","(Мушриктер) Аллах жараткан эгиндерден жана мал-жандыктардан Аллахка үлүш ажыратып, күмөндөрү боюнча: “Бул – Аллахка, мунусу (Аллахтан башка) кудайларыбызга” - дешти. “Кудайларына” ажыратылган нерселер Аллахка (ажыратылган үлүшкө) кошулбай, ал эми, Аллахка ажыратылган нерселер “кудайларына” (ажыратылган үлүшкө) кошула берет. (Бул) өкүмдөрү кандай жаман!","Ошондой эле, көпчүлүк мушриктерге (уруу башчыларынан жана шайтандардан болгон) “кудайлары” аларды жок кылуу жана диндерин башаламан (түшүнүксүз) кылып таштоо үчүн өз (ымыркай) балдарын өлтүрүүнү кооздоп көргөздү. Жана эгер, Аллах каалаганда (бул иштерин) жасашпайт болчу. (О, Мухаммад), аларды өздөрү ойлоп чыгарган жөрөлгөлөрү менен жөн кой![1]###[1] Ушуга чейин Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам бул мыкаачыларга көп насаат айткан эле. Эми, Аллах аларды, туура жолдон жүз үйрүгөнү себептүү, өз акмак иштери менен өмүр өткөрүп, акыбет-натыйжада тозокко отун болуусун каалады.","Дагы алар (Аллахка жалаа жаап): “Мына бул жандыктар менен эгиндер - арам. Аларды биз каалагандан башка адамдар жебейт. Жана (мына бул) жаныбарлардын үстү(нө жүк жүктөө жана минүү) - арам. Ал эми (мына бул) жаныбарларга (аларды мууздап жатканда) Аллахтын атын айтууга болбойт” - дешти. (Бул сөздөрү) Аллахка жалаа! Аллах аларга жакында жалаа жапкандарына жараша жаза берет.","Дагы алар: “Мына бул жаныбарлардын курсагындагы (баласы) эркектерибизге - адал, аялдарыбызга - арам. Эгер өлүк (туулган) болсо, анда аял-эркеги шерик болушат (экөө тең жей берет)” - дешти. Аллах аларды (Өзү адал кылганды “арам” деп, арам кылганын “адал” деп) сыпаттагандары үчүн жакын арада жазалайт. Ал Даанышман, Билүүчү.","Илимисиздик жана кем акылдык менен балдарын өлтүрүп, өздөрүнө Аллах ырыскы кылып берген нерселерди Аллахка жалаа жабуу менен арамга чыгаргандар (өздөрүнө) зыян кылышты. Алар таптакыр адашып кетишти жана туура жолго түшүүчүлөрдөн болушпады.","Ал (силер үчүн, сөңгөктөргө) көтөрүлө турган жана көтөрүлбөй турган бактарды, курма жана ар түркүн мөмөлүү эгиндерди (бутак-жалбырагы) бири-бирине окшогон, (мөмөсү менен даамы) окшошпогон зайтун-анарларды өндүрдү. Мөмөлөгөн кезде андан жегиле жана түшүм жыйнаган күнү акысын (үшүрүн) бергиле жана ысырап кылбагыла! Ал ысырапкерлерди сүйбөйт.","Жандыктардан жүк ташыгандарын жана (мууздоо үчүн) жаткырыла тургандарын (жаратты). Аллах силерге ырыскы катары берген нерселерден жегиле. Шайтандын изинен ээрчип кетпегиле! Ал силерге анык душман.[1]###[1] Шайтан өзүнүн жолуна ээрчигендерге Аллах адал кылган ырыскыларды “арам” деп ишендирүүгө, илхам берүүгө аракет кылат. Жогоруда (139-аят) баяндалган мушриктер шайтандын сөзүнө кирип, кээ бир малдарды жана али туула элек, курсактагы жандыктарды өз ойлоруна эле таянып “Мунусу адал, тигиниси арам” дешип, анан: “Бул Аллахтын өкүмү” дешет эле. Бирок, кийинки (143) аятта Аллах таала үй жандыктарынан сегиз жуп (кой-эчки, төө-уй, бир эркек, бир ургачы болуп сегиз болот) жаратканын айтат жана аларды эмне себептен арам кылып жатышкандыгын далил менен суроону пайгамбарына буюрат.","(Малдан) сегиз эркек-ургаачыны (жаратты): койдон экөө, эчкиден экөө. Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылдыбы же эки ургаачысынбы. Же болбосо эки ургаачынын (ургаачы кой менен ургаачы эчкинин) курсагындагы балдарынбы? Эгер чынчыл болсоңор, мага илим менен (түшүндүрүп) айткылачы?!","Төөдөн экини (эркек-ургаачысын) жана уйдан экини (жаратты). Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылды беле, же эки ургаачысынбы? Же болбосо, (бир төө, бир уйдан турган) эки ургаачынын жатынындагы нерсениби?! Же, Аллах силерге ушуну осуят кылганына күбө болдуңар беле?! Эч нерсени билбей туруп, адамдарды адаштыруу үчүн Аллахтын атынан жалган айткан адамдан залымыраак ким бар?! Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт!","Айткын: «Мага (Аллах тарабынан) аян-кабар кылынган нерселердин арасынан тамактануучулар үчүн (силер айткан) арам нерсени таппай турам. Бир гана тарп, төгүлгөн кан, же доңуздун эти болсо - ал ыпылас, арам! Же фасыктык менен Аллахтан башкага арнап союлган болсо (бул дагы арам)». Ал эми, ким (ошол арамдан башка жегилик таппай) аргасыздыктан, араанын агытпай, (өзөктү жалгаганга чейинки) чектен чыкпай (жесе), албетте, сенин Раббиң Кечиримдүү, Ырайымдуу.","Жана, биз яхудилерге бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги (чарбы) майларынан жана сөөккө аралашкан (чучук) майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын зулум кылганы үчүн биздин жазабыз. Жана чынында, биз - Акыйкатчылбыз.","Эгер сени (яхудилер) “жалганчы” дешсе, айткын: “Раббиңердин ырайымы кенен. (Бирок, билип койгула:) Анын азабы кылмышкер коомдон кайтарылбайт!","Мушриктер сага: “Эгер Аллах каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет.[1] Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар!###[1] Алардын тагдырга шылтагандары жалган-жалаа жана карандай калп. Анткени: 1. Аллах ар бир адамга, Өзү буюрган ишти аткара ала турган идирек жана кудурет берген. Аллах эч кимди кудурети жетпеген ишке буюрбайт. Ошондой эле, эч кимге сактанууга мүмкүн болбогон нерсени арам кылбайт. Демек, тагдырга шылтоо ачык эле, Аллахка каршы чыгуу дегенди билдирет. 2. Адамдын иши өзүнүн ыктыярынан келип чыгат. Эгер бир ишти кааласа - жасайт, каалабаса - койот. Муну жүрөгү сокур адамдар гана четке кагат. Ооба, ааламдагы ар бир кыймыл-аракет Аллахтын каалоосуна байланыштуу. Бирок, ар бир акыл-эстүү адам өзүнүн ыктыярдуу аракети менен мажбур болгондогу аракетинин айырмасын билет. 3. Күнөөсүн тагдырга шылтоологон адамдар, эгер бир адам аны урса же мал-мүлкүн уурдаса, эмне үчүн туталанып, ачууланат?! “Тагдыр экен” деп жөн эле койбойбу! Алардын пейилиндеги бул карама-каршылыктын мааниси, алар бир акыйкаттын түбүнө жетейин деген максат менен тагдыр маселесине жармашып жатышканы жок.","Айткын: “Айкын далилдер Аллахтын Өзүндө. Эгер кааласа, бардыгыңарды туура жолго салат.","Айткын: “(Эгер сөзүңөр чын болсо) Аллах ушуларды арам кылганына күбөңөрдү алып келгиле. Эгер күбөлүк беришсе, сен аларга кошулуп күбөлүк бербе жана Акыретке ыйман келтирбей, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын каалоолоруна ээрчибе! Алар Раббисине (башка “кудайларды”) тең кылышат!","Айткын: “келгиле, мен силерге Раббиңер арам кылган нерселерди (Курандан) окуп берейин: «Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындашпагыла! (Шарият белгилеген) акы(ңар) болбой туруп, Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди (Аллах) силерге буюрду».","Жетимдердин малына алар эрезеге жеткенге чейин жакындабагыла! Жакшы (ниет жана) жолдор менен болсо мейли. Өлчөөнү жана таразаны адилеттүүлүк менен толуктагыла! Биз эч бир жанды кудуретинен ашыкча жумушка буюрбайбыз. Эгер сүйлөсөңөр (ал сөз өкүм болобу, же башкабы) тууган уругуңар болсо да (жан тартпай) адилеттүү болгула! Аллахка (“моюн сунабыз” деп) берген убадаңарды аткаргыла! Ушулар силерге Аллахтын буйруктары, (акыбетти) эске алышыңар үчүн.","Бул - Менин туура жолум! Ушуга гана ээрчигиле! (Буга каршы келген башка) жолдорго ээрчибегиле, силерди Анын жолунан адаштырып койот! Такыба болоорсуңар деп, (Аллах) силерге ушуларды буюрду.","Жана (бир кездерде) Биз жакшылык кылгандарга (нээмат) кемчиликсиз болуусу, бардык нерселерге Баяндама болуусу жана Ырайым-Туура Жол болуусу үчүн Мусага китепти (Торатты) бердик. Раббисине жолугууга ыйман келтиришсе ажеп эмес!","Биз сага бул Китепти (Куранды) куттуу кылып түшүрдүк. Ушуга ээрчигиле жана (Аллахтан) корккула! Ырайымына арзып калсаңар, ажеп эмес!","Силер: “Бизден мурунку эки тайпага (яхудилер менен христиандарга) китеп түшкөн. Биз болсо, алардын сабактарын билбейбиз” дебешиңер үчүн,","же болбосо, “Эгер бизге да китеп түшсө, сөзсүз аларга караганда туура жол табуучураак болмокпуз” деп айта албашыңар үчүн силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер, туура жол жана Ырайым (болгон Куран) келди. Эми, Аллахтын аяттарын “жалган” деп, андан баш тарткан адамдан залымыраак ким бар?! Биз жакында аяттарыбыздан жүз бурган адамдарды баш тарткандыгы үчүн жаман азап менен азаптайбыз!","Алар эми эч нерсени күтүшпөйт. Бир гана өздөрүнө (өлүм) периштелери келүүсүн, же Раббиңдин келүүсүн же болбосо Раббиңдин кээ бир белгилери келүүсүн күтүшөт. Раббиңдин кээ бир белгилери келген күндө, эч бир жанга ыйманы пайда бербейт, эгер мурда эле ыйман келтирбеген же ыйманында бир жакшылык кылбаган болсо. Айткын: “Силер да күткүлө, биз дагы күтүүчүбүз”.","(Оо, Мухаммад!) Диндерин бөлүп алып, өзүнчө топ болуп кеткен адамдар... Сен эч бир нерседе алардан эмессиң (алар дагы сенден эмес). Алардын иштери Аллахка (кайтарылат) жана Ал аларга кылган иштеринин кабарын берет.","Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгына барабар (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт.","Айткын: “Чынында,, Раббим мени туура жолго, түз динге – Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”.","Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси – Аллах үчүн!","Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”.","Айткын: “Аллахтан башка Рабби издейинби?! Ал бардык нерселердин Раббиси го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт![1] Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллахка! Анан Ал силерге (дин ишинде) өз ара талашканыңардын кабарын берет.###[1] Ислам өкүмү боюнча бирөөнүн жамандыгына башкасы жооп бербейт: ар бир адам өз иштеринин гана туткуну. Жакшылыгынын сообу да өзүнө, жамандыгынын күнөөсү да өзүнө. Бирок, бир адамдын жаман жолго түшүүсүнө себеп болгон киши күнөөнү аны менен теңме тең бөлүшөт. Ошондой эле, пайгамбарыбыз жакшылык ишке себепчи болгон адамдарга да ошол иштин сообунан жетип турушун баян кылган.","Ал силерди жер бетинде (бири-бириңерге) орунбасар кылган жана Өзү берген нерселерде силерди сыноо үчүн кээ бирөөңөрдү кээ бирөөңөрдөн бир нече даража жогору кылган (Аллах). Чынында, сенин Раббиң тез эсептешүүчү! Ал чынында Кечиримдүү, Ырайымдуу!","Алиф, Лам, Мим, Сод.[1]###[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.","(О, Мухаммад! Бул Куран) Аны менен (адамдарды) эскертүүң үчүн жана момундарга сабак-эскертүү болуусу үчүн сага түшүрүлгөн китеп. Жүрөгүңдө андан эч шектенүү болбосун!","(О, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) ээрчигиле! Андан башкасын жол башчы тутуп, ээрчибегиле! Азыраак эскерип жатасыңар!","Биз канчалаган айыл-шаарларды (сөзүбүздү укпай койгону себептүү) жок кылдык! Биздин азап аларга түндөгү же күндүзгү уйку мезгилинде келген.","Биздин азап келгенде алардын: “(Өзүбүзгө) зулум кылуучу болуп калдык” дегенден башка “доосу” калган жок!","Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, пайгамбарлардын өзүн да суракка тартабыз.","Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Биз (эч бир мезгилде) жок эмес элек.","Ал (кыямат) күнү (сооп-күнөөнү) тартуу акыйкат-адилдик менен болот. Кимдин (сообу) оор келсе, ошолор гана тозоктон кутулуучулар.","Ал эми, кимдин (сообу күнөөсүнөн) жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандары себептүү - өздөрүнө зыян кылгандар!","Аныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себептерин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар!","Биз силерди (атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду.","Ал (Аллах) айтты: “Мен буюрганда сажда кылуудан сени эмне токтотту?!” Ал айтты: «Мен андан жакшымын. Сен мени оттон, аны болсо ылайдан жараткансың\".","Ал (Аллах) айтты: “Анда Бейиштен чык! Сага мында текеберленип жүрүү мүмкүн эмес! Чык эми! Сен кор болуучулардансың!”","(Иблис) айтты: “Алар (Адам урпактары) кайра тирилген (кыямат) күнгө чейин (өлбөй жашоого) мага мөөнөт бер!”","(Аллах) айтты: “Сен мөөнөт берилгендерденсиң».","(Иблис) айтты: “Мени (бейиштен) айдап салганың үчүн, мен Сенин туура жолуңда (ар дайым) аларды күтүп олтурамын.","Кийин мен алардын алды-артынан, оң-солунан (азгырганы) келемин. Натыйжада Сен алардын көпчүлүгүн шүгүр (ибадат) кылган абалда таппайсың!","(Аллах) айтты: “Жек көрүлгөн, каарга жолуккан абалда жогол! Ант ичем: алардан кимиси сага ээрчисе, баарыңарды бириктирип тозокту толтурамын!","(Биз айттык): «О, Адам, сен жана жубайың (Хава экөөң) Бейиште жашагыла, (андагы жаккан мөмөлөрдөн) каалаганыңарды жегиле, бирок, мына бул даракка[1] жакындабагыла. Антсеңер (өзүңөргө) зулум кылуучулардан болуп каласыңар.###[1] Ал кандай дарак экенин Аллах кабар бербеди. Ошондуктан – бул белгисиз. Бул жердеги сыр-маани дарактын атында эмес, буйруктун аткарылбашында.","Анан, жабык турган абийир-уяттары ачылып калышы үчүн шайтан аларды азгыра баштады жана: “Раббиңер экөөңөрдү периште болуп же (бейиште) түбөлүк жашоочулардан болуп калбооңор үчүн гана бул дарактан кайтарды” – деди.","Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” – деп экөөнө ант иче баштады.","Азгыруу менен ал экөөнү (таза жогорку, күнөөсүз даражаларынан) түшүрүп койду. Анан, экөө дарактан (мөмөсүнөн) ооз тиер замат, абийир-уяттары ачылып калып, өздөрүн бейиш жалбырактары менен тосо башташты. Анан, Раббиси аларга үн катты: “Мен экөөңөрдү бул дарактан кайтарбадым беле?! Жана силерге: “шайтан экөөңөрдүн анык душманыңар!” – дебедим беле?!”","Экөө (бушайман болуп): “О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз” – дешти.","(Аллах) айтты: “Бири-бириңерге (адамзат шайтанга, шайтан адамзатка) душман болгон абалда (бейиштен жерге) түшкүлө! Силер үчүн анда орун-очок жана (ажалыңар жеткен) мезгилге чейин пайдалануу бар.","(Аллах) айтты: “Ошол жерде жашайсыңар, ошол жерде өлөсүңөр жана (кыямат болгондо) ошондон кайра чыгарыласыңар.","О, Адам урпактары! Биз силерге абийир-уятыңарды жаба турган жана кооздук-зыйнат боло турган кийимди түшүрдүк. Бирок, такыба кийими, Бул – жакшы![1] Бул Аллахтын (артыкчылык) белгилеринен. Кана эми, түшүнүп калышса!###[1] Анткени, зыйнат кийими эскирет, такыбалыктын кийими эскирбейт.","О, Адам урпактары! Шайтан Ата-Энеңерди бейиштен чыгарып, уяттуу жерлери көрүнүп калуусу үчүн кийимдерин сыйрып алганы сыяктуу, силерди да азгырып койбосун! Ал жана ага окшогондор (жиндер) силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдар үчүн дос-башчы кылып койдук.","Алар бузук (шариятта арам болгон) бир ишти жасаса: “Биз ата-бабаларыбызды ушул иштин үстүндө тапканбыз жана бул ишке бизди Аллах буюрган” – дешет. Айткын: “Аллах бузук иштерге буюрбайт. Өзүңөр билбеген нерселерди Аллахга жүктөп жатасыңарбы?!","Айткын: “Менин Раббим (ибадатта жана мамилелерде) адилеттик – ортолукка буюрду. Ар бир сажда (ибадат) кылган жерде жүзүңөрдү (кыбылага) түздөгүлө. Динди Аллах үчүн калыс кылып (муктаждыкты Өзүнөн гана сурап) дуба кылгыла! Аллах силерди (биринчи ирет) жаратканы сыяктуу (экинчи жашоого) кайтасыңар.","(Силерден) Бир тайпаны Аллах туура жолго баштады. Дагы бир тайпага (өздөрүнүн жаман иштери себептүү) адашуучулук чыныгы өкүм болду. (Анткени,) Алар Аллахты таштап шайтандарды дос-башчы кылып алышкан жана өздөрүн туура жол тапкандар деп ойлошкон.","О, Адам урпактары! Ар бир намаздын убактысында зыйнатыңарды[1] кийгиле жана (Аллах берген жакшылыктардан) жегиле, ичкиле. Бирок, ысырап кылбагыла! Чынында, Ал (Аллах) ысырапчыларды сүйбөйт.[2]###[1] Бул аяттагы «зыйнаттын» мааниси уяттуу (аврат) орундарды жаба турган кийим. Чынында кийим адамдын зыйнаты. Кийимсиз адам кандай жагымсыз көрүнсө, жасанган адам ошончолук зыйнаттуу көрүнөт.\t[2] Ысырап деп тамак-ашта болсун же кийимде, же башка турмуш-тиричилик себептеринде болсун керегинен ашыкча пайдаланууга айтылат.","Айткын: “Аллахтын пенделерине арнап чыгарган зыйнаттарын жана адал-таза ырыскыларды ким арам кылды?! Айткын: “Алар дүйнө жашоосунда ыймандууларга арналган”. Кыямат күндө (ал зыйнаттар) жалаң ыймандуулар үчүн. Биз билген адамдарга аяттарды ушундай анык баяндайбыз.","Айткын: “Менин Раббим бузукулуктардын ашкересин да, көмүскөсүн да арам кылды. Дагы күнөөнү, кыянат менен жасалган зулумду, (кудайлыгына) далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алууңарды жана Аллах жөнүндө билбеген нерсеңерди сүйлөгөндү (арам кылды)”.","Ар бир үммөт үчүн белгиленген мөөнөт (ажал) бар. (Ошол) мөөнөттөрү келгенде, алар аны бир саатка болсун артка, же алдыга жылдыра алышпайт.","О, Адам урпактары. Силерге араңардан чыккан пайгамбарлар келип, Менин аяттарымды айтканда, кимде-ким такыба кылып, өзүн оңдосо, аларга коркуу жок, жана алар кайгыга да батышпайт.","Ал эми, Биздин аяттарыбызды \"жалган\" деп, алардан текеберленгендер тозок элдери жана анда түбөлүк калышат!”","(“Аллахтын шериги бар” деп) Аллахка жалган-жалаа ойлоп тапкан же болбосо, Анын аяттарын “жалган” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Аларга (тагдыры жазылган) китептен насип-ажалы жетип, Биздин жан алгыч (периште) элчилерибиз келип: “Аллахты таштап, аларга дуба кылган “кудайларыңар” кайда калды?” – дегенде, алар: “Бизден жок болуп кетишти!” дешет жана өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбөлүк беришет.","(Аллах) айтты: “Силерден мурунку (каапыр) инсандар жана жиндерден турган үммөт менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына каргыш айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллахка жалбарып): “О, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллах) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”","Ал эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” - дешет.[1]###[1] Бирок, жолбашчыларга алардан көбүрөөк азап берилиши маалым. Анткени, Аллах таала дагы бир аятта мындай деген: “Каапыр болуп, Аллахтын жолунан тоскондор.., Биз аларга кылмыштарына жараша, азап үстүнө кошумча азап беребиз”.","Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт.[1] Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз.###[1] Өлүмдөн соң, ыймандуу адамдардын рухтары (жандары) асмандардан-асмандарга көтөрүлүп, эң жогорку ааламга жетип, Аллах каалаган ырахаттуу орундарда болушат. Ал эми, аятта сыпатталган каапырлардын рухтарына жогорку асмандардын эшиктери ачылбайт.","Аларга тозоктон төшөк, үстүнөн (ошондой) жууркан бар! Биз залым адамдарды ушинтип жазалайбыз!","Ал эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.[1] Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз.###[1] Бул аятта айтылып жаткан бактылуулардын катарына оозу менен эле “ыймандуубуз” деп, Шарият буюрган парыздарды аткарбай жүргөндөр кирбейт. Ыйман менен амалды кошо алып жүргөн чыныгы момун-мусулмандар кирет.","Биз алардын жүрөктөрүнөн (бири-бирине болгон) таарынычтарын сууруп алабыз. Астыларынан дарыялар агып турат. Анан алар: “Бизди ушуга баштаган Аллахга мактоо болсун! Эгер Аллах көргөзбөсө, биз түз жолду тапмак эмеспиз. Бизге Раббибиздин пайгамбарлары акыйкатты алып келген тура!” - дешет. Кийин аларга (мындай деген) добуш угулат: “Ушул – силердин бейиш! Силер (сооп) ишиңер себептүү буга мураскор болдуңар!”","Бейиштегилер тозоктогуларга: “Бизге Раббибиз убада кылган нерсе (бейиш) чын экенин көрдүк, силер дагы Раббиңер убада кылган нерсени (азап-тозокту) көрдүңөрбү?! – деп добуш кылышты. “Ооба” дешти алар. Ошондо, алардын арасындагы бир жарчы (мындай деп жар салды): “Залымдарга Аллахтын каргышы болсун!","Алар Аллахтын жолунан тосуп, аны бузууну каалаган жана Акыретке ишенбеген адамдар болчу!”","Ал экөөсүнүн (бейиш менен тозоктун) ортосунда «Аьраф»(тосмо) бар.[1] “Аьрафтын” үстүндөгү адамдар (бейишилер менен тозокулардын) экөөсүн тең көрүнүшүнөн таанып турушат. Жана бейиштегилерге карап, ага кирбесе да, кирүүнү үмүт кылып: «Ассалому-алейкум»-дешет.###[1] Ал тосмо бейиштен да, тозоктон да эсептелбейт. Анын аты “Аьраф”. Ал жерде бейишке да, тозокко да өкүм кылынбай, арасатта калган адамдар өкүм күтүп, бейиштен үмүт кылып, тозоктон коргоо тилеп отурушат. Анткени, “Аьраф” бийик жерде болуп, андан бейиш менен тозок көрүнүп турат.","Ал эми, көздөрү тозокулар тарапка бурулуп калса: “О, биздин Рабби! Бизди (мына бул) залымдарга кошуп койбой элең?!” – дешет.","Дагы, “Аьрафтагылар” көрүнүшүнөн тааныган (тозоктогу) адамдарга (карап): “Силерге чогулткан дүйнө-мүлкүңөр менен кыйынсынганыңар пайда бербей калыптыр го!","Силер ант ичип: “Аларга Аллах ырайымын жеткирбейт” – деген адамдар тиги(бейиштеги)лерби?! (Аларга) “Бейишке киргиле! Силерге коркунуч жок жана кайгы-капага батпайсыңар! (деп айтылып жатпайбы)?!” – дешет.","Тозоктогулар бейиштегилерге жалдырап: “Бизге суудан жана Аллах силерге берген ырыскылардан бир аз кайрымдуулук кылып койгула” – дегенде, алар: “Аллах ал ырыскыларды каапырларга арам кылган,","(себеби) алар диндерин оюн-тамаша кылып алган жана дүйнө(нүн өткөөл) жашоосуна алданган адамдар!” – дешет. (Кийин Аллах айтат:) “Бүгүн биз аларды, аяттарыбызды чанып, ушул күндөрүн унутуп салганы сыяктуу “унутуп”[1] (тозокко таштап) салабыз.###[1] Аллах эч нерсени унутпайт. Бул жердеги “унутуунун” мааниси алардын жалбарууларына жооп бербегени жана тозокто калтырганы болсо керек. Валлоху аалам.","Биз ыймандуу коомго туура жол, ырайым болсун деп, аларга Өзүбүз анык баяндаган китепти илимге толтуруп алып келдик.","Алар анын (Курандын алдын ала айтылган) кабарларын гана күтүүдө. Ал кабар (Кыямат) келгенде, мурда аны “унуткан” адамдар: “Раббибиздин пайгамбарлары чындыкты алып келген турбайбы! Эми, бизге күнөөлөрүбүздү кечиртип берүүчү ортомчу табылар бекен?! Же (дүйнөгө) кайтарылар бекенбиз, жасаганыбыздан башка (сооп) иштерди жасап келмекпиз?!” дешет. Алар өздөрүнө зыян кылышты жана оюнан чыгарган “кудайлары” алардан жок болуп кетти!","Силердин Раббиңер – Аллах. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду.[1] Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси – Аллах Улук, Бийик!###[1] Биз «Бийик болду» деп которгон сөздүн арабчасы «Истиваа». «Аль-Муьжам аль-васийт» сөздүгүндө: ( استوى ) على كذا أو فوقه علا و صعد «Бир нерсеге истиваа кылуу – бул анын үстүнө көтөрүлүү жана бийик болуу» деп түшүндүрүлгөн. Табеиндердин арасынан чыккан белгилүү аалым Мужахид ибн Жабр дагы «Аллахтын истиваасы – бул Анын бийик-жогору болгону» деп тафсир кылган. ( «Сахихул Бухарий маьа Фатхил Баарий» 13/403). Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аллах калк-калайыкты жаратканда Өзүнүн алдындагы, Арштын үстүндөгү Китепке: «Менин ырайымым ачуумдан үстөмдүк кылды» деп жазган». (Бухарий: 7404, Муслим: 2751, Тирмизий: 3543, Ибн Мажа: 4295). Ошондой эле, ханафий мазхабынын имамдарынын бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و كذا لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).","Раббиңерге жалбаруу менен, купуя дуба (ибадат) кылгыла! Чынында, Ал чектен чыгуучуларды сүйбөйт.","Жер бетинде – аны оңдогондон кийин – бузукулук кылбагыла![1] (Азабынан) коркуп, (сообунан) үмүт кылып Өзүнө гана дуба кылгыла! Чынында, Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын.###[1] Жер бетинин оңолуп-тазаруусу Аллахтын шарият мыйзамдары менен жашоонун натыйжасында болоору белгилүү. Демек, бузукулук - бул шариятта күнөө болуп эсептелген иштердин натыйжасы.","Ал ырайымынан кушкабар иретинде (жамгырдын) алдынан шамалдарды жиберет. Качан ал шамалдар оор булуттарды көчүргөндө Биз аларды өлүк (суусаган) шаарларга айдайбыз жана андан жамгыр жаадырып, аны менен ар түркүн мөмөлөрдү чыгарабыз. Биз (кыяматта) өлүктөрдү ушул сыяктуу кайра (жерден) чыгарып алабыз. Ушундан өрнөк алсаңар кана!","(Жери) таза шаардын өсүмдүктөрү Аллахтын уруксаты менен (тез) өнүп чыгат. Ал эми, таза эмес (таштак же шор баскан) жердин өсүмдүгү кыйынчылык менен чыгат. Биз аяттарды шүгүр кылуучу коом үчүн мына ушинтип ачык-айкын баян кылабыз.[1]###[1] Жер – бул жүрөктөр. Жамгыр – бул Алахтын Сөзү. Жамгыр таза, болук жерге да, таштак, шор жерге да бирдей жаайт. Ошондой эле, Аллахтын сөздөрүн адамдар бирдей угушат. Бирок, бул аяттар таза жүрөккө жетсе, таза иштерди өндүрөт. Бузук жүрөктөр болсо, сыйда таш жамгырды кабыл алалбаган сыяктуу, аяттарды кабыл албайт.","Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик.[1] Ал айтты: “О, коомум! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күндүн (Кыямат) азабына кабылууңардан корком!”###[1] Нухтун коому бутпарас болуп, өздөрүнүн арасында өткөн олуялардын айкелдерин Аллахка шерик кылып, ошолордун арбагына дуба кылып, жардам сурап, ибадат кылышчу.","Анын коомунан болгон (текебер) бийлер ага: “Биз сенин анык адашууда экениңди көрүп турабыз” – дешти.","(Нух) айтты: “О, коомум. Мен адашкан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) пайгамбармын.","Силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат айтамын жана Аллах тарабынан силер билбеген нерселерди билемин.","Эмне, такыба болуп, Аллахтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн Раббиңердин эскертүүсү өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адам аркылуу – силерди эскертүү үчүн – келгенине таң калып жатасыңарбы!”","Алар Нухту “жалганчы” – дешти. Кийин Биз аны жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды кемеде куткарып, аяттарыбызды “жалган” дегендерди (топон сууга) чөктүрүп жибердик. Анткени, алар (дили) сокур коом эле.","Аад коомуна туугандары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн андан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок! (Анын азабынан) коркпойсуңарбы?”","(Ошондо) анын коомунун каапырлары : “Биз сенин наадан экениңди көрүп турабыз. Биз сени жалганчылардын бири деп ойлойбуз!” – дешти.","(Худ) айтты: “О, коомум. Мен наадан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) пайгамбармын.","Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткиремин жана ишенимдүү насаатчымын.","Эмне, Раббиңердин эскертүүсү, өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адам аркылуу – силерди (тозоктон) коркутуу үчүн – келгени силерди таң калтырдыбы? Эстегиле, Аллах силерди Нух коомунун артынан орун басар кылды. Жана силерди калктардын арасында күч-кубаттууу кылды.[1] Эми, Аллахтын (ушул) жакшылыктарын эстегиле! (Ошондо тозоктон) кутулуп калаарсыңар!”###[1] Худ пайгамбардын коому \"Аад\" деп аталып, башка элдерден олбурлуу денелери, күч-кубаты менен айырмаланып турган. Билген адамга ушунун өзү деле эң зор жакшылык.","(Каапырлар) айтышты: “Сен бизге, жалгыз Аллахка ибадат кылуубуз жана ата-бабаларыбыз ибадат кылган кудайларды таштообуз үчүн келдиңби?! Эгер чынчылдардан болсоң, бизге убада кылган балээлериңди алып келчи, кана?!","Ал (Худ) айтты: “Мына эми, башыңарга Раббиңердин каар-казабы анык түштү! Кудай экенине Аллах эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабаңар (“кудай” деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасыңарбы?! Болуптур, күткүлө! Мен да силер менен бирге күтөйүн!","Биз Худ жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду ырайымыбыз менен сактап, аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын «куйругун кесип» койдук.[1] (Анткени,) Алар ыймандуу эмес болчу.###[1] Худ өз коомуна: “Эгер жалгыз Аллахтын ибадатына кайтпасаңар башыңарга Аллахтын балээси түшөт” деген болчу. Каапырлар бул насаатты угуунун ордуна кайра “балээңди алып келбейсиңби?” деп келекелешип, өздөрү сыйынган таштардын да кудай экенин талашып, ширк иштеринен кайтышпады. Мунун натыйжасында Аллах таала аларга катуу бороон-шамал жиберип, бирин калтырбай, жексен кылды! Алардан урпак, бала-чака тургай, изи да калбады!","Жана Самуд коомуна өздөрүнүн тууганы Салихти пайгамбар кылдык. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Раббиңер тарабынан далил келди: Мына бул Аллахтын төөсү – силерге (Аллахтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер силерди жан ооруткан азап кармайт.[1]###[1] Ошентип, Аллах Самуд коомун төө менен сынады. Аны “Аллахтын төөсү” деп атап, элдерге ага эч жамандык кылбоону буюрду. Ошол жерде бир булак бар эле. Келишим боюнча андан бир күн Самуд коому, бир күн Аллахтын төөсү иче турган…","Эстегиле, Аллах силерди Аад коомунун артынан орун басар кылып, жерге жайгаштырды. Силер тегиз жерлерге сарайларды саласыңар, тоолорду(н боорун) оюп, үйлөрдү курасыңар. Аллахтын (ушул) жакшылыктарын эстегиле, жана жер бетинде бузукулук таратуучу болбогула!”","Салихтин коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар, өздөрүнүн арасынан ыйман келтирген бей-бечара адамдарга карап: “Силер Салихти Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбар деп билесиңерби?” – дешти. Алар:“Ооба. Биз ал жиберилген нерсеге ыйман келтирүүчүлөрбүз” - деди.","Текеберленген адамдар: “Биз силер ыйман келтирген динге ишенбейбиз!” – дешти.","жана (“катылсаңар силерге азап келет” деп эскертилген) төөнү союп салышты да, Раббисинин буйругун оройлук менен бузуп: “О, Салих! Эгерде (чын) пайгамбар болсоң, бизге убада кылган азапты келтир?!” – дешти.","Аларга катуу жер титирөө болуп, баскан-турган жерлеринде жер менен жексен болушту!","Салих болсо, (алар кырылып калгандан кийин) аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат кылган элем. Бирок, силер насаат айтуучу адамдарды сүйбөйт экенсиңер!” - деди.","(О, Мухаммад!) Лут пайгамбарды да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: “Силерге чейин ааламдарда эч бир адам жасабаган бузукулукту жасайсыңарбы?” - деди.","Чынында, силер аялдар бул жакта калып, эркектерге кумарланып келип жатасыңарбы?! Жок! (Бул – арам!) Силер чектен чыккан коомсуңар!” - деди.","(Бузулуп бүткөн) коому ага: “Аларды (Лут жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар имиш!” – деген сөз менен гана жооп берди.","Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Ал (азапта) калуучулардан болду.[1]###[1] Аллах Лут пайгамбарга түн ичинде бул шаардан чыгып кетүүнү буюруп, эртеси таң азанда балээ жиберүүсүн билдирген болчу. Анын аялы бузуку адамдар тарапта болгондуктан, Аллах «аны өзүң менен алып кетпе» - деген.","Анан Биз алардын үстүнө (жалындуу таштардан) жамгыр жаадырдык. Күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай болгонун карагын.","Ошондой эле Биз Мадян элине өздөрүнүн туугандары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: “О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Силерге Раббиңерден далил (Дин) келди. Эми, (ошол дин эрежеси боюнча) өлчөм, таразаларды толук тарткыла, адамдардын буюмдарынын баасын төмөндөтпөгүлө жана жер бетинде – оңолгондон кийин – бузукулук кылбагыла! Эгер ыймандуу болсоңор, ушунуңар силер үчүн жакшы!","Ал (туура) жолду (өз каалооңорго ылайыктап бурмалап, ага ыйман келтирген адамдарды Аллахтын жолунан) тосуп, коркутуп, ар кайсы жолдордо отурбагыла! Эстегиле, силер аз сандуу элеңер. Аллах силерди (өлүм – житимден, кырылуудан сактап) көбөйттү, жана силер (тарыхка бир кылчайып карап) бузуку адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп алгыла!","Эгерде, силердин араңардан бир тобуңар мага жиберилген динге ыйман келтирип, башка бир тобуңар ыйман келтирбесе, Аллах биздин арабызда Өз өкүмүн чыгарганга чейин сабыр кылып тургула. Ал – эң жакшы өкүм кылуучу."]