["Шуайбдын коомундагы текеберленген (бай-манап) адамдар айтышты: “О, Шуайб! Биз сени жана сени менен бирге болгон ыймандууларды шаарыбыздан (кууп) чыгарабыз же биздин динибизге кайтасыңар!” (Анда) Шуайб айтты: “Эгер биз (силердин таш-кудайларга сыйынууга чакырган диниңерди) жаман көрсөк делеби?!","Эгер биз, Аллах андан куткаргандан кийин, дагы эле силердин (жалган) диниңерге кайтчу болсок, Аллахка (“Анын шериги бар” деген) жалганды ойлоп тапкан болобуз го! (Жок!) Силердин диниңерге кайтуу бизге эч мүмкүн эмес! Бир гана Раббибиз – Аллах кааласа (ар нерсе мүмкүн). Анткени, Раббибиздин илими бардык нерсени камтып алган. Биз Аллахка таяндык! О, Раббибиз! Биз менен (каапыр) коомубуздун арасын акыйкаттык менен ачып (өкүм кылып) кой! Сен эң жакшы өкүм кылуучусуң!”","Шуайбдын коомундагы каапыр адамдар (байлар, уруу башчылары) айтышты: “Эгерде силер Шуайбды ээрчисеңер, анда анык зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыңар!”[1]###[1] Өкүмзор (зомбу-зордукчул) адамдардын пикиринде ким алардан башкача ойлонсо “зыян тартуучу” болушат. Бирок, өздөрү жөнүндө ойлонушпайт. Качан баштарына чыныгы зыян – Аллахтын балээси келгенде гана көздөрү ачылат.","Аларга катуу жер титирөө болуп, баскан-турган жерлеринде жер менен жексен болушту!","Шуайбды “жалганчы” дегендер ал жерде жашабагандай (тып-тыйпыл) болуп калышты! Шуайбдын сөзүн жалганга чыгаргандар өздөрү зыян тартуучу болду!","(Кырылып бүткөн соң) Шуайб аларга далысын салып: “О, коомум! Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткирдим жана насааттар кылдым (болбой койдуңар). Эми (силерге окшогон) каапыр коомго кантип кайгырмак элем” – деди.","Биз кайсы бир айыл-калаага пайгамбар жиберсек, анын элдерин тообо кылаар деп, муктаждык, оору-сыркоо менен эскертебиз.","Кийин Биз жамандыкты жакшылык менен алмаштырдык. Алар (өздөрү, дүйнө-мүлктөрү) көбөйүп: “Ата-бабаларыбызды деле (ушул сыяктуу) каатчылык, оору-сыркоолор каптаган (бул – адаттагыдай эле, ар бир заманда алмашып туруучу нерселер)” - дешти. Анан Биз аларды эч нерсени сезбей (бейкапар) турган абалдарында капыстан (азап менен) кармадык!","Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асмандардан жана жерден берекелерди ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик).","Айылдардын элдери, аларга Биздин азап (аларга) түндөсү, уктап жаткан кезде келүүсүнөн аман беле?","Айылдардын элдери, аларга Биздин азап күндүзү, алар ойноп-жыргап жаткан кезде келүүсүнөн көңүлдөрү ток беле.","Алар Аллахтын айлакерлигинен бейкапар беле? Аллахтын айлакерлигинен зыян тартуучу коом гана ток көңүл болот.[1]###[1] Демек, бузукулуктарга бөлөнгөн коом качан тынч-бейпил жашап калса – бул Аллахтын амалкерлиги! Момун-мусулман пенде коркуу менен үмүттүн арасында болушу, ар дайым Раббисине: “Эй, жүрөктөрдү ар калыпка салуучу Кудайым! Менин жүрөгүмдү өз диниңде бекем кыла көр!” деп дуба кылышы, эгер кел-кел (ооматы) келип, күтүрөп, дүңгүрөп, жыргап калса, сактыгын ого бетер күчөтүп, ыйманына байкоо жүргүзүп туруусу зарыл.","Мекен-жерди (күнөөлөрү себептүү кыргынга учураган мурунку) ээлеринен мурас алган адамдарга, эгер Биз кааласак, аларды да күнөөлөрү себептүү кайгыга салып коюшубуз жана жүрөктөрүнө мөөр басып, тап-такыр укпай турган кылып коюшубуз малым эмес бекен?!","(О, Мухаммад!) Биз сага ушул айылдардын окуя-тарыхын айтып жатабыз: аларга пайгамбарлары (анык-тунук) далилдерди алып келишсе да, мындан мурун жалганга чыгарышканы себептүү ыйман келтирбей коюшту. Аллах каапырлардын жүрөктөрүнө ушинтип мөөр басып коёт.[1]###[1] Пайгамбарлар каапырларга кээ бир учурда эч кимдин колунан келбеген моожиза-керемет көргөзсө да ыйманга келишпейт. Мунун себеби, алар өздөрүнө ыйман биринчи ирет сунушталганда кабыл албай койгондуктан, Аллах алардын жүрөгүнө мөөр басып койгон эле.","Биз элдердин көпчүлүгүндө (пайгамбар жибергенден кийин Аллахтын осуяттарына) бекемдикти таппадык жана көпчүлүктөрүн бузуку абалында таптык.","Кийин Биз алардын (пайгамбарлардын) артынан Мусаны мужизаларыбыз менен Фараонго жана анын элине жибердик. Бирок, алар мужизаларга зулум кылышты (каапыр болушту). Эми, бузукулардын акыбети кандай болорун көрүп кой:","Муса айтты: “Эй, Фараон! Мен ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын.","(Ошондуктан) мага Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшүм ылайык болот. Мен силерге Раббиңерден далил-баян алып келдим. Эми, Исраил урпактарын мага кошуп (мекендерине) жибергин!","(Фараон) Айтты: “Эгер сен чынчылдардан болсоң (жана Аллахтан) мужиза-далил алып келсең, аны көрсөтчү.","Анан (Муса) аса-таягын (жерге) таштады эле… ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!","Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле ошол замат көрүүчүлөргө ап-пак (нурдуу) болуп калды!","(Бул кереметти көргөн) Фараон коомунун адамдары (ыйман келтирүүнүн ордуна): “Бул – илимдүү сыйкырчыдан башка эмес!” – дешти.","“Ал силерди жериңерден чыгарууну каалап жатат. Эми, кандай чечимге келесиңер?” (деди Фараон)","(Адамдар) айтышты: “Аны менен бир тууганы Харунду койо тур дагы, бардык шаарларга (эл) чогултуучуларды жибер.","Алар сага бардык илимдүү сыйкырчыларды таап келишсин.","Фараондун сыйкырчылары жетип келишип: “Эгер биз жеңип чыксак сыйлык барбы?” дешти.","“Ооба – деди Фараон – силер менин жакындарымдан болуп каласыңар”.","(Сыйкырчылар) айтышты: “Оо, Муса, же сен ташта же биз (биринчи) таштайлы?”","(Муса) айтты: “Таштагыла”. Сыйкырчылар (колдорундагы жиптерин, таяктарын жерге) таштаганда, адамдардын көздөрүн сыйкырлап (бойоп), үрөйлөрүн учуруп, чоң сыйкыр көргөзүштү.","Анан, Биз Мусага: “Таягыңды жерге ташта!”- деп аян кабар кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган таягы) сыйкырчылардын жалгандарын[1] жутуп жиберди.###[1] Жалгандан жыланга айланган жиптерин","Натыйжада акыйкат анык болуп, (каапырлардын) жасаган иштери жалганга чыкты.","Ушул жерде жеңилип, шерменде болуп кайтышты.","(Анан) сыйкырчылар сажда кылган абалда, өздөрүн жерге таштап (мындай):","“Биз ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик!\" - дешти.","Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”","Фараон айтты: “Мен силерге уруксат бербесем да, ага ыйман келтирдиңерби?! Чынында бул силердин (Муса менен бир болуп алып) шаар элин чыгарып кетүүңөр үчүн (ушул) шаарда эле ойлоп тапкан айлакерлигиңер! (Шашпай тургула!) Жакында билип аласыңар!","Мен силердин колу-бутуңарды каршы-терши кесип, анан баарыңарды асып өлтүрөмүн!”","(Сыйкырчылар) айтышты: “(Билгениңди кыл!) Биз Раббибизге кайтуучу болдук!","Сен бизден, Раббибиздин далил-мужизалары келген учурда (ошого) ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алып жатасың!” (Андан соң мусулман болгон сыйкырчылар Раббисине дуба кыла башташты:) “О, Раббибиз! Бизге (түгөнгүс) сабыр жаадыргын жана биздин жаныбызды мусулман абал(ыбыз)да алгын!","Фараондун коомунан болгон (каапыр) адамдар (аны Мусага каршы тукуруп): “Муса менен анын коомун, сени жана кудайларыңды таштап, жер бетинде бузукулук кылып жүргөн бойдон жөн коёсуңбу?” - дешти. (Фараон) Айтты: (Жок!) Тездик менен алардын (бардык эркек) балдарын өлтүрүп, аял-кыздарын тирүү калтырабыз! Биз аларды өз өкүмүбүзгө мажбурлап моюн сундурабыз!”","Муса коомуна (насаат айтып, мындай) деди: “Аллахтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллахка таандык. (Фараондуку эмес) Аны Өзү каалаган пенделерине мураска берет. Акыбет-натыйжа такыба адамдардын пайдасына болот.”","(Мусанын коому андан нааразы болуп) мындай дешти: “Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурун алар бизге (уулдарыбызды союп, кыздарыбызды тирүү коюп) азап беришкен. Сен келгенден кийин деле (азап уланууда. Муса) айтты: “(Үмүт үзбөгүлө). Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди жерде орунбасар кылгысы бардыр! Ал силердин кандай амал кыларыңарды карап турат”.","Биз Фараон элин, акыл-эсине келээр деп (каатчылык) жылдары менен жана мөмө-жемиш жетишпестиги менен сынадык.","Кийин, качан аларга жакшы турмуш келсе, (Аллахка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”- дешти. А, эгер каатчылык болсо Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллахтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт.","Алар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлоо үчүн канча далил-мужиза көргөзбөгүн, баары бир сага ыйман келтирбейбиз” – дешти.","Анан, Биз аларга (жаза иретинде) топон суу (балээсин), чегиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом болчу.","Аларга балээ-кырсыктар (удаама-удаа) келгенде Мусага (жалынып): “Оо, Муса, Аллах сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исраил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” - дешти.","Ал эми, өздөрү жетип барган мөөнөткө чейин, алардан ыпылас балээни арылтарыбыз менен, дароо убадаларын бузушту.","Анан Биз, аяттарыбызды “жалган” деп, (билип турса да) билмексен болгондору себептүү алардан өч алып, деңизге чөктүрүп жибердик!","Биз алсыз-бечара коомго (Исраил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш тарабын (Фараон коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөзү,[1] сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Биз Фараон менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын талкаладык!###[1] Ал сөз Аллах тааланын \"Жер - Аллахка таандык. Аны Өз пенделеринен каалаганына мурас кылып берет\" деген убадасы эле.","Биз Исраил урпактарын (аман-эсен) деңизден өткөргөнүбүздөн соң, алар өз бут-айкелдерине табынып жаткан элдин астынан өтүштү жана Мусага: “О, Муса бизге да ошолордукундай бут жасап бер” - дешти. (Анда) Муса айтты: “Силер наадан коом турбайсыңарбы!","Чынында, алардын дини жалган, жасап жаткан ибадаты да жалган!”","Айтты: “Эми, мен силерге Аллахтан башка “кудай” таап берейинби?! Аллах силерди ааламдардан артык кылып (душманыңардан аман-эсен куткарып) койду эле го!”","Эстегиле, (Оо, Исраил урпактары!) Биз, силерди, аял-кызыңарды тирүү коюп, эркек балаңарды союп, башыңарга чексиз азап салган Фараон адамдарынан куткарган элек. Ушунда силер үчүн Раббиңерден чоң сыноо бар.","Биз Муса менен (ага Китеп – Шарият түшүрүп берүү үчүн) отуз кечеге убадалашып, дагы аны он (кече) менен толуктадык. Ошентип, Раббисинин (убадалашкан) убактысы толук кырк кече болду. Муса бир тууганы Харунга: “(Мен кеткенде) коомумдун арасында менин орунбасарым болуп, аларды түзөп жана бузукулардын жолуна ээрчибей тургун!” - деди.","Муса Биз убадалашкан убакытта келгенде жана Раббиси ага (түздөн-түз) сүйлөгөндө: «О, Раббим! Мага көрүнчү, Сага карайын» - деди. Ал (Аллах) айтты: “Мени (бул дүйнөдө) эч көрө албайсың. Бирок, мына бул тоого карап тур, (мен ошого көрүнөмүн) эгер ал ордунда жылбай калса, сен Мени көрө аласың». Анан, Раббиси тоого көрүндү эле, аны күкүм кылып таштады. Муса эстен танып жыгылды! Качан өзүнө келгенде, айтты: “О, Раббим, Сен Аруу-Тазасың! Мен (адепсиздик кылганыма) тообо кылдым, мен ыймандуулардын алдынкысымын!”","(Аллах): “О, Муса! Чынында, Мен сени адамдардан жогору (баалап) Өзүмдүн пайгамбарлыгыма жана (ортомчусуз сүйлөгөн) Сөзүм үчүн тандап алдым. Эми, Мен сага берген Дин-Шариятты кабыл алып, (бул жакшылык үчүн) шүгүр кылуучулардан болгун!” - деди.","Анан Биз ал (Муса) үчүн тактайларга (адамдар муктаж болгон) бардык нерселерди, насаат сөздөрдү жана ар бир нерсенин баян-эрежелерин жазып бердик. Жана “Буларды бекем кармап, коомуңа буюр; андагы шариятка амал кылышсын!” (дедик). Эми, Мен силерге бузуку(лук кылып, Аллахтын балээ-азабына кабылган) адамдардын мекенин көргөзөмүн.","Мен жерде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөн адамдарды (кудуретиме белги болгон) аяндардан (сабак ала албай турган кылып) буруп коёмун. Кийин алар канча далил-мужиза көрсө да, ага ыйман келтиришпейт. Туура жолду көрсө, аны карманышпайт. Эгер адашуучулук жолун көрсө, ошону гана жол кылып алышат. Буга себеп; алар Биздин далилдерди “жалган” дешти жана ага көңүл бурбай коюшту.","Биздин аяттарыбызды жана Акыреттик жолугушууну “жалган” деген адамдардын жасаган (жакшы) иштери текке кетет. Алар жасаган иштерине жараша “сыйланышат”.","Мусанын коому ал кеткенден кийин өздөрүнүн (алтын) жасалгаларынан (Самири деген бузуку адам жасап берген жана мөөрөгөн) добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн (кудай кылып) алышты. Алар анын өздөрүнө сүйлөй албасын, (туура) жолго баштай албасын билишпейби?! (Ошого карабай) аны кудай тутушуп, залым (каапыр) болуп калышты!","Качан гана (Муса келип, аларга чындыкты түшүндүргөн соң) бушайман болушуп, өздөрүнүн адашканын билишкенде: “Эгер Раббибиз бизге ырайым кылып, кечирбесе, сөзсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз!” - дешти.","Муса коомуна кайтып келгенде (жана алардын музоого сыйынып жатканын көргөндө) ачууланып, бушайман болуп: “Менден соң мага кандай жаман орунбасар болупсуңар! Раббиңердин буйругун шаштырдыңарбы?!”- деди. Кийин Муса (жаалданып, колундагы) такталарды таштап, бир тууганынын (Харундун) башынан (чач-сакалынан) жулкулдата баштады. (Харун) айтты: “О, апамдын баласы! Чынын айтайын, коом мени кордоп, (айткандарымды уккандын ордуна, кайра) өлтүрүп койо жаздады. Мени душмандарга шерменде кылба! Жана мени залым адамдардар менен бирге деп ойлобо!","(Муса) деди: «О, Раббим! Мени жана бир тууганымды Өзүң кечир! Жана бизди Өз ырайымыңа ал! Сен эң ырайымдуусуң!»","Чынында, музоону кудай кылып алгандарга жакын арада Раббисинен каар-казап жана (ушул) дүйнө жашоосунда кордук жетет! Биз (Аллахга) жалган токугандарды ушинтип жазалайбыз.","Ал эми, (чоң-кичине) күнөөлөрдү жасагандан кийин, артынан тообо кылып, ыйман келтирген адамдар болсо, чынында сенин Раббиң ошондон (тобо кылгандан) кийин Кечирүүчү, Ырайымдуу.","Мусанын ачуусу басылганда тактайларды колуна алды. Анын жазууларынын арасына Раббисинен корккон адамдар үчүн ырайым жана туура жол камтылган эле.","Анан, Муса Биздин убадалашкан убактыбыз үчүн коомунан жетимиш адамды тандады.[1] Анан аларды күрүлдөк(түү чагылган) урганда (Муса) айтты: “О, Раббим! Эгер кааласаң мени да, аларды да мындан мурдараак (коомум музоого табынганда эле) өлтүрөт элең. Эми, биздин арабыздагы акмактардын ишинин кесепетинен бардыгыбызды кыйратасыңбы?! Бул иш (Сенин музоого табынгандарды кечиришиң жана мына бул акмактардын “Аллах кечире берет экен” деп, чектен чыгып, Сага адепсиздик кылышканы) Сенин сынооңдон башка нерсе эмес. Бул сыноо менен Сен каалаганыңды туура жолго баштап, каалаганыңды адаштырасың. Сен – биздин башчыбызсың. Бизди кечир жана бизге ырайым кыл! Сен эң жакшы кечирүүчүсүң![2]###[1] Алар коомдун каймактары эле. Муса аларды ээрчитип, чогуу кечирим сураганы Аллах белгилеген убакытта, белгиленген жерге келишти. Ошондо жанагы жетимиш “акылман” Мусага “Бизге Аллахты көргөзөсүң” деп талап коюп калса болобу! Каарданган Аллах алардын кесепетинен бүт Исрайил урпактарын жүрөктү түшүргөн гүлдүрөк-чагылган менен тындым кылды!\t[2] Аллах Таала Мусанын дубасын кабыл алып, чагылган урган элди тирилтип, күнөөлөрүн кечирди.","Бизге ушул дүйнөдө жана Акыретте жакшылыктарды насип кыл! Биз (күнөөбүздү моюнга алып) Өзүңө кайттык. (Аллах) айтты: “Азабымды Өзүм каалагандарга жеткиремин жана ырайымым бардык (жандуу-жансыз, күнөөсүз-күнөөлүү) нерселерди ороп-камтып алат. Мен ал ырайымды (Аллахтан) корккон, зекетти берген жана Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдарга гана насип кыламын.","«Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (жөөттөр менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн кыйынчылыктарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар!»[1]###[1] Бул эки аят биздин пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын кабары Тооратта дагы келгенине жана бардык замандардагы яхудилер тозоктон кутулуш үчүн Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын артынан ээрчиши зарыл экенине далил болот.","Айт: “О, адамдар! Мен силердин баарыңарга жиберилген Аллахтын элчиси боломун! (Аллах) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Эми, Аллахка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Туура жолго түшүүгө үмүтүңөр болсо, ошону гана ээрчигиле.","Мусанын коомунун арасында акыйкатка баштай турган, акыйкат менен адилеттүүлүк кыла турган жамаат дагы бар.","Биз аларды уруу-уруу кылып он эки элге бөлүп жибердик. Бир кезде коому Мусадан суу сураганда, Биз Мусага: “Таягыңды ташка ургун” деп аян кабар кылдык. Кийин ал таштан он эки булак атырылды. (Муса ал булактарды он эки урууга бөлүп, белгилеп берген соң) бардык адамдар өз ичер сууларын таанышты. Кийин Биз алардын үстүнө булутту көлөкө кылып койдук. Анан дагы (ачка калышканда) аларга асмандан халваларды, бышырылган куш эттерин жаадырып: “Биз ырыскы кылып берген таза тамактардан жегиле” дедик. (Бирок, бул эл шүгүр кылууну ойлоп да койбостон, мойнундагы парыздарды аткарбастан күнөө иштерин улантты) Алар (муну менен) Бизге зулум кылышпады, өздөрүнө гана зулум кылышты.","(О, Мухаммад) эстегин, бир кезде аларга айтылды: “Мына бул шаарга (Иерусалимге) кирип, андан каалаган жериңерде (каалаган тамагыңарды) жегиле. Бирок, “кечиргин” деп, дарбазадан сажда кылып (Аллахга ыраазылык билдирип, кичипейил болуп) киргиле. (Ошентсеңер) Биз силердин катаңарды кечирип, жакшылык кылгандарды(н сообун) көбөйтөбүз”. (Аллах Исраил урпактарынын көптөгөн күнөө-каталарын кечирүү үчүн узул вазыйпаны парз кылган эле. Бирок...)","Алардын арасынан (көпчүлүк) залым адамдар («хиттатун» кечиргин деген) сөздү, өздөрүнө айтылгандан башка (“хинтатун” деген) сөзгө алмаштырып коюшту. Зулум (каапырлык) иш жасагандары себептүү Биз аларга асмандан балээ-азап жибердик.","Сен алардан (Исраил урпактарынан) деңиз жээгиндеги айыл жөнүндө сура. Ошондо алар ишемби күндөгү (Аллах тыюу салган) чектен чыгып кетишти: ишемби күндөрү балыктары толуп-толуп (суу бетинде) келе жаткан. Ишембиден башка күндөрү келбей калган. Биз аларды бузукулуктугуна жараша ушинтип сынайбыз.[1]###[1] Аллах аларга “Ишемби күндө балык уулабайсыңар” деген эрежесин парыз кылып, сыноо үчүн атайын ишемби күндөрү суу бетинде балыктарды көбөйтүп, башка күндөр жок кылып турган. Напси балээсин тыя албагандар айлакерлик кылып, тим эле Аллах билбей кала тургансып, ишемби күндө балык кармабаса да деңиз жээгине чуңкурларды оюшуп, ошого балыктарды камап, эртеси, жекшембиде кармап алышчу. Аллах ушинтип, алардын арасындагы бузукуларын сынап, тандап аларга азап жиберген. Азап жибергенге чейин Исраил урпактары үч бөлүккө ажырап калышкан:\t 1-бөлүк: Аллахты алдайм деп чекти бузган айлакерлер. Булар көпчүлүктү түзгөн.\t 2-бөлүк: Аларды бул зулумдуктан кайтаргандар.\t 3-бөлүк: Өздөрү күнөө кылбаса да заалым-кылмышкерлерди кайтарбагандар.\t Кийинки аятта 3-бөлүк – бейгам адамдар менен, 2-бөлүк – жамандыктан кайтарган такыба кишилердин арасындагы суроо-жооп баяндалат.","Бир кезде алардан бир жамаат айтты: “Эмне үчүн силер Аллах өлтүрүп, катуу жаза бере турган коомго насаат айтып жатасыңар? (Күнөөдөн кайтаргандар) айтышты: “Алардын такыба болуусун (балык уулоосун токтотуусун) үмүт кылып жана Раббиңердин алдында (“биз кайтарган элек” деп) актануу үчүн”.","(Күнөөлүү адамдар) өздөрүнө эскертилген нерсени унутуп коюшканда, жамандыктан кайтарган адамдарды куткарып, (өздөрүнө) зулум кылгандарды, бузукулуктарына жараша катуу азап менен кармадык.","Кайтарылган (күнөө) иштеринен көкбеттик менен кайтпай коюшканда Биз (аларды каргап): “Жек көрүндү маймылдарга айланып калгыла!” дедик.","Дагы, бир мезгилде Сенин Раббиң алардын үстүнө тээ Кыяматка чейин, жаман азап менен кордой турган адамдарды жиберип турарын ашкере билдирген. Чынында, сенин Раббиң тез жаза берүүчү жана чынында Ал Кечиримдүү, Боорукер.","Биз аларды жер бетинде бөлүк-бөлүк кылып тыркыратып (чачып) таштадык. Алардын арасында (Аллахтын укугун ордуна коюучу) жакшылары да бар, жакшы эместери да бар. Биз аларды (кээде) жакшылыктар, (кээде) жамандыктар менен сынадык. Кана эми, (көкбеттиктеринен ыйманга) кайтышса!","Кийин алардын артынан, Тооратты мурас кылып алган бир муун калды. Алар (Тоорат аятын бурмалап, анын акысына) жарыбаган дүйнө буюмдарын алышып: “Бизге кечирим берилет” дешет. Эгер аларга ошондой эле дүйнө буюмдары келсе, (дагы) ала беришет. (Артынан дагы “Бизди Аллах кечирет\" деп коё беришет) Акыры, алардын үстүндө: “Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөшөт” деген Китеп (Тоорат) осуяты бар эле го?! Алар Тоораттын ичиндеги аяттарын (ар дайым) окушат эле го! Акырет коргону Аллахтан корккон (такыба) адамдар үчүн жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!","Жана (алардын арасында ыйык) Китеп өкүмдөрүн бекем кармаган, намазды толук окуган адамдар да бар. Биз оңдоочулардын сообун текке кетирбейбиз.","Эстегин, Биз алардын үстүнө («Тур» деп аталган) тоону чатыр сыяктуу көтөрүп, алар “мына эми, үстүбүзгө кулап түшөт” деп ойлоп калганда: “Биз силерге берген шарият өкүмдөрүн бекем кармагыла жана такыба болууну үмүт кылсаңар, анын ичиндегилерди унутпай жүргүлө!” (дедик).","Жана эстегин, Сенин Раббиң адамзаттын (Адам-Атанын) белинен анын урпактарын чыгарды жана аларды өздөрүнө күбө кылып: “Мен силердин Раббиңер эмесминби?” дегенде алар “Ооба күбө болдук”-дешти. (Оо, Адам урпактары!) Силер Кыямат Күндө (жалгыз Раббиңе сыйындыңбы?” деп суралганыңарда) “Биз мындан кабарсыз элек” дей албай калууңар үчүн (Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз).","Же болбосо “Мурун ата-бабаларыбыз мушрик болгон экен, биз ошолордон кийинки урпактарбыз. (Оо, Аллах) Сен бизди адашкан ата-бабалар жасаган иш себептүү өлтүрөйүн (тозоко таштайын) деп жатасыңбы” (дей албай калышыңар үчүн Биз ушул күбөлүгүңөрдү алганбыз).","Биз алардын (таза табиятына жана ыйманга) кайтуусу үчүн аяттарыбызды ушундай анык баян кылуудабыз.","(Оо, Мухаммад!) Аларга (Исраил урпактарына) далилдерибизди берген (аалым) кишинин кабарын айтып бер: ал (өзү билген) далилдерди (амал кылбай) таштап койду эле, шайтан ээрчитип кетти жана адашуучулардан болуп калды.","Эгер Биз кааласак, далилдер (илим) себептүү анын даражасын көтөрүп коймокбуз. Бирок, ал жерге (жер мүлкүнө) жабышып алып, напси каалоолоруна ээрчип кетти. Анын (ач көздүгүнүн) мисалы бир итке окшойт: аны айдасаң да, жөн койсоң да тилин салаңдатып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган («аалым») адамдардын мисалы. (О, Мухаммад!) аларга (ушул сыяктуу) тамсил-икаяларды айтып бер. (Чындык жөнүндө) пикир кылышса ажеп эмес.","Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, өздөрүнө зулум кылган адамдардын мисалы кандай жаман!","Аллах кимди туура жолго баштаса, демек ал туура жол табуучу. Ал эми, кимди адаштырса, ошолор гана зыян тартуучулар!","Чынында, Биз адамзат менен жиндердин көпчүлүгүн тозок үчүн жараттык. (Анткени,) алардын жүрөктөрү бар, бирок аны менен сезбейт, көздөрү бар бирок, көргүсү келбейт, кулактары бар бирок, угушпайт. Алар айбандар сыяктуу. Жок! Андан да төмөн! Алар – (эч нерсени) туйбаган адамдар!","Аллахтын эң сонун ысымдары бар. Ага ошолор менен дуба кылгыла! Аллахтын ысымдарында (бузуктукка) оогон адамдарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат.","Биз жараткан элдердин арасында акыйкат менен туура жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар да бар.","Биздин аяттарыбызды “жалган” дегендерди өздөрү билбей-сезбей кала турган кейипте, «истидраж» кылабыз.[1]###[1] Истидраждын» мааниси даражама-даража, тепкичме-тепкич (билгизбей) көтөрүү дегенди билдирет. Аллах таала туура жолго кайтуусунан үмүт үзүлгөн каапырларга дүйнө байлыгын, ырахат-жыргалын үстөккө-босток бере берет. «Эгер мен Аллахка жакпасам буларды мага бермек беле?» деп корстон болгон ал бечара күнөөлөрдүн тепкичинен дагы жогору көтөрүлө берет.","Аларга мөөнөт берилет. Чынында Менин айлакерлигим бекем.","Алар дайым бирге жүргөн киши (Мухаммад) жинди эмес экенин ойлонушпайбы?! Ал (Раббиси тарабынан жиберилген) анык эскертүүчүдөн башка эмес.[1]###[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өз коомуна Акырет, кыямат, парыз, күнөө, сооп жөнүндө айтып, Исламга үгүт кылып чакырганда, көпчүлүк аны “эч ким сүйбөгөн нерселерди сүйлөгөн жинди-го” дешкен. Бул аят ошолорго жооп болуп, аларга Мухаммад өздөрүнүн чөйрөсүндө жашаган шериктери экенин, болгондо да алардын эң акылдууларынан, кеңеш сурап барылуучу көсөмдөрүнөн экенин, эми алардын каалоолоруна жакпаган сөздөрдү айтса эле, жиндиге чыгарып коюулары ойлонулбаган наадандык экенин эскертүүдө.","«Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы?! Андан (Курандан) кийин алар дагы кандай сөзгө ишенишет болду экен?!»","Аллах кимди адаштырып койсо, ага эч бир жол баштоочу жок! Аллах аларды дендароо болгон абалда өз адашуучулуктарына таштап коёт!","Алар сенден Кыямат жөнүндө: анын качан болору жөнүндө сурашат. Айткын: “Мунун илими Раббимдин гана алдында. Анын убактысын Өзү гана билдирет. Ал (Кыямат) асмандар жана жер (жашоочулары) үчүн оор машакаттуу иш. Ал силерге капыстан келет. Сен анык биле тургансып, сенден сурашат. Айткын: «Анын илими Раббимдин гана алдында. Бирок, көп адамдар муну билишпейт».","Айткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык болмок эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын.","Ал (Аллах) силерди бир жандан (Адам-Атадан) жараткан. Кийин аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп, андан жубайын (Обо-Энени) жаратты. Анан (Адам Ата менен Обо Эненин урпактарынан) эки жуп кошулганда, жеңил жүктүү болуп, аны менен жүрө берди.[1] Ал эми (боюндагы) оорлошкон мезгилде (бала бүткөнүн билишип) Раббисине: “Эгер бизге жакшы (соо-таза) перзент берсең шүгүр кылуучулардан болор элек” деп дуба кылышты.###[1] Бул биринчи боюна бүтүү болгондуктан, баштапкы мезгилдерде “жүктүү” болгонун сезген жок.","(Аллах) экөөнө жакшы перзент бергенде, берген нерсесинде Аллахка ширк келтиришти. Аллах алардын ширктеринен Бийик-Жогору!","Эч нерсени жаратпаган, тескерисинче, жаратылган нерселерди Аллахга шерик кылышабы?!","(Адамдар Аллахка шерик кылган башка “кудайлар”) Алар ары турсун, өздөрүнө да жардам бере албайт!","(О, мушриктер!) Эгер силер аларды (“кудайыңарды”) туура жолго чакырсаңар ээрчип келбейт (укпайт). Аларды чакырдыңарбы же унчукпай турдуңарбы, силерге эч айырмасы жок.","Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” өзүңөр сыяктуу эле пенделер. (Аллахтын макулуктары). Эгер чынчыл болсоңор, аларга дуба кылгылачы кана, жооп беришет бекен?!","Эмне, алардын жүрө турган буттары барбы? Же (күч менен) кармагыдай колдору барбы? Же көрөөр көздөрү барбы? Же болбосо, уккудай кулактары барбы?! Айткын: “Аллахга шерик кылган “кудайыңарга” дуба кыла бергиле дагы, эч нерсеге карабай (мага каршы) айлакерлигиңерди баштай бергиле” (бирок, колуңардан эч нерсе келбейт!)","(Анткени,) Менин коргоочум – Аллах! Ал (мага асмандан) Китепти түшүргөн. Ал салих адамдарга жардам берет.","Аллахтан башка силер дуба кыла турган “кудайлар” силерге да, өздөрүнө да жардам бере албайт.","Эгер аларды туура жолго чакырсаңар – укпайт. Карасаң, сага «карап» эле турушат, бирок көрүшпөйт.","(О, Мухаммад!) Кечиримдүү бол жана (адамдарды эң жакшы) касиеттерге буюр жана наадандардан ыраак бол!","Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!","Чынында, такыба адамдарды шайтан азгырыгы кармаганда (ошол замат) Аллахты эстешип (туура жолду) көрө башташат.","Ал эми, алардын (шайтандардын) достору болсо, адашуучулукта аларга (шайтандар) жардамчы болушуп, (күнөөлөрүн) эч токтотушпайт.","Сен (алар сураган) далил-мужизаны келтирбегенде “Өзүң эле жасап койбойсуңбу?” дешти. Айткын: “Мен Раббим тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчийм. Бул (Куран) Раббиңер тарабынан келген (бардык жакшылыктарды көргөзүүчү) жышаан-белгилер жана ыймандуулар үчүн туура жол, ырайым!","(О, адамдар!) Куран окулганда, ага кулак салгыла жана сүкүт чалып тургула! Аллахтын ырайымына бөлөнсөңөр ажеп эмес!","(О, Мухаммад!) Раббиңди эртели-кеч өзүңчө (ыклас менен), жалбарып, коркуп жана ашкере кыйкырбай зикир кылгын жана (Аллахты) унутуп коюучулардан болбогун.","Чынында, Раббиңдин алдындагылар (периштелер) деле Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт, Аны даңазалашат жана Ага сажда кылышат.[1]###[1] Бул аят сажда аяты болгону себептүү аны окуган жана уккан адамга бир ирет сажда кылуу важып болот.","(О, Мухаммад!) Сенден олжолор жөнүндө сурашат. Айткын: Олжолор Аллах жана анын пайгамбарына тиешелүү. Эми, Аллахтан коркуп, өз ара мамилеңерди оңдоп, эгер ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунгула.","Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыйманын көбөйтөт[1] жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.###[1] Ушул аят ыймандын көбөйүп-азайып туруусуна далил болот.","(Дагы) алар намаздарын кемчиликсиз окушуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден садага кылышат.","Ошолор гана чыныгы ыймандуулар! Аларга Раббисинин алдында (бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана көп ырыскылар бар.","Ошол сыяктуу Раббиң сени акыйкат менен үйүңдөн (согушка) чыгарганда, ыймандуулардан кээ бирөөлөрү муну жактырбай турушту.[1]###[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам мушриктердин кербени Шамдан (азыркы Сирия, Палестина өлкөлөрү) кайтып келе жатканын угуп, аны колго алуу үчүн үч жүз он чамалуу сахабалары менен чыкканда, мушриктердин кербен башчысы Абу Суфян муну билип калат жана Меккеге кабар жиберет. Мекке мушриктери кербенин коргоп калуу үчүн миң чактуу кол менен Мединаны көздөй басат. Алар “Бадр” деген жерге жетип келгенде, Аллах Өз пайгамбарына кербенди жөн коюп, мушрик аскерлери менен беттешүүгө буюрат. Бул илахий кабарды өзү менен чыккандарга билдиргенде кээ бир сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси! Курал-жарагы менен, камданып келген аскерге туруштук бере албайбыз. Андан көрө, мына бул кербенди колдон чыгарбайлычы”- дешип кербенди колго алууну каалашат.","(Аллахтын өкүмү) Анык болгондон кийин деле, алар өлүмгө айдалып баратканын карап тургансып, сени менен талашып жатышат!","Аллах силерге эки тайпанын бирөөсүн[1] (олжо) болуусун убада кылды эле, силер курал-жарагы жогунун өзүңөр үчүн болушун кааладыңар. Аллах болсо, (силер каалагандан башканы:) Өзүнүн (өкүм) сөздөрү менен акыйкатты орундатууну жана каапырлардын “артын кыркып коюуну” каалады.[2]###[1] Же мушриктердин кербенин же аскерлерин.\t[2] Анткени, аскерлердин арасында мушриктердин эң ашынгандары, башчылары, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга жана Исламга өтө кас болгондору бар эле. Аллах ошолорду өлтүрүп, “каапырлардын артын кыркып” азайтып, алсыздандырууну каалады.","Күнөөкөр-мушриктер жаман көрсө да, (Аллах) жалганды жоюп, акыйкатты орнотуу үчүн (ушундай болуусун каалады).","Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берип, (пайгамбарына): “Мен силерди удаама-удаа (келүүчү) миң периште менен кубаттаймын” деди.","Муну Аллах (силердин рухуңарга) шаттык (деми) кылып жана аны менен жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн жасады. Жеңиш - Аллахтан гана. Чынында Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.","Ошондо, (Аллах) силерди, Өзү тарабынан тынчтык-бейпилдик болуусу (жана жүрөгүңөрдөн коркууну кетирүү) үчүн (көз ирмемдик) уйку менен ороду жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден Шайтан азгырыгын кетирип, таза-аруу кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды.","Ошондо, (о, Мухаммад) сенин Раббиң периштелерге: “Мен силер менен биргемин. Эми, ыймандуу адамдарды шыктандыргыла! Мен тез эле каапырлардын жүрөгүнө коркуу саламын, силер дагы алардын моюндарына чаап, ар бир манжаларын кесип таштагыла!” - деп аян-кабар кылды.","Мунун себеби; алар (каапырлар) Аллахка жана пайгамбарына каршы согушту. Ким Аллах жана пайгамбары менен согушса, (билип алгыла) чынында, Аллахтын азабы катуу!","Ушул силердин жазаңар! Аны(н азабын) таткыла! Акыйкатта, каапырларга тозок азабы бар!","Оо, ыймандуулар! Эгер чабуулга өткөн каапырларга жолуксаңар, аларга артыңарды салып качпагыла!","Ким ошол күндө аларга артын салса, Аллахтын каар-казабын сатып алган болот жана жайы тозок! Ал кандай жаман орун! Бирок, согуш эрежесин өзгөртүү же болбосо, (башка бир) жамаатка кошулуу максатында артын салса (анда качкан болуп эсептелбейт жана күнөө да болбойт).","(О, ыймандуулар!) Аларды силер өлтүрбөдүңөр бирок, Аллах өлтүрдү. (О, Мухаммад) атканда сен атканың жок, Аллах атты. Өзү тарабынан момундарга жакшы сыноо болсун үчүн (ушинтти).[1] Чынында - Аллах Угуучу, Билүүчү.###[1] Согуш жүрүп жатканда пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам чатырга кирип, Аллахка дуба кылып чыгат жана бир ууч топуракты алып, мушриктер тарапка чачып жиберет, Аллах Өз кудурети менен ал топуракты учуруп барып ар бир мушрик аскеринин оозуна жана көзүнө толтурат. Ушундан соң алар алсызданып калышат.","Ушул жеңишиңер (Аллахтан). Аллах акыйкатта, каапырлардын амалдарын алсыратуучу.","(Эй, мушриктер!) Эгер Аллахтан («качан азап түшүрөт» деп) сурасаңар, мына, силерге (каршы) жеңиш келди. Эгер (туура жолго тоскоол болуудан) токтолсоңор бул силерге жакшы. Эгер (согушка) кайтсаңар, биз дагы кайтабыз. Анда жамаатыңар канчалык көп болсо да, силерге эч жардам бере албайт. Чынында, Аллах ыймандуулар менен бирге!","О, ыйман келтиргендер! Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула жана (Курандагы “моюн сунгула” деген буйрукту) угуп туруп андан жүз бурбагыла.","Укпай туруп “уктук” деген адамдардан[1] болбогула!###[1] Булар Ислам өкүмдөрүн аткарбай туруп тил учунда эле “мен мусулманмын” деген анткорлор.","Аллахтын назарында айбандардан да эң жаманы (чындыкты) укпаган, (акыйкатты) сүйлөбөгөн акылсыздар.","Эгер Аллах алардан бир жакшылык болоорун билгенде (акыйкатты) уга турган кылып коймок. Эгер уга турган кылып койсо деле, (акыйкаттан) жүз буруп кетмек.","О, ыйман келтирген пенделер! Силерге жашоо бере турган нерсеге (ибадатка) чакырганда, Аллах менен пайгамбарына (дароо) жооп бергиле! Билип койгула, Аллах адам менен (анын) жүрөгүнүн арасын тосуп койот.[1] Чынында, бардыгыңар Анын Өзүнө чогуласыңар.###[1] Дааватты биринчи жолкусунда кабыл албай экиленсе, же кабыл албай койсо, кийин кабыл алышы өтө оор. Анткени, биринчисинде кабыл албаганынын жазасына Аллах аны менен жүрөгүнүн арасын тосуп койгон. Кабыл алайын дейт, бирок, жүрөк кургур баш бербейт. Бул – азап. Ошондуктан адам-пенде ар дайым: “О, Аллах! Оо, жүрөктөрдү өзгөртүп, оодарып туруучу Кудай! Менин жүрөгүмдү Өз диниңде бекем кылгай элең!” деп дуба кылып жүрүшү зарыл.","Жана силердин араңардагы залым (күнөө) кылгандардын өзүнө гана тийбей (барыңарга тегиз тие) турган азаптан[1] корккула! Аллахтын азабы катуу!###[1] Эгер коомдо күнөөлүүлөр көп болсо жана башкалар алардын күнөөсүн токтотууга аракет кылбаса, Аллахтын азабы бардыгына жалпысынан тиет.","(О, ыймандуулар!) Эстегиле, бир кезде силер аз, жер бетинде алсыз-байкуш жана адамдар силерди басып-тоноп кетишинен корккон абалда элеңер. Кийин Аллах силерге (Мединадан) орун-очок берип, Өз жардамы менен колдоп, силерге таза нерселерди ырыскы кылып берди.(Ушуларга) шүгүр кылсаңар кана!","О, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын пайгамбарына жана силерге ишенип тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла![1]###[1] Адам баласы өз каалоосу менен ыйман келмесин айтып, Ислам динин кабыл алганда, Исламда (Куранда) айтылган бардык өкүмдөрдү аткарууга Аллах менен пайгамбарын ишендирген, башкача айтканда өз мойнуна аманат алган болот. Кийин эгер ал Куран өкүмдөрүн бузса – бул анын Аллахка жана пайгамбарына кыянат кылганы. Ошондой эле, мусулман пенде башка мусулман пенделеринин аманаттарына, убадаларына да кыянат кылбоосу – парыз.","Билип койгула, чынында силердин мал-дүйнөңөр жана бала-чакаңар – бул сыноо (гана). Акыйкатта, Аллахтын алдында Улук сооп бар.","О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук артыкчылык ээси.","(О, Мухаммад) эстегин, каапырлар (бир кезде) сени (журтуңда) калтырууга, же өлтүрүүгө, же болбосо, сүргүн кылууга айла издешкен. Алар айлакерлик кылышат, Аллах да айлакерлик кылат. Аллах айлакерлердин мыктысы.[1]###[1] Абу Жахл бин Хишам башчылыгындагы мушриктердин башчылары Меккеде исламдык дааватка чекит коюу үчүн түндөрдүн биринде масилетке чогулушат. “Эмне кылабыз, – дешет алар – ата-бабаларыбыздын динине, каада-салтына каршы болгон мына бул Мухаммадды жөн койобузбу, өлтүрөбүзбү же сүргүн кылып таштайлыбы?” Ошондо алар Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды айлакерлик менен өлтүрүү долбоорун түзүшөт. Долбоор боюнча курайш урууларынын бардыгынан бирден жигит тандап алышып, кылыч менен куралдандырылат. Бардыгы эл аягы тынганда Мухаммаддын үйүнө барып, ага бир адам сыяктуу кол салышмак болот. Ошондо анын каны (куну) урууларга тарап кетмек жана Бану Хашим (Мухаммаддын уруусу) жанга-жан алалбай, кун пулун алуу менен тынчтанып калмак. Мына ушул кутумду аткарганы желдеттер жолго чыкканда, Аллах Өз пайгамбарына окуянын кабарын билдирет жана эмне кылуу керектигин үйрөтөт. Алар келгенде Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам, капыстан бет маңдайдан чыга калып, аларга топурак чачып жиберет. Аллахтын кудурети менен бардыгынын көздөрүнө чаң толуп, абдырап, көрбөй калганда Аллахтын элчиси чыгып кетет. Ушул кетиште досу Абу Бакр экөө туп-туура Мединага барып, Аллах аны жана башка мусулмандарды мединалык ансарилер менен кубаттандырат. Ал жерде күч жыйнап, бир нече жылдан соң кайра келип, ата журту Меккени фатх кылат. Ошентип, Аллахтын айлакерлиги мушриктердин амалкерлигинен жогору келет.","Эгер аларга Биздин аяттарыбыз окулса: “Биз укканбыз. Эгер кааласак буга окшогонду биз деле айта алабыз. Бул байыркылардын жомокторунан башка нерсе эмес” дешет.[1]###[1] Бирок, алар жалган айтып жатышат. Аллах Өз пайгамбарына: “Айткын, оо, Мухаммад. Эгер алар Куран Биздин сөзүбүз экенине күмөндө болушса ушуга окшогон бир гана сүрө келтиришсин” деп сөз жарышка чакырганда эч бири жооп бере албай калышкан болчу. Бул алардын көкбеттиги. Эмне дээрин билбестен эми, “Куран байыркылардын жомогу” деп жатышат. Эмне, байыркылар айтканды кийинкилер айта албайт бекен? Жомок болсо, ошого окшотуп айтышсынчы, кана?! Анын үстүнө Куран сыяктуу, акындарды алсыз калтырган кереметти, эч кимден дарс албаган, сабатсыз Мухаммад кайдан жаза алмак. Баса, ал жазуу тургай, окууну да билбеген сабатсыз эле го!","Бир кезде алар: “Оо, Аллах! Эгер мына бул (Мухаммад айтып жаткан сөздөр) Сенин алдыңдан келген Акыйкат (экени чын) болсо, асмандан үстүбүзгө таш жаадыр же бизге жан ооруткан азап жибер!” – дешти.","(О, Мухаммад,) Сен алардын арасында экениңде, Аллах аларды азаптабайт. Алар (тообо кылып) күнөөлөрүнө (Аллахтан) кечирим сурашса да Аллах аларды азаптабайт.","(Бирок,) Алар (мусулмандарды) Масжид ал-Харамдан тосуп жатса Аллах аларды азаптабай коймок беле?! Алар Аллахтын олуялары эмес! Анын олуялары такыба адамдар. Бирок, көбү (муну) билишпейт.","Алардын “Байтуллах” (Ал-Харам) алдындагы “намаздары” ышкырык жана кол чабуудан башка эмес эле! Эми, (эй, мушриктер!) каапыр болгонуңарга жараша азапты(н даамын) таткыла!","Каапырлар (адамдарды) Аллахтын жолунан тосуу үчүн мал-дүйнөлөрүн жумшашат. Дагы эле жумшай беришет, бирок кийин (бул иштери) өз баштарына өкүнүч болот. Кийин… жеңилишет! Каапырлар (Акыретте) тозокко чогултулат,","Аллах ыпыластарды таза-аруулардан ажыратып алып, бири-бирине кабаттап, жыйнап, бардыгын тозокко салуусу үчүн. Ошолор анык зыян тартуучулар!","(О, Мухаммад), каапырларга айт: Эгер (душмандыгын) токтотушса, өткөн күнөөлөрү кечирилет. Эгер улантышса, (билип коюшсун:) мурункулардын жолу өткөн![1]###[1] Алардан мурда да нечендеген мушрик коомдор Аллахтын эскертүүсүн кулактарынын сыртынан кетирип, душмандыктарын улантышканда Аллах алардын үстүнө апаат-балээлерди жиберип азаптаган.","(Оо, ыймандуулар) каапырларга каршы,(жер бетинде) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) калбай калганга чейин жана дин-өкүмдүн бардыгы Аллахка таандык болгонго чейин согуша бергиле. Эгер токтотушса, Аллах жасаган иштерин Көрүүчү.","А, эгер (Аллахка моюн сунуудан) жүз бурушса, билгиле, силердин башчыңар – Аллах! Ал мыкты Башчы жана мыкты Жардамчы!"]