Сүрө 107

Маун

Q

Жардам

7 аят |МеккеМекке
Сүрө 107 • Аят 1 / 7 • Пара 308⁄8 • Бет 602
Маун
2
1
أَرَءَيْتَ ٱلَّذِى يُكَذِّبُ بِٱلدِّينِ‮١‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле?!
2
فَذَٰلِكَ ٱلَّذِى يَدُعُّ ٱلْيَتِيمَ‮٢‬‬‬
Хакимов
Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам!
3
وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلْمِسْكِينِ‮٣‬‬‬
Хакимов
Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес.[1]

[1] Кийинки аяттарда Аллах таала кээ бир адамдар намаз окуса деле... тозокко түшүп калуусун айтат. Ал кандай адамдар экен? Жооп кийинки аятта.
4
فَوَيْلٌ لِّلْمُصَلِّينَ‮٤‬‬‬
Хакимов
(Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!
5
ٱلَّذِينَ هُمْ عَن صَلَاتِهِمْ سَاهُونَ‮٥‬‬‬
Хакимов
Алар намаздарын унутуп коюшат.[1]

[1] «Намазды унутуп коюу” деп өз убактысынан себепсиз кечиктирүү, парыздарын, шарттарын кемитип окуу сыяктуу күнөөлөргө айтылат.
6
ٱلَّذِينَ هُمْ يُرَآءُونَ‮٦‬‬‬
Хакимов
Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия[1] кылышат.

[1] «Рия» - бул эл көрсүнгө жасалган ибадат. Рия от сыяктуу. Ибадаттын соопторун күйдүрүп жиберет.
7
وَيَمْنَعُونَ ٱلْمَاعُونَ‮٧‬‬‬
Хакимов
Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат.