Сүрө 106
Курайш
O
Курайш
4 аят |
Мекке
Сүрө 106 • Аят 1 / 4 • Пара 308⁄8 • Бет 602
Курайш
2
1
لِإِيلَٰفِ قُرَيْشٍ١
Хакимов
Курайштын ынтымагы үчүн![1]
[1] Меккеде түшкөн жана төрт аяттан турган бул сүрө, «Фил» сүрөсүнүн уландысы сыяктуу Кааба менен Абраханын окуясынан соң бүт араб дүйнөсүндө Каабанын тегерегинде жашаган Курайш уруусунун урматы, болуп көрбөгөндөй көкөлөдү. Адамдар Курайшка кол салуунун акыбети жаман болушун көрүштү. Эми Курайш кербендери жай айларында Шамга Сирияга) кыш мезгилинде Йеменге каттачу болсо, илгеркидей жолтосор-каракчылардан коркпойт. Өзүнүн болочок пайгамбарынын уруусу-Курайш үчүн ынтымак жашоо шартын Аллах таала ушинтип түзүп берди.
2
إِۦلَٰفِهِمْ رِحْلَةَ ٱلشِّتَآءِ وَٱلصَّيْفِ٢
Хакимов
Кыш жана жай мезгилиндеги сапарында алардын ынтымак-тынчтыгы үчүн!
3
فَلْيَعْبُدُواْ رَبَّ هَٰذَا ٱلْبَيْتِ٣
Хакимов
Эми, алар (ар кандай таш-кудай, жыгач-кудайларын таштап, өздөрүнө ынтымак жашоо тартуулаган) ушул Үйдүн (Каабанын) Раббисине гана ибадат кылышсын!
4
ٱلَّذِىٓ أَطْعَمَهُم مِّن جُوعٍ وَءَامَنَهُم مِّنْ خَوْفٍ٤
Хакимов
Ал (Рабби) каатчылыкта аларды тамактандырды жана коркунуч(тар)дан аман сактады!