Сүрө 82

Инфитар

c

Жарылуу

19 аят |МеккеМекке
Сүрө 82 • Аят 1 / 19 • Пара 303⁄8 • Бет 587
Инфитар
ﻉ524Пара 30 3⁄8 • Бет 587524ﻉ
2
1
۞ إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتْ‮١‬‬‬
Хакимов
Асман жарылып,
2
وَإِذَا ٱلْكَوَاكِبُ ٱنتَثَرَتْ‮٢‬‬‬
Хакимов
Жылдыздар төгүлүп,
3
وَإِذَا ٱلْبِحَارُ فُجِّرَتْ‮٣‬‬‬
Хакимов
деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда...
4
وَإِذَا ٱلْقُبُورُ بُعْثِرَتْ‮٤‬‬‬
Хакимов
Жана мүрзөлөр оодарылганда...
5
عَلِمَتْ نَفْسٌ مَّا قَدَّمَتْ وَأَخَّرَتْ‮٥‬‬‬
Хакимов
(Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат.[1]

[1] Кыяматта мүрзөлөр оодарылып, ичиндеги өлүктөргө жан киргизилип, жер сыртына чыгарылат. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам “Силер ал күнү) жылаңайлак, жылаңач, “сүннөт” кылынбаган абалда сот-сурак майданына) чогултуласыңар” деген. “Мишкатул масаабих”. 3/75. 5535-хадис).
6
يَٰٓأَيُّهَا ٱلْإِنسَٰنُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ ٱلْكَرِيمِ‮٦‬‬‬
Хакимов
Оо, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду?!
7
ٱلَّذِى خَلَقَكَ فَسَوَّىٰكَ فَعَدَلَكَ‮٧‬‬‬
Хакимов
Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле!
8
فِىٓ أَىِّ صُورَةٍ مَّا شَآءَ رَكَّبَكَ‮٨‬‬‬
Хакимов
Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган!
9
كَلَّا بَلْ تُكَذِّبُونَ بِٱلدِّينِ‮٩‬‬‬
Хакимов
Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер!
10
وَإِنَّ عَلَيْكُمْ لَحَٰفِظِينَ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар!
11
كِرَامًا كَٰتِبِينَ‮١١‬‬‬
Хакимов
(Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар!
12
يَعْلَمُونَ مَا تَفْعَلُونَ‮١٢‬‬‬
Хакимов
Силердин бардык ишиңерди билип турушат.
13
إِنَّ ٱلْأَبْرَارَ لَفِى نَعِيمٍ‮١٣‬‬‬
Хакимов
Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде.[1]

[1] Бул жерде «жакшы кишилер» деп Аллахтын жана адамдардын укугун таанып, аларга кыянат кылбаган жана жаман ойду ойлобогон, жаман иштерди жасабаган кишилерге айтылган.
14
وَإِنَّ ٱلْفُجَّارَ لَفِى جَحِيمٍ‮١٤‬‬‬
Хакимов
Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат!
15
يَصْلَوْنَهَا يَوْمَ ٱلدِّينِ‮١٥‬‬‬
Хакимов
Алар ага (тозокко) сурак күнү ташталат!
16
وَمَا هُمْ عَنْهَا بِغَآئِبِينَ‮١٦‬‬‬
Хакимов
Анан андан чыга алышпайт!
17
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا يَوْمُ ٱلدِّينِ‮١٧‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?
18
ثُمَّ مَآ أَدْرَىٰكَ مَا يَوْمُ ٱلدِّينِ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?[1]

[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам кайып кабарларын Алла тааладан вахий аркылуу кабар келмейинче, өз алдынча билген эмес.
19
يَوْمَ لَا تَمْلِكُ نَفْسٌ لِّنَفْسٍ شَيْـًٔا ​ۖ وَٱلْأَمْرُ يَوْمَئِذٍ لِّلَّهِ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Ал күнү (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллахтын ыктыярында!