Сүрө 96
Алак
4
Лакта кан
19 аят |
Мекке
Сүрө 96 • Аят 1 / 19 • Пара 307⁄8 • Бет 597
Алак
2
1
ٱقْرَأْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلَّذِى خَلَقَ١
Хакимов
Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен![1]
[1] «Алактын» мааниси «Уюган кан». Куран аяттарынын ичинде эң биринчи түшкөнү менен өзгөчөлөнгөн бул сүрөнүн дагы бир аталышы «Икроь».
2
خَلَقَ ٱلْإِنسَٰنَ مِنْ عَلَقٍ٢
Хакимов
Ал инсанды уюган кандан жаратты.
3
ٱقْرَأْ وَرَبُّكَ ٱلْأَكْرَمُ٣
Хакимов
Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!
4
ٱلَّذِى عَلَّمَ بِٱلْقَلَمِ٤
Хакимов
Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү.
5
عَلَّمَ ٱلْإِنسَٰنَ مَا لَمْ يَعْلَمْ٥
Хакимов
Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди.
6
كَلَّآ إِنَّ ٱلْإِنسَٰنَ لَيَطْغَىٰٓ٦
Хакимов
Жок! Чынында, инсан чектен ашат
7
أَن رَّءَاهُ ٱسْتَغْنَىٰٓ٧
Хакимов
өзүн бай-беймуктаж көргөндө![1]
[1] Раббисин жана Акыреттеги сот-суракты унутат. Өзү унутканы жетпегендей, башкаларды дагы жолдон урат, сооп иштерден, намаздан тыят.
8
إِنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلرُّجْعَىٰٓ٨
Хакимов
Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана.
9
أَرَءَيْتَ ٱلَّذِى يَنْهَىٰ٩
Хакимов
Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
10
عَبْدًا إِذَا صَلَّىٰٓ١٠
Хакимов
намаз окуган пендеге?
11
أَرَءَيْتَ إِن كَانَ عَلَى ٱلْهُدَىٰٓ١١
Хакимов
Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо...
12
أَوْ أَمَرَ بِٱلتَّقْوَىٰٓ١٢
Хакимов
Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса…
13
أَرَءَيْتَ إِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰٓ١٣
Хакимов
(Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе?
14
أَلَمْ يَعْلَم بِأَنَّ ٱللَّهَ يَرَىٰ١٤
Хакимов
Билбейби ал Аллах көрүп турганын?!
15
كَلَّا لَئِن لَّمْ يَنتَهِ لَنَسْفَعًۢا بِٱلنَّاصِيَةِ١٥
Хакимов
Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз!
16
نَاصِيَةٍ كَٰذِبَةٍ خَاطِئَةٍ١٦
Хакимов
Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан!
17
فَلْيَدْعُ نَادِيَهُۥ١٧
Хакимов
Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин!
18
سَنَدْعُ ٱلزَّبَانِيَةَ١٨
Хакимов
Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз!
19
كَلَّا لَا تُطِعْهُ وَٱسْجُدْ وَٱقْتَرِب ۩۩١٩
Хакимов
Жок, сен ага[1] моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол![2]
[1] Намаздан тоскон адамга.
[2] Бул аят Ыйык Курандагы он төрт орунда келчү сажда аяттарынын бири.