Сүрө 97
Кадр
6
Кадыр түнү
5 аят |
Мекке
Сүрө 97 • Аят 1 / 5 • Пара 307⁄8 • Бет 598
Кадр
2
1
إِنَّآ أَنزَلْنَٰهُ فِى لَيْلَةِ ٱلْقَدْرِ١
Хакимов
Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.
2
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا لَيْلَةُ ٱلْقَدْرِ٢
Хакимов
Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?![1]
[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам не окууну, не жазууну билбеген сабатсыз уммий) киши эле. Ага бардык илимди, ошонун арасынан Кадыр түнү жөнүндөгү илимди да Аллах тааланын Өзү Жебирейил периште аркылуу үйрөткөн.
3
لَيْلَةُ ٱلْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ٣
Хакимов
Кадыр түнү миң айдан да жакшы.
4
تَنَزَّلُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمْرٍ٤
Хакимов
(Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.
5
سَلَٰمٌ هِىَ حَتَّىٰ مَطْلَعِ ٱلْفَجْرِ٥
Хакимов
Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)![1]
[1] Анткени, бул түнү Рамазан айынын бардык түндөрү сыяктуу, адамдарды азгыра турган шайтандар кишенделген болот.