Сүрө 99
Залзаля
A
Зилзала
8 аят |
Мадина
Сүрө 99 • Аят 1 / 8 • Пара 307⁄8 • Бет 599
Залзаля
2
1
إِذَا زُلْزِلَتِ ٱلْأَرْضُ زِلْزَالَهَا١
Хакимов
Жер катуу титирегенде
2
وَأَخْرَجَتِ ٱلْأَرْضُ أَثْقَالَهَا٢
Хакимов
жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда…[1]
[1] Бул аяттар Кыямат кайымдын болоор алдындагы алааматтар жөнүндө баян. Ошондо жер катуу титирегенден улам анын ичиндеги өлүктөр жана кен байлыктардан турган “жүктөр” сыртына чыгып калат.
3
وَقَالَ ٱلْإِنسَٰنُ مَا لَهَا٣
Хакимов
Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт.
4
يَوْمَئِذٍ تُحَدِّثُ أَخْبَارَهَا٤
Хакимов
Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт.
5
بِأَنَّ رَبَّكَ أَوْحَىٰ لَهَا٥
Хакимов
Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.[1]
[1] Жер дагы Кыяматта күбөгө өтүүчү макулуктардын бири. Аллах “сүйлө” деп буюрганда, ал өзүнүн үстүндө ким эмне иш жасаганын айтып берет.
6
يَوْمَئِذٍ يَصْدُرُ ٱلنَّاسُ أَشْتَاتًا لِّيُرَوْاْ أَعْمَٰلَهُمْ٦
Хакимов
Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет.
7
فَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُۥ٧
Хакимов
Жана ким кыпын салмагындай[1] жакшылык кылган болсо – аны көрөт
[1] Бул аяттагы مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ мискаала зарратин) деген сөздү "кыпындай" деп которуу анын маанисин толук ачып бере албайт. Аяттагы مِثۡقَالَ "мискаала" деген сөз салмакты түшүндүрөт. Бул маани өз кезегинде кыяматтагы таразага ишаарат.
8
وَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُۥ٨
Хакимов
жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо – ошону көрөт.