Сүрө 101
Кариа
E
Согуш
11 аят |
Мекке
Сүрө 101 • Аят 1 / 11 • Пара 308⁄8 • Бет 600
Кариа
2
1
ٱلْقَارِعَةُ١
Хакимов
Кориьа!
2
مَا ٱلْقَارِعَةُ٢
Хакимов
Кориьа эмне өзү?![1]
[1] «Кориьа» - бул кыяматтын бир аталышы. Сөздүктөгү мааниси «жүрөктөрдү түшүүрүчү дүрбөлөң» дегенди билдирет.
3
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلْقَارِعَةُ٣
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң!
4
يَوْمَ يَكُونُ ٱلنَّاسُ كَٱلْفَرَاشِ ٱلْمَبْثُوثِ٤
Хакимов
Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.[1]
[1] Тозуган түңкү көпөлөктөр эмне кылганын билбей, жабалактап өзүн отко ура берет. Демек, кыямат дүрбөлөңү башталганда инсандар эс-акылынан танып, бири-бирин басып-тебелеп туш-тушуна тозуп кетишет. Тозубай болобу?! Асман жарылып, жер титиреп, деңиздер өрттөнүп, жылдыздар төгүлүп турса!!!
5
وَتَكُونُ ٱلْجِبَالُ كَٱلْعِهْنِ ٱلْمَنفُوشِ٥
Хакимов
Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!
6
فَأَمَّا مَن ثَقُلَتْ مَوَٰزِينُهُۥ٦
Хакимов
Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,
7
فَهُوَ فِى عِيشَةٍ رَّاضِيَةٍ٧
Хакимов
ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот.
8
وَأَمَّا مَنْ خَفَّتْ مَوَٰزِينُهُۥ٨
Хакимов
Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,
9
فَأُمُّهُۥ هَاوِيَةٌ٩
Хакимов
анын энеси – «Хаавия!»
10
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا هِيَهْ١٠
Хакимов
(Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң.
11
نَارٌ حَامِيَةُۢ١١
Хакимов
Ал – катуу кызытылган тозок!