Сүрө 80

Абаса

Y

Ачууланды

42 аят |МеккеМекке
Сүрө 80 • Аят 1 / 42 • Пара 302⁄8 • Бет 585
Абаса
ﻉ522Пара 30 2⁄8 • Бет 585522ﻉ
2
1
۞ عَبَسَ وَتَوَلَّىٰٓ‮١‬‬‬
Хакимов
(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды,[1]

[1] Сүрөнүн түшүү себеби төмөндөгүчө Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккенин этибарлуу байларын динге даават кылып отурганда, шариятка өтө берилген, өзүн ширктен жана башка чоң күнөөлөрдүн тазалаган Абдуллах ибн Умм-Мактум деген сокур киши келип, бир маселе сурайт. Ал пайгамбардын бош эмес экенин көрбөгөн. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам болсо, сөзүнүн бөлүнгөнүнө ачууланып, кабагын бүркөп, жооп бербей, байлар менен сүйлөшүүсүн улантат. Бирок, бул байлар жанагы сокур киши сыяктуу күнөө иштерден өздөрүн тазалабаган, динге өзү умтулуп келбеген кишилер эле. Аллах таала пайгамбарынын бул жоругунун ката экенин эскертип, аны жемелеп, ушул сүрөнү түшүргөн. «Абаса» «кабак бүркөдү», «маңдайын тырыштырды» деген мааниде.
2
أَن جَآءَهُ ٱلْأَعْمَىٰ‮٢‬‬‬
Хакимов
алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде.
3
وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ‮٣‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр!
4
أَوْ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكْرَىٰٓ‮٤‬‬‬
Хакимов
Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?!
5
أَمَّا مَنِ ٱسْتَغْنَىٰ‮٥‬‬‬
Хакимов
Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)
6
فَأَنتَ لَهُۥ تَصَدَّىٰ‮٦‬‬‬
Хакимов
сен ошо(лор)го бурулуп алдың!
7
وَمَا عَلَيْكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ‮٧‬‬‬
Хакимов
(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң.
8
وَأَمَّا مَن جَآءَكَ يَسْعَىٰ‮٨‬‬‬
Хакимов
Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам…
9
وَهُوَ يَخْشَىٰ‮٩‬‬‬
Хакимов
(Аллахтан жана кыямат күндөн) коркот эле.
10
فَأَنتَ عَنْهُ تَلَهَّىٰ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Сен андан алагды болуп калдың!
11
كَلَّآ إِنَّهَا تَذْكِرَةٌ‮١١‬‬‬
Хакимов
Жок! (Оо, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллах тарабынан) эскерме-сабак.
12
فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ‮١٢‬‬‬
Хакимов
Ким кааласа – аны эскерет.[1]

[1] Кийинки аяттарда Аллах таала бул аяттардын кадырын, пакизалыгын жана улуулугун баяндайт.
13
فِى صُحُفٍ مُّكَرَّمَةٍ‮١٣‬‬‬
Хакимов
(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да,
14
مَّرْفُوعَةٍ مُّطَهَّرَةٍ‮١٤‬‬‬
Хакимов
(Лавхул Махфуз) Таза–Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору.
15
بِأَيْدِى سَفَرَةٍ‮١٥‬‬‬
Хакимов
(Жана) периштелердин колунда.
16
كِرَامٍ بَرَرَةٍ‮١٦‬‬‬
Хакимов
(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)
17
قُتِلَ ٱلْإِنسَٰنُ مَآ أَكْفَرَهُۥ‮١٧‬‬‬
Хакимов
Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты?!
18
مِنْ أَىِّ شَىْءٍ خَلَقَهُۥ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Ал (Аллах) аны эмнеден жаратты эле?!
19
مِن نُّطْفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Бир тамчы (бел) суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган.
20
ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду[1] оңой кылып берди.

[1] Дүйнө – тиричилик жолдорун оңой-жеңил кылды. Ал эми, кааласа диний багытта эң оңой, эң жеңил дин менен Аллахтын ыраазычылыгын таба турган кылды.
21
ثُمَّ أَمَاتَهُۥ فَأَقْبَرَهُۥ‮٢١‬‬‬
Хакимов
Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду.
22
ثُمَّ إِذَا شَآءَ أَنشَرَهُۥ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
Андан соң Өзү каалаган кезде (кыяматта) кайрадан тирилтип алат.
23
كَلَّا لَمَّا يَقْضِ مَآ أَمَرَهُۥ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
Жок! Ал өзүнө (Аллах) буюрган парыздарды эч аткарбады!
24
فَلْيَنظُرِ ٱلْإِنسَٰنُ إِلَىٰ طَعَامِهِۦٓ‮٢٤‬‬‬
Хакимов
Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы?![1]

[1] Кайдан келди алар?! Кантип жаралды?! Өзү жаратып алдыбы?! Жок! Бардыгы Аллахтын нээматтары!
25
أَنَّا صَبَبْنَا ٱلْمَآءَ صَبًّا‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык!
26
ثُمَّ شَقَقْنَا ٱلْأَرْضَ شَقًّا‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Андан соң жерди жарып,
27
فَأَن​ۢبَتْنَا فِيهَا حَبًّا‮٢٧‬‬‬
Хакимов
(ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк:
28
وَعِنَبًا وَقَضْبًا‮٢٨‬‬‬
Хакимов
жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү,
29
وَزَيْتُونًا وَنَخْلًا‮٢٩‬‬‬
Хакимов
зайтундарды, курмаларды,
30
وَحَدَآئِقَ غُلْبًا‮٣٠‬‬‬
Хакимов
коюу бактарды,
31
وَفَٰكِهَةً وَأَبًّا‮٣١‬‬‬
Хакимов
мөмө-жемиштерди, жашылчаларды.
32
مَّتَٰعًا لَّكُمْ وَلِأَنْعَٰمِكُمْ‮٣٢‬‬‬
Хакимов
Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп.
33
فَإِذَا جَآءَتِ ٱلصَّآخَّةُ‮٣٣‬‬‬
Хакимов
Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде...,
34
يَوْمَ يَفِرُّ ٱلْمَرْءُ مِنْ أَخِيهِ‮٣٤‬‬‬
Хакимов
Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат.
35
وَأُمِّهِۦ وَأَبِيهِ‮٣٥‬‬‬
Хакимов
Апасы менен атасынан дагы.
36
وَصَٰحِبَتِهِۦ وَبَنِيهِ‮٣٦‬‬‬
Хакимов
Аялы менен балдарынан дагы!
37
لِكُلِّ ٱمْرِيٕٖ مِّنْهُمْ يَوْمَئِذٍ شَأْنٌ يُغْنِيهِ‮٣٧‬‬‬
Хакимов
(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот!
38
وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ مُّسْفِرَةٌ‮٣٨‬‬‬
Хакимов
Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып,
39
ضَاحِكَةٌ مُّسْتَبْشِرَةٌ‮٣٩‬‬‬
Хакимов
күлүп-жайнап, кубанычтуу!
40
وَوُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ عَلَيْهَا غَبَرَةٌ‮٤٠‬‬‬
Хакимов
(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап,
41
تَرْهَقُهَا قَتَرَةٌ‮٤١‬‬‬
Хакимов
караңгылык ороп алат!
42
أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْكَفَرَةُ ٱلْفَجَرَةُ‮٤٢‬‬‬
Хакимов
Дал ошолор каапыр, шүгүрсүз адамдар![1]

[1] Алар Раббиси канчалык нээмат – жакшылык берсе да шүгүр кылбай, кайра Аллахтын жолуна каршы чыгышты! Аллах бардыгыбызды ушундай каапырлыктан сактасын!