Сүрө 84
Иншикак
g
Жарылуу
25 аят |
Мекке
Сүрө 84 • Аят 1 / 25 • Пара 304⁄8 • Бет 589
Иншикак
2
1
۞ إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنشَقَّتْ١
Хакимов
Күтүүсүздөн асман жарылды!
2
وَأَذِنَتْ لِرَبِّهَا وَحُقَّتْ٢
Хакимов
Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу!
3
وَإِذَا ٱلْأَرْضُ مُدَّتْ٣
Хакимов
Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп,
4
وَأَلْقَتْ مَا فِيهَا وَتَخَلَّتْ٤
Хакимов
ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды!
5
وَأَذِنَتْ لِرَبِّهَا وَحُقَّتْ٥
Хакимов
Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу![1]
[1] Жер мүрзөдөгү өлүктөр менен кен-байлыктарын чыгарып, созулган сыяктуу тегиздикке айланат. Тоо-таштар күкүм болуп, тегизделип калат. Мүрзөлөрдөн тирилип, суурулуп чыккан инсандар Раббисине жолугуу үчүн сот-сурак майданына айдалат.
6
يَٰٓأَيُّهَا ٱلْإِنسَٰنُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَىٰ رَبِّكَ كَدْحًا فَمُلَٰقِيهِ٦
Хакимов
О, инсан! Сен Раббиңе (жолуканча) түйшөлүп, акырында Ага жолугасың.[1]
[1] Эми алар сообу көп болсо Раббисинен пазилет-сыйлык алышат, күнөөсү көп болсо, азап-жаза алышат. Ал жерде аларга амал китептери таратылып берилет.
7
فَأَمَّا مَنْ أُوتِىَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ٧
Хакимов
Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе,
8
فَسَوْفَ يُحَاسَبُ حِسَابًا يَسِيرًا٨
Хакимов
өтө жеңил суралат.
9
وَيَنقَلِبُ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ مَسْرُورًا٩
Хакимов
жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет.
10
وَأَمَّا مَنْ أُوتِىَ كِتَٰبَهُۥ وَرَآءَ ظَهْرِهِۦ١٠
Хакимов
Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе,
11
فَسَوْفَ يَدْعُواْ ثُبُورًا١١
Хакимов
(өзүнө) өлүм чакырат.
12
وَيَصْلَىٰ سَعِيرًا١٢
Хакимов
Жана тозокко ташталат!
13
إِنَّهُۥ كَانَ فِىٓ أَهْلِهِۦ مَسْرُورًا١٣
Хакимов
Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн ичинде шат-курсант болчу.
14
إِنَّهُۥ ظَنَّ أَن لَّن يَحُورَ١٤
Хакимов
Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү.
15
بَلَىٰٓ إِنَّ رَبَّهُۥ كَانَ بِهِۦ بَصِيرًا١٥
Хакимов
Жок! Андай эмес! (Ал Раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган!
16
فَلَآ أُقْسِمُ بِٱلشَّفَقِ١٦
Хакимов
Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип,
17
وَٱلَّيْلِ وَمَا وَسَقَ١٧
Хакимов
түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип...
18
وَٱلْقَمَرِ إِذَا ٱتَّسَقَ١٨
Хакимов
Жана толгон кездеги (толук) айга ант ичип (айтамын):
19
لَتَرْكَبُنَّ طَبَقًا عَن طَبَقٍ١٩
Хакимов
(Оо, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер![1]
[1] Бардык инсан ата-энесинин бел сууларынын аралашмасы - нутфа баскычынан коюу кан, бир тиштем эт, сөөк, ымыркай баскычын "минип-өтүп" төрөлгөн. Анан бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик, кишилик, картаңдык баскычтарын басып өтүп мүрзөгө келип кайра топуракка айланат. Садий)
20
فَمَا لَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ٢٠
Хакимов
Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?!
21
وَإِذَا قُرِئَ عَلَيْهِمُ ٱلْقُرْءَانُ لَا يَسْجُدُونَ ۩۩٢١
Хакимов
Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо, (моюн сунуу менен) сажда кылышпайт?![1]
[1] Бул аят сажда аяты болуп, аны окугандарга жана уккандарга отурган эле жеринде бир жолу сажда кылуу ваажып болот.
22
بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُكَذِّبُونَ٢٢
Хакимов
Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет!
23
وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُوعُونَ٢٣
Хакимов
Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет.
24
فَبَشِّرْهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ٢٤
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер!
25
إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍ٢٥
Хакимов
А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!