Сүрө 78
Набаъ
U
Чоң кабар
40 аят |
Мекке
Сүрө 78 • Аят 1 / 40 • Пара 301⁄8 • Бет 582
Набаъ
2
1
عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ١
Хакимов
Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?[1]
[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллах таала тарабынан алып келген улук кабарлар араб тилинде «Набаь» деп аталат. Бул улук кабарлардын акыйкат экенине далил-белгилер канчалык көп болгонуна карабай, көпчүлүк мушриктер ага ишенишкен эмес жана бири-бирине «Мухаммад айткан нерселер жалган болуш керек-ээ? Сен эмне дейсиң?» деген сыяктуу суроолорду беришкен. Ошондой эле, алардын шектенүүлөрү ар кандай болуп, өз ара талашып-тартышып турушкан. Айрыкча алар Акырет кабарларын жокко чыгарууда көп талашып-тартышышкан. “Набаь” сүрөсү ушул окуяларды чагылдыруу менен башталат.
2
عَنِ ٱلنَّبَإِ ٱلْعَظِيمِ٢
Хакимов
Улук Кабар жөнүндө.
3
ٱلَّذِى هُمْ فِيهِ مُخْتَلِفُونَ٣
Хакимов
Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.[1]
[1] Кийинки аятта Аллах таала мушриктер ишенбеген кыямат тез эле келип калаарын жана ошол күндө өздөрү «жалган» деген тозокту өз көздөрү менен көрүп, анык билип алышаарын эки ирет кайталоо менен айтат.
4
كَلَّا سَيَعْلَمُونَ٤
Хакимов
Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!
5
ثُمَّ كَلَّا سَيَعْلَمُونَ٥
Хакимов
Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.
6
أَلَمْ نَجْعَلِ ٱلْأَرْضَ مِهَٰدًا٦
Хакимов
Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!
7
وَٱلْجِبَالَ أَوْتَادًا٧
Хакимов
Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)
8
وَخَلَقْنَٰكُمْ أَزْوَٰجًا٨
Хакимов
Жана Биз силерди жуп-түгөй[1] кылып жараттык.
[1] Эркек-ургаачы
9
وَجَعَلْنَا نَوْمَكُمْ سُبَاتًا٩
Хакимов
Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.
10
وَجَعَلْنَا ٱلَّيْلَ لِبَاسًا١٠
Хакимов
Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.
11
وَجَعَلْنَا ٱلنَّهَارَ مَعَاشًا١١
Хакимов
Күндүздү жашоо үчүн жараттык.
12
وَبَنَيْنَا فَوْقَكُمْ سَبْعًا شِدَادًا١٢
Хакимов
Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,
13
وَجَعَلْنَا سِرَاجًا وَهَّاجًا١٣
Хакимов
ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.
14
وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلْمُعْصِرَٰتِ مَآءً ثَجَّاجًا١٤
Хакимов
Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,
15
لِّنُخْرِجَ بِهِۦ حَبًّا وَنَبَاتًا١٥
Хакимов
чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.
16
وَجَنَّٰتٍ أَلْفَافًا١٦
Хакимов
Жана да калың бак-бостондорду.
17
إِنَّ يَوْمَ ٱلْفَصْلِ كَانَ مِيقَٰتًا١٧
Хакимов
Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.
18
يَوْمَ يُنفَخُ فِى ٱلصُّورِ فَتَأْتُونَ أَفْوَاجًا١٨
Хакимов
Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.
19
وَفُتِحَتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتْ أَبْوَٰبًا١٩
Хакимов
(Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.
20
وَسُيِّرَتِ ٱلْجِبَالُ فَكَانَتْ سَرَابًا٢٠
Хакимов
Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!
21
إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتْ مِرْصَادًا٢١
Хакимов
Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)
22
لِّلطَّٰغِينَ مَـَٔابًا٢٢
Хакимов
чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!
23
لَّٰبِثِينَ فِيهَآ أَحْقَابًا٢٣
Хакимов
Алар анда кылымдар бою турушат.
24
لَّا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرْدًا وَلَا شَرَابًا٢٤
Хакимов
Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.
25
إِلَّا حَمِيمًا وَغَسَّاقًا٢٥
Хакимов
Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)
26
جَزَآءً وِفَاقًا٢٦
Хакимов
(Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!
27
إِنَّهُمْ كَانُواْ لَا يَرْجُونَ حِسَابًا٢٧
Хакимов
Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.
28
وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كِذَّابًا٢٨
Хакимов
Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.
29
وَكُلَّ شَىْءٍ أَحْصَيْنَٰهُ كِتَٰبًا٢٩
Хакимов
Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.
30
فَذُوقُواْ فَلَن نَّزِيدَكُمْ إِلَّا عَذَابًا٣٠
Хакимов
Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!
31
إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ مَفَازًا٣١
Хакимов
Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш),
32
حَدَآئِقَ وَأَعْنَٰبًا٣٢
Хакимов
бак-бостондор, жүзүмдүктөр,
33
وَكَوَاعِبَ أَتْرَابًا٣٣
Хакимов
жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,
34
وَكَأْسًا دِهَاقًا٣٤
Хакимов
жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар.
35
لَّا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا كِذَّٰبًا٣٥
Хакимов
Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт.
36
جَزَآءً مِّن رَّبِّكَ عَطَآءً حِسَابًا٣٦
Хакимов
(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!
37
رَّبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ٱلرَّحْمَٰنِ ۖ لَا يَمْلِكُونَ مِنْهُ خِطَابًا٣٧
Хакимов
(Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.
38
يَوْمَ يَقُومُ ٱلرُّوحُ وَٱلْمَلَٰٓئِكَةُ صَفًّا ۖ لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحْمَٰنُ وَقَالَ صَوَابًا٣٨
Хакимов
Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.
39
ذَٰلِكَ ٱلْيَوْمُ ٱلْحَقُّ ۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ مَـَٔابًا٣٩
Хакимов
Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.
40
إِنَّآ أَنذَرْنَٰكُمْ عَذَابًا قَرِيبًا يَوْمَ يَنظُرُ ٱلْمَرْءُ مَا قَدَّمَتْ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلْكَافِرُ يَٰلَيْتَنِى كُنتُ تُرَٰبًۢا٤٠
Хакимов
Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт.