Сүрө 88

Гашийя

o

Жабуучу

26 аят |МеккеМекке
Сүрө 88 • Аят 1 / 26 • Пара 305⁄8 • Бет 592
Гашийя
2
1
هَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلْغَٰشِيَةِ‮١‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?[1]

[1] “Гаашиянын” мааниси “Ороп алуучу”. “Ороп алуучу” – бул Кыямат окуясы. Анткени, Кыямат окуясы башталганда ааламдык кыйроолор жана башка дүрбөлөңдүү алааматтар себептүү бардык жан-жаныбарларды чоң коркунуч ороп калат. Айрыкча каапырлар катуу коркушат. Себеби, алар бул күнгө ишенишпеген эле. Кийинки аяттар ошол күнкү каапырлардын абалы жөнүндө.
2
وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ خَٰشِعَةٌ‮٢‬‬‬
Хакимов
Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт).
3
عَامِلَةٌ نَّاصِبَةٌ‮٣‬‬‬
Хакимов
(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда...
4
تَصْلَىٰ نَارًا حَامِيَةً‮٤‬‬‬
Хакимов
кызыган отко кирет!
5
تُسْقَىٰ مِنْ عَيْنٍ ءَانِيَةٍ‮٥‬‬‬
Хакимов
(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет!
6
لَّيْسَ لَهُمْ طَعَامٌ إِلَّا مِن ضَرِيعٍ‮٦‬‬‬
Хакимов
Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок![1]

[1] Бул тикен “зарийь” деп аталат.
7
لَّا يُسْمِنُ وَلَا يُغْنِى مِن جُوعٍ‮٧‬‬‬
Хакимов
(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт!
8
وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ نَّاعِمَةٌ‮٨‬‬‬
Хакимов
Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат-куунак!
9
لِّسَعْيِهَا رَاضِيَةٌ‮٩‬‬‬
Хакимов
(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш-аракеттерине ыраазы!
10
فِى جَنَّةٍ عَالِيَةٍ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Жогорку бейиште!
11
لَّا تَسْمَعُ فِيهَا لَٰغِيَةً‮١١‬‬‬
Хакимов
Анда маанисиз сөздөрдү укпайт.
12
فِيهَا عَيْنٌ جَارِيَةٌ‮١٢‬‬‬
Хакимов
Анда агып тураган булактар,
13
فِيهَا سُرُرٌ مَّرْفُوعَةٌ‮١٣‬‬‬
Хакимов
бийик сөрүлөр,
14
وَأَكْوَابٌ مَّوْضُوعَةٌ‮١٤‬‬‬
Хакимов
(ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр,
15
وَنَمَارِقُ مَصْفُوفَةٌ‮١٥‬‬‬
Хакимов
сап-сап тизилген жаздыктар
16
وَزَرَابِىُّ مَبْثُوثَةٌ‮١٦‬‬‬
Хакимов
жана төшөлгөн килемдер бар!
17
أَفَلَا يَنظُرُونَ إِلَى ٱلْإِبِلِ كَيْفَ خُلِقَتْ‮١٧‬‬‬
Хакимов
Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына?!
18
وَإِلَى ٱلسَّمَآءِ كَيْفَ رُفِعَتْ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Асмандын кандай көтөрүп коюлганына...,
19
وَإِلَى ٱلْجِبَالِ كَيْفَ نُصِبَتْ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Тоолордун кандай сайып коюлганына...,[1]

[1] Тоолор - жердин казыктары. Тоолордун жердин түбүнө сайылган бөлүгү жер үстү бөлүгүнөн үч-төрт эсеге узун. Алар менен бекемделгени себептүү жер аман-эсен турат.
20
وَإِلَى ٱلْأَرْضِ كَيْفَ سُطِحَتْ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
Жана жердин кандай жайып коюлганына?[1]

[1] Жетинчи кылымдын кишисине “жердин тоголоктугуна карашпайбы?” деген кайрылуу болсо алар муну түшүнмөк да эмес, ишенмек да эмес. Айрыкча ал чөл адамы болсо, андан бетер таң калмак. Андан көрө аларга жердин кандай төшөк сымал жайып, тегиз кылып коюлганы айтылса, Аллахтын кудуретине көбүрөөк ушундан далил табышы мүмкүн эле.
21
فَذَكِّرْ إِنَّمَآ أَنتَ مُذَكِّرٌ‮٢١‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң![1]

[1] Демек, пайгамбарлар – эскертүүчүлөр. Алар адамдарга Аллах тааланын өкүмдөрүн жеткирип, эскертип гана коюшат. Алардын аркаларынан “жасадыбы, жасабадыбы?” деп акмалап жүрүшпөйт жана зордук-зомбулук да көргөзүшпөйт.
22
لَّسْتَ عَلَيْهِم بِمُصَيْطِرٍ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң!
23
إِلَّا مَن تَوَلَّىٰ وَكَفَرَ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо,
24
فَيُعَذِّبُهُ ٱللَّهُ ٱلْعَذَابَ ٱلْأَكْبَرَ‮٢٤‬‬‬
Хакимов
аны Аллах чоң азапка салат!
25
إِنَّ إِلَيْنَآ إِيَابَهُمْ‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат.
26
ثُمَّ إِنَّ عَلَيْنَا حِسَابَهُم‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз!