Сүрө 92
Ляйл
w
Түн
21 аят |
Мекке
Сүрө 92 • Аят 1 / 21 • Пара 306⁄8 • Бет 595
Ляйл
2
1
وَٱلَّيْلِ إِذَا يَغْشَىٰ١
Хакимов
(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант!
2
وَٱلنَّهَارِ إِذَا تَجَلَّىٰ٢
Хакимов
(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант!
3
وَمَا خَلَقَ ٱلذَّكَرَ وَٱلْأُنثَىٰٓ٣
Хакимов
Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант!
4
إِنَّ سَعْيَكُمْ لَشَتَّىٰ٤
Хакимов
Албетте, (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай.
5
فَأَمَّا مَنْ أَعْطَىٰ وَٱتَّقَىٰ٥
Хакимов
Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса
6
وَصَدَّقَ بِٱلْحُسْنَىٰ٦
Хакимов
жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса –
7
فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلْيُسْرَىٰ٧
Хакимов
Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз.
8
وَأَمَّا مَنۢ بَخِلَ وَٱسْتَغْنَىٰ٨
Хакимов
Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллах бере турган соопту) “керек эмес” десе...
9
وَكَذَّبَ بِٱلْحُسْنَىٰ٩
Хакимов
Жана ыйманды жалган десе...
10
فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلْعُسْرَىٰ١٠
Хакимов
Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз.
11
وَمَا يُغْنِى عَنْهُ مَالُهُۥٓ إِذَا تَرَدَّىٰٓ١١
Хакимов
(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат!
12
إِنَّ عَلَيْنَا لَلْهُدَىٰ١٢
Хакимов
Албетте, (адамдарды) туура жолго баштоо Бизге гана таандык иш.
13
وَإِنَّ لَنَا لَلْـَٔاخِرَةَ وَٱلْأُولَىٰ١٣
Хакимов
Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда.
14
فَأَنذَرْتُكُمْ نَارًا تَلَظَّىٰ١٤
Хакимов
Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим.
15
لَا يَصْلَىٰهَآ إِلَّا ٱلْأَشْقَى١٥
Хакимов
Ал отко шору каткан адам гана кирет.
16
ٱلَّذِى كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ١٦
Хакимов
Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган.
17
وَسَيُجَنَّبُهَا ٱلْأَتْقَى١٧
Хакимов
Андан (тозоктон) такыба киши ыраак болот.
18
ٱلَّذِى يُؤْتِى مَالَهُۥ يَتَزَكَّىٰ١٨
Хакимов
Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши.
19
وَمَا لِأَحَدٍ عِندَهُۥ مِن نِّعْمَةٍ تُجْزَىٰٓ١٩
Хакимов
Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок.[1]
[1] “Мага да андан жакшысын кайтараар” деген үмүттө жасала турган эгоисттик жакшылыктар анда тап-такыр жок.
20
إِلَّا ٱبْتِغَآءَ وَجْهِ رَبِّهِ ٱلْأَعْلَىٰ٢٠
Хакимов
(Ал жасай турган жакшылыктардын бардыгы) эң жогорку Раббисинин ыразычылыгы үчүн гана (жасалат).
21
وَلَسَوْفَ يَرْضَىٰ٢١
Хакимов
Жакында (Аллах аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот.