Сүрө 93
Духа
y
Күндүз
11 аят |
Мекке
Сүрө 93 • Аят 1 / 11 • Пара 306⁄8 • Бет 596
Духа
2
1
وَٱلضُّحَىٰ١
Хакимов
Шашке маалына ант!
2
وَٱلَّيْلِ إِذَا سَجَىٰ٢
Хакимов
Тынч – караңгы түнгө ант!
3
مَا وَدَّعَكَ رَبُّكَ وَمَا قَلَىٰ٣
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок.
4
وَلَلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌ لَّكَ مِنَ ٱلْأُولَىٰ٤
Хакимов
Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак.
5
وَلَسَوْفَ يُعْطِيكَ رَبُّكَ فَتَرْضَىٰٓ٥
Хакимов
Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң.
6
أَلَمْ يَجِدْكَ يَتِيمًا فَـَٔاوَىٰ٦
Хакимов
Ал (Аллах) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?[1]
[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам туулганга чейин эле атасы кайтыш болгон. Анан эсин таанып-тааный элек балалык курагында апасы да бул дүйнө менен кош айтышып, тоголок жетим болуп калды. Кийин Аллах таала ага чоң атасы Абдул Мутталибдин үйүнөн, ал өлгөндөн соң абасы Абу Талиптин үйүнөн башпаанек таап берди.
7
وَوَجَدَكَ ضَآلًّا فَهَدَىٰ٧
Хакимов
Жана (Аллах) сени адашкан абалда таап,[1] андан кийин Туура Жол көргөздү го!
[1] Аллахтын илими берилгенге чейин пайгамбарыбыз не китеп, не ыйман эмнелигин билбеген абалда эле. Кийин Аллах ага билбегенин билдирди жана эң сонун иш жасаган, эң адеп-ахлактуу адамга айлантты.
8
وَوَجَدَكَ عَآئِلًا فَأَغْنَىٰ٨
Хакимов
Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды.
9
فَأَمَّا ٱلْيَتِيمَ فَلَا تَقْهَرْ٩
Хакимов
Эми, сен жетимге каарыңды төкпө.
10
وَأَمَّا ٱلسَّآئِلَ فَلَا تَنْهَرْ١٠
Хакимов
Жана сураган адамга орой мамиле кылба.[1]
[1] Жетимдерге ырайымдуу болуп, ким бир нерсе сураса, кудуретиң жетсе - бер, жок болсо жакшы, сылык сөз менен кайтар. Бул аяттагы суралган нерсе предметтерге гана чектелбейт. Маселен, кээ бир адамдар жардам, кээ бирөөлөр илим сурайт.
11
وَأَمَّا بِنِعْمَةِ رَبِّكَ فَحَدِّثْ١١
Хакимов
Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө.[1]
[1] Аллах тааланын нээмат-жакшылыктары жөнүндө элдерге сүйлөп берүү аларды шүгүр кылууга шыктандырат. Анткени, жакшылык кылганды сүйүү - бул жүрөктөрдүн табияты.