Сүрө 94

Шарх

0

Ачуу

8 аят |МеккеМекке
Сүрө 94 • Аят 1 / 8 • Пара 307⁄8 • Бет 596
Шарх
ﻉ536Пара 30 7⁄8536ﻉ
2
1
۞ أَلَمْ نَشْرَحْ لَكَ صَدْرَكَ‮١‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи?[1]

[1] “Шарх” сөзү “ачуу”, “кеңейтүү” деген мааниде. Аллах таала пайгамбарынын көкүрөгүн, дил-жүрөгүн динге, дааватка жана улуу кулк-мүнөзгө кең кылды.
2
وَوَضَعْنَا عَنكَ وِزْرَكَ‮٢‬‬‬
Хакимов
Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.
3
ٱلَّذِىٓ أَنقَضَ ظَهْرَكَ‮٣‬‬‬
Хакимов
Ал сенин желкеңди эзип турган.
4
وَرَفَعْنَا لَكَ ذِكْرَكَ‮٤‬‬‬
Хакимов
Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.[1]

[1] Мусулмандар качан келме, азан, такбир айтып Аллахты эскеришкенде “Мухаммад” деген ысымды да кошо айтып, эскеришет.
5
فَإِنَّ مَعَ ٱلْعُسْرِ يُسْرًا‮٥‬‬‬
Хакимов
Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
6
إِنَّ مَعَ ٱلْعُسْرِ يُسْرًا‮٦‬‬‬
Хакимов
Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
7
فَإِذَا فَرَغْتَ فَٱنصَبْ‮٧‬‬‬
Хакимов
Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш
8
وَإِلَىٰ رَبِّكَ فَٱرْغَب‮٨‬‬‬
Хакимов
жана Раббиңе[1] гана умтул!

[1] Анын алдындагы соопторго.