Аль-Латиф (Назик, Боорукер) — Өз жаратылгандарына боорукер жана ырайымдуу, Өз эркин жумшак жана билдирбей ишке ашырган, нерселердин жана көрүнүштөрдүн бардык назик жактарын билген, ал эми Өзү заты жана касиеттери боюнча акылга сыйгыс бойдон калган Зат. Аль-Хаттаби жазат: «Аль-Латиф — Өз пенделерине боорукер, аларга алар сезбегендей камкордук кылган жана аларга күтпөгөн жерден жакшылыктарды жиберген Зат».