Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Хабир

Баарынан Кабардар

الخَبِیرُ

Аль-Хабир (Баарынан Кабардар) — Өз падышалыгында тынч турган же кыймылдаган нерсенин баарын билген, пенделеринин бардык жашыруун ойлору, ниеттери жана иштери Өзүнө белгилүү болгон, алдында жашыруун менен ачыктын баары бирдей ачык жана жылаңач турган Зат. Бул ысым мааниси боюнча Аль-Алим (Баарын Билүүчү) деген эң сонун ысымга жакын, бирок акыркысы Кудайдын жалпысынан баарын билерин билдирсе, Аль-Хабир ысымында жашыруун нерсени, нерселердин маңызын жана табиятын, адамдардын ниеттерин жана ички сапаттарын билүүгө басым жасалат.