Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Кабид

Кармоочу, Кысуучу

القَابِضُ

Аль-Кабид (Кармоочу, Кысуучу) — каалаган нерсесин кармап, кыскан жана каалаган адамынын ырыскысын чектеген, мөөнөтү бүткөндө өлүп бара жаткандардын жанын алган жана Андан баш тарткандардын жүрөгүн кыскан Зат. Бул ысым Аллахтын кудуретинин, билиминин, акылмандыгынын жана пенделерине болгон камкордугунун толуктугун билдирет.