Аль-Мукаддим (Алдыга Коюучу, Жакындатуучу) — нерселердин жана окуялардын тартибин белгилеген, Өз билимине жана акылмандыгына таянып, бир жаратылгандарды башкаларынан мурун жаратып, бир нерселерди башкаларынын алдына койгон, бир жаратылгандарды башкаларынан жогору көтөрүп, бирөөлөргө башкалардан артыкчылык берген Зат. Ал баарына өлчөм белгиледи, Өзүнө жакын пенделерин башка пенделеринен жогору көтөрдү жана бирөөлөрдү башкалардан даражасы боюнча жогору койду.