Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Жамил

Сулуу, Кооз

الجَمِيلُ

Аль-Жамил (Сулуу, Кооз) — Өзүнүн заты, сапаттары жана иштери менен сулуу, ойлогонун кооз белгилеп, кооз ишке ашырган, жаратылганы кемел, ал эми буйруктары акылмандыкка толгон Зат. Аль-Хаттаби Аль-Жамил — баарын кооз жана эң жакшы түрдө жасаган, нурга жана көркөмдүккө ээ Зат экенин айткан.