Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Хайи

Уялчаак

الحَيِيُّ

Аль-Хайи (Уялчаак) — пендеси Өзүнө жалбарып, колдорун сунганда аны кайтарууга, Анын ырайымына жана кечиримине үмүттөнгөндө аны жазалоого, тообо кылып, Анын коргоосуна кайрылганда аны маскаралоого уялган Зат. Абул-Хасан аль-Мубаракфури мындай деген: «Бул — Өз пенделерин маскаралоодон жана алардын уят иштерин ашкерелөөдөн катуу уялган Зат».