Ар-Рахим (Мээримдүү) — Өз жаратылгандарына ырайым кылган, аларга жакшылыктарды берген, ырыскы менен камсыз кылган, аларды жамандыктан сактаган жана жакшы иштери үчүн татыктуу болгонунан алда канча көп сыйлык берген Зат. Ар-Рахман ысымы ырайымдын Аллахка мүнөздүү экенин билдирсе, Ар-Рахим ысымы — иш-аракеттин сыпаты. Абдуррахман ибн Яхья мындай деген: «Ар-Рахман ысымы Аллахка гана тиешелүү, бирок иш жүзүндө бул сапатка жаратылгандар да ээ боло алат, ал эми Ар-Рахим ысымы жаратылгандарга да карата айтылышы мүмкүн, бирок иш жүзүндө бул сапатка Аллах гана ээ».
«Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу!» (Сүрө 39 «Зумар», Аят 53)